Кайта келүү

Кыргыз Республикасында нак акча жүгүртүлүшүнүн 2014-жылдын  

II чейрегиндеги абалы тууралуу 

 

2014-жылдын 1 июлуна карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 65 614,1 млн. сомду түзгөн, анын ичинен 4 143,6 млн. сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми калганы банк тутумунан тышкары колдонууда турган (өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 4 494,5 млн. сомго же 7,3 пайызга көп).  

2014-жылдын II чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 242 197,2 млн. сом келип түшкөн, бул 2013-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 55 128,1 млн. сомго же 29,5 пайызга көп.  

Коммерциялык банктардын кассаларынан 2014-жылдын II чейрегинде 247 876,0 млн. сом берилген, бул 2013-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 54 082,9 млн. сомго же 27,9 пайызга көп.  

Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2014-жылдын II чейрегинде 97,7 пайызды түзгөн (2013-жылдын II чейрегине салыштырганда 1,2 пайыздык пунктка көбөйгөн). 

Коммерциялык банктардын кассаларына 2014-жылдын II чейрегинин ичинде акча кайтарымдуулугунун областтар боюнча өзгөрүүсү төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн: 

пайыздарда 

 

 

2013-жыл 

2014-жыл 

Четтөөлөр 

Бардыгы болуп республика боюнча 

 

96,5 

 

97,7 

 

1,2 

Бишкек шаары 

101,3 

103,3 

2,0 

Баткен обл. 

92,5 

97,0 

4,5 

Жалал-Абат обл. 

86,6 

85,6 

-1,0 

Ысыккөл обл. 

84,0 

88,8 

4,8 

Нарын обл. 

69,6 

83,3 

13,7 

Ош обл.  

92,1 

95,3 

3,2 

Ош шаары 

100,2 

97,1 

-3,1 

Талас обл. 

73,7 

78,4 

4,7 

Чүй обл.  

100,3 

100,1 

-0,2 

 

"Кыргыз КредитБанк" ААК консервациялоо режими аяктады - КРУБ  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгы тарабынан "КыргызКредитБанк" ААК консервациялоо режимин токтотуу туурасында чечим кабыл алынды.   

"КыргызКредитБанк"ААК консервациялоо режими 2011-жылдын 31-январынан бери банктын акционерлери менен кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишке байланыштуу уланып келген. Кийин акционерлердин алмашуусу болуп, Кыргыз республикасынын башкы прокуратурасы "КыргызКредитБанктын" жаны акционерлерине карата эч кандай айып тагуулар жок экендигин тастыкташкан. Ушуга байланыштуу Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамына жана "Депозиттерди тартууну жүзөгө ашыруучу коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын консервацияланышы жөнүндө" жобого таянып, "КыргызКредитБанк" ААК 2014-жылдын 30-июлунда саат 18:00 баштап консервациялоо режимин токтотту.   

Банктын башкармалыгынын түзүмү бекитилгенге чейин, байкоочу жана аткаруучу органдын мүчөлөрүнүн макулдашуусу тартип боюнча бүткөрүлгөнгө чейин, Улуттук банк тарабынан "КыргызКредитБанк" ААКна Шаршекеевой К. Ш башында турган убактылуу башкармалык киргизилген. Улуттук банк "КыргызКредитБанк" ААК байланыштуу кыраалды көзөмөлдөп, керек болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды колдонот.  

Тактоочу маалымат:  

"КыргызКредитБанк"ААК негизги финансылык көрсөткүчтөрү:   

Статьялардын аталышы   

(миң. сом)  

30.06.2014 ж.  

31.12.2013 ж.  

31.12.2012 ж.  

31.12.2011 ж.  

Активдер  

477 584,05  

475 670,7  

458 120,0  

450 016,5  

Милдеттер   

36 391,08  

37 255,6  

35 330,0  

47 853,0  

Капитал  

441 192,95  

438 415,0  

422 790,0  

402 163,5  

Жыл башынан берки кирешелер   

7 094,0  

15 971,0  

18857,1  

10 867,1  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети 31-июль күнү "овернайт" депозиттери боюнча пайыздык ченди 1,50 пайыз деңгээлинде, ал эми "овернайт" кредиттери боюнча пайыздык ченди 9,00 пайыз чегинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. 

Акыркы учурда республикада эски үлгүдөгү 5000 рубль номиналындагы жасалма банкноттор кездешип жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы рублди колдонууда анын коргоо белгилерине кылдат көңүл бурууну өтүнүп кетет 

Анык банкнот менен жасалма банкноттун сырткы көрүнүшүнүн, коргоо белгилеринин кыйла жакындаштырылып, окшоштурулгандыгына карабастан, банкноттун негизги коргоо элементтерин билүү аркылуу жасалма банкнотту оңой эле айырмалап танууга болот. Банкноттун аныктыгына шектенген болсоңуз, коргоо элементтеринин толук сакталышын текшерүү талап кылынат. Коргоо белгисинин бирин гана текшерип койбосто, бардык маалым болгон элементтерди, б.а.төмөнкү коргоо белгилерине көңүл буруу зарыл: 

 

1. Ар бир элементке көңүл буруп, банкнотту кылдат карап чыгуу. 

2. Банкноттогу жазууларды кол менен сыдырып көрүп, алардын колго рунуп айрымаланып турушун текшерүү

3. Банкнотко түшүрүлгөн элестердин даана айрымалаган түстөргө көңүл буруу жана жарыкка салып кароо аркылуу суу белгинин бардыгына ынануу.  

4. Номиналдын жазуулары камтылган тигинен кеткен коргоо тилкесин болушун текшерүү

5. Купюранын алдыңкы бетиндеги түстүү тилкеде (тасма түрүндө) жантайыңкы алып караган “РР” ачык түстө берилген тамгалардын бардыгын көңүл буруу..  

Эрежедегидей эле, жасалма банкнотту айырмаланып турган белгилерден болуп төмөнкүлөр саналат: 

1. Банкноттун жазууларын жана анда түшүрүлгөн сүрөттөлүштөрдү кол менен сыдырып көрүүдө одуракай болуп, колго урунуп айрымаланып турбашы; 

2. Суу белгисинин так берилбеши же анын дегеле жоктугу; 

3. Коргоо тилкесинин так түшүрүлбөгөндүгү же жоктугу; 

4. Латенттик (жашырын) сүрөттөлүштүн жоктугу; 

 

Шектенүүнү жараткан купюралар табылган учурда, ал тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына дароо билдирүү зарыл. 

Жасалма банкнотторду колдонууга жол берилбейт!  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы 2014-жылдын 31 июлдан эсептик ченинин өлчөмүн 50 базистык пункта 6,50 пайызга чейин жогорулатууго чечти.  

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

 

«Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын 2014-жылдын 23-июлундагы алмаштыруу бюросун жоюу тууралу билдируусуно ылайык, Улуттук банк тарабынан «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын алмаштыруу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылган. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

2014-жылдын 21-июлунан тартып 02-августун кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

65 719 073 627,65 

150 120 

3 700 845 045,83 

139 453 

62 018 228 581,82 

10 667 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

5,6 

92,9 

94,4 

7,1 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

1,1 

1,1 

1,2 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

8,6 

12,0 

30,2 

12,8 

7,3 

1,5 

БКга түшкөндөр 

12,3 

48,8 

17,6 

52,4 

12,0 

2,5 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,01 

0,3 

0,2 

0,3 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,5 

7,8 

9,7 

8,4 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

33 874 528 871,28 

68 029 

1 937 268 520,27 

62 815 

31 937 260 351,01 

5 214 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

31 844 544 756,37 

82 091 

1 763 576 525,56 

76 638 

30 080 968 230,81 

5 453 

94,0 

120,7 

91,0 

122,0 

94,2 

104,6 

  

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

11.07.2014 

02.08.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

 

310 762 

   

 

315 559 

   

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1365 

747 

618 

 

1381 

753 

628 

Банкоматтардын саны  

368 

381