Кайта келүү

 Конъюнктура: 23 - 27 июнь

 

 

Улуттук банктын Төрагасы Т.Абдыгулов: Кыргызстандын микрокаржылоо сектору өз милдеттерин аткаруу жагында алдыга койгон максаттарына толугу менен жетишти. 

"Микрокаржылоо - ийгиликтер, орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" деп аталган эл аралык конференциянын жүрүшүндөүгүнкү күндө Кыргызстанда микрокаржылоо сектору жакырчылыкты кыскартуу жана микрокаржылоо кызматтарын сунуштоо чөйрөсүн кеңейтүү боюнча милдеттерин аткаруу жагында алдыга койгон максаттарына толугу менен жетти деп айтууга болот" - деди Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов.  

Улуттук банктын Төрагасы 2014-жылдын 25-июнундагы чыгып сүйлөгөн сөзүндө микрокаржылоонун тарыхына токтолуп, сектордун негизги өнүгүү баскычтары менен көрсөткүчтөрү жөнүндө айтып берди. "Микрокаржылоо системасы биздин өлкөдө 1994-жылдан тартып өнүгө баштаган. 2000-2005-жылдар аралыгында микрокаржылоо институттары үчүн экономикалык жана укуктук шарттар түзүлгөн, алардын ресурстук базасы, айрыкча айыл жерине жайгаштыруу менен филиал тармактары кеңейтилген. Республикада микрокаржылоону 2006-2010-жылдарга өнүктүрүүнүн орто мөөнөткө каралган стратегиясы 2005-жылы кабыл алынган. Калктын жакыр катмарынын микрокаржылоо кызматтары менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аркылуу жакырчылыкты төмөндөтүү жогорудагы документтин эң башкы максаты болуп эсептелет. Мунун жыйынтыгында Кыргызстандын алыскы регионунун тургундары микрокаржылоо кызматтарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышып, аймактарда финансылык кызматтардан пайдалануу көрсөткүчү жогорулаган. Аталган секторду өнүктүрүүнүн негизги багыттары, анын ичинде ченемдик базаны өркүндөтүү, финансылык апекстерди түзүү, финансылык банкингдерди өнүктүрүү Микрокаржылоо секторун 2011-2015-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясында камтылган "- деп билдирди төрага. 

Улуттук банктын төрагасы, 2005-жылдан 2013-жылга чейин микрокаржылоо сектору жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендигин баса белгиледи. Кароого алынган мезгил аралыгында калкты микрокредиттөө алкагы 1,4 пайыздан 7,6 пайызга чейин, ал эми карыз алуучулардын саны 12,5 эсеге - 35 миң адамдан 436 миң адамга чейин көбөйгөн. Микрокаржылоо уюмдарынын кредиттик портфели 26 эсеге көбөйүп, 722,9 млн сомдон 19,1 млрд сомго чейин жеткен. Ушул мезгил аралыгында микрокаржылоо институттарынын финансылык көрсөткүчү 3,9 пайыздан 5,4 пайызга чейин жогорулап, жакырчылык деңгээли 43 пайыздан 38 пайызга чейин төмөндөгөн.  

Ушуну менен бирге төрага, микрокаржылоо уюмдарынын, өзгөчө региондордо түзүлгөн, кеңири тараган тарамдары калктын 7 пайызынан көбүрөөк бөлүгүн финансы кызматтары менен камсыздоого мүмкүндүк бергендигин белгиледи. Анын айтымына караганда, бул көрсөткүч Борбордук Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет, бирок бул көрсөткүч микрокаржылоо сектору узак өнүккөн башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн болуп саналат. Андыктан, аталган көрсөткүч биздин андан ары өнүгүшүбүз керектигин күбөлөндүрүп турат. "Микрокаржылоо уюмдары өздөрүнүн учурдагы өнүгүү баскычында кыйла сапаттуу жаңы өнүгүүгө, сунуштап жаткан кызматтарынын түрлөрүн кеңейтүүгө өтүүсү зарыл. Мыйзам жагынан бул каралган. Мында микрокаржылоо кызматтарын пайдаланган керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көбүрөөк көңүл бөлүнүүгө тийиш" - деп сөзүн аягына чыгарды Т.Абдыгулов. 

Т. Абдыгулов сөзүнүн аягында Улуттук банк Кыргызстанды 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын иш-чаралар планында көрсөтүлгөн микрокаржылоо секторунун стратегиялык багыттарын өнүктүрүүгө жана негизги реформаларды ишке ашырууга басым жасай тургандыгын билдирди. 

 

 

"Кредиттөө финансылык мүмкүнчүлүктөрдөн толук пайдаланууну тастыктабайт, бул анын бөлүгү гана болуп саналат" - Азия өнүгүү банкынын финансы сектору боюнча консультанты Дэвид Лакок. 

Азия өнүгүү банкынын эксперти Бишкек шаарында 25-26-июндарда өткөрүлгөн "Микрокаржылоо - ийгиликтер, орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" деп аталган эл аралык конференциянын жүрүшүндө калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу шарты тууралуу өз пикири менен бөлүштү. "Депозиттер менен камсыздандыруулар да финансылык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануунун бир бөлүгү болуп саналат. Биз, микрокаржылоо уюмдары менен гана эмес, банктар, финансы жана лизингдик компаниялар, мобилдик түйүндөрдүн операторлору, камсыздандыруу компаниялары жана күрөөканалар менен да иш алып барабыз. Бизде финансы кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө тартылган уюмдардын кеңири чөйрөсү бар", - деп билдирди Дэвид Лакок. 

Эксперт, Дүйнөлүк банктын статистикалык маалыматтарын мисалга келтирди, анда Кыргызстанда киши башына ИДӨ 1 060 АКШ долларын түзөт, 4% - бул расмий эсептери бар чоң адамдар; акыркы 12 ай ичинде карыз алуу: формалдуу -11%, формалдуу эмес -26%; жана калктын 2 % 2012-жылы мобилдүү акчаларды пайдаланышкан. 

АӨБ консультанты кредиттөөнүн жана М2 кеңири мааниде колдонулуучу акчалардын көрсөткүчтөрүнүн оң натыйжада өсүп жатканын, ошондой эле банктардан тышкаркы акчалардын пайызы төмөндөгөнүн белгиледи, бул эксперттин пикири боюнча банктарга болгон ишенимдин жогорулаганын айгинелеп турат дейт. Ошентип, ИДӨгө кредиттер 2011-жылы - 10,9 %, ал эми 2013-жылы - 14,7 % түзгөн; ИДӨгө карата M2кеңири мааниде колдонулуучу акчалар 2011-жылы - 29,1 % түзүп, 2013-жылы бул сандар - 37,4% жеткен. Банктан тышкаркы акчалар 2011-жылы - 59,4%, 2013-жылы - 51,2% түзгөн. 

"Биз жогорудагы индикаторлорду карап жатып, финансылык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу үчүн абдан ыңгайлуу рынокту көрүп турабыз, мындай ишти аткаргандыгы үчүн Улуттук банкты куттуктап кетүүгө болот", - деп Дэвид Лакок кошумчалады. 

Сөзүнүн аягында Дэвид Лакок, финансылык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу укуктук базага, ченемдик жана жөнгө салуу чөйрөсүнө, капитал рыногуна жана институционалдык потенциалга көз каранды экенин баса белгиледи.  

 

 

"Эч кандай альтернативаларга жол бербестен тыюу салуу, эч качан жана эч бир жерде ийгиликтер менен коштолгон эмес. Рынок көмүскө жүрүп, таптакыр жок болуп кетпейт", - Россия федерациясынын Борбордук банкынын Микрокаржылоо жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу ыкмалары рыногу башкы башкармалыгынын начальниги Михаил Мамута  

Россия Федерациясынын Борбордук банкынын Төрагасы Михаил Мамута микрокаржылоо рыногун жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүдө Россияда алып барган иш тажрыйбасы тууралуу Бишкек шаарында өткөн "Микрокаржылоо - ийгиликтер, орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" деп аталган эл аралык конференциянын жүрүшүндө ой бөлүштү.  

"Микрокаржылоо темасы региондогу бардык мамлекеттерди бириктирген бирдиктүү ишке айланууда жана албетте, бул талкуулап жаткан маселелер менен алардын потенциалы зор мааниге ээ экенин, маанилүү орунда турганын белгилейт", - деген кириш сөздөр менен Россия федерациясынын Борбордук банкынын Микрокаржылоо жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу ыкмалары рыногу башкы башкармалыгынын начальниги Михаил Мамута белгилеп кетти. 

"Микрокаржылоо - ийгиликтер, орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" эл аралык конференциянын жүрүшүндө М. Мамута: "Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоодо микрокаржылоо рыногун өнүктүрүү. 2013-2017 жол картасы" темасында баяндама жасады.  

Анын айтымы боюнча финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү көпчүлүк башка мамлекеттердей эле Россия үчүн да чоң мааниге ээ.  

"Россия Федерациясынын банк тутуму Кыргызстанга салыштырмалуу жетиштүү деңгээлде жакшы өнүккөнүнө жана банктык эмес финансылык ортомчулуктар бизде аз экенине карабастан, аталган мейкиндик бизде да бар. Банктар экономикалык жактан жана түзүмдөргө көптөгөн чектөөлөрдү койгону менен калкты жана бизнести зарыл финансы кызматтары менен толук көлөмдө камсыздай албай жатат. Ошондуктан, Россия микрокаржылоону өнүктүрүү жана бүтүндөй финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерге активдүү киришти". 

"Россия Федерациясынын микрокаржылоо концепциясы маанилүү маселени чечүүгө багытталган - бул калайык-калкка сапаттуу финансы кызматтарын көрсөтүү аркылуу жакырчылык менен күрөшүү" - деп Михаил Мамута белгиледи. - Бирок медалдын эки жагы бар дегендей - мунун башка жагы да бар. Ал "Shadow banking system" (Көмүскө банк тутуму) деп аталган жана аны менен легалдуу микрокаржылоо күрөшүп келген жөнгө салынбоочу финансылык ортомчулук рыногу. 

Адистин айтуусу боюнча жөн гана тыюу салуу менен жөнгө салынбоочу финансылык ортомчулук рыногун жеңүү мүмкүн эмес дейт.  

"Эч кандай альтернативаларга жол бербестен тыюу салуу, эч качан жана эч бир жерде ийгиликтер менен коштолгон эмес. Рынок көмүскө жүрүп, таптакыр жок болуп кетпейт" - деп, Михаил Мамута белгиледи.  

"Financial inclusion" (Финансылык эсепке алуу) - бул "Shadow banking" боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн ачкычын өзүнө камтыган концепция. Концепциянын базалык мааниси өтө жөнөкөй. Биз ар башка деңгээлдеги финансылык ортомчулуктарга, операциялардын ар кандай топтомдоруна мүмкүндүк берүүгө тийишпиз жана укуктуубуз" - деп РФ Борбордук банкынын өкүлү кошумчалады. 

Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча микрокаржылоо кызматтары менен потенциалдуу аудиторияны жабуу керектөөлөрдүн 5 пайызынын бир азыраак бөлүгүн түзөт. Ушуга байланыштуу Россиянын банктык эмес микрокаржылоо секторунда жана бүтүндөй регион боюнча мактана турган эч нерсе жок экенин адис белгилеп, учурда экономиканын аталган секторун өнүктүрүү боюнча алдыда чоң милдет турганын айтты.  

Аны менен катар, Михаил Мамута карыз алуучулардын укугун коргоо боюнча маселенин маанилүү экенине конференциянын катышуучуларынын көңүлүн бурду. "Кайсы бир мезгилде биз сапаттуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууну өнүктүрүүдө финансылык кызмат көрсөтүүнүн сандык көрсөткүчүнө өтүшүбүз мүмкүн. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы эле жакшы боло бербейт. Себеби пайдалануу мүмкүнчүлүгү бардыгына кредит алууга мүмкүндүк берген шарттарда жүрүшү мүмкүн. Мында кредит портфелинин сапаты жана кредит алгандардын өзүн тейлөө сапаты начарлайт. Бул акырында олуттуу терс социалдык жана экономикалык кесепеттерге алып келет". 

Сөзүнүн аягында Михаил Мамута бүгүнкү күндө микрокаржылоо рыногу тарабынан белгиленип жаткан жөнгө салуучу талаптарга жооп берген ачык-айкындуулук менен кыйла жогорку деңгээлде 3 жыл аралыгында жетебиз деген ниетин билдирди. "Расмий жана легалдуу микрокаржылоо рыногу көмүскө рынокту жеңип, Шадоу бэнкинг менен натыйжалуу күрөшүүдө көмөк берет деген ишенимдебиз" - деген ою менен Россия федерациясынын Борбордук банкынын Микрокаржылоо жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу ыкмалары рыногу башкы башкармалыгынын начальниги Михаил Мамута сөзүн аяктады.  

 

 

Бишкекте "Микрокаржылоо - ийгиликтер, орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" темасында эл аралык конференция өзүнүн ишин аягына чыгарды 

Дүйнөлүк банк, Германия эл аралык кызматташуунун коому жана Микрокаржылоо уюмдары ассоциациясынын колдоосу астында Улуттук банк тарабынан 25-26-июндарда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Микрокаржылоо - ийгиликтер, орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" темасында эл аралык конференция өткөрүлдү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Финансы-экономикалык иликтөө жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кредит жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Шамшибек Молдоканов, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремер, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ренэ Холенштайн жана Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Гудрун Срэга, Дүйнөлүк валюта фондусунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Юрий Соболев, Микрокаржылоо уюмдары ассоциациясынын жана Кыргызстан банктар бирлигинин жетекчилери, ошондой эле ПРООН, ЕБРР, АБР, KfW, IFC, ICCO, GIZ, МФЦ, Oikocredit, BlueOrchard өкүлдөрү менен башка жергиликтүү жана чет өлкө финансылык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.  

Иш-чараны ачып жатып, Улуттук банктын Төрагасы эл аралык конференциянын катышуучуларына, ошондой эле бул иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди.  

Т.Абдыгулов өз сөзүндө микрокаржылоо секторунун оң өнүгүп жаткандыгын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү мисалга келтирди. Айтсак, 2005-2013-жылдар ичинде калктын микрокаржылоо кызматынан пайдалануусу 1,4% дан 7,6% чейин өсүп, ал эми карыз алуучулардын саны 12,5 эсеге өсүп, 35 миң адамдан 436 миң адамга чейин жеткен.  

Ушул эле мезгил аралыгында микрокаржылоо уюмдарынын кредит портфели 26 эсеге көбөйүп - 722,9 млн сомдон 19,1 млрд сомго чейин жеткен. Ал эми микрокаржылоо институттарынын финансылык ишинин көрсөткүчү 3,9 пайыздан 5,4 пайызга жогорулап, ал эми жакырчылык деңгээли - 43 пайыздан 38 пайызга чейин кыскарган.  

Өз кезегинде, премьер-министр Ж.Оторбаев Кыргызстандагы микрокаржылоо секторунун өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн баса белгиледи. "Микрокаржылоо секторусуз биздин өлкөнүн өнүгүшүн элестетүү кыйын. Аталган сектор жакшы өнүктү. Бул секторду өнүктүрүү жагында жакырчылыкты жоюунун бирден бир натыйжалуу жолдорунун бири финансылык кызматтардан пайдаланууну кеңейтүү керектигин туура түшүнүшкөн чет элдик өнөктөштөрүбүз жигердүү катышты. Учурда бул сектордо олуттуу өсүш байкалууда. Бирок, микрокаржылоо рыногунун ири катышуучуларынын бири - "Бай Түшүмдүн" коммерциялык банкка трансформацияланышынан улам, сектордо өсүш арымдын көрсөткүчтөрү төмөндөгөнү байкалган. Чындыгында, микрокаржылоо көрсөткүчү өсүшүн улантууда. Мен "Бай Түшүм" банкын эске алуу менен өзүмдүн эсептөөлөрүмдү жүргүздүм. Алсак, жыл ичинде микрокаржылоо секторунда капиталдын өсүшү 17% түзсө, банк секторунда ал - 16% чегинде катталган. Активдер 34% жогоруласа, кредит портфели - 24 млрд сомго чейин жетүү менен 26% түзгөн. Ошентип, биз жакшы натыйжаларга жетиштик деп эсептеймин" - деп ал өз сөзүн жыйынтыктады.  

Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын Өкмөт башчысы кошумчалады.  

Микрокаржылоо сектору калкты финансы менен камсыздоо жагында маанилүү роль ойной тургандыгын Н.Ахмедова белгилеп кетти. "Ушуну менен бирге эле, финансы ресурстарын керектөөгө эмес, экономиканы өнүктүрүүгө жумшоо зарыл. Кыргыз Республикасынын либералдуу мыйзамдары бул секторду өнүктүрүүдө белгилүү бир ийгиликтерге жетишүүгө өбөлгө түздү, бирок мында дале айрым бир көйгөйлөр орун алууда, аларды мамлекеттик органдар, МФУлар жана карыз алуучулардын өздөрү менен биргеликте четтетүү мүмкүн" - деп белгиледи ал.  

Эки күндүк конференциянын алкагында сессияда төмөнкү темалар талкууга алынды: мамлекеттин ролу жана микрокаржылоо секторун жөнгө салуунун негиздери; финансылык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү - негизги проблемалар жана аны чечүү жолдору; пайыздык ченди жөнгө салуу (текшилөө) - эл аралык тажрыйба, кредиттик бюролордун иши, жоопкерчиликтүү микрокаржылоо, ошондой эле финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу менен керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселеси. 

 

 

Улуттук банк: алмашуу бюролору укук чегинде иш алып барууга тийиш. 

Улуттук банктын инспекторлору Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен бирге Бишкек шаарынын айрым райондорунда уруксат берген документтери жок иштеп жаткан алмашуу бюролоруна кезектеги пландык текшерүү ишин жүргүздү. Пландалган 34 алмашуу бюролорунун ичинен 22 алмашуу бюросуна текшерүү иши жүргүзүлдү. Алардын ичинен эки алмашуу бюросунун ээлерине Улуттук банктын кызматкерлери административдик протокол түзүшкөн. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынын алмашуу бюролору өздөрү илип алган жана аны менен калкты жаңылыштыкка алып келген 35 жарнама маалымат такталары, алмашуу бюролорунун аталыштары менен валюта курстары жазылган көрнөктөр алынды. 

2014-жылдын 1-июнундагы абал боюнча Кыргыз Республикасында Улуттук банктын лицензиясын алган жана чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча иш алып барган 336 алмашуу бюролору катталган.  

2014-жылдын 19-июнундагы абал боюнча Мамлекеттик салык кызматы жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен бирге жүргүзгөн текшерүү ишин кошо алганда, Улуттук банк тарабынан 704 алмашуу бюролору текшерилип, анын жыйынтыктары боюнча тиешелүү протоколдор түзүлгөн.  

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча мыйзам талаптарын, анын ичинде кассалык ишти жүргүзүү тартибин бузууга жол бергендиги үчүн, майда номиналдагы чет өлкө валютасын кошо алганда, чет өлкө валютасын алмаштыруудан баш тарткан учурда, алмашуу операцияларын эсепке алууну талаптагыдай эмес жүргүзүүдө, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талабына жооп бербеген операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн 110 алмашуу бюролоруна жазма буйрук жөнөтүлүп, 85 алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети токтотулган (7 күн мөөнөтү менен, бул убакыт аралыгында алмашуу бюролору мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алып, Улуттук банкка отчет берүүгө тийиш).  

Мындан тышкары, текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөн, ошондой эле Улуттук банк тарабынын лицензиянын аракети токтотулгандан кийин алмашуу операцияларын ишке ашырган 10 алмашуу бюролорунун лицензиялары кайра кайтарылып алынды.  

Мында, айрым адамдардын Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валюталарын алмаштырууну ишке ашырып жаткандыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келээрин баса белгилеп кетүү керек. 

Ушул жылдын баш жагынан бери Улуттук банк Мамлекеттик салык кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Ички иштер министрлиги менен биргеликте лицензиясыз иштеген бир катар акча алмаштыруу бюролоруна рейддик текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Анын натыйжасында, лицензиясыз ишкердик жүргүзгөн 168 жеке адамга карата административдик укук бузууга жол бергендиги боюнча протоколдор түзүлүп, алардын ичинен 108 адам идентификацияланып, 86 адамга Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык жалпы суммасы 132 500 сом түрүндө айыптык төлөм белгиленген.  

Улуттук банк бир нече жылдардан бери лицензиясыз ишкердик жүргүзүшкөн алмашуу бюролору проблемасына өзгөчө көңүл буруу менен алардын ишине бөгөт коюу чараларын колдоого алат. Алсак, 2012-жылы Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору демилгеленген, анда банктык мыйзамдар чөйрөсүндө укук бузуулар үчүн айыптык төлөм өлчөмүн көбөйтүү сунушталган. Айрыкча, лицензиясы жок ишкердикти жүргүзгөн жеке адамдарга карата айыптык төлөм өлчөмү - 20 000 сом (мурда 1500 сом), ал эми юридикалык жактарга (анын ичинде жеке ишкерлерге ) - 100 000 сом өлчөмүндө административдик жаза тууралуу сөз болгон. Мыйзам долбоору 2012-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат комитети тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталган, 2012-жылдын 11-октябрында аталган мыйзам долбоору четке кагылган. 

2014-жылы Улуттук банк алмашуу бюролорунун мыйзамсыз иш жүргүзүүсүнө бөгөт коюу жагында көрүлүп жаткан иш-чаралар комплексинин алкагында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына лицензиясыз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн административдик айыптык төлөм өлчөмүн көбөйтүү боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ишин жандандырган. Учурда тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жайгаштырылган.  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси кароого алынган отурумунан пресс-релиз  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен маселеси боюнча мурдагы отурумунан бери Кыргызстандын жана соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасында олуттуу өзгөрүүлөр катталган эмес. Учурда түптөлгөн макроэкономикалык жагдайды талкуулоо учурунда 2016-жылдын акырына чейин инфляцияны болжолдоо боюнча базалык сценарийинде белгиленген ар тараптуу тенденцияларды камтыган болжолдоолор сакталып калган. Бир жагынан, жакынкы убакытта соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык өсүш арымы басаңдашы күтүлүүдө, бул сырттан суроо-талаптын төмөндөшүнөн жана акчалай которуулар агымынын кыскарышынан көрүнүшү ыктымал. 

Экинчи жагынан, сомдун кыйла нарксызданышынан улам түптөлгөн жогорку инфляциялык жагдай жыл акырында инфляциялык процесстердин ыкчамдашына таасир этиши мүмкүн. Бирок жыл ичинде жана орто мөөнөттүк келечекте инфляциянын орточо мааниси Улуттук банк көрүп жаткан чаралардан улам, акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү чегинде сакталат деген ишеним бар. Экономиканын импорттон өтө көз карандылыгы сакталып турган шартта, Улуттук банк дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда түптөлгөн баа жагдайына мониторинг жүргүзүүнү улантып, мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрдү иликтөөгө алат. Мындан тышкары, рыногу кыйла өнүккөн өлкөлөрдө орун алган, капиталдын башка өлкөлөргө агылып чыгышы менен шартталган пайыздык чендердин жогорулоо тренди да Кыргызстанда жакынкы убакытта монетардык шарттарды күчөтүүнү талап кылышы ыктымал. Ушунун өзү орто мөөнөттүк келечекте инфляцияны турукташтыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.  

Ошентип, инфляциялык тобокелдиктер менен сырттан суроо-талаптын кыскарышы тобокелдиктердин катышына көңүл буруу аркылуу акча-кредит саясатынын учурда жөнгө салынган багытын сактап туруу жана Улуттук банктын эсептик ченин өзгөртүүсүз 6,0 пайыз деңгээлинде калтыруу чечими кабыл алынган.  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы региондун журналисттери үчүн семинар өткөрдү  

Улуттук банктын Басма сөз кызматынын демилгеси менен Улуттук банктын Ош, Жалал-Абад областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү менен бирге Улуттук банктын иши тууралуу маалымат берүү боюнча түштүк жергесинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн бир күндүк тренинг Ош шаарында өткөрүлдү. Иш-чарага түштүк жергесиндеги бардык жалпыга маалымдоо каражатынын 25 өкүлү катышты.  

Тренингдин алкагында региондогу өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери Улуттук банктын функциялары жана ролу жөнүндө, ошондой эле микрокредиттөө чөйрөсүндөгү акыркы тенденциялар, рыноктун төлөм системалары, нак акчаларды жүгүртүү тууралуу баяндама жасашты. Ош областтык башкармалыктын начальниги Жумаш Сыдыков Улуттук банктын алып барган иши тууралуу, өлкөнүн башкы банкынын калыптануу тарыхына өзгөчө көңүл буруу менен кеңири айтып берди. Кыргызстандын алтын валюта камдары жөнүндө айтып жатып, Ош областтык башкармалыктын башчысы төмөнкүлөргө токтолду: "Эгемендик жылдардан бери алтын валюта камдары доллар эквивалентинде 2 миллиарддан ашкан. Акыркы 3 жыл ичинде Улуттук банк ички рынокто алтынды сатып алууну кайра жандандырган, бул алтындын үлүшүн эл аралык камдарда 8,6% чейин жогорулатууга алып келген. 1997-жылдан 2011-жыл ичинде Улуттук банктын балансында турган алтын көлөмү 2,58 тоннаны түзгөн. Бүгүн бул сандар 3,69 тоннага жетти" 

Тренинг учурунда журналисттерге Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө кеңири маалымат берилди. Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн адиси Талантбек Имаралиев аталган рынок жыл сайын арымдуу өсүп жатканын белгиледи. Элибиз банкоматтар жана терминалдар менен көп пайдалана баштады. Улуттук банк тарабынан Төлөм системасы жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал бүгүнкү күндө макулдашуу комиссиянын кароосунда турганын билдирди. "2013-жылдан бери төлөм системасы өлкөдө туруктуу иштеп жатат. Банктар аралык төлөмдөрдүн көлөмү 23 % өсүп, 839,5 млрд. сомду түзгөн. Төлөм карттардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 59,1 % жогорулап, 650,5 миң картты түзгөнүн" - Т.Имаралиев белгиледи. "Нак акчаларды мурунтан эле колдонуп келген Кыргызстан үчүн нак акча жүгүртүүнүн 40 пайызын нак эмес акча жүгүртүүнүн 60 пайызына болгон катышы реалдуу көрүнүш. Мамлекеттик программаны аткаруунун алкагында мындай көрсөткүчтөргө жетишүү 2017-жылга чейин пландалган. Ушул маселе боюнча активдүү иштер жүрүп жатат" - деп адис кошумчалады.  

Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын жетекчиси Жээнбек Маликов журналисттерди Улуттук банктын регионунда жүргүзүлүп жаткан иштердин өзгөчөлүктөрү, иш милдеттери менен тааныштырды. Республиканын финансы секторуна жана бүтүндөй банк секторунун абалына көзөмөл жүргүзүү жөнүндө айтып жатып, Жээнбек Маликов 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон каргашалуу окуядан кийин оор сыноолорду баштап кечирип, банк тутуму калыбына келүүдө ийгиликтүү кадамдарды жасагандыгы тууралуу белгилеп өттү. Анын айтымында региондо жашаган калк банктан алган кредиттери боюнча милдеттенмелерине жоопкерчиликтүү мамиле жасай баштаган, бул кредиттерди кайтаруу көрсөткүчүн жогорулаганын күбөлөндүрөт дейт.  

Анткен менен, областтык башкармалыктын жетекчисинин пикири боюнча калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу актуалдуу маселелерден бойдон калууда. "Тилекке каршы, өлкөнүн жарандары кредит алганга чейин Улуттук банкка консультация алуу үчүн кайрылышпайт. Финансы-кредит мекемелери менен келишимдер түзүлүп, бардык милдеттенмелерди аткарууга макулдук берип, кол коюлуп калгандан кийин көйгөйлөр жаралган учурга гана кайрылышат. Көп учурда карыз алуучулар, өздөрүнүн пайдасына чечилбеген соттун чечими чыгып калгандан кийин Улуттук банкка жардамга кайрылат, албетте, мындай учурда биз дагы эч кандай көмөк көрсөтөт албайбыз" - деп, Ж.Маликов белгиледи.  

Тренингде жалпы коомдун да, жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрүнүн да, экономика менен финансы жаатында билим деңгээлин көтөрүү зарылдыгы тууралуу Улуттук банктын өкүлдөрүнөн башка журналисттердин өздөрү да чыгып сүйлөштү. Тренингге катышуучулар тарабынан ушул сыяктуу маалымат берүүчү долбоорлорду мындан ары улантуу жөнүндө сунуштар келип түштү. Мында Улуттук банк жана анын иш алып баруу чөйрөсү жөнүндө жалпы маалымат алууга, Улуттук банктын компетенциясына тиешелүү: валюта, банк жөнүндө, микрокаржылоо жана төлөм рыногунан акча-кредит саясатына чейинки маселелер боюнча суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Тренинг учурунда кредиттерди алуу принциптери, пайыздык чендер жана аларды түзүү принциптери, валюта курстарынын өзгөрүшүнүн себептери, калктын банктарга жана микрокаржылоо уюмдарына ишеним деңгээли артуу боюнча жана башкалар жөнүндө көптөгөн суроолорго берилген жооптор журналисттерди кызыктырды. Улуттук банктын Басма сөз кызматынын жетекчиси Софья Балакина тарабынан сунушталган маалымат саясатын талкуулап жатып, журналисттер Улуттук банктын жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара алгылыктуу иш алып баруунун негизинде коомчулук астында Улуттук банктын ишинде ачык-айкындуулук деңгээли жогору экенин белгилешти. Ошондой эле түштүк жергесиндеги жолугушуунун жүрүшүндө калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен жалпы максатта журналисттер Улуттук банк менен мындан ары бирге кызматташууга даярдыгын билдиришти.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

"НКА три семерки" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 23-июнунда № 5135 лицензиясы берилди. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын № 3126. Юридикалык дареги: Кант шаары, Ленин көч., үй номери жок (борборундагы базарга кире бериш жагында). 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр  

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык 

төлөмдөр системасы, 

бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 23-июнунан тартып 27-июнун кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил)  

Абсолюттук мааниси  

37 727 470 220,43 

76 621 

1 990 615 110,64 

71 332 

35 736 855 109,79 

5 289 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

5,3 

93,1 

94,7 

6,9 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,04 

1,1 

0,8 

1,1 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

9,0 

12,8 

28,4 

13,6 

7,9 

1,6 

БКга түшкөндөр 

10,0 

46,1 

19,3 

49,2 

9,5 

3,1 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,01 

0,4 

0,3 

0,4 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,5 

7,6 

9,4 

8,2 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

33 221 428 703,24 

67 008 

1 864 534 419,42 

62 079 

31 356 894 283,81 

4 930 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

4 506 041 517,19 

9 613 

126 080 691,22 

9 253 

4 379 960 825,98 

359 

13,6 

14,3 

6,8 

14,9 

14,0 

7,3 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

20.06.2014 

27.06.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

305 048 

307 447 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1354 

741 

613 

1360 

747 

613 

Банкоматтардын саны  

354 

364