Кайта келүү

 Конъюнктура: 24 - 28 март



Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 26-мартындагы өткөн отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган: 

 

"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды жүргүзүү боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 (№12-6) токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";  

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (№12-8). 

 

 

2014-жылдын 17-мартынан 20-мартына чейинки мезгил аралыгында Швейцария Улуттук банкынын консулңтанттары Улуттук банкка визит менен келишкен. 

2014-жылдын 17-мартынан 20-мартына чейинки мезгил аралыгында, келечекте техникалык кызматташуунун багыттарын талкуулоо максатында, Швейцария Улуттук банкынын консулңтанттары Г. Риха, Н. Хуонкер и Ж. Хайма Улуттук банкка визит менен келип кетишкен. Визиттин жүрүшүндө бир катар маселелер боюнча кеңири жолугушуулар болуп өттү. Жолугушууда негизинен, Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык моделин түзүү, автоматташтырылган тоорук системасын иштетүү, банктарда бизнес-долбоорлорду оптималдаштыруу чөйрөсүндө ишке ашырылуучу долбоорлор жана башка темалар боюнча кызматташуу маселелери козголгон. Мындан тышкары, Улуттук банктын коммуникация чөйрөсүндөгү саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана финансылык туруктуулук маселелери боюнча биргелешкен жаңы долбоорлордун келечек багыттары талкууланды.  

Швейцария Улуттук банкынын консулңтанттары "Дүйнөлүк экономикадагы болуп жаткан процесстер жана монетардык бийликтердин боло турган реакциялары" темасын Улуттук банк Башкармасы менен бирге талкуулаган.  

Делегациянын келип кеткен визитинин жыйынтыктары боюнча ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча иштерди улантуу жөнүндө жана Улуттук банк менен Швейцариянын Улуттук банкынын ортосунда кызматташуунун жаңы багыттарын андан ары жумуш тартибинде чечүү жөнүндө макулдашууларга жетишишкен.  

 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

Бишкек шаары, Фучик көчөсү 72-4 дареги боюнча жайгашкан МКК "Старт-кредит" ЖЧКсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө 2011-жылдын 18-ноябрында берилген №413 күбөлүгү 2014-жылдын 19-мартынан тартып жокко чыгарылган. Катышуучу өзүн-өзү жоюу жөнүндөгү чечимин 2014-жылдын 25-мартында кабыл алган.  

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр  

системасы, бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

2014-жылдын 24-мартынан тартып 28-мартын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил)  

Абсолюттук мааниси  

32 375 539 908,43 

73 481 

1 947 280 407,89 

69 842 

30 428 259 500,54 

3 639 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

6,0 

95,0 

94,0 

5,0 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,04 

1,1 

0,7 

1,1 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

8,2 

14,9 

29,7 

15,7 

6,8 

1,1 

БКга түшкөндөр 

7,4 

37,9 

16,6 

39,6 

6,8 

4,5 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,02 

0,5 

0,4 

0,6 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,7 

12,5 

11,3 

13,1 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

18 083 246 241,50 

55 043 

1 598 342 968,45 

51 914 

16 484 903 273,04 

3 130 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

14 292 293 666,93 

18 438 

348 937 439,44 

17 928 

13 943 356 227,50 

509 

79,0 

33,5 

21,8 

34,5 

84,6 

16,3 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

20.03.2014 

28.03.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

276 338 

 

278 648 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1324 

730 

594 

1325 

731 

594 

Банкоматтардын саны  

347 

349