Кайта келүү

  Конъюнктура: 17 - 20 март



Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул кызматынан бошотулган 

Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруусу менен Абдыбалы тегин Суеркул Улуттук банктын Төрагасынын орун басары кызмат ордунан мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу бошотулган.   

Абдыбалы тегин Суеркул мырза Улуттук банкта 1992-жылдан тартып эмгектенип келет ал Эмиссия-кассалык иштер бөлүмүн жетектеген, андан кийин Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги кызмат ордун аркалаган, кийин Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү болуп дайындалган. 2004-2007-жылдар ичинде Дүйнөлүк банктын жеке жана финансы сектору боюнча консультанты кызматында эмгектенген. 2007-жылдын февраль айында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары кызмат ордуна дайындалган.   

Абдыбалы тегин Суеркул мырзанын жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү, билими жана тажрыйбасы Улуттук банктын өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон. Төраганын орун басары кызмат ордунда эмгектенүү менен ал Улуттук банктын акча-кредит жана валюта саясаттарын иштеп чыгуу жана жүргүзүү тармагын түздөн-түз тескөөгө алган. Абдыбалы тегин Суеркул мырзанын демилгеси менен Улуттук банкта илимий изилдөө системасы киргизилген, Илимий эксперттик кеңеш түзүлгөн, ал эми Экономика башкармалыгынын курамында Илимий-изилдөө борбору уюштурулган.   

Абдыбалы тегин Суеркул мырза өз эмгек жолун Улуттук банктын Төрагасынын кеңешчиси кызмат ордунда улантат. Ал Улуттук банкта жүргүзүлүп жаткан реформаларды, биринчи кезекте, пайыздык чендердин туруктуулугуна, финансылык инструменттерди өнүктүрүүгө багытталган жана инфляциянын орточо деңгээлин төмөндөтүүгө өбөлгө түзгөн акча-кредит саясатынын жаңы негизине өтүүгө байланыштуу реформаларды тескөөгө алат. Жогоруда аталган иштердин жүзөгө ашырылышы үчүн белгилүү бир убакыт жана жогорку тажрыйбалуу жетекчинин иш билгилиги талап кылынат.   

МААЛЫМАТ 

Абдыбалы тегин Суеркул мырза 1966-жылы Ош областынын Жаңы-Жол районуна караштуу Жаңы-Жол айылында туулган, жогорку билимге ээ.   

Абдыбалы тегин Суеркул мырза 1999-жылы Джорджтаун университетинде (АКШ, Вашингтон) рынок экономикасы, эл аралык соода жүргүзүү, макроэкономика, эконометрика, финансылык программалоо, бюджетти тескөө, банк иши сыяктуу негизги дисциплина боюнча атайын программа боюнча окутуудан өткөн.   

Ошондой эле Эл аралык валюта фондунда жана АКШ Федералдык резерв системасын тескөөгө алган башкармалыкта такшалуудан өткөн.   

Кыргыз, орус жана англис тилдерин жогорку деңгээлде билет. Жасаган эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган жана «Эмгек сиңирген экономисти» наамына ээ болгон.  

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

 

Бишкек шаары, Лермонтов көчөсү 35 а дареги боюнча жайгашкан МКК "Финкред" ЖЧКсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга майда кредит берүүгө 2011-жылдын 23-июнунда берилген №380 күбөлүгү, өзүн-өзү жоюу жөнүндөгү катышуучулардын жалпы жыйынынын 2014-жылдын 10-февралындагы № 6 протоколуна ылайык, 2014-жылдын 19-мартынан тартып жокко чыгарылган. 

Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, үй №144 дареги боюнча катталган жеке ишкер Курманалиев Дамирбек Сагынбековичтин атына 2011-жылдын 27-декабрында берилген №4820 лицензиясы 2014-жылдын 17-мартынан тартып, З. Л. Чокоевдин колу коюлган Улуттук банктын 2014-жылдын 12-мартындагы № 172-12/1768 катынын негизинде кайра кайтарылган.  

Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 49 дареги боюнча катталган жеке ишкер Кыштобаев Эрмек Марсовичтин атына 2012-жылдын 10-январында берилген №4829 лицензиясы 2014-жылдын 17-мартынан тартып, З. Л. Чокоевдин колу коюлган Улуттук банктын 2014-жылдын 28-февралындагы № 172-6/1400 катынын негизинде кайра кайтарылган.  

Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 49 дареги боюнча катталган жеке ишкер Акымбаев Айбек Сеитбековичтин атына 2012-жылдын 16-январында берилген №4832 лицензиясы 2014-жылдын 17-мартынан тартып, З. Л. Чокоевдин колу коюлган Улуттук банктын 2014-жылдын 26-февралындагы № 172-12/1278 катынын негизинде кайра кайтарылган.  

Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 146 дареги боюнча катталган жеке ишкер Жолдошалиев Марлис Райнисовичтин атына 2012-жылдын 4-июнунда берилген №4967 лицензиясы 2014-жылдын 17-мартынан тартып, З. Л. Чокоевдин колу коюлган Улуттук банктын 2014-жылдын 26-февралындагы № 172-12/1308 катынын негизинде кайра кайтарылган. 

Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150 аталышы “Шайыр” дареги боюнча катталган жеке ишкер Жусупакмат уулу Шайырбектин атына 2013-жылдын 24-ягварында берилген №5073 лицензиясы 2014-жылдын 17-мартынан тартып, З. Л. Чокоевдин колу коюлган Улуттук банктын 2014-жылдын 28-февралындагы № 172-6/1401 катынын негизинде кайра кайтарылган. 

Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150 аталышы “Шайыр” дареги боюнча катталган жеке ишкер Жусупакмат уулу Шайырбектин атына 2013-жылдын 24-ягварында берилген №5073 лицензиясы 2014-жылдын 17-мартынан тартып, З. Л. Чокоевдин колу коюлган Улуттук банктын 2014-жылдын 28-февралындагы № 172-6/1401 катынын негизинде кайра кайтарылган. 

Бишкек шаары, Чүй проспекти 162 дареги боюнча жайгашкан Ломбард "Экономи" кошумча жоопкерчиликтүү коомуна 2013-жылдын 11-апрелинде берилген № 5091 лицензиясы 2014-жылдын 17-мартынан тартып, З. Л. Чокоевдин колу коюлган Улуттук банктын 2014-жылдын 26-февралындагы № 172-12/1277катынын негизинде кайра кайтарылган. 

Бишкек шаары, Чүй проспекти 162 дареги боюнча жайгашкан "Берен Бал-Бал" ЖЧКсына 2013-жылдын 28-ноябрында берилген № 5117 лицензиясы 2014-жылдын 17-мартынан тартып, З. Л. Чокоевдин колу коюлган Улуттук банктын 2014-жылдын 5-мартындагы № 172-12/1585 катынын негизинде кайра кайтарылган. 

 

Банктар аралык төлөмдөр  

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү  

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

көлөмү,  

сом 

саны, даанасы 

көлөмү,  

сом 

саны, даанасы 

көлөмү,  

сом 

саны, даанасы 

2014-жылдын 17-мартынан тартып 20-мартын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил)  

Абсолюттук мааниси  

23 160 619 566,42 

49 740 

1 384 909 539,29 

46 717 

21 775 710 027,13 

3 023 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

6,0 

93,9 

94,0 

6,1 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

1,4 

1,2 

1,5 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

9,4 

8,1 

18,4 

8,5 

8,8 

2,1 

БКга түшкөндөр 

12,0 

43,4 

25,6 

45,8 

11,1 

5,7 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,03 

0,9 

0,5 

1,0 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,3 

12,5 

4,6 

13,3 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

18 083 246 241,50 

55 043 

1 598 342 968,45 

51 914 

16 484 903 273,04 

3 130 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

5 077 373 324,92 

-5 303 

-213 433 429,16 

-5 197 

5 290 806 754,09 

-107 

28,1 

-9,6 

-13,4 

-10,0 

32,1 

-3,4 

  

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

14.03.2014 

20.03.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

273 661   

276 338   

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1315 

723 

592 

 

1324 

730 

594 

Банкоматтардын саны  

345 

347