Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк), каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтардын өзгөрүүсүнө тиешелүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышы максатында төмөнкүлөрдү билдирет:  

 

- "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобонун 4-1 бөлүгүнүн 4-1.8., 4-1.10. пункттарында күбөлүктөгү маалымат өзгөргөн учурда МКК/МКА каттоодон өтүү жөнүндөгү күбөлүгүн кайрадан каттоодон өткөрүүгө милдеттүү (аталышынын, жайгашкан жеринин өзгөрүшү). МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу органы тиешелүү чечимди кабыл алгандан тартып 10 календардык күн ичинде МКК/МКА каттоодон өтүү жөнүндөгү күбөлүктү кайрадан каттоодон өткөрүү жөнүндө билдирүүсүн тиешелүү документтерди тиркөө менен Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтөт. МКК же МКА кайрадан катталган күбөлүктү алган күндөн тартып 3 күн ичинде өздөрүнүн аталышынын жана/же жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш.  

 

- "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун 8-бөлүгүнүн 8.1. пунктунда кредиттик союздун уставына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, анын ичинде кредиттик союздун юридикалык дарегинин өзгөрүшү, Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш (мыйзамдар менен каралган учурларда). Мында кредиттик союздун чыныгы жайгашкан жери анын юридикалык дареги менен дал келүүсү зарыл. Уставга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу тартиби ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.  

 

- "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансы компанияларын лицензиялоо, кайра түзүү жана жоюу жөнүндө" жобонун 9.9. пунктунда МФКлардын жайгашкан жеринин өзгөрүшү (почта дарегинин), МФКлардын башка калктуу пунктка орун алуудан улам калктуу пункттун аталышы, көчөнүн аты, үйдүн номери өзгөрүү менен коштолушу мүмкүн. МФКлардын бир эле калктуу пункттун ичинде жайгашкан жерин өзгөртүүсү МФКлардын лицензиясын алмаштырууну жана уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылбайт. Жайгашкан жери өзгөргөн учурда МФКлар эки жумушчу күндүн ичинде төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

1) Улуттук банкка жазуу жүзүндө маалымдоо;  

2) МФКнын жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөргөндүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо.  

 

- "Накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун 28-пунктунда алмашуу бюросунун дарегин өзгөрткөн учурда, лицензиат алмашуу бюросунун жаңы дареги боюнча аны каттоодон өткөрүү жөнүндө Улуттук банктан ушул жобонун талаптарына ылайык, жаңы кат алууга тийиш. Жаңы дарек боюнча алмашуу бюросун каттоодон өткөрүү жөнүндө катты алуу үчүн лицензиат Улуттук банкка тиешелүү документтерди тапшырат.  

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Улуттук банк, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бекем сактоо талабын билдирет, жайгашкан жердин өзгөрүшүнө тиешелүү маалыматтар өзгөргөн учурда микрофинансы уюмдары, кредиттик союздар жана алмашуу бюролору, ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипке ылайык, тиешелүү жол-жоболордон өтүүгө ошондой эле жаңы жайгашкан дарек боюнча маалыматтарды abredihin@nbkr.kg же zmukashova@nbkr.kg электрондук даректерине жөнөтүүгө тийиш.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди 

"Евро Капитал" Ломбард ЖЧКсына (накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 31-январындагы №5121 лицензиясы) № 3114 каттоо номери берилди. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Абдрахманов көч., 125.  

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

Жеке жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Түгөлбай" ЖЧКсынын каттоодон өтүү жөнүндөгү 2010-жылдын 11-февралында берилген № 272 күбөлүгү 2014-жылдын 27-январынан тартып жокко чыгарылган. Уюштуруучунун 2014-жылдын 24-январындагы №7 чечимине ылайык өзүн-өзү жойгон. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата ш., Советский көч., 76/2. 

Жеке жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "ДЖУР-АС" ЖЧКсынын каттоодон өтүү жөнүндөгү 2011-жылдын 28-январында берилген № 337 күбөлүгү 2014-жылдын 28-январынан тартып жокко чыгарылган. 2013-жылдын 20-декабрындагы чечимге ылайык өзүн-өзү жойгон. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Ибраимов көч., 32-17 (чыныгы дареги Бишкек ш., 12-мкр., ДК, 2-кабат, 208-каб.). 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык  

төлөмдөр системасы 

бардыгы 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 3-февралынан тартып 7-февралын кошо алган мезгил аралындагы көрсөткүчтөр (отчет мезгили) 

Абсолюттук мааниси  

17 414 478 369,23 

52 666 

1 626 651 711,29 

49 667 

15 787 826 657,94 

2 999 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

9,3 

94,3 

90,7 

5,7 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,7 

1,6 

1,8 

0,0 

0,0 

БК чыгыш 

21,4 

13,3 

31,6 

14,0 

20,3 

1,2 

БК кириш  

6,9 

29,6 

11,9 

31,2 

6,4 

3,5 

СФ чыгыш 

0,1 

0,6 

1,1 

0,6 

0,0 

0,0 

СФ кириш 

1,5 

19,5 

15,9 

20,6 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрү  

Абсолюттук мааниси  

14 962 591 871,41 

53 741 

1 426 019 406,67 

50 660 

13 536 572 464,74 

3 081 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

2 451 886 497,82 

-1 075 

200 632 304,62 

-993 

2 251 254 193,20 

-82 

16,4 

-2,0 

14,1 

-2,0 

16,6 

-2,7 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

03.02.2014 

10.02.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда) 

259 241 

260 953 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1249 

689 

560 

1284 

703 

581 

Банкоматтардын саны  

339 

339