Кайта келүү

 Конъюнктура: 23 - 27 декабрь



"Winston&Strawn LLP" Эл аралык арбитраждын Илья Левитиске каршы анын Кыргызстанга карата доосу боюнча акыркы чечими тууралуу билдирди.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына "АзияУниверсалБанк" ААКсын (мындан ары "АУБ" ААКсы) улутташтырууга тиешелүү доо арызы боюнча эл аралык арбитраждык териштирүүлөрдө Кыргыз Республикасынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын колдогон "Winston&Strawn LLP" юридикалык компаниясынан келип түшкөн маалыматка ылайык, 2013-жылдын 19-декабрында Эл аралык арбитраж тарабынан (Торонто, Канада) АКШ жараны Илья Левитисапого каршы анын Кыргызстанга карата доосу боюнча акыркы чечим чыгарылган. Чыгарылган чечимге ылайык, И. Левитис мырзадан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 400 миң АКШ долларынан көбүрөөк юридикалык чыгашалары өндүрүлүп алынды. 

АКШ жараны И.Левитис АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы чет өлкө инвестицияларын өз ара коргоо жөнүндө келишимге жана "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" мыйзамга таянуу менен 2012-жылдын мартында Кыргыз Республикасына карата эл аралык арбитражга доо арыз менен кайрылган. И.Левитис төмөнкүлөр үчүн компенсация талап кылган: (а) "АУБ" ААКсынын ага таандык болгон акцияларын улутташтырылгандыгы үчүн, (б) "АУБ" ААКсынын ага таандык болгон векселдеринин "экспроприацияланышына" жана (в) "АУБ" ААКсынын ага таандык болгон акчалай аманаттардын "экспроприацияланышына". Доонун жалпы суммасы иштин акырына чейин такталган эмес, бирок ар кандай баа берүүлөр боюнча $7 миллион менен $15миллиондун ортосундагы сумманы түзгөн. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү И.Левитистин доо арызына карата пикирин билдиргенден кийин ал тарабынан бардык доо талаптар кайтарылып алынган. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү И.Левитиске Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн юридикалык чыгашаларынын ордун толтуруп берүү тууралуу каршы доо койгон. 2013-жылдын 19-декабрында Эл аралык арбитраж (Торонто, Канада) И.Левитистен Кыргыз Республикасынын пайдасына 404 720 АКШ доллар өлчөмүндө өндүрүп берүү чечимин чыгарган.  

И.Левитистин бул иши - "АУБ" ААКсын улутташтырууга тиешелүү экинчи иш болуп саналат, мында доочулар өз доолорун кайтарып алышкан жана аларга каршы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайдасына юридикалык чыгашаларды өндүрүп берүү тууралуу чечим кабыл алынган. Буга чейин маалымдалгандай, 2013-жылдын 31-октябрында Эл аралык арбитраж тарабынан (Дублин, Ирландия) "АУБ" ААКсынын мурдагы директору Михаила Надель менен IthacaHoldingInc америкалык компаниясынын биргелешкен доосу боюнча чечим чыгаралып, анда да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайдасына 281 095 АКШ доллары өлчөмүндө юридикалык чыгашалары өндүрүлүп берилген. 

Учурда, "АУБ ААКсы боюнча бардык доо арыздардын ичинен Михаил Надельдин кайрадан берген жоо арызы бүтпөй калган болуп саналат, анда ал "АУБ" ААКсынын ага таандык болгон акцияларынын улутташтырылгандыгы үчүн " $400 миллиондон ашык суммада" компенсация төлөп берүүнү талап кылган. "Winston&Strawn LLP" алынган маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү доо арызды канааттандыруудан баш тартууга жана М. Надель мырзадан ага каршы белгиленген 281 095 АКШ долларына кошумча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн юридикалык чыгашаларын өндүрүүгө жетишүүгө ниеттенүүдө. Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адвокаттары Англия Жогорку сотунун өкүмүнө жетишишкен, анда арбитраждык чечимди аткаруу жол-жоболорунун алкагында Лондондун айланасындагы Сари графствасындагы М. Наделдин үйүнө өндүрүү салынган, ал үйдү 2007-жылы 2,2 миллион англия фунт стрелингине (3,5 млн. АКШ долларына) сатып алган.  

Кыргыз Республикасынын "АУБ" ААКсын улутташтыруу жөнүндө бардык эл аралык арбитраждык иштер боюнча кызыкчылыктарын Winston&StrawnLLP эл аралык юридикалык фирмасы колдоодо, мында адвокаттар тобун фирманын Лондондогу офисинин өнөктөшү, Андрей Яковлев жана "Сатаров, Аскаров жана Өнөктөштөр" (мурдагы "Консалтинг по Верховенству Права") кыргыз юридикалык компаниясы жетектейт, мында компаниянын өнөктөрү Анвар Аскаров жана Улан Сатаров алдыңкы юристтерден болуп саналышат. 

 

Маалымат үчүн:  

Михаил Надель - Россия жараны, ал 1998-жылы башка инвесторлор менен биргеликте "АУБ" ААКсынын (ошол учурда Самоа аралында каттоодон өткөртүлгөн "Эл аралык Бизнес Банктын" туунду ишканасы болуп саналган) 100% акцияларын сатып алган. М.Надель 1998-жылдан 2010-жылга чейин Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы болуп саналган. 2010-жылы "АУБ" ААКсынын ишине жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн кийин ал кыргыз соту тарабынан алдамчылык жана арам акчаны адалдоо фактылары боюнча соттолуп, сыртынан 16 жылга эркинен ажыратылган.  

 

IthacaHoldingInc - 2011-жылы АКШнын Калифорния штатында уюшулган жана АКШнын Нью-Йорк штатында юридикалык дарекке ээ компания. Расмий маалыматтарга ылайык, компаниянын акционерлери болуп, америка жарандары Андрей Мирер ("АУБ" ААКсынын мурунку Директорлор кеңешинин мүчөсү Александра Катриндин мурунку жолдошу), Евгений Пашкевич, Наталья Одвак, Майя Слутски, Константин Гольцев жана Леонид Жарковский эсептелет. 

 

Илья Левитис - АКШнын Флорида штатынын Майями шаарынын Авентура шаарчасында жашаган АКШ жараны. 2000-жылы И. Левитис мырза, Товарларды жана фьючерстерди сатуу боюнча АКШ комиссиясынын тергөөсү алдында болуп, анын жыйынтыгында валюталык фьючерстерди адамдардын кеңири чөйрөсүнө мыйзамсыз саткандыгы жана алдамчылык үчүн айыпталган. "АУБ" ААКсынын акцияларын улутташтырууда алдым деген шылтоо менен компенсация төлөп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасына карата койгон талабына карабастан, И. Левитис мырза "АУБ" ААКсынын акционерлер реестринде эч качан катталган эмес. 

 

 

Улуттук банктын эксперттери Кыргызстандын улуттук валютасынын тарыхы тууралуу студенттерге баяндап беришти 

 

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин студенттери Улуттук банкка келишкен. Улуттук банктын кызматкерлери студенттер үчүн нумизматикалык көргөзмө боюнча экскурсия өтүшкөн, ошондой эле Улуттук банктын тарыхы темасына лекция уюштуруп беришти.  

 

Экскурсиянын жүрүшүндө Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгынын башкы адиси Бермет Усубалиева келген конокторго адам тарыхындагы биринчи төлөм инструменттери, ошондой эле азыркы акчалар жөнүндө айтып берди. Студенттерге орто кылымдын монеталары, ар башка доор менен ар түрдүү элдердин акча белгилери, кыргыз элинин тарыхы, өлкөбүздүн жаратылышы менен жаныбарлар дүйнөсү түбөлүккө түшүрүлгөн Кыргызстандын монеталары менен азыркы банкноттору экспонат түрүндө көрсөтүлдү.  

 

Студенттер кызыгуу артуу менен экспонаттар менен таанышты жана экскурсиядан алган көңүлүндөгү таасирлери бөлүшүштү. КРСУнун эл аралык мамилелер факультетинин 1-курсунун студенти, Анастасия Бельскойдун сөзүнө караганда, акчалардын пайда болушу жана кыргыз сомунун жаралуусу менен түптөлүүсү ал үчүн абдан кызыктуу болду. Ал мурун жөн гана китептерди окуган болсо, бүгүн өз көзү менен байыркы монеталар менен акчаларды көрө алды. 

 

"Мен коллекциялык монеталарга кызыгам, ошондуктан бүгүнкү экскурсия мен үчүн эң эле кызыктуу экскурсиялардын бири болду", - деп Анастасия менен бирге окуган Мээрим Абдыганиева өзүнүн оюн билдирди. 

 

Экспозицияда сулуу, күмүш коллекциялык монеталар коюлгандыгын студент Нурбек Назимов өз кезегинде белгиледи. "Белгилүү "Монеталар топ жылдызы" конкурсунда "Улуу жибек жолу" монетасы сыйлыкка көрсөтүлгөн орундардын бирин алгандыгы кубандырат. Мен өзүмдүн өлкөм менен сыймыктанам", - деген пикирин айтты. 

 

Экскурсиядан кийин студенттер үчүн Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын начальниги Алексей Фалеев тарабынан лекция уюштурулду. Лекцияда "1993-жылдын 10-майында өзүбүздүн акча бирдигибиз кирген учурдан тартып, Улуттук банк улуттук валютанын төртүнчү сериясынын банкнотторун чыгарып жатат. Банкноттордун төртүнчү сериясы заманбап дизайндын оптималдуу айкалышын камтыйт жана жаңыча коргоо элементтери киргизилген. Бүгүнкү күндө кыргыз сомдору 30дан ашык коргоо элементтеринен турат жана дүйнөдөгү корголгон валюталардын бири болуп саналат" - деген сөздөрү менен улуттук валюта кантип пайда болгондугу жана жакшыртылгандыгы тууралуу баяндап берди.  

 

 

Төмөнкү БФКМдер менен алмашуу бюросуна лицензиялар/күбөлүктөр берилди 

Жеке жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө "Альянс Кредит" МКА коомдун фондусуна эсептик каттоо жөнүндө 2013-жылдын 27-декабрында №206 күбөлүк берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 207. 

Жеке жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө "Кредиттик чечим" МКК ЖЧКсына эсептик каттоо жөнүндө 2013-жылдын 27-декабрында №478 күбөлүк берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Пролетарская көч., 29. 

 

Төмөнкү БФКМдердин күбөлүктөрү/лицензиялары жокко чыгарылган жана кайтарылып алынган : 

2013-жылдын 12-октябрынан тартып МКА "Үмүтүм" КФга жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2003-жылдын 26-майында берилген № 34 күбөлүк, уюштуруучунун: Ош областы, Кара-Кулжа району, Кара-Кочкор 

2013-жылдын 24-декабрынан тартып "Байбол-Аларча" ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2007-жылдын 19-февралында берилген № 67 күбөлүк, уюштуруучунун 2013-жылдын 18-декабрындагы өзүн-өзү жоюлуу тууралуу чечимине ылайык жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Асаналиев атындагы көчө, 16. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 23-декабрынан 27-декабрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

31 297 843 412,59 

96 228 

3 418 295 290,30 

90 129 

27 879 548 122,29 

6 099 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

10,9 

93,7 

89,1 

6,3 

анын ичинде (%)  

 

 

 

 

 

 

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

0,8 

0,5 

0,9 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

27,4 

28,2 

49,8 

29,8 

24,7 

4,6 

БК кириш 

22,0 

27,5 

11,4 

29,2 

23,3 

3,0 

СФ чыгыш 

0,04 

0,6 

0,3 

0,7 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

1,7 

16,9 

15,3 

18,0 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

16 626 096 367,42 

56 860 

1 769 071 402,24 

53 251 

14 857 024 965,17 

3 609 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

14 671 747 045,17 

39 368 

1 649 223 888,06 

36 878 

13 022 523 157,12 

2 490 

%  

88,2 

69,2 

93,2 

69,3 

87,7 

69,0 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын 

20-декабрына карата 

2013-жылдын 

27-декабрына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

244 507 

247 695 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1232 

676 

556 

 

1233 

676 

556 

Банкоматтардын саны  

332 

333