Кайта келүү

 

Улуттук банк карыз алуучуларды кредиттерди төлөөгө байланыштуу көйгөйлүү жагдайды укук чегинде гана чечүүгө чакырат 

2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болуп өткөн митинг учурунда финансы-кредит мекемелеринен алган карызын көптөн бери төлөбөй жүргөн айрым карыз алуучулар саясий жагдайдын курчушунан пайдаланып, алган кредиттерин өз учурунда төлөп, кредиттик мекемелер менен эриш-аркак, толук ишенимде иштеп жаткан башка кардарларды келишимдерде чагылдырылган мыйзамдуу талаптарды аткарбоого чакырган. Алардын сөзү боюнча “Кыргыз Республикасында карыз алуучулардын укугун коргоо боюнча элдик кыймыл” дегендин атынан чыккан бир нече ондогон жаран микрофинансылык уюмдардын жана коммерциялык банктардын ишинин токтотулушуна үндөгөн.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мындай чагымчыл чакырыкка арбалбоону жарандардан өтүнүп кетет. Кредиттик мекемелер алдындагы карыздарга тиешелүү маселелер кредиторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу, укук чегинде гана чечилүүгө тийиш. Эгерде, консенсуска жетишилбесе, же болбосо кредиторлордун алдамчылыкка барып жаткандыгы фактылары аныкталса, көйгөйлүү маселелер соттук териштирүүлөр аркылуу гана чечилиши зарыл. 

Ал эми банктардын жана БФКМдердин жабылышы проблемалуу карызгерлердин маселесин чечпестен тескерисинче, экономика жана финансы системаларын үзгүлтүккө учурашына алып келиши ыктымал. Финансы мекемелери өз аманатчыларынын жана инвесторлордун каражаттарын калкты кредиттөө үчүн жумшоосу мүмкүн демек, берилген каражаттардын кайтарылышы үчүн алар да кошо жоопкерчилик тартышат.  

Кредиттер кайтарылып берилүүгө тийиш. Карызгер милдеттенме алгандыгын түшүнүп, алган карызын учурунда төлөөгө милдеттүү. Эгерде мындай болбосо, кредиттик мекеме келишимдик милдеттенмелерде каралган чараларды көрүүгө укуктуу. Карызды кайтарып берүүдө проблемалар келип чыкса, карызгер аны кредиттик мекеме менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу гана чече алат. Мурдагы кредитинин ордун жабуу үчүн кошумча кредит алуу да алгылыксыз. Мыйзам жолу гана, кредиторлор менен орун алган көйгөлүү жагдайды чечүүнүн эў эле таасирдүү ыкмасы.  

Учурда Кыргызстанда орун алып жаткан жагдай өлкө экономикасына каражатын багыттап жаткан инвесторлор үчүн эў эле кесепеттүү таасирин тийгизиши мүмкүн. Берилген кредиттердин жалпы көлөмүнөн бир азы эле проблемалуу экендигине карабастан, муну олуттуу проблемага айлантып, митингде негизги маселе катары көтөрүлүп жатышы, кредиттөө секторунун, демек өлкөдө бизнестин жана экономиканын өнүгүшүнө тоскоолдуктарды жаратышы ыктымал (1-сентябрга карата банк сектору боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин көлөмү 5%, микрокаржылоо секторунда 2-3% түзгөн). Ошол эле учурда микрокредиттөө кызматынан пайдаланууга керектөөлөр күн санап өсүп, жагдайдан пайдаланып, өз маселесин чечим алууга жанталашкан айрым бир топтордун кесепетинен калайык-калктын олуттуу бөлүгү бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон кредиттик каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калуу коркунучуна кабылууда.  

Орун алган карыз маселесин укук чегинде кредиторлор менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү же сот аркылуу гана чечүүгө мүмкүн. 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН   

Учурда Кыргыз Республикасында 23 коммерциялык банк жана алардын 281 филиалы иштеп жатат.    

Коммерциялык банктардын Ысык-Көл областында ачылган филиалдары жана аманат кассалары штаттык режимде иштеп жатат. 

«ДемирКыргыз Интернэшнл банка» ЖАКтан, «Казкоммерцбанк Кыргызстан» ААКсынан жана АКБ «Толубай» ААКсынан тышкары, бардык коммерциялык банктар Ысык-Көл областында өкүлчүлүктөргө ээ, алардын 38 филиалы, 38 аманат кассасы иш алып баруу менен тартылган депозиттердин жалапы көлөмү 1,29 млрд. сомду, ал эми аманатчылардын саны 52 118 адамды түзүп, кредит портфели 2,85 млрд. сом, карызгерлердин саны 16 438 адам чегинде катталган.      

Карызгерлерден кайрылуулар түшкөн учурда бардык проблемалуу жагдайды кредторлор менен карызгерлер ортосунда мыйзам чегинде чечилишине өбөлгө түзүү менен Улуттук банк мындай маселелерди коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредит мекемелери менен биргеликте кароого аракеттенет. 2013-жылдын 9 айы ичинде коммерциялык банктардын жана БФКМдердин кардарларынан 401 кайрылуу түшкөн. Кайрылуулардын 50% көбүрөөгү алгылыктуу чечилип, проблемалуу карыздар реструктуризацияланган. Кредиторлору менен эпке көнүүгө бара албаган айрым карызгерлердин маселесин чечүү боюнча иштер улантылууда.  

Төмөнкү БФКМдердин күбөлүктөрү/лицензиялары жокко чыгарылган, кайтарылып алынган: 

 

2013-жылдын 12-октябрынан тартып МКА “Үмүтүм” КФга жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2003-жылдын 26-майында берилген № 34 күбөлүк, уюштуруучунун 2013-жылдын 9-октябрындагы өзүн-өзү жоюлуу тууралуу чечимине ылайык жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Кулжа району, Кара-Кочкор айылы. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросстук система 

көлөмү

сом 

саны, даана 

көлөмү

сом 

саны, даана 

көлөмү

сом 

саны, даана 

2013-жылдын 7-октябрынан 12-октябрына чейинки мезгил ичиндеги көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук маани 

17 172 320 241,57 

73 132 

2 271 913 787,95 

69 223 

14 900 406 453,62 

3 909 

БТСтин төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

13,2 

94,7 

86,8 

5,3 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

ББПБ таза позициялары   

0,2 

1,4 

1,3 

1,5 

0,0 

0,0 

БК чыгыш 

14,6 

10,6 

26,2 

11,2 

12,8 

0,9 

БК кириш 

11,2 

32,5 

17,0 

34,0 

10,3 

6,3 

СФ чыгыш  

0,1 

2,0 

1,0 

2,1 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

1,8 

22,0 

14,0 

23,2 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн жума ичинде орточо алгандагы көрсөткүчтөр  

Абсолюттук маани  

17 268 915 124,09 

54 360 

1 737 135 715,73 

50 776 

15 531 779 408,36 

3 584 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн жума ичиндеги орточо алгандагы көрсөткүчтөрдөн четтөөсү  

Абсолюттук маани 

-96 594 882,52 

18 772 

534 778 072,22 

18 447 

-631 372 954,74 

325 

-0,6 

34,5 

30,8 

36,3 

-4,1 

9,1 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

04.10.2013 

12.10.2013 

Чыгарылган карттардын жалпы саны 

(кайра чыгарылгандарды эске албаганда)  

222 575 

224 549 

pos-терминалдардын саны:  

- банктардагы   

- соода түйүндөрүндөгү   

1170 

653 

517 

1170 

653 

517 

Банкоматтардын саны 

303 

305