Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды: 

· “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо тууралуу” (2013-жылдын 5-сентябрындагы №35/13); 

· “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо тууралуу” (2013-жылдын 5- сентябрындагы №35/14); 

· Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-ноябрындагы №46/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013-жылга иш планы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2013-жылдын 5-сентябрындагы №35/15);  

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын таасир этүү чараларына тиешелүү айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” (2013-жылдын 5-сентябрындагы №35/16); 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү тууралуу” (2013-жылдын 5-сентябрындагы №35/17); 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү тууралуу” (2013-жылдын 5-сентябрындагы №35/19); 

Швейцария Өкмөтү менен дүйнөлүк банк финансы секторунун реформалоодо Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтөт 

Швейцария Өкмөтү, Дүйнөлүк банк жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы финансы секторун өнүктүрүү боюнча Трасттык фондду түзүү максатында, Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Анын линиясы боюнча Кыргыз Республикасында финансы секторунда реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн техникалык жардам көрсөтүлөт. 

Финансы секторун өнүктүрүү боюнча Трасттык фонд банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ишинин мыйзамдык жөнгө салуучу жана көзөмөлдөө базасын андан ары өркүндөтүүнү колдоого алат. Мындан тышкары, долбоор Улуттук банктын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатын да көздөйт, бул түпкүлүгүндө келип аталган сектордун финансылык туруктуулугун чыңдоого таасирин тийгизет. 

Швейцария Өкмөтүнүн Трасттык фондусунун максаттары үчүн 1 млн. АКШ долларынан көбүрөөк суммада гранттык каржылоо бөлүнөт. Трасттык фонддун алкагында жүзөгө ашырылган иш-чараларды администрлөө жана мониторинг жүргүзүү Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынат.  

“Биз Дүйнөлүк банк менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө республиканын финансы секторун реформалоону андан ары жүзөгө ашыруу үчүн техникалык жардам көрсөтүп жатканыбызга кубанычтуубуз, - деп билдирген Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Лоран Ги - Биздин колдоо банк секторунун ишин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү орган катары Улуттук банктын мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө өбөлгө түзүү менен ишенимдүү иштөөгө жөндөмдүү финансы рынокторун консолидациялоого көмөктөшөт”.  

“Финансы рыногун өнүктүрүү менен экономикалык өсүштүн улам күч алып бара жаткан арымынын ортосунда тике байланыш бар. Иши алгылыктуу чекте жөнгө салынган финансы системасы ишенимдүү жана анчалык кымбат эмес төлөм кызматтарын сунуштоону камсыз кылып, алгылыктуу жана ишенимдүү аманаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүп, кыска жана узак мөөнөттүү каржылоодон бизнес чөйрөсүнүн пайдалануучусуна жол ачат, - деп белгилейт Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремер мырза. Финансы секторун өнүктүрүү боюнча Трасттык фонд финансы системаларынын натыйжалуу жана туруктуу ишин камсыз кылып, ошондой эле өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, жакырчылыкты кыскартуу, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү сыяктуу маанилүү максаттарга ресурстардын бөлүштүрүлүшүнө өбөлгө түзөт”.  

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Швейцария Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын көрсөтүп жаткан колдоочусуна жогору баа берет. Трасттык фонддун түзүлүшү Улуттук банктын финансы секторунун туруктуулугун бекемдөө, финансы институттарынын ишин тескөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү милдеттерди чечүүгө түрткү берет. Биз анын маалыматтык-коммуникациялык технологияларын модернизациялоо менен катар эле, банктык көзөмөл кызматынын көз карандысыздыгын, оперативдүүлүгүн жана жигерин арттырып, бекемдөө жагына айрыкча күч-аракет жумшайбыз”, - деп белгилеген Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Заир Чокоев мырза. 

Трасттык фонддун алкагындагы долбоордук иш-чараларды Дүйнөлүк банк тарабынын финансы секторунун туруктуулугун бекемдөө жана финансылык кызматтардын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатын көздөгөн финансы секторун өнүктүрүү долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасына көрсөтүлүп жаткан 8,85 млн. АКШ доллары суммасындагы жардам колдоого алат.  

Маалымат үчүн 

Швейцария Өкмөтү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү менен саламаттыкты сактоо, жеке секторду өнүктүрүү, мамлекеттик секторду реформалоо жагындагы долбоорлорду, ошондой элде инфраструктуралык мүнөздөгү долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп келет. 1993-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык финансылык жана гуманитардык жардам түрүндө 270 миллион Швейцария франкынан көбүрөөк каражат бөлгөн. Буга тиешелүү ырааттуу маалыматтар менен www.swisscoop.kg  веб-баракчасынан тааныша аласыздар.  

Дүйнөлүк банктын негизги миссиясы бул, жакырчылыкты кыскартуу, экономикалык өсүшкө жана жашоо турмушту жакшыртууга өбөлгө түзүү. Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасына сунуштап жаткан жардамынын 45% грант түрүндө берилген. Калган 55% жеңилдетилген кредиттер формасына ээ б.а. пайызсыз же тейлөөгө алгандыгы үчүн 0,75% төлөм шартында берилген кредиттер. Бул кредиттер 10 жылдык мезгилин кошо алганда, 40 жылдан кийин кайтарылып берилүүгө тийиш, л эми гранттар кайтарып берүүнү талап кылбайт. Кыргыз Республикасына 1992-жылдан бери көрсөтүлүп жаткан финансылык жардам 1 млрд. АКШ долларына көбүрөөк грант түрүндө жана жеңилдетилген кредиттер түрүндө сунушталган. Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасында жүргүзүп жаткан иши жөнүндө ырааттуу маалымат менен www.worldbank.org.kg   сайтынан тааныша аласыздар. 

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот:   

Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилиги: Турсунай Чодурова, +996 312 301036, tursunai.chodurova@eda.admin.ch   

Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгү: Динара Акматбекова, + 996 312 625235, dakmatbekova@worldbank.org   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: Софья Балакина, +996 312 66 91 89, sbalakina@nbkr.kg  

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

 

"Ийгилик-Чүй" ЖЧКсына 2013-жылдын 27-сентябрында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5111 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Токмок шаары (борбордук базары).  

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайтарылып алынган

 

МКК "ADB - Credit" ЖЧКсына 2008-жылдын 23-сентябрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №110 күбөлүгү 2013-жылдын 23-сентябрынан тартып жокко чыгарылган. Уюштуруучунун өзүн-өзү жоюу тууралуу 2013-жылдын 20-сентябрынагы чечиминин негизинде. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Торгоев көчөсү, номери жок (Карл Маркс көчөсүнүн кесилишинде, “Адилет” дарыканасы). 

МКК "Абдыманап Ата" ЖЧКсына 2011-жылдын 21-февралында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу № 341 күбөлүгү “МККнын ишин токтотуу тууралуу” катышуучулардын жалпы жыйынынын №4 протоколуна ылайык, 2013-жылдын 25-сентябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 267-105. 

МКК "ББ Успех" ЖЧКсына 2012-жылдын 26-июлунда жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу № 465 күбөлүгү ченемдик актыларын системалуу түрдө бузгандыгына байланыштуу 2013-жылдын 23-сентябрынан тартып кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Токмок шаары, Борончиев көчөсү.  

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны

даана 

көлөмү

сом менен 

саны

даана 

көлөмү

сом менен 

саны

даана 

2012-жылдын 23-сентябрынан 27-сентябрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде

Абсолюттук мааниде  

19 998 437 831,97 

62 582 

1 915 532 044,24 

58 850 

18 082 905 787,73 

3 732 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

9,6 

94,0 

90,4 

6,0 

анын ичинде  (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,03 

1,1 

0,3 

1,1 

0,0 

0,0 

БК чыгыш   

17,0 

15,9 

32,8 

16,8 

15,3 

1,3 

БК кириш 

14,4 

36,2 

18,2 

38,1 

14,0 

6,0 

СФ чыгыш 

0,02 

0,6 

0,2 

0,6 

0,0 

0,0 

СФ кириш   

1,2 

11,8 

12,5 

12,6 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

16 068 639 772,55 

51 994 

1 722 834 575,50 

48 756 

14 345 805 197,05 

3 238 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

3 929 798 059,42 

10 588 

192 697 468,74 

10 094 

3 737 100 590,68 

495 

%  

24,5 

20,4 

11,2 

20,7 

26,1 

15,3 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын  

20- сентябрына карата  

2013-жылдын  27-сентябрына карата  

Жүгүртүүдөгү карттардын саны   

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

219 081 

220 664 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,   

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

 

 

1165 

 

648 

 

 

517 

 

 

 

1170 

 

653 

 

 

517 

Банкоматтардын саны  

295 

297