Кайта келүү
 Конъюнктура: 01 - 05 июль


Улуттук банк аймакта биринчи жолу Эксперттик форум өткөрдү

Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгынын базасында Улуттук банктын жетекчилигинин катышуусу менен Эксперттик форумдун аймактык биринчи отуруму өткөрүлгөн. Форумга катышууга чакырылган иш-аракеттин ар кандай чөйрөсүнөн көз карандысыз эксперттер каралган маселелер боюнча пикирин билдиришти. Областтык башкармалыктын жетекчиси Х.М. Акимбековдун Талас областын өнүктүрүү жөнүндө жана Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын башкы экономисти И.Т. Шатмановдун Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясаты жөнүндө докладдары талкууга алынды.  

Эксперттер өз сунуштарын билдиришти. Айрыкча, алар коммерциялык банктарда кардарларды тейлөө сапатын жакшыртуу, ар башка банктардан кредит алууга байланышкан жол-жоболордун айырмасын кыскартуу, ошондой эле экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн жеринде жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу маселелерине кайрылышты.  

Жыйынтыктоочу бөлүгүндө форумга катышкан эксперттер Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясатынын күндөлүк багыттарын колдоо пикирин билдиришти. Областтагылар акча-кредит саясатынын жаңы инструментин - кайра каржылоо кредитин өзгөчө белгилешти.  

МААЛЫМКАТ  

Улуттук банк акча-кредит саясаты темасында эксперттик форумдарды салттуу түрдө чейрек сайын өткөрүп турат. Иш-чаралардын негизги максаты Улуттук банктын акча-кредит саясатынын болжолдуу жыйынтыктарын көз карандысыз эксперттер менен талкууга алуу болуп саналат. Форумдун катышуучулары менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары Улуттук банк тарабынан алдыдагы мезгилге карата акча-кредит саясатын иштеп чыгууда эске алынат, ошондой эле Улуттук банктын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган башкы элемент болуп саналат.  

Акча-кредит саясатынын максаттарын, мазмунун жана натыйжаларын талкуулоо жана түшүндүрүү анын эффективдүүлүгүнүн бирден-бир критерийлери болуп саналат. Буга байланыштуу, ошондой эле 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, акча-кредит саясатынын мазмуну жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берилип турат, бул калктын жана рыноктун катышуучуларынын ишенимин арттырууга, ошондой эле инфляция боюнча күтүүлөрдүн төмөндөшүнө багытталган. Катышуучуларды көбөйтүү жана өлкөнүн аймактарынан көз карандысыз эксперттерди талкууга тартуу максатында, Улуттук банк эксперттик форумдарды Бишкек шаарында гана эмес, областтарда да бир жылда эки жолу үзгүлтүксүз негизде өткөрүп туруу чечимин кабыл алган. Биринчи эксперттик форум Талас шаарында өткөрүлгөн.  

 

 

 

ЭВФ жана Дүйнөлүк банк өлкөнүн финансы секторуна баа берүүдө.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Зина Асанкожоева Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын миссиясы менен Финансы секторуна баа берүү программасы (FSAP) боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.  

Улуттук банк жетекчилигинин миссиянын өкүлдөрү Пол Матье, Этибар Джафаров, Тошитаке Куросава, Ильяс Скамнелос менен жолугушуусунда Кыргызстандын экономикасын, банк секторун, акча-кредит саясатын өнүктүрүү маселелери, ошондой эле өтүп жаткан жылга жана орто мөөнөттүк мезгилге каралган пландар талкууга алынган.  

З. Асанкожоева Кыргызстан импорттон жогорку көз карандылыкка жана өлкөнүн финансы секторунун тардыгына байланыштуу олуттуу эрегишүүлөрдү башынан кечирип жаткандыгы тууралуу билдирди. Ошону менен бирге Улуттук банктын Төрагасы банктык жана банктык эмес секторлордун өнүгүшүндө алгылыктуу динамика орун алгандыгын белгиледи. Ошентип, азыркы учурда банк секторунун суммардык активдери ИДӨгө карата 29,7 пайызды түзөт, 2013-жылдын 1-июнуна карата алардын өсүшү 1,3 пайызды түзгөн, кредиттик портфель 14,1 пайызга же 45,7 млрд. сомго өскөн, ал эми депозиттик база 9,8 пайызга өсүү менен, 58,5 млрд. сомду түзгөн. БФКМдер системасынын сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрү да кыйла жакшырган. "Өлкөнүн финансы секторун өнүктүрүүдө жана кеңейтүүдө ЭВФ жана Дүйнөлүк банктын колдоосу өзгөчө актуалдуу болуп саналат", - деп белгиледи З. Асанкожоева.  

Орто мөөнөткө каралган келечек пландар боюнча, борбордук банктын башчысы Улуттук банктын орто мөөнөттүк милдеттери акча-кредит саясатынын эффективдүүлүгү мындан ары артышына, акча-кредит саясатынын инструменттеринин кеңейишине, финансы рынокторун өнүктүрүүгө жана банк секторунда атаандаштыкты күчөтүүгө багытталгандыгын баса белгиледи. "Улуттук банк банк секторун өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк стратегияларын, микрокаржылоону жана төлөм системасын ишке ашырууда. Ошондой эле Банктык кодексти кабыл алуу жана бир катар ченемдик укуктук документтерди өркүндөтүү боюнча иш-чаралар улантылат. Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өзүнчө көңүл бөлүү пландаштырылууда", - деп ал билдирди.  

Улуттук банктын Төрагасы ЭВФтин жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүн Кыргызстанга жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтып жана мындан ары алар менен жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди. 

МААЛЫМКАТ  

FSAP - 1999-жылы ЭВФ жана Дүйнөлүк банктын демилгеси менен киргизилген Финансы секторуна баа берүү программасы, анын максаты мүчө мамлекеттердин финансы системаларына комплекстүү баа берүү болуп саналат. FSAP өлкөнүн расмий органдарын алардын финансы секторлорунда ички факторлор жана тышкы себептер менен шартталган, ыктымалдуу начар жактары жөнүндө алдын-ала эскертүү милдетин мойнуна алат жана аларга бул алгылыксыз жагдайларды азайтуу чараларын көрүүгө жардам берет.  

ЭВФке мүчө мамлекеттердин төрттөн үч бөлүгү, 140тан ашык мамлекет бул программага катышат.  

Финансылык баа берүү мамлекеттерге тобокелдиктерди азайтуу, көзөмөлдү өнүктүрүү жана кризистерди кыйла таасирлүү жөнгө салуу жолдору боюнча так, ишке ашырууга мүмкүн болгон сунуш-көрсөтмөлөрдү алууга мүмкүндүк берет.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын 21012-жыл үчүн жылдык отчетун жактырды.  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнундагы пленардык отурумунда борбордук банктын Төрагасы З. М. Асанкожоева тарабынан сунушталган Улуттук банктын 2012-жыл үчүн жылдык отчетун жактырды.  

Улуттук банктын башчысы өз сөзүндө, 2012-жылы Улуттук банктын иши өлкөдө финансылык туруктуулукту сактоого, калктын банк системасына болгон ишенимин арттырууга жана финансылык ортомчулук деңгээлин өстүрүүгө багытталгандыгын белгиледи. Каралып жаткан мезгил ичинде, экономиканын өсүш арымынын төмөндөшүнө карабай, өлкөнүн финансы рыногунда өсүшкө ык койгон тенденциянын сакталышы байкалган. Республиканын банк системасы, бүтүндөй алганда, туруктуулугун жана алгылыктуу өсүш динамикасын көрсөткөн.  

"Улуттук валютада да, чет өлө валютасында да берилген кредиттер боюнча пайыздык чендер өлчөмү төмөндөгөн жагдайда, экономикага финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана кредит көлөмү көбөйгөн. Ошондой эле микрофинансылык уюмдарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулган, алардын иш-аракеттери чакан жана орто бизнестин финансылык ресурстардан пайдалануу мүмкүндүгүн кеңейтүүгө, жумуштуулукту өнүктүрүүгө багытталган. Улуттук банк калктын финансылык сабаттуулугун арттыруу боюнча кеңири масштабдагы компанияны жүргүзүүнү демилгелеген ", - деди Улуттук банктын Төрагасы.  

З.Асанкожоева Улуттук банк Өкмөт менен биргеликте дүйнөлүк товардык-сырьелук рыноктордо сакталып калган баа туруксуздугу жана дүйнөлүк экономиканын басаңдашы шартында инфляцияны кармап турууга багытталган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү менен, экономиканын керектөөлөрүн нак акча ресурстары менен толук камсыз кылгандыгын баса белгиледи. Жүргүзүлгөн акча-кредит саясаты инфляцияны билдирилген көрсөткүчтөр алкагында кармап турууга, аны менен орто мөөнөттүү мезгил ичинде туруктуу экономикалык өсүүгө өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк берген. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция деңгээли 7,5 пайызды түзгөн.  

2012-жылы коммерциялык банктар аркылуу экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнүн тездик менен өсүшү байкалган. Бул "Бай-Түшүм жана Партнерлор" микрофинансылык компаниясы" ЖАКтын банк лицензиясын алуусунун улам келип чыккан, 2012-жылдын ноябрь айында банктардын саны көбөйгөн. Бул банктын көрсөткүчтөрүн эске албаганда, банктык кредиттик портфелдин өсүш арымы өткөн жылдын алгачкы эки чейрегине туура келген. Жыл акырында банктардын чогуу алынган кредиттик портфели 28,5 пайызга көбөйүү менен, 40,1 млрд. сомду түзгөн. Кредиттик портфелдин долларлашуусу 55,3 пайыздан 53,7 пайызга чейин төмөндөгөн.  

Коммерциялык банктардын отчетуна ылайык, депозиттик базанын көлөмү жыл башынан 31,0 пайызга чейин көбөйүү менен, 50,7 млрд. сомду түзгөн. Улуттук валютада депозиттер 39,5 пайызга, ал эми чет өлкө валютасында 22,4 пайызга көбөйгөн. Каралып жаткан мезгил натыйжасы боюнча сом түрүндөгү салымдар көлөмүнүн кыйла жигердүү өсүшү депозиттик базанын долларлашуусу 3,3 пайыздык пунктка, декабрдын акырына карата 46,8 пайызга кыскаруусуна алып келген.  

Бүтүндөй алганда, жыл жыйынтыгы боюнча банк системасынын таза пайдасы өткөн жылга салыштырганда, 0,4 млрд. сомго же 22,1 пайызга көбөйүү менен, 2,4 млрд. сомду түзгөн. Төрага Улуттук банк экономиканын керектөөлөрүн нак акча ресурстары менен толук камсыз кылгандыгын билдирди.  

2012-жылы биринчи жолу эл аралык камдар көлөмү 2 млрд. АКШ доллар көлөмүнөн ашкандыгы байкалган, жыл ичинде камдар 232 млн. АКШ долларына же 12,7 пайызга өсүүгө жетишкен.  

Улуттук банктын отчетун угуп жана талкуулап, Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын башчысына бир катар суроолор менен кайрылышкан. Микрокредиттерге карата жогорку пайздык чендер, Мамлекеттик банктын өнүктүрүүнү каржылоосу, "ФинансКредитБанк КАБ" жана "АзияУниверсалБанктын" мурдагы акционерлери менен соттук териштирүүлөр, соода балансынын терс сальдосу жана башка темалар козголду. Парламентарийлердин көпчүлүгү өлкөнүн финансы рыногунун өнүгүшүндө алгылыктуу жылыштарды белгилешти жана 80 депутат "макул", үчөө каршы добуш берүү менен, Улуттук банктын 2012-жыл үчүн отчету бекитилди. 

 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензия/күбөлүктөр берилген: 

2013-жылдын 24-июнунан тартып, "Финкред МКК " ЖЧКсына 2011-жылдын 23-июнунда жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген №380-эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк калыбына келтирилген. Улуттук банктын 2013-жылдын 24-июнундагы №28-0 буйруусу. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Лермонтов көчөсү, 35а. 

Төмөнкү БФКМдердин күбөлүк/лицензиялары жокко чыгарылган жана кайтарып алынган.: 

2013-жылдын 1-июлунан тартып, өзүн-өзү жоюуга байланыштуу, жеке ишкер М. М. Хасановго 2012-жылдын 28-февралында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген № 4853-лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу ш., Туратали базары, 0 катар, 2-пункт. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 01-июлунан 05-июлуна чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

15 934 066 022,65 

50 213 

1 916 525 755,66 

46 921 

14 017 540 266,99 

3 292 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

12,0 

93,4 

88,0 

6,6 

анын ичинде (%)  

 

 

 

 

 

 

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,6 

1,0 

1,7 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

20,8 

14,6 

28,4 

15,6 

19,8 

1,3 

БК кириш 

8,1 

31,3 

10,5 

33,2 

7,7 

4,4 

СФ чыгыш 

1,0 

8,0 

8,3 

8,6 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,5 

4,9 

4,0 

5,3 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

15 138 791 174,54 

47 165 

1 507 375 768,04 

43 989 

13 631 415 406,50 

3 176 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

795 274 848,11 

3 048 

409 149 987,62 

2 932 

386 124 860,49 

116 

%  

5,3 

6,5 

27,1 

6,7 

2,8 

3,7 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын 

28-июнуна карата 

2013-жылдын 

05-июлуна карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

206 800 

208 006 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1113 

852 

261 

 

1113 

625 

488 

Банкоматтардын саны  

282 

286