Кайта келүү

2013-жылдын 29-мартынан тартып, Казакстан Республикасынын аймагында 2012-жылдагы үлгүдө 2000 теңге номиналындагы банкнот жүгүртүүгө чыгарылган.  

 

Банкноттун сүрөттөлүшү  

Банкноттун басымдуу өңү кочкул жашыл жана ачык жашыл. Банкноттун көлөмү - 139 мм х 73 мм.  

Банкноттун алдыңкы бетине: Казакстан Республикасынын желеги жана герби жана "Казак Елi" монументинин сүрөтү түшүрүлгөн.  

Ал эми арткы бетинде Казакстандын картасында жайгашкан Иртыш дарыясынын сүрөтү түшүрүлгөн.  

Банкноттун негизги коргоочу элементтери  

Суу белгиси - жарыкка салып кароодо, жомокто айтылган "самрук" куштун сүрөтү түшүрүлгөн.  

Коргоо тилкеси банкноттун алдыңкы бетине жайгаштырылган, түс өзгөртүүчү касиетке ээ, жантайтып караганда, алтын түстөгү тилке жашыл түскө, андан кийин көк түскө өзгөрөт.  

Туурасы 13 мм болгон голографиялык тилке банкноттун арткы бетинде жайгашкан. Тилкеде номинал, көркөмдөлгөн боз үйдүн көрүнүшү жана мамлекеттик желектин фрагменттери түшүрүлгөн.  

Иридесценттик сүрөттөлүшү - сайгактын сүрөтү банкноттун алдыңкы бетинин оң бурчуна жайгаштырылган, банкноттун бурчун жантайтып караганда, жалтырак алтын түс берген, атайын иридесценттик боёк менен тартылган.  

Spark элементи- сайгактын сүрөтү менен банкноттун алдыңкы бетинде жайгаштырылган, тике алып караганда көрүнгөн, ачык жалтырак тилке, банкнотту жантайтып караганда, тилке өйдө же ылдый жылат. Банкноттун бурчун жантайтып караганда, жашыл түстөн алтын түскө чейин өзгөрөт.  

 

2012-жылдагы үлгүдө 2000 теңге номиналындагы банкноттун коргоо элементтери жөнүндө толук маалымат менен Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын web-сайтынан төмөнкү дарек боюнча таанышууга болот: www.nationalbank.kz.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензия/күбөлүктөр берилген: 

 

- Жеке ишкер О.Ж. Касымалиевге нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 30-апрелинде №5097-лицензия берилген, катталган номери № 3087. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Бейшеналиева-Киев көчөлөрүнүн кесилиши (Ош базары). 

- "Рич Инвест" МКК ЖЧКсына 2013-жылдын 30-апрелинде жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө №475-эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Тоң району, Боконбаев айылы, Атакан көчөсү, 72/4.  

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары жокко чыгарылган:  

 

- 2013-жылдын 29-апрелинен тартып, жеке ишкер В.А. Кудряшовага өзүн-өзү жоюуга байланыштуу, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 28-февралында берилген №4857- лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кант ш., Ленин көчөсү, номери жок. (борбордук базар, "Евросеть" дүкөнү).  

- 2013-жылдын 2-майынан тартып, жеке ишкер М.Т. Айтматовага өзүн-өзү жоюуга байланыштуу, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 4-апрелинде берилген №4886 - лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кант ш., Ленин көчөсү, 74, "Народный" дүкөнү.  

- 2013-жылдын 3-майынан тартып, жеке ишкер Д.Н. Давидовго өзүн-өзү жоюуга байланыштуу, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 2-майында берилген №4932 -лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Киев көчөсү, 112. 

- 2013-жылдын 2-майынан тартып, өзүн-өзү жоюуга байланыштуу, "Айыл Берекеси" кредиттик союзуна берилген лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Жайыл району, Сосновка айылы, Фрунзе көчөсү, № 81. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 29-апрелинен 03- майына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

14 929504177,04 

50 599 

1 556954889,32 

47 423 

13 372549287,72 

3 176 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

10,4 

93,7 

89,6 

6,3 

анын ичинде (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,3 

0,9 

1,4 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

21,5 

10,9 

24,7 

11,5 

21,1 

1,5 

БК кириш 

13,0 

32,4 

17,6 

34,4 

12,5 

2,9 

СФ чыгыш 

0,3 

1,0 

2,6 

1,1 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,4 

3,5 

3,9 

3,7 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

13 603914981,08 

47 136 

1 410536056,09 

44 221 

12 193378924,99 

2 915 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

1 325 589 195,96 

3 463 

146 418 833,23 

3 202 

1 179 170 362,73 

261 

%  

9,7 

7,3 

10,4 

7,2 

9,7 

9,0 

 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын 

26-апрелине карата 

2013-жылдын 

03-майына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

196 304 

197 301 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1048 

787 

261 

 

1046 

785 

261 

Банкоматтардын саны  

272 

272