Кайта келүү
 Конъюнктура: 01 - 05 апрель


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында салтка айланган Эксперттик форум өттү.  

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы уюштурган кезектеги Эксперттик форум өттү. Улуттук банктын өкүлдөрүнөн тышкары, форумдун ишине финансы-кредиттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын эксперттери жана ЖОЖ өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучулары өлкөдөгү экономикалык абалды талкууга алып, андан тышкары акча-кредиттик саясат боюнча 2013-жылдын 1- кварталындагы жыйынтык менен анын андан аркы багыттарын карашты.  

Форумду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгынын башчысы Сейилбек Урустемов ачып , республиканын экономикалык абалынын көрсөткүчүнө токтолду.  

2013-жылдын башталышынан бери экономикалык өсүү байкалып, өндүрүш кайрадан калыбына келүүдө. Январь-февралдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө ИДП 8% жогорулаган, эң башкысы, өсүүнү Кумтөрдөгү өндүрүштүн жандануусу камсыз кылган. Улуттук банктын учурдагы баасында ИДП жылдык өсүшүү 8% түзүшүү күтүлүүдө. Азык-түлүктүк эмес инфляция азыраак төмөндөп, бирок, он пайыздык диапозондогу деңгээлге жакын чекте кармалууда. Эгерде жалпы инфляцияда күтүсүздүк болбосо, жыл жыйынтыгында бирдик санында кармалышы мүмкүн. Мамлекеттик финансы секторунда бюджеттеги жетишсиздик 16,9 млрд сом же ИДП 4,8% түзүп, бул учурда бюджетти каржылоо ресурсу каттары тышкы булактар аныкталган. Болжолдуу соода балансы боюнча, үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айын өткөн жылдын дал ушул мезгилине салыштырсак, экспорттун көлөмү 15,4% кыскарып, импорт 8,7% өскөн.  

С.Урустемовдун айтымында, Улуттук банктын Башкармалыгы акча-кредиттик саясаттын багытын өзгөртүүсүз калтырууну чечкени белгилүү болду. Биринчи кварталдын өзгөчөлүгү болуп, банктар аралык валюта рыногунда суроо- талаптардын тең салмакта болушунан улам, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул мезгил аралыгында валюта рыногунда интервенция жүргүзгөн жок. Улуттук банк акча-кредиттик саясат жүргүзүү амалдарын кеңейтүү үчүн коммерциялык банктарды кайра каржылоодоо аукциондук насыялоо жолун өздөштүрүүдө.  

Форумда улуттук экономиканын өнүгүүсүнө тобоокелдик жаратуучу айрым коркунучтар эске алынды. Форумда макроэкономикалык параметрлерди болжолдоо маселелери, салык саясаты, насыялоодогу пайыздык чектердин деңгээли жана башка суроолор талкууланды. Долларлашуунун деңгээлин мындан ары төмөндөтү үчүн сунуш каттары көз карандысыз эксперттер тарабынан коммерциялык банктарда камдарды кармоодо валюталык түзүмдө тең салмактуулукту сактоо милдети сунушталды. Экономикалык саясатта, акча-кредиттик координация жүргүзүүдөө жана бюджет-салык саясатында чара колдонууда, аткаруучу бийлик органдары менен Улуттук банк биргелешип иш алып барышын эксперттер баса белгилешти. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү, жогорудагыдай карым-катнаш туруктуу негизде жүргүзүлүп турарын билдиришти. Жыл сайын Кыргыз өкмөтү менен Улуттук банк экономика саясаты боюнча биргелешкен билдирүү жарыялашат. Бир айда эки жолу ведомство аралык Координациялык кеңештин алкагында, Улуттук банк менен Каржы министрлигинин өкүлдөрү жолугушуп, анда акча-кредиттик жана бюджет-салык саясаттары боюнча кыска мөөнөттүк иш-чараларды белгилеп турушат.  

Улуттук банктын Эксперттик форуму адатта ар бир квартал сайын уюштурулат. Анын негизги максаты эксперттик талкуу талаасында актуалдуу деп саналган макроэкономикалык темалар, айрыкча, акча-кредиттик саясат негиз каттары өлкөдөгү макроэкономикалык туруктулуктуу камсыздоодо көз карандысыз экономистердин сунуштарын иштеп чыгуу болуп эсептелинет.  

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензия/күбөлүктөрү берилген: 

Жеке ишкер А.Т. С.С. Мырзалиевге нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 27-мартында берилген №4878- лицензия, катталган номери № 3078 Юридикалык дареги: Бишкек ш., Курманжан Датка көчөсү, 284 үй. 

"Эл-Инвест" МКА КФ (жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2013-жылдын 02-апрелинде берилген №205-эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк). Юридикалык дареги: Бишкек ш., Нарвская көчөсү, 86 үй, 38 кв. 

 

2013-жылдын 1-апрелинен тартып, жеке ишкер А.А. Степаненкого нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2011-жылдын 29-декабрында берилген №4825-лицензия, кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш, Шопоков көчөсү, 119.  

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

  

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 01-апрелинен 05- апрелине чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

14 077161554,27 

47 546 

1 680430748,54 

44 605 

12 396730805,73 

2 941 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

11,9 

93,8 

88,1 

6,2 

анын ичинде (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,6 

1,2 

1,7 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

21,1 

11,1 

24,7 

11,8 

20,7 

1,3 

БК кириш 

8,6 

31,5 

11,9 

33,3 

8,2 

4,8 

СФ чыгыш 

1,0 

8,0 

8,6 

8,5 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,5 

4,8 

3,8 

5,1 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

13 603914981,08 

47 136 

1 410536056,09 

44 221 

12 193378924,99 

2 915 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдүн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

473 246 573,19 

410 

269 894 692,45 

384 

203 351 880,74 

26 

%  

3,5 

0,9 

19,1 

0,9 

1,7 

0,9 

 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөр 

карата абал боюнча 

2013-жылдын 

29-апрелине карата 

2013-жылдын 

05-апрелине карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

189 856 

190 946 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1019 

758 

261 

 

1048 

787 

261 

Банкоматтардын саны  

272 

272