Кайта келүү
 Конъюнктура: 12 - 16 ноябрь


Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-ноябрындагы отурумунда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максаттарында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо кароого алынып, тиешелүү токтом менен бекитилген.  

 

МФБ "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" жабык акционердик коому – Кыргызстандын банк тутумунун жаңы катышуучусу  

 

2012-жылдын 14-ноябрында "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" микрофинансылык компаниясынын жетекчилигине банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Заир Чокоев мырза тапшырды.  

 

Жаңы банктын пайда болушу калайык-калктын банк кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Анткени, "Микрофинансылык банк "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" ЖАК Кыргыз Республикасынын финансы-кредит системасында буга чейин эле өз ордун таап, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдүн кеңири тармагына ээ болгондуктан, анын кардарлары банктык кызматтардын кеңири чөйрөсүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Бул жабык акционердик коомдун республиканын банк тутумуна аралашуусу, анын иш көрсөткүчтөрү бүтүндөй сектордун көрсөткүчтөрүнө да таасирин тийгизет. Алсак, 2011-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча республиканын банк системасынын 8 362, 4 млн. сом өлчөмүндөгү төлөнгөн уставдык капиталына эми бул МФКнын 615,0 млн. сом өлчөмдөгү төлөнгөн уставдык капиталы кошулган шартта, бүтүндөй банк тутумунун төлөнгөн уставдык капиталы 8 977,4 млн. сомду түзөт. Пайыздык катышта алганда банк тутумунун төлөнгөн уставдык капиталынын жалпы көлөмүнө МФК "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" ЖАКтын төлөнгөн уставдык капиталынын үлүшү 6,9% ээлейт. Ошентип, капитал деңгээли боюнча жаңы банктык уюм 5-орунда.  

Банк тутумунун жаңы катышуучусунун активдери 4,7 млрд. сом өлчөмүндө, демек ал бүтүндөй банк тутумунун активдеринин 6,0% түзөт, бул көрсөткүч ага сектордо 5-орунду ээлөөгө мүмкүндүк берет. Ал эми жаңы уюмдун милдеттенмелеринин үлүшү республиканын банк тутумунун милдеттенмелеринин 5,9% түзөт.  

Мына ушундай ири микрофинансылык уюмдун Кыргызстандын банк тутумуна кошулуусу, өлкөнүн банк секторунда анын таасирдүү орунду ээлешине алып келет.  

 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН 

 

"Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" микрокредиттик компаниясы" микрокредиттөө боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктан күбөлүк алуу менен Кыргызстанда 2005-жылдын декабрь айынан бери иштеп келген.  

2009-жылдан тартып МКК "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" ЖЧКсы МКК "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" ЖАКка өзгөртүп түзүлгөн. 

2011-жылдын июль айынан тартып бул микрофинансылык компания жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды ишке ашырып келген. 

2010-жылдын март айында МФКнын уставдык капиталынын өлчөмү 615 000 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.  

 

Улуттук жана чет өлкө валюталарында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алууга өтүнүч кат, тиешелүү документтердин топтому менен 2012-жылдын 24-февралында Улуттук банкка келип түшкөн. Документтердин акыркы варианты Улуттук банкка 2012-жылдын 18-июлунда берилген.  

"Микрофинансылык банк "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" ЖАКка улуттук жана чет өлкө валюталарында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алууга алдын ала уруксат берүү чечими Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы токтому менен кабыл алынган. 

"Микрофинансылык банк "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" ЖАКка улуттук жана чет өлкө валюталарында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү чечими Улуттук банк тарабынан 2012-жылдын 12-ноябрында кабыл алынган.  

"Микрофинансылык банк "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" ЖАКка 2012-жылдын 13-ноябрында № 050 жана № 050/1 банктык лицензиялар берилип, лицензиялар реестринде чагылдырылган.  

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерине жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

 

1. Жеке ишкер Ташполотов Абдулхамит Абдумуталибовичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 16-ноябрында №5064 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Ош областы, Ноокат району, борбордук базары, №3 жай; 

2. Жеке ишкер Эзафович Ирина Борисовнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 16-ноябрында №5065 лицензия берилген, алмашуу бюросунун каттоо номери 3051. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй пр., 44, "Ирина" алмашуу бюросу; 

3. "МКК "Incom Capital" ("Инком Капитал") ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2012-жылдын 12-ноябрында эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №470 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Арча-Бешик конушу, Керме-Тоо көчөсү, 50; 

4. МКК "Grameen Credit" (Гремин Кредит) ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2012-жылдын 14-ноябрында эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №471 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 134. 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин күбөлүктөрү/лицензиялары кайтарылып алынган, жокко чыгарылган: 

 

1. 2009-жылдын 1-сентябрында МФК "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" ЖАКка берилген №4 лицензия, ал "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" микрофинансылык банкына өзгөргөндүгүнө байланыштуу, 2012-жылдын 14-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Токтогул атындагы көчө, 216; 

2. 2011-жылдын 2-мартында МКК "Жолдош-Ата" ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №345 күбөлүгү, аталган коомдун уюштуруучусунун акча каражаттардын жоктугуна байланыштуу, өзүн-өзү жоюу жөнүндө 2012-жылдын 15-ноябрындагы чечимине ылайык, 2012-жылдын 16-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Ош шаары, Нурматов көчөсү, 3; 

3. 2003-жылдын 23-майында МКА "Экономик-Тэйк-ОФ" коомдук фондусуна жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №35 күбөлүгү, "МКК/МКАлардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө жобону" бузгандыгы үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы №10 чечиминин негизинде, 2012-жылдын 16-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Балыкчы шаары. 

 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

Бардыгы болуп БТС 

көлөмү, 

сом менен 

Бардыгы болуп БТС 

Бардыгы болуп БТС 

 

көлөмү, 

сом менен 

көлөмү, 

сом менен 

көлөмү, 

сом менен 

количество, 

штук 

объем, 

сом 

количество, 

штук 

2012-жылдын 12-16-ноябрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде 

15 250 907 421,21 

49 024 

1 760 523 528,83 

45 390 

13 490 383 892,38 

3 634 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%) 

100,0 

100,0 

11,5 

92,6 

88,5 

7,4 

анын ичинде 

(%) : 

 

 

 

 

 

 

БАПБнын таза позициялары 

0,1 

1,4 

0,7 

1,5 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

13,4 

7,3 

19,5 

7,8 

12,6 

1,0 

БК кириш  

16,6 

37,0 

19,9 

39,8 

16,1 

2,9 

СФ чыгыш  

0,02 

0,4 

0,1 

0,4 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,9 

8,1 

8,1 

8,8 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде 

14 065 560 973,28 

47 858 

1 518 841 331,70 

44 676 

12 546 719 641,59 

3 181 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши  

Абсолюттук мааниде 

1 185 346 447,93 

1 166 

241 682 197,13 

714 

943 664 250,79 

453 

8,4 

2,4 

15,9 

1,6 

7,5 

14,2 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

 

… карата абал боюнча 

2012-жылдын  

12-ноябрына карата 

2012-жылдын 

16-ноябрына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда) 

153 761 

154 899 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде: 

- банктарда 

- соода түйүндөрүндө 

 

811 

550 

261 

 

811 

550 

261 

Банкоматтардын саны 

247 

247