Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 17-октябрындагы  

№ 2018-П-33/43-4-(НФКО)  

токтому 

 

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 

«Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын микрофинасылык компанияларын жана коммерциялык банктарын тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 17-октябрындагы  

№2018-П-33/43-4-(НФКО) токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 

«Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жободо (мындан ары жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларды (банк мыйзамдарында каралган атайы терминологияны эске алуу менен) түзүү жана лицензиялоо тартиби аныкталган, ошондой эле микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдарына карата талаптар жана аларды макулдашуу тартиби, микрофинансылык компаниялардын ишкердик чөйрөсүн кеңейтүү, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү, уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби, банк эмес финансы-кредит уюмдарын микрофинансылык компанияларга кайра өзгөртүп түзүү жана коммерциялык банкты микрофинансылык компанияга кайра каттоодон өткөртүү тартиби белгиленген.”; 

- 7-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн микрофинансылык компания Улуттук банктан айрым банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна микрофинансылык компаниялардын лицензиясын алууга милдеттүү (мындан ары лицензия).”; 

- 8-пункттун 5) пунктчасындагы “кошумча лицензия болгон шартта” деген сөздөр “/лицензияда көрсөтүлгөн учурда” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 9-пункттун: 

1) пунктчасы төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«Истиснаа»/ «Катар истиснаа»; 

4) пунктчадагы “кошумча лицензия болгон шартта” деген сөздөр “/лицензияда көрсөтүлгөн учурда” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 10-пункттагы “9-пунктунун 1, 3 жана 5-пунктчаларында” деген сөздөр жана сандар “9-пунктунун 1, 2 жана 5-пунктчаларында” дегенге алмаштырылсын; 

- 19-пункттун экинчи абзацындагы “Лицензия (кошумча лицензия) алууга” деген сөздөр “/лицензияга карата чектөөлөрдү алып салууга” деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө толукталсын; 

- 23-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“2)“уюштуруучу же акционер финансылык жана/же экономикалык кылмыштуулук боюнча мыйзам тарабынан белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу болсо”; 

- 25-пункттагы “ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо түзүмүнүн” деген сөздөр “/ислам терезесинин” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 31-пунктунда: 

3) пунктчасындагы “окуудан өткөндүгү тууралуу сертификат” деген сөздөр “же башка документ” деген сөздөр менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

«Талапкердин иш тажрыйбасы эмгек китепчесинин көчүрмөсү же башка документтер менен тастыкталат.”; 

- 38-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын: 

“Ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди кароонун алкагында Улуттук банк талапкерлерди баарлашууга чакыртууга укуктуу. Баарлашууну жүргүзүү үчүн Улуттук банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн кызматкерлер ишке тартылышы мүмкүн. Баарлашуунун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага Улуттук банктын өкүлдөрү кол тамга коет жана ал талапкерге макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн. Баарлашууну жүргүзүүдө аудио жана видео жаздыруу каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.  

Талапкердин баарлашууга келбей калышы документтерди кароону токтотуу үчүн негиз болуп саналат. Талапкер баарлашууга жүйөлүү себептерсиз экиден көп жолу келбей калса, Улуттук банк ага макулдук берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Жүйөлүү себептер катары ооруп калуу, иш сапарда болуу, шаарда жок болуу жана башкалар эсептелинет. 

Баарлашуунун жүрүшүндө талапкерге анын банк мыйзамдары, микрофинансылык компаниялардын иши жөнүндө билимине баа берүү үчүн суроолор, ошондой эле талапкерди кызмат ордуна макулдашуу процессине тиешелүү кандай болбосун башка суроолор, анын ичинде, бирок булар менен гана чектелбестен, талапкердин ишкердик аброю, анын мурдагы иши, ишкердик жана туугандык байланышы жөнүндө суроолор берилет.”; 

- 39-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Кошумча маалыматтарды же документтерди алуу зарылчылыгы келип чыккан шартта, Улуттук банк документтерди кароо мөөнөтүн жыйырма жумуш күнүнө чейин узартууга укуктуу.”; 

- 40-пункттун: 

экинчи абзацындагы “, Шариат кеңешинин төрагасы жана башкы бухгалтери” деген сөздөр алынып салынсын; 

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Талапкерлерди микрофинансылык компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Башкарманын мүчөлөрү, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтери жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кызмат орундарына макулдук берүү/баш тартуу жөнүндө чечимдер Улуттук банктын микрофинансылык компанияларды лицензиялоо ишине жооптуу түзүмдүк бөлүм тарабынан кабыл алынат.”; 

- 43-пункт төмөнкү мазмундагы 5, 6, 7 жана 8-пунктчалар менен толукталсын: 

“5) талапкерди төмөнкүдөй тааныган Улуттук банктын корутундусу, чечими же башка актылары (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктары, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.) болсо: 

а) банкка/финансы-кредит уюмуна убактылуу администрация режими киргизүүгө себеп болгон аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катышкандыгы жөнүндө

б) алгылыксыз жана/же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катышкандыгы жөнүндө

в) финансы, экономика жана чарбалык чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген болсо; 

6) жөнгө салуучу органдардын текшерүү ишинин жыйынтыгы боюнча талапкер жооптуу болгон ишкердик чөйрөлөрүндө финансылык жана/же административдик маселелердин келип чыккандыгын тастыктаган материалдар болсо; 

7) талапкер иштөөнү болжолдогон чөйрөгө тиешелүү билими жетишсиз экендигин тастыктаган баарлашуунун алгылыксыз жыйынтыгы; 

8) талапкер жүйөлүү себептерсиз баарлашууга экиден көп жолу келбей койсо. 

Мында, ушул пункттун 5 “в” жана 6-пунктчаларда белгиленген негиздер, эгерде талапкердин мыйзам талабын бузууга жол берүүсү олуттуу финансылык проблемаларды (чыгым тартуу/кирешенин бүтүндөй бөлүгүн албай калуу), банк/финансы-кредит уюму үчүн олуттуу тобокелдиктерди шарттабаса, системалуу негизде жол берилбесе жана Улуттук банктын баа берүүсү боюнча анчалык олуттуу болбосо, талапкерди макулдашуу процессинде бул эске алынбашы мүмкүн.”; 

- 3-глава төмөнкү мазмундагы 43-1-пункту менен толукталсын: 

“43-1. Эгерде төмөнкү пункттарда белгиленген фактылар аныкталса, талапкер ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок: 

- ушул жобонун 43-пунктунун 2-пунктчасында соттолгондугу алынып салынган же жоюлган күндөн тартып жети жыл ичинде; 

- ушул жобонун 43-пунктунун 3 жана 5 “б”-пунктчаларында тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл ичинде; 

- ушул жобонун 43-пунктунун 5 “а” пунктчасында бузууга жол берүү фактысы бар экендиги жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып жети жыл ичинде; 

- ушул жобонун 43-пунктунун 5 “в” пунктчасында бузууга жол берүү фактысы бар экендиги жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жыл ичинде; 

- ушул жобонун 43-пунктунун 6-пунктчасында бузууга жол берүү фактысы аныкталган учурдан тартып үч жыл ичинде; 

- ушул жобонун 43-пунктунун 7-пунктчасында тиешелүү билимге ээ экендигин тастыктаган документтерди сунуштоого чейин.”; 

- жобонун 5-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Лицензия алуу/лицензияга карата кошумча операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна чектөөлөрдү алып салуу тартиби”; 

- 61-пунктунун: 

биринчи абзацы жана 1) пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

“61. Ушул жобонун 8 же 9-пункттарында көрсөтүлгөн операцияларды чет өлкө валютасында жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу же лицензияга карата чектөөлөрдү алып салуу үчүн МФК жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:”; 

1) МФКга чет өлкө валютасында айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү/лицензияга карата чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө өтүнүч кат;”; 

2), 3) жана 4) пунктчалардагы “кошумча лицензияны” деген сөздөр “(лицензияда көрсөтүүнү)” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 63-пунктунун үчүнчү абзацындагы “кошумча лицензия берет (9 жана 10-тиркемелер)” деген сөздөр “же айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөрдү алып салуу менен МФКнын лицензиясына (лицензияларына) карата чектөө (чектөөлөр) барагы (барактары) алмаштырылат (7, 8, 9 жана 10-тиркемелер)” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 64-пунктунун: 

1) пунктчасындагы “кошумча лицензия берүү” деген сөздөр “/лицензияга карата чектөө барагын алмаштыруу” деген сөздөр менен толукталсын; 

4) пунктчасындагы “тастыктаган документ” деген сөздөр “(кошумча лицензия берүүдө/лицензияга карата чектөө барагын алмаштырууда)” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 65-пункттагы “берилет” деген сөздөр “же айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөрдү алып салуу менен МФКнын лицензиясына карата чектөө барагы алмаштырылат (7, 8, 9 жана 10-тиркемелер)” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 91-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“91. Жайгашкан орду (мамлекеттик кайра каттоону талап кылбаган), байланышуу телефон номерлери, электрондук почта дареги өзгөргөн учурда, өкүлчүлүктүн жана филиалдын жетекчиси алмашкан шартта МФК бул тууралуу Улуттук банкка мындай өзгөрүүлөр болгон учурдан тартып 15 (он беш) календардык күн ичинде маалымдоого милдеттүү.  

Филиал жайгашкан дарек өзгөргөндүгү тууралуу билдирүүгө МФК төмөнкүлөрдү кошо тиркөөгө тийиш: 

1) филиал жайгашкан жай ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн жайлардын техникалык жактан чыңдалышы жана жабдылышы боюнча талаптарга жооп бере тургандыгы жөнүндө акт; 

2) жалпыга малымдоо каражаттарында МФКнын филиалынын жайгашкан дареги өзгөргөндүгү жөнүндө маалымат жарыялангандыгы жөнүндө маалымат. 

Өкүлчүлүктүн жана/же филиалдын жетекчиси алмашкан шартта МФК билдирүүгө кошумча МФКнын мөөрү менен тастыкталган, ыйгарым укуктуу органдын жаңы жетекчини дайындоо жана ага тиешелүү кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы жөнүндө тиешелүү чечиминин көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш.”; 

- 92-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“92. Улуттук банк менен МФКнын филиалы/өкүлчүлүгү жөнүндө жобого сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу (жаңы редакциясын бекитүү) үчүн МФК Улуттук банкка жайгашкан дареги боюнча төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) МФКнын филиалы/өкүлчүлүгү жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч; 

2) МФКнын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечими жана мындай чечимдин мөөр менен тастыкталган көчүрмөсү

3) жобо жана жобонун көчүрмөсү (МФКнын мөөрү менен тастыкталган).”; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 92-1 жана 92-2 -пункттары менен толукталсын: 

“92-1. Улуттук банк 10 жумуш күнү ичинде ушул жобонун талаптарына ылайык сунушталган документтерди кароого алат. Документтер ушул жобонун талаптарына ылайык келген шартта жана четке кагуу үчүн негиздер жок учурда, Улуттук банк ушул жобонун 92-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында белгиленген документтердин түп нускаларын кошо тиркөө менен МФКга филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берет. 

92-2. Филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүдөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде МФК Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү

1) МФКнын мөөрү менен тастыкталган, филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн; 

2) МФКнын мөөрү менен тастыкталган, филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө белги коюу менен Филиал/өкүлчүлүк жөнүндө жобонун көчүрмөсүн. 

Улуттук банк филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.”; 

- 100-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“100. МФКнын акциялар топтомун сатып алууга ниеттенген, тике же кыйыр түрдө контролдукту жүзөгө ашырууга укук берген же башка адамдар же бирикмелер менен биргеликте иш алып барган кайсыл болбосун жеке адам же юридикалык жак акцияларды болжолдоп сатып алуу күнүнө чейинки отуз күн мурда Улуттук банкка кат жүзүндө билдирме сунуштоого милдеттүү

Микрофинансылык компаниянын акцияларын сатып алуу, өткөрүп берүү, күрөөгө коюу жана ээлигинен ажыратып алуунун башка формасы же кошумча милдеттерди жүктөөлөр сатып алуу болуп саналат.  

МФКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн тандоону тике же кыйыр түрдө контролдоо, ошондой эле микрофинансылык компаниянын ишин башкача ыкмада тескөөгө таасирин тийгизүү жөндөмдүүлүгүн контролдук деп түшүнөбүз. Контролдук, добуш берүү укугунда же башкаруучулук чечимин кабыл алууга таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берген башка ыкмада микрофинансылык компания тарабынан чыгарылган акциялардын беш жана андан көп пайызын ээлөө аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.  

МФКнын акционерлеринин курамын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзам талаптарына ылайык ишке ашырылат.  

МФКнын акционерлер курамы өзгөргөн учурда алар киргизилген учурдан кийинки 1 (бир) ай ичинде МФКнын акционерлер реестрин кошо тиркөө менен Улуттук банкка тиешелүү билдирүүнү сунуштоого милдеттүү

Жеке адам же юридикалык жак МФКнын акцияларынын 5 (беш) пайыздан азын сатып алган учурда Улуттук банк өз көзөмөлдүк милдеттерин аткаруунун алкагында, алардын ушул жобонун 2-главасынын талаптарына ылайык келүүсүн жана МФКнын акцияларын сатып алууга багытталган акча каражаттарды алуу булагынын мыйзамдуулугун аныктоо максатында, МФКнын акцияларын сатып алууга багытталган акча каражаттарын алуу булагы, МФКнын акцияларын сатып алып жаткан жеке адамдын же юридикалык жактын финансылык абалы жана ишкердик аброю жөнүндө маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу.  

Улуттук банк төмөнкү учурларда акционерден акциялар топтомун ажыратууну талап кылышы мүмкүн: 

- сатып алып жаткан тараптардын финансылык абалы МФКнын туруктуулугуна коркунуч жаратса; 

- сатып алып жаткан тараптар маалыматты толук сунуштабаса же болбосо бурмаланган же такталбаган маалыматты сунуштаса; 

- сатып алып жаткан тараптар ушул жобонун 2-главасында белгиленген талаптарга жооп бербесе.”; 

- 11-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“11-глава. МФКнын добуш берүүчү акцияларынын 5 (беш) жана андан көп пайызын сатып алуу тартиби”; 

- 123-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“123. МФКнын акцияларынын 5 (беш) жана андан көп пайызын чогуу сатып алуу үчүн юридикалык жак (ушул жобонун 14-тиркемесинин критерийлерине жооп берген) же жеке адам Улуттук банктан алдын ала уруксат алууга тийиш.”; 

- 124-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“124. МФКнын акцияларынын 5 (беш) жана андан көп пайызын чогуу сатып алууга ниеттенген кайсыл болбосун жеке адам же юридикалык жак акцияларды сатып алуу болжолдонгон күнгө чейинки отуз күн мурда Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү

- 13 же 13-1-тиркеменин формасы боюнча анкетаны тиркөө менен акциялардын 5 (беш) жана андан көп пайызын чогуу сатып алууга билдирме; 

- юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын МФКнын акцияларын сатып алуу жөнүндө чечиминин түп нускасы; 

- юридикалык жактын ушул жобонун 14-тиркемесинде көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келүүсүн тастыктаган документтер; 

- юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

- юридикалык жактын уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери жана кызмат адамдары жөнүндө маалымат; 

- МФКнын акцияларын сатып алууга багытталган акча каражаттарын алуу булагын тастыктаган маалыматтар жана документтер; 

- өтүнүч ээсинин финансылык абалынынын туруктуулугун тастыктаган документтер. 

Өтүнүч ээсинин финансылык абалынын туруктуулугу катары төмөнкүнү түшүнөбүз: 

- өтүнүч сунушталган күнгө карата Кыргыз Республикасынын бюджети жана салык органдары алдында төлөнбөгөн карызынын жоктугу; 

- өтүнүч сунушталган күнгө карата жеке адамдар жана юридикалык жактар алдында орду жабылбаган жана мөөнөтүндө төлөнбөгөн милдеттенмелердин жоктугу; 

- өтүнүч сунушталган күнгө чейинки акыркы 2 (эки) жыл ичинде ишкердиктин пайда алуу менен жүргүзүлүп келиши (юридикалык жактар үчүн).  

Банктык жана/же финансылык чөйрөнү жөнгө салган мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген, аларга карата Улуттук банк тарабынан алардын алгылыксыз банктык же финансылык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катыштыгы бардыгын тааныган чечим кабыл алынган жеке адамдар МФКнын добуш берүү укугуна ээ акцияларынын чогуу алгандагы 5 (беш) жана андан көп пайызын сатып алууга Улуттук банктан уруксат ала албайт.”; 

- 125-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“125. Улуттук банк өтүнүч катты жана ушул жободо белгиленген МФКнын акцияларынын чогуу алгандагы 5 (беш) жана андан көп пайызын сатып алууга талаптарды канааттандырган документтерди алган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирбестен, ал эми акцияларды резидент эмес сатып алып жаткан учурда алтымыш күн ичинде өтүнүч ээсине кабыл алынган чечим тууралуу (макулдук берүү же четке кагуу) кат жүзүндө билдирет. Четке кагуу себеби көрсөтүлүүгө тийиш.”; 

- 126-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“126. Улуттук банк МФКнын акцияларынын чогуу алгандагы 5 (беш) жана андан көп пайызын сатып алууга өтүнүч катын кароо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты талап кылышы мүмкүн.”; 

- 127-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“127. Улуттук банк кайсыл болбосун төмөнкү учурларда жеке адамдардын жана/же юридикалык жактардын МФКнын акцияларынын чогуу алгандагы 5 (беш) жана андан көп пайыздар топтомун сатып алууга макулдук берүүдөн баш тартышы мүмкүн:”; 

- 128-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 129-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 134-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Улуттук банк МКК/МКА/КСтын иши МФКларга карата коюлуучу талаптарга ылайык келүүсүнө инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзөт.”; 

- 139-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 12-1-глава менен толукталсын: 

“12-1-глава. Коммерциялык банкты МФКга кайра каттоодон өткөртүү тартиби 

139-1. МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банк төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капитал жана өздүк (регулятивдик) капитал өлчөмү ушул жобонун 6-пунктунда МФКлар үчүн белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш; 

2) МФКга лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат тапшырууга чейин көз карандысыз аудитордук компаниянын коммерциялык банктын акыркы отчеттук күнгө карата финансылык отчетунун аныктыгын тастыктаган корутундусу болууга тийиш. 

139-2. МФК катары кайра каттоого байланыштуу мамлекеттик каттоодон өтүүгө Улуттук банктын макулдугун алуу үчүн коммерциялык банк Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) МФК катары жүзөгө ашырууга ниеттенген операциялар тизмегин көрсөтүү менен МФК катары кайра каттоого байланыштуу лицензия берүү жөнүндө өтүнүч; 

2) ушул жобонун 25-пунктуна ылайык МФК катары кайра каттоо, уставды бекитүү, МФКнын кызмат адамдарын дайындоо жөнүндө акционердин чечими (бир гана уюштуруу болгон шартта) же акционерлердин жалпы жыйынынын отурумунда толтурулган протокол (эки нускада); 

3) устав (эки нускада). Уставда камтылууга тийиш болгон маселелердин болжолдуу тизмеги 4-тиркемеде келтирилген; 

4) акционерлердин анкетасын тиркөө менен акционерлер жөнүндө маалымат (5-тиркеме) (13, 13-1-тиркемелер); 

5) МФКлар үчүн каралбаган банктык операцияларды токтотууну эске алуу менен иштелип чыккан, ошондой эле 6-тиркемеде келтирилген маселелерди камтыган бизнес-план; 

6) МФКнын жалпы уюштуруу түзүмү жөнүндө маалыматтар (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер же аларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген операциялардын тизмеги, караштуулугу); 

7) анкеталарды (1-тиркеме) жана алардын ушул жобонун жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын минималдуу талаптарына ылайык келүүсүн тастыктаган маалыматтарды (документтерди) кошо тиркөө менен МФКнын ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар; 

8) ушул жобонун 50-пунктунун 9-пунктчасына ылайык өзгөртүп түзүлүп жаткан коммерциялык банктын уставдык капиталына уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан салынып жаткан/салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (эгерде уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) буга чейин салынган акча каражаттар боюнча макулдашуудан өтпөсө); 

9) жайдын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө акт; 

10) МФКнын негизги саясаттары жана жол-жоболору; 

11) белгилүү бир иш-аракеттерди, мөөнөттөрдү жана операциялар көлөмүн чагылдыруу менен МФК жүзөгө ашырууга укугу жок банктык операцияларды токтотуу (аяктоо) боюнча кеңири иш-чаралар планы. Аталган план МФК лицензия алган учурдан тартып 12 (он эки) айдан ашпаган мөөнөткө каралууга тийиш; 

12) МФК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин сакталышын тастыктаган маалыматтар. 

139-3. Коммерциялык банкты МФК катары кайра каттоого байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө Улуттук банктан макулдук алуу үчүн сунушталган документтер 60 календардык күн ичинде кароого алынат. 

Коммерциялык банкты МФК катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан, ал эми МФКга лицензия берүү жөнүндө чечим көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган Башкарманын төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат.  

Коммерциялык банк тарабынан сунушталган документтерди кароонун жүрүшүндө Улуттук банк коммерциялык банк МФКлар үчүн белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн тастыктоо максатында текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. МФКга лицензия берүү чечими кабыл алынган шартта Улуттук банк ушул жобонун 139-2-пунктунун 2-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн уюштуруу документтеринин бир нускаларын кошо тиркөө менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык коммерциялык банкты МФК катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү үчүн кат жүзүндө макулдугун берет.  

139-4. Коммерциялык банкты МФК катары кайра каттоодон өткөртүүдө ал МФКнын лицензиясын алууга чейин талап боюнча төлөнүүчү аманаттарды тартуудан тышкары коммерциялык банк катары өз ишин жүргүзүшү мүмкүн.  

Коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу органы МФК катары кайра каттоодон өтүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып коммерциялык банк планды бекитип, МФК жүзөгө ашырууга укугу жок банктык операцияларды токтотуу боюнча алдын ала иштерди баштоого тийиш.  

139-5. Коммерциялык банк МФК катары кайра каттоодон өткөндөн кийин жана мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк алгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде жайгашкан орду боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү

1) лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн МФКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

3) уюштуруучу документтеринин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган, нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү

4) акционерлер реестри; 

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө лицензия үчүн жыйым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ. 

139-6. Лицензия (7 жана 8-тиркемелер) ушул Жобонун 139-5-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилгенден кийинки 10 (он) календарлык күн ичинде берилет. 

Коммерциялык банктын лицензиясы уруксат берилген операциялардын тизмеси менен МФКнын лицензиясын алган күнү Улуттук банкка өткөрүлүп берилүүгө тийиш.  

139-7. МФКга кайра катталган коммерциялык банк мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна чектөөлөрдү белгилөөсүз, МФКнын лицензиясын алат.  

139-8. МФКга кайра катталган коммерциялык банк МФКнын лицензиясын алган учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын “Микрофинансылык уюмдары жөнүндө” мыйзамында МФК үчүн каралбаган банктык операцияларды ишке ашырууну төмөнкү мөөнөттөрдө токтотууга милдеттүү:  

1) талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди кабыл алуу Улуттук банкка МФКнын лицензиясын алуу боюнча өтүнүч менен кайрылган күндөн тартып. МФКга кайра өзгөртүлүп түзүлгөн коммерциялык банк МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып, талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди ээлерине кайтарып бере баштоого милдеттүү;  

2) эсептерди ачуу жана жүргүзүү МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып. МФКга кайра өзгөртүлүп түзүлгөн коммерциялык банк МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып, эсеп ээлерине эсептерди жүргүзүү боюнча операциялардын токтотулгандыгы тууралуу билдирүүгө милдеттүү;  

3) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө - МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып;  

4) кредиттик жана төлөм карточкаларын кошо алганда, төлөм документтерин (чек, аккредитивдер, векселдер, ж.б.) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо - МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып; 

5) жөнөкөй жана которулма векселдерди сатып алуу аркылуу карыздык милдеттенмелерди төлөө (форфейтинг) - МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып; 

6) кардарлардын акча которууларын жүзөгө ашыруу, анын ичинде эсеп ачуусуз бул операцияны коммерциялык банктын агенти катары ишке ашырууну эске албаганда, МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып; 

7) Кыргыз Республикасынын банк-резидент эместери үчүн корреспонденттик эсептерди ачуу жана жүргүзүү - МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып; 

8) кардарлар үчүн чет өлкө валютасында эсептер боюнча жана кардардын атынан чет өлкө валютасын сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды ишке ашыруу - МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып; 

9) баалуу металлдар (банктагы күмүш, алтын, платина жана аталган металлдардын жогорку пробаларынан монеталар) менен операцияларды жүргүзүү МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып.  

10) электрондук акча чыгаруу МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып. Мөөнөтү келип жетпеген келишимдер болгон учурда, МФКга кайра өзгөртүлүп түзүлгөн коммерциялык банк МФКнын микрокаржылоо боюнча мыйзамдарда уруксат берилген ишине каршы келбегендей негизде, бул келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү;  

11) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып. 

Мөөнөтү келип жетпеген келишимдер болгон учурда, МФКга кайра катталган коммерциялык банк микрокаржылоо боюнча мыйзамдарда уруксат берилген ишине каршы келбегендей негизде, бул келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга же бул келишимдердин аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотууга милдеттүү.»;  

- 140-пунктунда: 

Биринчи абзацта 1), 3), 8) жана 12) пунктчаларда «(кошумча лицензияны)» деген сөздөрдөн кийин «/лицензиясындагы чектөөнү алып салуу» деген сөздөр менен толукталсын; 

3) пунктчада “өзгөрүүлөр орун алган” деген сөздөрдөн кийин «(анын ичинде финансылык абалынын начарлоо тенденциясы байкалууда)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 141-пунктунда “лицензия берүүдөн” деген сөздөрдөн кийин, «//лицензиясындагы чектөөнү алып салуудан» деген сөздөр менен толукталсын;  

- 1-тиркемеде; 

Жогорку оң бурчу “Сүрөт үчүн орун” деген сөздөр менен толукталсын»; 

Тиркеме төмөнкү мазмундагы эскертүү менен толукталсын:  

«Эскертүү

1) Анкетанын ар бир бетине кол коюлууга тийиш;  

2) Анкетадагы оңдоолор “оңдоо анык” деген сөздөр жана талапкердин кол тамгасы менен тастыкталат; 

3) МФКнын акционерлери, кызмат адамдары менен байланыштуулугу көрсөтүлсүн»; 

- 7-тиркемеде «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ» деген сөздөрдөн кийин “Микрофинансылык компаниянын” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 8-тиркемеде «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ» деген сөздөрдөн кийин “Микрофинансылык компаниянын” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 9-тиркемеде «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ» деген сөздөрдөн кийин “Микрофинансылык компаниянын” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 10-тиркемеде « КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ» деген сөздөрдөн кийин “Микрофинансылык компаниянын” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 13-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

"Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

13-тиркеме  

 

Сүрөт үчүн орун 

 

МФКны уюштуруучунун (акционердин) 

АНКЕТАСЫ 

(жеке адам тарабынан толтурулат) 

Аты-жөнү 

  

  

Эгерде, фамилиясы өзгөрсө

(мурдагы фамилиясы) 

Качан: 

Себеби: 

Туулган күнү

Туулган жери: 

Паспорт 

Сериясы: 

Номери: 

  

  

Ким тарабынан берилген: 

Берилген күнү

Жарандыгы: 

(кандайча алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жериңиз боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайларга байланыштуу түшүндүрмө бериңиз)___________________________________________ 

Үй дареги: 

(документтер боюнча) 

Тел: ( ) _____________ 

Жашаган жери: 

Тел.: ( ) ____________________ 

Негизги жумуш орду: 

Ээлеген кызматы: 

Жумушунун дареги: 

Телефон: 

( ) ____________ 

Факс: 

( ) _____________ 

Билими _________ (жогорку, толук эмес жогорку, орто атайын, орто) 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду  

Окууга өткөн жана аяктаган жылы  

Алган дипломуна ылайык адистиги  

 

 

 

 

10. Эмгек жолу башталгандан бери аткарган иши  

Жумушка кирген күнү (айы, жылы) 

Жумуштан кеткен күнү (айы, жылы) 

Ээлеген кызматы  

Мекеменин аталышы, жайгашкан орду, аты-жөнү, жумуш берүүчү  

Жумуштан кетүү себеби  

  

  

  

  

  

11. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: Сизге же Сиз олуттуу катышуучу жана/же кайсы гана болбосун кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) катары байланыштуу болгон компанияга качандыр-бир кезде, кайсы болбосун өлкөдө:  

- акыркы үч жыл ичинде административдик укук бузууларга жол бергендиги үчүн айып коюлганбы, анын ичинде кылмыш иши токтотулган же айыпталуусу алып салынган учурда (ооба/жок) ________________ 

- акыркы үч жыл ичинде тартип жазасы колдонулганбы (ооба/жок) ____________ 

- кылмыш мыйзамдарына ылайык, кылмыш кылгандыгы үчүн айып коюлганбы, анын ичинде кылмыш иши токтотулган, актоо өкүмү чыгарылган жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган учурларда (ооба/жок) _____________ 

Эгерде, айып коюлган болсо, анда укук коргоо органынын аталышын көрсөтүү менен, ал тарабынан айып коюлгандыгы, өкүм чыгарылгандыгы боюнча, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан айыпталып, тартип жазасы колдонулгандыгы, териштирүүлөрдүн натыйжасы, соттун чечими (анын ичинде кылмыш иши токтотулган, айыпталуусу алып салынган, актоо өкүмү чыгарылган же кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган учурларда) тууралуу толук маалымат бериңиз: ___________________________________ 

12. Мөөнөтү өтөлбөгөн сот жоопкерчилиги барбы, көрсөтүңүз. Эгерде, бар болсо, түшүндүрмө бериңиз  

______________________________ 

Сиз боюнча кайсы болбосун профессионалдык иш менен алектенүүгө тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганбы? Эгерде, кабыл алынган болсо, түшүндүрмө бериңиз ______________________ 

13. Мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган жана Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) катары байланыштуу болгон компанияны көрсөтүңүз. ____________________________________________________ 

Сиз кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон жана ал боюнча мажбурлап банкроттоого, жоюуга байланыштуу шарттар коюлган компаниядагы сиздин ролуңуз жана жоопкерчилик чөйрөңүз тууралуу толук негиздеме бериңиз. ___ 

14. Сизге же Сиз олуттуу катышуучу жана/же кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) катары байланыштуу болгон компания боюнча мамлекеттик жана жөнгө салуу органдары тарабынан териштирүү жүргүзүлгөнбү? Эгерде, жүргүзүлгөн болсо, себеби тууралуу түшүндүрмө бериңиз __________________________________ 

15. Сиз азыркы учурда кайсы-бир соттук териштирүүлөргө катышып жатасызбы? Катышсаңыз, түшүндүрмө бериңиз _____________________ 

16. Үй-бүлөлүк абалы ________________________________ 

Жакын туугандарыңызды көрсөтүңүз (ата-энелер, 16 жаштан улуу балдар, жубай, ага-ини, эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, таята, тайэне): 

Аты-жөнү 

Туугандык жагы  

Туулган күнү, жери  

Кызматы жана жумуш орду  

Үй дареги, тел.№  

  

  

  

  

  

17. Кимдир-бирөөдөн ссуда боюнча карызы болгон шартта, ар бир карызы (милдеттенмелери) боюнча төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:  

Кредитордун аталышы 

  

  

Берилген күнү  

  

  

Карыздын суммасы 

  

  

Пайыздык чен 

  

  

Карыздын багыты 

  

  

Күрөө тууралуу маалымат жана анын суммасы  

  

  

Төлөө мөөнөттөрү 

  

  

Кредит боюнча карызынын калдыгы  

  

  

Кредит үчүн пайыздар боюнча карызынын калдыгы  

  

  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, кредит үчүн пайыздар) 

  

  

18. Төмөнкү маалыматты бериңиз: 

а) "___" _______________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер жөнүндө жеке отчет  

(валютасын көрсөтүңүз) 

  

Активдер 

Суммасы (сом түрүндө/ чет өлкөлүк уюштуруучулар үчүн АКШ долларында) 

Нак акча  

  

Финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик каражаттар  

  

Компаниягы инвестициялар (2-табл.) 

  

Баалуу кагаздар 

  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөдө турганы же арест коюлганы  

  

Дебитордук карыз (анын ичинде карызга берилген каражаттар) 

  

Башка активдер  

  

  

Бардыгы болуп активдер  

  

  

Милдеттенмелер 

  

Кредиттер боюнча карыз 

  

Башка пассивдер 

  

 

Бардыгы болуп пассивдер 

  

  

Таза наркы (активдер-пассивдер) 

  

  

Жеке берилген гарантиялар  

  

  

 

  

б) киреше булактары тууралуу маалыматтар  

(валютасын көрсөтүңүз) 

  

Киреше булактары 

Мурдагы 20___ жыл 

Өтүп жаткан жыл (күтүлүп жаткан сумма сумма) 20____ жыл 

Негизги жумуш орду боюнча эмгек акысы (сыйакыны кошо алганда) 

  

  

Автордук сыйлыктарды, башка төлөөлөрдү кошкондо, негизгиден башка жумуш орду боюнча эмгек акысы 

  

  

Дивиденддер 

  

  

Пайыздар 

  

  

Кыймылсыз мүлктөн түшкөн башка кирешелер  

  

  

Башка кирешелер 

  

  

  

Бардыгы болуп 

  

  

  

Чыгашалар  

  

  

Чыгашалар (жеке, керектөөгө

  

  

Кредиттер боюнча төлөөлөр: негизги сумма, пайыздар  

  

  

Башка чыгашалар  

  

  

  

Бардыгы болуп чыгашалар 

  

  

  

Таза киреше (чыгаша) 

  

  

19. Акыркы 10 жыл ичинде жана/же учурда сиз уюштуруучу, акционер (ээлик кылуучу) болуп саналган (уставдык капиталдагы үлүшүнөн ажыратылган шартта, күнү көрсөтүлүүгө тийиш) компанияны көрсөтүңүз:  

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду  

Юридикалык жактын ишинин түрү  

Ээлигинде болгон акциялардын саны  

Капиталда ээлик кылган үлүшү сом түрүндө  

Ушул юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшү пайыздарда 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери  

  

  

  

  

  

  

20. Кошумча маалымат: 

1). Ушул МФКнын Директорлор кеңешинин курамына жаңы талапкерлерди киргизүү ниетиңиз барбы (эгерде, бар болсо, кыскача резюмесин көрсөтүү зарыл)?  

2) МФКнын саясатына жана жетекчилигине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү ниетиңиз барбы (эгерде, бар болсо, сунушталуучу өзгөртүүлөрдү кыскача баяндоо зарыл)?  

21. Сиз МФКнын акцияларын сатып алууга берилген билдирмени карап чыгуу үчүн зарыл деп эсептеген кайсы гана болбосун башка маалыматты бериңиз.  

22. Мен, _____________________________________________ 

Фамилиясы, аты, атасынын аты 

Жогоруда анкетада көрсөтүлгөн маалымат так жана толук экендигин, ошондой эле билимиме жана анкетада берилген суроолорго жараша берилгендигин тастыктаймын. Атайын бурмалоого жана каталарга жол берилген шартта, бул МФКнын акцияларын сатып алууга берилген билдирмени канааттандыруудан баш тартууга негиз боло тургандыгын жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга алып келе тургандыгын мойнума аламын.  

  

____________ кол тамгасы ________-ж. "___" ____________  

 

Эскертүү

Ар бир бетине кол коюлууга тийиш 

Анкетадагы оңдоолор “оңдоо анык” деген сөздөр жана талапкердин кол тамгасы менен тастыкталат.  

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 13-1 тиркеме менен толукталсын:  

 

"Микрофинансылык компаниялардын ишин 

лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

13-1-тиркеме  

 

 

 Күнү  

МФКны уюштуруучунун (акционердин)  

АНКЕТАСЫ 

 

(юридикалык жак тарабынан толтурулат) 

 

1. Юридикалык жактын аталышы (мындан ары - "компания") ______________________________ 

(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы көрсөтүлсүн). 

2. Компаниянын юридикалык дареги _____________________ 

3. Компаниянын түзүлгөн күнү ________________________________ 

4. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери ______________________________ 

5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган күнү ___________________№ (мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн) 

6. Кайсы банктарда компаниянын эсептери ачылган: _________________. 

7. Компанияга берилген лицензиянын (уруксат берилүүчү документтин) номерин жана лицензияны (уруксат берүүчү документти) берген органды көрсөтүү менен, лицензиясына (лицензияларына) (же башка уруксат берүүчү документке) ылайык алектенүүгө уруксат берилген иш түрлөрүн баяндап бериңиз:  

8. Компания алектенген иштердин башка түрлөрүн айтып бериңиз:  

9. Компания _____________________________менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактар  

(Компаниянын толук аталышы): 

1) катышуучу/акционер болуп саналган юридикалык жактар жана жеке адамдар (Компаниянын толук аталышы): 

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү  

Таандык акцияларынын саны  

Уставдык капиталдагы үлүшү  

  

  

  

2) аларда катышуучу/акционер болуп саналган компаниялар __________________________________  

(өтүнүч ээси юридикалык жактын толук аталышы); 

Юридикалык жактардын толук аталышы  

Таандык акцияларынын саны  

Уставдык капиталдагы үлүшү  

3) __________________________ менен аффилирленген юридикалык жактар жана жеке адамдар 

(Компаниянын толук аталышы): 

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү  

Таандык акцияларынын саны  

Уставдык капиталдагы үлүшү  

  

  

  

  

  

  

10. Компаниянын кызмат адамдарынын компаниядагы позициясын, ошондой эле жарандыгын (Директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөлөрүн), башкармасынын (аткаруу органынын) мүчөлөрүн, финансылык менеджерин (башкы бухгалтерин) белгилөө менен, аларды көрсөтүңүз. 

11. Компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү же кызмат адамдары (Директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөлөрү), башкармасынын (аткаруу органынын) мүчөлөрү, финансылык менеджери (башкы бухгалтери) компания анын акционери болууну ниеттенип жаткан МФКнын акцияларына ээлик кылуучу боло алышабы? Эгерде, ээлик кылуучу боло алышса, компаниянын көрсөтүлгөн кызмат адамдарына таандык акциялардын санын көрсөтүү зарыл: 

Аты-жөнү 

Таандык акциялардын саны  

МФКнын уставдык капиталындагы үлүшү  

Кошумча маалыматтар же эскертүүлөр  

  

  

  

  

  

12. Компаниянын финансы-кредиттик уюмдар алдында ссуда боюнча (кредиттик) карызы барбы, эгерде, болсо кредит/кредиттер (карыз) алынган күнү, кредитти/кредиттерди (карызды) алуу максаты, кредиттин (карыз) алынган суммасы жана билдирме берилген күнгө карата кредиттин (карыздын) негизги суммасы жана пайыздары боюнча карыздын калдыгы көрсөтүүгө тийиш: 

Кредитордун аталышы 

  

  

Берилген күнү  

  

  

Карыздын суммасы 

  

  

Пайыздык чен 

  

  

Карыздын багыты 

  

  

Күрөө тууралуу маалымат жана анын суммасы  

  

  

Төлөө мөөнөттөрү 

  

  

Кредит боюнча карызынын калдыгы  

  

  

Кредит үчүн пайыздар боюнча карызынын калдыгы  

  

  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, кредит үчүн пайыздар) 

  

  

13. Компаниянын ушул МФКнын Директорлор кеңешинин курамына компаниянын өкүлдөрүн киргизүү ниети барбы (эгерде, бар болсо, талапкерлерди көрсөтүү зарыл), жана Компаниянын МФКнын саясатына жана жетекчилигине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү ниети барбы (эгерде, бар болсо, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү көрсөтүү зарыл)?  

14. Компаниянын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн көрсөтүңүз: 

Бөлүм (филиал, өкүлчүлүк) 

Дареги  

Жетекчи  

Иш түрү  

Башка маалыматтар жана эскертүүлөр  

  

  

  

  

  

15. Компания кимдир-бирөө менен соттук талаштарга катышканбы, эгерде, катышса, соттук талаш тууралуу (даттануучу, жоопкер, талаштын предмети, иш кайсы соттук инстанцияда каралып жатат, кароонун кайсы баскычында) толук маалымат бериңиз. 

16. Өтүнүч ээсинүн пикири боюнча маанилүү болуп саналган башка маалымат: 

 Компаниянын жетекчисинин кол тамгасы  

 Компаниянын мөөрү» 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 15-тиркеме менен толукталсын:  

"Микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

15-тиркеме  

МФКга тыюу салынган банктык операцияларды токтотуу (аягына чыгаруу) боюнча иш-чаралар планынын мазмунуна карата минималдуу талаптар  

 

1. Коммерциялык банк тарабынан операциялардын ар бир түрү, көлөмдөрү жана аларды аягына чыгаруу мөөнөттөрү боюнча МФКга тыюу салынган банктык операцияларды токтотуу (аягына чыгаруу) боюнча иш-чаралар планы (мындан ары Иш-чаралар планы) берилүүгө тийиш. Иш-чаралар планын даярдоо алдында банк операцияларды аягына чыгаруу мөөнөттөрү боюнча так маалымат берүү, аягына чыгарылуучу банктык операциялардын жана аягына чыгарылышы банктан көз каранды болбогон жана белгиленген мөөнөттөрдө аягына чыгаруу кыйын болгон операциялардын айкын көлөмүн аныктоо үчүн, колдонуудагы банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү (келишимдер, макулдашуулар жана башка документтер) инвентаризациялоого тийиш.  

2. Коммерциялык банк тарабынан аныкталган Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жалпы мөөнөтү коммерциялык банктагы белгилүү бир жагдайды жана сунушталган чаралардын мүнөзүн эске алуу менен негизделүүгө жана МФКнын лицензиясын алгандан кийин 12 (он эки) айдан ашпоого тийиш. 

3. Сунушталган иш-чаралар планы милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл: иш-чаралар жана аларды аткаруу мөөнөттөрү, ишке ашыруунун ар бир баскычындагы жооптуу аткаруучулар, аткаруу индикаторлорунун көрсөтмөлөрү, ошондой эле банк тарабынан Иш-чаралар планынын аткарылышын контролдоо боюнча колдонулган чаралар. МФКнын Иш-чаралар планында, зарылчылыгына жараша, акционерлердин жана үчүнчү жактардын катышуу ыкмалары жана шарттары каралууга тийиш. 

4. Иш-чаралар планында анын аткарылышынын болжолдуу натыйжалары жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш, төмөнкүлөрдү кошо алганда:  

- МФКнын буга чейин келишилген бүтүмдөрүн аягына чыгаруу жана/же банктык операцияларды ишке ашыруу боюнча аракеттери; 

- аларды белгиленген мөөнөттөрдө аягына чыгаруу кыйын болгон же мүмкүн болбогон операциялардын тизмеси; 

- МФК үчүн тыюу салынган банктык операцияларга байланыштуу келишимдердин, бүтүмдөрдүн жана башка документтердин аракетин токтотуу мөөнөттөрү

5. Иш-чаралар планына коммерциялык банктын жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан кол коюлууга, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

6. Иш-чаралар планынын бардык барактары көктөлүүгө жана аларга номер, ошондой эле коммерциялык банктын мөөрү коюулууга тийиш. 

7. Коммерциялык банк Иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн аудитордук уюмду (индивидуалдуу аудиторду) ишке тартууга укуктуу. 

8. Улуттук банк, зарылчылыгына жараша, Иш-чаралар планын анык деп таануу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты берүү мөөнөтүн белгилөө менен, аны талап кылууга укуктуу. 

9. МФК Иш-чаралар планынын толугу менен жана белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү