Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 17-октябрындагы  

№ 2018-П-12/43-3-(БС)  

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17 октябрындагы  

№ 2018-П-12/43-3-(БС) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банк уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капитал боюнча экономикалык ченемдерди сактоо боюнча талаптарды бузууга жол берген учурда таасир этүү чаралары ушул Жобонун 4-тиркемесинде белгиленген тартипте колдонулушу мүмкүн. Мында ушул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн тартип акыркы болуп саналбайт жана банкка карата банк мыйзамдарына ылайык кайсы болбосун башка чаралар колдонулушу мүмкүн.»; 

- 59-пунктундагы «39» деген сан «40» дегенге алмаштырылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого карата 4-тиркеме  

 

Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капитал боюнча экономикалык ченемдерди сактоо боюнча талаптарды бузууга жол берген банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу 

тартиби 

 

1. Бул тартип экономикалык ченемдерди сактоо боюнча талаптарды жана уставдык жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды бузууга жол берген банктарга карата колдонулат. Мында бул банктардын капиталы милдеттүү түрдө убактылуу администрация режимин киргизүү талап кылынбаган деңгээлде болууга тийиш. Улуттук банк тарабынан белгиленген деңгээлге чейин уставдык же өздүк (жөнгө салуучу) капиталды түзүүдө кыйынчылыктарга дуушар болгон банк Улуттук банкка кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында кайтарымдуулук шартында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугу менен микрофинансылык компанияга трансформациялоо (кайра каттоо) же өз ыктыярдуу жоюу өтүнүч каты менен кайрыла алат. Банкты микрофинансылык компанияга трансформациялоо же өз ыктыярдуу жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленет.  

2. Улуттук банк, банк тарабынан уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капитал боюнча экономикалык ченемдер бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган учурда, ага карата финансылык чыңдоо планына ылайык, финансылык чыңдоо чараларын ишке ашыруу жөнүндө талап коюлат, аны жүзөгө ашыруунун чектүү мөөнөтү Улуттук банк тарабынан бекитилген күндөн кийин 6 (алты) айдан ашпоого тийиш.  

3. Улуттук банк финансылык чыңдоо талабын койгон күндөн тартып банкка карата Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуулар жана чектөөлөр белгиленет. Кошумча катары банкка жеке адамдардын жана юридикалык жактардын аманаттарын (депозиттерин) тартуу көлөмү жана шарттары боюнча чектөөлөр, жеке адамдардан жана жеке ишкерлерден жаңы мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартууга/ачууга, ошондой эле мурда түзүлгөн келишимдер боюнча мөөнөттөрдү узартууга тыюу салуулар белгилениши мүмкүн. Эгерде, бул банктын финансылык абалынын начарлашына же банкроттукка же болбосо банктык мыйзамдарга ылайык чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын белгиленишине алып келиши мүмкүн болсо, Улуттук банк кредиттөө жагында кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө (суммалар боюнча лимиттер, күрөө боюнча талаптар ж.б.), банктын акчалай милдеттенмелери боюнча кредиторлордун талаптарын канааттандырууга тыюу салууга же чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. 

4. Улуттук банк финансылык абалды чыңдоо планын бекитүү чечимин кабыл алган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин уставдык жана/же өздүк (регулятивдик) капиталдардын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды аткарбаган банкка карата Улуттук банк тарабынан лицензияга карата улуттук жана/же чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга уруксат берилген банктык операциялар тизмегине чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынат жана банкка төмөнкү банк операцияларын баарын же анын ичинен кээ бирөөлөрүн жүргүзүүгө тыюу салынат:  

1) Улуттук банктын чечимине ылайык, өзүнүн атынан аманаттарды (депозиттерди) тартууга; 

2) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрдө (факторинг) аткарууну талап кылуу укугуна ээ болууга; 

3) баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырууга (банктык алтын, күмүш, платина жана жогору сапат белгисине ээ ушул металлдардан жасалган монеталар менен гана); 

4) туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды ишке ашырууга; 

5) электрондук акчаларды чыгарууга; 

6) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына сунуштоого (процессинг, клиринг). 

Эгерде келишимдерде айыптык санкцияларды төлөөсүз аларды мөөнөтүнөн мурда токтотуу мүмкүнчүлүгү каралбаса, банк мурда келишилген бүтүмдөрдү колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин аларды акырына чыгарууга тийиш.  

5. Уруксат берилген банктык операциялар тизмегине чектөөлөр белгиленгенден кийин банк 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөттө уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капитал өлчөмүн жаңы түзүлгөн банктар үчүн белгиленген өлчөмдө түзүү же болбосо өз ыктыярдуу түрдө микрофинансылык компанияга өзгөртүп түзүлүү(кайра каттоодон өтүү)/банкты кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш же болбосо Улуттук банк башка иш-чаралар боюнча банктын таасир чечим кабыл ала алат, лицензияны кайтарып алууга чейин кабыл ала алат.  

6. Банк уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капитал өлчөмүн Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдө түзгөн шартта, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банкка карата мурда белгиленген чектөөлөрдү жокко чыгарат.».