Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 26-сентябрындагы 

№ 2018-П-13/40-6-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө» нускоо тууралуу» токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө» нускоо тууралуу» токтомуна сунушталган толуктоо жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым  

М.А.Момункуловага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 26-сентябрындагы 

№ 2018-П-13/40-6-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:  

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө нускоо: 

- төмөнкү мазмундагы 9-1 пункт менен толукталсын: 

«9-1. Алтындан /күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын сатуу баасы LBMA белгиленген акыркы фиксингдин, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын (сом) АКШ долларына карата расмий курсунун негизинде Улуттук банктын орточо сарптоолорун эске алуу менен аныкталат. Эгерде фиксинг көрсөткүчтөрүнүн жана доллардын курсунун негизинде эсептелген баа алтындан /күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын белгиленген өздүк наркынан төмөн болсо, өлчөнгөн куйманын сатуу баасы белгиленген өздүк нарктын деңгээлинде аныкталат.»;  

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Алтындан /күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын ар бир партиясынын өздүк наркы өлчөнгөн куймаларды даярдоо үчүн колдонулуучу баалуу металлдардын наркынан жана өлчөнгөн куймаларды даярдоого, таңганына кеткен сарптоолорду, ташуу, камсыздандыруу, салык жана бажы тариздөөлөрү боюнча чыгашаларды камтыган өлчөнгөн куйманын бирдигине кеткен сарптоолордон алынып эсептелет. Алтындан /күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын өздүк наркы Улуттук банктын буйруусунун негизинде аныкталат, ал эми тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын бирдигине кеткен сарптоолордун орточо мааниси Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын начальниги тарабынан бекитилет жана ал жаңы маанилерди бекиткенге чейин колдонулат.». 

- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«11. Алтындан /күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын жаңы партиясын даярдоодо алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын өздүк наркы жана бирдигине кеткен орточо сарптоолордун мааниси Улуттук банктын кассаларында турган алтындан /күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын бардык партияларынын калдыктарын эске алуу менен аталган аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын орточо алынган наркы боюнча эсептелет жана белгиленет. 

Кайра сатылып алынган алтындан/күмүштөн даярдалган өлчөнгөн куймаларды эске алуу менен аларды кайрадан сатууда алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын бирдигинин өздүк наркы Улуттук банктын кассаларында турган алтындан /күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын бардык партияларынын калдыктарын эске алуу менен аталган аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын орточо алынган наркы боюнча эсептелет жана белгиленет.  

- 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Алтындан /күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын бирдигине кеткен сарптоолордун орточо мааниси Улуттук банктын кассаларында турган алтындан /күмүштөн даярдалган аталган аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын бардык партиясынын санынан жана аталган аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын жаңы келген партиясынын санынан алынып эсептелет.  

Алтындан /күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын өздүк наркынын мааниси алтындан /күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалар калдыгынын орточо алынган наркы ыкмасы менен жана алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын жаңы партиясынын орточо алынган наркы же алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) кайра сатылып алынган өлчөнгөн куймалардын саны менен төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Sср = ((S1*K1) + (S2*K2))/Ко, мында: 

Sср тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын орточо алынган наркы (өздүк наркы); 

S1 тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалар калдыгынын орточо наркы; 

K1 тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалар калдыгынын саны;  

S2 өлчөнгөн куймалардын жаңы партиясынын же кайра сатылып алынган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын орточо наркы;  

K2 өлчөнгөн куймалардын жаңы партиясынын же кайра сатылып алынган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын саны;  

Ко сатуу үчүн дайындалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын жалпы саны».  

- Бүтүндөй текст боюнча «түрүндөгү (салмактагы)» деген сөздөр «аталыштагы (салмактагы)» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

- Нускоонун 1-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө нускоонун 1-тиркемеси 

 

Өлчөнгөн куймалардын сатуу баасын 20__- жылдын ___ ______________ карата эсептөө жана белгилөө 

 

№ 

Куйманын граммда-гы массасы  

Металлдын баасы 

Улуттук банктын куйманы даярдоо боюнча орточо сарптоо-лору 

(сом, тыйын) 

Улуттук банктын комиссия-сыз куйманын баасы 

(башкача айтканда кайра сатып алуу баасы) (сом, тыйын) 

Улуттук банктын комиссия-лык үстөк акысы, %да 

Куйманын эсептелген (рыноктук) сатуу баасы 

(сом, тыйын) 

Учурдагы куйманын өздүк наркы (сом, тыйын) 

Сатуу баасы менен өздүк нарк ортосундагы четтөөлөр 

Куйманын белгиленген сатуу баасы 

(сом, тыйын) 

Куйманын унциядагы массасы  

1 унций алтын-дын (күмүш-түн) баасы  

LBMA 

кечки фиксинг 

боюнча 

_______  

күнүнө карата  

($ менен) 

Улуттук банктын расмий курсу  

($ / сом) 

 

күнүнө  

карата  

Алтын-дан /күмүш-төн даярдал-ган бир куйма-нын баасы  

(сом, тыйын) 

А 

2=1/31,1035 

5=2*3*4 

7 = 5 + 6 

9=7*8/100+7 

10 

11=9-10 

12 

1,0 

0,032 

 

 

 

 

 

0,5 

 

 

 

 

2,0 

0,064 

 

 

 

 

 

0,4 

 

 

 

 

5,0 

0,161 

 

 

 

 

 

0,3 

 

 

 

 

10,0 

0,322 

 

 

 

 

 

0,2 

 

 

 

 

31,1035 

1,000 

 

 

 

 

 

1,5 

 

 

 

 

100,0 

3,215 

 

 

 

 

 

3,0 

 

 

 

 

Өлчөнгөн куймалардын сатуу баасын эсептөөдө төмөнкү эсептөө ыкмасы колдонулат: 

1-графа өлчөнгөн куймалардын граммдагы массасы; 

2-графа өлчөнгөн куймалардын трой унциясындагы массасы; 

3-графа LBMA тарабынан мурунку жумуш күнүндө белгиленген кечки фиксинг боюнча өлчөнгөн куймалардын бир унциясы үчүн баасы; 

4-графа Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын (сом) АКШ долларына карата расмий курсу;  

5-графа 2-графа * 3-графа * 4-графа; 

6-графа ушул нускоонун 7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык эсептелген өлчөнгөн куймалардын бирдигин даярдоого сом түрүндөгү орточо сарптоолор (металлдын наркын кошпогондо); 

7-графа өлчөнгөн куйманын комиссиясыз баасы 5-графа + 6-графа; 

8-графа пайыз түрүндөгү комиссиялык үстөк акысы; 

9-графа өлчөнгөн куйманын рыноктук сатуу баасы 7 -графа * 8 - графа / 100 + 7-графа; 

10-графа өлчөнгөн куймалардын өздүк наркы; 

11-графа 9-графа 10-графа; 

12-графа - өлчөнгөн куйманын белгиленген сатуу баасы 9-графага барабар, бирок өлчөнгөн куйманын өздүк наркы рыноктук баадан төмөн болсо, анда 12-графада өлчөнгөн куйманын 10-графадагы сатуу баасы белгиленет.