Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 30-августундагы  

№ 2017-П-09/39-5-(ДКП) 

токтому 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин: 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 30-августундагы  

№ 2017-П-09/39-5-(ДКП) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички  

рынокто Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө»  

ЖОБО 

 

 

1-ГЛАВА.  

Жалпы жоболор 

 

1. Бул «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө» жободо (мындан ары жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) алтындын трой унциясын накталай түрдө сунуштоосуз коммерциялык банктын (мындан ары Катышуучу) жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебине чегерүү аркылуу коммерциялык банктарга «своп» шарттарында сатуу жана Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары АТС) аркылуу аны кайра сатып алуу тартиби аныкталган.  

2. Улуттук банк банктар аралык ички рынокто алтын менен операцияларды Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча жүргүзөт. 

3. Улуттук банк менен Катышуучунун өз ара иш алып баруусу ушул жобо жана жобого кошо тиркелген 1-тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банк ортосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу банктар аралык ички рынокто алтынды сатуу жана кайра сатып алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө эки тараптуу Келишим (мындан ары Келишим) аркылуу жөнгө салынат.  

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/18 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жободо белгиленген шарттар жана эрежелер ушул жобого да таркатылат. 

5. Катышуучу АТС аркылуу алтын менен операцияларды ишке ашырууда ушул жобого жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобого таянууга тийиш. 

 

2-ГЛАВА.  

Аныктамалар жана терминдер 

 

6. Бул жободо «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жободо колдонулган терминдер менен катар эле төмөнкү терминдер колдонулат: 

Бүтүмгө келишүү күнү АТСте бүтүмгө келишилген жумуш күнү.  

Валюталоо күнү АТСте бүтүмгө келишүү шарттарына ылайык, Улуттук банктын/Катышуучунун эсебине сом/алтындын трой унциясы түрүндөгү нак эмес акча каражаттары чегерилген/келип түшкөн жумуш күнү

Алтынды кайра сатып алуу күнү Катышуучуга акча каражаттар суммасы жана чегерилген пайыздар суммасы кайтарылган жана Катышуучунун Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинен Улуттук банктын тиешелүү эсебине алтындын трой унциясы алынган жумуш күнү. Катышуучу өз кезегинде, Улуттук банктын тиешелүү эсебине алтын үчүн кошуп эсептелинген пайыз суммасын чегерет. 

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеби Улуттук банк жеке белгилерин көрсөтүүсүз трой унциясы түрүндөгү алтындын эсебин жүргүзүү максатында Катышуучу үчүн ачкан эсеп. 

Бир трой унциясы 31,1035 граммды түзгөн алтындын салмак өлчөмү

Алтынды сатуу бүтүмү бул, Улуттук банк анын жүрүшүндө Катышуучуга «своп» шарттарында алтынды сатып, алтындын трой унциясын Катышуучунун Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебине чегерүү операциясы, ошол эле учурда Катышуучунун корреспонденттик эсебинен сом түрүндөгү акча каражаттар суммасы эсептеп алынып, Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерилет. 

Катышуучу ушул жобонун 7-пунктунун талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы.  

 

3-ГЛАВА.  

Алтынды сатуу жана кайра сатып алуу бүтүмдөрүнө келишүү шарттары  

 

7. Катышуучу Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмүнө катышуу үчүн кат жүзүндө Улуттук банктын бүтүмдөрүнө катышуу ниетин билдирген өтүнүч кат жөнөтүүгө жана төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- Улуттук банктан улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы болууга; 

- Улуттук банкта улуттук валютада корреспонденттик эсепке ээ болууга; 

- Улуттук банкта жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеби болууга; 

- Улуттук банктын АТС аркылуу алтын сатуу бүтүмүнө Катышуучунун атынан келишим түзүүгө ыйгарым укуктуу дилерлерге ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык тариздетилген ишеним катты Улуттук банкка сунуштоого; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган процесстерди жана/же жол-жоболорду (Убактылуу администрация, банкты жоюу) башынан кечирбөөгө

8. Улуттук банктын алтын сатуу боюнча бүтүмдөрүнө катышууга негиз катары кол коюлган Келишим жана АТС аркылуу Улуттук банктын алтынды сатуу боюнча бүтүмдөрүнө катышууга билдирме саналат. 

9. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети алтынды сатуу жана кайра сатып алуу боюнча төмөнкү шарттарды аныктайт: 

- алтын менен бүтүмгө келишүү күнүн; 

- алтынды кайра сатып алуу күнүн; 

- жалпы көлөмүн (трой унциясындагы алтынды); 

- бир билдирменин минималдуу көлөмүн (трой унциясындагы алтынды); 

- алтын боюнча пайыздык ченди; 

- сом түрүндөгү акча каражаттар боюнча пайыздык ченди. 

10. Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн, Улуттук банктын алтынды сатуу бүтүмүн өткөрүү шарттары Улуттук банк тарабынан АТСте жарыяланат.  

11. Билдирме Улуттук банк тарабынан жарыяланган алтынды сатуу боюнча шарттарга жооп берүүгө тийиш. 

12. Улуттук банк тарабынан жарыяланган алтынды сатуу боюнча шарттарга жооп бербеген билдирме АТС тарабынан четке кагылат. 

13. Катышуучу 1 (бир) гана билдирмени берүүгө тийиш, кийин берилген билдирмелер четке кагылат жана кабыл алынбайт.  

14. Катышуучу билдирмени кабыл алуу башталган учурдан бүткөнгө чейинки мезгил аралыгында билдирмени өзгөртүүгө же кайтарып алууга укуктуу. 

15. Билдирмени кабыл алуу убактысы бүткөндөн кийин Катышуучу билдирмени бере албайт же аны өзгөртө албайт жана билдирме кайтарылып алынгыс болуп эсептелинет. 

16. Улуттук банк Катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылат. 

17. Катышуучунун билдирмесинин көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашпоого тийиш. 

18. Катышуучунун билдирмесинин көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган бир билдирменин минималдуу көлөмүнөн төмөн болбоого тийиш. 

19. Катышуучулардын билдирмелеринин суммардык көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашып кетсе, анда алар салыштырма салмагына пропорционалдуу бөлүштүрүлүүгө тийиш. Катышуучулардын билдирмелериндеги көлөмдөр дал келип калган шартта, биринчи сунуштаган Катышуучунун билдирмесине артыкчылык берилет.  

20. Улуттук банктын алтын сатуу боюнча бүтүмдөрүнүн жыйынтыгы менен АТСте таанышууга болот, ошондой эле алар Улуттук банктын интернет-сайтында статистикалык маалыматтар түрүндө жайгаштыруу аркылуу жарыяланат. 

21. Улуттук банктан алтын сатып алган Катышуучу аны башка Катышуучуга сатышы мүмкүн. Мында, башка Катышуучуга алтын саткан Катышуучу аны Улуттук банк алтынды кайтара сатып алган күндөн мурда сатып алууга тийиш. Бул учурда алтын саткан Катышуучу Улуттук банк алдында ошол алтын боюнча милдеттенмеге ээ болгон башка Катышуучуга ал тууралуу кат жүзүндө маалымдоого тийиш.  

Катышуучу башка Катышуучуга АТСтен тышкары алтын саткан болсо, ал ошол күнү Улуттук банкка төлөм тапшырмасын берүүгө тийиш (жобого карата 3-тиркеме). 

22. Улуттук банк тарабынан алтын сатууда валюталоо күнү/Улуттук банк алтынды кайра сатып алуу күнү Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнү болуп саналса, алтынды сатуу/сатып алуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Алтынды кайра сатып алуу учурунда чегерилген пайыздар боюнча акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт. 

23. Алтындын сом түрүндө сатуу баасы бүтүмгө келишилгенге чейинки күнү белгиленген алтынга баанын Лондон кечки фиксингинин маанисине жана бүтүмгө келишилген күнгө карата АКШ долларынын сомго карата расмий курсуна жараша төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

PXAU = Lfix * K, 

мында, PXAU} алтын баасы; Lfix } Лондон кечки фиксингинин мааниси; K} АКШ долларынын сомго карата расмий курсу. 

 

24. Алтындын сом түрүндөгү баасы үтүрдөн кийинки төрт белгиге чейинки тактыкта белгиленет.  

25. Улуттук банк алтынды кайра сатып алуу күнү Катышуучудан алтынды баштапкы сатуу баасында сатып алат. Катышуучу, өз кезегинде, Улуттук банкка алтынды сатууга милдеттенет.  

26. Сом түрүндөгү акча каражаттарына жана алтынга пайыздарды чегерүү мөөнөтү жыл ичиндеги 360 күн эсебинде (ай ичинде 30 күн) жөнөкөй пайыз формуласы боюнча чегерилет жана сом түрүндөгү акча каражаттары/алтын чегерилгенден кийинки күндөн тартып сом түрүндөгү акча каражаттары/алтын кайра эсептен алынган/чегерилген күндү кошо алгандагы мезгилге чегерилет.   

27. Алтын боюнча пайыздар трой унциясында чегерилет жана сом түрүндө төлөнөт. Төлөөгө каралган пайыздар алтын боюнча пайыздарды төлөөгө чейинки күнү белгиленген алтынга баанын Лондон кечки фиксингинин маанисине жана алтын боюнча пайыздарды төлөө күнүнө карата АКШ долларынын сомго карата расмий курсуна жараша, төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

Алтынга сом менен чегерилген пайыздар = алтынга чегерилген пайыздардын трой унциясындагы суммасы * Lfix * K, 

 

мында, Lfix } Лондон кечки фиксингинин мааниси; K} АКШ долларынын сомго карата расмий курсу. 

 

28. Катышуучунун/Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча сом түрүндө акча каражаттарын чегерүү/эсептен алып салуу АТСте ишке ашырылат. Катышуучунун жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеби боюнча эсептөөлөрдү Улуттук банк жүргүзөт.  

29. Катышуучунун Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеби алтынга алмаштырылбайт жана Катышуучунун талабы боюнча нак акчага айландырылууга тийиш эмес. 

30. Улуттук банкка алтынды мөөнөтүнөн мурда сатууга жол берилбейт. 

31. Улуттук банк менен алтын боюнча бүтүм мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. 

 

4-ГЛАВА.  

Укуктар, милдеттер жана жоопкерчилик  

 

32. Катышуучу Келишимге кол коюу менен ушул жободо белгиленген Улуттук банктын алтынды сатуу бүтүмүнүн шарттарына макулдугун билдирет жана келишилген бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартпоого милдеттенет. 

33. Катышуучу Улуттук банктан алтын сатып алууда сом түрүндө тиешелүү суммадагы акча каражаттарынын Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте болушун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Бул каражаттар АТСте келишилген бүтүмдөр боюнча валюталоо күнү сом түрүндөгү акча каражаттары менен эсептешүүлөрдү дароо аткаруу үчүн талап кылынат.  

34.  Улуттук банк алтынды кайра сатып алган күнү Катышуучу Улуттук банктын тиешелүү эсебине алтын үчүн пайыз суммасын өз учурунда чегерүүгө тийиш.  

35. Улуттук банк Катышуучуга алтын сатууда Катышуучунун Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебине валюталоо күнү алтынды чегерүүгө тийиш. 

36. Улуттук банк Катышуучудан алтынды кайра сатып алган күнү, АТСте эсептешүүлөр дароо ишке ашырылышы максатында тиешелүү өз эсебинде акча каражаттарынын жана чегерилген пайыздардын суммасынын болушун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди өз учурунда көрүүгө милдеттүү

37. Катышуучу Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмү боюнча өз милдеттенмесин аткарбай коюусу катары валюталоо күнүнө карата Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде сом түрүндөгү акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу эсептелет. 

38. Улуттук банкын алтын сатуу бүтүмү боюнча Катышуучу өз милдеттенмесин аткара албай калган шартта, Улуттук банктын алтын менен келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөргө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бүтүм суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын акцептсиз (талашсыз) шартта эсептеп кармап калууга укуктуу. Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасын толук кармап калуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банк Катышуучунун эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша айыптык төлөм толук төлөнгөнгө чейин аны эсептеп кармап калууну улантат. Мында, алтынды сатуу бүтүмү жокко чыгарылган катары эсептелинет. 

39. Улуттук банк алтынды кайра сатып алууда Катышуучунун өз милдеттенмесин аткарбагандыгы катары, Улуттук банктагы эсепке алтынга пайыздардын өз учурунда чегерилбегендиги жана/же чегерилбей калышы эсептелет. 

40. Улуттук банк алтынды кайра сатып алууда Катышуучу өз милдеттенмесин аткара албай калган шартта, Улуттук банктын алтын менен келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөргө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен чегерилген пайыз суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп кармап калууга укуктуу. Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасын толук кармап калуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банк Катышуучунун эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша айыптык төлөм толук төлөнгөнгө чейин аны эсептеп кармап калууну улантат.  

Айыптык төлөм суммасы сом түрүндө эсептен алынып салынат. 

41. Улуттук банктын алтынды сатуу бүтүмү боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы катары, тиешелүү валюталоо күнү Катышуучунун Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебине алтындын өз учурунда чегерилбегендиги жана/же чегерилбей калышы саналат. 

42. Улуттук банк алтын сатуу бүтүмү боюнча өз милдеттенмесин аткара албай калса, ал сатылган алтын көлөмүнүн 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүүгө тийиш. Айыптык төлөм сом түрүндө чегерилет. Мында, алтынды сатуу бүтүмү жокко чыгарылган катары эсептелинет.  

43. Улуттук банктын Катышуучудан алтынды кайра сатып алууда өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы катары Улуттук банктын тиешелүү эсебинде акча каражаттарынын жана чегерилген пайыздардын суммасынын жоктугу саналат. 

44. Улуттук банк Катышуучудан алтынды кайра сатып алуусу учурунда өз милдеттенмелерин аткара албай калган шартта, ал бүтүм суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүүгө тийиш. 

45. Айыптык төлөмдөрдү эсептеп кармап калуу жана/же чегерүү АТС аркылуу ишке ашырылат. 

 

5-ГЛАВА.  

Корутунду жоболор 

 

46. Кыргыз Республикасынын банктар аралык ички рыногунда АТС аркылуу алтын сатуу бүтүмүнө келишүү процессин өркүндөтүү максатында Улуттук банк тарабынан ушул жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

«Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын  

банктар аралык ички рынокто  

Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук 

системасы аркылуу алтынды 

сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

Типтүү формат 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен _________________________ коммерциялык банкы ортосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө  

КЕЛИШИМ  

 

Бишкек шаары 20___-жылдын «___»_______№ ______  

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ___________________________ негизинде иш алып барган _____________________ бир тараптан жана мындан ары «Катышуучу» деп аталуучу ____________________________ атынан _____________________________ негизинде иш алып барган ______________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «тараптар» деп аталуучулар Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын «____» __________ №____ токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички валюта рыногунда Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө» жобого (мындан ары Алтынды сатуу жөнүндө жобо) жана Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/18 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобого (мындан ары Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банк ортосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу тартиби жөнүндө” келишимди түзүштү

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1.Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуу жана кайра сатып алуу боюнча бүтүмдөргө келишүүдө Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын жана тартибин аныктоо ушул келишимдин предметинен болуп саналат. 

1.2. Келишимде колдонулган аныктамалар жана терминдер «Алтынды сатуу жөнүндө» жободо колдонулган аныктамаларга жана терминдерге дал келет.  

1.3. Алтын сатууга тиешелүү бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби/жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеби жана Улуттук банктын тиешелүү эсеби боюнча ишке ашырылат. 

 

2. АЛТЫНДЫ САТУУ БОЮНЧА БҮТҮМДөРГө КЕЛИШҮҮ ШАРТТАРЫ 

2.1. Улуттук банк тарабынан алтын сатуу боюнча бүтүмдөр ишке ашырылуусу үчүн Катышуучу «Алтын сатуу жөнүндө» жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды Улуттук банк алтын сатуу бүтүмүн ишке ашырган күнгө карата аткарууга тийиш. 

2.2. Улуттук банк тарабынан «Алтын сатуу жөнүндө» жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн алтын сатуу бүтүмүн ишке ашыруу шарттары Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталат жана АТСте жарыяланат. 

2.3. Кол коюлган Келишим жана талаптагыдай таризделинген жана АТС аркылуу сунушталган алтын сатуу боюнча бүтүмгө катышууга билдирме бүтүмгө катышуу үчүн негиз болуп саналат. 

2.4. Катышуучу 1 (бир) гана билдирмени берүүгө тийиш, кийинки берилген билдирмелер кабыл алынбайт.  

2.5. Билдирме Улуттук банк тарабынан жарыяланган алтын сатуу боюнча бүтүм шарттарына жооп берүүгө тийиш. 

2.6. Билдирменин берилиши Улуттук банк тарабынан жарыяланган шарттарга Катышуучунун макул экендигин билдирет. 

2.7. Улуттук банк тарабынан жарыяланган алтынды сатуу боюнча шарттарга жооп бербеген билдирме АТСте четке кагылат. 

2.8. Катышуучу билдирмени кабыл алуу башталган учурдан бүткөнгө чейинки мезгил аралыгында билдирмени өзгөртүүгө же кайтарып алууга укуктуу. 

2.9. Билдирмени кабыл алуу убактысы бүткөндөн кийин Катышуучу билдирмени сунуштоо же аны өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт жана ал кайтарылып алынгыс болуп эсептелинет. 

2.10. Улуттук банк Катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

2.11. Билдирменин көлөмү Улуттук банк жарыялаган көлөмдөн ашпоого тийиш. 

2.12. Катышуучунун билдирмесинин көлөмү Улуттук банк жарыялаган бир билдирменин минималдуу көлөмүнөн төмөн болбоого тийиш. 

21.13. Катышуучулардын билдирмелеринин суммардык көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашып кетсе, анда алар салыштырма салмагына пропорционалдуу бөлүштүрүлүүгө тийиш. Катышуучулардын билдирмелериндеги көлөмдөр дал келип калган шартта, биринчилерден болуп сунуштаган Катышуучунун билдирмесине артыкчылык берилет.  

2.14. Улуттук банктан алтын сатып алган Катышуучу аны башка Катышуучуга сата алат. Мында, башка Катышуучуга алтын саткан Катышуучу аны Улуттук банк алтынды кайтара сатып алган күндөн мурда сатып алууга тийиш. Бул учурда алтын саткан Катышуучу Улуттук банк алдында ошол алтын боюнча милдеттенмеге ээ болгон башка Катышуучуга ал тууралуу кат жүзүндө маалымдоого тийиш.  

Катышуучу башка Катышуучуга АТСтен тышкары алтын саткан болсо, ал ошол күнү Улуттук банкка төлөм тапшырмасын берүүгө тийиш (Алтынды сатуу жөнүндө жобого карата 3-тиркеме). 

2.15. Катышуучунун/Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча сом түрүндө акча каражаттарын чегерүү/эсептен алып салуу АТСте ишке ашырылат. Катышуучунун жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеби боюнча эсептөөлөр Улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт. 

2.16. Катышуучу Улуттук банкка алтынды мөөнөтүнөн мурда сата албайт. 

2.17. Улуттук банк менен алтын боюнча бүтүм мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. 

2.18. Улуттук банк тарабынан алтын сатууда валюталоо күнү/Улуттук банк алтынды кайра сатып алуу күнү Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнү болуп саналса, алтынды сатуу/кайра сатып алуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Алтынды кайра сатып алуу учурунда чегерилген пайыздар боюнча акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт. 

 

3. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

3.1. Тараптар «Алтын сатуу жөнүндө» жобого жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобого ылайык Улуттук банктын алтын сатуу боюнча бүтүмдөрүнө келишүүгө укуктуу. 

3.2. Тараптар ушул Келишимде белгиленген Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмдөрүнүн шарттарына макул жана алар боюнча бири-бири алдында өз милдеттенмелерин таанышат. 

3.3. Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттүү

3.3.1. Улуттук банктан алтын сатып алууда сом түрүндө тиешелүү суммадагы акча каражаттарынын Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте болушун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Бул каражаттар АТСте келишилген бүтүмдөр боюнча валюталоо күнү сом түрүндөгү акча каражаттары менен эсептешүүлөрдү дароо аткаруу үчүн талап кылынат. 

Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде валюталоо күнү сом түрүндөгү акча каражаттарынын жетиштүү суммасы болбосо, бүтүм жокко чыгарылган катары эсептелинет. Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасы кармалып калат.  

3.3.2. Улуттук банк алтынды кайра сатып алган күнү Улуттук банктын тиешелүү эсебине алтын үчүн пайыз суммасын өз учурунда чегерүүгө тийиш. 

3.4. Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү

3.4.1. Катышуучуга алтын сатууда Катышуучунун Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебине валюталоо күнү алтынды чегерүүгө

3.4.2. Катышуучудан алтынды кайра сатып алган күнү, АТСте эсептешүүлөрдүн дароо ишке ашырылышы максатында тиешелүү өз эсебинде акча каражаттарынын жана чегерилген пайыздардын суммасынын болушун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди өз учурунда көрүүгө милдеттүү

 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

4.1. Улуттук банк жана Катышуучу ушул келишимге, «Алтын сатуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жоболорго ылайык, Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмдөрү боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн толук жоопкерчилик тартат.  

4.2. Улуттук банк жана Катышуучу ушул келишимге, «Алтын сатуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жоболорго ылайык, Улуттук банктын алтын сатуу боюнча бүтүмдөрүн ишке ашырууга байланыштуу жооптуу кызматкерлеринин жана жактарынын иш-аракеттеринин туура, өз учурунда аткарылышы, алар тарабынан купуялуулуктун сакталышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

4.3. Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде валюталоо күнү сом түрүндөгү акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу анын Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмү боюнча өз милдеттенмесин аткара албай калышын шарттаган жагдай болуп саналат. 

Катышуучу ушул пункттун биринчи абзацын аткара албай калган учурда Улуттук банктын алтын менен келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөргө жооптуу түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бүтүм суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын акцептсиз (талашсыз) шартта эсептеп кармап калууга укуктуу. Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасын толук кармап калуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банк Катышуучунун эсебине акча каражаттары келип түшүүсүнө жараша айыптык төлөм толук төлөнгөнгө чейин аны эсептеп кармап калат. Мында, алтынды сатуу бүтүмү жокко чыгарылган катары эсептелинет. 

4.4. Улуттук банктын тиешелүү эсебине алтын үчүн пайыз суммасын чегербей коюу Улуттук банк тарабынан алтынды кайра сатып алуу учурунда Катышуучу өз милдеттенмесин аткара албай калышын шарттаган жагдайдан болуп саналат. 

Катышуучу ушул пункттун биринчи абзацын аткара албай калган учурда Улуттук банктын алтын менен келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөргө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен чегерилген пайыз суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын акцептсиз (талашсыз) шартта эсептеп кармап калууга укуктуу. Катышуучунун корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасын толук кармап калуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банк Катышуучунун эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша айыптык төлөм толук төлөнгөнгө чейин аны эсептеп кармап калат. 

Айыптык төлөм сом түрүндө алынат. 

4.5. Катышуучунун Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебине валюталоо күнү алтындын трой унциясындагы өлчөмүнүн чегерилбей калышы Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмү боюнча өз милдеттенмесин аткара албай калышын шарттаган жагдайдан болуп саналат. 

4.5.1. Улуттук банк ушул келишимдин 4.5-пунктунун талабын аткара албай калган учурда, ал сатылган алтын көлөмүнүн 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүүгө тийиш. Айыптык төлөм сом түрүндө чегерилет. Мында, алтынды сатуу бүтүмү жокко чыгарылган катары эсептелинет. 

4.6. Улуттук банктын тиешелүү эсебинде акча каражаттарынын жана чегерилген пайыздардын тиешелүү суммасынын жоктугу анын Катышуучудан алтынды кайра сатып алуусу учурунда өз милдеттенмелерин аткара албай калышын шарттаган жагдайдан болуп саналат.  

Улуттук банк ушул пункттун биринчи абзацын аткара албай калган учурда, ал бүтүм суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүүгө тийиш. 

4.7. Айыптык төлөмдөрдү эсептеп кармап калуу жана/же чегерүү АТС аркылуу ишке ашырылат. 

4.8. Улуттук банк, ушул келишимдин жана «Алтынды сатуу жөнүндө» жобонун талаптары Катышуучу тарабынан бузууга жол берилишинен улам, анын өзүнө келтирилген чыгым үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

4.9. Улуттук банк АТСте техникалык үзгүлтүктөр орун алган шартта, алтын сатуу боюнча бүтүмдү убактылуу токтотууга/жокко чыгарууга укуктуу. Техникалык үзгүлтүктөр кыска мөөнөттүк мүнөзгө ээ болсо, Улуттук банк алтын сатуу бүтүмдөрүн ишке ашыруу убактысын өзгөртүүгө укуктуу. Мындай шартта бүтүмдү токтотуу/жокко чыгаруу Улуттук банк тарабынан келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну бузуу болуп саналбайт. 

 

5. Форс-мажор 

5.1. Тараптар эгерде бул: табигый жана техногендик кырсыктар, бөөдө кырсык кесепети, согуш жаңжалдары, иш таштоолор, мыйзам чыгаруучу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар, ошондой эле келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылбай калышынын түздөн-түз себебинен болгон башка жагдайлардын келип чыгышы учурунда келишим боюнча милдеттенмелерин толугу менен же алардын бөлүгүн аткарбай коюу жоопкерчилигинен бошотулат. Жогоруда белгиленген жагдайлар күтүүсүз, болжолдоого болбогон, алдын ала чара көрүү мүмкүн эмес болгон мүнөзгө ээ болууга, келишим түзүлгөндөн кийин келип чыккан жана тараптардын эркине көз карандысыз болгон жагдай катары каралууга тийиш. 

5.2. Күтүүсүз жагдайлар келип чыккан шартта тараптар эки жумуш күнү ичинде ал тууралуу кат жүзүндө бири-бирине дароо маалымдоого тийиш. Маалыматта келип чыккан жагдайдын мүнөзү алардын келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга канчалык таасир этиши мүмкүндүгү жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү камтылышы зарыл. 

5.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү, ошол убакыт ичинде жагдайдын кесепеттерин четтетүүгө мүмкүн болгондой убакытка шайкеш узартылат. 

5.4. Форс-мажордук жагдайлар жана анын кесепеттери жети календардык күндөн ары созулуп кетсе, тараптар келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруунун альтернативалуу жолун издеп, тиешелүү макулдашууга жетишүү максатында, кыска мөөнөт ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

5.5. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы тараптарды Улуттук банктын алтын сатуу бүтүмү боюнча милдеттенмелерди жана мындай жагдайлар орун алган учурга карата колдонуудагы милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

5.6. Катышуучунун контрагенттеринин милдеттенмелердин аткарылышын бузууга жол берүүсү жана Катышуучунун колунда зарыл акча каражаттарынын жоктугу форс-мажордук жагдайларга кирбейт. 

5.7. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыккандыгы тууралуу маалымдабай коюу, өз учурунда маалымдабоо мындай жагдайларга таянуу, ага шилтеме келтирүү укугунан ажырап калууга алып келет. 

 

6. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

6.1. Ушул келишимдин талаптарын аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш. 

6.2. Эгерде орун алган маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн эмес болсо, Тараптар аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салууга тийиш.  

Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашууга жетишпесе, Тараптар ортосундагы талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.  

 

7. БАШКА ШАРТТАР 

7.1. Келишимге Тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

7.2. Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө толтурулуп, ага Тараптар кол койгон учурда анык болуп саналат. 

7.3. Тараптардын өзгөртүп түзүлүшү же жоюу учурунда алардын ушул Келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери укугу өткөндөргө өтөт. 

7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ жана ал ар бир Тарап үчүн бирден мамлекеттик жана расмий тилдерде 2 (эки) түп нускада түзүлгөн. 

 

8. КЕЛИШИМДИ КОЛДОНУУ МөөНөТҮ ЖАНА  

АНЫ токтотуу ТАРТИБИ 

8.1. Келишим Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Келишим шарттары ушул Келишим күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банктын алтын сатуу боюнча келишилген бүтүмдөрүнө гана таркатылат.  

8.2. Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда ушул Келишим күчүнө киргенге чейин түзүлгөн Улуттук банктын алтын сатуу боюнча келишилген бардык бүтүмдөрү алар келишилген учурга карата колдонулуп жаткан шарттарда ишке ашырылат. 

8.3. Келишим бир жыл аралыгында колдонулат жана Тараптардын бири келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейинки 7 (жети) календардык күн мурда, алдын ала токтотуу жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, ал кийинки жылга узартылган катары эсептелинет. 

8.4. Тараптар, экинчи тарапка 7 (жети) календардык күндөн кечиктирбестен, бирок Улуттук банктын алтынды сатуу бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөрү аяктаганга чейин бул тууралуу алдын ала маалымдоо менен келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

8.5. Улуттук банк төмөнкү учурларда бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу:  

- Катышуучу тарабынан ушул келишим жана/же «Алтынды сатуу жөнүндө» жобо шарттарын бузууга жол берсе; 

- Катышуучуга карата Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган жол-жоболор жана/же атайын режими колдонулган болсо;  

- Улуттук банктын улуттук жана/же чет өлкө валютадагы банк операцияларын ишке ашыруу лицензиясы Катышуучудан кайтарылып алынса; 

- сот тарабынан Катышуучу банкрот деп таанылса; 

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Катышуучунун иши токтотулса; 

- келишим шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, бүтүмдөрдү ишке ашыруу тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыларга белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурда.  

 

9. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

 

Кыргыз Республикасынын Катышуучунун  

Улуттук банкы аталышы 

_________________________________ _______________________________ 

(почта индекси, дареги) (почта индекси, дареги) 

__________________________ _______________________________ 

(кызмат орду) (кызмат орду) 

__________________________ _______________________________ 

(аты-жөнү) (аты-жөнү

________________________________ ______________________________ 

(кол тамгасы) (кол тамгасы) 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө» жобого карата 

2-тиркеме 

 

(коммерциялык банктын фирмалык бланкында басып чыгарылат) 

 

 

ДИЛЕРЛЕРГЕ ИШЕНИМ КАТ 

20__-ж «___» ______________  

 

(__________) негизинде иш алып барган (_____________) атынан берилген ишеним кат, төмөндө көрсөтүлгөн кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтын сатуу операцияларын жүргүзүүгө ыйгарым укук чегерет. 

№ 

Аты-жөнү  

АТСтеги ролу (дилер/дилерди текшерүүчүсү

Кызмат орду 

Кол тамга үлгүсү 

Электрондук почта дареги 

Иштеген жеринин телефон номери  

1. 

2. 

3. 

… 

 

 

 

 

 

 

 

Ишеним кат башка бирөөгө берилүүгө тийиш эмес жана 20__-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгилге же колдонуу мөөнөтү аяктаганга (кайтарылып алынганга) чейин анык болуп саналат.  

 

М.О. 

Аты-жөнү, кызмат орду Кол тамгасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө» жобого карата 

3-тиркеме 

 

 

ТӨЛӨМ ТАПШЫРМАСЫ  

ПЛАТЕЖНОЕ ПОРУЧЕНИЕ 

№  

Күнү 

 

Жөнөтүү ыкмасы 

Способ отправления 

Форманын коду 

Код формы 

0401060 

Эсептешүү күнү 

 

 

 

 

 

 

 

 

ОКПО 

Төлөөчү 

Плательщик 

Дебет 

Счет № 

 

ИНН 

 

 

 

Төлөөчүнүн банкы  

Банк плательщика 

Регистр.№ 

СФКР 

БИК 

 

Алуучу 

Получатель 

Кредит 

Счет № 

 

Счет № 

 

 

БИК(МФО) 

Алуучунун банкы  

Банк получателя 

Суммасы жазуу жүзүндө 

Сумма прописью 

 

 

Суммасы 

 

Төлөм коду 

Код платежа 

 

Төлөм багыты 

Назначение платежа 

 

 

М.О. Кол тамгасы Төлөөчү-банктын белгиси 

М.П. Подписи Отметки банка плательщика