Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-14\23-16-(ПС)  

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 

киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

- 2007-жылдын 28-мартындагы №16/5 “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо жөнүндө” жобо тууралуу;  

- 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 “Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу.  

2. Юридика башкармалыгы: 

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, “KG төлөм системасынын операторлор ассоциациясы” юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын төлөм системасы операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-14\23-16-(ПС) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1 . Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28 мартындагы №16/5 “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталшан токтом мнен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуу абалды аныктоо жөнүндө” жобонун: 

-1.1. пункту көчөн жоготкон катары таанылысын; 

- 1.2. пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан - ары Улуттук банк) коммерциялык банктар, башка банктык эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактар) көзөмөлдүккө алган юридикалык жактар (төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары) тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык, микрофинансылык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр жана операциялар (мындан ары - банктык кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы иш-аракеттери аныкталган.”; 

- жобонун бүтүндөй тексти боюнча жана анын 1-тиркемесинде кездешкен “ФКМ» деген сөздөр “банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.3. пункттун: 

Биринчи абзацындагы “ченемдик документтин” деген сөздөр “жобонун” дегенге алмаштырылсын;  

«в» пунктчасындагы “жана башка финансы-кредит мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрү” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 2.1-пункттун: 

- биринчи абзацындагы «банктык кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөр «ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы болбосун түрү» деген сөздөр менен толукталсын;  

- пункт төмөнкү мазмундагы «е-1» пунктчасындагы менен толукталсын: 

«е-1) аффилирленген жак болууга;»; 

- 2.2-пункттун биринчи абзацындагы «банктык кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөр «(банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы болбосун түрү)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.1-пункттун: 

«б» пунктчасындагы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактардын капиталына чектүү катышууну сатып алуу маселелери, же банктык кызмат рыногунда ушул жобону кыянаттык кылууга мүмкүндүк берген алардын уставдык капиталын бир өлчөмгө көбөйтүү;»; 

пункт төмөнкү мазмундагы «г-1» пунктчасындагы менен толукталсын: 

«г-1) Кыргыз Республикасында катоодон откөн банктык кызмат көрсөтүлөрдү сунуштаган жактар менен банктык топторду түзүү.»; 

- 3.5.4-пунктчадагы «географиялык рынок» деген сөздөр «, банктык кызмат көрсөтүү рыногу» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.7-пункттагы «банктык кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөр «ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы болбосун түрү» деген сөздөр менен толукталсын: 

- 3.7.2-пунктчанын: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« - банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жак тарабынан белгилүү бир мезгил аралыгында (жыл ичинде, чейрек ичинде, ай ичинде, бир күн аралыгында) ишке ашырылган банктык операциялардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) чогуу алгандагы көлөмү. Кызмат көрсөтүү көлөмү кароого алынып жаткан мезгил ичинде банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жак тарабынан жүгүртүү ведомостундагы аналитикалык маалыматтардын негизинде эсептелинет;»; 

- 5 абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

« - банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы суммасы - Кыргыз Республикасынын аймагында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган бардык жактар тарабынан жүзөгө ашырылган (сунушталган) банктык операциялардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) ушул түрү боюнча жүгүртүүлөр жыйындысы.»; 

- 3.7.4-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.7.4. эгерде банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактын банктык операциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир түрү боюнча үлүшү 35%тен ашса жана ошол операциядан/кызмат көрсөтүүдөн калктын бардык катмары пайдаланган болсо, Улуттук банк операциянын/кызмат көрсөтүүнүн ошол түрү боюнча тариф саясатын аныктоого жана чектөөлөрдү колдонууга же керектөөчүлөр укугун коргоонун кошумча шарттарын караштырууга укуктуу.”; 

- 3.7.5-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1-тиркеменин: 

- бешинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Мисалы ашкере монополисттин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалангандыгы үчүн баа кыйла жогорулап кетсе, анда жеке адам керектөөчү банктык кызмат көрсөтүүдөн баш тартып, акчалай жыйымын банк тутумунан тышкары сактап же башка инструменттер аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүшү мүмкүн.”; 

жетинчи абзацтагы “ипотекалык кредиттөө боюнча” деген сөздөр “же ар кандай төлөмдөрдү өткөрүү боюнча.” деген сөздөр менен толукталсын”. 

 

2 . Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 “Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү туралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы “ банктык” деген сөз “, төлөм” деген сөз менен толукталсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун:  

- аталышында“ банктык” деген сөз “, төлөм” деген сөз менен толукталсын; 

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Коммерциялык банктардын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн, төлөм системасынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган финансы-кредит уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн, банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонулган терминологиянын жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын эске алуу менен баасын аныктоого карата системалуу ыкманы камсыз кылуу - ушул жобонун максатынан болуп саналат.»; 

- жобонун бүтүндөй тексти боюнча: 

кездешкен “ФКМ” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар” дегенге алмаштырылсын; 

ар башка жөндөмөдө кездешкен “банктык кызмат көрсөтүүлөр” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “төлөм кызмат көрсөтүүлөрү” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4-1. Банктык кызмат көрсөтүүлөргө эгерде, көрсөтүлгөн жак ошол келишим боюнча толугу менен же анын кайсыл бир бөлүгүнө ылайык пайдага ээ болуучу болуп саналса, аффилирленген жак, жана банк менен байланыштуу жак ошондой эле, товардык белгинин ээси болгон кайсы болбосун башка жак менен товардык белгини акы төлөө негизинде пайдаланууга келишим түзүүсүнө төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын эске албаганда, тыюу салынат.»; 

- 10-пункт төмөнкү мазмундагы 3-абзац менен толукталсын: 

«Төлөм кызматтары үчүн декларацияланган тарифтерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары жети жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгына мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү себептери боюнча толук негиздеме берүү менен тиешелүү өзгөртүүлөр тууралуу маалымдоого, ошондой эле ички документтерди (алар тарабынан бекитилген, төлөм системалары операторунун ыйгарым укуктуу органынын отурумунда толтурулган протоколдун көчүрмөсүн жана кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн) сунуштоого милдеттүү).».