Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12\23-8-(НПА) токтому  

 

 

«Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен токтом кылат: 

 

1. «Убактылуу администрация жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы № 36/5 «Банк ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө» жобо тууралуу токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна карата тиркеменин 11 жана 12-пункттары; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин I жана II-пункттары; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 11 жана 21-пункттары; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 16-абзацы жана ушул токтомго карата тиркеменин 15-пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/3 «Коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга карата консервация чарасын колдонуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 6-абзацы жана ушул токтомго карата тиркеменин 5-пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июнундагы № 22/9 «Кредиттик союздардын ишин тескөө боюнча убактылуу администрация жөнүндө» жобо тууралуу» токтому. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, Адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12\23-8-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Убактылуу администрация жөнүндө  

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жободо коммерциялык банктарга, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарга, Мамлекеттик өнүктүрүү банкына, адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга (мындан ары банктар), анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же "ислам терезесине" ээ коммерциялык банктарга Убактылуу администрацияны киргизүү ошондой эле, Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында реструктуризациялоо негиздери жана аны жүзөгө ашыруу тартиби, жол-жобосу, банк операцияларын жүзөгө ашырууда алар пайдаланган атайы терминдерди эске алуу менен аныкталган. Мында кредиттик союздарга карата реструктуризациялоо жол-жобосу колдонулбайт.  

Жобо кредиттик союздарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  

ылайык, алардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулат.  

2. Жободо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында (мындан ары мыйзам) чагылдырылган аныктамалар, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган: 

- Убактылуу администрация бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу, банк аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, республиканын банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле банкта айкын иш жагдайын аныктоо жана анын андан аркы ишин белгилөө үчүн банкты контролдукка алуу максатында таасир этүү чарасы катары киргизилген, банк ишин тескөө боюнча атайы режим; 

- Убактылуу администратор банкта Убактылуу администрация режимин жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк тарабынан дайындалган Убактылуу администратор же Убактылуу администрациянын жетекчиси; 

- Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органынын жана/же айрым кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле Убактылуу администратор же Убактылуу администрация жетекчиси/мүчөсү мыйзамда жана ушул жободо аныкталган милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган же ага мүмкүнчүлүк бербеген банк менен байланыштуу башка жактардын аракеттенүүсү же аракетттенбей коюулары; 

- Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт - банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле банк менен байланыштуу башка жактардын Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттери боюнча түзүлгөн документ; 

- көзөмөл органы - Улуттук банктын уюштуруу түзүмүндө каралган Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, Көзөмөл боюнча комитети; 

- банкты реструктуризациялоо аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарын коргоо, банк жана төлөм системасы үчүн маанилүү болуп саналган банк ишинин үзгүлтүксүздүгүн, ошондой эле банк жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында банкка карата көрүлүүчү чаралар топтому. 

-  

2-глава. Убактылуу администрацияны киргизүү 

 

3. Убактылуу администрация банкка мыйзамда белгиленген негиздер орун алган шартта киргизилет. 

4. Убактылуу администрация режимин киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо чечими көзөмөл органынын өтүнүчү боюнча Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитет тарабынан кабыл алынат. Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо чечими Улуттук банк Башкармасынын токтому менен териздетилет жана ал, эгерде токтомдо башкасы каралбаса, кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо чечими банк Башкармасынын, Директорлор кеңешинин, банктын кредиторлорунун жана акционерлеринин, ошондой эле укук коргоо, сот жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кайрылуусу боюнча Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн, анда Убактылуу администрация киргизүү үчүн негиздер көрсөтүлүүгө тийиш. 

6. Убактылуу администрацияны киргизүү ушул жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн жактар тарабынан демилгеленсе, алар Улуттук банкка өтүнүч кат/кайрылуу менен бирге төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

банк төлөө мөөнөтү келип жеткенден кийинки беш жумуш күнү ичинде кредитордук карызынын ордун жаппагандыгы жөнүндө же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Убактылуу администрацияны киргизүү үчүн башка негиздердин бар экендиги жөнүндө өтүнүч кат; 

тиешелүү ченемдик укуктук актыларга таянуу жана тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен банкка Убактылуу администрацияны киргизүү зарылчылыгын негиздөө

Көзөмөл органы сунушталган документтерди 20 жумуш күнү ичинде карап чыгат жана Убактылуу администрацияны киргизүү зарылчылыгы негизделген шартта, сунушталган документтердин негизинде, чечим кабыл алуу үчүн өтүнүчтү Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт. 

7. Банкта Убактылуу администрация киргизүү өтүнүчүндө төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- банк, филиалдар, аманат кассалар, туунду же караштуу компаниялар, банктык топтун түзүмү тууралуу маалымат (эгер колдонулган болсо); 

- Убактылуу администрация киргизүүгө негиздеме; 

- банктын финансылык абалы тууралуу маалымат (анын ичинде акыркы комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктары); 

- Убактылуу администрация киргизүү мөөнөтү жөнүндө сунуш, ал алты айдан ашпоого тийиш; 

- талапкерлердин (Убактылуу администратор, Убактылуу администрациянын мүчөлөрү) Улуттук банктын талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Убактылуу администрациянын курамы жөнүндө сунуш; 

- негиздемелерди көрсөтүү менен банк ишине чектөөлөрдү киргизүү боюнча сунуш (зарыл учурларда); 

- банктын банк-корреспонденттеринин тизмеси; 

- башка маалымат. 

8. Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрация киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо жөнүндө токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- ага карата Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган банктын фирмалык (расмий) жана кыскартылган аталышы; 

- Убактылуу администрацияны киргизүүгө негиздеме (ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди кошо алганда); 

- Убактылуу администрация режими киргизилген күн жана убактысы; 

- Убактылуу администрация режими киргизилген мөөнөт; 

- банктын эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү (зарылчылыкка жараша) жүзөгө ашыруу тартибин кошо алганда, банктын иш ыргагы; 

- банк ишине коюлган чектөөлөрдүн тизмеги (зарылчылыкка жараша); 

- аты-жөнүн, дайындала турган кызмат ордун жана документтерге кол коюу укугун көрсөтүү менен Убактылуу администратор жана ишке тартылган адамдар, анын ичинде Убактылуу администрациянын курамына кирген Улуттук банктын кызматчылары жөнүндө маалымат; 

- Убактылуу администрация милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон тапшырма же көрсөтмө

- Убактылуу администрациянын банктын документтерин, активдерин жана баалуулуктарын кабыл алуу мөөнөттөрү

- Убактылуу администрация дайындалгандыгы тууралуу банк-корреспонденттерге маалымдоо боюнча талаптар; 

- Убактылуу администрациянын Улуттук банкка чыгымдар сметасын жана отчет берүү тартиби жана мөөнөттөрү

Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо жөнүндө Улуттук банк Башкармасынын токтомунда Убактылуу администрацияга жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка жоболор да камтылышы мүмкүн. 

9. Убактылуу администрациянын курамына тартылган адамдар ортосунда милдеттер Убактылуу администратор тарабынан бөлүштүрүлөт. 

10. Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү, Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо жөнүндө токтому көзөмөл органы тарабынан, эгерде токтомдо башкасы каралбаса, ал кабыл алынган учурдан тартып бир жумуш күнү ичинде банктын башкаруу органына тааныштырылууга тийиш. 

Улуттук банк Башкармасынын токтомунун көчүрмөсү, банктын Директорлор кеңешинин кайсыл болбосун мүчөсүнө же жетекчисине көчүрмөнүн экинчи нускасына тапшырылган күндү жана убактысын көрсөтүп, кол койдуруу менен тапшырылат, ал ыйгарым укуктары токтогонго чейин Убактылуу администратордо сакталат. Банк аны алгандыгын тастыктап кол койгон токтомдун экинчи нускасынын көчүрмөсүн Убактылуу администратор көзөмөл органына тапшырат. 

11. Убактылуу администрацияны киргизүү чечими кабыл алынган учурда, эгерде токтомдо башкасы каралбаса, чечим кабыл алынган учурдан кийинки жумуш күнү ичинде көзөмөл органы банктар аралык эсептешүү жана төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштаган уюмдарга, бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды) коргоо агенттигине (мындан ары - Депозиттерди (аманаттарды) коргоо агенттиги), эгер токтомдо башкасы каралбаса, билдирүү-кат жөнөтөт.  

Билдирүү-катта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- Убактылуу администрация киргизилген банктын аталышы; 

- Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынган күндү, анын номерин көрсөтүү менен Убактылуу администрация киргизилгендиги жөнүндө маалымат; 

- Убактылуу администрация киргизилген күн жана убактысы; 

- Убактылуу администрация киргизилген мөөнөт; 

- Убактылуу администратордун аты-жөнү

- Убактылуу администратордун кол тамгасынын үлгүсү

12. Убактылуу администрация 6 айга чейинки мөөнөткө киргизилет. Убактылуу администрациянын мөөнөтү Улуттук банк Башкармасы тарабынан 6 айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. 

13. Убактылуу администрация башталгандыгы жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланат. 

 

3-глава. Убактылуу администрациянын курамы 

 

14. Убактылуу администрациянын курамы иштин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша белгиленет. 

Убактылуу администрациянын курамына Убактылуу администратордон тышкары ал тарабынан ишке тартылган адамдар жана/же Улуттук банктын мүчөлөрү кириши мүмкүн. 

15. Ушул жободо белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген адам Убактылуу администратор катары дайындалышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматкерлери Убактылуу администратор катары дайындоого жол берилбейт. 

16. Убактылуу администратор Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат, анда анын милдеттери, жоопкерчилиги, иштөө шарттары жана эмгек акысы аныкталат. 

17. Улуттук банктын кызматкери болгон Убактылуу администрациянын мүчөлөрү Улуттук банк Башкармасы тарабынан Убактылуу администрациянын ишинде катышуу үчүн дайындалат жана алар Убактылуу администратор тарабынан бөлүштүрүлгөн милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 

18. Убактылуу администрациянын курамына мындай режим киргизилген банктын кызмат адамдары жана аффилирленген жактары, ошондой эле таламдары каршы келген адамдар дайындалбайт. Бул талаптар Улуттук банктын кызматкерлерине да тиешелүү. Мында, Убактылуу администратордун каалоосу боюнча айрым ыйгарым укуктар банктын кызмат адамдарына жүктөлүшү мүмкүн. Алар Убактылуу администратордун тиешелүү буйругу/буйруусу менен тариздетилүүгө тийиш. 

19. Убактылуу администрациянын курамына Аманаттарды (депозиттерди) коргоо агенттигине макулдашуу менен аманаттар жөнүндө маалыматтардын белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүшү, банктын аманатчылар алдында милдеттенмелеринин көлөмү жана түзүмү, Депозиттерди коргоо фондуна салымдарды төлөө маселелери, ошондой эле банктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткаруусу боюнча иш алып барган кызматчылары кире алышат. 

20. Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. 

21. Улуттук банк Башкармасы төмөнкү учурларда башка Убактылуу администраторду дайындоого укуктуу: 

- Убактылуу администратор сыркоолоп калгандыгынан же башка себептерден улам Убактылуу администрация жүргүзүү үзгүлтүккө учураса; 

- Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин шарттарын бузууга жол берилсе; 

- отчеттор өз убагында сунушталбаса жана/же анда туура эмес маалымат чагылдырылса; 

- тиешелүү мыйзам жана ушул жобо аркылуу жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткара албаса, ишкердикти жүргүзүү жөндөмдүүлүгү жок болсо; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын бузулушуна жол берсе; 

- тиешелүү мыйзамда жана ушул жободо белгиленген максаттарга жетүүдө тоскоолдуктарды жараткан аракеттери же аракеттенбей коюулары.  

 

4-глава. Убактылуу администраторго карата квалификациялык талаптар 

 

22. Убактылуу администратордун кызматына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билими тууралуу дипломго ээ болуусу; 

2) финансы-банк системасында кеминде беш жылдык, анын ичинде жетекчи кызматтарда - кеминде эки жылдык эмгек стажы; 

3) банк ишин жана банктык тобокелдиктерди жөнгө салган мыйзамдарды, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүсү

4) кынтыксыз ишкер абройго ээ болуусу; 

5) Убактылуу администрация киргизилген банктын карыз алуучулары, кредиторлору жана банк менен байланыштуу жактар менен таламдардын каршы келбеши.  

23. Убактылуу администраторго ишти Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынган банктарда же башка юридикалык жактарда жана башка уюмдарда айкалыштырып иштөөсүнө, ошондой эле жарандык-укуктук келишим боюнча кызматтарды сунуштоосуна жол берилбейт (окутуучулук, илимий-изилдөө жана чыгармачылык иштеринен тышкары).  

24. Таламдардын каршы келип калышына жол бербөө максатында Убактылуу администратор жана Убактылуу администрация мүчөсү кызмат ордуна талапкерлер өзү жана ишкердик кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматты 6-тиркемеге ылайык сунуштоого милдеттүү

25. Убактылуу администратор жана Убактылуу администрация мүчөсү кызмат ордуна талапкерлер ушул жобого карата 7-тиркемеге ылайык толтурулган анкеталарды сунушташат. Анкеталар Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечим кабыл алууда Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунушталуучу материалдарга кошо тиркелет. 

26. Жеке өзү жана ишкердик кызыкчылыгы жөнүндө маалыматтар Убактылуу администрацияны киргизүүдөөөнөтүн узартууда жана маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүүдө сунушталат. Бул маалымат Убактылуу администрацияны дайындоо чечимин кабыл алууда Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунушталуучу материалдарга кошо тиркелет. 

5-глава. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу 

 

27. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып:  

1) банктын башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары токтотулуп, алар Убактылуу администрацияга өткөрүлүп берилет. Мында, эгерде алар Убактылуу администрация тарабынан бекитилбесе, башкаруу органынын бардык чечимдери укук чегинде кабыл алынбаган катары саналат. Убактылуу администрация, өз ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алуу боюнча ыйгарым укукту эске албаганда, башкаруу органынын бардык ыйгарым укуктарын банктын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жүзөгө ашырат; 

2) банктын атынан юридикалык жак катары Убактылуу администрация гана иш алып барууга укуктуу. Кимдир бирөөнүн банктын атынан кандайдыр бир иш-аракеттери жараксыз катары эсептелинет;  

3) банктын ишеним боюнча тескөөсүндө турган мүлктү эске албаганда, банктан карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук актыларды аткаруу убактылуу токтотулат; 

4) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү кошо алганда, банктын бардык карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат; 

5) пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлер алдында башка бардык финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине ар кандай сыйакыларды (белгиленген эмгек акыны кошпогондо, сыйакылар, бонустар жана башка демилгелөөчү төлөөлөр) төлөөлөр токтотулат; 

6) эгерде Улуттук банк тарабынан башкасы белгиленбесе, бардык банктык операциялар, бүтүмдөр жана башка иштер убактылуу токтотулат; 

7) банк тарап катары иш алып барган жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот иши убактылуу токтотулат; 

8) ыйгарым укуктуу орган тарабынан банкка карата кабыл алынган кандай болбосун мажбурлоо актыларын аткаруу иши убактылуу токтотулат. 

28. Убактылуу администрациянын курамына Улуттук банк тарабынан дайындалган Убактылуу администратор, ал тарабынан тартылган Улуттук банктын адистери жана/же кызматкерлери өз милдетин же мыйзам чегинде тапшырмаларды аткарууда келип чыккан чыгашалар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Алардын укукка жатпаган ишине байланыштуу кине коюулар жана доолор менен Улуттук банкка гана кайрылууга жол берилет. Улуттук банк регресстик тартипте доо коюуга укуктуу. 

29. Банк операцияларын жана төлөмдөрдү, ошондой эле башка иштерди жүзөгө ашыруу тартиби Улуттук банк Башкармасынын токтому менен көзөмөл органынын жана/же Убактылуу администратордун сунушунун негизинде аныкталат. 

30. Улуттук банктын макулдугу боюнча төлөм системаларында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүү системаларында жыйынтыктап эсептешүү эрежелери колдонулушу мүмкүн. Мындай эрежелер “Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого жана мыйзамга ылайык жөнгө салынат. 

 

6-глава. Убактылуу администрациянын ишин уюштуруу жана анын иш тартиби 

 

31. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып банктын кызмат адамдары банктык жайларга тоскоолдуксуз кирүү, активдер жана документтер менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү

32. Убактылуу администрация киргизилген учурда банк жетекчилиги (банк Башкармасынын мүчөлөрү) Убактылуу администрацияга аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай бөлүп берүүгө, үчүнчү жактардын ошол жайга аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, банктын жана Убактылуу администрациянын документтеринин коопсуз сакталышын, ошондой эле Убактылуу администрация өз ишин аткаруусу үчүн зарыл жабдуу жана техника менен камсыз кылууга милдеттүү

33. Эгерде Убактылуу администрация коопсуз иш алып баруусу жана/же кызматтык маалыматтарды коргоо же болбосо келип чыккан жагдайлар өзгөчө иш шартын жана техникалык жактан жабдууну талап кылбаса, Убактылуу администрация өз ишин жүргүзүп жаткан мезгил ичинде банкка тиешелүү кызматтык жайларды, байланыш каражаттарын, автоунаа транспортторун жана башка техникалык каражаттарды банктын аткаруу органы үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда пайдалана алат. 

34. Эгерде Улуттук банк Башкармасы тарабынан башкасы белгиленбесе, Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу максатында зарыл деп эсептеген ыйгарым укуктарды банк жетекчилерине жана кызматкерлерине же болбосо башка адамдарга ыйгарышы мүмкүн. Мындан тышкары Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу үчүн адистерди ишке тартууга укуктуу. 

Бул жөнүндө маалымат Убактылуу администратордун Улуттук банкка сунушталуучу отчетунда чагылдырылууга тийиш. 

35. Убактылуу администратор дайындалгандан кийин тез арада төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- филиалдарга, туунду мекемелерге жана өкүлчүлүктөргө, банктык топко, чет өлкө банкына (Убактылуу администрация киргизилген банктын филиалына) Убактылуу администрация киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт жана Убактылуу администратордун кол тамга үлгүсү чагылдырылган билдирүү-катты жөнөтөт; 

- инвентаризация жүргүзүү үчүн комиссия түзүү, банктын (филиалдардын/туунду мекемелердин) жайларына кирүү укугуна ээ адамдар үчүн өзгөчө өткөрмө режимин киргизүү жөнүндө буйрукту, ошондой эле Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка буйруктарды жана буйрууларды чыгарат. 

36. Убактылуу администратор дайындалгандан кийин тез арада банк-корреспонденттерге Убактылуу администрация режими киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт (SWIFT системасынын каналдары, факс боюнча, башка алгылыктуу байланыш каналдары) жана төмөнкүлөр камтылган билдирүү-кат жөнөтөт: 

- Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынган күндү жана анын номерин көрсөтүү менен Убактылуу администрация киргизилгендиги жөнүндө билдирүү

- Убактылуу администрация киргизилген күн жана убактысы; 

- Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгы; 

- Убактылуу администратор тууралуу маалымат (аты-жөнү) жана байланышуу үчүн маалымат; 

- Убактылуу администратор зарыл деп эсептеген бардык башка маалыматтарды. 

37. Убактылуу администратор иш процессинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-аракеттерди да жүзөгө ашырат. 

 

7-глава. Убактылуу администрациянын укуктары жана милдеттери 

 

38. Убактылуу администрациянын негизги милдетинен болуп Убактылуу администрация режимин мыйзамга ылайык жүзөгө ашыруу саналат. 

39. Убактылуу администратордун милдетине төмөнкүлөр кирет: 

- банктын финансылык абалынын начарлашына жол бербөө чараларын көрүү

- банктын жазууларынын, документтеринин жана активдеринин сакталышын камсыз кылуу; 

- финансылык отчет менен банкта орун алган айкын иш жагдайын салыштырып текшерүү

- банктын чыгашаларын мүмкүн болушунча кыскартуу; 

- зарыл учурларда, укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу аракеттерин Улуттук банкка макулдашуу; 

- катышуучулардын банктын финансылык абалын жакшыртуу үчүн айкын мүмкүнчүлүгү жана ниети болгон шартта, банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү

- банктын андан аркы иши боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо;  

- Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон шартта, банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды көрүү

- Убактылуу администрацияны ишке ашыруу максатында башка чараларды көрүү

40. Убактылуу администратор ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана чегерилген ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышы боюнча Улуттук банк Башкармасына отчет берип турат. Убактылуу администратор өз ишин Улуттук банк менен координациялайт. 

41. Убактылуу администратор ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык, аткарылган иштер тууралуу отчетту түшүндүрмө кат менен бирге отчеттук айдан кийинки айдын 10 (онуна) чейин ай сайын Улуттук банкка (Улуттук банктын Төрагасынын атына) сунуштап турат. 

42. Көзөмөл органы Убактылуу администратордун компетенциясына кирген маселелер боюнча кошумча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

Улуттук банк Башкармасы зарылчылык келип чыккан учурда, Убактылуу администратордон тиешелүү отчетторду сунуштоо мөөнөтүн өзгөртүүгө укуктуу. 

43. Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында филиалдарын жана туунду мекемелерин кошо алганда, банктын отчетторуна (күндөлүк, ар айлык, чейректик, жылдык жана башка отчеттор жана маалыматтар) Убактылуу администратор (филиалдагы/туунду мекемедеги Убактылуу администрациянын өкүлдөрү) жана башкы бухгалтер Улуттук банктын талаптарына ылайык кол коюшат. 

Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында банк тарабынан отчеттор мамлекеттик органдарга да (салык, статистика жана башка органдарга) берилет. 

44. Убактылуу администратор төмөнкүлөргө укуктуу: 

- банктын филиалдарына, ошондой эле анын туунду уюмдарынын башкаруу органдарына Убактылуу администрацияга өкүлдөрдү дайындоо үчүн адистерди дайындоого же тартууга; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акционерлер жыйынын чакырууга; 

- зарылчылыкка жараша банктын жайларын мөөр басып бекитүүгө

- банктын филиалдарын, туунду компанияларын, өкүлчүлүктөрүн, аманат кассаларын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн жабууга; 

- банктын атынан кайсы болбосун документтерге жана келишимдерге кол коюуга; 

- банктын атынан нааразычылыктарды билдирүүгө жана доо талаптарын коюуга; 

- банк ишине көз карандысыз аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө келишим түзүүгө

- Убактылуу администратор өкүлдөрү жана банк кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарга жана буйрууларга кол коюуга; 

- ишке кабыл алуу, кызматка дайындоо, иштен бошотуу, кызматынан төмөндөтүү же кызматынан убактылуу четтетүү, банк кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү буйруктарын/буйрууларын чыгарууга (милдеттүү түрдө эмгек мыйзамынын талаптарын сактоо менен); 

- эмгек мыйзамдарына ылайык банктын (башкы мекеменин, бөлүмдөрдүн, филиалдардын ж.б.) штаттык тизимин карап чыгууга; 

- банкка Убактылуу администрация режимин киргизүүгө себеп болгон жана/же банкта көйгөй жараткан иш-аракеттери үчүн банк жетекчилерин жана катышуучуларын, ошондой эле банк менен байланыштуу башка жактарды көзөмөл органына алымдоо менен жоопкерчиликке тартуу (анын ичинде тиешелүү укук коргоо органдарына жана сот органдарына кайрылуу менен да); 

- банкка Убактылуу администрация киргизилген мезгил ичинде бардык соттордо доочу же жоопкер катары банктын атынан өкүл катары иш алып барууга; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди аткарууга. 

45. Улуттук банк Башкармасынын уруксатынын негизинде Убактылуу администратор төлөөлөр боюнча тиешелүү негиздеменин жана маалыматтын негизинде алардын банктын финансылык абалына жана ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүнө таасири боюнча маалыматты сунуштоо аркылуу банк менен байланыштуу болбогон жактардын аманаттары боюнча суммалардын бөлүгүн же толугу менен төлөөнү ишке ашырышы мүмкүн.  

46. Эгерде банкты реструктуризациялоо мүмкүн эмес жана аны жоюу зарыл деген тыянак чыгарылса, Убактылуу администрация аманатчыларга бардык төлөөлөрдү токтотууга милдеттүү

47. Банкка Убактылуу администрация режими киргизилген күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө Убактылуу администратор банктын учурдагы финансылык абалы жана келечектеги иши жөнүндө отчетту Улуттук банк Башкармасына сунуштоого милдеттүү. Отчет тышкы аудитордун жардамы менен түзүлүшү мүмкүн, анын кызмат көрсөтүүсү үчүн нарк Убактылуу администрация боюнча чыгашаларга кошулат. Убактылуу администратордун отчетунда банкты жоюуда сатып өткөрүлүшү мүмкүн болгон активдердин наркына баа берүүлөр, милдеттенмелердин жана калган капиталдык ресурстардын толук көлөмү, ошондой эле тиешелүү негиздеме берүү менен төмөнкүдөй сунуш-көрсөтмөлөрдүн бири камтылууга тийиш: 

1) көйгөйлөр четтетилгендигине байланыштуу банктын өз алдынча ишин калыбына келтирүү

2) лицензияны кайтарып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо; 

3) банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү

48. Улуттук банк Башкармасы Убактылуу администратордун отчетун жана сунуштарын карап көрүп, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 

- көйгөйлөр четтетилгендигине байланыштуу банктын өз алдынча ишин калыбына келтирүү жөнүндө

- мыйзам талаптарына ылайык банктын лицензиясын кайтарып алуу жана мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө

- банкты реструктуризациялоо сунушун колдоо тууралуу. 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде, Убактылуу администратор Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде банктын андан-аркы ишине тиешелүү иш-чаралар планын даярдап, аны Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт. 

 

8-глава. Банкты реструктуризациялоо  

 

49. Банкты реструктуризациялоо төмөнкү чараларды өз-өзүнчө же комплекстүү түрдө колдонуу аркылуу ишке ашырылат: 

1) банкты кайра капиталдаштыруу; 

2) банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу; 

3) "өтмө банкты" түзүү

Банкты реструктуризациялоо боюнча кайсы болбосун чараны ишке ашырууда алар банктын кредиторлорунун абалын банкты мажбурлап жоюуда орун алчу жагдайга салыштырмалуу начарлатпоого тийиш. Улуттук банк кайсы болбосун мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык реструктуризацияланган банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо чечимин кабыл алууга укуктуу. 

50. Банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды колдонуудан мурда банктын активдерине жана милдеттенмелерине баа берилүүгө тийиш, ал банктын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

51. Банкты реструктуризациялоо боюнча чаралар Убактылуу администратор тарабынан Убактылуу администрация режиминин алкагында Улуттук банктын макулдугу менен ишке ашырылат. 

52. Улуттук банкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка кызыкдар органдар менен макулдашылган, банктарды реструктуризациялоо чараларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы болууга тийиш. 

 

9-глава. Банкты реструктуризациялоо боюнча чаралар ишке ашыруу 

 

53. Убактылуу администратордун банкты реструктуризациялоо жөнүндө сунуш-көрсөтмөсү Улуттук банк тарабынан канааттандырылган шартта, ал 20 календардык күн ичинде банкты реструктуризациялоо боюнча айкын чараларды белгилөө үчүн ушул жобого ылайык зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө жана Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү

54. Убактылуу администратор банктын активдерине жана милдеттенмелерине баа берүү максатында кызмат көрсөтүүлөрүнө банктын каражат эсебинен төлөп берүү аркылуу баа берүүчүлөрдү жана башка адистерди ишке тартууга укуктуу. 

55. Активдерге жана милдеттенмелерге баа берүү жыйынтыгын алгандан кийин Убактылуу администратор Улуттук банкка ушул жобонун 49-пунктунда көрсөтүлгөн банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө өтүнүчтү Улуттук банкка жөнөтөт. Убактылуу администратордун өтүнүчүндө банктын финансылык абалы, банк аманатчылары жана башка кредиторлору, ошондой эле алардын укуктары жана кызыкчылыктары жөнүндө маалымат жана банкты реструктуризациялоо боюнча сунушталган чаралардын жыйынтыгына баа берүүлөр камтылат. 

56. Банкты реструктуризациялоо жөнүндө өтүнүчкө Убактылуу администратор милдеттүү түрдө төмөнкү документтерди кошо тиркөөгө тийиш: 

- банк активдерине жана милдеттенмелерине баа берүү жөнүндө отчет; 

- банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чаралар планы. 

57. Иш-чаралар планында банкты реструктуризациялоо боюнча Убактылуу администратор тарабынан сунушталган бир же бир нече чара көрсөүлүп, анда жүзөгө ашыруу арыл болгон айкын иш-аракеттер жана алардын мөөнөттөрү чагылдырылууга тийиш. 

58. Улуттук банк Убактылуу администратордон өтүнүч кат келип түшкөндөн кийинки 15 жумуш күнү ичинде тиркелген документтерди карап чыгып, жобонун 60-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдердин бирин кабыл алат. 

59. Зарыл учурларда Улуттук банк чечим кабыл алуу үчүн башка документтерди кошумча талап кылууга укуктуу. 

60. Убактылуу администратордон банкты реструктуризациялоо өтүнүчү келип түшкөн күндөн кийинки он беш жумуш күнү ичинде Улуттук банк төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 

- Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандырып, банкты реструктуризациялоо жол-жобосун баштоо; 

- Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жана банкты жоюу жол-жобосун баштоо; 

- Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жана аны милдеттүү түрдө негиздөө менен кайра иштеп чыгууга жөнөтүү

- банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандыруу; 

- Убактылуу администратордун реструктуризациялоо чараларынын бирин колдонуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартып, башка чараларды караштырууну сунуш кылуу. 

61. Улуттук банк өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан шартта, Убактылуу администратор 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка банкты реструктуризациялоо боюнча жаңы/жеткире иштелип чыккан чаралар көрсөтүлгөн өтүнүчтү берүүгө же банкты жоюуну сунуштоого милдеттүү

62. Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандыруу же андан баш тартуу чечими банктын учурдагы абалын, банк аманатчыларынын жана кредиторлорунун кызыкчылыгын, банк же төлөм системалары үчүн маанилүү болгон иш үзгүлтүксүздүгүн, ошондой эле банк жана финансы системаларынын туруктуулугун камсыз кылууну эске алуу менен Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

 

10-глава. Банкты кайра капиталдаштыруу 

 

63. Эгерде ушул жободо же Улуттук банк Башкармасынын чечиминде башкасы белгиленбесе, банкты кайра капиталдаштыруу чараларын жүргүзүүдө банк акционерлеринин жана кредиторлорунун макулдугу талап кылынбайт. 

64. Банкты кайра капиталдаштыруу төмөнкүчө ишке ашырылат: 

1) акционерлердин акцияларынын жана башка капиталдык эсептеринин (резервдердин, бөлүштүрүлбөгөн пайданын, номиналдан үстөк капиталдын ж.б.) эсебинен чыгымдардын ордун жабуу аркылуу. Мында акциялар жоюлат; 

2) банктын акционерлер жана банк менен байланыштуу адамдар алдындагы милдеттенмелеринин эсебинен чыгымдардын ордун жабуу же мындай милдеттенмелерди банктын капиталына өзгөртүп түзүү аркылуу. Бул учурда мындай милдеттенмелер токтотулат; 

3) жаңы акцияларды чыгаруу жана аларды сатуу аркылуу; 

4) субординацияланган кредит тартуу аркылуу; 

5) башка чараларды көрүү аркылуу. 

Банкты кайра капиталдаштыруу боюнча мындай чараларды жүзөгө ашырууда Убактылуу администратор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоого милдеттүү

Банкты кайра капиталдаштыруу боюнча тигил же бул ыкманы тандоодо Убактылуу администратор банктын учурдагы абалына жана болжолдонгон натыйжаларга кылдат талдап-илкитөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш, алар банкты кайра капиталдаштыруу боюнча тигил же бул чараларды колдонуунун натыйжасында алынышы мүмкүн.  

65. Төмөнкүлөргө карата банктын милдеттенмелерин капиталга өзгөртүп түзүүгө жол берилбейт: 

1) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзам боюнча коргоого алынууга тийиш болгон аманаттар боюнча; 

2) кредиторлордун күрөө предметинин наркынан ашпаган суммадагы күрөө менен камсыздалган талаптары боюнча; 

3) банк каражаттарынан өзүнчө эске алынган кардарлар алдында; 

4) эмгек акы, жөлөкпулдары боюнча, ошондой эле банк кызматкеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндан улам келип чыккан милдеттенмелерге; 

5) банктын бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрү боюнча. 

66. Системалуу банкты кайра капиталдаштырууга катышуу жөнүндө чечим Улуттук банктын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Өкмөт тарабынан бөлүнүп берилген каражаттарды тартуу менен системалуу банкты кайра капиталдаштыруу, ушул жобонун 64-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар жүргүзүлгөндөн кийин ишке ашырылат. Өкмөттүн капиталдаштырууга катышуу чечимин кабыл алуу тартиби Улуттук банк менен Өкмөттүн системалык банктарды кайра капиталдаштыруу боюнча биргелешкен ченемдик укуктук актысына ылайык кабыл алынат. 

67. Улуттук банктын каражаттарынын же гарантияларынын эсебинен кайра капиталдаштырууга тыюу салынат. 

68. Системалуу банкты кайра капиталдаштырууга Улуттук банктын макулдугу боюнча башка жактар катышышы мүмкүн. Банкты кайра капиталдаштырууга катышкан жактар банктык мыйзамдарда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

69. Убактылуу администратор банктын катышуучуларына (акционерлерине) банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча кат жүзүндө сунуш менен кайрыла алат.  

Банктын катышуучулары жана кредиторлору банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн зарыл суммадагы акча каражаттарын капиталдаштыруу жөнүндө сунуш менен Убактылуу администраторго кайрыла алышат. Мында, тиешелүү сумма жана аны салуу мөөнөтү Убактылуу администратор тарабынан Улуттук банкка макулдашылат. 

70. Банктын катышуучулары же кредиторлору тарабынан анын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар планы сунушталган учурда, Убактылуу администратор ошол иш-чаралар планы боюнча корутундуну Улуттук банк Башкармасына берет. 

71. Убактылуу администратордун банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу өтүнүчү каанаттандырылган учурда Убактылуу администратор аткарылган/аткарылбаган иш-чараларды жана орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди көрсөтүү менен жүзөгө ашырылган иш- чаралар жөнүндө отчетту Улуттук банкка жума сайын берип турууга милдеттүү

 

11-глава. Банк активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү жана сатуу 

 

72. Улуттук банк тарабынан төмөнкүдөй баа берилген шартта, банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу ишке ашырылат: 

1) банкты банкрот деп таануу коркунучу орун алып турса жана мындай чечимди кабыл албоо аманатчылардын жана банк менен байланыштуу болбогон башка кредиторлордун абалын начарлатышы мүмкүн болсо; 

2) мындай чечим аманатчылардын жана банк менен байланыштуу болбогон башка кредиторлордун коргоонун, ошондой эле депозит базасын сактоонун мыкты ыкмасы болуп саналса; 

3) мындай чара финансы жана банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун сактоо, калктын банктарга карата ишенимине доо кетишине жол бербөө үчүн зарыл болсо. 

Мындай баа берүү Убактылуу администратор сунуштаган маалыматтын негизинде Улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт. Баа берүүдөн кийин ушул пункттун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер аныкталса, көзөмөл органы бул маселени Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт. 

73. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүдө же сатууда банк активдеринин жана милдеттенмелеринин бардыгы же анын кандайдыр бир бөлүгү кандай болбосун көлөмдө жана катышта мыйзам талаптарын эске алуу менен өткөрүлүп берилиши же сатылышы мүмкүн.  

74. Өткөрүп берүүгө же сатууга тийиш болгон активдердин жана милдеттенмелердин тизмеси Убактылуу администратор тарабынан даярдалат жана ал Улуттук банкка өтүнүч кат менен кошо сунушталат. 

Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу жөнүндө билдирүү Улуттук банк тарабынан жалпыга малымдоо каражаттарга жана Улуттук банктын интернет-сайтына жарыяланат. 

75. Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү же сатуу рыноктук шарттарда ишке ашырылат. Банктын активдерин сатуудан түшкөн каражаттар реструктуризациялануучу банкка жумшалат. 

76. Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүүдө же сатууда аларды кабыл алып же сатып алып жаткан жактын тиешелүү лицензиясы же уруксаты болууга тийиш. 

77. Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүүдө же сатууда банктын кредиторлорунун жана акционерлеринин, ошондой эле башка кызыкдар жактардын макулдугу талап кылынбайт. 

78. Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү же сатуу аманатчылардын жана башка кредиторлордун укуктарын бузуу болуп саналбайт. 

79. Биринчи кезекте банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык коргоого алынууга тийиш болгон банктын аманаттары боюнча милдеттенмелери өткөрүлүп берилүүгө тийиш. 

80. Менчиги, милдеттенмелери жана укуктары өткөрүлүп берилбеген же сатылбаган кредиторлор, банк акционерлери жана башка жактар кандай болбосун негиздер боюнча башка жактарга өткөрүлүп берилген же сатылган активдерге, милдеттенмелерге жана укуктарга талапкер болууга же өз укуктарын билдирүүгө укугу жок. 

81. Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүүдө же сатууда Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен Улуттук банк ортосунда макулдашылган көлөмдө жана шарттарда пайдаланылышы мүмкүн.  

82. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары аманаттар боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүүдө банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык коргоого алынууга тийиш болгон аманаттарга карата гана пайдаланылат. 

Убактылуу администратор Улуттук банк тарабынан милдеттенмелерди башка банкка өткөрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган учурдан тартып бир күн ичинде депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга милдеттенмелерди өткөрүп берүү жөнүндө толук маалымат жөнөтөт. 

 

12-глава "Өтмө" банкты түзүү 

 

83. Убактылуу администратор Улуттук банктын макулдугу менен реструктуризациялануучу банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин базасында "өтмө" банкты уюштурууга укуктуу. 

84. "Өтмө" банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жана Улуттук банктын лицензиясын берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурдан тартып жетимиш эки саат ичинде ишке ашырылат. 

85. "Өтмө" банкка лицензия берүү тартиби Улуттук банктын банктарды лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.  

86. "Өтмө" банкты уюштуруу тууралуу расмий жарыялоо Улуттук банктын лицензиясы берилгенден кийинки күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт. 

87. Убактылуу администратор "өтмө" банктын акцияларын кандай болбосун ыкмада кыска мөөнөт ичинде, бирок ал түзүлгөн учурдан тартып бир жылдан кечиктирбестен сатууга милдеттүү. Улуттук банктын чечими боюнча "өтмө" банктын акцияларын сатуу мөөнөтү бир жылга чейинки мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. Эгерде "өтмө" банктын акциялары белгиленген мөөнөттө сатылбаса ал жоюлууга тийиш. "Өтмө" банктын акцияларын сатууга байланыштуу бардык маалыматтар ачык-айкын болууга, ал эми сатып өткөрүү рыноктук шарттарда, айрым сатып алуучуларга артыкчылык берүүсүз ишке ашырылууга тийиш. 

88. "Өтмө" банктын акцияларын сатуудан түшкөн каражаттар реструктуризацияланып жаткан банкка берилет. 

89. Мыйзамда жана ушул жободо каралган, Убактылуу администрацияны киргизүү натыйжалары "өтмө" банкка карата колдонулбайт. 

90. Түзүлгөндөн баштап «өтмө» банк баштапкы төлөм төлөөсүз аманаттарды коргоо системасынын катышуучусу статусуна ээ болот. 

91. «Өтмө» банк юридикалык жак катары реструктуризацияланган банктын мураскери болуп эсептелбейт жана ага мыйзамдарга жана ушул жобого ылайык өткөрүлүп берилгенден башка милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартпайт. 

92. «Өтмө» банкка активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү ушул жобонун «Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү жана сатуу» бөлүгүндө каралган эрежелерге ылайык ишке ашырылат. 

93. «Өтмө» банктын ишин уюштуруу максатында Убактылуу администратор реструктуризацияланган банктын кызматкерлерине «өтмө» банкта тиешелүү кызмат ордуларын сунуштоого укуктуу. 

94. Ушул жобого ылайык төлөмдөрдү эске албаганда, дивиденддерди жана башка жеке пайда алуу укугусуз Убактылуу администратор «өтмө банктын» уюштуруучусу катары иш алып барат.  

95. Аны сатуу үчүн каралган мөөнөт ичинде «өтмө банкка» Улуттук банктын экономикалык ченемдерин сактоо жана уставдык капиталды түзүү талаптары таркатылбайт.  

96. «Өтмө банктын» акциялары сатылгандан кийинки бир ай ичинде жаңы акционер «өтмө банктын» финансылык абалын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын сактоо деңгээлине чейин чыңдоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуусу зарыл. Банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун максималдуу мөөнөтү 12 айдан ашпоого тийиш. 

97. Иш-чаралар планында көрсөтүлгөн шарттардын аткарылбашы, лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, банкка карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга негиз катары саналат.  

98. «Өтмө банкка» лицензия берүүдө Улуттук банк уруксат берилүүчү банктык операциялардын тизмесин өз алдынча аныктайт, ал банктын өтүнүчүнүн негизинде банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүндө кайра караштырылышы мүмкүн.  

 

13-глава. Банктын филиалындагы/туунду мекемесиндеги Убактылуу администратордун өкүлү  

 

99. Ишти уюштуруу максатында Убактылуу администратор өз өкүлү катары адистерди ишке тартышы мүмкүн. Убактылуу администратордун өкүлдөрүнүн саны банктын филиалдарынын, туунду мекемелеринин, аманат кассаларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн санына, ошондой эле иштин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша Убактылуу администратор тарабынан аныкталат. Убактылуу администратордун өкүлүнүн эмгек акысы жана жоопкерчилиги Убактылуу администратор менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгиленет.  

100. Убактылуу администратор тарабынан ишке тартылган адис Убактылуу администратордун өкүлүнүн милдетин аткаруу үчүн финансы-банк тутумунда кеминде 2 (эки) жылдык иш тажрыйбасы болууга, ошондой эле банк менен байланышы болбоого жана таламдардын каршы келип калышына жол бербөөгө тийиш.  

101. Убактылуу администратордун өкүлүн Убактылуу администратордун  буйругу менен дайындалат. Убактылуу администратордун  өкүлү дайындалгандыгы тууралуу буйрукта көрсөтүлгөн күнү өз милдеттерин аткарууга киришет.  

102. Убактылуу администратордун  өкүлү буйруктун көчүрмөсүн филиалдын/туунду мекеменин/аманат кассасынын жетекчисине берет, ал ага кол коюп, берилген күнүн жана убактысын көрсөтүү менен Убактылуу администратордун  өкүлүндө, анын ыйгарым укугу токтотулганга чейин сакталып туруучу көчүрмөнүн экинчи нускасын берет.  

103. Убактылуу администратордун  өкүлү зарылчылыкка жараша Убактылуу администратордун  буйруусу боюнча башка адамга алмаштырылышы мүмкүн.  

104.  Убактылуу администратордун   өкүлүнүн дайындалгандыгы жөнүндө Убактылуу администратор   тарабынан көзөмөл органына маалымдалат.  

105. Убактылуу администратор банктын филиалына (туунду мекемесине), аманат кассасына жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө Убактылуу администрациянын өкүлүн дайындоосуз, баардык бүтүмдөрдү Убактылуу администратор менен макулдашуу аркылуу жүзөгө ашыруу шартында ыйгарым укуктарды банктын филиалынын (туунду мекемесинин), аманат кассаларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчисине өткөрүп бериши мүмкүн.  

 

14-глава. Убактылуу администрациянын чыгашалары  

 

106. Убактылуу администрацияга байланыштуу бардык чыгашалар Убактылуу администрация режими киргизилген банктын эсебинен төлөнөт.  

107. Убактылуу администратордун жана ал тараптан тыштан тартылган адистердин эмгек акысы банктын эсебинен төлөнөт.  

108. Убактылуу администрациянын чыгашалар сметасына Убактылуу администратор тарабынан түзүлөт жана ал Улуттук банкка макулдашылат. Чыгашалар сметасы Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү/узартуу жөнүндө токтомунда бекитилген мөөнөткө ылайык ар айлык сарптоолордун негизинде түзүлөт.  

109. Чыгашалар сметасына Убактылуу администратор кол коет жана ал Убактылуу администрация киргизилгенден/узартылгандан кийинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка макулдашууга сунушталат.  

110. Улуттук банк Башкармасы чыгашалар сметасын алгандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде аны бекитүү/четке кагуу чечимин кабыл алат.  

111. Чыгашалар сметасында Убактылуу администрациянын мүчөлөрүнөн болгон Улуттук банктын жана Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлерин кошпогондо, Убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн эмгек акысы жана Социалдык фондго чегерүүлөр камтылат.  

112. Зарылчылыкка жараша сметада төмөнкүдөй чыгашалар статьялары каралышы мүмкүн:  

- транспорттук чыгашалар; 

- коргоого алууга чыгашалар; 

- байланыш каражаттарына чыгашалар; 

- иш сапарга байланыштуу чыгашалар; 

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө үчүн чыгашалар; 

- почта жана кеңсе товарларына чыгашалар; 

- юридикалык кызматтар үчүн төлөөгө чыгашалар; 

- тышкы аудит кызмат көрстүүлөргө төлөө үчүн чыгашалар; 

- банктын мүлкүнө, анын ичинде кыймылсыз мүлккө баа берүү кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн чыгашалар; 

- убактылуу администраторду камсыздандырууга чыгашалар; 

- башка чыгашалар.  

113. Бекитилген чыгашалар сметасында көрсөтүлгөндөн тышкары кошумча сарптоолор талап кылынган учурда Убактылуу администратордун өтүнүчү боюнча алар Улуттук банк Башкармасына макулдашылышы мүмкүн. Убактылуу администрациянын кошумча чыгашаларын бекитүү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы өтүнүчтү алгандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде кабыл алынууга тийиш.  

114. Убактылуу администратор чыгашалар жана аткарылган иштер боюнча отчетту белгиленген убакыт ичинде сунуштоосу зарыл. 

115. Убактылуу администрациянын чыгашалар боюнча отчету камтылган аткарылган иштер боюнча отчет Улуттук банк Башкармасы тарабынан кароого алынат.  

 

15-глава. Банктын мөөрүн, ачкычтарын жана документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү  

 

116. Убактылуу администратор банкка келгенден кийин банк жетекчиси бардык мөөрлөрдү (штамптарды) жана ачкычтарды (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же банктын мөөрлөрүн жана ачкычтарын каттоо журналына кол коюп берүү менен Убактылуу администраторго өткөрүп берет, ал эми Убактылуу администратор аларды өткөрүп алат.  

Убактылуу администратордун банктын филиалындагы/туунду мекемесиндеги өкүлү банктын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же алар катталуучу тиешелүү журналга кол коюу менен филиалдын/туунду мекеменин жетекчисинен өткөрүп алат.  

117. Банктын жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык тиешелүү тизме боюнча Убактылуу администраторго өткөрүп беришет.  

Документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылып, тиешелүү акт (актылар) менен таризделинет.  

Банктын филиалынын/туунду мекемесинин жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык тиешелүү тизме боюнча Убактылуу администратордун өкүлүнө өткөрүп берет.  

118. Убактылуу администратордун, анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Убактылуу администратор тарабынан тиешелүү документтерге кол коюуга ыйгарым укук чегерилген башка адамдардын кол тамгалары банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.  

 

16-глава. Материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо жана ревизиялоо 

 

119. Убактылуу администратор Убактылуу администрация чарасы киргизилген күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен төмөнкүлөрдү ишке ашырууга милдеттүү:  

- банктын башкы офисиндеги, филиалдарындагы, түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү бардык материалдык баалуулуктарды (негизги каражаттарды, жабдууларды ж.б.), анын ичинде банкка тиешелүү болбогон жана анда күрөөдө, ишенимдүү башкарууда турган мүлктү инвентаризациялоого жана ревизиялоого (мындан ары текст боюнча - инвентаризациялоо). Инвентаризациялоо мөөнөтү Убактылуу администратордун буйругу менен филиалдардын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн санына, аткарыла турган иш көлөмүнө жараша белгиленет, бирок ал Убактылуу администрация киргизилгенден кийин 30 календардык күндөн ашпоого тийиш;  

- банктын, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кассаларындагы, банкоматтардагы, терминалдардагы жана касса түйүнүнөн тышкары операциялык кассалардагы банкнотторго, монеталарга жана башка баалуулуктарга ревизия жүргүзүүгө (мындан ары текст боюнча - ревизия жүргүзүү). Ревизия Убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде ишке ашырылууга тийиш;  

- Убактылуу администрация башталган күнгө карата бардык банк-корреспонденттердин эсептери боюнча тастыктама алуу менен банк-корреспонденттердеги эсептерди такташтырууга. 

Мындан тышкары Убактылуу администратор:  

1) төмөнкүлөрдү тактоого тийиш:  

- рыноктук же корректировкаланган нарк боюнча эсепке алынган баалуу кагаздарды;  

- кредиттерди, Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жана "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды корректировкалоону;  

- баа берилген нарк боюнча таанылган башка активдерди;  

2) такташтыруунун натыйжасында, айрым статьялар боюнча корректировкалоолорду эске алуу менен баланстык отчетту түзөт.  

120. Инвентаризация жана ревизия, курамы Убактылуу администратордун буйругу менен аныкталган комиссия тарабынан ишке ашыралат.  

121. Эгерде банктын жетекчиси (башкы бухгалтери же болбосо башка кызматкери) ревизия жана/же инвентаризациялоону жүргүзүүдөн же болбосо ревизиялоо жана/же инвентаризациялоо боюнча комиссияга катышуудан баш тартса Убактылуу администратор Убактылуу администрация жүргүзүүгө каршы аркеттер көрүлгөндүгү тууралуу акт түзөт.  

Инвентаризациялоо жана ревизия жүргүзүү жана алардын жыйынтыгын тариздетүү, Убактылуу администратордун буйругунда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

 

17-глава. Банктын эсептешүү документтерине кол коюу жана аларды кабыл алуу өзгөчөлүктөрү   

 

122. Убактылуу администратор Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде банктын эсептешүү документтерине кол коюуга укуктуу Убактылуу администратордун жана ал мындай укук чегерген башка адамдардын кол тамгасынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде тариздетилген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берет. 

Областтарда филиалы/туунду мекемеси бар банктын Убактылуу администрация боюнча  өкүлү Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына Убактылуу администратордун өкүлүнүн жана ал мындай укук чегерген башка адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделген карточкаларды (эки нускада) берүүгө тийиш.  

123. Банктын жана анын филиалдарынын/туунду мекемелеринин Убактылуу администрация чарасы киргизилген жана Убактылуу администратор дайындалган учурда банктын төлөм документтерине кол коюуга укуктуу кызматкерлеринин кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкалар жараксыз деп эсептелинет. Көрсөтүлгөн карточкалар Улуттук банкта жана анын тиешелүү областтык башкармалыктарында сакталууга тийиш. 

124. Банктын эсептешүү документтерине биринчи кол коюу укугу Убактылуу администраторго, ал эми банктын филиалынын/туунду мекемесинин эсептешүү документтерине кол коюу укугу Убактылуу администратордун өкүлүнө тиешелүү.  

Банктын төлөм документтерине экинчи кол коюу укугу банктын башкы бухгалтерине же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Убактылуу администратордун   башкы бухгалтердин милдеттерин аткарган өкүлүнө, ал эми банктын филиалынын/туунду мекемесинин эсептешүү документтерине - филиалдын/туунду мекеменин башкы бухгалтерине же Убактылуу администратордун  башкы бухгалтердин милдеттерин аткарган өкүлүнүн сунушу боюнча Убактылуу администратор ыйгарым укук чегерген башка адамга тиешелүү.  

Убактылуу администратор банктын филиалынын жетекчисинин төлөм документтерине биринчи кол коюу ыйгарым укуктарын жана аткарган милдеттерин калтырууга укуктуу.  

125. Банктын жана анын филиалдарынын төлөм документтери, Улуттук банктын эсептешүү операцияларын жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдөрү, банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелер, ушул жобонун 124-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол коюусу менен банк - корреспонденттер тарабынан аткарууга кабыл алынат.  

126. Улуттук банк менен эсептешүүлөр ишке ашырылгандан кийин электрондук цифралык кол тамга коюлган банктын электрондук документтерин аткарууга кабыл алуу өзгөчөлүктөрү Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө макулдашуудан кийин Убактылуу администратор тарабынан аныкталат.  

127. Башка банктар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда, электрондук цифралык кол тамга коюлган банктын электрондук төлөм документтерин аткарууга кабыл алуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.  

 

18-глава. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт  

 

128. Банктын башкаруу органдары жана/же айрым кызматкерлери жана банк менен байланыштуу башка адамдар тарабынан Убактылуу администратордун "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамга жана ушул жобого ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусуна тоскоолдук кылынса же каршы аракеттер көрүлсө, Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт түзөт (ушул жобого карата 3-тиркемеге ылайык).  

Убактылуу администратордун милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн эместиги Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө токтомун аткарууну жокко чыгарбайт жана анын аракети токтотулбайт.  

129. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт, мындай аракеттер аныкталган күнү түзүлүп, ага Убактылуу администратор (ал жок учурда Убактылуу администратордун өкүлү) кол коет жана ал Улуттук банкка жөнөтүлөт.  

130. Банктын филиалында/туунду мекемесинде Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт Убактылуу администратордун өкүлү түзөт жана кол коет. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү Убактылуу  администраторго жөнөтүлөт.  

131. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүг ү жөнүндө акт ал түзүлгөн күндү, кириш номерин, каттоодон өткөргөн жакты көрсөтүү менен банкта милдеттүү түрдө кирген корреспонденция катары каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

132. Банктын башкаруу органдары жана/же анын айрым кызматкерлери, банк менен байланыштуу башка адамдар Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттерди жасалгандыгы фактысы жөнүндө арыз менен Убактылуу администратордун мыйзам актыларына ылайык укук коргоо органдарына кайрылууга укугу бар.  

133. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин жана банк менен байланыштуу башка адамдардын Убактылуу администраторго (анын өкүлдөрүнө) каршы аракеттери, мыйзам актыларына ылайык банкка карата таасир этүү чараларын көрүү үчүн негиз болуп саналат.  

 

19-глава. Убактылуу администрацияны узартуу  

 

134. Убактылуу администрация мөөнөтү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамга ылайык Улуттук банк Башкармасынын чечими менен алты айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.  

135. Көзөмөл органы Убактылуу администрацияны узартуу чечимин кабыл алган күнү, банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелерге белгиленген тартипте маалымдалчу маалымдоо катын даярдайт. Катта Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны узартуу тууралуу тиешелүү чечиминин номери жана күнү көрсөтүлгөн маалымат камтылууга тийиш.  

136. Убактылуу администрация узартылгандыгы тууралуу билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланат. 

 

20-глава. Убактылуу администрацияны токтотуу 

 

137. Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны токтотуу жана Убактылуу администраторду аткарган милдетинен бошотуу токтому күчүнө кирген учурдан тартып Убактылуу администрация токтотулат.  

Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны токтотуу тууралуу чечими Убактылуу администратордун же көзөмөл органынын өтүнүчү боюнча кабыл алынат. Убактылуу администрацияны токтотуу чечими төмөнкү учурларда кабыл алынышы мүмкүн:  

1) Убактылуу администрацияны киргизүү үчүн негиз болгон себептер четтетилсе;  

2) Убактылуу администрациянын мөөнөтү бүткөн учурда;   

3) соттун чечими менен жоюучу дайындалса.  

138. Убактылуу администрация аны киргизүү мөөнөтү аяктаганга чейин эле Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.  

139. Банктын кызмат адамдарынын Убактылуу администрация мезгили ичинде токтотулган ыйгарым укуктары, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кызматтарынан бошотулбаган болсо жана Улуттук банк банктын кызмат адамын алмаштырууну талап кылбаса, Убактылуу администратордун иши токтогондон кийин калыбына келтирилет.  

140. Убактылуу администратор банктын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары калыбына келтирилгенден кийин банктын мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык, макулдашылган мөөнөттө, банктын жетекчисине тизме боюнча өткөрүп берет, ал эми банктын жетекчиси аларды кабыл алат.  

Банктын мөөрлөрүн (штамптары), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделет.  

141. Банк Убактылуу администрация токтотулган учурдан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде банктын эсептешүү документтерине кол коюу укугуна ээ кызмат адамдарынын, ошондой эле башка адамдардын кол тамгасынын үлгүсү түшүрүлүп, тиешелүү түрдө таризделген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

142. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жобонун 137-пунктунун 3) пунктчасына ылайык токтотулган учурда, ал банкка жана анын активдерине контролдукту, ошондой эле мөөрдү (штампты), ачкычты, бухгалтердик жана башка документтерди сот тарабынан дайындалган жоюучуга дароо өткөрүп берүүгө милдеттүү.  

Банктын мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделинет.  

Убактылуу администатор сот тарабынан дайындалган жоюучуга банк менен аффилирленген жактарды кошо алганда, жеке адамдардан болгон аманатчылардын жана башка кредиторлордун тизмегин түзүп, өткөрүп берүүгө тийиш. 

143. Ыйгарым укуктары токтотулгандан кийинки 30 календардык күн ичинде Убактылуу администратор Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгы үчүн бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарын кошо тиркөө менен корутунду отчетту даярдап, аны Улуттук банкка берет. 

144. Улуттук банк менен Убактылуу администратор ортосундагы түзүлгөн келишим Улуттук банкка жыйынтыктоочу отчет тапшырылгандан учурдан тартып токтотулат. Убактылуу администратор менен  түзүлгөн келишимде ушул пунктка ылайык аны токтотуу талабы камтылууга тийиш. 

145. Көзөмөл органы Убактылуу администрацияны токтотуу чечими кабыл алынган күнү билдирүү-кат даярдайт, ал белгиленген тартипте банктар аралык эсептешүү жана төлөмдөрдү жүргүзүү системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелерге тааныштырылат. 

146. Убактылуу администрация токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын расмий интернет сайтына жарыяланат. 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

“Убактылуу администрация жөнүндө”  

жобого карата 1-тиркеме  

 

Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) Убактылуу администрация башталган жана токтотулган учурда милдеттүү түрдө кабыл алынып/өткөрүлүп берилүүчү документтеринин 

МИНИМАЛДУУ ТИЗМЕГИ 

1. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) уюштуруу документтери.  

2. Банк (филиал/туунду мекеме) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү (кайра каттодон өткөндүгү) жөнүндө күбөлүк.  

3. Банк операцияларын, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы, башка лицензиялары жана ага берилген уруксаттар.  

4. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) штаттык тизими, кызматын көрсөтүү менен банктын (филиалдын/туунду мекеменин) кызматкерлеринин, алар иштеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн, кызмат акыларынын, бош кызмат орундарынын тизмеси, ошондой эле банктын кызматкерлеринин өздүк иши жана эмгек китепчелери. Жеке курам жана негизги иш боюнча бардык буйруктар.  

5. Жайгашкан ордун көрсөтүү менен филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана туунду мекемелердин (чет өлкөдөгүлөрдү кошо алганда) тизмеси.  

6. Бүтүндөй алганда банк жана филиалдар боюнча Убактылуу администрация киргизилген/токтотулган күнгө карата банктын (филиалдын/туунду мекеменин) бухгалтердик балансы, ошондой эле баланстык эсеп боюнча отчету.  

7. Эсеп номерин, ар бир делонун (юридикалык делолордо документтердин тизмеси болушу зарыл) барагынын санын билдирген белгиси бар юридикалык делонун номерин көрсөтүү менен банк (филиалдын/туунду мекеменин) кардарларынын тизмеси.  

8. Берилген гарантиялар, аккредитивтер жана банктын башка милдеттенмелери боюнча документтер.  

9. Чарба келишимдерин кошо алганда, банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген бардык бүтүмдөр боюнча келишимдер.  

10. Корреспонденттик мамилелерди түзүү тууралуу келишимдер, тесттик ачкычтарды кошо алганда, электрондук төлөмдөр жана кол тамга үлгүлөрүнүн шифрлери.  

11. Банк (филиал/туунду мекеме) тарабынан жүргүзүлүүчү кредиттик жана башка таржымал, күрөөлүк мүлк жөнүндө документтер, банк тарабынан чыгарылган гарантиялык жана башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

12. Тышкы аудиторлор тарабынан банкта жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор.  

13. Ишеним каттарды эсепке алуу китеби, ошондой эле банк кызматкерлерине, филиалдардын, туунду мекемелердин, өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине жана үчүнчү жактарга берилген ишеним каттардын көчүрмөлөрү.  

14. Банктын аткаруу органынын протоколдору жана чечимдери, тескөөчү документтер жана бул документтердин эсебин жүргүзүү китеби.  

15. Банктын Директорлор кеңешинин отурумдарында жана банктын менчик ээлеринин (акционерлеринин) жыйынында толтурулган протоколдор.  

16. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) чыгыш жана кириш корреспонденцияларын каттоо журналы. Улуттук банк, банк кардарлары, мекемелер менен банктын чыгыш жана кириш корреспонденциялары.  

17. Банк (филиал/туунду мекеме) тарабынан түзүлгөн келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды каттоо журналы.  

18. Төлөм документтеринде биринчи жана экинчи кол коюуга, ошондой эле банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген кредиттик жана башка келишимдерге, эмгек келишимдерге жана контракттарга кол коюу укугуна ээ адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү.  

19. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) административдик-чарбалык чыгашаларынын сметасы.  

20. Суммасын көрсөтүү менен банкка (филиалга/туунду мекемеге) карата соттук тартипте же соттон тышкары коюлган талаптардын, доолордун жана аткаруу барактарынын, ошондой эле банктын башкаларга карата талаптарынын тизмеси.  

21. Негизги каражаттардын, наркы төмөн, тез тосулуучу буюмдардын, башка активдердин, ошондой эле документтердин, архивдин инвентаризациялык описи (инвентаризациялоо аяктагандан кийин берилет).  

22. Банк расмий түрдө талап жөнөтүүсү үчүн пайдаланган фирмалык бланктар (банктын фирмалык символикасын жана башка реквизиттерин камтыган документтердин башка формалары). 

23. Банкта өткөрүлгөн максаттуу жана комплекстүү текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор.   

24. Убактылуу администратордун пикири боюнча банктын (филиалдын/туунду мекеменин) жетекчиси берүүгө тийиш деп эсептеген кандай болбосун башка документтер.  

25. Убактылуу администратор банктын (филиалдын/туунду мекеменин) жетекчисинен кошумча документтерди жана ушул тизмеде көрсөтүлгөн документтердин аныктыгын тастыктаган документтерди талап кылууга укугу бар.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

“Убактылуу администрация жөнүндө”  

жобого карата  2-тиркеме  

 

 

 

Убактылуу администратордун аткарган иши жөнүндө отчетуна карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

1. Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

1) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын бухгалтердик балансы;  

2) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн "Финансылык абал жөнүндө баланстык отчет" формасы;  

3) план чегинде төлөө графигине, келе жаткан айга төлөө графигине (жума боюнча) салыштырганда, отчеттук ай ичинде кредиттердин негизги суммасы жана пайыздар боюнча карыздардын анык төлөнгөндүгү жөнүндө отчет;  

4) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын аманат милдеттенмелери боюнча төмөнкү категориялар боюнча түзүмү: жеке адамдар жана юридикалык жактар, талап боюнча төлөнүүчү жана мөөнөттүү, улуттук жана чет өлкө валютасында, ошондой эле аманатчылардын саны жана кардарлардын эсептери боюнча маалыматтар;  

5) банктын кийинки айга карата (жума боюнча) депозиттик милдеттенмелерин төлөө боюнча болжолдоолор;  

6) активдер классификациясы, мөөнөтү өткөрүлгөн кредиттер боюнча банк тарабынан түзүлгөн камдар (резервдер);  

7) Улуттук банктын пикири боюнча ар айлык отчеттун курамында берилиши (талап боюнча) зарыл болгон башка маалыматтар.  

Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:  

- Убактылуу администрация тарабынан банктын капиталын көбөйтүү үчүн көрүлүүчү чаралар;  

- банктын ликвиддүүлүгүн жакшыртуу жана көбөйтүү боюнча чаралар;  

- Убактылуу администратордун банкты чыңдоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундусу.  

Ай сайын берилүүчү отчетто кыскача түшүндүрмө кат да камтылууга тийиш. Ал катта банкта жана анын филиалдарында (туунду мекемелеринде) иштеп жаткан персоналдын түзүмү жана саны өзгөртүлгөндүгү, банк кызматкерлерин дайындоо жана иштен бошотуу, Убактылуу администрация өкүлдөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат чагылдырылат.  

Кыскача түшүндүрмө катта төмөнкүлөр да камтылууга тийиш:  

- отчеттук мезгил ичинде иштелип чыккан планга ылайык банкты финансылык жактан чыңдоо боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө маалымат, планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылбагандыгынын жана/же мөөнөтүндө аткарылбагандыгынын себебин түшүндүрүү;  

- банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана (же) айрым кызматкерлеринин Убактылуу администратор (анын өкүлдөрүнөөз милдеттерин аткарып жаткан учурда ага каршы иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар;  

- банктын ири бүтүмдөрү жөнүндө маалымат (банк тарабынан ошол мезгил ичинде ишке ашырылган); ошол чаралардын жана бүтүмдөрдүн натыйжалуулугуна талдап-иликтөөлөр; банктын финансылык абалына баа берүүлөр жана кийинки отчеттук мезгилге пландаштырылган чаралар жөнүндө маалымат; 

- банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча талаптарга тиешелүү маалыматтар. 

2. Убактылуу администрация киргизилген бүтүндөй мезгил үчүн отчетто банк ишинин негизги финансылык көрсөткүчтөрүнүн (өздүк каражаттар (капитал), активдер, милдеттенмелер, капиталдын шайкештүүлүк коэффициенти, ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрү ж.б.) өзгөрүүсүн мүнөздөгөн бардык маалыматтар, ошондой эле Убактылуу администрацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу натыйжалары жөнүндө негиздүү корутунду (Убактылуу администрациянын натыйжасы ж.б.) камтылууга тийиш. 

3. Убактылуу администрациянын отчетуна Убактылуу администрация киргизилген мөөнөт ичиндеги буйруктардын жана буйруулардын көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш.  

4. Отчетко Убактылуу администратор кол тамга коет.  

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «___» _________  

токтому менен бекитилген 

“Убактылуу администрация жөнүндө”  

жобого карата 3-тиркеме  

 

 

 

 

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү  

АКТЫСЫ 

_______________________________________________________________________  

(коммерциялык банктын (филиалдын, туунду мекеменин, аманат кассасынын) аталышы)  

_______________________________________________________________________  

(банк (филиал, туунду мекеме, терминал, аманат кассасы) жайгашкан орду, дареги, телефону)  

_____________________ 20____-жылдын "___"___________  

           (түзүлгөн жер)  

 

Мен, Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү____________ (аты-жөнү) төмөндө кол койгон адамдар тарабынан: 

1.________________________________________________________________  

2.________________________________________________________________  

3.________________________________________________________________  

__________________________________________(банктын жетекчисинин, кызмат адамынын/кызматкеринин  аты-жөнү) тарабынан банкта Убактылуу администрацияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылынгандыгы тууралуу____________________________________  

______________________________________________________________ушул акт түзүлдү

(банктын имаратына киргизбей, талап кылынган документтерди бербегендиги туралуу)  

 

Банктын кызматкерине/кызматкерлерине Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү тарабынан Убактылуу администрация режимин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилген.  

Акт төмөнкүлөр тарабынан түзүлгөн:  

_______________________________________________________________ _____  

(Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлүнүн аты-жөнү)    (кол тамгасы)  

 

Таанышып чыктым:  

___________________________________________ ____________________ _____  

         Банк кызматкеринин аты-жөнү (кызмат орду)           (кол тамгасы)  

Актынын экинчи нускасы _____________________________________  берилди. 

                                                (банк кызматкеринин аты-жөнү) (кол тамгасы) 

Банктын кызмат адамдары  

_______________________________________________________________________  

                                           (банк кызматкеринин аты-жөнү)  

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу актысынын мазмуну менен таанышуудан: 

________________________________________________________________ баш тартышты. 

  (Убактылуу администратор/анын өкүлүнүн аты-жөнү) (кол тамгасы)  

 

   

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

“Убактылуу администрация жөнүндө”  

жобого карата  4-тиркеме  

 

 

Убактылуу администрация режиминин жүрүшүндө Убактылуу администратор (анын өкүлдөрү) тарабынан айрым иш-чараларды жүргүзүлүшү боюнча 

ЖОЛ-ЖОБОЛОР 

1. Убактылуу администратор банкка келгенде кассадагы жана сактоо жайындагы акча каражаттардын калдыгын тактап, 3 (үч) нускада акт түзөт.  

2. Банктын сактоо жайын жана кассасын, бардык сейфтерди, ачкыч менен бекиле турган бардык шкафтарды жаап, мөөр басып бекитет.  

3. Архивди кошо алганда, банктын бардык документтери сакталган жайды жаап, мөөр басып бекитет.  

4. Убактылуу администратор банкка келгенде төмөнкүдөй буйруктарды чыгарат:  

1) Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын (аткаруу органынын) ишин токтотуу жана алардын ыйгарым укугунун Убактылуу администраторго өтүшү жөнүндө;  

2) төлөмдөрдү өткөрүү ыргагы жөнүндө;  

3) Убактылуу администраторго банктын бардык чыккан документтерине кол коюу укугун өткөрүү жөнүндө;  

4) Убактылуу администратордун кат жүзүндөгү уруксатысыз кандайдыр бир материалдык мүнөздөгү аракеттерди көрүүгө банктын бардык кызматкерлерине тыюу салуу жөнүндө.  

5. Мүлктүн, материалдык баалуулуктардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу максатында Убактылуу администратор анын кат жүзүндөгү уруксатысыз банктан мүлктөрдү жана документтерди алып чыгууга, ошондой эле кабыл алуу убактысынан тышкары адамдарды кабыл алууга тыюу салынгандыгы жөнүндө банктын көзөмөл кызматына эскерткен буйруктарды чыгарат. 

6. Убактылуу администратор банктын бардык кызматкерлеринин мүлктүн, материалдык баалуулуктардын, документтердин жана башка баалуулуктардын сакталышы үчүн административдик-материалдык жоопкерчилик жүктөлө тургандыгы тууралуу буйрук чыгарат.  

7. Убактылуу администратор жумуш күнүнүн акырында, банктын имаратын чаптап жабууга жооп бере турган комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Комиссиянын курамына Убактылуу администратор (Убактылуу администратордун же/жана Убактылуу администрациянын өкүлдөрү) жана банктын кызматкерлери кирет.  

8. Убактылуу администратор, банктын ар бир кызматкерине колдонуудагы эмгек мыйзамына ылайык иштен бошотулушу ыктымал экендиги тууралуу жекече эскертүүгө тийиш.  

9. Убактылуу администратор Улуттук банктын коопсуздук кызматынан ачкычтарды, сейфтердин ачкычтарын жана электрондук документтерге цифралык кол тамганы түзгөн паролдорду, автоматташтырылган системадан пайдалануу үчүн каралган паролдорду жаңыртып берүү өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.  

10. Зарылчылык келип чыккан учурда Убактылуу администратор Улуттук банкка тиешелүү техникалык каражаттардан пайдалануу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.  

11. Убактылуу администратор ушул жобонун 119-пунктундагы талаптарга ылайык банкта жүргүзүлүп жаткан  инвентаризациянын жана ревизиянын жүрүшүндө Улуттук банкта колдонулган инвентаризация жүргүзүү жана анын натыйжаларын тариздөө тартибине таянуу менен иш алып барууга укуктуу.  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

“Убактылуу администрация жөнүндө”  

жобого карата 5-тиркеме  

 

 

Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу шарттары жана камсыздандыруучуга карата талаптар 

 

1. Убактылуу администратордун кесипкөй жоопкерчилиги Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө токтому кабыл алгандан кийинки бир ай ичинде камсыздандырылууга тийиш.  

2. Жоопкерчилик лимити, камсыздандырылууга тийиш болгон тобокелдиктер банктын иш көлөмүнө, операциялардын масштабына, филиалдар түйүнүнө, штаттык санына жана башка факторлорго жараша Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

3. Камсыздандыруу Убактылуу администратор дайындалган бүтүндөй мезгил аралыгын жана андан кийинки бир календардык жылды камтууга тийиш.  

4. Камсыздандыруу компаниясы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчиликти камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы болууга;  

- өз ишин камсыздандыруу уюму катары кеминде үч жыл жүзөгө ашырган; 

- акыркы календардык жыл ичинде чыгым тартпаган; 

- акыркы календардык жыл ичинде бардык отчеттук күндөргө карата камсыздандыруу уюму үчүн пруденциалдык ченемдерди аткарган; 

- банкроттук же Убактылуу администрация жол-жобосу жүргүзүлбөгөн.  

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

“Убактылуу администрация жөнүндө”  

жобого карата 6-тиркеме   

 

 

Жеке маалымат жана  

ишкердик кызыкчылыктары туралуу маалымат 

Аты-жөнү (толугу менен) ________________________________________________________ 

Туулган күнү, айы, жылы:____________________ 

Туулган жери:___________________ 

Паспортунун №_______________ Берилген күнү__________________ 

Колдонуу мөөнөтү:_____________________ 

Берилген жери______________________ 

Үй дареги (жашаган жери):___________________ 

Катталган жери:_____________________________________ 

Үй телефон номери:__________________________________ 

Уюлдук телефон номери:____________________________________ 

№ 1-таблица. Жакын туугандары тууралуу маалымат (жолдошу/жубайы, ата-энеси, жолдошунун/жубайынын ата-энеси, балдары, бир тууган агалары жана эжелери, чоң эне жана чоң аталары). 

№ 

Аты-жөнү 

Тууганчылыгы 

Туулган күнү  

Иштеген жери  

Кызматы  

Кайсыл убакыттан тартып кызматта  

Жашаган жери  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ 2-таблица. Башка байланыштуу жактар тууралуу маалымат (жеке адамдар) 

№ 

Байланыштуу жактын аты- жөнү  

Иштеген жери 

Кызматы 

Байланыштуулугу  

 

 

 

 

 

 

№ 3-таблица. Убактылуу администратордун, анын жакын туугандарынын жана башка байланыштуу жактардын ишкердик кызыкчылыгы тууралуу маалымат  

№ 

Аты-жөнү 

Юридикалык жактын аталышы  

Ээ болгон үлүшү 

Юридикалык жак менен байланышы  

 

 

 

 

 

 

Мен жогоруда көрсөткөн маалымат анык экендигин тастыктайм. Алар өзгөргөн шартта, жаңыртылган маалыматты сунуштоого милдеттенем.  

 

_____________________(кол тамгасы) 

_____________________(күнү)  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

“Убактылуу администрация жөнүндө”  

жобого карата 7-тиркеме  

 

АНКЕТА 

1. Аты-жөнү ______________________________________________ 

2. Сиздин талапкерлигиңиз сунушталып жаткан позицияны көрсөтүңүз:  

_____________________________________________________________________ 

(кызмат орду, банктын аталышы) 

3. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана эмне себептен өзгөрткөнсүз, ошондой эле мурдагы аты-жөнүңүздү көрсөтүңүз ______________________________. 

4. Туулган күнүңүз жана жериңиз ______________________________________ күн, ай, жыл, шаар, айыл, өлкө

5. Паспортуңуздун сериясы ____________ номери ________________ Ким тарабынан берилген _______________ берилген күнү ______________________ 

6. Жарандыгы ______________________________  

Ал кандай жол менен алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жери боюнча, никеге тургандандан кийин, башка жагдайлар боюнча - түшүнүк бериңиз _________________________________ 

7. Үй дареги (документ боюнча), ______________________ тел. №________________ 

Айкын жашаган орду ____________________________________________________ 

8. Талапкер төмөнкү багыттарда билимге ээ экендиги жөнүндө маалымат: 

- банктык мыйзамдар _____________________________________________________ 

- банктык тобокелдикти тескөө _____________________________________________ 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары ________________________ 

9. Билими ____________________________________ (жогорку, толук эмес жогорку, атайын орто, орто, бакалавр, магистр) 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жана аяктаган жылы 

Диплом боюнча адистиги 

  

  

  

  

10. Эмгек жолун баштагандан бери аткарган иши 

Ишке кирген күн (ай, жыл) 

Иштен бошогон күн (ай, жыл) 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери, иш берүүчүнүн аты-жөнү 

Иштен бошонуу себеби 

  

  

  

  

  

 

11. Кайсы болбосун өлкөдө, кайсы болбосун убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же болбосо кызмат адамы болгон компанияга карата: 

- административдик укук бузууларга жол берүү жөнүндө айыптоолор, анын ичинде мындай иш токтотулган же күнөө жокко чыгарылган болсо (ооба/жок) ___________________ 

- дисциплинардык чара колдонулса (ооба/жок) _______________________________________ 

- мыйзамдарга ылайык, кылмыш ишине жол бергендиги жөнүндө айыпталса, анын ичинде кылмыш иши токтотулса, актоо өкүмү чыгарылса жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган болсо (ооба/жок) ____________________________________________________________________. 

Эгерде болгон болсо, укук коргоо органынын аталышын, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан коюлган күнөөлөрдү жана дисциплинардык өндүрүүлөрдү, соттук териштирүүлөрдүн натыйжасын, чечимдерди чагылдыруу менен укук коргоо органы тарабынан коюлган күнөөлөрдү, айыптоолорду көрсөтүңүз: ______________________________________________________. 

12. Соттолуп, анын мөөнөтү өтөлбөсө, көрсөтүңүз. Болгон болсо түшүнүк бериңиз __________________________________. 

13. Сизге карата кайсы бир кесиптик ишти ээлөө жөнүндө тыюу салуу болгондугун көрсөтүңүз. Эгерде бар болсо, кеңири түшүнүк бериңиз______________________________. 

14. Сиз жетекчи (менеджер), кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз ______________________________. 

Сиз аны менен байланышта болгон жана мажбурлоо тартибинде банкроттукка чыгаруу же жоюу процессинде турган компанияда директор, кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары өзүңүздүн ролуңузду жана жоопкерчиликтүү деңгээлиңизди кеңири баяндап бериңиз. 

15. Сизге же Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон компанияга мамлекеттик жана жөнгө салуу органдары тарабынан иликтөөлөр болду беле? Эгерде болсо, кандай себептер менен экендигин кеңири түшүндүрүп жазыңыз ______________________________________. 

16. Азыркы учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө катышып жатасызбы? Болгон болсо, кеңири түшүнүк бериңиз ______________________________. 

Мен,_______________________________________________________ (аты-жөнү

жогоруда көрсөтүлгөн маалымат толук жана анык экендигин жана ал менин билимиме, ошондой эле анкетада белгиленген маалыматтарга ылайык көрсөтүлгөндүгүн тастыктайм. Мен атайын бурмалоолорго жана калтырып кетүүлөргө жол берген шартта, ал сунушталып жаткан кызматка макулдук берүүдөн баш тартууга негиз боло тургандыгын жана мыйзамга ылайык жоопко тартылууга алып келе тургандыгын түшүнөм. 

 

______________________ 

 

 

20___-жылдын "__" _____________ 

кол тамга 

 

күнү