Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-14\23-12-(ПС)  

токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/1 «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы №51/1 «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-14\23-12-(ПС)  

токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/1  

«Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор: 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы №51/1 «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй згөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пунктундагы «финансы-кредит мекемелери» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдары» дегенге алмаштырылсын. 

- 10-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«- Кыргыз Республикасынын банк мыйзам талаптарын бузууга жол берүү.». 

- 12-пунктун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын банк мыйзам талаптарын дайыма бузууга жол берүү (12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу).»; 

-28-пунктундагы «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы №10/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ортосундагы талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого» деген сөздөр «Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы №19/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого» дегенге алмаштырылсын; 

- 29-пунктундагы «башка финансы-кредит мекемеси» деген сөздөр «башка финансы-кредит уюму» дегенге алмаштырылсын.» 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо» дегенге алмаштырылсын.