Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 31-майындагы  

№ 21/9 токтому 

 

 

 

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү 

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 "Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна. 

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен кредиттик союздарды, микрофинансылык уюмдарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 31-майындагы  

№ 21/9 токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 "Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун: 

- 1.1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 3.1-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Кредиттик союздун кредит саясатында кызматкерлерди карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнүн, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруунун колдонуудагы ыкмаларын эске алуу менен кредиттөө жана карыз алуучунун төлөөгө жүндөмдүүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле кредиттөөдөгү башка маселелерге мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кардарлар менен байланышты жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу, жоопкерчиликтүүлүк менен кредиттөө принциптеринин сакталышы маселелери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп туруу мүмкүнчүлүгү чагылдырылууга тийиш."; 

- 5.1.3-пункттагы: 

биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Негизинен кредит алууга ар бир билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзүү кредиттик союздун саясатына негизденүүгө жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтөөгө алууда төмөнкүдөй негизги факторлорго көңүл буруу зарыл:"; 

үчүнчү абзацынын акыркы сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

"ошондой эле, мыйзам талаптарына ылайык алар бул шартка макул болгон болсо, карыз алуучуга жана кредиттик союздун ыңгайына жараша, аны менен байланыштуу жактарга тиешелүү малыматты (кредиттик отчет) бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылууга тийиш."; 

- 5.1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Эгерде карыз алуучуга кредит берүү маселеси алгылыктуу чечилсе, сунушталган документтердин негизинде карыз алуучунун кредиттик таржымалы түзүлөт. 

Кредиттик союзда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу талаптары каралган маалымат менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо иштелип чыгышы зарыл. Кредиттик союздун кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар менен иш алып барууда мыйзам талаптарына ылайык маалыматтар кандай учурларда гана колдонула тургандыгы так чечмелеп, түшүндүрүүгө тийиш.  

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же алар катышкан видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана аларга тиешелүү башка маалыматтарды жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо максаттарында пайдалануу үчүн ага кардардын (кардарлардын) кат жүзүндө макулдугун алуу талап кылынат. Кредит берилбей калган шартта, кредиттик союз карыз алуучуга анын себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө маалымдоого тийиш."; 

- 7.3.2-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

"Проблемалуу" кредиттер менен иш алып барууда, жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана башка чараларды ишке ашырууда кредиттик союздун кызматкерлери ишкердик жана кесипкөйлүк этиканы так сактоого тийиш.". 

7.3.3-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

үрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү учурунда күрөөлүк кыймылсыз мүлк карыз алуучунун/ күрөө коюучунун жалгыз гана турак жайы болуп саналса, өндүрүп алуу соттун чечими боюнча ишке ашырылат.". 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун бүтүндөй тексти боючна кездешкен "инсайдер" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөдөгү "байланыштуу жактар" дегенге алмаштырылсын: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Бул жобонун талабы аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык компанияларга, ошондой эле микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге, анын ичинде атайы иштелип чыккан терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциби боюнча операцияларды жүзөгө ашырган жана "ислам терезесине" ээ болгон уюмдарга (мындан ары МФУ) таркатылат."; 

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасында банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" дегенге алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 5-1.пункт менен толукталсын: 

"5-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери бөлүгүндө пайдаланылган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында жана өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган МФУлардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет."; 

- 12-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

"МФУ кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлерин карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнүн, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруунун МФУда колдонулуп жаткан ыкмаларын эске алуу менен кредиттөө жана карыз алуучунун төлөөгө жүндөмдүүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле кредиттөөдөгү башка маселелерге мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кардарлар менен байланышты жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу, жоопкерчиликтүүлүк менен кредиттөө принциптеринин сакталышы маселелери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга."; 

- 13-пункттун 3-пунктчасы төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

"Зарыл учурда карыз алуучуларга кредитти реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, МФУнун проблемалуу кредиттерди жөнгө салуу саясаты тууралуу маалымдалууга тийиш. 

"Проблемалуу" кредиттер менен иш алып барууда, жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана башка чараларды ишке ашырууда МФУнун кызматкерлери ишкердик жана кесипкөйлүк этиканы так сактоого тийиш."; 

- 19-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

"МФУда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу талаптары каралган маалымат менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо иштелип чыгышы зарыл. МФУнун кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар менен иш алып барууда мыйзам талаптарына ылайык маалыматтар кандай учурларда гана колдонула тургандыгы так чечмелеп, түшүндүрүүгө тийиш.  

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же алар катышкан видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана аларга тиешелүү башка маалыматтарды жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо максаттарында пайдалануу үчүн ага кардардын (кардарлардын) кат жүзүндө макулдугун алуу талап кылынат."; 

- 20-пункттун: 

- 2-1-пунктчасындагы биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

"мыйзам талаптарына ылайык алар бул шартка макул болгон болсо, карыз алуучуга жана МФУнун ыңгайына жараша, аны менен байланыштуу жактарга тиешелүү малыматты (кредиттик отчет) бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылууга;"; 

- 5-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5) формалдуу эмес кирешеге ээ болгон кардарларды кошо алганда, кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарына баа берүү;"; 

- 36-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

"МФУ карыз алуучунун талабы боюнча анын эсеби тууралуу так жана анык маалыматты сунуштайт (эсеп көчүрмөлөрү, чектер, кредит боюнча төлөө тастыктамасын)."; 

- 52-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Каржылоо саясатында кошо жоопкерчиликтүү топту (ГСО) каржылоого уруксат берилген операциялар тизмеги жана каржылоого байланыштуу башка маселелер, анын ичинде кредит берүү жана аны төлөө күндөрү, кредит боюнча карызга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемаларга тиешелүү маалыматтар менен иш алып баруу эрежелери менен тааныштыруу маселелери каралууга тийиш."; 

- төмөнкү мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын: 

 

"9. Проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу 

 

53. Кредиттин абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана кредит портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максаты "проблемалуу" кредиттерди аныктоо болуп саналат. 

54. Карыз алуучу ал боюнча МФУ менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарбай же кандайдыр бир башка жагдайлардан улам (тышкы жана финансылык), МФУ алдында кредитти төлөө милдеттенмесинин аткарууну коркунуч алдында калтырган кредиттерди "проблемалуу" кредит катары түшүнүү зарыл. 

55. МФУда "проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу боюнча төмөнкүлөрдү камтыган ички документтер иштелип чыгууга тийиш:  

- проблеманы аныктоо жана аны чечүү жолун табуу максатында карыз алуучу менен иш алып баруу; 

- кошумча күрөөнү жана гарантияларды ж.б. алуу; 

- зарылчылык келип чыккан шартта, карыздын түзүмүн (кредитти жана ал боюнча пайыздарды кайтаруу боюнча төлөм графигин кайрадан карап чыгуу, кредиттөө формасын өзгөртүү ж.б.) өзгөртүү программасын иштеп чыгуу. 

56. Ушул иш-чаралар менен катар эле МФУ карыз алуучунун өзү менен туруктуу иш алып барып, ага кредиттик келишим шарттарын бузууга жол берилгендиги, кредитти төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ушундан улам проблемалардын келип чыгышы ыктымалдыгы жагдайын маалымдап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

57. МФУ, кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/саты алышы мүмкүн артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү учурунда күрөөлүк кыймылсыз мүлк карыз алуучунун/ күрөө коюучунун жалгыз гана турак жайы болуп саналса, өндүрүп алуу соттун чечими боюнча ишке ашырылат. 

58. МФУда "проблемалуу" кредиттерге карата андан ары көрүлүүчү иш-аракеттер жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар жетекчиликтин кароосуна мезгил-мезгили менен сунушталып турууга тийиш.  

59. МФУнун "проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу жагында көргөн аракеттери алгылыктуу натыйжа бербесе, МФУ күрөөлүк мүлктөн мажбурлап өндүрүүнү жүргүзүү максатында сотко кайрыла алат. 

60. Кредитти кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, кредиттерди эсептен алып салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн.";  

- жобого карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: "Карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата минималдуу талаптар. 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат. 

1. Жеке адамдан талап кылынуучу документтер: 

1) МФУ тарабынан белгиленген форма боюнча кардардын кол тамгасы коюлган кредит алууга билдирме (топтук кредиттөөдө кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусу кол тамга коет); 

2) билдирме берүүгө чейинки алты ай ичинде ошол МФУдан же башка финансы-кредит мекемелеринен алынган/орду жабылган/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу тарабынан кат жүзүндө сунушталган маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесинде же башка документинде камтылган); 

3) кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет; 

4) кардардын өзү тууралуу кредиттик отчеттун сунушталышына макулдугу (кредит алууга билдирмеде көрсөтүлүшү мүмкүн); 

5) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүндүк берген, анын инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү

6) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген айкын жашаган дареги боюнча маалымкат; 

7) кардардын кирешеси жөнүндө маалымат; 

8) күрөөгө коюлган мүлктүн описи (болгон болсо); 

9) кардардын жубайынын/жолдошунун кредит алууга макулдугу (бир карыз алуучу 50 000 сомдон жогору суммага кредит алса жана учурда кредити болуп, кайталап кредит алса). Ал эми кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларына кредит сунушталган шартта кийин документтин түп нускасын сунуштоо менен жубайынын/жолдошунун макулдугун тастыктаган документ факсимиль, электрондук жана башка байланыш каналдары аркылуу алынат. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдан жогоруда белгиленгендерден тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат: 

1) юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон болсо); 

2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон болсо); 

3) патенттин көчүрмөсү (болгон болсо). 

3. Юридикалык жактан талап кылынуучу документтер: 

1) МФУ тарабынан белгиленген формада толтурулган, кардардын кол тамгасы коюлган кредит алууга билдирме; 

2) билдирме берүүгө чейинки алты ай ичинде ошол МФУдан же башка финансы-кредит мекемелеринен алынган/орду жабылган/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу тарабынан кат жүзүндө сунушталган маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесинде же башка документинде камтылган); 

3) юридикалык жактын жетекчисинин каражаттарды тескөөгө ыйгарым укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү

4) нотариалдык жактан тастыкталган, кол тамга коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн карточкалар; 

5) уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

7) эгерде юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктө салык төлөөчүнүн идентификациялык номери көрсөтүлбөсө, салык органы тарабынан берилген каттоо карточкасынын көчүрмөсү

8) күрөөгө коюлган мүлктүн описи.  

4. Топтук кредит алуу үчүн кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кредиттик каражаттарды алууга ведомосту же ошол топ мүчөлөрү акча каражатын алгандыгын же каражат аларга чегерилгендигин тастыктаган башка документ. 

5. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган каражат булагына баа берүү

6. Мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле кредитти реструктуризациялоодо же мөөнөтүн узартууда, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кардар менен кошумча түзүлгөн келишимдер. 

7. МФУнун тиешелүү органынын кредит берүү, аны реструктуризациялоо же мөөнөтүн узартуу чечими (болгон болсо). 

8. Карыз алуучу менен кат алышуулар (бардык кат-кабарларды кошо тиркөө менен). 

9. Юридикалык документтер (карыз алуучунун ишине тиешелүү документтердин көчүрмөсү, мисалы, накладнойлор, эсеп-фактуралар, өнөктөштөр менен келишимдер ж.б.). 

10. Кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө отчет. 

11. Кардардын, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык типтүү форма боюнча түзүлгөн анкетасы. 

12. Кепил болуучунун кирешеси жөнүндө маалымат. 

13. Кредиттик бюродон кепил болуучу тууралуу алынган кредиттик отчет. 

II. Күрөөгө тиешелүү документтер 

14. Күрөө келишими/Кепилдик берүү келишими. 

15. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттардын, күбөлүктөрүнүн жана башка квалификациялык документтердин көчүрмөсү (болгон болсо). 

16. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктаган документтердин көчүрмөсү. Алардын түп нускасы сейфте сакталууга тийиш. 

17. Күрөө келишими каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөсү (эгерде күрөө мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш болсо). 

18. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөөнү сунуштоо чечими (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо). 

19. Кепил болуучунун жубайынын/жолдошунун кепилдик берүүгө макулдугу (болгон болсо).".