Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 31-майындагы  

№ 21/5 токтому 

 

 

 

"Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына 

карата талаптар жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. "Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 10-декабрындагы № 34/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 "Кредиттөөдөгү чектөөлөр тууралуу" нускоонун жаңы редакциясы жөнүндө" токтомдун 6-пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтому менен бекитилген Улуттук банктын айрым ченедик актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолордун II-бөлүгү

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-сентябрындагы №43/4 "Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 10-декабрындагы № 34/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин инсайдерлер жана аффилирленген жактары менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы №26/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту жана токтомго карата тиркеменин 3 пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын "2003-жылы 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 15-январда 2-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 34/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 12-пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 13/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун биринчи абзацы; 

Улуттук банктын жогоруда аталган токтом менен бекитилген айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун 1-пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы №7/2 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун биринчи пунктунун жыйырма экинчи абзацы; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген тиркеменин 21-пункту. 

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 токтомуна тиркеме 

 

 

Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен 

операцияларына карата талаптар жөнүндө 

НУСКОО 

 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул нускоо, банк ишине, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүргүзгөн, ислам терезесине ээ банктардын, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар) аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда алардын ишине карата талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. 

2. Банк аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар реестрин жүргүзүүгө, ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) кызматкерлери андан тоскоолдуксуз пайдаланууга тийиш. Банк менен байланыштуу жактар реестринде эң аз дегенде банкта кызмат ордун ээлеген кызмат адамынын аты-жөнү, аны менен байланыштуу болгон жакын тууганынын аты-жөнү, анын тууганчылыгы (ата-энеси, аялы, күйөөсү ж.б) жөнүндө маалымат камтылууга тийиш. Банкта маалыматтын сакталышын камсыздаган коопсуздук системасы орнотулган шартта, реестрди электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет.  

3. Банк менен аффилирленген жактын иши, аффилирленген жактардын санына карабастан, алардын өз ара иш алып баруусу банктын капиталында чектүү катышууга негизденген компания менен жактардын өз ара байланышуусу боюнча көзөмөлгө алынышы мүмкүн. 

4. Банк жана банктык топтун катышуучусу тарабынан акча каражаттар (өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган депозит/кредит жана башка активдер) тартылган учурда, башкы компаниядан, банктык топтун катышуучусунан же кайсыл болбосун башка чет өлкөлүк компаниядан/банктык топтун катышуучусунан акча каражаттарды тартууга тиешелүү келишимде, анын аракетин токтотууга чейинки 30 (отуз) жумуш күнү мурда милдеттүү түрдө Улуттук банкка келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүү шарты каралууга тийиш. Мында, билдирүүнүн демилгечиси катары Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган банктык топтун катышуучусу болууга тийиш. 

 

2. Операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөрдү келишүү тартибы 

 

5. Төмөндө келтирилген шарттардын бири орун алган учурда, банк аффилирленген же байланыштуу жактарды кредиттөөгө укугу жок (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоону сунуштоого): 

1) акыркы отчеттук күнгө карата күндөлүк чыгымдар орун алса; 

2) банк менен байланыштуу бир карыз алуучуга туура келген тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.2 ченем) банктын таза суммардык капиталынан 15% ашса; 

3) банк менен байланыштуу башка банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.4 ченеми) таза суммардык капиталынан 15% ашса. 

4) банктын бардык аффилирленген жана/же байланыштуу жактарына сунушталган кредиттердин жана алардын ордун алмаштыруучулардын жалпы суммасы таза суммардык капиталынан 60% артса; 

5) банк Улуттук банк тарабынан белгиленген капиталдын жана өздүк (регулятивдик) капиталдын жеткиликтүүлүгү (шайкештиги) боюнча талаптарга жооп бербесе.  

6. Банкка аффилирленген жана байланыштуу жактарды кредиттөө боюнча ички чектөөлөрдү белгилөө сунушталат, алар Улуттук банк тарабынан белгиленген чектен төмөн болууга тийиш. 

7. Ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын, анын ичинде финансылык салымдардын жана кредиттердин максималдуу өлчөмү, банктын өздүк капиталынын 15% азыраакты түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 60% ашпоосу зарыл. 

8. Банк менен байланыштуу жактар менен келишилген бүтүмдөрдүн суммасы таза суммардык капиталдын 1% ашкан шартта, ал өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүм болуп саналат. Алардын өлчөмү таза суммардык капиталдын 1% - 14% чейинки өлчөмдү түзгөн, өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүмдөр жана аффилирленген жана байланыштуу жактар тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операциялар жөнүндө чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. Мында, Директорлор кеңешинин протоколунда анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы же кызыкчылыкты көздөбөгөндүгү көрсөтүлүүгө тийиш.  

9. Алардын өлчөмү бир эсептик көрсөткүчтөн тартып таза суммардык капиталдын 14% чейинкини түзгөн, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттер жана активдер боюнча чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. Мында, Директорлор кеңешинин протоколунда анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы же кызыкчылыкты көздөбөгөндүгү көрсөтүлүүгө тийиш.  

10. Алардын өлчөмү таза суммардык капиталдын 14% ашкан, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен ишке ашырылган, өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүмдөр, башка банктык операциялар, анын ичинде кредиттер жана аларды алмаштыруучулар жөнүндө чечим акционерлердин жалпы жыйынында кабыл алынат. 

Мында, ачык түзүлүүчү келишимдерди эске албаганда, бүтүмдөр жана операциялар банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

11. Операцияларды ишке ашыруудан же бүтүмгө келишүүдөн алынган киреше бөлүгү банктын аффилирленген же байланыштуу жактардын пайдасына колдонулса же алардын тескөөсүнө өткөрүлүп берилсе да, банктын кайсыл болбосун жак менен ишке ашырылган операциясы же келишилген бүтүмү банктын аффилирленген же байланыштуу жагынын операциясы же бүтүмү катары эсептелинүүгө тийиш.  

12. Банк төмөнкү шарттардын бардыгы аткарылган учурда гана аффилирленген же байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүү же бүтүмдөргө келишүү укугуна ээ: 

1) Нускоонун 13-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн башка операциялар жана бүтүмдөр, ошол эле учурда аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кайсы болбосун башка жактардан болуп саналбагандар, банк менен банктын кардарлары башка жактары ортосунда ишке ашырылган операциялар жана бүтүмдөр үчүн колдонулган шарттарга жана талаптарга караганда кыйла жеңилдетилбеген шарттар жана талаптар каралган учурда гана ишке ашырылат. Мындай шарттардан жана талаптардан улам төмөнкүлөргө жол берилбейт: 

- ошол банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактардан - банк кардарларынан кармалып калгандарга салыштырганда кыйла төмөнкү пайыздарды (анын ичинде банк менен кардар/өнөктөш ортосунда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык макулдашылган үстөк акылар жана/же башка төлөмдөр) же жыйымдарды кармап калууга; 

- ошол банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жактарга - банк кардарларына салыштырганда депозиттер боюнча кыйла жогорку пайыздарды (анын ичинде чектелген мударабаны эске албаганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каражаттарды тартуу) төлөөгө

- ошол банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактардан - банк кардарларынан талап кылынганга караганда кыйла төмөн наркка ээ күрөөнү кабыл алууга. Күрөөнү кабыл алууда аны башка ушул сыяктуу күрөөдөн жогору баалоого жол берген ыкманы колдонууга жол берилбейт; 

- аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактарга - банк кардарларына бул операциянын тобокелдик деңгээлинен же карыз алуучунун кредит төлөө жөндөмдүүлүгү төмөндүгүнөн улам берилбей турган кредиттерди жана кредитти алмаштыруучуларды берүүгө

- банктын аффилирленген же байланыштуу жагынан төмөн сапаттагы активди сатып алуу же төмөн сапаттагы активди күрөө катары кабыл алууга; 

- аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына төлөнүшү мүмкүн болгонго караганда кыйла жогору баада активди сатып алууга; 

- аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактан - банк кардарынан кабыл алынышы мүмкүн болгонго караганда кыйла төмөн баада активди сатууга; 

- башка учурда инвестор же болбосо аффилирленген же банк менен байланыштуу жак баалуу кагаз же ишкердик түрү боюнча тобокелдик деңгээлинен улам баалуу кагаздарга инвестициялабашы мүмкүн болгон баалуу кагаздарга инвестициялоо; 

- товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же мүлктү ижарадобуш берүүгө ыйгарым укук чегерилген акциялар алуу үчүн аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына төлөнө турган бааларга караганда кыйла жогору баада, же аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же банк менен кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына төлөнбөй турган шартта төлөөгө

- банктын аффилирленген же байланыштуу жактардын кредиттерин реструктуризациялоого, мында ошол банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жак - банк кардарына реструктуризациялоого жол берилбейт.  

2) Кредит берилген учурда банктын Директорлор кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган учурга карата анын тобокелдиги "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, канааттандырарлык катары таанылган кредиттерге каралган тобокелдиктен ашпоого тийиш. 

3) Операцияларды же бүтүмдөрдү таза суммардык капиталдын 14% ашпаган өлчөмдө жүргүзүү жөнүндө чечим ар биринин добуш берүүсү аркылуу, көпчүлүк добуш менен (банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын 2/3 бөлүгүнөн көп) банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар эмес мүчөлөрү тарабынан гана, банктын тобокелдик-менеджеринин операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүүдө кызыкдар жактын тике же кыйыр таасиринин жоктугу шартында, банктын аффилирленген же байланыштуу жагы менен операцияларды же бүтүмдөрдү ишке ашырууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдик тууралуу корутундусун эске алуу менен кабыл алынат. Болжолдонуп жаткан операцияга же бүтүмгө тике же кыйыр кызыкчылыгы бар Директорлор кеңешинин төрагасына же кайсыл болбосун мүчөсүнө маселени талкуулоо учурунда Директорлор кеңешинин отурумунда катышууга жол берилбейт жана ал аталган маселе боюнча добуш берүү укугуна ээ эмес. 

4) Банк мындай операциянын же бүтүмдүн жактырылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө протокол толтурууга тийиш, анда операция же бүтүм банкка зыян алып келбестен, анын таламында жүзөгө ашырылып жаткандыгына негиздемени кошо алганда, алардын бардык артыкчылыктарына жазуу жүзүндөгү талдап-иликтөөлөр чагылдырылышы зарыл. Талдап-иликтөөлөрдө төмөнкүлөр камтылат: 

- кредиттик операциялар жана кредитти алмаштыруучулар үчүн кредиттин суммасы, кредит мөөнөтү, пайыздык чени, келишимге ылайык карыз алуучу кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүн далилдеген, ал жөнүндө финансылык маалымат жана кредит боюнча күрөө наркын тастыктаган маалымат; 

- активдерди сатып алуу жана сатууга байланыштуу операциялар же бүтүмдөр үчүн сатып алуу баасын жана актив наркын тастыктаган маалымат; 

- инвестициялар үчүн инвестициялар тобокелдигине баа берүү жана банк менен ошол жактын потенциалдуу пайдасы; 

- аталган операцияны жүргүзүү же бүтүмгө келишүү зарылчылыгы тууралуу толук түшүндүрмө

- активдерди же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу/сатып алуу каралган операциялар же бүтүмдөр үчүн - Директорлор кеңеши, активди сатуу/сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө кеминде үч сунушту карап чыгууга тийиш. Бул сунуштар банк менен байланышы жок же жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон жактар тарабынан сунушталууга жана рыноктук орточо баага туура келүүгө тийиш.  

5) Банк менен ишке ашыруу болжолдонуп жаткан операцияда же бүтүмдө тарап болуп саналган же ушул тарап менен жалпы кызыкчылыктарга ээ банк менен байланыштуу жактар, операцияда же бүтүмдө өз кызыкчылыгынын даражасы жана операциянын же бүтүмдүн башка тарабы менен өз ара мамиленин даражасы жөнүндө маалыматты жазуу формасында ачып берүүгө тийиш. Мындай жазуу жүзүндөгү ачып берүү болжолдонгон операция же бүтүм боюнча добуш берүүгө чейин банктын Директорлор кеңешине берилүүгө жана банктын Директорлор кеңешинин операция же бүтүм боюнча чечим кабыл алуу протоколунун бир бөлүгү болууга тийиш. 

13. Банк социалдык колдоо көрсөтүү программасына ылайык, Директорлор кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн, Шариат кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн эске албаганда, кызмат адамдарына кредит берүүгө укуктуу. Программада банк кызматкерлерине жана кызмат адамдарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн бирдей шарттары каралууга тийиш. Мында, кызмат адамдарын кредиттөө шарттары кеминде төмөнкү талаптарга дал келүүгө тийиш: 

1) Кредиттер банктын кызмат адамдарына турак жайды сатып алууга же курууга гана берилет; 

2) сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай кредит берилген кызмат адамына менчик укугунда таандык болууга тийиш; 

3) сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайда кредит берилген кызмат адамы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү (болгон болсо) жашоосу зарыл; 

4) кредиттин максималдуу өлчөмү он миллион сомдон ашпоого тийиш;  

5) кредиттин максималдуу өлчөмү сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын сексен пайызынан ашпоого тийиш. Кредит сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын кырк пайызынан кем эмес өлчөмдөгү байланыштуу депозит түрүндө кошумча күрөө сунушталган учурда, сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын жүз пайыз өлчөмүндө берилиши мүмкүн; 

6) турак жайдын адилет наркын аныктоо үчүн көз карандысыз баа берүүчүнүн кызматы пайдаланылат; 

7) биринчи күрөө катары сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай гана кабыл алынат; 

8) кызмат адамынын жакын туугандары болуп саналган адамдардан турак жай сатып алуу үчүн кредит берүүгө тыюу салынат.  

Банк жана банктын кызмат адамы ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимде, банктын кызмат адамы ушул пункттун 1-8-пунктчаларында каралган кредиттөө шарттарын бузган учурда, кредиттик келишим ушул нускоонун 17-пунктунда каралган шарттарда өзгөртүлүүгө тийиш.  

14. 12-пункттун 3, 4 жана 5-пунктчаларынын жоболору ушул нускоонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн банктын кызмат адамдары менен ишке ашырылган операцияларга таркатылат.  

15. Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган банктын ички документтери банктын кызмат адамдарын кредиттөө жөнүндө жобону камтууга, "Кыргыз Республикасынынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө жана кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- ушул нускоонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн банктын кызмат адамдарына берилген кредиттердин банктын кредит портфелинин жана анын таза суммардык капиталынын жалпы көлөмүнө карата үлүшүн; 

- кредит түрлөрүн; 

- кредит валютасын; 

- кредиттин максималдуу өлчөмүн; 

- кредиттөө мөөнөттөрүн; 

- пайыздык чендерди (баа түзүү); 

- күрөө наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерди. 

16. Банк кызматкерлерин кредиттөө тартибин жөнгө салган ички документтер Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ошондой эле Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- банк кызматкерлерин кредиттөө тартибин жөнгө салган ички документти, анын актуалдуулугун жана банк ишинин кредит саясатына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн жыл сайын карап чыгууга; 

- банк Башкармасынын (же банктын ушундай эле башка аткаруу органынын) банк кызматкерлерин кредиттөө тартибин жөнгө салган ички документтердин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ишти контролдоого. 

17. Банктын кызмат адамдары ушул нускоонун 12-пунктунда каралган кредиттөө шарттарын бузууга жол берген учурда: 

- банк бузууга жол берүү аныкталган күнү, ушул сыяктуу операциялар үчүн колдонулуучу шарттар менен талаптарга салыштырмалуу кыйла жеңилдетилген кредит берүү шарттарын жана талаптарын карап чыгуу аркылуу кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш; 

- банктын кызмат адамы кредит алган күндөн тартып анын шарттары өзгөргөн күнгө чейин түптөлгөн пайыздар боюнча айырманы банкка кайтарып берүүгө милдеттүү

- пайыздар боюнча айырманы кайтарып берүү, кредиттөө шарттары өзгөргөн айдан кийинки айдан тартып кредит жана ал боюнча пайыздардын ордун жабуу графигинде каралууга тийиш.  

18. Директорлор кеңешинин төрагасы, ушул нускоонун 12-пунктунда колдонулган бардык шарттар Кеңештин мүчөлөрү добуш бергенге чейин аткарылгандыгы тууралуу Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин кайсы болбосун мүчөсү тастыктоочу документтерди добуш бергенге чейин карап чыгууга укуктуу. Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын добуш берген ар бир мүчөсү операцияны же бүтүмдү жактыруу тууралуу чечимине өз кол тамгасын коюусу зарыл. Чечимде Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөсү болжолдонгон операциянын же бүтүмдүн шарттарын карап чыккандыгын, аларды түшүнө тургандыгын жана ушул нускоонун 12-пунктунун 4-пунктчасы боюнча талап кылынуучу талдап-иликтөөлөр менен таанышкандыгын ачык көрсөтүүгө тийиш. 

19. Нускоонун 12-пунктунун 3, 4 жана 5-пунктчаларынын жоболору банктын аффилирленген же байланыштуу жактардан депозиттерди кабыл алуусуна, аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактар - банк кардарлары үчүн каралган шарттарда жана талаптарда банктын эсептешүү-кассалык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана аффилирленген же байланыштуу жактарга насыялык карточкаларды чыгарууга Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген лимиттердин болушу шартында, банктын туунду банк/компаниялар жана байланыштуу жак болуп саналган банк менен спот-операцияларды жүргүзүүсүнө таркатылбайт.  

Акча каражаттары жана субординацияланган насыя банктын Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде ошол банк менен аффилирленген жак болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ эмес башка жактар ортосунда мындай операцияларды жүзөгө ашырууда жана бүтүмдөргө келишүүдө колдонулган шарттарга жана талаптарга салыштырганда, кыйла ыңгайлуу болбогон шарттарда жана талаптарда тартылууга тийиш.  

20. Кредиттөөнү чектөө жөнүндө нускоодо белгиленген учурларда банктын аффилирленген жана байланыштуу жактарын кредиттөөдөн алып салууга болот. 

21. Банктын аффилирленген же байланыштуу жагына берилүүчү ар бир кредит (корреспонденттик иштин жүрүшүндө банктар аралык кредиттен тышкары) күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны сатып өткөрүү наркы төмөнкү өлчөмдөн кем болбоого тийиш:  

1) эгерде кредит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары же кредит берген банктын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо кредит суммасынын 120 пайызынан. 

Байланыштуу депозит, төмөнкүдөй корреспонденттик эсеп болуп саналбаган, өзүнчө мөөнөттүү аманатты (депозитти) билдирет: 

- берилип жаткан кредит мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөттө,  

- күрөө катары тиешелүү негизде тариздетилген,  

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынган; 

- кредит боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардарга жеткиликсиз болуп саналган. 

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркына банк тарабынан ай сайын, ал эми чет өлкө валютасындагы аманат (депозит) түрү боюнча - жума сайын/күн сайын кайра баа берилүүгө тийиш. 

2) кайсы болбосун башка күрөө түрүндө, кредит суммасынын 140 пайызынан. 

22. Эгерде күрөөлүк камсыздоо наркы бара-бара ушул нускоонун 21-пунктунда белгиленген өлчөмдөн төмөндөй баштаса, анда мындай камсыздоо күрөө жөнүндө жаңы келишимди түзүү же буга чейин түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу талап кылынган өлчөмгө чейин кошумча толукталышы зарыл жана кошумча күрөөлүк мүлк менен кепилдик берилүүгө же кайра баа берилген күндөн тартып он беш жумуш күнүнөн кечиктирилбестен белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү нарктагы жаңы күрөө түрүнө алмаштырылууга тийиш.  

23. Банктын аффилирленген же байланыштуу жагына кредит берүү чечими кабыл алынып, кредит берилгенден кийин ал аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банктын аффилирленген жана байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына берилген кредиттер сыяктуу эле көзөмөлгө алынат жана аларга баа берилет. Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактарына инвестициялар аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банктын аффилирленген жана байланыштуу жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына берилген башка инвестициялар сыяктуу эле, мезгил-мезгили менен көзөмөлгө алынууга жана аларга баа берилүүгө тийиш.  

24. Банк кайсыл болбосун жакка төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында, ал менен бүтүмгө келишүүгө жол берилбейт:  

1) банктын аффилирленген же байланыштуу жактары алдында милдеттенмелерди төлөөгө же башка негизде аткарууга; 

2) банктын аффилирленген же байланыштуу жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга; 

3) банктын аффилирленген же байланыштуу жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга. 

 

3. Банк акционерлеринин жалпы жыйынында чечимдерди кабыл алуу тартиби 

 

25. Банк акционерлери коопсуз, алгылыктуу жана ишенимдүү банк ишин камсыз кылуу максатында, өз укуктарын жана милдеттерин акыйкат жана талапка ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү

26. Банк акционерлеринин жалпы жыйыны таза суммардык капиталынан 14% ашкан өлчөмдө кызыкдар болуу менен операцияларды ишке ашыруу же бүтүмдөргө келишүү жөнүндө чечим кабыл алат.  

27. Эгерде банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар эмес мүчөлөрү банктын аффилирленген же байланыштуу жак менен операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүү боюнча кворумдун жоктугунан же болбосо кайсыл болбосун себептерден улам чечим кабыл албаса, маселенин каралышы банк акционерлеринин жалпы жыйынына чыгарылат.  

28. Банктын Директорлор кеңеши этиканын жана адептүүлүктүн жогорку стандарттарын колдоону кошо алганда, банктын ишенимдүү жана акылга сыярлык иши үчүн жоопкерчилик тартат. Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы жыйыны үчүн ушул нускоонун 12-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн талдап-иликтөөнү кошо алганда, сунушталып жаткан операциянын же бүтүмдүн толук сүрөттөлүшүн камтыган так отчетту даярдоого тийиш. Банктын Директорлор кеңеши маселени акционерлердин жалпы жыйынына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин банктын өзгөчө кызыкчылыгында маселени чечүү үчүн кандай болбосун аракеттерди көрүүгө тийиш.  

29. Банктын аффилирленген же байланыштуу жак менен операция же бүтүм боюнча артыкчылык берилиши мүмкүн болгон акционер талкууга катышууга, акционерлердин жалпы жыйынында добуш берүүгө же катышууга же болбосо операцияны же бүтүмдү жактыруу маселеси боюнча (тике же кыйыр же болбосо акционер ал менен жалпы кызыкчылыкка ээ жак аркылуу) добуш берүүгө укугу жок.  

30. Акционерлердин жалпы санынын "макулдук" берүү добушунун 2/3 белгиленген операцияны же бүтүмдү жүргүзүүсүнө "макулдук" берилген учурда гана банктын аффилирленген же байланыштуу жагына алгылыктуу режим сунуштала турган операцияны же бүтүмдү жактыра алышат.  

31. Эгерде банктын ар бир акционерине аталган операция же бүтүм боюнча алгылыктуу режим сунушталышы мүмкүн болгон жак болуп эсептелсе (тике же кыйыр, акционер жалпы кызыкчылыгы бар жак аркылуу) же алар акционерлер санынын үчтөн көбүн түзсө, анда мындай операция же бүтүм акционерлердин жалпы жыйынында кароого алынбайт жана ал банк тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн эмес. 

 

4. Отчетторду сунуштоого карата талаптар 

 

32. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана ушул нускоонун талаптарына ылайык отчет берип турууга тийиш. Алар аталган жактар жана алар менен жалпы кызыкчылыкка ээ байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн бардык операциялардын жана бүтүмдөрдүн суммаларын жана шарттарын көрсөтүү менен банктын бардык аффилирленген жана байланыштуу жактары тууралуу маалыматты камтууга тийиш.  

33. Банк анын кызмат адамдары банктардан алган бардык кредиттери же банкта болгон маалымат боюнча башка операциялар тууралуу жазууларды жүргүзүүгө тийиш. Башка банктардан кредит алган же кредит алуу өтүнүчү менен кайрылган банктын ар бир кызмат адамы кеминде жарым жылда бир жолу отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, отчеттук мезгил ичинде алынган кредиттер тууралуу жазуу жүзүндө отчетторду банкка берип туруусу зарыл. Банк бул отчетторду эсепке алуу үчүн өзүнчө таржымал (досье) жүргүзүп, алар жаңыртылган учурда протокол түзүүгө жана анда отчеттук мезгил ичиндеги бардык өзгөрүүлөр чагылдырылууга тийиш.  

34. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын ар бир мүчөсү, кызмат адамы өзүнүн коммерциялык, бизнес жана башка материалдык кызыкчылыктары тууралуу кат жүзүндөгү маалыматты жылына бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана анын жетекчилигине сунуштап турууга тийиш. Отчетто банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, кызмат адамдары менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактардын тизмеси жана ар бир учур боюнча мындай байланыш деңгээли камтылуусу зарыл. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы, ар бир мүчөсү жана кызмат адамдары отчеттогу маалыматтын өзгөргөндүгү тууралуу эки жумуш күнү ичинде банкка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.  

35. Банк өз ишинин ушул нускоонун талаптарына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн шайкеш ички контролдук системасын колдоого алуусу зарыл.  

36. Банк Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында отчетторду Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

37. Ушул нускоого ылайык талап кылынган тиешелүү тиркемелери (талдап-иликтөөлөрү) менен бардык отчеттор, кредит боюнча бардык карыздар кайтарылып берилгенден кийин жана банктын аффилирленген же байланыштуу жактар менен операциялары жана бүтүмдөрү аяктагандан кийин кеминде 5 жыл банкта сакталууга тийиш.  

 

5. Корутунду жоболор 

 

38. Эгерде мындай операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөргө келишүүнүн натыйжасында банктын финансылык абалы начарласа жана финансылык кыйынчылыктар, ошондой эле банктын, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыгына коркунучтар жаралса, банкка аффилирленген жана байланыштуу жактар менен кайсы болбосун операцияларды жүргүзүүгө жана бүтүмдөргө келишүүгө тыюу салынат.  

39. Эгерде банк акционерлери, Директорлор кеңешинин төрагасы, анын мүчөлөрү жана кызмат адамдары кредит жана кредит алмаштыруучуларын берүү, банктын аффилирленген же байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүү же бүтүмдөргө келишүү боюнча, ушул нускоонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келген чечим кабыл алса же чечимдин кабыл алынышы үчүн добуш беришсе жана анын натыйжасында банк чыгымга дуушар болуп, киреше ала албаса, анда көрсөтүлгөн адамдар мыйзам талаптарына ылайык ошол кредит, операция же бүтүм боюнча чыгымдардын же карыздын банкка кайтарылып берилишине жоопкерчилик тартышат.  

40. Банктын бардык ички документтери (саясаттары жана жол-жоболору) ушул Нускоонун талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

41. Банк менен аффилирленген же байланыштуу жак ортосунда ушул нускоонун жана мыйзам талаптарын бузууга жол берүү менен ишке ашырылган кайсы болбосун операциялары жана бүтүмдөрү жараксыз болуп саналат.  

42. Нускоонун талаптарын аткарбай коюу, Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларды колдонуусу үчүн негиз болуп саналат.