Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Ченемдик актылары" журналынын 2014 жылдын № 1 саны  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52\6 "Депозиттерди тартпаган МФУ лардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу токтому;  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23 декабрындагы № 52\7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар" жөнүндө жобону бекитүү тууралу токтому; 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013 -жылдын 23-декабрындагы № 52\8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому ; 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23 декабрындагы № 52\9 "Коммерциялык банктардын эл аралык операциялары жөнүндө" Жобону бекитүү туралуу токтому; 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23 декабрындагы № 52\10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому ; 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 23-декабрындагы № 52\6 токтому 

 

 

 

 

"Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү

жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. "Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" жөнүндө нускоо (кошо тиркелет) бекитсин;  

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 4-февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 15-мартында 30-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № N2/2 токтом менен бекитилген "Жер-жерлерде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

"нускоонун 1.6. пунктундагы жана "Улуттук банктан лицензияланган башка финансы мекемелери " деген сөздөр "депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы ААКсы" дегенге алмаштырылсын; 

2. Юридика башкармалыгы:  

3. Бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын жана депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.  

5. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 23-декабрындагы № 52\6 токтому менен бекитилген 

 

"Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоо 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө бул нускоо (мындан ары - Нускоо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына (мындан ары - "МФУ жөнүндө" Мыйзам), "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары менен кредиттик союздарында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого, Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине, "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жөнүндө" жобого ылайык иштелип чыккан жана микрофинансылык уюмдарга (мындан ары - МФУ), анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзгөн МФУларга таркатылат: депозиттерди тартпаган микрофинансылык компаниялар (мындан ары - МФК), микрокредиттик компаниялар (мындан ары - МКК), микрокредиттик агенттиктер (мындан ары - МКА).  

2. "МФУ жөнүндө" мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) МФУлардын ишин жөнгө салат жана көзөмөлдүк кылат. 

3. Бул Нускоо менен төмөнкү кыскартылган белгилөөлөр жана негизги түшүнүктөр колдонулат: 

а) Микрофинансылык уюм - жеке адамдар менен юридикалык жактар үчүн микрофинансылык кызматтарды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунуштоо максатында юридикалык жак катары түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекеме; 

б) Микрофинансылык компания - бул акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктан лицензия алган жана юридикалык жактар менен жеке адамдарды микрокредиттөөнү жана "МФУ жөнүндө" мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну ишке ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме; 

в) Микрокредиттик компания - бул, коммерциялык уюмдун кайсы болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктан күбөлүк алган жана жеке адамдар менен юридикалык жактарды микрокредиттөөнү, ошондой эле "МФУ жөнүндө" мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме;  

г) Микрокредиттик агенттик - бул "МФУ жөнүндө" мыйзамда белгиленгендерди эске албаганда, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүнө ээ болгон жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык, жеке адамдар менен юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген кредиттик мекеме; 

д) Байкоо органы - бул МФУнун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун башкаруу органы (Директорлор кеңеши/Байкоо кеңеши); 

е) Аткаруу органы - бул МФУнун күндөлүки ишине жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун башкаруу органы (Башкарма/Дирекция/Башкаруучу); 

4. Бул Нускоо МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарын жана түрлөрүн аныктайт. Мындан тышкары, бул Нускоо МФУлардын ишине текшерүүлөрдүн жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, аларга карата коюлуучу милдеттүү талаптарды аныктайт.  

5. Улуттук банк, МФУлардын ишине, анын ичинде терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.  

 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн максаттары 

 

6. МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттары болуп, негизинен, төмөнкүлөр саналат: 

1) МФУлардын туруктуу жана бекем иш алып баруусуна кесепетин тийгизиши ыктымал болгон тобокелдиктерди, кемчиликтери менен көйгөй жараткан жактарын аныктоо, МФУнун башкаруу ишине баа берүү

2) МФУлардын мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, анын ичинде финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча талаптарга ылайык келишин жана алардын аткарылышын аныктоо;  

3) МФУнун Улуттук банкка берилген регулятивдик отчетунун тууралыгына баа берүү

4) МФУнун абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерин төмөндөтүү максатында аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды иштеп чыгуу, ал эми зарыл болгон учурда - таасир этүү чараларын колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;  

5) МФУлардын Байкоо органдары жана Аткаруу органдары тарабынан буга чейинки текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктардын аткарылышына баа берүү

6) микрофинансылык кызматтардын кредиттер боюнча пайыздык чен түптөлүүчү компоненттер боюнча баа түзүүсүнө, ошондой эле тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартибинин баа түзүүнүн ички саясатына жана МФУлардын бизнес-пландарына ылайык келүүсүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү

7) ошондой эле, МФУларга тиешелүү тобокелдиктерге жараша, алардын башка иш чөйрөсү

 

3. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

 

7. Коюлган максаттарга жараша МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү комплекстүү (МФУ тобокелдиктерине баа берүү үчүн) жана максаттуу (МФУлардын ишинин айрым аспектилерине байкоо жүргүзүү жана кыйла кылдат кароо үчүн) болушу мүмкүн. 

8. Текшерүүлөр план боюнча (МФУларга алдын ала билдирүү менен) сыяктуу эле, күтүүсүз да болушу мүмкүн (боло турган текшерүү жөнүндө жазуу түрүндө алдын ала билдирүүсүз). План боюнча инспектордук текшерүү жүргүзүүдө, Улуттук банк билдирүү катын (1-тиркеме) зарыл документтердин тизмесин тиркөө менен (3-тиркеме) текшерүү башталганга чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен МФУга жөнөтөт, ал эми текшерүүгө жолдомо кагазы (2-тиркеме) МФУга барган учурда берилет. 

9. МФКларды текшерүү жолдомо кагазына Улуттук банктын Төрагасынын орун басары кол коет, ал эми МКК жана МКАларды текшерүү жолдомо кагазына - Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгынын (мындан ары - ИБ) /областтык башкармалыктын начальниги, Улуттук банктын Баткен өкүлчүлүгүнүн директору тарабынан кол коюлат (мындан ары - ОБ).  

Күтүүсүз инспектордук текшерүү жүргүзүлгөн учурда текшерүүгө жолдомо кагазы инспекторлор тобу МФУга барган учурда берилет. 

10. Жеринде барып текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү 35 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. МФУларды текшерүүнүн түрүнө, көлөмүнө, ошондой эле жагдайдын татаалдыгына жараша текшерүү мөөнөтү МФУларды текшерүү үчүн кошумча жолдомо кагазына Улуттук банк Төрагасынын орун басарынын жана МКК менен МКАлар үчүн ИБ/ОБ начальниктеринин кол коюусу аркылуу узартылышы мүмкүн. Ошол эле учурда жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күнүнөн ашпоосу зарыл.  

11. МФУларга инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыштыгы МФУлардын тобокелдигин эске алуу менен Улуттук банк тарабынан аныкталат. Жагдайга/кырдаалга жараша Улуттук банк кыйла байма-бай текшерүүлөрдү пландашы мүмкүн (мисалы, МФУ ишинин начарлашында карыз алуучулардын арыздануулары, укук коргоо органдарынын кайрылуулары жана башкалар боюнча). 

 

4. Инспектордук текшерүү жүргүзүү 

 

12. Текшерүүчү жерге келгенден кийин текшерүүчүлөрдүн жетекчиси МФУнун Аткаруу органы менен төмөнкүлөр боюнча жолугушуу өткөрөт: 

1) текшерүүгө жолдомо кагазын берүүгө, ошондой эле текшерүүнүн масштабдары жана милдеттери жөнүндө билдирүүгө

2) текшерүү жүргүзүү процессин талкуулоого; 

3) иштеген участогун көрсөтүү менен инспекторлорду берүү

4) МФУ жетекчилиги жана кызматкерлери менен байланышуу ыкмаларын аныктоо; 

5) МФУ жетекчилиги менен суроолорго жооп берүү ж.б. 

13. Текшерүүнүн биринчи эле күнү МФУ билдирүү катта тиркелген тизмеде көрсөтүлгөн бардык документтерди берүүгө милдеттүү (3-тиркеме). МФУ, тизмеде көрсөтүлгөн кайсы бир документти же текшерүү процессинде керек болгон документти берүүдөн баш тарткан учурда, же болбосо бул документтерди берүүгө МФУнун мүмкүнчүлүктөрү болбогон учурда, ал бул документтерди берүүдөн баш тарткандыгын же берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондугун негиздеп жазып берүүгө милдеттүү, бул туурасында Инспекциялоо башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди инспекциялоо бөлүмүнүн/областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнүн начальниктерине жана Инспекциялоо башкармалыгына тезинен маалымдалууга тийиш. 

14. Эгерде МФУ мындай негиздеме жазып берүүдөн баш тартса же мындай баш тартуунун жүйөлүү себептерин түшүндүрбөсө, текшерүү тобунун жетекчиси Текшерүүгө каршылык көрсөткөндүгү жөнүндө акт (4-тиркеме) жазат, ага текшерүү тобунун жетекчиси менен МФУнун Аткаруу органы кол коөт. МФУнун Аткаруу органынын кол коюудан баш тартуусу боюнча, Улуттук банктын инспекторлору тарабынан акт түзүлүп, анда, эгерде аткаруу органы тарабынан берилген болсо, баш тартуунун жүйөлөрү көрсөтүлөт. Эгерде баш тартуунун жүйөлөрү берилбесе, анда актыда "жүйөлөрүн (себептерин) көрсөтпөстөн" деген белги коюу зарыл. МФУнун жетекчилери текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жараткан учурда тийиштүү чаралар көрүлөт.  

15. Эгерде инспекторлор келген учурда МФУ катталган даректе жайгашпаган болсо, бул факт кийинчерээк МФУга карата таасир этүү чараларын колдонуу менен инспекторлор тарабынан белгиленет. 

16. МФУ жетекчилиги инспекторлор тобуна ар тараптуу жардам көрсөтүүгө жана төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

1) инспекторлор, МФУнун имаратына эркин кирип-чыгуулары, бардык кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрү, документтерден, ошондой эле инспектордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жазуулардан колдоно алуулары зарыл; 

2) инспекторлор, текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды жана аталган тармакта адис болуп эсептелген МФУнун кайсы болбосун бир кызматкеринен зарыл түшүндүрмөлөрдү жана/же түшүндүрүүлөрдү өз убагында алууга; 

3) эгерде мүмкүн боло турган болсо, инспекторлор тобуна аудио/видео жазууларды жүргүзүүчү аудио/видео жабдуулары жок өзүнчө бөлмө берилиши зарыл, Улуттук банктын текшерүүчү тобуна берилген бөлмөгө үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине жол бербөө, МФУ документтеринин жана Улуттук банктын текшерүүчүлөрүнүн документтерин сактоо коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарга текшерүү жүргүзүүгө зарыл болгон жабдуулар менен техникаларды (бар болгон учурда) берүү зарыл; 

4) көчүрмө жасоо техникасы жок болгон учурда жана инспекторду МФУ кызматкери документтин көчүрмөсүн жасоо үчүн МФУнун аймагынан сырткары коштоп баруудан баш тарткан учурда, инспектор, документтерди МФУнун имаратынан алып чыгаарда МФУнун жооптуу кызматкеринин документтер көчүрмө жасоо үчүн алынып чыгып жаткандыгын тастыктаган колун койдуруусу жана документтер кайтарылган учурда да бардык документтер кайра кайтарылгандыгын тастыктаган дагы бир кол койдуруу зарыл; 

5) текшерүү процессинде көтөрүлгөн административдик жана башка маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү, ошондой эле МФУнун инспекторлор менен мамилелерин координациялоо үчүн МФУ жактан жооптуу адам дайындалат. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси айрым маселелерди талкуулоо үчүн МФУнун жооптуу кызматкери менен мезгил-мезгили менен жолугушууларды өткөрүп турат. 

17. Текшерүүчүлөр, өздөрүнө жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга байланыштуу болгон документтерди (текшерүү үчүн МФУга берилген документтердин жана маалыматтардын тизмесинде көрсөтүлгөн документтер менен чектелбестен (3-тиркемеге ылайык), ошондой эле керектүү документтерден көчүрмө жазууларды жана тастыкталган көчүрмөлөрдү сурап ала алышат жана документтер боюнча МФУдан түшүндүрмө берүүнү талап кылышат.  

 

5. Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча микрофинансылык уюмдардын жетекчилери менен алдын ала жана жыйынтыктап жолугушуулары  

 

18. Комплекстүү текшерүү жүргүзүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун жетекчиси, текшерүүнүн жыйынтыктары жана тыянактарды, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктардын долбоорлорун талкуулоолор жөнүндө МФУнун жетекчилигине маалымдоо үчүн МФУнун Аткаруу органы (же анын милдетин аткарган адам менен) жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдын ала жолугушуу уюштурат. Бул жолугушуунун алкагында МФУ ишинин текшерилген участоктору боюнча текшерүү жүргүзгөн топ тарабынан айтылган тигил же бул маселеге түшүндүрмө же комментарийлерди берүү үчүн МФУга мүмкүндүк берилет.  

Алдын ала жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде кол коюлушу зарыл. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго МФУ кол коюудан баш тарткан учурда, МФУга жолугушууда талкуулаган негизги чагылдырылган кат жолдонот. 

19. Текшерүү аяктагандан кийин текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун Аткаруу органы жана Байкоо органынын мүчөлөрү (зарылдыгына жараша) менен жыйынтыктоочу жолугушууларды өткөрүүсү зарыл, ал МФУнун Аткаруу органына текшерүүнүн жыйынтыктары жана тобокелдикке тиешелүү тыянактарды талкуулоолору тууралуу маалымдоо, ошондой эле сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарды берүү үчүн уюштурулат. Инспекциялоо башкармалыгынын начальниги (же анын кызмат ордун алмаштырган адам) зарылчылыгына жараша жолугушууга катышса болот. Жолугушуунун жүрүшүндө, текшерүү тобунун жетекчиси, МФУ үчүн көбүрөөк тобокелдиктерди жараткан тармактарга көбүрөөк көңүл бурууга тийиш. Мындан тышкары, жыйынтыктоочу жолугушуу, көзөмөл органын тынчсыздандырган маселелер боюнча жагдайды түшүндүрүүгө, инспекторлорго суроо берүүгө мүмкүндүк берет. Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун Аткаруу органына текшерүү учурунда жасалган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар тууралуу маалымат берүүгө тийиш:  

1) кредиттик тобокелдик; 

2) ликвиддүүлүк тобокелдиги; 

3) операциялык тобокелдик; 

4) рынок тобокелдиги; 

5) маанилүүлүккө ээ, башка тобокелдиктер; 

6) МФУну башкарууну баалоо; 

7) текшерүү учурунда ачылган мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар; 

8) башка маанилүү маселелер. 

20. Жыйынтыктап жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү учурунда аныкталган бардык кемчиликтерди оңдоо зарылдыгы жөнүндө МФУнун Аткаруу органына маалымдайт, ошондой эле көрсөтүлгөн проблемаларды алгылыктуу чечүүнүн жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн МФУ менен талкуулайт. Жолугушуунун жүрүшүндө протокол толтурулуп, ага текшерүүнүн жетекчисинин жана МФУнун Аткаруу органынын колу коюлат. МФУ жолугущуунун натыйжасы боюнча протоколго кол кюудан баш тарткан учурда МФУга жолугушууда талкууланган негизги маселелерди чагылдыруу менен кат жөнөтүлөт. 

21. Зарылдыгына жараша текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча олуттуулугун эске алуу менен финансылык отчеттуулукка оңдоолор киргизүү талап кылынышы мүмкүн.  

 

6. Максаттуу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жолугушуу 

 

22. Максаттуу текшерүүнүн акыркы күнү текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун Аткаруу органы менен жолугушуу уюштурат. Жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү учурунда аныкталган бардык кемчиликтерди оңдоо зарылдыгы жөнүндө МФУнун Аткаруу органына маалымдайт, ошондой эле көрсөтүлгөн проблемаларды алгылыктуу чечүүнүн жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн МФУ менен талкуулайт. 

23. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага текшерүү тобунун жетекчиси менен МФУнун Аткаруу органы кол коөт. Түзүлгөн протоколго МФУ кол коюудан баш тарткан учурда, МФУга жолугушууда талкуулаган негизги маселелерди жазып түшүндүрүү менен кат жолдонот. 

 

7. Текшерүү жөнүндө отчет  

 

24. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүүнүн жыйынтыктарын чагылдырган жазуу жүзүндөгү отчет Аткаруу органы менен Байкоо органы үчүн түзүлөт. Чечүүгө зарыл болгон бардык олуттуу проблемаларды жана чараларды камтыган текшерүү жөнүндөгү отчет, текшерүүнүн негизги корутундулары менен тыянактары жөнүндө Аткаруу органы менен Байкоо органына маалымдайт. Отчет, көзөмөл органын тынчсыздандырган бардык тыянактар менен маселелерди, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарды камтыйт.  

25. Жерине барып комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет төмөнкү маселелерди камтыйт (бирок чектелбейт): 

1) МФУ ишине таандык негизги тобокелдиктерге сереп салуу, МФУнун тескөө ишине баа берүү

2) активдердин сапаттарына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кредиттик тобокелдикти камтыган кредит портфелди жана башка активдерди изилдөө

3) тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү максатында активдердин жана пассивдердин тескөөгө алынышына байкоо жүргүзүү

4) МФУ тарабынан сунушталган регулятивдик отчеттогу маалыматтардын аныктыгын текшерүү

5) МФУ ишинин мыйзамдарга жана Улуттук банктын МФУнун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ылайык келишин аныктоо; 

6) микрофинансылык кызматтардын кредиттер боюнча пайыздык чен түптөлүүчү компоненттер боюнча баа түзүүсүнө, ошондой эле тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартибинин баа түзүүнүн ички саясатына жана МФУлардын бизнес-пландарына ылайык келүүсүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү

26. Текшерүү жөнүндө отчеттун негизинде сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктар жазылат, ал текшерүү жөнүндөгү отчет менен бирге МФУнун Аткаруу органына жана Байкоо органына жөнөтүлөт. Бул сунуш-көрсөтөлөр менен жазма буйруктар, МФУ тарабынан Улуттук банктын ченемдик талаптарын сактабагандыгы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берген фактыларын, МФУнун алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылышын жана анын ишиндеги башка кемчиликтерди четтетүү максатында МФУ тарабынан көрүлө турган айкын чараларды аныктайт. Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тарткан учурда, МФУ аларды аткарбай коюунун себептерин көрсөтүү менен көзөмөл органына кат жүзүндө негиздеме сунуштоого тийиш. 

27. Жазма буйруктар, текшерүү жөнүндөгү отчеттун негизинде жазылат жана ал инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча МФУга карата таасир этүүчү биринчи чаралардан болуп эсептелет. Жазма буйруктарды бекитилген мөөнөт ичинде так аткаруу милдеттүү болуп саналат.  

28. МФУну текшерүү жөнүндөгү отчет Улуттук банктын ченемдик документтерине ылайык түзүлөт. Текшерүү жөнүндөгү отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана аны МФУнун үчүнчү жактарга берүүсү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте Улуттук банктын уруксаты менен ишке ашат, Улуттук банктын уруксаты жок МФУ отчетту үчүнчү жактарга бере албайт. МФУлар Текшерүү жөнүндөгү отчеттун сакталышын камсыз кылуулары жана аны кагаз түрүндө же электрондук түрдө таркатпоолору тийиш. 

 

8. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу 

 

29. Текшерүү жөнүндө отчет, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктар "Кызматтык ишке пайдалануу үчүн (ДСП)" грифи коюлуп, чапталган түрдө жана коштомо кат менен МФУнун Аткаруу органына жөнөтүлөт, бул тууралуу текшерүүнүн жыйынтыктарын МФУнун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жыйынтыктап талкуулаган учурдан тартып 30 жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө МФУнун Байкоо органына милдеттүү түрдө маалымдалат. Отчетту алган адамдын аты-жөнү, анын колтамгасы жана отчет алган күн көрсөтүлгөн, отчет жеткирилгендиги тууралуу тастыктама милдеттүү түрдө алынууга тийиш. 

30. Коштомо катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

1) МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ уюштуруучулары (зарыл болгон учурда) жана Аткаруу органынын мүчөлөрү комплекстүү текшерүү жөнүндө отчетту, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарды кылдат карап чыгып, аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүлөрү тийиш;  

2) текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин таанышуу баракчасына кол коюу зарыл; 

3) Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгы/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмү МФУнун Байкоо органы/МФУ уюштуруучулары жана/же Аткаруу органы менен жолугушуу зарыл деп эсептешсе, жолугушуу күнү белгиленет.  

31. Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгынын/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнүн ою боюнча МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ уюштуруучулары жана/же Аткаруу органы менен жолугушуу өткөрүүгө зарылчылык жок болсо, ал эми МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ уюштуруучу(лары)су жана/же Аткаруу органынын мүчөлөрү жолугушуу өткөрүү зарыл деп эсептешсе, анда МФУ жолугушуунун болжолдуу күнүн сунуштоо менен бул жөнүндө Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө билдирүү зарыл. 

32. МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ уюштуруучулары (зарыл болгон учурда) жана/же текшерилген МФУнун Аткаруу органынын мүчөлөрү, текшерүү жөнүндөгү отчетко ар бири кол коюу менен таанышып чыгуулары тийиш (5-тиркеме). Берилген отчет менен таанышуу мөөнөтү отчетту коштомо кат менен алган күндөн тартып 10 жумуш күнүн түзөт. Мөөнөт аяктагандан кийин кол коюлган таанышуу баракчасы Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилет.  

33. МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ уюштуруучу(лары)су (зарыл болгон учурда) жана/же Аткаруу органынын мүчөлөрү, текшерүү жөнүндөгү отчет менен таанышуу барагына кол коюуга тийиш, мында отчетто камтылган тыянактар менен корутундуларга, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарга макул болбоо таанышуу барагына кол коюудан баш тартууга негиз болуп эсептелбейт. 

 

9. Таанышуу барагы 

 

34. Таанышуу барагы Аткаруу органынын бардык мүчөлөрүнүн, зарыл болгон учурда Байкоо органдын мүчөлөрүнүн/МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун кол тамгаларын камтууга тийиш. Отчет менен таанышкандан кийин кол коюлган таанышуу барагы, Улуттук банктын коштомо каты жөнөтүлгөн күндөн тартып Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнө 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилет. МФУ кол коюлган барактын көчүрмөсүн өздөрүнүн делолорунда сактоого тийиш. 

35. МФУнун Байкоо органынын/МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын тигил же бул мүчөсү жок болгон учурда жана/же отчет менен таанышуу үчүн бекитилген мөөнөт ичинде алар менен байланышуу мүмкүн болбогон учурда, МФУ отчетту алган күндөн тартып 5 жумуш күнү ичинде, МФУнун Байкоо органынын/МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын мүчөлөрү таанышуу барагына кол коө албай турган себептерин көрсөтүү менен Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө кат жүзүндө билдирүүгө тийиш. Мындай учурда, таанышуу барагы МФУнун Байкоо органынын/МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын жок мүчөлөрүнүн колтамгаларысыз эле бекитилген мөөнөттө Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилиши мүмкүн. 

36. МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрүн/МФУ уюштуруучу(ларын)сун жана Аткаруу органынын мүчөлөрүн отчет менен тааныштыруу жана таанышуу барагына кол койдуруу жоопкерчилиги мындан ары МФУга жүктөлөт. 

 

10. Эскертүү чаралары жана санкциялар 

 

37. МФУ ишинде кемчиликтер аныкталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик талаптарын бузууга жол берилген учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, МФУга жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чаралары колдонулат. 

38. МФУга карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык мындай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук берилген тиешелүү кызмат адамдары жана органдары, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

39. Эгерде текшерүү учурунда же анын натыйжасында МФУнун Байкоо/Аткаруу органынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде/Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган кылмыш иштерине кирген аракеттерди жасагандыгын, жасап жаткандыгын же жасоого даярданып жаткандыгын тастыктаган маалыматтар аныктала турган болсо, анда Улуттук банк, инспекторлордун тыянактарын тастыктаган материалдарды Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана Улуттук банктын ички жоболору менен жол-жоболоруна ылайык, тийиштүү укук коргоо органдарына (ведомствого караштуу) өткөрүп берүүгө укуктуу.  

 

11. Даттануу тартиби 

 

40. Текшерүү жөнүндө отчетко даттанууга болбойт. 

41. Отчеттун негизинде даярдалган жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга төмөнкү тартиптер сакталган шартта даттанууга болот: 

1) Инспекциялоо башкармалыгынын начальнигине текшерүү жөнүндө отчет менен коштомо катты алгандан кийинки 7 жумуш күнү ичинде жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга макул эместиги тууралуу кат жөнөтүлсө. Инспекциялоо башкармалыгынын начальниги кайрылуу катын карап көрөт жана катты алган күндөн кийинки 7 жумуш күнү ичинде МФУга жооп жөнөтөт; 

2) Инспекциялоо башкармалыгынын жообуна макул болбогон учурда, билдирүүчү жооп кат алган күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына кат жөнөтөт. Улуттук банктын Төрагасынын орун басары МФУнун кайрылуусун аны алгандан тартып 7 жумуш күнү ичинде карап чыгууга тийиш;  

3) Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын чечимине макул болбогон учурда, билдирүүчү Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынан жооп кат алгандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төрагасына кайрылууга укугу бар. Улуттук банктын Төрагасы кайрылууну 10 жумуш күнү ичинде карап чыгат. Зарылчылыкка жараша, Төрага бул маселени Улуттук Банк Башкармасынын талкуусуна сунуштоо тууралуу чечим кабыл ала алат. Мында Улуттук Банк Башкармасы кайрылууну 10 жумуш күнү ичинде карап чыгууга тийиш.  

42. Бардык учурларда кайрылуу каты МФУнун макул эместигинин далилдүү себептерин камтууга, ага тиешелүү таризделген тастыктама документтер камтылууга тийиш. 

43. Бардык учурларда Улуттук банк, билдирүүчүгө кат жөнөтөт, ал эми зарыл учурларда МФУнун Байкоо органынын/уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйрукка даттануу жөнөтүшкөн мүчөлөрү менен жолугушууларды уюштурат.  

44. Жогоруда белгиленген жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйрукка сотко чейин даттануу тартибин сактоо милдеттүү болуп саналат.  

 

 

 

 

 

"Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата 

1-тиркеме 

 

МФК/МКК/МКАлардын  

Аткаруу органынын жетекчисине  

_____________________________ 

________________________________ 

(аты-жөнү

 

_________________________________ 

(МФК/МКК/МКА аталышы) 

 

_________________________________ 

(жайгашкан дареги) 

 

БИЛДИРҮҮ 

 

Ушул документ менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) Инспекциялоо башкармалыгы/Областтык башкармалыктын ________________ көзөмөл бөлүмү, Сизге 20___-жылдын ______ ___________ тартып МФК/МКК/МКА "___________________" ишине комплекстүү текшерүү жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт. 

Текшерүүнү натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле инспекторлордун МФК/МКК/МКАларда жүрүү убактысын кыскартуу максатында, тийиштүү кызматкерлерге катка тиркелген тиркемеде жазылган документтер менен маалыматтарды даярдап коюуга көрсөтмө берип коюуңуз деген өтүнүч менен кайрылам. Бардык документтер менен маалыматтар 20__-жылдын __1-_ ___________ карата абал боюнча даяр болууга жана МФК/МКК/МКАга келген күнү текшерүү тобунун жетекчисине берилүүгө тийиш. 

Эгерде, көрсөтүлгөн документтерди даярдоо учурунда сиздин кызматкерлериңизде кандайдыр-бир суроолор пайда болсо, ошондой эле МФК/МКК/МКАлардын талап кылынган документтер менен маалыматтарды даярдап берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жогоруда көрсөтүлгөн инспектордук текшерүү баштала турган күнгө чейин Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгынын/Областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнүн кызматкери ________________________________________________________ 

(аты-жөнүн, кызматын жана телефон номерин көрсөтүңүз) 

менен күн мурун байланышуу зарыл.  

Текшерүүдө __ инспектордун катышуусу пландалууда, ушуга байланыштуу ____ адамга жумуш орундарын даярдап коюуңуздарды өтүнөбүз.  

Текшерүү ишине байланыштуу маселелер боюнча текшерүү тобуна бардык жактан көмөк көрсөтүүңүздү, МФК/МКК/МКА кызмат адамдарын жана катышуучуларды өз убагында сурамжылоо жана текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууңузду өтүнөбүз. 

 

Тиркеме: Документтер менен маалыматтардын тизмеси ___ барак 

 

Ишиңизге ийгилик каалап, 

 

Инспекциялоо башкармалыгынын/Областтык  

башкармалыктын начальниги ______________________ 

(аты-жөнү, колу)  

 

 

 

"Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата 

2-тиркеме 

 

ЖОЛДОМО КАГАЗЫ 

 

 

______________________________________________________ ишин текшерүүгө (МФК/МКК/МКА толук аталышы) 

 

Ушул документ менен төмөнкү кызматкерлер: 

1. _______________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

2. _______________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

3. _______________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

4. _______________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

5. _______________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

... 

20____-жылдын _______________ тартып, __________________ жумуш күн мөөнөтүндө ___________________________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлүшөт. Текшерүү мезгилинде орун алган кырдаалдарга жараша, текшерүү мөөнөтү Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоодо белгиленген мөөнөттүн чегинде узартылышы мүмкүн . Текшерүү тобунун жетекчиси болуп ____________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

 

дайындалган. 

 

 

 

 

Ишиңизге ийгилик каалап, 

 

Инспекциялоо башкармалыгынын/ 

Областтык башкармалыктын начальниги ______________________(аты-жөнү жана колу) 

 

 

 

 

"Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата  

3-тиркеме 

 

Микрофинансылык уюм тарабынан текшерүү үчүн берилүүчү документтер менен маалыматтардын тизмеси 

 

I. МФУлардын ишин жөнгө салган документтер, жана башка маалыматтар: 

 

1. Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав. 

2. Капиталдын келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат 

3. Улуттук банктын Эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү  

4. Катышуучулардын текшерүү күнүнө карата тизмеси 

5. Уставдык капиталга карата пайыздык катышта ээлик кылган сумманы жана үлүшүн көрсөтүү менен негизги катышуучулардын тизмеси. 

6. МФУлардын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтердин реестри. 

7. МФУлардын ишин жөнгө салуучу жана анын саясатын: ички саясатын, нускоолорду, жоболорду, жол-жоболорду, көрсөтмөлөрдү, жүгүртүлүүчү каттарды жана башка ушу сыяктуу тобокелдикти башкаруу саясатын аныктаган документтер топтому же тобокелдик (кредиттик, рыноктук, операциялык, ликвиддүү ж.б.) катары сыпатталышы МФУ тарабынан идентификацияланат, бааланат, көз салынат жана контролдукка алынат.  

8. МФУларды башкаруу боюнча бардык комитеттердин тизмеси, комитеттин курамы жөнүндө маалымат, комитеттердин курамын бекитүү боюнча документер. 

9. Акционерлердин/катышуучулардын, Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын, Аудит боюнча комитеттин, МФУ Башкармасынын/Аткаруу органынын, Кредиттик комитеттин, Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин жана башка комитеттердин өткөн эки жыл ичиндеги отурумдарынын, чогулуштарынын (бардык материалдарды жана отчетторду кошо тиркөө менен) протоколдору. 

10. Кеңешке келген мөөнөтүн жана жумуш ордун көрсөтүү менен МФУ Директорлор кеңешинин/ Байкоо органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, МФУ Директорлор кеңешинин/ Байкоо органынын мүчөлөрүнүн анкеталары.  

11. Ээлеген кызматын, аткарган милдеттерин көрсөтүү менен МФУ Башкармасынын/Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, МФУ Башкармасынын/Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн жеке иштери. 

12. Тескөөгө алынуучу маселелерди жана аткарылуучу милдеттердин тизмесин көрсөтүү менен МФУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тизмеси. 

13. Ыкчам иш алып барган ар бир маанилүү бөлүм, департамент, топ боюнча телефон номерин көрсөтүү менен байланышуучу негизги кызматкерлердин тизмеси.  

14. МФУнун уюштуруу түзүмү

15. МФУнун стратегиялык өнүгүү планы, өткөн жана учурдагы жылдын бизнес-планы. 

16. Уставдык капиталды түзүү боюнча туруктуу сакталуучу делолор.  

17. Активдердин сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн жетекчилер жана аткаруучулар тарабынан колдонулуучу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн мезгилдүү негизде МФУ жетекчилигине сунушталуучу негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

18. Мезгил-мезгили менен берилип туруучу отчеттор жана өткөн эки жыл ичинде экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө маалыматтар.  

19. Ликвиддүүлүктүн бардык аспектисине мониторинг жүргүзүү, активдер жана пассивдеди тескөө, бардык финансылык тобокелдикти (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөө үчүн колдонулуучу бардык башкаруучу негизги отчеттордун көчүрмөлөрү.  

20. Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен кат алышуулар. 

21. Өздүк курам жана негизги иш боюнча буйруктар. 

22. МФУлардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин тизмеси.  

23. МФУнун штаттык тизими. 

24. Буга чейинки текшерүүлөрдүн жазма буйруктарынын/сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы боюнча отчеттор. 

25. Туунду, көз каранды же байланыштуу компаниялар жөнүндө маалымат. 

 

II. МФУнун кредиттик иши, баалуу кагаздар менен операциялары ж.б. жөнүндө маалыматтар: 

 

1. 20____-жылдын "01"____________күнгө карата карыз алуучунун аталышын, кредиттин тибин, кредиттин суммасын, кредиттин калдыгын (ошондой эле чегерилген, бирок төлөнбөгөн пайыздардын калдыгын көрсөтүү), берилген жана төлөгөн күндү, пролонгациянын санын жана мөөнөтүн, мөөнөтү узартылган күндөрдүн санын, күрөөнүн бар экенин, төлөө шартын, классификациясын, РППУ суммасын, аймагын/областын кошо алганда, 20__-жылдын "1" ______карата абал боюнча кредиттик портфелге баяндама. Кредиттик делолор боюнча көчүрмөлөр да, жок дегенде ушул маалыматтарды көрсөтүү менен даярдалууга тийиш. 

2. Келишим боюнча кайтарып берүүнүн баштапкы күнүнө салыштырмалуу өткөрүп жиберген мөөнөтүн көрсөтүү менен мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин (негизги сумма жана пайыздар) тизмеси. Мындан тышкары, мөөнөтүнөн өткөрүп жиберген төмөнкү аралыктар боюнча жыйынтыгындагы суммаларды да көрсөтүү зарыл: 1-30 күн, 31-90 күн, 91-180 күн, 180 күн жана андан жогору. 

3. 20___жылдын "1"_______карата абал боюнча кредиттик портфелдин классификациясы. 

4. Реструктуризацияланган кредиттердин тизмеси. 

5. Карыз алуучулардын параллелң кредиттеринин бар экенин аныктоо максатында жүргүзүлүүчү иш-чаралар жөнүндө маалымат. "Ишеним" КИБге катышуу жөнүндө маалыматтар. 

6. Кредиттик делолор, күрөөлүк документтер, кредиттерди жана алар боюнча пайыздарды төлөө графиги, тандоого ылайык. 

7. Кредиттерди берүү билдирүүлөрүн каттоо журналы. 

8. Баланстан эсептен алынып салынган, системадан тышкары эсепке алууга чыгарылган кредиттердин тизмеси. 

9. Бир мезгил ичинде мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттердин тизмеси. 

10. Бүтүндөй МФУ боюнча жана ар бир филиалы боюнча өзүнчө өткөн текшерүү мезгилинен тартып, РППУну түзүү боюнча туруктуу сакталуудагы делолор.  

11. МФУ өзү же башкалар үчүн кайсы болбосун ссуданы же башка карыздык милдеттенмени төлөп берүүгө же кайсы бир башка милдеттенменин аткарылышына кепилдик берген кайсы болбосун контрактылардын чагылдырылышы. 

12. Төмөнкү жеке адамдарга жана алар менен байланыштуу адамдарга МФУ тарабынан  

- берилген кредиттердин же башка кредитти алмаштыруучулардын тизмеги: 

- МФУнун аткаруучу кызмат адамдары; 

- МФУнун негизги катышуучулары; 

- МФУ Директорлор кеңешинин мүчөлөрү

- Директорлорунун/катышуучуларынын көпчүлүгү МФУнун директорлорунун/катышуучуларынын көпчүлүгүн түзгөн кайсы болбосун компания; 

- Кайсы болбосун башка аффилирленген уюмдар. 

13. МФУнун инсайдерлери олуттуу кызыкдар болгон карыз милдеттенмелери акцияларындагы МФУ инвестицияларынын тизмеси. 

14. МФУ сатып алган баалуу кагаздардын тизмеси. 

15. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын тизмеси (номиналдык, баланстык жана рыноктук наркы). 

16. Кайтарым сатып алуу же сатуу жөнүндө макулдашуу бар баалуу кагаздарды же башка активдерди сатып алуу же сатуу тизмеси. 

17. Калдыктарын көрсөтүү менен банктагы депозиттер менен эсептердин тизмеси. 

18. Каржылоонун жеке ири булактарынын тизмеси. 

19. Компания менен башка финансы уюмдарынын ортосундагы кредиттик линиялар жөнүндө маалымат. 

20. Акча каражаттарын тартуунун негизги шарттарын көрсөтүү менен (келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) текшерилген күнгө карата каржылоо булактары боюнча маалыматтар.  

21. Керектөөчүлөрдүн даттанууларына жана суроолоруна карата МФУнун жасаган ишараттары боюнча маалыматтар (ички отчеттер). 

22. Негизги кредиттик продукттар боюнча эффективдүү пайыздык чендерге (номиналдык, эффективдүү) тиешелүү эсептешүүлөр жана маалыматтар. 

23. МФУнун баа түзүү, кредиттер боюнча пайыздык чендерди түзүү боюнча ички документтери.  

 

III. Бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана аудит боюнча маалыматтар: 

 

1. 20__-жылдын "01"______ күнүнө карата МФУнун бухгалтердик теңдеми.  

2. Теңдемдин жана алынган пайда жана кеткен чыгашалар жөнүндө бардык статьяларынын чечмелениши. 

3. Акыркы жыл үчүн тышкы жана ички аудит боюнча отчет (жетекчиге жазган катты кошо алганда). Өткөн жыл жана учурдагы жылдын аудитордук пландары менен расписаниелери жөнүндө маалыматтар, тышкы (жетекчиге жазган катты кошо алганда) жана ички аудиттин/Ревизиялык комиссиянын/ички аудит функцияларын аткарган органдын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруу боюнча отчеттор. 

4. Коммерциялык банктар менен төлөп берүүлөр жана кассалык кызматтар боюнча макулдашуулар. 

5. Инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар менен операциялар боюнча маалыматтар. 

6. МРО 20___жылдын "1" _______, 20___жылдын "1" _______, 20___жылдын "1" _______. 

7. Маанилүү оперативдик участоктор боюнча өткөн эки жыл жана үстүбүздөгү жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндөгү отчеттор менен салыштырмалуу кирешелер менен бюджет жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрү

 

IV. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында тобокелдикти жана ички контролдукту тескөө жөнүндө маалымат

 

1. МФУнун кардарларды идентификациялоо жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички документтери (саясаттары, жол-жоболору ж.б.).  

2. Компаниянын тобокел-менеджеринин жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга ("адалдоого") каршы ички контролдук саясатын ишке ашырууга жооптуу кызматкеринин отчеттору.  

3. МФУ менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ортосундагы кат алышуулар. 

4. Кардарлардын тизмеси: 

- тобокелдиктин жогорку категориясы. 

- оффшордук аймакта катталган. 

- эркин экономикалык аймактарда катталган. 

- отчеттордо көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн арткан эсептер боюнча жүгүртүүлөр. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн тизмеси. 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жөнөтүлгөн маалыматтарды эсепке алуу журналы. 

7. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча жооптуу болуп дайындалган кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу жөнүндө маалыматтар. 

8. Ички аудитордун/Ревизиялык комиссиянын/ички аудиттин функциясын аткарган органдын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдук системасын текшерүү боюнча отчеттору. 

 

 

 

 

"Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата  

4-тиркеме  

 

Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө 

 

АКТ 

 

____________________________________________________________________ 

(МФК/МКА/МКК аталышы) 

____________________________________________________________________ 

(МФК/МКА/МКК жайгашкан жери - дареги, телефону) 

 

_________________________ 20__-жылдын "____"__________ (түзүлгөн жери) 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери, ____________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын кызматкери) 

 

МФК/МКА/МКК кызматкери_________________________________________ 

____________________________________________________________________ 

(МФК/МКА/МКК кызматкеринин аты-жөнү, кызматы) 

Аталган МФК/МКА/МКК: _____________________________________________ 

Ишине текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдук көрсөткөндүгү жөнүндө ушул Акт түзүлдү: ____________________________________________________________ 

____________________________________________________________________  

(МФК/МКА/МКК имаратына киргизген жок, инспекторлор сураган МФК/МКА/МКК документтерин берген жок) 

____________________________________________________________________ 

Текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылгандыгы үчүн МФК/МКА/МКК кызматкери Улуттук банк кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылары жөнүндө эскертүү алды. 

 

 

 

Акт түзүлдү: ____________________ _________________ ___________  

(Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) (кызматы) (колу) 

 

Таанышты: ________________________ _________________ ____________ 

(Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) (кызматы) (колу) 

 

 

 

Актынын экинчи нускасын алды: _____________________________ __________ 

(МФК/МКА/МКК кызматкеринин аты-жөнү) (колу) 

 

 

 

 

 

 

 

"Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата  

5-тиркеме 

 

 

20__-жылдын _____ ______ №______  

Улуттук банктын катына тиркеме  

 

 

ТААНЫШУУ БАРАГЫ 

Биз, төмөндө кол койгон МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ уюштуруучу(лары)су жана Аткаруу органынын мүчөлөрү, 20__ -жылдын ______ ___________ тартып, 20___-жылдын ____ __________ чейин 20___-жылдын ______ __________ абалына карата Улуттук банктын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн МФК/МКК/МКА "_______________________" текшерүү жөнүндөгү отчет менен жеке таанышып чыктык.  

 

МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун аты-жөнү (зарылдыгына жараша) 

 

Колу 

 

Күнү 

 

 

 

 

 

 

 

Байкоо органынын мүчөлөрүнүн 

аты-жөнү (зарылдыгына жараша) 

 

Колу 

 

Күнү 

 

 

 

 

 

 

 

Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн 

аты-жөнү 

 

Колу 

 

Күнү 

 

 

 

 

 

 

 

Бул баракка кол коюудан баш тарткан учурда, баш тартууга акт түзүлөт, же документте аты-жөнүн, паспорттогу маалыматтарын көрсөтүү менен үч адамдын колу коюлат, ал үч адамдын катышуусу жана кол коюусу менен бул документтеги маалыматтар Аткаруу органына жеткирилгендигин күбөлөндүрөт.  

 

ЭСКЕРТҮҮ: Бул баракка МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрүнүн/МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын мүчөсүнүн (же анын милдетин аткаруучу адамдын) ар биринин колу коюлууга, андан кийин бул отчетту алган күндөн тартып 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилүүгө тийиш. Таанышуу барагынын Байкоо органынын мүчөлөрүнүн/МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн колу коюлган экинчи нускасы Текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет менен бирге МФК/МКК/МКАда сакталуусу зарыл.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк 

Башкармасынын 2013-жылдын 23 декабрындагы 

№ 52\7 токтому 

 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар" жөнүндө жобону бекитүү тууралу 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43 - беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар" жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика Башкармалыгы: 

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Кыргызстандагы кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациасын, Кредиттик союздардын Улуттук ассоциациасын "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 

2013-жылдын 23-декабрындагы № 52\7 токтому менен бекитилген 

 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобо 

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары-Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясы бар кредиттик союздарга (мындан ары - кредиттик союздар) жайылтылат.  

2. Кредиттик союздарда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасын калыптандыруу ушул Жобонун максаты болуп саналат.  

3. Жободо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында берилген аныктамалар колдонулат.  

4. Кредиттик тобокелдик - бул, кардарлар/сунуштоочулар/өнөктөштөр өз милдеттенмелерин келишим мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык аткарбагандыгынан улам келип чыккан жоготуу тобокелдиги, анын кесепети кредиттик союздун капиталына же анын пайдасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.  

Кредиттик тобокелдик, карыз алуучунун күнөөсү боюнча анын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам, төлөө мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилишине сыяктуу эле, күрөөнүн сапатына, менчиктин формасына, тармактык тиешелүүлүгү боюнча карыз алуучунун түрүнө, гарантиялардын болушуна жана анын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын ишенимдүүлүгүнө, кредиттер боюнча мурда алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүгө, карыз алуучунун ишинин андан-ары өнүгүү келечегине да байланыштуу. Кредиттик тобокелдик кредиттик союздун катышуучу-кардарынын/сунуштоочунун/өнөгүнүн (мындан ары - кардар) күнөөсү боюнча анын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам, төлөө мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилишине сыяктуу эле, күрөөнүн сапатына, кардардын менчигинин формасы боюнча түрүнө, тармактык тиешелүүлүгүнө, гарантиялардын болушуна жана анын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын ишенимдүүлүгүнө, кредиттер боюнча мурда алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүгө, карыз алуучунун ишинин андан ары өнүгүү келечегине да байланыштуу. 

Кредиттик тобокелдик кредиттик союздун ишинин бардык түрлөрүндө орун алышы ыктымал, мында алгылыктуу натыйжа, кардардын же болбосо контрагенттердин кредиттик союздун келишимде жана/же макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин аткарышына жараша болот. 

Кредиттик тобокелдикти тескөө максаты, кредиттик союздун бул тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин аныктоодон, анын келип чыгуу себептерине иликтөөлөрдү жүргүзүүдөн жана тобокелдиктин артышынын ички жана тышкы тенденцияларын аныктоодон, ошондой эле алардын негизинде кредиттик тобокелдикти болжолдоого жана аны алгылыктуу чекке чейин басаңдатуу үчүн зарыл чараларды көрүүдөн көрүнөт. 5. 5. 

5. Кредиттик союздар тарабынан жүргүзүлгөн операциялар жана бүтүмдөр  

Шариаттын стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүлөрү тийиш. 

6. Кредиттик союздар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын жана бүтүмдөрдүн Шариат стандарттарына (принциптерине) ылайык келишин кредиттик союзда же кредиттик союздардын ассоциацияларында түзүлгөн Шариаттык кеңеш камсыз кылат.  

7. Өз милдеттерин аткарууда Шариат кеңеши кредиттик союздун Башкармасынан көз карандысыз болууга тийиш.  

8. Шариат кеңеши жөнүндө Жободо төмөнкүлөр аныкталуусу зарыл:  

- Шариат кеңешинин ишин (регламент) - кеңештин курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин уюштуруу;  

- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги;  

- Башкарма менен Каржылоо боюнча комитеттин өз ара иш жүргүзүү тартиби.  

9. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырууда бардык продукттарды сунуштоонун жалпы шарттары жана типтүү келишимдер, алардын Шариат стандарттарына ылайык келиши көз карашынан Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Эгерде айкын бир келишим шарттарына, аларды өзгөртүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе, алар да Шариат кеңеши тарабынан жактырылышы зарыл. Макулдашуу, Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, андагы типтүү макулдашуунун бардык олуттуу (негизги) шарттары өзгөрүүсүз сакталган шартта, Шариат кеңеши менен кошумча макулдашуусуз кредиттик союз тарабынан (акчалай каражаттарды жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдүн спецификасын жана деталдарын эске алуу менен, анын шарттарын тактоо жагында) өзгөртүлүшү жана толукталышы ыктымал. 

10. Шариат кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер кредиттик союздун кардарлары үчүн сыяктуу эле, үчүнчү жактарга да жеткиликтүү болууга тийиш. Кредиттик союз Шариат кеңешинин чечимин чечмелеп берүүгө милдеттүү. Мында, кардарларга сунушталуучу чечмелөөлөр Шариат кеңеши менен алдын ала макулдашылуусу зарыл.  

 

2-глава. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ ТЕСКӨӨ 

 

11. Кредиттик союздун башкармалыгы кредиттик тобокелдикти тескөөнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн бардык аспектилери боюнча укуктарын жана милдеттерин белгилөө менен кредиттик тобокелдикти тескөөнүн натыйжалуу системасынын, ошондой эле кредиттик тобокелдикти аныктоого, баалоого жана контролдоого мүмкүн болгон тиешелүү инструменттердин болушун камсыз кылат.  

12. Кредиттик тобокелдикти аныктоо - бул туруктуу негизде жүзөгө ашырылуучу процесс, ал күндөлүк тобокелдиктерди аныктоого багытталууга тийиш.  

13. Тобокелдиктерди өлчөө, бул ошол кредиттик союздун тышкы жана ички шарттарын эсепке алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Тобокелдиктерди өлчөөнүн кредиттик союз тарабынан пайдаланылуучу инструменттери кредиттик союз тарабынан кабыл алынуучу тобокелдиктердин татаалдыгын жана деңгээлин чагылдыруусу зарыл. Кредиттик союз тобокелдиктерди өлчөөнүн ал тарабынан колдонулуучу инструменттерге мезгил-мезгили менен баа берип туруусу зарыл.  

14. Кредиттик союз саясаттарда, эрежелерде жана жол-жоболордо кредиттик союздун кызматкерлеринин укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктоочу лимиттерди белгилөөгө жана жазып көрсөтүүгө тийиш. Контролдук чектөөлөр жөнгө салынууга б.а. кредиттик союзда аталган лимиттерге саясаттарда белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүктөрү болуусу зарыл. Контролдоо механизмдери Шариат эрежелерине жана стандарттарына, мыйзамдардын талаптарына, ошондой эле кредиттик союздун ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык келүүгө жана тобокелдиктерди тескөө процесстеринин бүтүндүгүн камсыз кылууга тийиш.  

15. Кредиттик тобокелдикке мониторинг боюнча отчеттор мезгилдүү, так, өз убагында болууга жана зарыл болгон корректировкалоочу чараларды кабыл алуу үчүн кредиттик союздун жооптуу кызматкерлерине берилүүгө тийиш. 

16. Кредиттик союзду каржылоо боюнча операциялар кредиттик союздун катышуучуларынын Жалпы чогулушу менен бекитилген, анын каржылоо боюнча ички саясатына ылайык жүргүзүлөт. Кредиттик союздун катышуучуларынын Жалпы чогулушу каржылоо боюнча саясаттын шайкештигине баяндаманы мезгил-мезгил менен жүргүзүп туруусу зарыл.  

Кредиттик союз башкармалыгы ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүү боюнча кредиттик союздун саясатын аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат, ушуга байланыштуу кредиттик союздун ишине кредиттик тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана киргизүүгө тийиш.  

 

3-глава. КРЕДИТТИК СОЮЗДУН ИСЛАМ КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ БОЮНЧА САЯСАТЫ 

 

17. Кредиттик союздун ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу тууралуу саясаты (мындан ары - Саясат) кредиттик союздун кызматкерлери каржылоону сунуштоо, тариздөө, тобокелдиктердин мониторингин жүргүзүү жана тескөө боюнча ишинде милдеттүү түрдө таянууга тийиш болгон стратегияны, критерийлерди, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш.  

18. Саясатта кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишине тиешелүү болгон төмөнкүдөй жол-жоболор чагылдырылуусу зарыл:  

1) төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор:  

- каржылоо максаттарына жана башка шарттарга жараша, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин түрлөрүн; 

-каржылоо валютасын;  

- каржылоонун сандык чектерин;  

- каржылоонун мөөнөттөрүн; 

- кардарлардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлерин; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кошумча сумманы/кирешени жана аларды эсептөө ыкмаларын; 

- кардарлардын финансылык маалыматтарга карата талаптарын;  

- географиялык чектөөлөрдү;  

- каржылоонун концентрацияланышы (кардарлардын топтору боюнча, географиялык белгилери, тармактар жана башка факторлор боюнча); 

- кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө берилүүчү кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча чектөөлөр;  

- күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерин. 

- жана башкаларды.  

2) төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди тариздөө тартиби:  

- документтердин формалары;  

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди сунуштоо тартиби;  

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди жактыруу тартиби;  

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөөнүн түрү, күрөөнүн кредиттик тобокелдикти камтыган активге карата катышы, рыноктук наркына баа берүү жана анын жайгашкан жери, күрөөнү тескөө укугу);  

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин туура таризделишине контролдук кылуу.  

3) кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди тескөө боюнча талаптар:  

- төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди тескөө тартиби;  

- кардардын досьесинин шайкеш жүргүзүлүшүнө карата талаптар;  

- келишимдердин аткарылышына контролдук кылуу;  

- күрөөгө жүргүзүлгөн мониторингдин мезгилдүүлүгү;  

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдерди узартуу же кайра калыбына келтирүү шарттары;  

- потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды классификациялоо жана түзүү (РППУ);  

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган реструктуризацияланган активдерди кайра классификациялоо тартиби; 

4) кредиттик тобокелдиктерди камтыган "проблемалуу" активдерге байланыштуу кырдаалдарды аныктоо, талдоо жана чечүү тартиби.  

19. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын чегинде, кредиттик союз өз алдынча кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин түрлөрүн аныктайт, каржылоо портфелин түзөт жана кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча кошумча сумманы/кирешени белгилейт.  

 

4-глава. КРЕДИТТИК СОЮЗДУ КАРЖЫЛОО БОЮНЧА КОМИТЕТ 

 

20. Кредиттик союздун уюштуруучуларынын Жалпы чогулушу менен шайланган кредиттик союзду Каржылоо боюнча комитет, Саясатты түздөн-түз жүзөгө ашырган орган болуп саналат. Тобокелдиктерди камтыган активдерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер Каржылоо боюнча комитет тарабынан же бул укукту комитет ыйгара алган жактар тарабынан гана чечилүүгө тийиш.  

21. Каржылоо боюнча комитеттин иши "Каржылоо боюнча комитет жөнүндө" жобо менен жөнгө салынат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кредиттик союздун уставы менен белгиленген укуктарынын чегинде Кредиттик союздун башкармалыгы менен бекитилет. 

22. "Каржылоо боюнча комитет жөнүндө" жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:  

- Каржылоо боюнча комитеттин ишин уюштуруу - комитеттин курамы, отурумдарын өткөрүү тартиби, чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги; 

- Каржылоо боюнча комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери;  

- Каржылоо боюнча комитеттин ишине тиешелүү башка маселелер.  

 

5-глава. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ КАМТЫГАН АКТИВДЕРДИ СУНУШТОО БОЮНЧА КРЕДИТТИК СОЮЗДУН ИШИН УЮШТУРУУ 

 

§1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга берилген билдирмелерге талдап-иликтөөлөр 

 

23. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча иш мындай активди алууга кардардын билдирмесин алган учурдан тартып башталат, берилген билдирмеде кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу максаты, талап кылынган сумма, алуу шарттары жана мөөнөтү, каржылоонун ордун жабуу булагы жана күрөөгө тиешелүү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. 

24. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга, кароого көрсөтүлгөн бардык билдирмелер, ал боюнча кабыл алынган чечимге көз карандысыз, каттоо журналында катталышы милдет.  

25. Жалпысынан, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга берилген билдирмелерди талдап-иликтөөлөрдө төмөнкү негизги факторлорго көңүл бурулушу зарыл:  

1) каржылоону алуу укугу. Каржылоо боюнча кызматкер кардардын кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга жана каржылоо келишимине кол коюуга укуктуу экендигине ынаанууга тийиш;  

2) кардардын мүнөзү. Каржылоо боюнча кызматкер кардар каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, кредиттик союздун бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардардын кредиттик таржымалын, финансы-кредит мекемесинде буга чейин кредиттерден (насыялардан) же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кандайча кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигине көңүл буруу зарыл. Мындан тышкары, анын адамгерчилик аброюна, кесиптик деңгээлине да көңүл буруп, башка кредиттик мекемелерден сунушталган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды, ошондой эле кредиттик бюродон маалыматтарды талап кылуусу зарыл. Мындан тышкары, кардардын ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү;  

3) акча каражаттары. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берилген билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзгөн каржылоо боюнча кызматкер төмөнкүдөй эң негизги суроолорго жооп бериши зарыл: кардар кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ордун жабуу үчүн киреше жана нак акчанын агымы сыяктуу, жетиштүү акча каражаттарын ала алабы; 

4) камсыздоо. Камсыздоого баа берүүдө каржылоо боюнча кызматкер кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча зарыл камсыздоону сунуштоосу үчүн кардар талаптагыдай активдерге ээби же жокпу, мына ушул жагдайды да териштирүүсү зарыл.  

5) гарантия (кепилдик). Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин камсыздоосу катары кепилдик колдонулса, анда гарантты (кепилдик берүүчүнү) иликтөө иштерин жүргүзүп, анын кесиптик аброюн, төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, жоопкерчиликтүүлүгүн жана өз милдеттенмесин аткарууга даяр экендигин тактоо зарыл;  

26. Бардык документтерди толук иликтөөдөн өткөргөндөн кийин, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.  

27. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кардарга берүү маселеси алгылыктуу чечилген шартта, алынган документтер боюнча кардардын досңеси түзүлүп, ага ошол активге тиешелүү баардык документтер сыяктуу эле, келечекте да берилүүчү мындай активдер боюнча документтер да көктөлүп турат (кардардын досңесине карата минималдуу талаптар ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген).  

28. Кардарды каржылоо досңесинде бардык жолугушуулар, аңгемелешүүлөр, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр катталып, күрөөнүн бардыгы жана анын абалына жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча корутундулар, сүйлөшүүлөрдүн кыскача мазмуну, ошондой эле кредиттик тобокелдикти камтыган ошол активдерге байланыштуу бардык кат-кабарлар көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

§2. Каржылоо келишимин түзүү

 

29. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу алгылыктуу чечим кабыл алынып, кардар менен бардык шарттар талкуулангандан кийин, аны менен келишим түзүлөт. 

30. Келишимди түзүүдө кредиттик тобокелдикти камтыган актив берилип жана төлөнө турган бардык шарттар, кийинчерээк аны кайтарып берүү учурунда көйгөйлөрдүн орун алышы ыктымалдуулугуна жол бербөө үчүн макулдашылышы зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди план боюнча төлөө графигин түзүү учурунда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максатына жана кардардын бизнесинин мүнөзүнө, алар тарабынан сунушталган жана кредиттик союз тарабынан текшерилген бизнес-планга жана акча каражаттарынын жылышын болжолдоолорго таянуу максатка ылайыктуу болуп саналат.  

31. Келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталышы;  

- келишимди колдонуу мезгил аралыгы;  

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдин негизги шарттары - суммасы, жабуу мөөнөттөрү, камсыздоосу, кредиттик тобокелдиктерди камтыган актив боюнча кошуп эсептелген суммасы/кирешеси;  

- тараптардын укуктары жана милдеттери;  

- кайсы бир тарап өз милдеттенмелеринин шартын бузгандыгы үчүн санкциялар, каржылоо келишими токтотулган учурлар. 

32. Кардар менен биргеликте төлөө тартибин жана мөөнөттөрүн так чагылдыруу менен карызды төлөөнүн болжолдуу графигин иштеп чыгуу жана бекитүү. Бул график келишимге кошо тиркелүүгө тийиш. 

33. Кардар тарабынан келишим шарттарын бузууга, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча мөөнөтүндө төлөбөй коюуга, же анын кайтарылбай калышына жол берилгендигин кошо алганда, келишимде аныкталган милдеттенмелер аткарылбай калган шартта келишимде кредиттик союз тарабынан көрүлө турган бардык чаралар жана санкциялар макулдашылышы зарыл. Мындан тышкары, келишимде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздардын жана айыптардын ордун жабуунун алгылыктуу тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүү керек.  

34. Түзүлгөн келишимдин нускаларынын саны, аны түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Келишим түзгөн ар бир тарап, келишимдин бардык тараптар кол койгон түп нускасын алуусу зарыл.  

 

§3. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылып берилишин камсыз кылуу. 

 

35. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив камсыздалган же камсыздалбаган (бланктык негизде) болушу мүмкүн.  

36. Ушул жобонун максаттарында кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө булактары баштапкы жана экинчи болуп бөлүнөт:  

1) кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабууга зарыл болгон акча каражаттары баштапкы булак болуп саналат, алар жагдайдын кадыресе өнүгүүсүндө өндүрүштүк иштин жүрүшүндө, кызмат көрсөтүүдө, иштерди аткарууда ж.б. генерирленет: юридикалык жактар үчүн -бул, нак жана нак эмес формада кирешелер, ал эми жеке адамдар үчүн -бул, эмгек акы жана башка түшүүлөр;  

2) күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттар, кепил болуучу жана гарант тарабынан каражаттардын чегерилиши - экинчи булак болуп саналат. 

37. Каржылоого билдирмени кароодо жана аны сунуштоо шарттарын бекитүүдө эң оболу, биринчи булакка таянуу зарыл, мында төлөөнүн экинчи булагына гана таянууга болбойт. Ошондуктан, кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга билдирмени кароо процессинде кардардын акчалай агымдарына жүргүзүлгөн иликтөөлөргө, ошол кардардын иштеп жактан тармагынын жана бизнес чөйрөсүнүн өнүгүү келечектерине өзгөчө көңүл буруу зарыл. 

38. Экинчи булактар, эгерде кайтарылышы жагында көйгөйлөр келип чыкса, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын кошумча гарантиялар менен камсыздоо үчүн зарыл болот. Мындай камсыздоонун катарына төмөнкүлөр кирет: кардарды каржылоонун алкагында сатылып алынган активге карата кредиттик союздун менчик укугу, мүлктүк жана укуктук күрөө, талаптарды жана укуктарды ыйгарып өткөрүп берүү, гарантиялар менен кепилдиктер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде каралган башка ыкмалары. Кредиттик союздун Каржылоо боюнча комитети кредиттик тобокелдикти басаңдатуу максатында Шариат кеңешине кайрыла алат, ал айрым учурларда кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү бере алат. 

39. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөөнүн экинчи булагы катары мүлктүк күрөө, кардар өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, күрөөлүк мүлктүн наркынан талаптарын канааттандырып алууга кредиттик союздун артыкчылыктуу укугун тастыктаган күрөө келишими менен тариздетилет.  

40. Күрөө келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- күрөө предмети жана анын бааланган наркы;  

- келишим тараптары; 

- кыймылсыз мүлк же катталууга тийиш болгон мүлк күрөөгө коюлган шартта - андан улам мүлк укукту тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен күрөө коюучуга таандык болгон укук; 

- милдеттенменин максималдуу суммасында чагылдырылган күрөө менен камсыздалган милдеттенмени баяндоо;  

- күрөө менен камсыздалган милдеттенмени аткаруу мөөнөтү

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигин көрсөтүү

- кардар тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив кайтарылбаган шартта, күрөөнүн кредиттик союздун менчигине өтүү шарттары жана тартиби; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар. 

41. Наркын көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн толук описи күрөө келишимине кошо тиркелет. Күрөө келишимине сертификаттар, күбөлүк жана башка техникалык документтер тиркелиши мүмкүн. Күрөө келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздетилүүгө тийиш. Түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбошу зарыл.  

42. Күрөөнү пайдалануу аны администрлөөнүн белгилүү бир системасынын бар экендигин болжолдойт; күрөөнүн абалына иликтөөлөр жүргүзүлүп, ага баа берилип, күрөөнү күтүү шарттарын жана ага жүргүзүлгөн мониторингди контролдоо планы түзүлүүгө тийиш, ошондой эле тиешелүү документтердин болушу да талап кылынат (күрөөлүк документтерге карата минималдуу талаптар ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген).  

43. Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдин камсыздоосу катары гарантиялар жана кепилдиктер колдонулса, кардар үчүн мүлктүк жоопкерчилик, эгерде ал төлөй албаса, эрежедегидей эле, үчүнчү жакка жүктөлөт. Кредиттик тобокелдикти камтыган жана гарантия же кепилдик менен камсыздалган активди берүүдө кредиттик союз, зарылчылык келип чыккан шартта карызды төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн гаранттын же кепил болуучунун финансылык абалы тууралуу толук маалыматка ээ болууга тийиш.  

44. Камсыздалбаган кредиттер (бланктык), кардардын активдеринин күрөөгө коюлушун болжолдобойт жана кредит төлөөгө жөндөмдүү кардарга гана анын ишкердик аброюна, киреше деңгээлине баа берүүнүн негизинде берилет. Күрөө менен камсыздалбаган, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү каржылоо саясатында белгиленет.  

 

6-глава. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ КАМТЫГАН АКТИВДЕРГЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МОНИТОРИНГ 

 

45. Келишим түзүлүп, кардар кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандан кийин, кредиттик союз кредиттик тобокелдикти камтыган активге жана кардардын абалына туруктуу мониторингди жүзөгө ашырып туруусу зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин өз убагында төлөнүшүн, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кошуп эсептелинген сумманын/кирешенин төлөнүп берилишин жана көйгөйлөрдүн баштапкы стадияда эле аныкталышын камсыз кылуу - мониторингдин башкы максатынан болуп саналат.  

46. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышына туруктуу контролдук жүргүзүп туруу жана анын күндөлүк наркынын өзгөрүүгө учуроо ыктымалдыгын аныктоо максатында кредиттик союз, мезгил-мезгили менен күрөөнүн абалына анын сакталып турган жана жайгашкан жери боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Мониторинг жүргүзүп туруу мезгили кредиттик союз тарабынан тиешелүү саясатка ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына жана кредиттик тобокелдикти камтыган берилген актив боюнча мөөнөткө жараша ишке ашырылат. Мындан тышкары, төмөнкү учурларга да өзгөчө көңүл буруу зарыл:  

- камсыздоонун рыноктук наркынын өзгөрүшү;  

- акыркы текшерүүдөн бери күрөө ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизген кандайдыр-бир факторлордун болушу;  

- күрөөнүн сакталышын талаптагыдай камсыз кылуу. 

47. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди классификациялоо каржылоо процессинде катышпаган жактар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоонун негизинде жүзөгө ашырылат. 

48. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлашын тастыктаган белгилерге төмөнкүлөр кирет:  

- кардардын кредиттик союз менен байланышуудан четтөөсү

- кардардын финансылык абалынын начарлоосу;  

- негизги сумманын же кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кирешелердин өз убагында төлөнбөшү;  

- мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылуусу;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активди максатсыз пайдалануу;  

- менчиктин өткөрүлүп берилиши жана сатылышы;  

- кардар тууралуу кандайдыр бир булактардан терс маалыматтын түшүүсү;  

- кардар - ишкананын ичинде талаш-тартыш абалдын курчушунун белгилери;  

- кардардын - ишкананын жетекчилигинин алмашуусу; 

- потенциалдуу көйгөйлөрдүн орун алып тургандыгын ырастаган башка жагдайлар.  

49. Ушул Жобонун 48 пунктунда көрсөтүлгөн белгилердин кайсы бири аныкталган шартта, кредиттик союз алардын келип чыгышынын себептерин такташтыруусу зарыл. Эгер, кредиттик союздун пикири боюнча бул белгилер жана/же алардын келип чыгышынын себептери тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлоосуна алып келиши мүмкүн болсо, анда кредиттик союз бул активди өзгөчө контролдукка алууга жана өз кызыкчылыгынын корголушун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй бардык тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш, анын ичинде:  

- күрөөнүн бар экендигин жана аны күтүү шарттарын кошумча текшерүү;;  

- кошумча камсыздоону тартуу;  

- эскертүү берүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- жагдай толук чечилмейинче, каржылоо линиясы боюнча кезектеги төлөмдөрдү токтотуп туруу; 

- кардарды жана ал акча каражаттарын жайгаштырган тармактын абалын кылдат иликтөөгө алуу; 

- башка коргоо чараларын колдонуу.  

50. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер менен иш алып барууда, кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга каттоону, алар менен жүргүзүлгөн жолугушуулардан протокол толтурууну, кардар менен келишим түзүүнү кошо алганда, алар менен ишке ашырылган бардык иш-чараларды документтештирип жана эсебин жүргүзүү зарыл. Айрыкча, "проблемалуу" активдер менен иш алып барууда мындай эсептин жүргүзүлүшү өтө маанилүү

 

7-глава. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ КАМТЫГАН "ПРОБЛЕМАЛУУ" АКТИВДЕР МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРУУ 

 

51. "Проблемалуу" активдерди аныктоо кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана каржылоо портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максатынан болуп саналат.  

52. "Проблемалуу" актив дегенден улам, ал боюнча кардар кредиттик союз менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбаган, же болбосо кандайдыр бир жагдайлардан улам (мисалы, тышкы же финансылык) кредиттик союз алдында милдеттенмелерди аткаруу жана активдин ордун жабуу коркунуч алдында калган кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди түшүнөбүз.  

53. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив "проблемалуу" деп таанылган шартта, активдерди кайтарып алууга багытталган төмөнкүдөй бир катар иш-чараларды камтыган, кредиттик союздун иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл: 

1) Кредиттик союздун көйгөйлүү кардарга анын каатчылыкка туруштук берүүсүнө жана кредиттик союз алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышына өбөлгө түзгөн уюштуруу, финансылык жана башка колдоолорду көрсөтүү боюнча төмөнкү чаралар:  

- көйгөйдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун издөө жагында кардар менен (же жетекчилик менен) иш алып баруу; 

- кошумча күрөөнү жана гарантияларды алуу;  

- зарылчылык келип чыккан учурда, карыздын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгуу (мисалы, кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтаруу жана ал боюнча кошуп эсептелинген сумманы/кирешени төлөө боюнча төлөмдөр графигин кайрадан карап чыгуу, каржылоо формаларын өзгөртүү ж.б.). 

2) Ушул иш-чаралар менен катар эле, кардар менен бирге төмөнкүлөрдү камтыган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл: 

- кардарга каржылоо боюнча келишим шарттарын бузууга жол бергендиги, кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ага байланыштуу көйгөйлөр келип чыгышы ыктымалдуулугу тууралуу билдирүү;  

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.  

3) Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкү чаралар ишке ашырылышы зарыл: 

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү

- гарант жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка чаралар.  

54. Кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып барууга жооптуу болгон каржылоо боюнча кызматкер " проблемалуу" активдерге карата андан аркы иш-аракеттер жөнүндө сунуштар менен аткарылган иштер тууралуу маалыматты Каржылоо боюнча комитеттин кароосуна ар айлык негизде сунуштап турууга тийиш. Отчеттун көчүрмөлөрү кредиттик союздун Башкармасына жиберилет.  

55. Эгерде кредиттик союздун ушул главада каралган иш-аракети алгылыктуу натыйжага алып келбесе, кредиттик союз карызды мажбурлап өндүрүү максатында сотко кайрылууга милдеттүү.  

56. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди обүективдүү себептерден улам кайтаруу мүмкүн эмес болсо (анын ичинде кардардын каза болушу шартында), мындай активдерди эсептен алып салуу чечими кредиттик союздун Директорлор кеңеши тарабынан, ал эми калган активдер боюнча - Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө маалымдоо менен кредиттик союздун Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

 

 

 

 

"Операцияларды ислам банк иши  

жана каржылоо принциптерине ылайык  

жүргүзгөн кредиттик союздарда 

кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө

жобого карата тиркеме 

 

Кардарды каржылоо боюнча досьеге карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

 

I. Кардар тууралуу жалпы маалымат  

 

1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн кардар кол койгон билдирмеде төмөнкү маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- кардардын аталышы (эгер кардар жеке адам болсо - аты-жөнү);  

- катышуучунун сактык пайы боюнча маалымат (сактык пайынын өлчөмү, кредиттик союзга кирүү күнү);  

- жетекчинин аты-жөнү (эгер кардар - юридикалык жак болсо);  

- дареги (юридикалык дарек), телефону/факсы;  

- бизнесинин түрү жана уюштуруу-укуктук формасы (эгер кардар - юридикалык жак болсо);  

- кредиттик тобокелдикти камтыган суралып жаткан активдин суммасы, валютасы жана мөөнөтү;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабуу булактары (баштапкы, экинчилик)  

- сунушталып жаткан күрөө.  

2. Карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө.  

3. Эгерде кардар (карыз алуучу - юридикалык жак болсо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, акыркы отчеттук жыл үчүн тышкы аудитор тарабынан тастыкталган финансылык отчетту.  

4. Каржылоо боюнча келишим.  

5. Уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү (эгер кардар - юридикалык жак болсо).  

6. Бизнес-план.  

7. Мамлекеттик каттоо тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (эгер кардар - юридикалык жак болсо).  

8. Салык төлөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарда каттоо тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (эгер кардар - юридикалык жак болсо).  

9. Кардардын тиешелүү органынын кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу тууралуу чечими (эгер кардар - юридикалык жак болсо). 

10. Ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (эгер кардар - жеке жак болсо).  

11. Каржылоо боюнча комитетинин кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу чечими.  

12. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин мөөнөтү ичинде чейрек сайын берилүүчү финансылык отчет (эгер кардар - юридикалык жак болсо).  

13. Кардар менен байланышуулардын эсебин жүргүзүү, анда ар бир байланышуу боюнча төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылууга тийиш:  

- байланышуу күнү;  

- байланышуу түрү (баарлашуу, телефон аркылуу сүйлөшүү);  

- байланышуу шарттары (кызматкердин аты-жөнү, сүйлөшүүнүн мазмуну);  

- натыйжалар.  

14. Кардар менен кат алышуу (бардык кат-кабарларды тиркөө менен).  

 

II. Күрөөлүк документтер  

 

15. Мамлекеттик жана расмий тилдеги күрөө жөнүндө келишим.  

16. Күрөөлүк мүлктүн сертификаттары, күбөлүктөрү жана башка квалификациялык документтер (эгер болгон болсо).  

17. Күрөөгө коюлган мүлккө менчикке укукту тастыктаган документтер.  

18. Кол коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде кардар - юридикалык жак болсо).  

19. Күрөөнү иликтөө актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- күрөөнү иликтөө күнү;  

- күрөөнүн түрү;  

- күрөөнү баалоо күнү;  

- баа берүү ыкмасы;  

- күрөөнүн жайгашкан орду;  

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары;  

- күрөөнүн бааланган наркы;  

- күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөө графиги.  

20. Күрөө келишиминин катталгандыгын тастыктаган документтер (эгер күрөө катталууга тийиш болсо, же кредиттик союз катталышын талап кылса). 

21. Кардардын тиешелүү органынын күрөөгө сунуштоо чечими (эгер кардар - юридикалык жак болсо).  

 

III. Гарантиялар же кепилдиктер  

 

22. Тиешелүү келишимди, гарантия берилип жаткан сумманы, гарантиянын мөөнөтүн көрсөтүү менен кол жазма түрүндө гарантия жана кепилдик.  

23. Тиешелүү органдын гарантия берүү чечими (эгер гарант - юридикалык жак болсо).  

24. Гаранттын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгер гарант - жеке болсо).  

25. Акыркы 12 ай үчүн эмгек акысы боюнча маалымкат же көрсөтүлгөн мезгил үчүн кирешеси тууралуу маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кепил болуучу - жеке адам болсо). 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013 -жылдын 

23-декабрындагы № 52\8 токтому. 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 26-апрелиндеги №60 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында №135-02 номеринде каттоодон өткөн №37/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана иши жөнүндө" жобого; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында №27-07 номеринде каттоодон өткөн №5/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобого; 

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда №75-05 номеринде каттоодон өткөн №14/3 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобого;  

4) Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрда №201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №42/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого; 

5) Улуттук Банк Башкармасы 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 токтому менен бекитилген "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобого 

2. Юридика башкармалыгы:  

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын;  

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Иштеп турган микрокредиттик компаниялар ушул токтом күчүнө кирген күндөн кийинки он эки ай ичинде уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2002-жылдын 11-сентябрындагы №37/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана иши жөнүндө" жобонун 2.8-пунктунун талаптарына ылайык келтиришсин. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын  

2013-жылдын "23" декабрында № 52\8 токтомуна карата тиркеме  

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында №135-02 номеринде каттоодон өткөн №37/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

1) Жобонун 1.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1.3. Микрокредиттик компания - бул, Улуттук банктан алган күбөлүктүн негизинде, жеке адамдарды жана юридикалык жактарды улуттук валютада, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ("мудараба" жана "кард хасан" бүтүмдөрү боюнча акча каражаттарын тартууну эске албаганда), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чегинде юридикалык жактардын, уюштуруучулардын (акционерлердин) өздүк каражаттарынын жана карыздык каражаттарынын эсебинен, карызгер менен макулдашылган шарттарда микрокредиттөөнү (камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берет) жүзөгө ашырган коммерциялык адистештирилген кредиттик мекеме болуп саналган микрофинансылык уюм.". 

 

2) Жобонун 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин;  

 

"1.4. Микрокредиттик агенттик (МКА) - бул, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамында белгиленгендерди эске албаганда, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктан күбөлүк алган жана жеке адамдарды жана юридикалык жактарды улуттук валютада, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарынын негизинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ("мудараба" жана "кард хасан" бүтүмдөрү боюнча акча каражаттарын тартууну эске албаганда) микрокредиттөөнү жүзөгө ашырган, адистештирилген кредиттик мекеме.". 

 

3) Жобонун 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.5-пункт менен толукталсын: 

 

"1.5. "Микрофинансылык сектор үчүн системалык мааниге ээ МКК/МКАлар система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийи Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Система түзүүчү МКК/МКАларга карата жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген атайын режими колдонулат".  

 

4) 2.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"2.4. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, жеке адамдар жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери МККларды уюштуруучулардан (катышуучулар, акционерлер) жана МКАларды уюштуруучулардан (катышуучулар) боло алышат.  

 

Жобонун 2.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

"2.7. МККнын же МКАнын уставында Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2-беренесинде белгиленген максаттарга жетүү маселелерин жөнгө салган жоболор, иш жүргүзүүнүн негизги аймагы, бир эле адамга же байланыштуу жактардын тобуна берилген микрокредиттин Улуттук банк тарабынан жаңы түзүлгөн МКК үчүн белгиленген максималдуу өлчөмү да (МКК үчүн - уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн алты пайыздан ашпаган өлчөмдө) аныкталууга тийиш. Бул чектөөлөр факторинг операцияларына таркатылат. Мында МКК жана МКАнын уставында Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптар сакталган шартта, бул чектөөнүн ашып кетиши да аныкталышы мүмкүн. Дүң кредиттөө менен иш алып барышкан микрофинансылык уюмдар (апекстик институттар), Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамында белгиленген микрофинансылык уюмдардын максаттарына ылайык, микрокредит алууга укугу бар карыз алуучулардын категориялары үчүн бир эле адамга берилүүчү микрокредиттин максималдуу өлчөмү ушул Жобонун 2.7-1-пунктунда каралган учурларды эске албаганда, өздүк капиталдын өлчөмүнүн он пайызынан ашпоого тийиш. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырып жатышкан компаниялар үчүн ислам каржылоо принциптери боюнча пландаштырылган ишин сүрөттөө талап кылынат.  

 

6) Жобонун 2.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

"Микрокредиттик компаниялардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү кеминде 5 млн. сомду түзүүгө тийиш"

 

7) Жобонун 2.10-пунктунда: 

 

- Жобонун 2.10-пунктунун 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"6) МКК үчүн - билдирүү берилген күнгө коммерциялык банктагы топтоо эсебине минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүндө акча каражаттардын салынгандыгын тастыктаган документ. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө уруксат алуу үчүн документтер берилген учурда МКК уюштуруучулары/катышуучулары ушул Жобонун 2.8-пунктуна ылайык, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банкта ачылган топтоо эсебине салууга милдеттүү. Топтоо эсебиндеги каражаттар эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктү алганга чейин уюштуруучулар тарабынан кайсы бир максаттарга пайдаланылбайт"; 

 

- пункт төмөнкү мазмундагы 7-пунктчасы менен толукталсын: 

"7) уюштуруучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзүүчү маалыматтар". 

 

8) Жобонун 2.16-пунктунда: 

- биринчи сүйлөмдөгү "10" деген сан "3" деген санына алмаштырылсын; 

- экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин:  

"Улуттук банк билдирүүлөрдү жана бардык талап кылынуучу документтерди кароо мезгилин 10 жумуш күнүнө узарта алат". 

 

9) Жобонун 3.1-пункту төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын: 

 

"6) МКК жана/же МКАнын башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн тизмеси, МКК жана/же МКАнын иш тартиби". 

 

10) Жобонун 4.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

 

"МКК жана/же МКАлардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн чет мамлекеттердин аймагындагы иши алар ачылган өлкөнүн мыйзам актыларынын жана/же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат". 

 

11) Жобонун 4-1.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:  

 

"МКК жана/же МКАнын аталышын өзгөртүү Улуттук банк менен алдын-ала макулдашылгандан кийин жүзөгө ашырылат.". 

 

12) Жобонун 4-1.2-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

"4) МКК үчүн - билдирүү берилген күнгө коммерциялык банктагы эсебиндеги уставдык капиталды көбөйтүү эсебине акча каражаттарынын толук өлчөмдө салынгандыгын тастыктаган документ (уставдык капитал көбөйтүлгөн шартта) жана уюштуруучулар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, МККнын уставдык капиталын көбөйтүү эсебине салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтар;". 

 

13) Жобонун 7.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"7.1. МКК төмөнкү банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат, мында бул операциялар Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы №5/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобого ылайык алынган лицензияда көрсөтүлүшү шарт. 

 

1) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 

2) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр - микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле; 

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз атынан чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу".  

 

14) Жобонун 7.4-пунктундагы "7.1 жана 7.2-пункттарда көрсөтүлгөн" деген сөздөр жана сандар төмөнкү сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын: "ушул Жобонун 7.1-пунктунда көрсөтүлгөн". "Же МКА" деген сөз алынып салынсын. 

 

15) Жобонун 7.6 -пунктундагы "же МКА" деген сөз алынып салынсын: 

16) Жобонун 7.8-пунктундагы:  

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"МККга карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашыруу, банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды сунуштоо - МККда кардарлардын эсебин ачуусуз эле, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатуу укугуна лицензия берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн" 

 

- 2-пунктчадагы "же МКА" деген сөз алынып салынсын; 

- 3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"3) факторинг боюнча операцияларды жүргүзүүгө, банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды сунуштоо - МККда кардарлардын эсебин ачуусуз эле, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатуу укугуна лицензия алуу үчүн жеткиликтүү экономикалык негизди камтыбаган бизнес -пландын сунушталышы". 

 

17) Жобонун 7.9-пунктундагы "же МКА" деген сөз жана "жана 7.2-п" саны алынып салынсын. 

 

18) Жобонун 7.10-пунктундагы: 

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг) боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашыруу, банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды сунуштоо - МККда кардарлардын эсебин ачуусуз эле, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатуу укугуна лицензия төмөнкү учурларда кайтарылып алынышы мүмкүн";  

- бешинчи абзацтагы "же МКА" деген сөз алынып салынсын. 

19) 7.2-пункт алынып салынсын. 

20) Жобонун 7.3 жана 7.10-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 7.2 жана 7.9-пункттар катары саналсын.  

 

21) Жобонун 7-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 7.10-пункт менен толукталсын: 

 

"7.10. МКК же МКА акционердик коом формасындагы МКК тарабынан чыгарылган акцияларды эске албаганда, баалуу кагаздарды чыгаруу, ошондой эле, финансылык лизинг операцияларын эске албаганда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 33-беренесинде каралбаган башка банктык операцияларды да жүзөгө ашыруу укуктарына ээ эмес". 

 

20) Жобонун 8.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"8.2. МКК жана МКА Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык алардын катышуучуларынын (акционерлеринин) чечими боюнча жоюлушу мүмкүн, мында МКК/МКА лицензиясынын же күбөлүгүнүн түп нускасын белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка берүүгө жана лицензияда жана/же күбөлүктө каралган операцияларды жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш. 

Уюмду жоюу боюнча милдеттер, анын ичинде Улуттук банк тарабынан МККнын же МКАнын лицензиясы же күбөлүгү кайтарылып алынышында, анын катышуусуна (акционерлерине) же төлөөгө жөндөмсүздүк (банкроттук) учурларды эске албаганда, уюмдун уставында жоюуга ыйгарым укук чегерилген башкаруу органдарына жүктөлөт.  

21) Жобого карата 1-тиркеме "Жетектөөчү кызматтагы кызматкерлердин тизмеси" (Кредиттик бөлүмдүн жетекчисинин, башкы бухгалтеринин, начальнигинин аты-жөнү) деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын ", ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган компания үчүн - Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген маалымат. " 

22) Жобого карата 5-тиркемеде: 

 

- 5-тиркеменин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

"2. Банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр -микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле"; 

 

- төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: 

 

"3. Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларына ылайык өз атынан чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу". 

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында №27-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, №5/1 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

1) Жобонун 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

"1.1. Улуттук банктан лицензия алган жана юридикалык жактарды жана жеке адамдарды микрокредиттөөнү жана Кыргыз Республикасынын "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамында каралган операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашырышкан, акционердик коом формасында түзүлгөн, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме, микрофинансылык компания болуп саналат". Микрофинансылык компаниялар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде, операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу

2) Жобонун 1.2-пунктундагы "микрокредит" деген сөз "микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөр" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

3) Жобонун 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.4-пункту менен толукталсын: 

"1.4. "Микрофинансылык сектор үчүн системалык мааниге ээ микрофинансылык компаниялар система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийи Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Система түзүүчү микрофинансылык компанияларга карата жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан белгиленген атайын режими колдонулат".  

4) Жобонун 2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

"2.3. Жеке адамдар жана юридикалык жактар -Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери микрофинансылык компаниянын уюштуруучуларынан жана акционерлеринен боло алышат, мында юридикалык жактын аны контролдоочу же ал тарабынан контролдонуучу же аны менен жалпы контролдукта турган кайсы болбосун башка юридикалык жактын үлүшү менен биргеликте микрофинансылык компаниянын добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Бул чектөө Улуттук банктын талаптарына ылайык келген шартта, банктык жана/же финансылык иш менен алектенген юридикалык жакка, ошондой эле чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмга таркатылбайт". 

 

5) Жобонун 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"2.4. Уюштуруучулардан болушкан юридикалык жактар мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн болууга, туруктуу финансылык абалга ээ болууга жана кеминде эки жыл ичиндеги салыктарды жана ага барабар төлөмдөрдү төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тийиш (үч жылдан ашык иштешкен уюштуруучулардан болушкан - юридикалык жактар үчүн).  

Төмөндөгү бир же бир нече белгилерге дал келген адамдар микрофинансылык компаниянын уюштуруучусу же акционери (катышуучу) болуусуна жол берилбейт: 

1) уюштуруучунун же акционердин финансылык кудуретсиздиги (банкроттугу)"; 

2) уюштуруучунун же акционердин (катышуучунун) финансылык же экономикалык кылмыш чөйрөсүндө мыйзамда белгиленген тартипте алынып салына элек же төлөнө элек соттолгондугу болгон болсо; 

3) уюштуруучуга же акционерге (катышуучуга) карата банк ишин жүзөгө ашырууга тыюу салган, соттун чечими бар болсо; 

4) оффшордук аймакта катталган же ушундай аймактарда катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар, же болбосо тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймакта жашаган жеке адамдар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар; 

5) оффшордук аймактардын резиденттеринен болуп саналышкан, тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймакта жашашкан жеке адамдар; 

6) акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында эл аралык кызматташууга катышышпаган мамлекеттерде катталган же ушундай өлкөдө катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар, же болбосо тизмеси Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар катышуучусу катары саналган юридикалык жактар; 

7) акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында эл аралык кызматташууга катышышпаган мамлекеттердин резиденти болуп саналган жана/же ушундай мамлекетте жашаган адамдар булардын тизмеси Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар катышуучусу катары саналган жеке адамдар; 

8) Кыргыз Республикасы да кошулган эл аралык уюмдардын бул мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү караган санкцияларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган мамлекеттерде катталган жана/же ушул мамлекеттерде катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар. Тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы Улуттук банктын талабы боюнча эл аралык санкциялар тууралуу маалыматты сунушташат; 

9) Кыргыз Республикасы да кошулган эл аралык уюмдардын бул мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү караган санкцияларды колдонуу жөнүндө чечими кабыл алынган мамлекеттердин резиденттеринен болуп саналышкан жана/же ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар. Тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы Улуттук банктын талабы боюнча эл аралык санкциялар тууралуу маалыматты сунушташат. 

6) Жобонун 3.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

 

"3.2. Микрофинансылык компания Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен төмөнкүдөй банктык операцияларды жүзөгө ашыра алат:  

 

1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү

2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу; 

3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 

4) финансылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу, мында микрофинансылык компания мүлктү сунуштоочунун же анын ээсинин мүлкүнүн сатылышын андан сатып алуу жана сатып алуучуга кредит шарттарында сатуу аркылуу каржылоо менен, мүлктү сунуштоочу менен мүлк ээсинин ортосундагы ортомчу катары иш алып барат; 

5) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу - микрофинансылык компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле; 

6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу жана сатуу; 

7) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү

8) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык микрокаржылоо кызматтарын сунуштоо. Мында, компания кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алууга лицензиясы болгон шартта гана "Мудараба" жана "Кард Хасан" бүтүмдөрү боюнча каражаттарды тартууга укуктуу.  

Улуттук банктын кошумча лицензиясы (лицензияда көрсөтүлсө) болгон шартта микрофинансылык компания ушул пункттун 1-3 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн операциялардын бардыгын же айрымдарын гана чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга укуктуу.  

Микрофинансылык компаниянын карыз алуучусу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу микрокредиттин негизги суммасы, пайыздар жана (же) микрокредитти төлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрдү кошо алганда, кредит кайсыл валютада алынса, ошол валютада, б.а чет өлкө валютасында сыяктуу эле, улуттук валютада төлөй алат. Мында карыз алуучу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу микрокредиттик (лизинг) төлөөгө улуттук валютадагы төлөмдөрдү, чет өлкө валютасынын, эгерде келишимде башка курс белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталган төлөө күнүндөгү расмий курсу боюнча жүзөгө ашырылат.  

 

7) Жобонун 3.11-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

 

"Бул тыюу салуу туунду банктарга же туунду микрофинансылык компанияларга, эгерде алар негизги (башкы) банктардын же микрофинансылык уюмдардын (башкы) аталышын алып жүрүшсө, таркатылбайт.". 

 

8) Жобонун 3-бөлүгү төмөнкү пункттар менен толукталсын: 

 

- төмөнкү мазмундагы 3.12-пункт менен: 

 

"3.12. Микрофинансылык компания, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жеринде алардын аталышы жазылып турууга тийиш.". 

 

- төмөнкү мазмундагы 3.13-пункт менен: 

 

"3.13. Микрофинансылык компания, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан орду өзгөргөн шартта, каттоодон өткөртүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына бул тууралуу өз убагында маалымдоого тийиш.". 

 

9) Жобонун 4.2-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"8) Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматты кошо алганда, МФКнын кызмат адамдарынын тизмеси (ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан компания үчүн), ошондой эле алардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин тастыктаган анкеталар жана маалыматтар;".  

 

10) Жобонун 4.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"4.6. Чет өлкө валютасындагы камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү укугуна; ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан компаниялар үчүн "Мудараба" жана "Кард Хасан" (каражаттарды тартуу) бүтүмдөрүн кошо алганда, кардарлардын чет өлкө валютасындагы жыйымдарын топтоо максатында, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алууга; чет өлкө валютасында карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатууга (факторинг); бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө, чет өлкө валютасындагы гарантияларды берүүгө; чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатууга кошумча лицензия алуу үчүн Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына төмөнкү документтер эки нускада сунушталат:  

1) кошумча лицензияны талап кылган, операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;  

2) уюштуруучунун чечиминин же акционерлердин жалпы чогулушунан протоколдун түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, аларда кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялар камтылат;  

3) МФКнын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, анда кошумча лицензияны талап кылган операциялардын жүзөгө ашырылышы/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялар каралган;  

4) кошумча лицензияны талап кылган операциялардын жүзөгө ашырылышын/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды эске алуу менен иштелип чыккан бизнес-план;  

5) МФКнын уюштуруу түзүмү жөнүндө маалыматтар;  

6) каражаттардын МФКнын уставдык капиталы катары коммерциялык банктагы топтоо эсебине салынгандыгын тастыктаган документ (ушул Жобонун 2.6-пунктуна ылайык);  

7) аудитордук уюмдун уюштуруучулардын финансылык абалы тууралуу корутундусу же алардын финансылык жактан ийгиликтерин тастыктаган башка маалыматтар;  

8) лицензиялык жыйымдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнгөндүгүн тастыктаган документ" 

МФК аманатчы менен макулдашылган шартта, өз атынан депозиттерди тартуу укугуна лицензия алуу учурунда ушул Жобонун 4.6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында каралган документтерди банктык лицензияны алуу үчүн сунуштайт, мында МФКнын жайлары, анын ичинде филиалдарынын жайлары да техникалык чыңдалышы, жабдылышы, өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын 2010-жылдын 11-февралындагы N 97/24-0 буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасында банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин техникалык чыңдалышы жана аларды коргоо тартиби боюнча бирдиктүү талаптар жөнүндө" нускоодо белгиленген талаптарга ылайык келүүлөрү тийиш, бул тууралуу МФК менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда тиешелүү актылар түзүлүүсү зарыл.  

 

11) Жобонун 4.11-пунктундагы "отуз календардык күн" деген сөздөр "эки ай" деген сөзгө алмаштырылсын.  

 

12) Жобонун 5.2-пунктундагы "отуз календардык күн" деген сөздөр "эки ай" деген сөзгө алмаштырылсын.  

 

13) Жобонун 7.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

 

"МФК филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн чет мамлекеттин аймагында жүргүзгөн иши, алар ачылган өлкөнүн мыйзамдарынын жана/же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.". 

 

14) Жобонун 7.5-пунктунун биринчи абзацында "Улуттук банкка билдирилген" деген сөздөр "ачылышына документтерди Улуттук банкка сунуштоо" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

15) Жобонун 9.7.2-пункту төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

"Уставдык өлчөмү көбөйтүлгөн шартта, уюштуруучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн маалыматтар сунушталат". 

 

16 Жобонун 9.8.5-пунктундагы "беш" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын. 

 

17) Жобонун 9.8.6-пунктундагы "беш" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын. 

 

18) Жобонун 10.2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

 

"Микрофинансылык компанияны жоюу, анын ичинде Улуттук банк тарабынан лицензиясы кайтарылып алынышы учурунда милдеттери анын катышуучуларына (акционерлерине) же микрофинансылык уюмдун уставы менен ыйгарым укук чегерилген башкаруу органына жүктөлөт, мында төмөнкү учурлар эске алынбайт: 

- төлөөгө жөндөмсүз (банкроттук) шартында микрофинансылык уюм Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамына ылайык жоюлат; 

- мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды жоюу Кыргыз Республикасынын "Банктарды банкроттоо жана жоюу жөнүндө" мыйзамына ылайык жүзөгө ашырышат.  

 

19) Жобого карата 3-тиркеменин 7-пунктундагы "Директорлор кеңеши" деген сөздөн кийин "Шариат кеңеши" деген сөздөр менен толукталсын.  

 

20) Жобого карата 4-тиркеменин 13-пунктундагы "Директорлор кеңеши" деген сөздөн кийин "Шариат кеңеши" деген сөздөр менен толукталсын 

 

21) Жобого карата 7-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы  

МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү  

жана жоюу жөнүндө жобого карата  

7-тиркеме 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/5 токтомунун редакциясында)  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна  

N ______ ЛИЦЕНЗИЯ  

 

"___" _____________ 200__ ж.  

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы миркофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, жакырчылыкты жоюу, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калайык-калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн микрофинансылык компания ____________________________________________________________________________  

(толук аталышы)  

 

МФКнын юридикалык дареги ________________________________________ _______________________________________________________________________  

(кыскартылып аталышы)  

1. Бул лицензия төмөнкү айрым операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет:  

1.1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;  

1.2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;  

1.3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);  

1.4) банк менен агенттик келиишм боюнча чекене банктык кызмататрды жүзөгө ашыруу - микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле;  

1.5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү

 

2. Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөө баракчалары ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Лицензия Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кол койгондон тартып күчүнө кирет.  

Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт.  

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыкан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. 

 

Мөөр 

 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары 

 

 

 

22) Жобого карата 8-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы  

МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү  

жана жоюу жөнүндө жобого карата  

8-тиркеме 

 

Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 200__жылдын "___"_________ берилген №_______ лицензияга карата  

 

N _____ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ  

"___" _____________ 200__ ж. 

 

 

"_______________________________________" микрофинансылык компания _______________________________________________________________________  

(юридикалык жактан толук аталышы)  

 

Банктык операциялардын катар номери  

Чектөөлөрдүн болушу  

Чектөөлөр күчүнө кире баштаган күн  

 

Эскертүү  

1.1  

Жок  

 

 

1.2  

Жок 

 

 

1.3  

Жок 

 

 

1.4 

Жок 

 

 

1.5  

Жок 

 

 

 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары 

 

 

 

 

 

23) Жобо төмөнкү мазмундагы 11-тиркеме менен толукталсын:  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы  

МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү  

жана жоюу жөнүндө жобого карата  

11-тиркеме  

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/5 токтомунун редакциясында)  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна  

N ______ ЛИЦЕНЗИЯ  

 

"___" _____________ 200__ ж.  

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы миркофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, жакырчылыкты жоюу, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калайык- калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн микрофинансылык компания ____________________________________________________________________________  

(толук аталышы)  

 

МФКнын юридикалык дареги ________________________________________ _______________________________________________________________________  

(кыскартылып аталышы)  

1. Бул лицензия төмөнкү айрым операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет:  

1.1 ) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;  

1.2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;  

1.3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);  

1.4) банк менен агенттик келиишм боюнча чекене банктык кызматтарды жүзөгө ашыруу - микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле;  

1.5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү

 

2. Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөө баракчалары ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Лицензия Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кол койгондон тартып күчүнө кирет.  

Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт.  

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыкан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. 

 

Мөөр 

 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары 

 

24) Жобо төмөнкү мазмундагы 12-тиркеме менен толукталсын:  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы  

МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү  

жана жоюу жөнүндө жобого карата  

12-тиркеме 

 

Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 200__жылдын "___"_________ берилген №_______ лицензияга карата  

 

N _____ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ  

"___" _____________ 200__ ж. 

 

 

"_______________________________________" микрофинансылык компания _______________________________________________________________________  

(юридикалык жактан толук аталышы)  

 

Банктык операциялардын катар номери  

Чектөөлөрдүн болушу  

Чектөөлөр күчүнө кире баштаган күн  

 

Эскертүү  

1.1  

Жок  

 

 

1.2  

Жок 

 

 

1.3  

Жок 

 

 

1.4 

Жок 

 

 

1.5  

Жок 

 

 

 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары 

 

3. Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №14/3 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) Жобонун 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

"1.2. Кредиттик союз - бул, өз катышуучуларынын жыйымдарын бириктирүү аркылуу аларга көмөк көрсөтүү жана аларды өз ара кредитөөгө колдонуу, ошондой эле башка башка финансылык кызматтарды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды сунуштоо максатында кооператив формасында түзүлгөн, финансы-кредиттик уюм.". 

 

2) Жобонун 1.4-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

 

"- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 токтому менен бекитилген "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобого ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык кызматтарды сунуштоо.  

 

3) Жобонун 1.4-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"2) төмөнкү финансылык кызматтарды (операцияларды) жүзөгө ашырууга кошумча лицензия:  

- кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валютасында депозиттерди (аманаттарды) тартуу 

кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валютасында депозиттерди (аманаттарды) тартууга лицензиясы болгон шартта, Кредиттик союз төмөнкүлөргө карата да кошумча лицензияларды алууга укуктуу: 

- банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу - кредиттик союзда кардарларга эсептерди ачуусуз эле; 

- кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка финансы-кредиттик мекеме менен кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле эсептешүүлөрдү жүргүзүү;  

- кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди берүү

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу. 

4) 5.1-пункттагы "аманаттарды (депозиттерди)" деген сөздөрдөн кийин - "ислам каржылоо принциптери боюнча ишин жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн - "Мудараба" жана "Кард Хасан" бүтүмдөрүн жүзөгө ашырууну кошо алганда, (каражаттарды тартуу)" деген сөздөр менен толукталсын; 

 

5) Жобонун 6-бөлүгүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"6. Кредиттик союзга кошумча лицензия талап кылган операцияларды жүзөгө ашырууга укук берүү тартиби" 

 

6) 6.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Кредиттик союзга кошумча лицензия талап кылган операцияларды жүзөгө ашырууга укук, өтүнүч кат берилген учурга кредиттик союз тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү минималдуу талаптары сакталган шартта берилет". 

 

- 2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"2) кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ченемдик документтердин (саясат, жол-жоболор) болуусу"  

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын: 

 

"3) кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валюталарында аманаттарды (депозиттерди) тартууга лицензиянын болушу". 

 

7) 6.2-пункттагы: 

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

"кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүргүзүү укугун алуу үчүн кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү документтерди эки нускада берүүгө тийиш:"; 

 

- 3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"3) кредиттик союздун кошумча лицензия талап кылган операцияларынын көлөмүн жана санын болжолдуу эсептөөлөр менен экономикалык негиздемелер"

 

- 5-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин; 

 

"5) кредиттик союздун кошумча лицензия талап кылган операцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ченемдик документтери (саясат, жол-жоболор), кредиттик союздун башкаруу органдарынын бул документтердин бекитилгендиги жөнүндө чечимдеринин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен).";  

 

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктчасы менен толукталсын: 

 

"6) кредиттик союз өз атынан чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча кошумча лицензияны алган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы №42/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун талаптарына таянуу менен иш алып барууга тийиш.". 

 

8) 8.1.-пункт төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Шариат кеңешин түзүү.  

 

9) 1-Пункт 3-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздардын ишинде орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди азайтуу максатында, Башкарманын Төрагалыгынын, Байкоо кеңешинин Төрагалыгынын, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн (ислам каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды сунушташкан кредиттик союздар үчүн, мында шариат кеңешинин мүчөлөрүн макулдашуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат) жана башкы бухгалтердин (башкы бухгалтердин штаттык кызмат орду жок болгон учурда, башкы бухгалтер укугундагы бухгалтердин) кызмат орундарына талапкерлерге карата минималдуу талаптарды белгилейт.  

 

10) 5-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө" жобого карата  

5-тиркеме  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

N __________ ЛИЦЕНЗИЯ  

"___" ____________ 20___-ж 

 

_______________________________________________ кредиттик союзга берилген 

(кредиттик союздун толук аталышы) 

кредиттик союздун юридикалык дареги ____________________________________ ___________________________________________________________________________ 

 

Ушул лицензия аркылуу төмөнкүдөй кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырууга уруксат берилет:  

кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валюталарындагы аманаттарды (депозиттерди) тартуу;  

банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу - кредиттик союзда кардарларга эсептерди ачуусуз эле;  

кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка финансы-кредиттик мекеме менен кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле эсептешүүлөрдү жүргүзүү;  

кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында чет өлкө валютасындагы кредиттерди берүү;  

өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүргүзүү.  

Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыкан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. Лицензиянын үчүнчү жактарга берилиши, кредиттик союздун ишин токтотуу менен лицензиясын алып салууга алып келет. 

Лицензиянын иштөө мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөлөрү жараксыз деп эсептелинет. 

Мөөр 

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам". 

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрда №201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №42/1 токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

 

1) 1.1-пункттагы "Жеке жана юридикалык" деген сөздөр "Юридикалык" деген сөз менен алмаштырылсын. 

 

2) 1.3-пункттагы экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Алмашуу пункту" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык, ыйгарым укуктуу банктар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер жана кредиттик союздар тарабынан жүзөгө ашырылуучу, нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларды жүргүзүү үчүн атайын жабдылган жер.  

"Алмашуу бюросу" - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырылуучу, нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт.  

1.3-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

 

Акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктын лицензиясын алган, юридикалык жактарды жана жеке адамдарды микрокредиттөөнү жана операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке адамдардан жана юридикалык жактардан ушул Мыйзамда каралган мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме микрофинансылык компания болуп саналат.  

Коммерциялык уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган, жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жана ушул Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме микрокредиттик компания болуп саналат.  

Кредиттик союз - бул, өз катышуучуларынын жыйымдарын бириктирүү аркылуу аларга көмөк көрсөтүү жана аларды өз ара кредитөөгө колдонуу, ошондой эле башка башка финансылык кызматтарды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды сунуштоо максатында кооператив формасында түзүлгөн, финансы-кредиттик уюм.". 

 

3) 2-бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

"2. Ыйгарым укуктуу банктардын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын укуктары жана милдеттери". 

 

4) 2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

 

"2.1. Ыйгарым укуктуу банктар, алмашуу бюролору, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн компетенцияларынын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.". 

 

5) 2.5-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"Ыйгарым укуктуу банктар, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, алмашуу бюролору төмөнкүлөргө милдеттүү:". 

 

6) 2.5-пункттун: 

 

11-пунктчасындагы "аты-жөнү" деген сөз алынып салынсын; 

-13-пунктчасындагы "же аты-жөнү" деген сөздөр алынып салынсын; 

- 27-пунктчасындагы "же жеке ишкердин" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

7) 2.6-пункттагы "же жеке" деген сөздөр алынып салынсын: 

 

8) 3.1-пункттун: 

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Ыйгарым укуктуу банкттар, алмашуу бюролору, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар нак чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу операцияларын төмөнкү ченемдик укуктук актыларды сактоо менен жүргүзүшөт:"; 

- 3.2-пункттун экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Ыйгарым укуктуу банктар, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, алмашуу пункттары үчүн чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстарын ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык белгилешет". 

 

9) 3.3-пункттун биринчи абзацындагы "же алмашуу бюросу" деген сөздөр "алмашуу бюросунда, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларда, кредиттик союзда" деген сөздөргө алмаштырылсын

 

10) 3.8-пункттагы "Жеке жана юридикалык" деген сөздөр "юридикалык" деген сөзгө алмаштырылсын. 

 

11) 3.9-пункттагы "же жеке ишкердин" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

12) 3.13-пунктун: 

- биринчи сүйлөмүндөгү"жана жеке" деген сөздөр алынып салынсын; 

- экинчи сүйлөмдөгү " же жеке" деген сөздөр алынып салынсын 

.  

 

13) 4.15-пункттагы "жана жеке" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

14) 4.20-пункттагы "(жеке ишкер)" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

15) 5.1-пункттун үчүнчү абзацындагы "жана жеке" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

 

16) 7-бөлүм төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"7. Алмашуу бюролорунун жана алмашуу пункттарынын ишине көзөмөлдүк  

 

7.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ыйгарым укуктуу банктардын алмашуу пункттарынын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын, алмашуу бюролорунун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келтирүү максатында, көзөмөлдүк жүргүзөт.  

7.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын алмашуу пункттарындагы, алмашуу бюролорундагы нак чет өлкө валюталарын алмашуу операциялары боюнча орун алган тобокелдиктерге жооп бербейт. 

7.3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы текшерүү үчүн негиз болуп эсептелген документти көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын алмашуу пункттарынын, алмашуу бюролорунун ишине алдын ала билдирүүсүз эле текшерүү укугуна ээ.  

7.4. Ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын алмашуу пункттары жана алмашуу бюролору алардын иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан текшерилип жаткан учурда алмашуу пункттунда же алмашуу бюросунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын текшерүүчүлөр тобуна аудио/видео жазууларды жүзөгө ашыра турган, аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жайды сунуштоого, Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобуна сунушталган жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларды орнотууга тиешелүү кандай болбосун аракеттерине тыюу салууга,ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын алмашуу пункттарынын же алмашуу бюролорунун документтеринин коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле текшерүүчүлөр тобуна текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдууларды жана техникаларды берүүгө милдеттүү.  

 

7.5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзамда каралган учурларда ыйгарым укуктуу банктарга, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга, кредиттик союздарга жана алмашуу бюролоруна карата эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу укугуна ээ.  

7.6. Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибинин, ошондой эле ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун (пункттарынын) ишин жөнгө салган ченемдик документтердин талаптарынын бузулушу аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөргө укуктуу:  

- аныкталган кемчиликтерди четтетүү тууралуу эскертүү же көрсөтмө жиберүүгө жана аларды четтетүү үчүн бузуунун түрүнө карата белгилүү бир мөөнөттү белгилөөгө;  

- мыйзамга ылайык, айыптык санкциялардын колдонулушуна чара көрүүгө;  

- лицензиянын иш-аракетин 7 жумушчу күнүнө чейинки мөөнөткө убактылуу токтотууга ;  

- лицензияны кайтарып алууга .". 

 

20) 1-тиркемедеги "же жеке жактын аты-жөнү" деген сөздөр алынып салынсын;  

 

21) 3-тиркемедеги:  

- Эскертүүнүн 3-пункту алынып салынсын;  

- Эскертүүнүн 5-пунктундагы "жана жеке" деген сөздөр алынып салынсын.  

 

22) 6-тиркеменин 1,2,3-формаларынын биринчи мамычасындагы "жеке ишкердин аты-жөнү" деген сөздөр алынып салынсын.  

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 токтому менен бекитилген "Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

1) 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

""Алмашуу бюросу" - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык, жүргүзүлгөн нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт .". 

 

2) 1-пункттун 4-абзацынын бүтүндөй тексти боюнча:  

- "же жеке" деген ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндөгү сөздөр алынып салынсын;  

- "100 000" деген сан "1 000 000" деген санга алмаштырылсын. 

 

3) 3-пункттагы "жана жеке" деген сөздөр алынып салынсын . 

 

4) 7-пункттагы "жана жеке" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

5) 9-пункттагы: 

- бешинчи жана жетинчи абзацтардагы "(юридикалык жактар үчүн)" деген сөздөр алынып салынсын; 

- сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

" - өтүнүч ээсинин коммерциялык банктагы топтоо эсебинде өтүнүч кат берилген күнү 1 000 000 сомдон кем эмес өлчөмдө жүгүртүү каражаты бар экендигин тастыктаган, коммерциялык банктын маалымкаты (лицензиясы катталган шартта); 

Топтоо эсебинде жайгашкан каражаттарды уюштуруучулар кандайдыр бир максаттарга колдоно алышпайт жана лицензияны алганга чейин алып чыгара албайт".  

 

6) 14-пункттагы ", өтүнүч жазган юридикалык же жеке жакка" деген сөздөр "өтүнүч жазган" деген сөздөргө алмаштырылсын.  

 

7) 25-пункттагы: 

- биринчи абзацтагы "(юридикалык жактар үчүн)" деген сөздөр алынып салынсын; 

- үчүнчү абзацтагы "юридикалык жактын-" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

8) 27-пункттагы "(юридикалык жактар үчүн)" деген сөздөр алынып салынсын;  

 

9) 30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"30. Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна ээ бир юридикалык жак, ал катталган областтын чегинде бир гана кошумча алмашуу бюросун ачууга укуктуу.".  

10) 32-пункттун жетинчи абзацындагы "100 000" деген сан "1 000 000" деген санга алмаштырылсын. 

 

11) 43-пункттун экинчи жана бешинчи абзацтарындагы "же жеке" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

12) 44-пункттагы: 

- 7-пунктчадагы "же жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүндө" деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 9-пунктчанын бүтүндөй тексти боюнча "(юридикалык жактар үчүн)" деген сөздөр алынып салынсын;  

- 10-пунктчадагы "(юридикалык жактар үчүн)" деген сөздөр алынып салынсын;  

- 12-пунктчадагы "юридикалык же жеке адамдын - өтүнүч ээсинин жана/же (юридикалык жактар үчүн)" деген сөздөр "өтүнүч ээсинин жана/же" деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

13) 47-пункттагы:  

- 2-пунктчадагы " же лицензия берилген жеке адамдын каза болушунда" деген сөздөр алынып салынсын;  

- 3-пунктчадагы "же жеке адам" деген сөздөр алынып салынсын.  

 

14) 48-пункттагы "же жеке адам" деген сөздөр алынып салынсын.  

 

15) 51-пункттун 2-пунктчасындагы "же жеке адамга" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

16) 52-пункттагы "(юридикалык жактар үчүн)" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

17) 1-тиркемедеги ", жеке адамдын аты-жөнү" деген сөздөр алынып салынсын. 

18) 2-тиркемедеги: 

- оң мамычадагы "жеке адамдын аты-жөнү, жашаган жери" деген сөздөр алынып салынсын; 

- Тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндөгү "жеке ишкер" деген сөздөр алынып салынсын.  

19) 3-тиркемедеги "жеке адамдын аты-жөнү" деген сөздөр алынып салынсын. 

20) 4-тиркемедеги: 

- "же жеке адамдын аты-жөнү" деген сөздөр алынып салынсын; 

- Тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндөгү "жеке ишкер" деген сөздөр алынып салынсын. 

21) 5-тиркемедеги "же жеке адамдын аты-жөнү жана дареги" деген сөздөр алынып салынсын. 

22) 6-тиркеменин: 

- оң мамычасындагы "же жеке адамдын аты-жөнү" деген сөздөр алынып салынсын; 

- "же жеке ишкердин", "жеке ишкердин" деген сөздөр алынып салынсын. 

23) 7-тиркемедеги "же жеке адамдын аты-жөнү" деген сөздөр алынып салынсын. 

24) 8-тиркемедеги "же жеке адамдын аты-жөнү", "же жеке ", "(юридикалык жактар үчүн)", "жеке адамдын", "жеке адамдын кол тамгасы" деген сөздөр алынып салынсын.  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2013-жылдын 23 декабрындагы  

№ 52\9 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

"Коммерциялык банктардын эл аралык операциялары жөнүндө"  

жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

Кароого сунушталган ""Коммерциялык банктардын эл аралык операциялары жөнүндө"жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 25-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 24-декабрында 149-04 номеринде каттодон өткөртүлгөн № 30/6 "Банктын эл аралык операциялары боюнча отчету жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

Токтом 2014-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. 

Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы ушул токтомго ылайык маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу , тиешелүү отчетторду түзүү үчүн каралган программалык камсыздоону 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жаңылап, талапка ылайык келтирсин.  

Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын "23 " декабрындагы  

№ 52\9 токтому менен бекитилген 

 

 

"Коммерциялык бактын эл аралык операциялары жөнүндө

жобо 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул Жободо чет өлкө активдеринин жана милдеттенмелердин жылышы, алар боюнча кирешелер жана чыгашалар, ошондой эле банктын өздүк капиталы жана Кыргыз Республикасынын төлөм теңдемин (баланс) түзүү үчүн пайданын бөлүштүрүлүшү боюнча маалыматтардын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан (мындан ары - банктар) берилиши формалары жана тартиби аныкталат. 

2. Улуттук банк ушул жобого ылайык алынган маалыматтардын купуялуулугунун сакталышына кепилдик берет. Алынган маалыматтар Кыргыз Республикасынын төлөм теңдеминде айрым банктарды идентификациялоосуз эле, жалпы алынган формада чагылдырылат. 

 

2-глава. Негизги түшүнүктөр 

 

3. Жобонун максатында төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат: 

1) Кыргыз Республикасынын төлөм теңдеми - бул, Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери ортосунда белгилүү бир мезгил ичинде ишке ашырылган экономикалык операцияларды суммардык түрдө чагылдырган статистикалык отчет. 

2) Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болуп төмөнкүлөр саналат: 

- Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, анын ичинде бир жылга жетпеген убакыт Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары убактылуу жүргөн жеке адамдар. Чет мамлекеттердин дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен тышкары, Кыргыз Республикасында бир жылдан ашуун убакыт жашап же жашоого ниеттенип жаткан чет өлкөлүк адамдар; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана Кыргыз Республикасында жайгашкан юридикалык жактар; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашып турган чет өлкө юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөр. 

3) Резидент эместер - бул, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, резидент болуп саналбаган жактар. 

4) Кыргыз Республикасына чет өлкө инвестициялары - бул, чарбалык жана башка ишкердик чөйрөсүнө акчалай жана материалдык салымдар, ошондой эле чет мамлекеттердин, юридикалык жактардын жана жарандардын интеллектуалдык менчикке укуктарынын өтүшү

5) Республика аймагында инвестициялоону жүзөгө ашырган чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, чет өлкө юридикалык жактары жана жарандары Кыргыз Республикасындагы чет өлкө инвесторлорунан болуп саналат. 

6) Чет өлкө тике инвестору - банктын акционердик капиталынын 10% жана андан көбү таандык болгон резидент эмес. 

7) Чет өлкө инвестициялаган ишкана - банк каражаттарды салган ишкана - резидент эмес. 

8) Чет өлкөлүк башка инвестор - банктын акционердик капиталынын 10% чейинкиси ага таандык болгон резидент эмес. 

9) Катышпаган артыкчылыктуу акциялар - бул, банктын акциялары. Алар катталган киреше алууну камсыз кылат, бирок банк жоюлган шартта анын калдык наркын бөлүштүрүүгө катышууга ага укук бербеген акциялар.  

10) Тике инвестициялануучу ишканаларга төмөнкүлөр кирет: 

Туунду ишкана - бул ишкана-резидент эмес, банк аларда акциялардын (же катышуунун башка эквивалентинин) 50 пайызынан көбүрөөгүнө ээ болуу менен аларга контролдукту жүзөгө ашыра алат. Ошондой эле, банк жана анын туунду ишканасы аларда добуш берүүгө укук чегерген акциялардын эң жок дегенде 50 пайызына биргелешип ээлик кылган ишкана-резидент эместер да туунду ишканаларга, кирет.  

Ассоциацияланган ишкана - банк анда акциялардын же катышууга укук чегерген башка эквиваленттин 10 пайызынан көбүрөөгүнө, бирок 50 пайызына жетпегенине ээлик кылып, ошондой эле олуттуу деңгээлде таасир этиши мүмкүн болгон, бирок контролдукту жүзөгө ашыра албаган ишкана-резидент эместер. Банк жана анын туунду ишканасы анда добуш берүүгө укук чегерген 10 пайызынан көбүрөөгүн бирок 50 пайызга жетпегенине биргелешип ээлик кылган ишкана-резидент эместер да ассоциацияланган ишканаларга кирет

11) Башка чет өлкө ишканалары - бул, аларда инвестор (банк) акциялардын же катышууга укук чегерген башка эквиваленттин кеминде 10 пайыздык үлүшүнө ээлик кылган чет өлкө ишканалары.  

12) Киндиктеш ишканалар - бул, тике же кыйыр түрдөгү бир эле инвестордун контролдугунда турган же ал таасир эткен ишкана, бирок алар бири-бирине карата эч кандай контролдукту жүргүзө албайт, таасир эте албайт, б.а. жалпы тике инвесторго ээ түзүмдөр.  

13) Түпкү контролдоочу башкы компания - түпкү инвестор болуп саналган жана түздөн-түз инвестициялануучу ишканалардын инвестициялык чечимдерди кабыл алуусуна контролдукту жүзөгө ашырган тике инвестициялоо мамилесиндеги биринчи ишкана. Бул, ар бир звенонун кийинки звеного контролдугу аныкталган менчикке тиешелүү мамилелер чиелениши боюнча түздөн-түз тике инвестордон андан ары контролдукка алуу менен аныкталат.  

14) Капиталга катышуунун башка инструменттери - бул, баалуу кагаз формасына ээ болбогон капиталга катышуу инструменттери (бөлүмдөр, жоопкерчилиги чектелген шериктештиктер ж.б.). 

15) Кайтарым операциялар - бул, баалуу кагаздарга же алтынга менчик укугунун өзгөрүүсүн караган, белгиленген күнү же кандайдыр бир мөөнөт өткөндөн кийин же ошол же ошондой эле баалуу кагаздарды же алтынды кайтара сатып алуу милдеттенмесин камтыган макулдашуулар. Мындай макулдашуулар, баалуу кагаздарды кайтара сатып алуу келишимдерин, алтын боюнча своп келишимдерин, баалуу кагаздарды карызга берүү жана алтын түрүндө ссудаларды берүү келишимдерин камтыйт..  

16) Нейтралдуу операциялар - бул, чет өлкө банктарынын бир банкта-резидентте ачылган корреспонденттик эсептери ортосунда же чет өлкө банктарынын ар кайсы банктарда- резидент эместерде ачылган корреспонденттик эсептери ортосунда каражаттардын жылышын чагылдырган операциялар. Банк -резидент эместердин чет өлкөлөрдө ачылган корреспонденттик эсептери ортосунда каражаттардын жылышы төлөм теңдеми үчүн нейтралдуу операция катары каралат. Төмөнкү операциялар нейтралдуу операция катары чагылдырылат:  

- бир нак эмес чет өлкө валютасын башка нак эмес чет өлкө валютасына алмаштыруу (валюталарды сатуу/сатып алуу); 

- нак эмес формадагы валютаны ошол эле валютанын нак формасына айландыруу же тескерисинче ишке ашырылган операциялар (нак акчага айландыруу); 

- акча каражаттарын бир корреспонденттик эсептен экинчи корреспонденттик эсепке которуу (корреспонденттик эсепти толуктоо); 

- бир банктын корреспонденттик эсебинен башка банктын пайдасына акча каражаттарынын түшүүсү (ортомчулук операциялары) 

 

3-глава. Отчет берүү тартиби жана мөөнөттөрү 

 

4. Отчеттун мазмунунун толуктугу, анын мөөнөтүндө тапшырылышы жана так толтурулгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик түздөн-түз банк жетекчисине жүктөлөт. Мындан тышкары ар бир банкта отчетко тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара иш алып барган жооптуу адам дайындалууга тийиш. 

5. Отчет электрондук формада берилет (электрондук форма электрондук-санарип кол тамгасы менен коштолуп, стандарттык аталышка ээ болууга тийиш, мисалы pb 1430113, мында биринчи үч сан банктын коду, төртүнчү жана бешинчи сандар чейрек белгиси, ал эми андан аркы эки сан отчеттук жылдын белгисин көрсөтөт). Отчет берилбей калса же убагында сунушталбаса жана атайылап эле такталбаган маалымат камтылган отчет берилген болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык банкка карата тиешелүү санкциялар коюлат. 

6. Отчет чейрек сайын, отчеттук чейрек бүткөндөн кийинки 20 календардык күн ичинде Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Улуттук банктын кызматкерлери отчетто каталардын бар экендигин аныктаган болсо, банктар аларды дароо четтетүү менен оңдолуп чыккан отчетту, кемчиликтер тууралуу аларга маалымдалгандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кайрадан жөнөтүүгө милдеттүү

 

4-глава. Отчеттун мазмуну 

 

7. Банк тарабынан берилүүчү отчетто төмөндөгүлөр камтылууга тийиш: 

1) "Банктын капиталы жөнүндө маалымат" деп аталган I бөлүктү чет өлкө капиталын тартуу менен иш алып барган банктар гана толтурууга тийиш. Маалыматтар валютанын номиналында, үтүрдөн кийин эки санга (белгиге) чейинки тактыкта көрсөтүлүшү зарыл. Бул бөлүк боюнча маалыматтар отчеттук мезгилдин баш жагына жана акырына карата абал боюнча көрсөтүлөт. Ошондой эле мында отчеттук мезгил ичинде каражаттардын жылышы жана орун алган башка өзгөртүүлөр чагылдырылат. Башка өзгөртүүлөр, баанын деңгээлинде же түзүмүндө өзгөрүүлөрдөн улам, финансылык активдин же милдеттенменин акчалай наркынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында кайра баа берүүлөрдү чагылдырат (активдин көбөйүүсү "+", ал эми анын азаюусу "-" белгисинде көрсөтүлөт). Чет өлкө инвесторлору - резидент эместер боюнча маалыматтарды ар бир өлкө боюнча өзүнчө көрсөтүү талап кылынат, мында негизгиден төмөн жайгашкан тилкелерди (ячейкаларды) гана толтуруу зарыл; 

2) "Банктын акционерлерине дивиденддерди бөлүштүрүү" деп аталган II бөлүктү чет өлкө капиталын тартуу менен иш алып барган банктар гана толтурууга тийиш. Маалыматтар валютанын номиналында, үтүрдөн кийин эки санга (белгиге) чейинки тактыкта көрсөтүлүшү зарыл. Чет өлкө инвесторлору - резидент эместердин ар биринин өлкөсү боюнча өзүнчө чагылдыруу талап кылынат, мында негизгиден төмөн жайгашкан тилкелерди (ячейкаларды) гана толтуруу зарыл; 

3) "Банктын чет өлкө ишканасынын капиталына катышуусу тууралуу маалымат" деп аталган III бөлүктү чет өлкө ишканасынын капиталында үлүшкө ээ банктар гана толтурууга тийиш. Маалыматтар валютанын номиналында, үтүрдөн кийин эки санга (белгиге) чейинки тактыкта көрсөтүлүшү зарыл. Маалыматтар отчеттук мезгилдин баш жагына жана акырына карата абал боюнча көрсөтүлөт. Мына ошондой эле, отчеттук мезгил ичинде каражаттардын жылышы жана орун алган башка өзгөртүүлөр чагылдырылат. Башка өзгөртүүлөр, баанын деңгээлинде же түзүмүндө жүргөн өзгөрүүлөрдөн улам, финансылык активдин акчалай наркынын өзгөрүүсүнөн келип чыккан кайра баалоону чагылдырат (активдин көбөйүүсү "+", ал эми анын азаюусу "-" белгисинде көрсөтүлөт). Чет өлкө инвестициялоо ишканаларына тиешелүү маалыматтарды ишканалар-резидент эместердин ар биринин өлкөсү боюнча өзүнчө, ишкананын аталышын, капиталга катышуу үлүшү пайыздарда чагылдырып, негизгиден төмөн жайгашкан тилкелерди гана толтуруу талап кылынат.  

4) "Ишканалар-резидент эместердин дивиденддерин бөлүштүрүү" деп аталган IV бөлүк чет өлкө ишканаларынын капиталында үлүшкө ээ банктар тарабынан гана толтурулат. Маалыматтар отчеттук мезгилдин баш жагына жана акырына карата абал боюнча көрсөтүлөт, ошондой эле мында отчеттук мезгил ичинде каражаттардын жылышы жана орун алган башка өзгөртүүлөр чагылдырылат. Чет өлкө инвестициялоо ишканаларына тиешелүү маалыматтарды ишканалар-резидент эместердин ар биринин өлкөсү боюнча өзүнчө, ишкананын аталышын, капиталга катышуу үлүшүн көрсөтүү менен чагылдыруу талап кылынат. Мында негизгиден төмөн жайгашкан тилкелерди гана толтурулушу зарыл; 

5) "Банктын чет өлкө активдеринин жылышы" деп аталган V бөлүктө маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейинки тактык менен валюта бирдигинде көрсөтүлөт. Маалыматтар отчеттук мезгилдин баш жагына жана акырына карата абал боюнча, ошондой эле каражаттардын жылышы боюнча көрсөтүү талап кылынат. Мында отчеттук мезгил ичиндеги башка өзгөрүүлөр да чагылдырылат. Башка өзгөртүүлөр, баанын деңгээлинде же түзүмүндө жүргөн өзгөрүүлөрдөн улам, финансылык активдин акчалай наркынын өзгөрүүсүнөн келип чыккан кайра баалоону же жаңылыш чегерилген суммалардын кайтарылышын чагылдырат (активдин көбөйүүсү "+", ал эми анын азаюусу "-" белгисинде көрсөтүлөт). Маалыматтар ар бир өлкө боюнча өзүнчө, өнөктөштүн аталышы жана операциялар ишке ашырылган валюталар боюнча (Кыргыз Республикасынан тышкары) көрсөтүлүүгө тийиш, мында негизгиден төмөн жайгашкан бөлүктү гана толтуруу зарыл; 

6) "Чет өлкө активдери боюнча алынган кирешелер" деп аталган VI бөлүктө маалыматтар валютанын номиналында, үтүрдөн кийин эки санга (белгиге) чейинки тактыкта көрсөтүлүшү зарыл. Мында отчеттук мезгилдин ичинде чегерилген жана айкын алынган каражаттарды кошо алганда, отчеттук мезгилдин баш жагына жана акырына карата чегерилген, бирок алына элек кирешелерди көрсөтүү талап кылынат. Башка өзгөрүүлөр, активдин бир бөлүгүн же толугу менен эсептен алып салуунун/алып коюунун эсебинен чегерилген жана алынган кирешелердеги өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Маалыматтар ар бир өлкө боюнча өзүнчө, өнөктөштүн аталышы жана операциялар ишке ашырылган валюталар боюнча (Кыргыз Республикасынан тышкары) көрсөтүлүүгө тийиш, мында негизгиден төмөн жайгашкан бөлүктү гана толтуруу талап кылынат; 

7) "Банктын резидент эместер алдындагы милдеттенмелеринин жылышы (чет өлкө милдеттенмелери)" деп аталган VII бөлүктө маалыматтар валютанын номиналында, үтүрдөн кийин эки санга (белгиге) чейинки тактыкта көрсөтүлүшү зарыл. Маалыматтар отчеттук мезгилдин баш жагына жана акырына карата абал боюнча, ошондой эле каражаттардын жылышы боюнча көрсөтүү талап кылынат, мында отчеттук мезгил ичиндеги башка өзгөрүүлөр да чагылдырылат. Башка өзгөртүүлөр, баанын деңгээлинде же түзүмүндө жүргөн өзгөрүүлөрдөн улам, финансылык активдин акчалай наркынын өзгөрүүсүнөн келип чыккан кайра баалоону же жаңылыш чегерилген суммалардын кайтарылышын чагылдырат (активдин көбөйүүсү "+", ал эми анын азаюусу "-" белгисинде көрсөтүлөт). Маалыматтар ар бир өлкө боюнча өзүнчө, өнөктөштүн аталышы жана операциялар ишке ашырылган валюталар боюнча (Кыргыз Республикасынан тышкары) көрсөтүлүүгө тийиш, мында негизгиден төмөн жайгашкан бөлүктү гана толтуруу зарыл; 

8) "Банктын чет өлкө милдеттенмелери боюнча чыгашалары" деп аталган VIII бөлүктө маалыматтар валюта бирдигинде, үтүрдөн кийин эки санга (белгиге) чейинки тактыкта көрсөтүлүшү зарыл. Мында отчеттук мезгил ичинде чегерилген жана айкын алынган каражаттарды кошо алганда, отчеттук мезгилдин баш жагына жана акырына карата чегерилген, бирок төлөнө элек чыгашаларды көрсөтүү талап кылынат. Башка өзгөрүүлөр, милдеттенмелердин бир бөлүгүн же толугу менен эсептен алып салуунун/алып коюунун эсебинен резидент эместерге чегерилген жана төлөнгөн кирешелердеги өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Маалыматтар ар бир өлкө боюнча өзүнчө, өнөктөштүн аталышы жана операциялар ишке ашырылган валюталар боюнча (Кыргыз Республикасынан тышкары) көрсөтүлүүгө тийиш, мында негизгиден төмөн жайгашкан бөлүктү гана толтуруу талап кылынат. 

 

5-глава. Отчетту толтуруу тартиби 

 

8. Отчеттун аталышында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- отчет берген банктын толук аталышы; 

- отчет даярдалган мезгил аралыгы (мисалы, 2013-жылдын 1-чейреги үчүн). 

 

9. 1-бөлүктү толтуруу тартиби (Банктын капиталы жөнүндө маалымат): 

 

1) 1.1-сапта банктын бүтүндөй капиталын чагылдыруу зарыл. Ал, банктын сатылган акцияларынын суммасынан (1.1.1-сап), номиналдан үстөк салынган капиталдан (1.1.2-сап), камдардан (резерв) (1.1.3-сап), бөлүштүрүлбөгөн пайдадан (1.1.4-сап) жана акционерлер тарабынан салынган кошумча капиталдын суммасынан (1.1.5-сап) турууга тийиш. 

2) 1.1.1.-1.1.1.5-саптарда банк тарабынан чыгарылган жана сатылган жөнөкөй, артыкчылыктуу акциялардын жалпы наркын чагылдыруу зарыл. Эсепке алуу, акциялардын номиналдык наркы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде, акциялар номиналдык нарктан жогору баада сатылган болсо, акциялардын рыноктук жана номиналдык нарктарынын ортосундагы айырма 1.1.2.-1.1.2.5-саптарда эсепке алынат. Мында төмөнкүлөр өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш: 

1.1.1.1-сапта Кыргыз Республикасынын резиденттерине сатылган акциялардын наркы көрсөтүлөт. Артыкчылыктуу акцияларды өзүнчө көрсөтүү талап кылынат. 

1.1.1.2-сапта тике чет өлкө инвесторлорго-резидент эмес сатылган акциялардын наркы көрсөтүлөт, булардын ичинен артыкчылыктуу акцияларды өзүнчө көрсөтүү зарыл (1.1.1.2.а.-сабы); 

1.1.1.3-сапта башка чет инвесторлорго-резидент эмес терге сатылган акциялардын наркы, 

1.1.1.4-сапта тике инвестициялоо ишканаларына сатылган акциялардын наркы, 

1.1.1.5-сапта киндиктеш ишканаларга сатылган акциялардын наркы чагылдырылат.  

3) 1.1.2-1.1.2.3-саптарда банктын жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияларынын номиналдык наркынан үстөк салынган инвестициялар, башкача айтканда, банктын акцияларынын рыноктук жана номиналдык нарктарынын ортосундагы айырманы көрсөтүү зарыл. Айырма, эгерде акциялар номиналдан жогору баада сатылып өткөрүлгөн болсо, акцияларды жаңы чыгарууда (эмиссия) келип чыгат. Мында маалыматтарды өз-өзүнчө чагылдыруу зарыл: 

1.1.2.1-сапта - резиденттер боюнча, 

1.1.2.2-сапта - тике чет өлкө инвесторлор-резидент эместер боюнча, 

1.1.2.3-сапта - башка чет өлкө резидент эмес инвесторлор боюнча, 

1.1.2.4-сапта - тике инвестициялоо ишканалары боюнча, 

1.1.2.5-сапта - киндиктеш ишканалар боюнча.  

4) 1.1.3-сапта банктык мыйзамдарга ылайык, банк милдеттүү түрдө күтүүгө тийиш болгон бардык камдар: банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн кам, негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам, консолидациялоо учурунда чет өлкө валюталарын кайра эсептеп чыгуу боюнча кам жана инвестициялык баалуу кагаздарды кайра баалоо камы чагылдырылууга тийиш. 

5) 1.1.4-сапта банктын өткөн жылдардагы жана өтүп жаткан жылдагы бөлүштүрүлбөгөн пайдасын чагылдыруу зарыл. Мында акционерлерге бөлүштүрүлгөндө жана каражаттардын бөлүгүн камга которуудан кийин калган, топтолгон таза киреше (чыгым) көрсөтүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн пайда өткөн жылдардын таза пайдасынын (чыгымынын) калдыгынан, ошондой эле өтүп жаткан жылы отчеттук күнүнө карата алынган пайдадан (чыгымдан) турат. Эгерде, отчеттук күнгө карата банкта чыгым орун алса, анда бул пункттун мааниси "минус" белгисинде, ал эми пайда келип чыкса "плюс" белгисинде көрсөтүлөт. 

6) 1.1.5.-1.1.5.3-саптарында, Улуттук банктын уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же капиталдын шайкештик стандартын аныктоо боюнча экономикалык ченемдерге тиешелүү талаптарын банк аткара албай калган учурда, банктын акционерлери тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк кошумча салынган капиталын, аларды кайтарып берүү боюнча банктын милдеттенмеси жок экендиги жана бул каражаттар мөөнөтсүз негизде берилгендигин көрсөтүү менен чагылдыруу зарыл. Мында төмөнкү маалыматтар өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш: 

1.1.5.1-сапта - резиденттер боюнча, 

1.1.5.2-сапта - тике чет өлкө инвесторлор-резидент эместер боюнча (1.1.5.2-сап), 

1.1.5.3-сапта - башка чет өлкө резидент эмес инвесторлор боюнча, 

1.1.5.4-сапта - тике инвестициялоо ишканалары боюнча, 

1.1.5.5-сапта - киндиктеш ишканалар боюнча. 

 

10. II бөлүктүн толтуруу тартиби (Банктын акционерлерине дивиденддерди бөлүштүрүү): 

 

2.1.-2.1.5-саптарда банктын акционерлери ортосунда жыл жыйынтыктары боюнча бөлүштүрүлгөн дивиденддер чагылдырылууга тийиш.  

2.1.1-сабында - Кыргыз Республикасынын резиденттерине бөлүштүрүлгөн дивиденддер, 

2.1.2-сапта - тике чет өлкө инвесторлор-резидент эместерге, катышпаган артыкчылыктуу акцияларга дивиденддерди өзүнчө бөлүп көрсөтүү (2.3.2.а.-сабы), 

2.1.3-сапта - башка чет өлкө инвесторлор-резидент эместерге, 

2.1.4-сапта - түздөн-түз инвестициялоо ишканаларына, 

2.1.5-сапта - киндиктеш ишканаларга. 

 

11. III бөлүктүн толтуруу тартиби (Чет өлкө ишканаларынын капиталына банктын катышуусу тууралуу маалымат): 

1) 3.1.-3.1.4-саптарда чет өлкө инвестициялоо ишканаларынын сатылып алынган жана сатылган жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияларынын жалпы наркы чагылдырылууга тийиш. Эсепке алуу акциялардын номиналдык наркы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде, акциялар номиналдык нарктан жогору баада сатылса, акциялардын рыноктук жана номиналдык наркы ортосундагы айырма 3.2.-3.2.4-саптарда эсепке алынат. Мында төмөнкүлөр өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш: 

3.1.1-сапта - түздөн-түз инвестициялоо ишканаларынын акцияларынын наркы, мында артыкчылыктуу акциялар 3.1.1.а.-сабында өзүнчө көрсөтүлүшү зарыл.  

3.1.2-сапта - башка чет өлкө ишканалар-резидент эместердин акцияларынын наркы, 

3.1.3-сапта - эгерде катышуу үлүшү 10 пайыздан азды түзсө, тике инвесторлордун (башкы компаниялардын) ишканаларынын акцияларынын наркы башка учурларда мындай операциялар 3.1.1-сапта көрсөтүлүүгө тийиш. 

3.1.4-сапта - эгерде катышуу үлүшү 10 пайыздан азды түзсө, киндиктеш ишканалардын акцияларынын наркы, башка учурларды мындай операциялар 3.1.1-сапта көрсөтүлүүсү зарыл. 

2) 3.2.-3.2.4-саптарда ишканалар-резидент эместердин жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияларынан номиналдык наркынан үстөк салынган инвестициялар, башкача айтканда ишканалардын акциялардын рыноктук жана номиналдык наркы ортосунда айырма чагылдырылат. Айырма, эгерде акциялар номиналдан жогору баада сатылган болсо, акцияларды жаңы чыгарууда (эмиссиялоо) келип чыгат. Ишкана уюштуруучуларынын чечими боюнча жумшалган башка салымдар же келип чыккан кандай болбосун чыгымдар ишкана-резидент эместин уставдык капиталдагы алардын үлүшүнө жараша пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлөт. Төмөнкү маалыматтар өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш: 

3.2.1-сапта - түздөн-түз инвестициялоо ишканалары боюнча, ал эми артыкчылыктуу акциялар 3.2.1.а-сабында көрсөтүлүүгө зарыл. 

3.2.2-сапта - башка чет өлкө ишканалар-резидент эместер боюнча. 

3.2.3-сапта - эгерде катышуу үлүшү 10 пайыздан азды түзсө, тике инвесторлор (башкы компания) ишканалары боюнча, башка учурларда мындай операциялар 3.2.1-сапта көрсөтүлүшү зарыл. 

3.2.4-сапта - эгерде катышуу үлүшү 10 пайыздан азды түзсө, киндиктеш ишканалар боюнча, башка учурларда мындай операциялар 3.2.1-сапта көрсөтүлүшү зарыл. 

3) 3.3-сапта түздөн-түз инвестициялоо ишканаларынын өткөн жылдарда жана өтүп жаткан жыл ичиндеги бөлүштүрүлбөгөн пайдасы чагылдырылат. Мында акционерлерге бөлүштүрүлгөндөн жана каражаттардын бир бөлүгү камга которулгандан кийинки топтолгон таза киреше (чыгым) көрсөтүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн пайда өткөн жылдардын таза пайдасынын (чыгымдан) калдыгынан, ошондой эле өтүп жаткан жылдын отчеттук күнгө карата пайдасынан (чыгымынан) турат. Эгерде отчеттук күнгө карата ишканада-резидент эместе чыгым орун алса, бул пункттун мааниси "минус" белгиси менен, ал эми пайда орун алса "плюс" белгиси менен белгиленет. 

 

4) 3.4-сапта капиталга катышуунун башка инструменттердин наркын чагылдырууга тийиш.  

 

12. IV бөлүктүн толтуруу тартиби (Ишканалар-резидент эместердин банкка дивиденддери бөлүштүрүлгөн): 

4.1.-4.1.4-саптарда жыл жыйынтыгы боюнча чет өлкө ишканасынын банкка бөлүштүрүп берген дивиденддерин чагылдыруу зарыл. Мында төмөнкү дивиденддерди өз-өзүнчө көрсөтүү талап кылынат: 

4.1.1-сапта - түздөн-түз инвестициялоо ишканаларынын акциялары боюнча, мында артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди 4.1.1.а-сабында көрсөтүү зарыл,  

4.1.2-сапта - башка чет өлкө ишканаларынын акциялары боюнча, 

4.1.3-сапта - тике инвесторлор (башкы компаниялардын) ишканаларынын акциялары боюнча, 

4.1.4-сапта - тутумдаш ишканалардын акциялары боюнча. 

 

13. V бөлүктүн толтуруу тартиби (Коммерциялык банктын чет өлкө активдеринин жылышы): 

 

1) 5.1.-5.1.5-саптарда банк тарабынан резидент эместерге берилген кредиттердин, финансылык лизинг боюнча операциялардын суммасы чагылдырылууга тийиш. Бул сапта, ошондой эле, РЕПО келишими боюнча орду толтурулуп берилүүгө тийиш болгон, ошондой эле башка кайтарым операциялар боюнча сунушталган акча каражаттары чагылдырылышы зарыл.  

5.1.1-сапта - тике чет өлкө инвестор-резидент эместерге берилген кредиттер ар бир өлкө боюнча өз-өзүнчө, инвестордун аталышы жана кредит берилген валюталар боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. 

5.1.2-сапта - түздөн-түз инвестициялоо ишканасына берилген кредиттер ар бир өлкө боюнча өз-өзүнчө, ишкананын аталышы жана кредит берилген валюталар боюнча өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. 

5.1.3-сапта - киндиктеш ишканаларга берилген кредиттер ар бир өлкө боюнча өз-өзүнчө, ишкананын аталышы жана кредит берилген валюталар боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. 5.1.4 - сапта чет өлкө банктарына жана башка финансы-кредит мекемелерине берилген кредиттер ар бир өлкөнү, банкты жана кредит берилген валюта боюнча өзүнчө көрсөтүлөт. 

Эскертүү: Эгерде отчет берип жаткан банк, ал үчүн тике инвестордон, түздөн-түз инвестициялануучу ишканадан же киндиктеш ишканадан болуп саналса, чет өлкө банкына же башка финансы-кредит мекемесине кредит берген болсо, мындай операциялар тиешелүүлүгүнө жараша 5.1.1., 5.1.2., 5.1.3-пункттарда чагылдырылууга тийиш.  

5.1.5-сапта - башка юридикалык жактарга жана жеке адамдарга берилген кредиттер өлкөлөр жана кредит берилген валютада өз-өзүнчө көрсөтүлөт.  

Сунушталуучу кредиттер, кыска мөөнөттүү - бир жылга чейинки мөөнөткө берилген (5.1.1.1, 5.1.2.1, 5.1.3.1, 5.1.4.1 жана 5.1.5.1-саптары) жана узак мөөнөттүү - бир жылга жана андан ашкан мөөнөткө берилген бөлүнөт (5.1.1.2, 5.1.2.2, 5.1.3.2, 5.1.4.2 жана 5.1.5.2-саптар) кредиттер, өлкөлөр, резидент эмес өнөктөштүн аталышы, банктар жана кредит берилген валюталар боюнча бөлүп көрсөтүлөт.  

2) 5.2.-5.3.2-саптарында банктын ээлигинде турган чет өлкө баалуу кагаздарын чагылдырылат. Отчеттук мезгил ичинде сатылып алынган чет өлкө баалуу кагаздары активдердин көбөйүүсү катары, ал эми отчеттук мезгилдин ичинде сатылган чет өлкө баалуу кагаздары активдердин азаюусу катары чагылдырылат. 

5.2.1-сапта - суммасы катталган болуп саналган же контракттын шарттарына ылайык өзгөрүп турган акчалай кирешени алуу укугун берген облигациялар, карыздык милдеттенмелер эсепке алынат.  

5.2.2-сапта акча рыногунун макулдашылган катталган суммалары акчаны белгиленген мөөнөттө алуунун шартсыз укугун чегерген жана, адатта, рыноктордо төлөө баасынан төмөн баада сатылган /сатылып алынган баалуу кагаздар көрсөтүлүүгө тийиш (коммерциялык жана финансылык кагаздар, банктык акцепттер, жүгүртүлүүчү депозиттик сертификаттар).  

Баалуу кагаздар кыска мөөнөттүү - бир жылга чейинки мөөнөткө (5.2.1.1 жана 5.2.2.1-саптар) жана узак мөөнөткө - 1 жылга жана андан ашкан мөөнөткө чыгарылган баалуу кагаздарга (5.2.1.2 жана 5.2.2.2-саптар) өлкөлөр боюнча жана баалуу кагаздар чыгарылган валюталар боюнча бөлүп көрсөтүлөт. 

5.2.3-сапта - туунду же экинчилик финансылык инструменттер көрсөтүлөт. Алар келечекте белгиленген мөөнөттө мисалы, нак акча, баштапкы финансылык инструмент жана башкалар формасындагы (валюталык, пайыздык, товардык, опциондор, жүгүртүлүүчү финансылык фңючерстер, варранттар, валюталык жана пайыздык своп келишимдери) сыяктуу айрым бир экономикалык натыйжаларды алууга алдын ала макулдашылган укукту камсыз кылат.  

3) 5.3-5.3.2-саптарда банктын чет өлкө банктарындагы депозиттери чагылдырылууга тийиш (корреспонденттик эсептерди эске албаганда). Депондоштурулган каражаттар бир жылга чейинки мөөнөттө жайгаштырылган кыска мөөнөттүү (5.3.1-сап) жана бир жылга жана андан ашкан узак мөөнөттүүгө (5.3.2-сап) өлкөлөр, банктар жана каражат жайгаштырылган валюта түрлөрү боюнча өзүнчө бөлүп көрсөтүлөт.  

4) 5.4- сапта банктын чет өлкөдөгү корреспонденттик эсептериндеги ("ностро" эсебиндеги) каражаттар суммасы ар бир өлкө, банк жана ар бир валюта боюнча чагылдыруу зарыл. Ошондой эле мында баалуу металлдар менен операциялар да көрсөтүлөт.  

5.4а-сабында - нейтралдуу операциялар ар бир өлкө банк жана валюта түрлөрү боюнча бөлүп көрсөтүлөт. 

5) 5.5-сапта - жүгүртүү кассасындагы акча каражаттары валютасы боюнча чагылдырууга тийиш, 

6) 5.6-сапта - жолдогу акча каражаттары валютасы боюнча чагылдырылууга тийиш, 

7) 5.7-сапта - эсептешүүлөрдөгү акчалай активдер валютасы боюнча чагылдырылууга тийиш. 

 

14. VI бөлүктү толтуруу тартиби (Банктын чет өлкө активдери боюнча алынган кирешелери): 

 

1) 6.1-6.1.5-саптарда берилген кредиттер боюнча пайыздарды өлкөлөр, резидент эместердин аталышы жана валюталар боюнча өзүнчө чагылдыруу зарыл. Мында төмөнкүлөр өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш: 

6.1.1-сапта - тике инвесторлорго берилген кредиттер боюнча пайыздар, 

6.1.2-сапта - түздөн-түз инвестициялануучу ишканаларга берилген кредиттер боюнча пайыздар, 

6.1.3-сапта - киндиктеш ишканаларга берилген кредиттер боюнча пайыздар, 

6.1.4-сапта - банктарга жана башка финансы-кредит мекемелерине берилген кредиттер боюнча пайыздар, 

6.1.5-сапта - башка юридикалык жактарга жана жеке адамдарга берилген кредиттер боюнча пайыздар.  

6.2. Бул сапта өлкөлөр жана валюталар боюнча өз-өзүнчө пайыздарды жана дивиденддерди камтыган чет өлкө баалуу кагаздарына кирешелерди чагылдыруу зарыл.  

2) 6.3-сапта депозиттер боюнча пайыздарды өлкөлөр, банктар жана валюталар боюнча өз-өзүнчө чагылдыруу зарыл. 

3) 6.4-сапта корэсептер боюнча пайыздарды өлкөлөр, банктар жана валюталар боюнча өз-өзүнчө чагылдыруу зарыл. 

4) 6.5-сапта банк тарабынан резидент эместерден алынган башка кирешелерди, анын ичинде банктык кызматтарды сунуштоо (эсеп ачуу, акча каражаттарын которуу ж.б.) үчүн комиссиялык төлөмдөрдү өлкөлөр, валюталар боюнча өз-өзүнчө көрсөтүү зарыл. 

 

15. VII бөлүктү толтуруу тартиби (Банктын резидент эместер алдындагы милдеттенмелеринин жылышы (чет өлкө милдеттенмелери): 

 

1) 7.1.-7.1.5-саптарда банктын резидент эместерден алган кредиттеринин, финансы лизинги боюнча операциялар суммасы чагылдыруу зарыл. Алынган кредит милдеттенмелердин көбөйүүсү катары, ал эми мурда алынган кредиттердин негизги суммасынын төлөнүшү милдеттенменин азаюусу катары чагылдырылат. Мында, отчеттун акырында 1-тиркемедеги негизги суммаларды жана пайыздарды төлөө графиги боюнча таблицаны толтуруу талап кылынат.  

7.1.1-сапта - тике чет өлкө инвесторлор-резидент эместерден алынган кредиттер, ар бир өлкө, өнөктөштүн аталышы жана кредит алынган валюта боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт.  

7.1.2-сапта - тике чет өлкө инвесторунун ишканаларынан алынган кредиттер, ар бир өлкө, өнөктөштүн аталышы жана кредит берилген валюта боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт. 

7.1.3-сапта - киндиктеш ишканалар тарабынан алынган кредиттер, ар бир өлкө, ишкананын аталышы жана кредит берилген валюта боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. 

7.1.4-сапта - алынган банктар аралык кредиттерди жана чет өлкөдөгү алынган башка финансы-кредит мекемелеринен кредиттер өлкөлөр, банктар жана кредит алынган валюталар боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эскертүү: Эгерде отчет берип жаткан банк, ал үчүн тике инвестор, тике инвестициялоо ишканасы же киндиктеш ишкана болуп саналган чет өлкө банкынан же башка финансы-кредит мекемесинен кредит алган болсо, анда бул операция тиешелүүлүгүнө жараша 7.1.1, 7.1.2, 7.1.3-пункттарында чагылдырылууга тийиш. 

7.1.5-сапта - башка юридикалык жактардан жана жеке адамдардан алынган кредиттер өлкөлөр боюнча, кредиттер алынган валюталар боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. 

Алынуучу кредиттер кыска мөөнөттүү - бир жылга чейинки мөөнөткө (7.1.1.1, 7.1.2.1, 7.1.3.1, 7.1.4.1 жана 7.1.5.1-саптары) жана узак мөөнөттүү - бир жылга жана андан ашкан мөөнөткө алынган (7.1.1.2, 7.1.2.2, 7.1.3.2, 7.1.4.2 жана 7.1.5.2-саптары) болуп, өлкөлөр, тике чет өлкө инвестору-резидент эместердин аталышы, банктар жана кредит алынган валюта боюнча бөлүнөт. 

2) 7.2.-7.2.3-саптарда капиталда катышкан баалуу кагаздардан тышкары, банк тарабынан чыгарылган резидент эместердин ээлигинде турган баалуу кагаздарды чагылдырууга тийиш. Банктын отчеттук мезгил ичинде сатылган баалуу кагаздары милдеттенмелердин көбөйүүсү катары, ал эми отчеттук мезгил ичинде сатылып алынган же төлөнгөн баалуу кагаздар милдеттенмелердин азаюусу катары чагылдырылат.  

7.2.1-сапта - суммасы катталган болуп саналган же контракттын шарттарына ылайык өзгөрүп турган, ээлик кылуучуга акчалай киреше алуу укугун чегерген облигациялар, карыздык милдеттенмелер көрсөтүлөт.  

7.2.2-сапта - акча рыногунун, белгиленген мөөнөттө акчанын макулдашылган суммасын алууга шартсыз укукту чегерген, адатта, төлөө баасынан төмөн баада рыноктордо сатылган/сатылып алынган баалуу кагаздары (коммерциялык жана финансылык кагаздар, банктык акцепттер, жүгүртүлүп жаткан депозиттик сертификаттар) көрсөтүлөт. 

Баалуу кагаздар кыска мөөнөттүү - бир жылга чейинки мөөнөттө чыгарылган (7.2.1.1 жана 7.2.2.1-саптар) жана узак мөөнөттүү - 1 жылга жана андан ашкан мөөнөткө чыгарылган (7.2.1.2 жана 7.2.2.2-саптар) баалуу кагаздарга өлкөлөр жана баалуу кагаздар чыгарылган валюта боюнча бөлүп көрсөтүлөт. 

7.2.3-сапта туунду же экинчилик финансылык инструменттер көрсөтүлөт. Алар келечекте белгиленген мөөнөттө мисалы, нак акча, баштапкы финансылык инструмент жана башкалар формасындагы (валюталык, пайыздык, товардык, опциондор, жүгүртүлүүчү финансылык фңючерстер, варранттар, валюталык жана пайыздык своп келишимдери) сыяктуу айрым бир экономикалык натыйжаларды алууга алдын ала макулдашылган укукту камсыз кылат.  

3) 7.3-7.3.2.2-саптарда резидент эместердин отчет берген банкта жайгаштырылган депозиттерин чагылдырылат. 7.3.1.-сапта банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин депозиттери, корреспонденттик эсептерден тышкары, өлкөлөр, банктар жана депозиттер жайгаштырылган валюталар боюнча өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш. Депондоштурулган каражаттар, жылга чейинки кыска мөөнөткө (7.3.1.1-сап),а бир жылга жана андан ашык мөөнөткө жайгашылган (7.3.1.2.-сап) узак мөөнөттүү каражаттарга бөлүнөт.  

7.3.2-сапта - резидент эместердин (юридикалык жактардын жана жеке адамдардын) эсептешүү эсептеринен тышкары, депозиттери өлкөлөр жана депозит жайгаштырылган валюталар боюнча өзүнчө чагылдырылышы зарыл. Бул сапта ошондой эле, РЕПО келишими жана башка кайтарым операциялар боюнча кайтарылууга тийиш болгон акча каражаттар да чагылдырылат. Депондоштурулган каражаттар бир жылга чейинки мөөнөткө кыска мөөнөттүү (7.3.2.1-сап), бир жылга жана андан ашкан (7.3.2.2.-сап) мөөнөткө жайгаштырылган узак мөөнөттүү болуп бөлүнөт. 

4) 7.4-сапта банктардын чет өлкөдөгү корреспонденттик эсептери ("лоро-эсеп") өлкөлөр, банктар жана валюталар боюнча өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш.  

5) 7.5-сапта резидент эместердин (жеке адамдар жана юридикалык жактар) эсептешүү эсептери өлкөлөр жана валюталар боюнча өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш. 

 

16. VIII бөлүктү толтуруу тартиби (Банктын чет өлкө милдеттенмелери боюнча чыгашалары): 

 

1) 8.1-8.1.4-саптарда мурда алынган кредиттерге тиешелүү пайыздар, өлкөлөр, өнөктөштөрдүн аталышы жана валюталар боюнча чагылдырылат. Мында төмөнкүлөр өз-өзүнчө көрсөтүлүүсү зарыл: 

8.1.1-сапта - тике инвесторлордон алынган кредиттер боюнча пайыздар, 

8.1.2-сапта - түздөн-түз инвестициялоо ишканаларынан алынган кредиттер боюнча пайыздар, 

8.1.3-сапта - киндиктеш ишканалардан алынган кредиттер боюнча пайыздар, 

8.1.4-сапта - банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган кредиттер боюнча пайыздар. 

8.1.5-сапта - башка юридикалык жак жана жеке адамдар тарабынан алынган кредиттер боюнча пайыздар. 

2) 8.2-сапта чет өлкө баалуу кагаздары боюнча төлөнгөн чыгашаларды өлкөлөр жана валюта түрлөрү боюнча өз-өзүнчө чагылдыруу зарыл. 

3) 8.3-сапта банк, резидент эместердин банкта жайгаштырылган корреспонденттик эсептери боюнча пайыздар, өлкөлөр, резидент эместин аталышы жана валюталар боюнча өз-өзүнчө чагылдырылууга зарыл.  

4) 8.4-сапта резидент эместердин банкта жайгаштырылган депозиттери боюнча пайыздар, өлкөлөр, резидент эместин аталышы жана валютасы боюнча өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш. 

5) 8.5-сапта банк тарабынан резидент эместерге төлөнүп берилген башка чыгашалар, анын ичинде алынган кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык төлөмдөр, өлкөлөр, валюталар боюнча чагылдырылууга тийиш. Отчеттун акырында төмөнкүлөр көрсөтүлүшү зарыл: 

- отчеттун толук толтурулушу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызмат адамынын аты-жөнү, телефон номери; 

- банк жетекчисинин же ал ыйгарым укук чегерген адамдын аты-жөнү

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын "___"_______ №____ токтому менен бекитилген Коммерциялык банктын эл аралык операциялары жөнүндө жобосуна тиркеме 

 

 

Коммерциялык банктын эл аралык операциялары 

боюнча отчетунун формасы 

 

 

Банктын капиталы жөнүндө отчет  

(чет өлкө капиталы катышкан банк тарабынан толтурулат) 

Валюта номиналында 

 

 

 

 

 

Мезгилдин башталышына карата абал 

Операциялардын эсебинен 

Башка өзгөрүүлөр (+/-) 

Мезгилдин акырына карата абалы 

 

 

 

 

 

Капиталдын көбөйүүсү 

Капиталдын азайуусу 

А 

Б 

1.1 

Капитал (1.1=1.1.1+1.1.2+1.1.3+1.1.4+1.1.5) 

 

 

 

 

 

1.1.1 

Анын ичинде акциялар: 

 

 

 

 

 

1.1.1.1 

Кыргыз Республикасынын резиденттери сатып алган акциялар 

 

 

 

 

 

1.1.1.2 

Тике чет өлкө инвесторлор-резидент эместер тарабынан сатып алынган акциялар (банк капиталындагы ар бир инвестордун үлүшү 10% жана андан жогору):  

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде өлкөлөр боюнча: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.1.1.2.a 

Алардын ичинде катышпаган артыкчылыктуу акциялар 

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде өлкөлөр боюнча: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.1.1.3 

Башка чет өлкө инвесторлор-резидент эместер тарабынан сатып алынган акциялар (банк капиталындагы ар бир инвестордун үлүшү 10%дан төмөн): 

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде өлкөлөр боюнча: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.1.1.4 

Түздөн-түз инвестициялоо ишкана тарабынан сатып алынган акциялар (банк капиталындагы инвестордун үлүшү 10%дан төмөн):  

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде өлкөлөр боюнча: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.1.1.5 

Киндиктеш ишканалар тарабынан сатып алынган акциялар (банк капиталындагы инвестордун үлүшү 10% төмөн)

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде өлкөлөр боюнча: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.1.2 

Номиналдан үстөк кошулган капитал 

 

 

 

 

 

1.1.2.1 

Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан 

 

 

 

 

 

1.1.2.2 

Тике чет өлкө инвесторлор-резидент эместер тарабынан (банк капиталындагы ар бир инвестордун үлүшү 10% жана андан жогору) 

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде өлкөлөр боюнча: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.1.2.2.a 

Алардын ичинде катышпаган артыкчылыктуу акциялар 

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде өлкөлөр боюнча: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.1.2.3 

Башка чет өлкө инвесторлор-резидент эместер тарабынан (банк капиталындагы ар бир инвестордун үлүшү 10%дан төмөн) 

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде өлкөлөр боюнча: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.1.2.4 

Түздөн-түз инвестициялоо ишканалар-резидент эместер тарабынан (банк капиталындагы инвестордун үлүшү 10%дан төмөн)