Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Ченемдик актылары" 

журналынын 2007 жылдын 3 саны 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде каттоодон 2007-жылдын 

6-мартында катоодон өткөн. Каттоо номери 22-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 2-февралы N 6/1 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК 

БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан банк 

ишинин ислам принциптерине ылайык операцияларды 

жүзөгө ашыруу учурунда каржылоодогу 

чектер тууралуу" Нускоо жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан банк ишинин ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда каржылоодогу чектер тууралуу" Нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жобого (Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеривде каттоодон өткөртүлгөн) таянуу менен, токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Ачык акционердик коом "Экобанк", тарабынан банк ишинин ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда каржылоодогу чектер тууралуу" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам Өнүгүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосундагы каржылоонун жана банк ишинин ислам принциптерин Кыргыз Республикасында колдонууга киргизүү боюнча өзара түшүнүшүү жөнүндөгү 2006-жылдын 16-майындагы Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 15-декабрындагы N 40/4 "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан банк ишинин ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда каржылоодогу чектер тууралуу" Нускоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Башкарманын Төрагасы үчүн 

Улуттук банктын Төрагасынын 

милдетин аткаруучу М.Мырзабаева 

 

Кыргыз Республикасынын адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 

каттоодон өттү. Каттоо номери 22-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2007-жылдын 2-февралындагы 

N 6/1 токтому менен 

бекитилген 

 

"Ачык акционердик коом Экобанк" тарабынан банк 

ишинин ислам принциптерине ылайык операцияларды 

жүзөгө ашыруу учурунда каржылоодогу 

чектөөлөр тууралуу" 

НУСКОО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн 

ченемин эсептөөнүн тартиби 

3. Концентрациялоо тобокелдигин чектөө боюнча талаптар 

4. Байланыштуу жактар 

5. Отчеттуулук 

6. Башка талаптар 

1-тиркеме. 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул Нускоо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүүнүн алгачкы долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында иштелип чыккан. 

1.2. Бул ченемдик акт банк ишинин ислам принциптерине ылайык каржылоодогу чектөөлөр, ошондой эле "Экобанк" ААКсы милдетүү түрдө аткаруучу талаптар менен жол-жоболорду белгилөө максатын көздөйт. 

 

2. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин 

максималдуу өлчөмүнүн ченемин 

эсептөөнүн тартиби 

 

2.1. Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К1) "Кредиттөөнүн чектери тууралуу" Нускоого(1) ылайык эсептелет жана салттуу банк иши боюнча чогуу алынган карыздын жана бир кардарга/берүүчүгө каржылоонун ислам принциптерине ылайык бардык операциялар боюнча контрактардын жалпы суммасынын банктын таза суммардык капиталына карата катышы (мындан ары ТСК) катары аныкталат. 

Мында ТСК Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат. 

2.2. Банк менен байланышпаган (К1.1.) бир кардарга, берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмү, каржылоонун ислам принциптерине ылайык жайгаштырылган активдерди кошо алганда, 20% ашпоого тийиш. 

Кардардын/берүүчүнүн ислам принциптерине ылайык бардык операциялар боюнча контрактардын жалпы суммасынан (мындан ары контрактардын жалпы суммасы) тиешелүү күрөө менен камсыздалган активдер эсептен алынып салынбайт. 

2.3. Банк менен байланыштуу жактарды каржылоонун чектери жана тартиби банк ишинин ислам принциптерине ылайык Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

2.4. Ушул Нускоодо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдикти кошумча төмөндөтүү максатында, банктарга, ушул Нускоонун 2.2-пунктунда Улуттук Банк тарабынан белгиленген чектөөдөн төмөн болууга тийиш болгон каржылоонун ички чектерин белгилөө сунушталат. 

 

3. Концентрациялоо тобокелдигин 

чектөө боюнча талаптар 

 

3.1. Банк тарабынан каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 10% ашкан бир кардардын/берүүчүнүн контрактарынын жалпы суммасы ири тобокелдик катары каралат. Капиталдын таза суммардык өлчөмүнүн 10% эсептөөдө салттуу банк ишине ылайык жана да каржылоонун ислам принциби боюнча жайгаштырылган бардык активдер эсепке алынууга тийиш. 

3.2. Банктын бардык ири тобокелдиктеринин жалпы суммасы таза суммардык капиталдын беш эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

3.3. Ири тобокелдикти түзгөн ар бир талап банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылышы керек. Директорлор кеңешинин отурумунан толтурулган протоколунда аны берүүнүн жактырылышы, ошондой эле Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн добуш берүү жыйынтыгы так көрсөтүлүлүшү керек. 

3.4. Ушул Нускоонун 3.3-пунктунун шарттары, эгерде ал ири тобокелдик аныктамасына туура келсе жана туура келүүнү улантып жатса кардарга/берүүчүгө карата кошумча талаптардын бардыгына тиешелүү

3.5. Салттык банк иши боюнча активдердин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жайгаштырылган, күрөө менен камсыздалбаган активдердин чогуу алгандагы өлчөмү таза суммардык капиталдын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

 

4. Байланыштуу жактар 

 

4.1. Эгерде бир кардардын/берүүчүнүн финансылык жактан кыйынчылыктары башка жактарга да төлөөлөр боюнча проблемаларды пайда кыла турган болсо, бир кардарга берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө суммаланууга жана салттык банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптеринин чегиндеги активдер боюнча байланыштуу чогуу алынгандагы карыз катары каралууга тийиш. 

4.2. Ошону менен бирге, ар кайсы кардардын/берүүчүнүн контрактары суммаланууга тийиш, эгерде: 

- бир кардар/берүүчү экинчисин контролдой турган болсо(4); 

- толук шериктештикке жана ушул толук шериктештиктин катышуучусуна тобокелдиктин бардык түрүн камтыган активдер берилсе; 

- коммандиттик шериктештикке жана ушул коммандиттик шериктештиктин катышуучусуна тобокелдиктин бардык түрүн камтыган активдер берилсе; 

- алардын ар биринде, жок эле дегенде жалпысынан чектелбеген жоопкерчилиги болгон бир контролдоочу жак, өнөктөш же катышуучусу болгон эки же андан көп жактарга карата тобокелдик (банк ага карата өзүнчө тобокелдикке ээ болгон жак болуп саналабы, ага көзкарандысыз); 

- бир нече кардардын/берүүчүнүн ортосунда олуттуу өз ара финансылык көзкарандылык орун алган. Эгерде, эреже катары, кардардын/берүүчүнүн жылдык дүң кирешесинин/чыгашасынын, башка келип түшүүлөрүнүн же төлөмдөрүнүн 50 же андан жогору пайызы башка кардар/берүүчү менен келишилген бүтүмдүн эсебинен келип чыкса, өз ара кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну камтуу менен, олуттуу өз ара финансылык көзкарандылык орун алат; 

- бир эле булак качан гана кардар/берүүчү жалпы ишканага же жалпы ишке катышуу үчүн кредиттик каражаттарды пайдаланса же болбосо алардын экөөсү тең төлөөнүн ошол эле экинчидик булагын пайдаланган учурларды кошо алганда, тобокелдиктин кайсы болбосун түрүн өзүө камтыган активдерди төлөө үчүн пайдаланылат; 

- кардардын/берүүчүнүн бири экинчисинин милдеттенмелерин гарантиялаганда (кросс гарантиялар) же болбосо ошол эле үчүнчү жак эки кардар/берүүчүнүн тең гаранты болуп саналса; 

- бир же бир нече кардар/берүүчү тарабынан алынган каражаттар тике үчүнчү жактын пайдасы үчүн колдонулса, (бул үчүнчү жакка карата банктын талабы барбы же жокпу, ага карабастан) же бизнестин жүрүшүндө андан товарлар же кызмат көрсөтүүлөр сатылып алынган учурларды эске албаганда, ошол алынган каражаттарга сатылып алынган каражаттар же активдер үчүнчү жакка берилсе. 

 

5. Отчеттуулук 

 

5.1. Банк ар дайым маалымат базасын колдоп турууга жана жана байланышкан жактар боюнча каттоо журналын жүргүзүүгө милдеттүү, анда ар бир кардарга/берүүчүгө жана аны менен байланыштуу тараптарга коюлуучу бардык талаптар тууралуу маалыматтар камтылуусу зарыл. 

5.2. Банк Улуттук Банка ар бир айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет курамында бардык ири тобокелдиктер боюнча өз алдынча жана жыйынтык түрүндө маалымат берүүгө тийиш (1-тиркеме). 

 

6. Башка талаптар 

 

6.1. Тобокелдиктин кайсы болбосун түрүн өзүнө камтыган активдердин берилиши же операцияларды жүргүзүлүшү Ушул Нускоонун талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылса жана анын натыйжасында банк чыгашага учураган болсо, анда өзүнө тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча коллегиалдуу органдын курамына кирген банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын ар бир мүчөсү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

 

 

"Ачык акционердик коом Экобанк" тарабынан 

банк ишинин ислам принциптерине ылайык 

операциялырды жүзөгө ашыруу учурунда 

каржылоодогу чектөөлөр тууралуу" 

Нускоого 

1-тиркеме 

 

┌───┬────────────────────────────────────────────────────────────────── 

N Карыз алуучулар/кардарлар/берүүчүлөр жөнүндө маалымат** 

├────────────────────┬───────────────────────────────────────────── 

Карыз алуучунун/ Чогуу алгандагы карыз/контрактардын жалпы 

кардардын/берүүчүнүнсуммасы 

аталышы ├──────┬────────┬──────┬──────┬──────┬───────┬ 

Топ***│Өзүндө Пайыз-Башка Пайыз-Балан- │ 

тобокел-дык актив-дык стан │ 

диктин чен/ дер чен/ тышка- │ 

кандай ордун ордун ркы │ 

болбо- толту- толту-милдет-│ 

сун руунун руунунтенме- │ 

түрлө- башка башка лер │ 

рүн форма- форма- │ 

камтыганлары лары │ 

кредит- │ 

тер/ │ 

активдер │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

1 2 3 4 5 6 7 8 │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

1 А карыз алуучу жана │ 

аны менен байланышуу │ 

жактар, │ 

бардыгы болуп: │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

А карыз алуучу 1 │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

В байланыштуу 1 │ 

компания │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

С байланышуу 1 │ 

компания │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

... 1 │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

2 Х карыз алуучу жана │ 

аны менен │ 

байланыштуу жактар, │ 

бардыгы болуп: │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

Х карыз алуучу 2 │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

Y байланыштуу 2 │ 

компания │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

Z байланыштуу 2 │ 

компания │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

... 2 │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

... │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

... │ 

├───┼────────────────────┼──────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┤ 

15 │ 

├───┼────────────────────┴──────┴────────┴──────┴──────┴──────┴───────┤ 

16 Бардык ири тобокелдиктердин жалпы суммасы │ 

├───┼─────────────────────────────────────────────────────────────────┤ 

17 Эң ири карыз/бир кардарга карата ири контракт │ 

└───┴─────────────────────────────────────────────────────────────────┘ 

 

 

───────────────────────────────────────┬──────────────┬───────────────┐ 

Банк ээлик Банктын │ 

┌──────────────────────────────────────┤кылган компания же │ 

компаниялардынфизикалык │ 

├─────────────┬───────────┬────────────┤финансылык как ээлик │ 

Бардыгы болупКлассифика-Мөөнөтүндө катышуу кылган │ 

циялоонун төлөнбөгөн │үлүшү акцияларынын │ 

категориясы/контракттын(акциялардын) │үлүшү │ 

шарттарын │ 

аткарбоо │ 

үн менен) │ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

9 10 11 12 13 │ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

├─────────────┼───────────┼────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

│ 

└─────────────┴───────────┴────────────┴──────────────┴───────────────┘ 

 

(*) эгер банкта ири тобокелдиктер жок болсо же алар 15тен аз болсо толтуруудан кийин калган башка саптарда төмөндөө тартибинде эң ири чогуу алгандагы карыз көрсөтүлөт. Эгер банкта ири тобокелдиктер 15тен жогору болсо, анда ушундай эле тартипте жана формада алардын тизмесин өзүнчө кагазда берүү зарыл. 

(**) адаттагыдай эле банк ишинин алкагында карыз алуучулар жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык кардарлар/берүүчүлөр жөнүндө маалымат. 

(***) ИПФ аббревиатурасы каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу жактарга байланыштуу кардарларга/берүүчүлөргө ыйгарылат. 

 

(1) Улуттук Банктын Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы N 26/3 токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 19-ноябрында 132-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн. 

(4) "Контролдук" түшүнүгү Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында аныкталган мааниге ээ. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 23-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 2-февралы N 6/2 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам 

принциптерине ылайык операциялардын жүйөгө ашырылышы 

учурунда инсайдерлер жана аффилирленген жактар 

менен операцияларга карата талаптар жөнүндө

Жобо тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам принциптерине ылайык операциялардын жүзөгө ашырылышы учурунда инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларга карата талаптар жөнүндө" Жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жобого (Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) таянуу менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам принциптерине ылайык операциялардын жүзөгө ашырылышы учурунда инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларга карата талаптар жөнүндө" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам Өнүгүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосундагы каржылоонун жана банк ишинин ислам принциптерин Кыргыз Республикасында колдонууга киргизүү боюнча өзара түшүнүшүү жөнүндөгү 2006-жылдын 16-майындагы Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 15-декабрындагы N 40/8 "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам принциптерине ылайык операциялардын жүзөгө ашырылышы учурунда инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларга карата талаптар жөнүндө" Жобо тууралу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Башкарманын Төрагасы үчүн 

Улуттук банктын Төрагасынын милдетин аткаруучусу Мырзабаева М.А. 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 23-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 2-февралындагы 

N 6/2 токтому менен 

бекитилген 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык "Экобанк" 

ААКсынын операцияларды жүргүзүүдө инсайдерлер жана 

аффилирленген жактар менен операцияларга 

коюлган талаптар жөнүндө

ЖОБО 

 

1. Негизги түшүнүктөр 

2. Жалпы эрежелер 

3. Протоколдор жана отчеттор 

4. Тыянак жоболор 

1-тиркеме. Аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операциялар 

жөнүндө кыскача маалыматтар (миң сом) 

2-тиркеме. Аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операциялар 

жөнүндө жалпы маалыматтар 

3-тиркеме. Банктын аффилирленген жактары жөнүндө маалымат 

4-тиркеме. Инсайдерлер менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө 

кыскача маалыматтар 

5-тиркеме. Инсайдерлер менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө жалпы 

маалыматтар 

6-тиркеме. Инсайдердин туугандарынын чөйрөсүнө кирген адамдар 

жөнүндө маалымат 

7-тиркеме. Башка Байланыштуу жактар жөнүндө маалымат 

8-тиркеме. Банктын инсайдерлери, инсайдердин туугандарынын 

чөйрөсүнө кирген жактар же башка байланыштуу адамдар 

контролдук кылган юридикалык жактар жөнүндө маалымат 

 

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүүнүн алгачкы долбоорун жүзөгө ашыруу алкагында иштелип чыккан. 

2. "Экобанк" ААКсында (мындан ары - банк) каржылоонун ислам принциптерине ылайык иш жүргүзүүдө инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптарды белгилөө бул Жобонун максаты болуп саналат. 

 

1. Негизги түшүнүктөр 

 

Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар пайдаланылат: 

Инсайдерлер (банктын ички адамдары) - жалпы кызыкчылыктарда аталган адамдар менен байланышта болгон Башкарма мүчөлөрү, директорлор Кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдары, олуттуу катышуучулар жана кайсыл болбосун башка жеке адамдар. 

Банктын кызмат адамдары - банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана башка мүчөлөрү, Башкарманын төрагасы, банк Башкармасынын мүчөлөрү, финансы, кредит боюнча банктын башкы кызматкерлери Банктын саясатын аныктаган же бул адамдар акысыз негизде иштешеби же сыйакы алышабы ага карабастан, банктын саясатын жүргүзгөн негизги операцияларга катышууга ыйгарым укугу бар же реалдуу катыша алышкан жактарды да "банктын кызмат адамдары" деп түшүнүүгө болот. Бул аныктама банктын башкы компаниясынын кызмат адамдарына да жайылтылат. 

Шариат кеңеши - банктын жүргүзгөн операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн түрлөрүнүн каржылоонун ислам принциптерине ылайык келүүсүн аныктоо үчүн банкта түзүлүүчү орган. 

Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө операцияларды жактырууга, операциялар боюнча отчеттуулукту берүүгө жана калыстык принцибин сактоого карата бул Жобо менен белгиленген операциялар боюнча бардык чектөөлөр жайылтылат. 

Шариат кеңешине коюлуучу минималдуу талаптар Улуттук банктын тиешелүү ченемдик жана укуктук актыларына ылайык операцияларды ишке ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобосунда аныкталган. 

Олуттуу катышуу - бул жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте: - 

акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын (бардык түрүнүн) 

он же андан көбүрөөк процентине, акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын он же андан көбүрөөк процентине тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу; 

- же юридикалык жактын уставдык капиталына катышканына карабастан, келишимдин же башкача негизде ошол юридикалык жактын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү

Олуттуу катышуучу - юридикалык жакта олуттуу катышууну жүзөгө ашырган жак. 

Контроль - жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте: 

- акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын элүү же андан көбүрөөк процентине же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу, же; 

- Директорлор кеңешинин (байкоочу органынын) мүчөлөрүнүн жок эле дегенде тең жарымын тандоо мүмкүнчүлүгү, же; 

- юридикалык жактын капиталга катышканына карабастан келишимдин же башкача негизде аталган юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына белгилүү таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү

Контролдоочу жак - юридикалык жакка контролду жүзөгө ашырган жак. 

Контролду, олуттуу катышуучуну жана контролдоочу жакты аныктоо максатында: 

1.1. Анык ээликте же бул Жобо тарабынан аныкталуучу туугандардын арасынан туугандарынын биринин көзөмөлүндө турган кайсыл болбосун акциялар бул жеке адамдын анык ээлигинде турган катары каралат. 

1.2. Компанияга толук контролдук кылган жак (жеке адамдар же юридикалык жак) ушул компания тарабынан толук контролдонуучу бардык компанияларга контролдукту ишке ашыруучу болуп саналат. 

1.3. Бир жактын караштуу компаниясы болуп саналган же бир жак тарабынан контролдукка алынган компаниялардын ээлигинде турган акциялар ошол жактын кыйыр ээлигинде турган катары кароого алынат жана ошол жакка таандык болгон акциялардын жалпы саны аныкталган шартта аталган жактын тике ээлигинде турган акциялар менен бириктирилет; 

1.4. Анык ээликте турган же бир эле жеке адам же юридикалык жак тарабынан контролдукка алынуучу компаниялар менен толук контролдонуучу акциялар суммаланат. 

Инсайдерлер менен жалпы кызыкчылыктарда байланышта болгон адамдар - банктын инсайдерлери тарабынан чечим кабыл алууга реалдуу таасир бере алган, инсайдерлердин туугандарынын чөйрөсү, башка жеке адамдар, ошондой эле банктын инсайдерлери тарабынан контролдонуучу юридикалык жактар. 

Бул адамдын туугандык мамилесине жана катышына карата туугандарынын чөйрөсү, алар төмөнкү адамдарды камтыйт: ата-энесин, жолдошун (жубайын), күйөөсүнүн/аялынын ата-энесин, балдарын (багып алган балдарын кошо алганда), ага-инилерин жана эже-карындаштарын, чоң аталарын жана чоң энелерин, ата-энесинин бир туугандарын, ата-энесинин бир туугандарынын балдарын. 

Тобокелдиктин кайсыл болбосун түрлөрүн алып жүрүүчү активдер каржылоонун ислам принциптери боюнча жайгаштырылган активдер (мындан ары текст боюнча - активдер). 

Компания - кайсыл болбосун юридикалык жак. 

Аффилирленген жак - бул: 

- башка банктарды кошо алганда, юридикалык жактын олуттуу катышуучулары; 

- аларда башка юридикалык жактар, башка банктарды кошо алганда, олуттуу катышуучу болуп эсептелген юридикалык жактар; 

- банктарды кошо алганда, аларда башка юридикалык жактар олуттуу катышуучу болуп эсептелген, юридикалык жактар. 

Аффилирленген жактын банк менен болгон мамилеси алардын ортосундагы мамилелер "чынжырчанын" шакекчелеринин санына көзкарандысыз толук контролдукта негизделген компаниялардын ("чынжырча" түрүндө) жана адамдардын байланыштары боюнча көзсалынышы мүмкүн. 

Компания аффилирленген жак болуп эсептелбейт, эгерде мурда келип чыккан карыздардан банктын чыгымдарын болтурбоо боюнча укуктарды ишке ашыруунун натыйжасында анын үстүнөн контролдук кылуу келип чыкса, бирок төмөнкү шартта, банк компанияга ээлик кылууга юридикалык укук алган учурдан тартып, эки жыл ичинде банк ал компанияга өзүнүн ээлик кылуусун сатууга тийиш. 

Аффилирленген жактар менен бүтүмдөр (операциялар) өзүндө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- аффилирленген жакка активдерди берүү

- активдерди сатып алуу; 

- аффилирленген жактын пайдасына гарантияларды берүү, аккредитивди берүү жана аффилирленген жактар менен түзүлгөн жана/же аффилирленген жактардын пайдасына башка бүтүмдөр; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бүтүм түшүнүгүнө туура келген башка операциялар. 

Сапаты төмөн активдер төмөнкүнү билдирет: 

- каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды ишке ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды түзүү боюнча талаптарга ылайык субстандарттык, шектүү катары классификацияланган активдер жана жоготуулар. 

 

2. Жалпы эрежелер 

 

2.1. Эгерде төмөндө келтирилгендердин бири эле учурай турган болсо, банк активдер боюнча өз инсайдерлери же аффилирленген жактары менен операцияларды ишке ашыруу укугуна ээ эмес: 

А) каржылоонун ислам принциптери боюнча ишке ашырылуучу бардык операциялар боюнча контракттардын жалпы суммасын кошкондо, банк тарабынан операцияларды ишке ашырууда, банк менен байланыштуу болгон бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 15 пайызынан жогору болсо; 

Б) банк Улуттук банк тарабынан белгиленген капиталдын жана өздүк каражаттардын адекваттуулугу боюнча талаптарга ылайык келбесе; 

В) өтүп жаткан жылдын акыркы отчеттук күнүнө карата банктын чыгымдары бар болсо; 

Бир кардарга/берүүчүгө тобокелдиктин максималдуу өлчөмү бир кардардын/берүүчүнүн адаттагы эле банк иши боюнча чогу алгандагы карызынын, бир кардар/берүүчү тарабынан каржылоонун ислам принциптери боюнча ишке ашырылуучу бардык операцияларына тиешелүү контракттардын Жалпы суммасынын банктын таза суммардык капиталына катышы катары аныкталат. 

Ошону менен таза суммардык капитал Улуттук банктын ченемдик жана Укуктук актыларына ылайык аныкталат. 

2.2. Инсайдерлердин жана/же аффилирленген жактардын банк алдындагы адаттагыдай эле банк иши боюнча жана каржылоонун ислам принциптери боюнча ишке ашырылуучу бардык операциялар боюнча контракттардын жалпы суммасынын таза суммардык капиталына чогуу алгандагы карызынын суммасында инсайдерлер жана/же аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 60 пайызынан жогору болбоого тийиш. 

2.3. Инсайдерлер жана/же аффилирленген жактар менен операцияларды ишке ашырууда банкка активдер менен операцияларды жүргүзүү боюнча чектөөлөргө Улуттук банк тарабынан белгиленгенден катуу талаптагы ички чектерди белгилөө сунушталат. 

2 4. Банктын же анын туунду компаниясынын инсайдерлер же аффилирленген жактар менен кайсыл болбосун операциялары коопсуз жана ишенимдүү банктык практиканы тастыктоочу шарттарда түзүлүүгө тийиш. 

2.5. Эгерде бүтүм боюнча кирешелер банктын аффилирленген жагынын же инсайдеринин пайдасы үчүн пайдаланылса же алардын карамагына берилсе, банктын кайсыл болбосун жак менен түзүлгөн кайсыл болбосун бүтүмү инсайдер же аффилирленген жактар менен түзүлгөн бүтүм деп эсептелүүгө тийиш. 

2.6. Банк төмөнкү бардык шарттарды аткарган учурда гана инсайдерлер же аффилирленген жактар менен операцияларды жүргүзүүгө укуктуу: 

А. Операция ошол эле учурда бул банк менен ушул ченемдерге туш болбогон жана банктын инсайдерлери же аффилирленген жактары болуп эсептелбеген башка адамдардын ортосундагы ушул өңдүү бүтүмдөр үчүн колдонулуучу шарттарга жана талаптарга салыштырууда өтө жеңилдетилбеген болуп эсептелген шарттарда жана талаптарда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай шарттар жана талаптар, өзүнчө алганда, төмөнкү жол бербөөлөрдү камтыйт: 

(1) башкалардан алынуучуларга салыштырганда кыйла төмөн үстөк бааларды же жыйымдарды белгилөө

(2) башка жактарга салыштырмалуу активдерди тартууда кыйла жогору кирешелерди төлөп берүү

(3) башкалардан талап кылынуучуларга салыштырганда күрөөнүн кыйла төмөн баасында. Күрөөнү кабыл алууда аны башка ушул өңдүү күрөөдөн жогору баалоого мүмкүндүк берүүчү методология колдонулбашы керек; 

(4) бул операциянын тобокелдик деңгээлинен же кардардын /берүүчүнүн кредит төлөөнүн төмөнкү жөндөмүнөн улам башкаларга берилбей турган активдерди берүү

(5) инсайдерден же аффилирленген жактан төмөн сапаттагы активдерди сатып алуу же инсайдерден же аффилирленген жактан күрөө катары төмөн сапаттагы активдерди кабыл алуу; 

(6) активдерди башкага төлөп берүүгө мүмкүн боло тургандан кыйла жогорку баада сатып алуу; 

(7) активдерди башкадан кабыл алууга мүмкүн боло тургандан кыйла төмөн баада сатуу; 

(8) башкаларга төлөп берүүгө мүмкүн боло турганга караганда товарлар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн же мүлктүн ижарасы үчүн кыйла жогору баада же башкаларга төлөө жүргүзүлбөй турган шарттарда төлөө

(9) мындай пролонгация башкалар үчүн жасалбаган учурда, исайдерлердин жана аффилирленген жактардын активдеринин кайтаруу мөөнөттөрүн пролонгациялоо. 

Б. Активдерди берүү учурунда, Директорлор кеңеши тарабынан жактыруу моментинде анын тобокелдиги Улуттук банктын ченемдик жана укуктук актылары тарабынан аныкталуучу активдерге салынган тобокелдиктен жогору болбоого тийиш. 

В Операциялардын, анын ичинде Шариат кеңешинин мүчөлөрү менен болгон операциялардын шарттары операцияны жүргүзүүгө кызыкдар адам тарабынан таасир (тике же кыйыр) болбогондо, тизме боюнча ар биринин жеке добуш берүүсүндө, квалификацияланган көпчүлүк добуш менен (банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 көбүнүн) Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Сунуш кылынган операцияга тике же кыйыр кызыкдар болгон Директорлор кеңешинин кайсыл болбосун мүчөсү маселени анализдөө учурунда Директорлор кеңешинин отурумунан кетүүгө тийиш жана ал бул маселе боюнча добуш берүү укугуна ээ эмес. Банк өзүндө бул Жобонун 2.6. пунктунун Г пунктчасында талап кылынгандай операцияларды анализдөөнү камтууга тийиш болгон ушундай операцияны жактыруунун жазуу жүзүндөгү протоколун түзүүгө тийиш. 

Г. Операцияларга анализ жүргүзүү анын бардык достоинстволоруна, операция банкка зыян келтирбестен жана анын кызыкчылыгында ишке ашырылып жаткандыгына негиздемелерди камтыган жазуу жүзүндөгү анализ жүргүзүүнү түшүндүрөт. Анализ жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш. 

(1) активдерди берүү боюнча операциялар үчүн - сумманы, мөөнөтүн, банктын үстөк баасын, кардардын/берүүчүнүн келишимдерге ылайык каражаттарды төлөп берүү жөндөмдүүлүгүн далилдеген кардар/берүүчү жөнүндө фннансылык маалыматты жана актив боюнча күрөөнүн наркын тастыктоочу маалыматты; 

(2) активдерди сатып алуу же сатуу менен байланыштуу болгон операциялар үчүн - сатып алуунун баасын жана активдин наркын тастыктоочу маалыматты; 

(3) инвестициялар үчүн - мындай инвестициялардын тобокелдигинин баасын жана банк, каралып жаткан жак үчүн потенциалдуу пайданы; 

(4) бул операциялардын зарылчылыгынын себептеринин деталдуу түшүндүрмөсүн; 

Д. Банк менен болжолдонуп жаткан операцияда тарап болуп эсептелген же ушул тарап менен жалпы кызыкчылыктарда байланыштуу болгон инсайдерлер, операцияда өз кызыкчылыгынын даражасы жана операциянын башка тарабы менен өзара мамиленин даражасы жөнүндө маалыматты жазуу формасында ачып берүүгө тийиш. Мындай жазуу жүзүндөгү ачып берүү болжолдонуучу операция боюнча добуш берүүгө чейин Директорлор кеңешине берилүүгө жана Директорлор кеңешинин операцияны жактыруу протоколунун бир бөлүгү болууга тийиш. 

2.7. Директорлор кеңешинин Төрагасы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн, каралып жаткан маселе боюнча 2.6 пунктунун колдонулуучу бардык шарттары Директорлор кеңешинин мүчөлөрү добуш бергенге чейин аткарыла тургандыгын жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Директорлор кеңеши тастыктоочу документтерди добуш бергенге чейин карап чыгууга укуктуу, Директорлор кеңешинин ар бир добуш берүүчү мүчөсү операцияны жактыруу резолюциясына жеке өзү кол коюшу керек. Резолюцияда Директорлор кеңешинин мүчөсү карап чыккандыгы жана сунушталган операциянын шарттарын түшүнө тургандыгы жана 2.6 пунктунун Г пунктчасы тарабынан талап кылынуучу анализди жеке өзү окуп чыккандыгы так көрсөтүлүүгө тийиш. 

2.8. 2.6 пунктунун В,Г жана Д пунктчаларынын Жоболору эсептешүү эсептерин тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүдө же банктын башка кардарлары/берүүчүлөрү үчүн ошол эле шарттарда жана талаптарда инсайдерлердин төлөм карттарын чыгарууда, банк тарабынан анын инсайдерлеринен же аффилирленген жактарынан кандайдыр бир төлөмдөрдү алуусуз кайтарымдуулук шарттарында акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларга кирбейт. 

2.9. Банктын инсайдерлери жана/же аффилирленген жактары менен операцияларды жүргүзүүнүн ар бир учурунда тобокелдикти төмөндөтүү максатында, Шариат кеңеши кардар берүүчү тарабынан активдин кайтарымын камсыз кылуучу күрөөнү берүүсүнө карата чечим кабыл алалат. 

Ошону менен, күрөөнү сатуунун накта наркы актив боюнча милдеттенменин суммасынын 120 пайызынан төмөн болбоого тийиш. 

Эгер күрөөлүк камсыздандыруунун наркы мезгили менен бул Жободо белгиленген өлчөмдөн төмөн болсо, анда мындай өлчөм күрөө жөнүндө жаны келишимди түзүү же күрөө жөнүндө колдо турган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен талап кылынган өлчөмгө чейин кошумча жеткирилет жана кошумча күрөөлүк мүлк менен кепилденет же кайра баалоо күнүнө чейин 15 жумуш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү болгон нарктагы күрөөнүн жаңы түрү менен алмаштырылууга тийиш. 

2.10. Инсайдерге же аффилирленген жакка активди жактыргандан жана бергенден кийин мындай актив башка активдердей эле байланыштуу болбогон жактар тарабынан ошондой тескөөгө алынып жаткан мүнөздө тескөөгө алынууга (көзсалынууга жана бааланууга) тийиш. Аффилирленген жактарга инвестициялар мезгил-мезгили менен башка инвестициялардай эле байланыштуу болбогон жактар тарабынан ошондой эле мүнөздө иликтенет жана бааланат. 

2.11 2.6. пунктунун А пунктчасында каралган, инсайдерлер менен аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар, эгерде мындай операциялар каржылоонун ислам принциптеринде банкка өз каражаттарын инвестициялаган банктын бардык башка кардарларын алдынала билдирүү менен ишке ашырылса жана алар тарабынан нааразычылыктар болбогондо, мындай операциялар сакталбашы мүмкүн. Мындай операциялар банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын бардык мүчөлөрүнүн бир добуштагы макулдугу менен, Директорлор кеңешинин жана Башкарманын добуш берүүгө укугу жок кызыкдар мүчөлөрүнөн тышкары, жазуу жүзүндө жактырылууга тийиш. 

2.6. пунктунун Г пунктчасында талап кылынуучу анализ эмне үчүн бул операция зарыл экендигине так түшүндүрмөнү жана тастыктаган себептерди кошумча камтышы зарыл. Директорлор кеңеши, Башкарма бул маселе боюнча добуш бергенге чейин Директорлор кеңешинин Төрагасы жана Башкарманын Төрагасы 2.6. пунктунун Г пунктчасындагы бардык талап кылынуучу шарттар аткарылгандыгын Директорлор кеңешинин жана Башкарманын мүчөлөрүнө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин жана Башкарманын кайсыл болбосун мүчөсү добуш бергенге чейин тастыктоочу документтер менен таанышып чыгууга укуктуу. Директорлор кеңешинин жана Башкарманын ар бир добуш берүүчү мүчөсү бул конкреттүү операцияны жактыруу резолюциясына жеке өзү кол коюуга тийиш. Жактыруу резолюциясында Директорлор кеңешинин же Башкарма мүчөсү карап чыккандыгы жана сунушталган операциянын шарттарын түшүнө тургандыгы жана 2.6 пунктунун Г пунктчасы тарабынан талап кылынуучу анализди жеке өзү окуп чыккандыгы так көрсөтүлүүгө тийиш. 

Кардарларга билдирүү жазуу жүзүндө аткарылышы керек жана банк инсайдерге же аффилирленген жакка ылайыктуу режимди сунуштоочу операцияны жүргүзүү ниетиндеги себептерди кошо алганда, операциянын шарттарынын деталдуу сүрөттөлүшүн камтыйт. Мындай билдирүү бул операцияны Директорлор кеңешине жана Башкармага бекитүүгө бергенге чейин бери дегенде 1 айга чейин каржылоонун ислам принциптеринде банкка өз каражаттарын инвестициялаган банктын бардык кардарларына жөнөтүлүүгө тийиш. Банктын бардык кардарларынын (аманатчыларынын жана карыз алуучуларынын) жазуу жүзүндөгү макулдугу банктын жок дегенде бир кардары тарабынан кандай болбосун нааразычылыктын жоктугун билдирет жана тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн банктын Директорлору кеңешине жана Башкармасына 1 айдан кеч эмес мөөнөттө берилиши зарыл. Берүүнүн мөөнөттөрүн узартууга кандай себептер болбосун, уруксат берилбейт. Кардар өз оюн билдирүүнү кечеңдете тургандыгы жөнүндө билдирген жооп, кардарлар тарабынан кайсыл болбосун себептер боюнча жооп бербегендик жана белгиленген мөөнөттөн кийин алынган жооптор сунушталган операцияга карата нааразылычык катары катталууга тийиш. Белгиленген мөөнөттө алынган катта нааразычылык болбогон жооп да, булардын катарында орун алат. Кардарларга мындай билдирүүнүн көчүрөмөлөрү жана алардын жооптору 5 жылдан кем эмес мөөнөткө сакталуусу зарыл. Банкта кардарлардын жоопторун жыйноо жана каттоо үчүн кызмат адамы дайындалууга тийиш. 

Улуттук банк тышкы аудитке талаптардын алкагында банктын көзкарандысыз тышкы аудиторунан бул пункттун талаптарын сактоо жөнүндө тастыктоого же бул үчүн банктын тышкы аудиторун дайындоого талап коюуга укуктуу. 

2.12. Кызыкчылыктардын каршылашуусу учурунда, Директорлор кеңеши добуш берүүдөн баш тартса же инсайдер жана/же аффилирленген жак менен операцияларды жүргүзүү боюнча чечим кабыл алалбаган абалда болсо, Директорлор кеңеши 2/3 добушу менен маселени акционерлердин жалпы чогулушунда карап чыгууга берүүнү чече алат. Директорлор кеңеши акционерлер чогулушу үчүн 2.7 пунктунда көрсөтүлгөн анализди кошо алганда, сунушталып жаткан операциянын толук сүрөттөлүшүн камтыган так отчетту даярдоого тийиш. Бул операция боюнча алгылыктуу режим алышы мүмкүн болгон акционер талкууга катышууга, акционерлердин чогулушунда добуш берүүгө таасир берүүгө же таасир берүүгө аракет кылууга же операцияны жактыруу маселеси боюнча (тике же кыйыр, акционер жалпы кызыкчылыгы бар жак аркылуу) добуш берүүгө катыша албайт. Акционерлер акционерлердин жалпы санынын макул" болгон добушунун 2/3 учурунда гана инсайдерге алгылыктуу режим бере бурган операцияны жактыра алышат. Эгер ар бир акционери бул операция боюнча алгылыктуу режим алышы мүмкүн болгон банктын инсайдери болуп эсептелсе же мындай адамдар акционерлер санынын үчтөн көбүн түзсө, операция акционерлердин чогулушу тарабынан каралбайт жана банк тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн эмес. 

Кызыкчылыктардын каршылашуусуна карата маселени акционерлердин чогулушуна берүү практикасы алгылыктуу болуп саналбайт жана мындай аракеттер үчүн ишенимдүү негиздөөлөрдү камтыган өзгөчө жагдайларда (добуш берүүдөн баш тартуу же келип чыккан маселе боюнча чечим кабыл алуунун мүмкүн эместигинде) гана колдонулууга тийиш Акырында, Директорлор кеңеши этиканын жана адептүүлүктүн жогорку стандарттарын колдоону кошо алганда, банктын ишенимдүү жана акылга сыярлык иши үчүн жоопкерчилик тартат. Директорлор кеңеши маселени акционерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин банктын мыкты кызыкчылыктарында маселени чечүү үчүн кандай болбосун аракеттерди колдонууга тийиш. 

2.13. Банк кандай болбосун үчүнчү жак менен төмөнкү мүмкүнчүлүк- 

төрдү берүү максатында бүтүм түзө албайт: 

- банктын инсайдерлери же аффилирленген жактарынын алдындагы анын милдеттенмелерин төлөп берүү, же; 

- банктын инсайдеринен же аффилирленген жагынан кандайдыр-бир мүлктү сатып алуу. 

2 14. Эгер банк жеке каражаттары менен коммерциялык банктарга же башка банктык эмес уюмдарга катышса, анда ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун финансылык салымдарды жана тобокелдиктин кайсыл болбосун түрлөрүн өзүндө алып жүргөн активдерди кошо алганда, мындай инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 15 пайызынан жогору болбоого тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы көлөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 60 пайызынан жогору боло албайт. 

 

3. Протоколдор жана отчеттор 

 

3.1. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана бул Жобонун талаптарына ылайык, документалдык жазууларды (отчетторду) жүргүзүүсү зарыл. Бул жазуулар суммаларды, бул жактар жана жалпы кызыкчылыктарда инсайдерлер менен байланыштуу жактар менен бардык операциялардын шарттарын көрсөтүү менен бардык инсайдерлер жана аффилирленген жактар жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. 

3.2. Банк өзүнүн инсайдерлери тарабынан банктардан алынган активдер менен байланыштуу бардык операциялар жана/же башка операциялар жөнүндө жазууларды жүргүзүүгө тийиш. Банк-корреспондентте мындай активди алган же мындай активди алууга арыз менен кайрылган ар бир инсайдер 10-январдан жана 10-июлдан кеч эмес мөөнөттө алар тарабынан отчеттук мезгил ичинде банкка бардык болгон жана жаңыдан алган активдери жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетторду берет. Бул активдерди каттоо үчүн банк өзүнчө дело жүргүзөт жана аларды жаңыртууда банк отчеттук мезгилде болуп өткөн бардык өзгөрүүлөр көрсөтүлгөн протокол түзүүгө тийиш. 

3.3. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү жана кызмат адамы жылына бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана жетекчилигине анын коммерциялык, бизнес жана башка материалдык кызыкчылыктарына тиешелүү жазуу жүзүндө баяндалган маалыматты берүүгө тийиш. Отчет Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана аткаруучу кызмат адамы менен жалпы кызыкчылыктарда байланыштуу болгон адамдардын тизмесин жана ар бир учурда мындай кызыкчылыктардын даражасын камтуусу зарыл. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана кызмат адамы 2 жумуш күнү ичинде отчеттору маалыматтын кандай болбосун өзгөрүүсү жөнүндө жазуу жүзүндө банкка билдирет. 

3.4. Банк өз ишинин бул Жобонун талаптарына ылайык келүүсүн камсыздоо үчүн ички контролдун адекваттуу системасын колдоп турууга тийиш. 

3.5. Банк Улуттук банкка Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында ай сайын 1, 4-тиркеменин формалары боюнча жана бул Жобонун 2, 3, 5, 6, 7, 8-тиркемелеринин формалары боюнча жарым жылда бир жолу отчетторду берүүгө тийиш. 

3.6. Бул жобого ылайык талап кылынуучу бардык отчеттор тиешелүү тиркемелери (анализдери) менен актив боюнча бардык карыздар кайтарылгандан жана инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар аяктагандан кийин банкта 5 жылдан кем эмес мөөнөттө сакталууга тийиш. 

 

4. Тынаяк жоболор 

 

4.1. Бул Жобонун талаптарын бузуу менен активди берүүнү же инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүргүзүүнү жактырган банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын бардык мүчөлөрү бул актив же операциялар боюнча банкка карыздарды кайтарып берүүгө толук жоопкерчилик тартат. 

4.2. Банктын бардык ички документтери (саясаттары жана жол-жоболору) бул Жобонун талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

4.3. Бул Жобонун талаптарын аткарбагандык Улуттук банк тарабынан мыйзамдарда каралган чараларды жана санкцияларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 

 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык 

"Экобанк" ААКсынын операцияларда 

жүргүзүүдө инсайдерлер жана аффилирленген 

жактар менен операцияларга коюлган 

талаптар жөнүндө" Нускоого 

N 1-тиркеме 

 

1-форма. 

Аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операциялар 

жөнүндө кыскача маалыматтар (миң сом) 

 

┌───┬────────────────────────────────────────────────────────────────── 

N Аффилирленген жак жөнүндө маалымат (*) 

├─────────┬─────┬─────────────────────────────────────────────────┐ 

Аффирлен-Топ Чогу алгандагы карыз/аффилирленген жактын │ 

ген (**) операциялары боюнча контракттардын жалпы суммасы│ 

жактын ├────────┬─────────┬─────┬───────┬──────────┬─────┤ 

аталышы │Өзүндө Пайыздык БашкаПайыз- Баланстан Барды│ 

тобоке- чен/үстөкактивдык тышкары - гы │ 

диктин баа жана -дер чен/ милдеттен- │ 

кайсыл ордун │үстөк мелер │ 

болбосунтолтуруп баа │ 

түрүн берүүнүн жана │ 

камтыганбашка ордун │ 

кредит- формалары толту- │ 

тер, руп │ 

финансы берүү- │ 

ижарасы/ нүн │ 

активдер башка │ 

форма- │ 

лары │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

1 2 3 4 5 6 7 8 9 │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

1. А карыз- │ 

алуучу │ 

жана аны │ 

менен │ 

байланыш- │ 

туу │ 

адамдар, │ 

бардыгы │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

2. А карыз- 1 │ 

алуучу │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

3. В 1 │ 

байланыш- │ 

туу │ 

компания │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

4. С 1 │ 

байланыш- │ 

туу │ 

компания │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

5. ... 1 │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

6. Х карыз- │ 

алуучу │ 

жана аны │ 

менен │ 

байланыш- │ 

туу │ 

адамдар, │ 

бардыгы: │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

7. Х карыз- 2 │ 

алуучу │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

8. Y 2 │ 

байланыш- │ 

туу │ 

компания │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

9. Z 2 │ 

байланыш- │ 

туу │ 

компания │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

10.... │ 

├───┼─────────┼─────┼────────┼─────────┼─────┼───────┼──────────┼─────┤ 

... │ 

├───┼─────────┴─────┴────────┴─────────┴─────┴───────┴──────────┼─────┤ 

11.Аффилирленген жактар менен операциялардын бардыгы │ 

├───┼───────────────────────────────────────────────────────────┼─────┤ 

12.Эң ири карыз/бир аффилирленген жакка ири контракт │ 

└───┴───────────────────────────────────────────────────────────┴─────┘ 

 

────────────────────────────────────┬─────────────────┬───────────────┐ 

Банк ээлик кылганАфф. жак ээлик │ 

──────────────────┬────────────────┤афф. жактын кылган банктын │ 

Классификациянын Мөөнөтү финансылык акцияларынын │ 

категориясы узартылган катышуусунун │үлүшү (%) │ 

карыз/ (акциянын) үлүшү │ 

Контракттын (%) │ 

шарттарын │ 

аткарбоо │ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

10 11 12 13 │ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

│ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

│ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

│ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

│ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

├──────────────────┼────────────────┼─────────────────┼───────────────┤ 

│ 

└──────────────────┴────────────────┴─────────────────┴───────────────┘ 

(*) марда колдонуп келинген банк иши боюнча операцияларда ишке ашыруучу аффилирленген жактар жана каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды ишке ашыруучу кардарлар/берүүчүлөр - аффилирленген жактар жөнүндө маалымат; 

(**) кардарларга/берүүчүлөр - каржылоонун ислам прицептери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу байланыштуу жактарга ИПФ аббревиатурасы ыйгарылат. 

 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык 

"Экобанк" ААКсынын операцияларда 

жүргүзүүдө инсайдерлер жана аффилирленген 

жактар менен операцияларга коюлган 

талаптар жөнүндө" Нускоого 

N 2-тиркеме 

 

2-форма. 

Аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операциялар 

жөнүндө жалпы маалыматтар 

 

┌──┬─────┬──────┬──────┬───────┬──────┬──────┬─────┬─────┬──────┬─────┐ 

N Аффи-Опера-Опера-Опера- Опера-Паыйз-Кре- Күрөө│Опера-Эс- │ 

лир- ция- циянынциянын циянындык диткеээси ция- кер- │ 

лен- лардынтүрү баштал-аякта-чен/ бе- ларды түү │ 

ген сумма-(2) ган ган │үстөк рил- жүргү- │ 

сы күнү күнү баа ген зүү │ 

(миң (3) жана ак- шарт- │ 

сом) ордун тив- тары │ 

тол- ге (4) │ 

туу- кара- │ 

рунун та │ 

башка кү- │ 

форма-рөө │ 

лары │ 

├──┴─────┴──────┴──────┴───────┴──────┴──────┴─────┴─────┴──────┴─────┤ 

Төмөндө маалыматты ачып берүү мисалдары келтирилген: │ 

├──┬─────┬──────┬──────┬───────┬──────┬──────┬─────┬─────┬──────┬─────┤ 

1.1-ми- │ 

сал: │ 

Банк- │ 

тын │ 

туун- │ 

ду │ 

ком- │ 

па- │ 

ниясы │ 

├──┼─────┼──────┼──────┼───────┼──────┼──────┼─────┼─────┼──────┼─────┤ 

2.2-ми- │ 

сал: │ 

Банк- │ 

тын │ 

ак- │ 

ция- │ 

лары- │ 

нын │ 

ири │ 

паке- │ 

тине │ 

ээлик │ 

кыл- │ 

ган │ 

ком- │ 

пания │ 

└──┴─────┴──────┴──────┴───────┴──────┴──────┴─────┴─────┴──────┴─────┘ 

 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык 

"Экобанк" ААКсынын операцияларда 

жүргүзүүдө инсайдерлер жана аффилирленген 

жактар менен операцияларга коюлган 

талаптар жөнүндө" Нускоого 

N 3-тиркеме 

 

3-форма. 

Банктын аффилирленген жактары 

жөнүндө маалымат 

 

┌───┬─────────────┬─────────────┬─────────────┬─────────────┬─────────┐ 

N АффилирленгенАффилирленгенБанкка каратаАффилирленгенЭскертүү │ 

жактын жактын банк тиешелүүлүктө│жактын │ 

аталышы менен болгон акцияларга/ аталышы/ │ 

мамилелеринин│үлүштөргө негизги иш │ 

мүнөзү ээлик │ 

(холдинг кылуунун │ 

компаниясы, пайызы (5) │ 

туунду, (%) │ 

киндиктеш │ 

компания │ 

ж.б.) │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────┤ 

1. │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────┤ 

2. │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────┤ 

... │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼─────────┤ 

n │ 

└───┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴─────────┘ 

 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык 

"Экобанк" ААКсынын операцияларда 

жүргүзүүдө инсайдерлер жана аффилирленген 

жактар менен операцияларга коюлган 

талаптар жөнүндө" Нускоого 

N 4-тиркеме 

 

4-форма. 

Инсайдерлер менен жүргүзүлгөн операциялар 

жөнүндө кыскача маалыматтар 

 

(миң сом) 

┌───┬─────────────────────────────────────────────────────────────────┐ 

N Инсайдерлер жөнүндө маалымат │ 

├────────┬───┬────────────────────────────────────────────────────┤ 

Инсай- ТопЧогу алгандыгы баланстык карыз/инсайдердин │ 

дер- операциялары боюнча контракттардын жалпы суммасы │ 

лер ├─────┬──────┬────┬──────┬───────┬────┬───────┬──────┤ 

аталышы │Өзүн-Пайыз-Баш-Пайыз-Баланс-Бар-Класси-Мөөнө-│ 

дө дык ка дык тан дыгыфика- тү │ 

тобо-чен/ ак- чен/ тышкары ция- узар- │ 

кел- │үстөк тив-│үстөк милдет- нын тылган│ 

дик- баа дер баа тенме- катего-актив-│ 

тин жана жана лер риясы дер/ │ 

кай- ордун ордун кон- │ 

сыл толту- толту- тракт-│ 

бол- руп руп тын │ 

босунберүү- берүү- шарт- │ 

түрүннүн нүн тарын │ 

кам- башка башка аткар-│ 

тыганформа- форма- боо │ 

кре- лары лары үн- │ 

дит- дөрдө)│ 

тер, │ 

фи- │ 

нан- │ 

сылык │ 

ижара │ 

/ак- │ 

тив- │ 

дер │ 

│ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

1. │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

2. │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

3. │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

4. │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

5. │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

6. │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

7. │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

8. │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

9. │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

10. │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

... │ 

├───┼────────┼───┼─────┼──────┼────┼──────┼───────┼────┼───────┼──────┤ 

... │ 

├───┼────────┴───┴─────┴──────┴────┴──────┴───────┼────┼───────┼──────┤ 

11.Инсайдерлер менен операциялардын бардыгы │ 

├───┼─────────────────────────────────────────────┼────┼───────┼──────┤ 

12.Эң ири карыз/бир инсайдерге ири контракт │ 

└───┴─────────────────────────────────────────────┴────┴───────┴──────┘ 

 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык 

"Экобанк" ААКсынын операцияларда 

жүргүзүүдө инсайдерлер жана аффилирленген 

жактар менен операцияларга коюлган 

талаптар жөнүндө" Нускоого 

N 5-тиркеме 

 

5-форма. 

Инсайдерлер менен жүргүзүлгөн операциялар 

жөнүндө жалпы маалыматтар 

 

┌───┬─────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬─────┬───────┬──────┐ 

N Инсайдер-Опера-Опера-Опера-Опера-Кре- Күрөө│Опера- Эскер-│ 

дин ция- ция- ция- ция- дитке ээси ция- түү │ 

аталышы лардыннын нын нын берил- ларды │ 

сумма-түрү баш- аяк- ген жүргүз- │ 

сы (6) тал- таган актив- зүү │ 

(миң ган мөөнө-ге шарт- │ 

сом) күнү тү карата тары │ 

жана күрөө (8) │ 

күнү │ 

(7) │ 

├───┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼───────┼──────┤ 

├───┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼───────┼──────┤ 

1. 1-мисал: │ 

Аты-жөнү, │ 

банк │ 

Башкарма- │ 

сынын │ 

Төрагасы; │ 

├───┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼───────┼──────┤ 

2. Аты-жөнү, │ 

банк │ 

Башкарма- │ 

сынын │ 

бир │ 

тууганы; │ 

├───┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼───────┼──────┤ 

3. Х │ 

компания, │ 

банк │ 

Башкарма- │ 

сынын │ 

Төрага- │ 

сынын │ 

атасы Х │ 

компания- │ 

сынын 50% │ 

акциясына │ 

ээлик │ 

кылат. │ 

├───┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼───────┼──────┤ 

4. 2-мисал: │ 

Банктын │ 

акция- │ 

ларынын │ 

ири │ 

пакетине │ 

ээлик │ 

кылгандар │ 

├───┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼───────┼──────┤ 

... │ 

├───┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼───────┼──────┤ 

n │ 

└───┴─────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴─────┴───────┴──────┘ 

 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык 

"Экобанк" ААКсынын операцияларда 

жүргүзүүдө инсайдерлер жана аффилирленген 

жактар менен операцияларга коюлган 

талаптар жөнүндө" Нускоого 

N 6-тиркеме 

 

6-форма. 

Инсайдердин туугандарынын чөйрөсүнө кирген 

адамдар жөнүндө маалымат 

 

┌───┬─────────────┬─────────────┬─────────────┬───────────────────────┐ 

N Инсайдердин Банкта Жакын Туугандык катышы (ата- │ 

аты-жөнү ээлеген тууганынын энеси, аялы/күйөсү │ 

кызматы аты-жөнү ж.б.) │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

1. │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

2. │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

... │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

n │ 

└───┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴───────────────────────┘ 

 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык 

"Экобанк" ААКсынын операцияларда 

жүргүзүүдө инсайдерлер жана аффилирленген 

жактар менен операцияларга коюлган 

талаптар жөнүндө" Нускоого 

N 7-тиркеме 

 

7-форма. 

Башка Байланыштуу жактар жөнүндө маалымат 

 

┌───┬─────────────┬─────────────┬─────────────┬───────────────────────┐ 

N Инсайдердин Банкта Байланыштуу Байланыштуулуктун │ 

аты-жөнү ээлеген жактын даражасын ачып берүү │ 

кызматы аты-жөнү │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

1. │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

2. │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

... │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

n │ 

└───┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴───────────────────────┘ 

 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык 

"Экобанк" ААКсынын операцияларда 

жүргүзүүдө инсайдерлер жана аффилирленген 

жактар менен операцияларга коюлган 

талаптар жөнүндө" Нускоого 

N 8-тиркеме 

 

8-форма. 

Банктын инсайдерлери, инсайдердин туугандарынын чөйрөсүнө 

кирген жактар же башка байланыштуу адамдар 

контролдук кылган юридикалык жактар 

жөнүндө маалымат 

 

┌───┬─────────────┬─────────────┬─────────────┬───────────────────────┐ 

N Инсайдердин Банкта Юридикалык Инсайдерге болгон │ 

аты-жөнү ээлеген жактын мамиле жана юридикалык │ 

кызматы аталышы/ жактын акцияларына │ 

негизги иши ээлик кылуунун үлүшү │ 

(%%да) │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

1. │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

2. │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

... │ 

├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────────────┤ 

n │ 

└───┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴───────────────────────┘ 

 

(2) Операциянын түрүн көрсөткүлө (кредит, гарантия, активди сатуу/сатып алуу, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.). 

(3) Кредиттер, баланстан тышкары милдеттенмелер, контракттар ж.б.у.с. үчүн. 

(4) Операциянын негизги шарттарын сүрөттөгүлө

(5) Мисалы: а) Банк В компаниясынын акциясынын 50% ээлик кылат; б) А холдинг компаниясы банктын акцияларынын 55% ээлик кылат; в) банктын холдингдиги D киндиктеш компаниясынын 100% акциясына ээлик кылат. 

(6) Операциянын түрүн көрсөткүлө (кредит, гарантия, активди сатуу/сатып алуу, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.). 

(7) Кредиттер, баланстан тышкары милдеттенмелер, контракттар ж.б.у.с. үчүн. 

(8) Операциянын негизги шарттарын сүрөттөгүлө

 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 24-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 2-февралы N 6/3 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу 

операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик 

коомунда ачык валюталык позициянын лимиттерин эсептөөнүн 

өзгөчөлүктөрү тууралуу" Нускоо жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомунда ачык валюталык позициянын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу" Нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомунда ачык валюталык позициянын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам Өнүгүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосундагы каржылоонун жана банк ишинин ислам принциптерин Кыргыз Республикасында колдонууга киргизүү боюнча өзара түшүнүшүү жөнүндөгү 2006-жылдын 16-майындагы Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2006-жылдын 15-декабрындагы N 40/6 "Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомунда ачык валюталык позициянын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу" Нускоо жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Башкарманын Төрагасы үчүн 

Улуттук банктын Төрагасынын 

милдетин аткаруучу М.Мырзабаева 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 24-07 

 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2007-жылдын 2-февралындагы 

6/3 токтому менен 

бекитилген 

 

Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө 

ашырылуучу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" 

ААКсындагы ачык валюта позициясынын лимиттерин 

эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу 

НУСКОО 

 

I. Жалпы жоболор 

II. Ачык валюта позицияларын эсептөө тартиби 

III. Ачык валюта операциясынын лимиттери 

IV. Банктын отчеттуулугу жана аны берүү тартиби 

V. Ачык валюта позициясынын белгиленген лимиттерин 

бузгандыгы үчүн санкциялар 

VI. Чет өлкө валюталар менен операцияларды жүргүзүүдө ички 

көзөмөлдү уюштуруу 

1-тиркеме. 200-_ж. "01" карата каржылоонун ислам принциптерине 

ылайык жүзөгө ашырылуучу ачык валюта позициялары 

боюнча (АВП) күнүмдүк отчет 

2-тиркеме. 200-_ж. карата ачык валюта позициялары боюнча (АВП) 

күнүмдүк жыйынтыктоочу отчет 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Аталган Нускоо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун алкагында иштелип чыккан. 

1.2. Аталган Нускоо - "Экобанк" ААКсындагы (мындан ары - банк) каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен ачык валюта позициясынын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрүн аныктоо максатын көздөйт. 

1.3. Аталган Нускоону жүзөгө ашырууда төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

1.3.1. Каржылоонун ислам принциптери боюнча жайгаштырылган/алынган активдер - "Алгачкы долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин ишке ашыруу тууралуу" Жобого ылайык уруксат берилген операциялар боюнча жайгаштырылган/алынган активдер. 

1.3.2. Каржылоонун ислам принциптерине ылайык тартылган милдеттенмелер - "Алгачкы долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин жүзөгө ашыруу тууралуу" Жобого ылайык уруксат берилген тартылган операциялар боюнча милдеттенмелер. 

1.3.3. Валюта тобокелдиги - аталган валюта боюнча банктын ачык позициясы турган учурда чет элдик валютада көрсөтүлгөн банктын активдери/милдеттенмелеринин валюта курсунун жагымсыз өзгөрүүсүнө байланыштуу талаптарынын наркынын өзгөрүүсүнөн келип чыгуучу тобокелдик. Валюта позициясы валюта операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда келип чыгат жана банктын валюта тобокелдигине дуушарлануу деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат. 

1.3.4. Валюта операциялары - чет өлкө валютасын алмаштыруу, сатып алуу/сатууга (конвертациялоо), ошондой эле чет өлкө валютасында туюндурулган талаптар (активдер) ж-а милдеттенмелердин өзгөрүүсүнө алып келген операцияларга байланышкан бүтүмдөр. 

1.3.5. Таза валюта позициясы - өзүнчө чет өлкө валютасында баланстык ж-а баланстан тышкаркы банк талаптары (активдер) менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма. 

1.3.6. Тиешелүү валютада банк талаптары (активдер) менен милдеттенмелери дал келбеген учурда валюта позициясы ачык, тең келсе - жабык деп эсептелет. 

1.3.7. Банктын ачык валюта позициясы узак (тиешелүү валютада банк - талаптарынын (активдеринин) милдеттенмеден ошол эле валютада жогору болгон учурда), же кыска (милдеттенменин талаптан (активдерден) жогору болгон учурда) болушу мүмкүн. Узак валюта позициясы "+" белгиси, кыскасы - "-" белгиси менен жазылат. 

1.3.8. Суммардык валюта позициясы - аталган Нускоонун 2.5 пунктунда көрсөтүлгөн, "short hand" ыкмасын колдонуу менен эсептелген банктын бардык чет өлкө валюталары боюнча таза валюта позициясынын суммасы. 

1.3.9. Ачык валюта позициясынын лимиттери - банктын суммардык капиталына карата ачык валюта позициясынын (ар бир четөлкө валютасы жана алардын суммасы боюнча) пайыздык катышы туюнтулган Улуттук Банк тарабынан белгиленген чектөөлөр. Ачык валюта позициялары Улуттук Банктын эсептик курсу боюнча кыргыз сому менен эсептелинет. Ачык валюта позицияларынын лимиттери үтүрдөн кийин эки ондук белгиге чейин тегеректелип, пайыздык катышта эсептелинет. 

1.3.10. Банктын таза суммарык капиталы - аталган чоңдук "Экобанк" ААКсындагы каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эсепке алуу менен капиталдын адекваттуулугунун коэффициенттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү" Нускоого ылайык эсептелинет. 

1.3.11. Аталган Нускоону жүзөгө ашырууда, ачык валюта позициясыннын лимиттерин эсептөөдө ар бир айдын 1-числосуна карата банктын таза суммардык капиталынын мааниси колдонулат. 

1.3.12. Бүтүм түзүү күнү - бүтүмдүн негизги шарттары боюнча (валюта түрлөрү, алмашуу курсу, каражаттардын суммасы, валюталоо күнү жана башкалар) тараптардын макулдашууга жетишүү күнү

1.3.13. Валюталоо күнү - бүтүмдүн катышуучуларынын эсебине каражаттар келип түшкөн күн. 

 

II. Ачык валюта позицияларын эсептөө тартиби 

 

2.1. Ар бир жумуш күнүнүн аягында банк төмөнкү көрсөткүчтөрдү

- Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позициясын; 

- суммардык валюта позициясын эсептөөсү зарыл. 

2.2. Таза валюта позициясы Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоо тартиби тууралуу Нускоого (Улуттук Банктын Башкармалыгынын 2004-жылдын 29 декабрындагы N 36/13 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1 февралында N 16-05 катталган) ылайык төмөнкүлөрдү милдеттүү киргизүү менен ар бир чет өлкө валютасы боюнча өз алдынча эсептелинет: 

- каржылоонун ислам принциптерине ылайык банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча чет өлкө валютасындагы таза спот-позициясын. Аталган чоңдук баланс активдери жана баланс милдеттенмелери ортосундагы айырмачылык катары бүткөрүлбөгөн "спот" контрактарды 2 күнгө чейин валюталоо күнүн көрсөтүү менен эсептелинет. Мында активдер жана милдеттенмелер таза баланстык нарк боюнча эсепке киргизилет; 

- чет өлкө валютасында номинацияланган каржылоонун ислам принциптерине ылайык түзүлгөн кайтарып алынгыс тендердик кепилдиктер, аккредитивдер жана башка ушул сыяктуу финансылык контрактар жана алар боюнча ошол валютада банк төлөп берүүнү күткөн акча каражаттарын. Мында, аталган инструменттер, бенефициар тарабынан акча суммасын төлөп берүү тууралуу талабынын коюлушу мүмкүн болгон учурдан тартып таза позиция эсебине киргизилет. Мындай мүмкүндүктү жеткиликтүү деңгээлде баалоо үчүн, банк принципиал тарабынан өз милдеттенмелери, анын ичинде милдеттенмеге түздөн-түз тиешеси жок шарттар аткарылбагандыгы (кечиктирилгендиги) тууралуу маалыматтарды пайдалана алат. 

2.3. Валюталык операциялар, анын ичинде, валюталоо күнү кийинкиге калтырылган, бүтүм түзүү күнү болбогон операциялар да валюталык позиция эсебине бүтүм түзүлгөн күндөн киргизилет. 

2.4. Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позицияларын эсептөөдө валюта позициясынын өлчөмү Улуттук Банктын учурдагы эсептөө курсунун отчеттук күнүнө карата сом эквивалентине которулат. 

2.5. Ар бир чет өлкө валютасы боюнча суммардык валюта позициясы "short hand" ыкмасын колдонуу менен эсептелинет. Тагыраак айтканда, ар бир валюта боюнча өз алдынча бардык узак таза валюта позицияларын суммалоо жана бардык кыска валюта позицияларын өз алдынча суммалоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Андан соң алынган өлчөмдөр бири-бири менен салыштырылып (абсолюттук чоңдукта) жана эки өлчөмдүн эң чоңу суммардык валюта позициясынын лимитин эсептөөдө пайдаланылат. 

 

III. Ачык валюта операциясынын лимиттери 

 

3.1. Валюта тобокелдигин төмөндөтүү максатында Улуттук Банк ачык валюта позициясынын төмөнкү лимиттерин белгилейт: 

3.1.1. Операция күнүнүн аягына карата ачык узак/кыска валюталык позициянын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюталык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби тууралуу Нускоого (Улуттук Банктын Башкармалыгынын 2004-жылдын 29-декабрындагы N 36/13 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен 2005-жылдын 1-февралында N 16-05 каттоодон өткөн) ылайык эсептелинген, каржылоонун ислам принциптерине, аталган Нускоонун талаптарына ылайык, ар бир чет өлкө валютасы боюнча жогору болбоого тийиш: 

а) Экономикалык Өнүктүрүү жана Кызматташуу Уюмуна (ЭӨКУ) мүчө мамлекеттердин валюталары үчүн жана же ЭВФтин "Макулдашуу статьяларынын" 8-статьясына кол коюшкан өлкөлөрдүн валюталары үчүн - банктын таза суммардык капиталынын 15%; 

б) ЭВФ менен "Макулдашуу статьяларынын" 8-статьясына кол койбогон өлкөлөрдүн валюталары үчүн - банктын таза суммардык капиталынын (жабык позиция) 0%. 

3.1.2. Операция күнүнүн аягына карата валюталык позициянын суммардык өлчөмү, Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоо тартиби тууралуу Нускоого (Улуттук Банктын Башкармалыгынын 2004-жылдын 29-декабрындагы N 36/13 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1 февралында N 16-05 катталган), ушул Нускоонун талаптары боюнча каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды, аталган Нускоонун 3.1.1 пунктунун а) подпунктунда көрсөтүлгөн бардык боюнча чет өлкө валюталары боюнча операцияларды эсепке алуу менен банктын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

3.2. Ар бир операция күнүнүн аягына карата ачык валюта позициясынын белгиленген лимиттерин сактоо. 

3.3. Ачык валюта позициясынын белгиленген лимиттеринен ашырып жиберүү банк тарабынан кийинки операция күнүнө өткөрүлбөйт. Учурдагы операция күнүнүн аякына чейин лимиттер Улуттук Банктын талаптарына ылайыкташтырылышы керек. 

3.4. Операция күнү ичиндеги ачык валюта позицияларынын көлөмү мүмкүн болгон валюталык тобокелдик деңгээлин баалоо менен банк тарабынан өз алдынча көзөмөлдөнөт. Мында банк Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген валюталык тобокелдикти башкаруу боюнча ички саясатка ылайык күн боюу валюталык тобокелдиктин өлчөмүн кармап турууга тийиш. 

3.5. Ачык валюта позицияларынын лимиттеринин жогорку чеги банк тарабынан банк мыйзамдарын бузуу коркунучу түзүлгөндө жана ишеничсиз жана алгылыксыз операцияларды жүргүзүлгөндө Көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен төмөндөтүлүшү мүмкүн. 

3.6. Банктын суммардык капиталынын таза өлчөмү терс же нөлгө барабар болсо, банк ар бир валюта боюнча таза валюта позицияларын Улуттук Банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлдүк мааниге (жабык позиция) келтириши керек. 

 

IV. Банктын отчеттуулугу жана аны берүү тартиби 

 

4.1. Күн сайын 9.00дө банк, Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктар үчүн ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоо тартиби тууралуу Нускоого (Улуттук Банктын Башкармалыгынын 2004-жылдын 29-декабрындагы N 36/13 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында N 16-05 каттоодон өткөн), Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдүү банк отчету (МРБО) жана ушул Нускоонун тиркемелерге ылайык акыркы операция күнүнүн аягына карата ачык валюта позиция абалы боюнча Улуттук Банкка отчет берет. 

4.2. Ачык валюта позициясы боюнча отчетко банк бардык филиалдары, туунду банктары жана алмаштыруу пункттарынын маалыматтарын эсепке алуу менен 2 түрдө

- каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча отчет (1-тиркеме); 

- банктын бардык операциялары боюнча жыйынтык отчеттору берилет (2-тиркеме). 

 

V. Ачык валюта позициясынын белгиленген лимиттерин 

бузгандыгы үчүн санкциялар 

 

5.1. Банк тарабынан ачык валюта позициясынын белгиленген лимити бузулган учурда Улуттук Банк мыйзам бузуунун суммасынын 5% өлчөмүндө акчалай айыптык төлөм түрүндө санкция колдонот, анын өлчөмү Улуттук Банктын нормативдүү актыларына ылайык банк тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдын өлчөмүнүн 1% ашпоого тийиш. 

5.2. Банк тарабынан белгиленген лимиттерди бузуу системалуу түрдө (30 календарлык күндүн ичинде 2 жолудан ашса) жүрсө, Улуттук Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын банк мыйзамдары жана нормативдүү актыларында каралган башка санкцияларды колдонот, лицензиясын чакыртып алууга чейин бара алат. 

Эскертүү: белгиленген лимиттерден 0-0,5% чейин ашса, айып санкциясы колдонулбайт. 

5.3. Банктын отчеттуулукта реалдуу валюта позициясын чагылдыруудан качкан бардык аракеттери Улуттук Банк тарабынан: 

- Улуттук Банкты адаштырууга жасалган аракет; 

- алгылыксыз банк тажрыйбасы; 

- валюталык позициянын реалдуу өлчөмүн бурмалоого жасалган аракет катары, башкача айтканда, шектүү операцияларды жүргүзүү аракети катары, келип чыгышы жана аткарылышы так идентификациялоого мүмкүн болбогон же/жана бул операциялар банктын финансылык отчеттуулугуна жана анын экономикалык нормативдерине таасирин тийгизген аракет катары; 

- банк тарабынан туура эмес маалыматтарды жана мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторду берүү аракети катары каралат. Мындай валюталык операциялар валюталык позициянын лимиттерин эсептөөдө эске алынбайт. 

5.4. Ушул Нускоонун талаптарынын бирөөсү бузулган учурда банктын жетекчилиги тез арада Улуттук Банкка кетирилген мыйзам бузуулар боюнча билдирүү жөнөтүүсү жана эки күн ичиңде кетирилген мыйзам бузуулардын себебин көрсөтүү жана аны жоюу боюнча кабыл алынган чараларды көрсөтүү менен жазуу түрүндө түшүндүрмө берүүсү зарыл. 

 

VI. Чет өлкө валюталар менен операцияларды жүргүзүүдө 

ички көзөмөлдү уюштуруу 

 

6.1. Чет өлкө валюталары боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн банк валюталык тобокелдикти башкаруу боюнча ички саясатты иштеп чыгышы жана адекваттуу ички көзөмөлдү уюштуруусу зарыл. 

6.2. Чет өлкө валютасы менен өткөрүлгөн ар бир операция боюнча ылайыктуу процедуралар иштелип чыгып, анда эң аз дегенде төмөнкү суроолор чагылдырылуусу зарыл: 

- back жана front офистерин чектөө

- бир да кызматкер жалгыз өзү бүтүмдү демилгелөөдөн тартып аны бухгалтердик китепке каттоого чейин камтылган бардык процессти аткара жана/же көзөмөлдөй албагандай кылып банк кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин чектөө

- банк тарабынан өткөрүлүүчү операциялардын көлөмүн санкциялоону банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүсүнүн так системасын киргизүү

- банк тарабынан ар бир чет өлкө валютасы жана жалпы эле валюталар боюнча ачык валюта позицияларынын ички лимиттерин белгиленүүсү

- контр-агенттердин ишеничтүүлүгү тууралуу маалыматтын жетиштүүлүгүн жана аткарылуучу операциялардын тобокелдик деңгээлин жана контр-агенттердин категорияларын белгилөө

- валюта операцияларын жүзөгө ашырууну текшерүүдө ички аудитке карата талаптарды (минимум катары аудиторлордун көз карандысыздыгын жана алардын жетиштүү деңгээлде квалификациясынын жана билиминин болушун) белгилөө

- банк жана анын филиалдары үчүн валюта операциялары боюнча каттоо жана отчеттуулук талаптарын (формасы, жоопкерчилиги, берүү жыштыгы) белгилөө

 

 

"Экобанк" ААКсындагы каржылоонун 

ислам принциптерине ылайык жүзөгө 

ашырылуучу операцияларды эске 

алуу менен ачык валюта позициясынын 

лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү 

тууралуу" Нускоого 

1-тиркеме 

 

200-_ж. "01" карата каржылоонун ислам принциптерине 

ылайык жүзөгө ашырылуучу ачык валюта позициялары боюнча 

(АВП) күнүмдүк отчет 

 

"01" _______ жылга карата ТСК абалы: ________ миң сом 

 

┌──────┬─────────┬──────┬────────────────┬─────────────┬──────┬───────┐ 

Валюта Улуттук АВП Анын ичинде: БүткөрүлбөгөнАВПнын Лимит │ 

түрү Банктын │өлчөмү├──────┬─────────┤спот-бүтүмдөр│өлчөмү│чегинен│ 

эсептик (миң. БалансБаланстан боюнча (ТСКгачеттөө-│ 

курсу сом) тышкаркы калдыктар караталөр (%)│ 

%) │ 

├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤ 

│ 

├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤ 

│ 

├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤ 

│ 

├──────┴─────────┴──────┴──────┴─────────┼─────────────┼──────┼───────┤ 

Суммарык АВП: │ 

└────────────────────────────────────────┴─────────────┴──────┴───────┘ 

 

Кол тамга: 

 

МО 

 

 

"Экобанк" ААКсындагы каржылоонун 

ислам принцилтерине ылайык жүзөгө 

ашырылуучу операцияларды эске 

алуу менен ачык валюта позициясынын 

лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү 

тууралуу" Нускоого 

2-тиркеме 

 

200_ж. карата ачык валюта позициялары боюнча 

(АВП) күнүмдүк жыйынтыктоочу отчет 

 

"01" _______ жылга карата ТСК абалы: ________ миң. сом 

 

┌──────┬─────────┬──────┬────────────────┬─────────────┬──────┬───────┐ 

Валюта Улуттук АВП Анын ичинде: БүткөрүлбөгөнАВПнын Лимит │ 

түрү Банктын │өлчөмү├──────┬─────────┤спот-бүтүмдөр│өлчөмү│чегинен│ 

эсептик (миң. БалансБаланстан боюнча (ТСКгачеттөө-│ 

курсу сом) тышкаркы калдыктар караталөр (%)│ 

%) │ 

├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤ 

│ 

├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤ 

│ 

├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤ 

│ 

├──────┴─────────┴──────┴──────┴─────────┼─────────────┼──────┼───────┤ 

Суммарык АВП: │ 

└────────────────────────────────────────┴─────────────┴──────┴───────┘ 

 

Кол тамга: 

 

МО 

 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 25-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 2-февралы N 6/4 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун 

ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө 

ашыруу учурунда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндөгү" Жобо тууралуу 

 

Кароого коюлган "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү" Жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкаганда жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жобого (Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) таянуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам Өнүгүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосундагы каржылоонун жана банк ишинин ислам принциптерин Кыргыз Республикасында колдонууга киргизүү боюнча өзара түшүнүшүү жөнүндөгү 2006-жылдын 16-майындагы Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 15-декабрындагы N 40/5 токтому менен бекитилген "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыРУУ учурунда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү" Жобо тууралу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Башкарманын Төрагасы үчүн 

Улуттук банктын Төрагасынын 

милдетин аткаруучу М.Мырзабаева 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 25-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 2-февралындагы 

N 6/4 токтому менен 

бекитилген 

 

"ЭкоБанк" Ачык акционердик коомунда каржылоонун ислам 

принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик 

тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Банктын каржылоонун ислам принциптери боюнча 

операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча саясаты 

3. Шариат кеңеши 

4. Банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган 

активдерди берүү боюнча ишин уюштуруу 

5. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активге 

мониторинг 

6. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган "проблемалуу" 

активдер менен иш алып баруу 

1-тиркеме. Кардар/берүүчү жөнүндө маалымат топтоого минималдуу 

талаптар 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде иштелип чыккан. 

1.2. "ЭкоБанк" Ачык акционердик коомунда каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн адекваттуу системасын түзүүгө карата минималдуу талаптарды аныктоо бул ченемдик акттын максаты болуп саналат. 

1.3. Кредиттик тобокелдик - бул кардарлар/берүүчүлөр тарабынан өз милдеттенмелерин келишимдин мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык аткара албай калуу тобокелдиги, ал банктын капиталына жана анын ала турган пайдасына терс таасир этиши мүмкүн. 

Кредиттик тобокелдикти тескөөнүн максаты - банктын кредиттик тобокелдикке дуушар болуу деңгээлин аныктоо, анын келип чыгуу себептеринин бетин ачуу жана анын негизинде кредиттик тобокелдикти болжолдоого боло турган жана аны алгылыктуу деңгээлге чейин минималдаштыруу үчүн тиешелүү чараларды жүзөгө ашыра турган тобокелдиктин тереңдеп кетүүсүнүн ички жана тышкы тенденцияларын аныктоо. 

1.4. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер - каржылоонун ислам принциптери боюнча жайгаштырылган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер. 

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ар бир түрүнүн мүнөздөмөлөрүнүн өзгөчө болгондугунан, айрым келишимдердин милдеттүү болбогон мүнөзүнөн улам, тобокелдикке тиешелүү ички контролдукту жана тескөөнү жүзөгө ашыруу үчүн кредиттик тобокелдик активдердин ар бир түрү боюнча өзүнчө бааланууга тийиш. 

1.5. Ушул ченемдик акттын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) башка ченемдик актыларынын жоболору банктын кредиттик тобокелдигин тескөөнү жөнгө салуучу анын ички документтеринде толук пайдаланууга тийиш. 

 

2. Банктын каржылоонун ислам принциптери боюнча 

операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча саясаты 

 

2.1. Банктын каржылоонун ислам принциптери боюнча жүзөгө ашыруу ниетиндеги бардык продуктылардын жана типтүү келишимдердин бардык түрлөрү банктын Шариат кеңеши тарабынан алгач Шариаттын талаптарына ылайык келе тургандыгы боюнча жактырылууга тийиш. 

2.2. Банктын каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялары банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү анын ички саясатына ылайык жүзөгө ашырылат. 

2.3. Банктын каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча саясаты (мындан ары Саясат) аларды банктын кызматкерлери бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, тариздөө, тобокелдиктерди мониторингдөө жана тескөө боюнча жүргүзүп жаткан ишинде жетекчиликке ала турган стратегияны, критерийлерди, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктайт. 

2.4. Саясатта өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш. 

2.4.1. Төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор: 

- инвесторлордун саны боюнча чектөөлөрдү кошо алганда; 

- потенциалдуу кардарлардын/берүүчүлөрдүн курамы; 

- каржылоонун максаттарына жана башка шарттарга жараша, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин түрлөрү

- каржылоонун сандык чеги; 

- каржылоонун мөөнөттөрү

- кардарлардын/берүүчүлөрдүн кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерии; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча үстөк баа/киреше жана аларды эсептөөнүн ыкмалары; 

- кардарлардын/берүүчүлөрдүн финансылык маалыматына карата талаптар; 

- географиялык чектөөлөр; 

- берүү валютасы; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин концентрациялануусу (кардарлардын/берүүчүлөрдүн топтору, географиялык белгилер, тармактар, валюта жана башка факторлор боюнча); 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга берилүүчү активдер боюнча чектөөлөр, күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерии; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүнү даярдоонун жол-жобосун сактоого контролдук; 

- жана башкалар. 

2.4.2. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тариздөөнүн тартиби: 

- документтердин формасы; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүнүн тартиби; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди жактыруунун тартиби; 

- финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө карата талаптар; 

- күрөөгө жана документацияларга карата талаптар (күрөөнүн түрлөрү, күрөөнүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активге карага катышы, рыноктук наркына жана анын жашашкан жерине баа берүү;) 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин туура таризделүүсүнө контролдук. 

2.4.3. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тескөө боюнча талаптар: 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тескөөнүн тартиби; 

- кардар/берүүчүлөр жөнүндө шайкеш маалымат топтоо (досье); 

- келишимдердин аткарылуусуна контролдук; 

- күрөөнү мониторингдөө мезгил аралыгы; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, мөөнөтү өтүп кеткен активдердин мөөнөтүн узартуунун же аларды калыбына келтирүүнүн шарттары; 

- активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун толтурууга карата камдарды түзүү (РППУ); 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көзкарандысыз баа берүү процесси; 

- маалымат системасына (отчеттуулукка) карата талаптар; өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тескөөгө контролдук. 

2.4.4. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин максималдуу суммасын жана түрлөрүн көрсөтүү менен өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү. Банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кабыл алуу укугу бир нече деңгээлдеги кызмат адамдарына бөлүштүрүлүшү мүмкүн, алар каржылоо учурунда кетирген катачылыктары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат. 

2.4.5. Каржылоо процессине катышуучу структуралык бөлүмдөрдүн ортосунда укуктарды өткөрүп берүү жана маалыматтарды берүү боюнча милдеттер. 

2.4.6. Жаңы банктык продуктылар боюнча тобокелдиктерге баа берүү Бардык жаңы продуктылар боюнча тобокелдиктер аныкталып, бааланууга жана мындай продуктылардын рыногуна банк аралашканга чейин контролдонууга тийиш. 

2.4.7. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган "проблемалуу" активдердин бетин ачып, иликтөөгө алуунун жана чечүүнүн тартиби. 

2.5. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген ченемдик талаптардын чегинде, банк келечектеги кардарлар/берүүчүлөр чөйрөсүн, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин түрлөрүн өзалдынча аныктайт жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча үстөк бааны/кирешени белгилейт. 

2.6. Банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер менен туура иш алып барууга түрткү берүүчү так жана толук деңгээлдеги Саясатынын болушу банктын пайда алуу менен иштешин камсыз кылат. 

2.7. Банк Башкармасы банктын Саясатынын жана стратегиясынын аткарылышы үчүн жооптуу, бул үчүн банктын ишинде кредиттик тобокелдиктин бетин ачып, өлчөө, мониторингдөө жана контролдоо боюнча саясаттын жана жол-жоболордун иштелип чыгышын камсыз кылууга тийиш. 

2.8. Банктын Директорлор кеңеши, минимум катары, банктын каржылоонун ислам принциптери боюнча Саясатын жылына бир жолу кайра карап чыгууга тийиш. 

 

3. Шариат кеңеши 

 

3.1. Ишти каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда продуктылардын бардык шарттары жана типтүү келишимдер Шариаттын талаптарына ылайык Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Эгерде конкреттүү келишимдин шарттарына келишимдин шарттарын өзгөртүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе, алар дагы Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

3.2. Шариат кеңеши өз милдеттерин аткарууда банктын жетекчилигинен көзкарандысыз болууга тийиш. 

3.3. Шариат кеңешинин иши Шариат кеңеши жөнүндө Жобо тарабынан жөнгө салынат, аны банктын Директорлор кеңеши бекитет. 

3.4. Шариат кеңеши жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Шариат кеңешинин ишин уюштуруу - кеңештин курамы, отурумдарды өткөрүүнүн тартиби; 

Шариат кеңешинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги; 

- банктын Директорлор кеңеши, Башкармасы жана Кредиттик комитети менен өзара аракеттенүүнүн тартиби. 

3.5. Шариат Кеңешине Ислам өнүгүү банкы тарабынан сунушталган адистер кирүүгө тийиш. 

 

4. Банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган 

активдерди берүү боюнча ишин уюштуруу 

 

4.1. Өзүндө тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмени 

анализдөө 

 

4.1.1 Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча иш өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга кардардан/берүүчүдөн билдирмелер кабыл алынган учурдан тартып башталат, анда өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максаты, талап кылынган сумма, анда ал алына турган мөөнөт жана шарттар, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди төлөөнүн булактары жана күрөө жөнүндө маалымат көрсөтүлүүгө тийиш (бул качан Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун чегинде каржылоонун ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жобо, ошондой эле ушул Жобонун 4.3.1-пункту тарабынан каралган учурларда). 

Банкта өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмени кароонун белгилүү тартиби (жол-жобо), ошондой эле ага кайрылуучу адамдарга коюлуучу бир катар талаптар болууга тийиш. 

4.1.2. Эгерде, кредиттик кызматкер же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча чечимдерди кабыл алууга катышуучу кайсы болсун адам потенциалдуу кардар/берүүчү менен таламдар боюнча пикир келишпестиктерге ээ болсо, анда бул адам өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча чечимдерди кабыл алууга тартылбоого тийиш. 

4.1.3. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга бардык билдирмелер, кароого берилгенден кийин, билдирме боюнча кабыл алынган чечимге көзкарандысыз, эсепке алуу журналында катталууга тийиш. 

4.1.4. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн кредиттик кызматкер кардардан/берүүчүдөн төмөндөгү документтерди талап кылууга тийиш: 

- анда кардар/берүүчү (эгерде кардар/берүүчү - юридикалык жак болсо, анда юридикалык жактын жетекчиси) өзү же ал жетектеген юридикалык жак жөнүндө (юридикалык жак аткарган иш, жетекчинин тажрыйбасы ж.б.) негизги маалыматтарды көрсөтүү менен толтурган анкета; 

- уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү (эгерде кардар/берүүчү - юридикалык жак болсо); 

- эгерде кардар/берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жылдык аудиттен өтүүгө милдеттүү болгон болсо, тышкы аудитордун корутундусу менен акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчет жана/же салык органдары тарабынан кабыл алынган жылдык финансылык отчет (эгерде кардар/берүүчү - юридикалык жак болсо): 

- өткөн чейрек үчүн акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетту кошо алганда, финансылык отчет (эгерде кардар/берүүчү - юридикалык жак болсо), 

- мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/берүүчү юридикалык жак болсо); 

- алынуучу каражаттарды пайдалануунун экономикалык негиздерин өзүндө камтыган бизнес план, өндүрүш планы, тармактык жана рыноктук болжолдоолор (рыноктун сүрөттөп жазылышы, баа), кардардын/берүүчүнүн каражаттарынын кыймылын болжолу, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди төлөө боюнча булактар, мөөнөттөрү жана иш-чаралар планы (эгерде кардар/берүүчү - юридикалык жак болсо); 

- күрөөгө коюлган мүлктүн рыноктук наркын, баа берилген датаны, баа берүү ким тарабынан жүргүзүлгөндүгүн, күрөөнүн каттоодон өткөрүлгөндүгүнүн далилдөөсүн, жайгашкан жерин, ээлик кылуу укугун көрсөтүү менен описи; 

- ким экендигин тастыктаган документ (эгерде кардар берүүчү - жеке адам болсо); 

- акыркы 12 ай ичиндеги эмгек акысы жөнүндө маалымкат же кирешелери жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кардар/берүүчү - жеке адам болсо), 

- гарантты (кепилдик берүүчү), гарантиялардын (кепилдик берүүчүлөрдүн) суммасын көрсөтүү жана гаранттын финансылык отчету, ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик) берүүнү талап кылса) тиркөө менен гарантиялар (кепилдик берүүчүлөр), кардардан/берүүчүдөн банк талап кылуу зарыл деп эсептеген башка документтер (контракттар, келишимдер, жолдомо каттар ж.б.). 

4.1.5. Банк өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүгө байланыштуу тобокелдикти өзүнө кабыл алуу менен банктын каражаттарын берген учурдан тартып сыяктуу эле, андан ары алардын толук кайтарылышына чейин бул отчеттордун аныктыгын текшерүүгө тийиш. 

4.1.6. Бүтүндөй алганда, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмени иликтөөгө алуу төмөнкү орчундуу факторлорго топтолууга тийиш: 

- каражаттарды карызга алуу укугу. Кредиттик кызматкер өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга жана келишимге колтамга коюга кардардын/берүүчүнүн укугу бар экендигине ынанууга тийиш; 

- кардардын/берүүчүнүн мүнөзү. Кредиттик кызматкер банктын каражаттарына жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын суроолоруна толук жооп бере тургандыгын жана карыздарды төлөө үчүн бардык күч аракетин жумшай тургандыгын белгилөөгө тийиш. Иликтөөгө алууда кардар/берүүчү ушул банкта же башка финансы-кредиттик мекемелерде өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди мурда пайдаланганы же пайдаланбаганы, кайтаруу кандай жол менен жүзөгө ашырылганы, анын дисциплинардуулугу, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендиги эске алынууга тийиш. Ошондой эле анын кесиптик жана моралдык сапаттары эске алынууга, кардардын/берүүчүнүн бул тармакта иштеген мөөнөтү жана тажрыйбасы, анын ийгиликтери жана жетишкендиктери каралууга тийиш. 

- акча каражаттары. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмени иликтөөгө ала турган кредиттик кызматкер жооп бере турган башкы маселе, бул: кардар /берүүчү өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди төлөө үчүн киреше же нак акча агымдары түрүндө жетиштүү акча каражаттарын ала алабы. Кардардын/берүүчүнүн акча каражаттарына баа берүүдө кредиттик кызматкер өткөн учурларда пайдалануунун жана сатуунун көлөмүнүн туруктуу өсүшү байкалгандыгын, эгерде ыктымалдык болсо келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ичинде мындай өсүш улантылабы, ошону тактоого тийиш; 

- камсыз кылуу. Камсыз кылууга баа берүүдө кредиттик кызматкер өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча тиешелүү камсыз кылууну берүү үчүн кардарда/берүүчүдө жетиштүү түрдөгү сапаттуу активдердин бар экендигин аныктоого тийиш. Банк күрөөгө көзкарандысыз баа берүүнү жүргүзүү чечимин кабы ала алат. 

- гарантиялар (кепилдик). Эгерде өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди камсыз кылуу катары гарантиялар (кепилдик) пайдаланылса, анда гарантты (кепилдик берүүчүнү), анын кесиптик аброюн, төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, өз милдеттенмелерин аткарууга жоопкерчиликтүүлүгүн жана даярдыгын иликтөөгө алуу боюнча иш алып баруу зарыл. 

4.1 7. Кредиттик кызматкер ушул Жобонун 4.1.6-пунктунда көрсөтүлгөн факторлорду аныктоо жана/же максатында потенциалдуу кардар/берүүчү менен маектешүүгө тийиш. 

4.1.8. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирме иликтөөдөн өткөрүлгөндөн кийин, банктын кредиттик кызматкери анда өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди кардарга/берүүчүгө берүүнүн же бербөөнүн максатка ылайыктуулугун негиздөөгө жана анын бардык себептерин көрсөтүү менен корутунду жасоого тийиш. 

4.1 9. Эгерде билдирмеде көрсөтүлгөн сумма биринчи деңгээлге кирген кызматкердин ыйгарым укугунда берилген суммадан ашпаса жана оң чечим кабыл алынган учурда, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнү тариздөө процесси башталат. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүдөн баш тартылган учурда, кардар/берүүчү банк тарабынан белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган чечим жөнүндө маалымдалууга тийиш. 

4.1.10. Эгерде билдирмеде көрсөтүлгөн сумма биринчи деңгээлге кирген кызматкердин ыйгарым укугунда берилген суммадан ашса, анда биринчи деңгээлдеги кызматкердин корутундусу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди ошол суммада берүү жөнүндө маселени чечүүгө ыйгарым укуктуу болгон тиешелүү деңгээлдин кароосуна берилет. Бул сунуш-көрсөтмөнүн негизинде аталган ыйгарым укуктагы деңгээлдеги кызматкерлер бул активди берүү жөнүндө маселени толук чечүүгө тийиш. Зарылчылыкка жараша корутунду жеткире иштелип чыгууга кайра жөнөтүлүшү жана кардар/берүүчү жөнүндө толук маалыматтар талап кылынууга тийиш же аны менен кошумча маектешүүнү кошо алганда, кардарды/берүүчүнү өзүнчө иликтөө жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Бардык документтер менен таанышып бүткөндөн кийин, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү жөнүндө чечим кабыл алынат. 

4.1.11. Ар бир деңгээлдин кызматкери кардардын/берүүчүнүн билдирмесинде көрсөтүлгөн шарттарды өзгөртө алат: өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасын, мөөнөттөрүн жана Банктын Саясатына ылайык башка шарттарды. Эгерде, кардар/берүүчү мындай өзгөртүүлөр менен макул болсо, анда алгачкы шарттарды өзгөртүү факты билдирмелерди эсепке алуу журналында (бул өзгөртүүлөрдүн бардык себептерин көрсөтүү менен) жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү учурунда кардар/берүүчү жөнүндө топтолгон маалыматта белгиленүүгө тийиш. 

4.1.12. Кардарга/берүүчүгө өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү жөнүндө маселе оң чечилген учурда, андан алынган документтерден кардардын/берүүчүнүн маалыматтар топтому түзүлүп, анда ушундай активге тиешелүүдөй эле, эгерде ага келечекте ушундай актив бериле турган болсо, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бардык кийинки активдерге тиешелүү документтердин бардыгы көктөлүүгө тийиш (кардарлар/берүүчүлөр жөнүндө маалыматтар топтомуна карата талаптар 1-тиркемеде келтирилген). 

4.1.13. Кардар/берүүчү жөнүндө маалыматтар топтомуна кардар/берүүчү менен бардык жолугушуулар, маектер жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөр, күрөөнүн бар экендигин жана абалын текшерүү боюнча корутундулар эсепке алынууга, сүйлөшүүлөрдүн кыскача мазмуну жана жыйынтыктары, ошондой эле өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган ушул активге тиешелүү бардык каттар көрсөтүлүүгө тийиш. 

 

4.2. Келишимдерди бекитүү 

 

4.2.1.Кардарга/берүүчүгө өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү жөнүндө оң чечим кабыл алынгандан жана аны менен бардык шарттар талкуулангандан кийин кардар/берүүчү менен келишим түзүү зарыл. 

4.2.2. Келишимди түзүүдө кайтарылууга байланыштуу мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү андан ары болтурбоо үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер бериле турган жана төлөнө турган бардык шарттар макулдашылуусу зарыл. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө жана ал боюнча үстөк баа жана киреше графигин түзүү менен өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максатына жана кардардын/берүүчүнүн бизнесинин өзгөчөлүгүнө, ал тарабынан берилген жана банк тарабынан текшерилген бизнес-планга жана акча каражаттарынын кыймылынын божомолуна көңүл буруу максатка ылайыктуу. 

4.2.3. Келишимде минимум төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталышы; 

- келишимдин аракеттенүү мезгил аралыгы; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги шарттары - сумма, төлөө мөөнөтү, камсыз кылуу, ал боюнча үстөк баа/киреше жана аларды эсептөө ыкмалары; 

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- тараптардын кайсы бири тарабынан өз милдеттенмелерин бузууга жол бергендик үчүн санкциялар, келишимди бузуу учурлары. 

4.2.4. Кардар/берүүчү менен бирдикте өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөөнүн болжолдуу графигин төлөө тартибин жана мөөнөтүн тотук жазуу менен иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл. Бул графикти келишимге тиркөө зарыл 

4.2.5. Келишимде кардар/берүүчү тарабынан финансылык отчетту мезгил-мезгили менен берүүсүн көрсөтүү маанилүү, анын негизинде банк кардардын/берүүчүнүн иши өзүнө кабыл алган милдеттенмелерине, берилген бизнес-планына акча каражаттарынын болжолдуу кыймылына, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөөнүн болжолдуу графигине ылайык келерин тескөөгө алат. Ошондой эле, келишимде банктын каржылоонун ислам принциптеринин негизинде берилген акча каражаттарын банк тарабынан пайдаланууну текшерүүнүн кайсы учурда болсун жүзөгө ашыруу укугу каралууга тийиш. 

Улуттук банк кардардын/берүүчүнүн келишимдин талаптарын аткарууга финансылык абалын текшерүүгө укуктуу. 

4.2.6. Келишимде, аларды кардар/берүүчү тарабынан келишимдин шарттарын, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча мөөнөттүн өткөрүлүшүн же анын кайтарылбай калышын кошо алганда, келишимде аныкталган милдеттенмелер аткарылбаган учурда банк кабыл ала турган бардык чаралардын жана санкциялардын көрсөтүлүүсү максатка ылайыктуу. Мындан тышкары, келишимде өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, ал боюнча келишимдин шарттары аткарылбаган активди төлөөнүн тартибин көрсөтүү зарыл. 

4.2.7. Түзүлүүчү келишимдердин нускасынын саны аны түзүүчү тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Келишимди түзүүчү ар бир тарап келишимдин бардык тараптар кол койгон түп нускасын ачууга тийиш. Келишим Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун чегинде каржылоонун ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш. 

 

4.3. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын 

камсыз кылуу 

 

4.3.1. Кредиттик тобокелдикти төмөндөтүү максатында, банктын Кредиттик комитети Шариат кеңешине кайрыла алат, ал ар бир өзүнчө учурда өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кычуу жөнүндө сунуш-көрсөтмө бере алат. 

4.3.2. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди камсыз кылуу күрөө жөнүндө келишим менен таризделет, анда минимум төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- күрөөнүн предмети жана ага берилген баа; 

- күрөө менен камсыз болуучу милдеттенмелердин өлчөмү жана аткарылуу мөөнөтү

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде турганын көрсөтүү

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди кардар/берүүчү кайтарып бербеген учурда күрөөнүн банктын менчигине өткөрүлүшүнүн шарттары жана тартиби; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөгө карата талаптар жана тараптардын милдеттери. 

4.3.3. Күрөө жөнүндө келишимге күрөөгө коюлуучу мүлктүн наркын көрсөтүү менен толук описи, ошондой эле, эгерде ушулар бар болсо, сертификаттар, күбөлүктөр жана башка техникалык документациялар тиркелет. Күрөө жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделүүгө тийиш, ал эми эгерде күрөө нотариалдык тастыктала турган келишим боюнча милдеттенмени камсыз кылган учурда, ал нотариалдык тастыкталууга тийиш. Келишимдердин түп нускасынын саны келишим бекиткен тараптардын санынан кем болбоого тийиш. 

4.3.4. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди гарантиялар менен кепилдиктер камсыз кылса, анда, качан кардар/берүүчү аны төлөй албай калган учурда, ал үчүн мүлктүк жоопкерчиликке, эрежеге ылайык, үчүнчү тарап ээ болот. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, гарантия же милдеттенме менен камсыз болгон активди берүүдө, банк зарылчылыкка жараша, келишим боюнча милдеттенмени анын аткаруу жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн гаранттын же болбосо кепилдик берүүчүнүн финансылык абалы жөнүндө толук маалыматка ээ болууга тийиш. Ошондой эле, өз кол тамгаларын койгон адамдардын колтамгаларынын аныктыгын жана укукка ээ экендиги кылдат текшерүү зарыл. 

 

5. Өзүндө кредиттик тобокелдикти 

камтыган активге мониторинг 

 

5.1. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча келишимдер түзүлгөндөн жана алынгандан кийин, банктын активдерге жана кардарга/берүүчүгө дайыма мониторингди жүзөгө ашыруусу зарыл, анын негизги максаты өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин өз убагында төлөнүшүн, актив боюнча үстөк бааны кирешени дайыма төлөөнү, милдеттенмелердин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жана келип чыккан көйгөйлөрдү күчөй элегинде бетин ачуу. 

5.2. Кредиттик кызматкер өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин колдонуудагы статусу жөнүндө отчетту мезгил-мезгили менен, айына бир жолудан кем эмес түзүүгө тийиш, анда активдин сапатын, келишимдин шарттарынын аткарылышын, кардардын, берүүчүнүн финансылык абалын жана активдин камсыз болуу абалын белгилөө зарыл. Көйгөйлөрдүн бетин ачууда кредиттик кызматкер ал жөнүндө банктын жетекчилигине ыкчам билдирүүгө тийиш. 

5.3. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди классификациялоо активдерди берүү процессине катышпаган адамдар тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. 

5.4. Банк өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көзкарандысыз баа берүү системасын иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө тийиш, ал төмөнкүлөргө негизделүүгө тийиш: 

- кардардын/берүүчүнүн реалдуу төлөө графигине жана анын пландык графикке ылайык келүүсүнө

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча сапатына жана камсыз болуу абалына; 

- тиешелүү документациянын толуктугуна жана өзүнүн карамагына кайсы болсун берилген камсыз кылууну алуу жана өзүнүн бузулган укуктарын жана таламдарын соттук коргоо укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө

- кардардын/берүүчүнүн финансылык абалынын өзгөрүүсүнө берилген баага; 

- анын классификациясын кошо алганда, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына берилген баанын туура экендигине; өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, берилген активдердин лимиттеринин сакталышына; 

- маалымат системасынын сапатына жана аныктыгына (банктын жетекчилигине жана директорлор кеңешине отчеттуулукка); 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, берилген активдин банктын Саясатына, Улуттук банктын жол-жоболоруна жана ченемдик талаптарына ылайык келүүчүлүгүнө берилген баага. 

5.5. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көзкарандысыз баа берүү өзалдынча бөлүм же болбосо банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү процессинен көзкарандысыз болгон кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Көзкарандысыз баа берүүнүн жыйынтыктары банктын Кредиттик комитетине жана Директорлор кеңешине берилүүгө тийиш. 

5.6. Келишимдин аракеттенүү мөөнөтүнүн ичинде кардардан/берүүчүдөн финансылык отчеттун документтери талап кылынууга жана аларга кылдат иликтөөлөр жүргүзүлүүгө тийиш. 

5.7. Күрөөгө коюлган мүлктөрдүн сакталышын дайыма контролдоп туруу жана анын учурдагы наркынын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүн аныктоо максатында, банк мезгил-мезгили менен, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес күрөөгө анын сакталган жеринде же жайгашкан жеринде мониторинг жүргүзүүгө тийиш. Күрөөгө мониторингдин мезгил аралыгы банк тарабынан Саясатына ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына жана башка факторлорго жараша аныкталат. Мында күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышына банк тарабынан камсыз болуусу милдеттүү шарт болуп саналат. Мында төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу зарыл: 

- камсыз кылуунун рыноктук наркынын төмөндөөсүнө

- акыркы текшерүү учурунан тартып күрөөнүн ликвиддүүлүгүн төмөндөтүүчү кандайдыр бир фактолордун бар экендигине; 

- күрөөнү сактоо режими камсыз болгонуна. 

5.8. Бул бөлүктө көрсөтүлгөн чаралар кардардын/берүүчүнүн, демек, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлоосуна карата мүмкүн болуучу тенденцияларды өз убагында бетин ачуу үчүн зарыл. Бул тенденциялардын беги канчалык тез ачылып, аныкталса, банк жагдайды оңдоп кетүү боюнча тиешелүү чараларды ошончолук ыкчам кабыл алып, өз таламдарын коргоону камсыз кыла алат. 

5.9. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлап бара жаткандыгын эскертүүчү белгилерге төмөнкүлөр таандык: 

- кардардын/берүүчүнүн банк менен байланышта болуудан оолактоосу; 

- финансылык абал жөнүндө маалыматтын өз убагында берилбеши, толук эмес жана эптеп эле берилиши, ошондой эле берилген маалыматтардын так эместиги жөнүндө шектенүүлөр; 

- кардардын/ берүүчүнүн финансылык абалынын начарлашы; 

- каражаттардын берилген болжолдуу планы менен бизнес пландын ортосундагы айырма; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасын же үстөк бааны/кирешени убактысында эмес же толук эмес төлөө

- пролонгация жөнүндө өтүнүч; 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди максатсыз пайдалануу; 

- менчикти берүү жана сатуу; 

- кардар/берүүчү жөнүндө кайсы бир булактардан алынган жагымсыз маалыматтар; 

- кардар/берүүчү акча каражаттарын жайгаштырган жактарда экономикалык, саясый жана башка чөйрөлөрдүн өзгөрүүсү (жаман жагына эле өзгөрүү эмес); 

- кардардын/берүүчүнүн ишканаларынын ичинде пикир келишпестиктердин күчалуу белгилери; 

- кардардын/берүүчүнүн ишканаларынын жетекчилеринин алмашуусу; 

- орчундуу көйгөйлөр жөнүндө айгинелеп турган башка көрүнүштөр. 

5.10. Жогоруда айтылып кеткен кайсы бир эскертүү белгилеринин бетин ачууда, банк алардын келип чыгуу себептерин тактоого тийиш. Эгерде, бул себеп өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын олуттуу начарлап кетүүсүнөн минималдуу болсо да кабар берсе, банк бул активди өзгөчө контролдукка алууга жана өз таламдарын коргоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй тиешелүү чараларды кабыл алууга тийиш: 

- күрөөнүн болушун жана кармалып туруу шарттарын кошумча текшерүү

- кошумча камсыз кылууну тартуу; 

- эскертүү иретиндеги маектешүүлөр; 

- кардардын/берүүчүнүн жана ал акча каражаттарын жайгаштырган тармактын абалын кылдат, системалуу түрдө абдан иликтөө

- коргоонун башка чаралары. 

5.11. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив менен иш алып барууда, кардар/берүүчү менен телефон аркылуу жана жолугушуудагы сүйлөшүүлөрдүн кыскача мазмунун, атар менен жүргүзүлгөн маектешүүлөрдүн, түзүлгөн келишимдердин протоколун ж.б. журналда жазуу менен, бардык жүргүзүлүүчү иш-чараларды документтештирүү жана эсепке алуу зарыл. Мындай эсепке алууну, өзгөчө, "проблемалуу активдер" менен иш алып барууда жүргүзүү мааниге ээ. 

 

6. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган "проблемалуу" 

активдер менен иш алып баруу 

 

6.1. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге дайыма мониторинг жүргүзүү жана аларга көзкарандысыз баа берүү "проблемалуу" активдердин бетин ачуунун максаты болуп саналат. 

6.2. "Проблемалуу" активдер катары, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, алар боюнча кардар, берүүчү банк менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбаган же кандайдыр бир жагдайлардан улам (мисалы, тышкы саясый же финансылык) банктын алдындагы милдеттенмелердин аткарылуусун жана активдердин төлөнүүсүн коркунучка дуушар кылган активдерди түшүнүүгө болот. 

6.3. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди "проблемалуу" деп таануу учурунда банктын активдерди кайтарып алууга багытталган, өзүнө бир катар иш-чараларды камтыган аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл. 

6.3.1. Банктын проблемалуу кардарга/берүүчүгө уюштуруу, финансылык жана башка жардам берүүсү боюнча, кризистин алдыналууга, кардардын/берүүчүнүн банктын алдындагы милдеттенмесин аткаруусуна көмөктөшүүчү чаралар: 

- проблемалардын бетин ачуу жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө боюнча кардар/берүүчү (анын жетекчилери) менен иш алып баруу; 

- кардардын/берүүчүнүн ишканалары менен иштөө үчүн банктын атынан башкаруучуну, консультанттарды дайындоо; 

- башка берүүчүнү өз убагында издеп табуу; 

- ээлик кылуучулардын же башка тараптардын эсебинен компаниянын өздүк капиталын көбөйтүүгө көмөктөшүү

- кошумча күрөөлөрдү жана гарантияларды, ж.б. алуу; 

- зарылчылыкка жараша, карыздын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгуу (өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышы боюнча төлөмдөрдүн жана алар боюнча үстөк бааны/кирешелерди төлөө графигин карап чыгуу, каржылоо формасын өзгөртүү, ж.б.). 

6.3.2. Бул иш-чаралар менен катар кардардын/берүүчүнүн өзү менен дайыма иш алып баруу зарыл, ал төмөнкүдөй болот: 

- кардарга/берүүчүгө ал келишимдин шарттарын бузгандыгы жана ушуларга байланыштуу мүмкүн болуучу проблемалар жөнүндө билдирүү

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- кардарды/берүүчүнү банкка чакыруу; 

- эгерде бул чара келишим тарабынан каралган болсо, милдетин так аткара албаган кардар/берүүчү жөнүндө маалыматты мезгилдүү басмасөз беттеринде жарыялоо, ж.б. 

6.3.3. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин түздөн-түз кайтарылышын камсыз кылуу максатында, кыска мөөнөт ичинде төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлүшү да мүмкүн: 

- күрөө предметин төлөттүрүп алуу; 

- кардардын/берүүчүнүн карыздарын үчүнчү тарапка сатуу; 

- сотко кайрылуу; 

- башкача чаралар. 

6.4. Банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган "проблемалуу" активдер менен иш алып барууга жооптуу болгон структуралык бөлүмдүн жетекчиси аткарылган иштер жөнүндө отчетту өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган "проблемалуу" активдерге карата андан аркы аракеттер жөнүндө сунуштар менен Кредиттик комитеттин кароосуна ай сайын берип турууга тийиш. Отчеттун көчүрмөсү банктын Башкармасына жана Директорлор кеңеши- 

6.5. Эгерде, банктын жогоруда аталган аракеттери оң натыйжаларды алып келбесе, банк карыздарды мажбурлап төлөттүрүү максатында сотко кайрылууга милдеттүү. Ал эми мажбурлап төлөттүрүү өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин төлөнүшүн камсыз кылбаса, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттоо процессине демилге көтөрө алат. 

6.6. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтаруунун бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөрү бүткөндөн кийин, ири кредиттик тобокелдикти ((1) Эскертүүнү караңыз) камтыган активди алып салуу жөнүндө чечим банктын Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынат, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдер жөнүндө чечим банк Башкармасы тарабынан Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө маалымдоо менен кабыл алынат. 

6.7. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алып салуудан кийин, алар карыздарды мүмкүн болуучу төлөтүү учурунда беш жылдан кем болбогон мөөнөттө тышкы системада эсепке алынат. 

6.8. Карыздын мүмкүн болуучу ордунун толушуна үмүттөндүргөн дурус маалыматтын банк үчүн бар экендиги билингенде системадан тышкары эсепке алуунун мөөнөтүнө карабастан, банк аны төлөөнүн мүмкүн болгон жолдорун табууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга тийиш. 

 

 

"ЭкоБанк" Ачык акционердик коомунда 

каржылоонун ислам принциптерине 

ылайык операцияларды жүзөгө 

ашырууда кредиттик тобокелдикти 

тескөө боюнча минималдуу 

талаптар жөнүндө" Жобого карата 

1-тиркеме 

 

Кардар/берүүчү жөнүндө маалымат топтоого 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

1. Кардар/берүүчү жөнүндө жалпы маалымат 

 

1. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активди ачууга, кардар берүүчү тарабынан колтамга коюлган билдирме минимум төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

- кардардын/берүүчүнүн аталышы (эгерде кардар/берүүчү жеке адам болсо, аты-жөнү); 

- жетекчинин аты-жөнү (эгерде, кардар/берүүчү юридикалык жак болсо); 

- дареги (юридикалык дареги), телефон/факс, электрондук почта дареги; 

- бизнестин түрү жана уюштуруу-укуктук форма (эгерде, кардар берүүчү - юридикалык жак болсо), 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, суралып жаткан активдин суммасы, валютасы жана мөөнөтү

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдин максаты; 

- сунушталуучу күрөө

2. Кардардын/берүүчүнүн кредиттик жөндөмдүүлүгүнө анализ жүргүзүү

3. Кардардын/берүүчүнүн акыркы жыл үчүн, тышкы аудитор тарабынан колтамга коюлган финансылык отчету, эгерде кардар берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын тышкы аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо жана (эгерде кардар берүүчү юридикалык жак болсо) акыркы эки жыл үчүн. 

4. Акыркы 12 ай ичиндеги эмгек акы жөнүндө маалымкат, кардар/берүүчү иштеген уюмдун аталышы, кызматы, иштин мөөнөтү (уланышы), кирешелер жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер. Эгерде кардар берүүчү - жеке адам болсо). 

5. Келишим. 

6. Уюштуруу документтери (эгерде кардар /берүүчү жеке юридикалык жак болсо). 

7. Бизнес-план (эгерде кардар/берүүчү жеке юридикалык жак болсо). 

8. Каттоодон өткөрүлгөндүгү жөнүндө мамлекеттик органдардан документ (эгерде кардар/берүүчү юридикалык жак болсо). 

9. Каттоодон өткөрүлгөндүгү жөнүндө салык органдарынан документ (эгерде кардар/берүүчү юридикалык жак болсо). 

10. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (анын бар болушунда) - салык органдарында эсепке алынууга коюлгандыгы жөнүндө күбөлүктүн негизинде (эгерде кардар/берүүчү жеке адам, жеке ишкер болсо). 

11. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайракаттоодон) өткөндүгүн далилдеген белгилүү формадагы документтин көчүрмөсү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурларда, мамлекеттик каттоодон өтүүсүз эле ишкердикти жүзөгө ашырып жаткандыгын далилдеген документтин көчүрмөсү

12. Кардардын/берүүчүнүн тиешелүү органынын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуусу жөнүндө чечими (эгерде, кардар/берүүчү жеке адам болсо). 

13. Ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (эгерде, кардар/берүүчү жеке адам болсо). 

14. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү жөнүндө банктын тиешелүү органынын чечими. 

15. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин мөөнөтүндө чейрек сайын берилүүчү финансылык отчеттуулук (эгерде кардар/берүүчү юридикалык жак болсо). 

16. Кардар/берүүчү менен байланышты эсепке алуу, анда ар бир байланыш боюнча төмөнкүдөй маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- байланыш болгон күн; 

- байланыштын түрү (маектешүү, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр, электрондук почта дареги); 

- байланыштын максаты (кызматкердин аты-жөнү, сүйлөшүүнүн мазмуну); 

- жыйынтыгы. 

17. Кардар/берүүчү менен кат алышуу (бардык корреспонденцияларды тиркөө менен). 

18. Юридикалык документация (кардар берүүчү менен берүүчүлөрдүн контрактыларынын көчүрмөсү). 

 

II. Күрөөлүк документация 

 

1. Күрөө жөнүндө келишим. 

2. Сертификаттар, күбөлүктөр жана күрөө мүлктөрүнүн башка квалификациялуу документациялары. 

3. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер. 

4. Колтамга коюга укуктуу болгондордун колтамгаларынын үлгүлөрү бар нотариалдык тастыкталган карточкалар (эгерде, кардар/берүүчү "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунда эсептешүү эсебине ээ болбогон юридикалык жак болсо). 

5. Кардардын колтамга үлгүлөрү, мөөрдүн оттискасы бар карточка, эгер ушундай бар болсо (эгерде, кардар/берүүчү - жеке ишкер болсо). 

6. Сатып алуу баасын тастыктоочу документтер (эгерде, банк күрөөнү, мисалы, жабдууларды, эл керектөөчү товарларды ж.б. сатып алууну каржыласа). 

7. Аларда төмөндөгү маалыматтарды чагылдыруу менен күрөөгө баа берүүнү тастыктоочу документтер: 

- күрөөнүн баа берүү наркы; 

- баа берүү датасы

- баа берүү ким тарабынан жүргүзүлгөн; 

- баа берүүнүн ыкмасы. 

8. Күрөө келишиминин каттоодон өткөрүлгөндүгүн тастыктаган документтер (эгерде мыйзамга ылайык каттоодон өткөрүлө турган болсо же банк каттоодон өткөрүүнү талап кылса). 

9. Күрөөнү берүү жөнүндө карыз алуучунун тиешелүү органынын чечими (эгерде кардар/берүүчү -юридикалык жак болсо). 

10. Күрөөнү иликтөө актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- күрөөнү камсыз кылуу датасы; 

- күрөөнүн түрү

- күрөөгө баа берүү датасы; 

- баа берүү ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан жери; 

- күрөөнүн абалы жана аны кармап туруунун шарттары; 

- күрөөнүн баа берүү наркы; 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөөгө алуу графиги 

 

III. Гарантиялар жана кепилдик берүүлөр 

 

1. Тиешелүү келишимди, анда бериле турган гарантиянын суммасын, гарантиялардын аяктоо датасын көрсөтүү менен кат жүзүндөгү гарантия же кепилдик. 

2. Гарантияларды берүү жөнүндө гаранттын тиешелүү органынын чечими. 

3. Кепилдик берүү жөнүндө кепилдик берүүчүнүн үйбүлө мүчөлөрүнүн макулдугу. 

4. Гаранттын уюштуруу документтери. 

5. Акыркы эки жыл жана акыркы чейрек үчүн гаранттын финансылык отчету 

6. Акыркы 12 ай үчүн эмгек акы жөнүндө маалымкат же кирешелер жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде, кепилдик берүүчү жеке адам болсо). 

7. Гаранттын же жеңилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө анализ жүргүзүү

 

Эскертүү

(1) "Банк ишинин ислам принциптерине ылайык операцияларды "Экобанк" Ачык акционердик коому тарабынан жүзөгө ашырууда каржылоонун чектери жөнүндө" Нускоого ылайык. 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартта 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 26-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 2-февралы N 6/5 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам 

принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда 

активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын 

жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга 

тиешелүү чегерүүлөр боюнча минималдуу талаптар тууралуу" 

Жобо жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр боюнча минималдуу талаптар тууралуу" Жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" Мыйзамдын 12-статьясына, "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жобого (Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) таянуу менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр боюнча минималдуу талаптар тууралуу" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам Өнүгүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосундагы каржылоонун жана банк ишинин ислам принциптерин Кыргыз Республикасында колдонууга киргизүү боюнча өзара түшүнүшүү жөнүндөгү 2006-жылдын 16-майындагы Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 15-декабрындагы N 40/9 "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда активдер классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр боюнча минималдуу талаптар тууралуу" Жобо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Башкарманын Төрагасы үчүн 

Улуттук банктын Төрагасынын 

милдетин аткаруучу М.Мырзабаева 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартта 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 26-07 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 2007-жылдын 

2-февралындагы N 6/5 

токтому менен 

бекитилген 

 

"Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан каржылоонун 

ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу 

учурунда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу 

жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга 

каралган камга тиешелүү чегерүүлөр боюнча минималдуу 

талаптар жөнүндө

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр 

3. Активдерди классификациялоо боюнча жалпы көрсөткүчтөр 

4. Активдерди классификациялоо 

5. "Мудараба" операциясы боюнча РППУну түзүү 

6. Банктын башка менчиктерин классификациялоо 

7. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо 

8. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун 

жабууга карата камдар 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде иштелип чыккан. 

1.2. Бул ченемдик акт жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында, каржылоонун ислам принциптери боюнча жайгаштырылган/алынган активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо боюнча (мындан ары текст боюнча - активдер), ошондой эле потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү камдарды (мындан ары текст боюнча РППУ) түзүү боюнча минималдуу талаптарды белгилейт. 

1.3. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун өз убагында жабуу үчүн ошондой эле, реалдуу финансылык абалды жана иштин натыйжалуулугун аныктоо максатында, банк өзүнүн активдеринин сапатына дайыма баа берүүгө жана РППУну түзүүгө милдеттүү

1.4. Банк РППУну активдердин мүмкүн болуучу жоготууларынын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон деңгээлде колдоп турууга тийиш. Камдын өлчөмүнө туура баа берүү үчүн негиз болуп активдерди классификациялоо системасы саналат, ал банк тарабынан ушул Жобого ылайык иштелип чыгууга тийиш Мында, РППУга чегерүүлөрдүн тиешелүү өлчөмү банк тарабынан салынган өздүк сыяктуу эле, тартылган каражаттарынын суммасынан (банк менен кардардын ортосунда жазуу жүзүндө таризделген келишим боюнча кардарга кайтарылып берилүүгө тийиш болгон) эсептелинет. 

Банктын ишинде РППУнун шайкеш деңгээли камсыз болбосо, мындай иш Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текст боюнча Улуттук банк) тарабынан ишенимге ээ болбогон жана чың эмес банктык тажрыйба катары каралат. 

1.5. Активдердин классификацияланышы ар кандай факторлорго жараша түрүн өзгөртүп туруучу жоготуу тобокелдигинин ар кандай деңгээлин туюндурат. 

1.6. Кредиттик тобокелдик (контракттын шарттарын аткарбоонун жана/же активдердин наркынын төмөндөөсүнүн натыйжасындагы жооптуу тобокелдиги) банктын кардарынын/берүүчүсүнүн ((1) Эскертүүнү караңыз) (мындан ары текст боюнча кардар) финансылык абалына, күрөөнүн сапатына, кардардын менчик формасы боюнча түрүнө, кайсы тармакка тиешелүүлүгүнө, активдер боюнча гарантиялардын болушуна жана түрүнө жана гаранттардын өздөрүнүн ишенимдүүлүгүнө, банк менен келишилген контракттар боюнча мурда берилген милдеттенмелердин аткарылышына, кардардын бизнесинин андан ары өнүгүү келечегине баа берүүгө жана башка потенциалдуу факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн. 

1.7. Банк өз активдерин мезгил-мезгили менен классификациялап турууга милдеттүү, аларга төмөнкүлөр тиешелүү

- кардар тарабынан контракттын шарттарын аткарбоонун жана/же банктын ээлигинде турган активдердин наркынын төмөндөөсүнүн натыйжасындагы жоготуу тобокелдигин камтыган активдер; 

- компаниянын капиталына инвестициялар (акциялар, инвестициялануучу компаниянын капиталына финансылык катышуу); 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелер (аккредитивдер, гарантиялар жана башка); 

- банктын активдерин төлөөгө жана же жоготууларын компенсациялоо катарында кабыл алынган банктын башка менчиги; 

- жогоруда аталбаган, өзүнө кайтарылбай калуу тобокелдигин камтыган кайсы болсун башка активдер. 

Банктын активдеринин жана башка милдеттенмелеринин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен, банктын башка менчиги жана "Мудараба" операцияларынын чегинде долбоорлорду каржылоо максатында жайгаштырылган активдер үчүн ошондой эле, баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн бул Жобо аларды классификациялоо боюнча атайын талаптарды кошумча аныктайт. 

1.8. Активдерди классификациялоону жүзөгө ашыруу үчүн банк акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматтарга сарасеп салууга жана анализ жүргүзүүгө жана контракттын шарттарын аткаруу үчүн акча каражаттарынын жетиштүү көлөмүн алууга кардардык жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө тийиш Каржылоонун ислам принциптерин эске алуу менен контракта контракттын шарттарын кардардын аткаруусуна банктын көз салуусуна мүмкүндүк берүүчү финансылык жана башка отчетту кардардын мезгил-мезгили менен берип туруусу каралууга тийиш. 

Мында, анык финансылык маалыматтын (мисалы, кардардын тышкы аудитор тарабынан тастыкталган баланстык отчеттору жана алынган пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчеттору) жана ага тиешелүү анализдөөнүн жоктугу олуттуу кемчилик болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банкка берилүүчү отчеттун жана маалыматтын толуктугу жана аныктыгы үчүн кардар жооптуу болот. Ошого карабастан, банк контрактты бекитүүгө байланыштуу, өзүнө тобокелдиктерди алуу менен активди берүү учуруна чейин сыяктуу эле, андан ары банктын каражаттарынын толук кайтарылышына чейин дагы бул отчеттордун аныктыгын текшерип турууга тийиш. 

 

2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр 

 

2.1. Кредиттик тобокелдик - бул кардар тарабынан контракттын шарттарына ылайык өз милдеттенмелерин аткарбоонун жана же банктын активдеринин наркынын төмөндөөсүнүн натыйжасындагы жоготуу тобокелдиги. 

2.2. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер - каржылоонун ислам принциптери боюнча жайгаштырылган/алынган активдер. 

2.3. Банктын мөөнөтү өтүп кеткен активдерин төмөндөгүчө мүнөздөөгө болот: 

- кардар тарабынан контракттын шарттарын аткаруу графигинин 30 күнгө жана андан көп мөөнөткө бузулушу; 

- пландык төлөмдөрдүн графиги 30 күнгө жана андан көп күндүк мөөнөткө бузулган; 

- контрактка ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 30 күнгө жана андан көп мөөнөткө бузулушу; 

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын графигинин 30 күнгө жана андан көп мөөнөткө бузулушу; 

- үчүнчү тараптар тарабынан контракттарды аткаруу мөөнөтүнүн 30 күнгө жана андан көп мөөнөткө бузулушу. 

2.4. Реструктуризацияланган активдер - бул контракттын шарттарын кардар тарабынан аткарылышы максатында, ал боюнча банк кардарга жеңилдик берүүнү жүзөгө ашыра турган активдер. 

2.5. Капиталга банктын инвестициялары - акцияларды алуу же инвестициялануучу компаниянын ишинин натыйжаларын бөлүштүрүү формасында пайда алуу максатында капиталга финансылык салым. 

Башка компаниялардын жүгүртүү каражаттарына банктык каражаттарды салуу жана биргелешкен компанияларга катышуу өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер болуп саналат. 

2.6. Активдердин сапатын классификациялоо жана РППУну түзүү максатында төмөнкүдөй категориялар белгиленет: 

1) канааттандырарлык активдер; 

2) субстандарттык активдер; 

3) шектүү активдер; 

4) жоготуу катары классификациялануучу активдер. 

 

3. Активдерди классификациялоо боюнча жалпы көрсөткүчтөр 

 

3.1. Классификациялоону жүргүзүүдө ушул Жободо келтирилген белгилерди сактоо аркылуу, бирок аны менен гана чектелбестен, активдерди классификациялоонун бул же тигил категориясына тиешелүү деп эсептөө үчүн жүйөлүү чечимдерге таянып кадам таштоо зарыл. 

3.2. Классификациялоонун категорияларын аныктоодогу мүмкүн болуучу ар кандай түшүнүк берүүлөргө байланыштуу, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөр киргизилет Бир же эки жана андан көп белгилердин жыйындысы классификациялоонун категориясын аныктайт. 

3.3. РППУну бухгалтердик эсепке алуу бухгалтердик эсепке алуунун стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

3.4. Тиешелүү контрактыларда чагылдырылган банктын жана анын кардарларынын ортосундагы контракттык мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылууга жана каржылоонун ислам принциптерин бузбоого тийиш. 

3.5. Бул Жобонун талаптары активдерди классификациялоонун тиешелүү болгон аз гана критерийлерин камтыйт, анткени ар бир конкреттүү жагдайды карап чыгууга мүмкүн эмес. Улуттук банк жана банк бул Жобонун талаптарын жана критерийлерин негиз катары алуу менен активдердин сапатына баа берүүнүн кошумча критерийлерин киргизүүгө укуктуу. 

 

4. Активдерди классификациялоо 

 

4.1. Канааттандырарлык активдер 

 

4.1.1.Канааттандырарлык активдер - банк менен түзүлгөн контракт боюнча милдеттенмелерди кардардын аткаруусу боюнча активдер. 

4.2.1. Мында активди канааттандырарлык деп эсептөөчү мүнөздүү белгилер болуп төмөнкүлөр саналат: 

- кардардын финансылык абалы канааттандырарлык; 

- кардардын ишканасы туруктуу болуп саналат, жакшы капиталдашкан; 

- банк менен түзүлгөн контракттык шарттарын аткаруу өз убагында жүзөгө ашырылууда; 

- контракттын суммасына күрөө бар (бул качан Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун чегинде каржылоонун ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жобо тарабынан каралган учурларда), ал алгылыктуу жана белгилүү мөөнөттөрдө нак акчага айландырылышы мүмкүн; 

- кардардын кредиттик тарыхы ынанарлык (банк менен контрактка ылайык өз милдеттенмелерин аткарууда кармалууларга жол берген эмес). 

 

4.2. Субстандарттык активдер 

 

4.2.1. Субстандарттык активдер деп, алар боюнча банк РППУну дагы кошумча түзүүгө тийиш экендигин жетиштүү даана көрсөтүүчү белгилүү терс тенденциялар байкалган жана/же муну жасоого мүмкүн болгон учурда тиешелүү чараларды кабыл ала турган активдерди атоого болот. 

4.2.2. Алардын келип чыгуусунда активди субстандарттуу деп эсептей турган мүнөздүү белгилер болуп төмөнкүлөр саналат: 

- кардардын финансылык абалынын начарлоо тенденциясынын пайда болушу; 

- рыноктук шарттардын өзгөрүүсү, алар кардардын банк менен бекиткен контракттын шарттарын аткаруусуна таасир эгиши мүмкүн; 

- кардар тарабынан контракттын шарттарын аткаруу графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу; 

- пландык төлөмдөрдүн графиги 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу; 

- контрактка ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 30 күнгө чейинки мезгилге бузулушу; 

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу; 

- үчүнчү тараптар тарабынан контракттарды аткаруунун мөөнөтүнүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу; 

- банк менен кардардын ортосундагы контракттын шарттарынын өзгөрүүсү (реструктуризация); 

- күрөөнүн суммасы (бул качан Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун чегинде каржылоонун ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жобо тарабынан каралган учурларда) контракттын суммасынан олуттуу төмөн жана/же анын ликвиддүүлүгү азаюда. 

 

4.3. Шектүү активдер 

 

4.3.1. Шектүү активдер кардардын контракты аткарбоо тобокелдигин өзүнө камтыган так белгилүү кемчиликтерге (кемчилик) же начар жактарга ээ. Эгерде кемчиликтер оңдолбосо, анда банктын олуттуу чыгым тартуу ыктымалдыгы орун алат. 

4.3.2. Алардын келип чыгуусунда активди шектүү деп эсептей турган мүнөздүү белгилер болуп төмөнкүлөр саналат: 

- кардар тарабынан контракттын шарттарын аткаруу графигинин 30 күндөн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу; 

- пландык төлөмдөр графигинин 30 күндөн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу; 

- контрактка ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 30 күндөн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу; 

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигинин 30 күндөн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу; 

- үчүнчү тараптар тарабынан контракттарды аткаруунун мөөнөтүнүн 30 күндөн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу; 

- кардардын финансылык абалы жөнүндө тастыкталган терс маалыматтын болушу; 

- жоготууну компенсациялоо, негизинен, күрөөнү сатып өткөрүүгө жараша болот (бул качан Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун чегинде каржылоонун ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жобо тарабынан каралган учурларда). Мында күрөө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө, банктын контракт боюнча жоготууларына жана күрөө укуктарын сатып өткөрүүгө байланыштуу мүмкүн болуучу чыгымдарын банкка компенсациялоо үчүн жетиштүү өлчөмдө сатылып өткөрүлүүгө тийиш Күрөө төмөндөгү мөөнөттөрдө сатылып өткөрүлүшү болжолдонууда. 

а) кыймылсыз мүлктөр - 365 күндөн кечиктирбестен; 

б) кыймылдуу мүлктөр - 120 күндөн кечиктирбестен. 

 

4.4. Жоготуу катары классификацияланган активдер 

 

4.4.1. Жоготуу катары классификацияланган активдер кайтарылбай турган болуп саналат жана алар боюнча 100% өлчөмүндө РППУ түзүлөт. Мындай активдерди кайтаруунун бардык юридикалык мүмкүнчүлүгү бүткөндөн кийин, алар системадан тышкаркы эсептерде беш жылдан кем болбогон мөөнөттө эсепке алынат. 

4.4.2. Алар боюнча активдер жоготууларга тиешелүү болгон белгилер болуп төмөнкүлөр саналат. 

- кардар тарабынан контракттын шарттарын аткаруу графигинин 60 күндөн көп мөөнөткө бузулушу; 

- пландык төлөмдөр графигинин 60 күндөн көп мөөнөткө бузулушу; 

- берүү контрактысына ылайык товарларды берүү мөөнөтүнүн 60 күндөн көп мөөнөткө бузулушу; 

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигинин 60 күндөн көп мөөнөткө бузулушу; 

- үчүнчү тараптар тарабынан контракттарды аткаруунун мөөнөтүнүн 60 күндөн көп мөөнөткө бузулушу; 

- күрөөнүн жоктугу же рыноктун жоктугунан аны сатуу мүмкүн эместик; 

- кардардын банк менен түзүлгөн контракттын шарттарын аткаруудан баш тартууга жөндөмсүздүгү

- кардардын банкроттолушу; 

- оффшордук аймактын субъекттери менен түзүлгөн контракт боюнча банктын жайгаштырылган алынган активдери ((2) Эскертүүнү караңыз). 

 

5. "Мудараба" операциясы боюнча РППУну түзүү 

 

5.1."Мудараба" операциясынын чегинде долбоорлорду каржылоо максатында жайгаштырылган активдер боюнча, банк банктын балансында активдердин пайда болуусу учурунда 5%дан 10%га чейинки өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш 

5.2. "Чектелбеген Мудараба" операциясынын чегинде долбоорлорду каржылоо максатында инвестор катарында банк тарабынан жайгаштырылган активдер боюнча банктын балансында активдер пайда болгон учурдан тартып 25% өлчөмүндө РППУ түзүлүүгө тийиш. 

5.3. Активдер төмөнкү учурларда минимум шектүү катары классификацияланат: 

- банк менен кардардын ортосундагы келишимде белгиленгендей берүү мөөнөттөрүнө ылайык, долбоордун жүзөгө ашырылышынын жүрүшү жана компаниянын бизнес планынын аткарылышы жөнүндө маалыматтар жок болгон; 

- долбоордун жүзөгө ашырылышына, анын ичинде каржыланып жаткан объектиге баруу менен үзгүлтүксүз мониторингди жүзөгө ашыруунун мүмкүн эместиги. 

5 4. Эгерде, ага банк катышкан долбоор келишимге ылайык жүзөгө ашырылбаса, 100% өлчөмүндө РППУ түзүлөт. 

 

6. Банктын башка менчиктерин классификациялоо 

 

6.1. Банктын активди төлөөгө төлөөгө кабыл алынган жана/же жоготуусун компенсациялоо катарында алынган башка менчиги баланста алгач таанылгандан кийин, дароо субстандарттык катары классификацияланат. 

6.2. Банктын төлөөгө кабыл алынган жана/же жоготуусун компенсациялоо катарында алынган башка менчиги, эгерде ал төмөнкү мөөнөттөрдүн аякташы менен сатылып өткөрүлбөсө, жоготуу катары классификацияланат: 

а) бир жыл кыймылдуу мүлк үчүн; 

б) үч жыл - кыймылсыз мүлк үчүн. 

6.3. Финансылык отчетту түзүүдө банк, зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес, мүлккө, бухгалтердик эсепке алуунун стандарттарына ылайык, анын наркынын начарлоо өңүтүнөн баа берүүгө тийиш. 

 

7. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо 

 

7.1. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо ушул Жобонун талаптарына ылайык, банктын активдерин классификациялоого окшош жүргүзүлөт. 

7.2. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди төмөнкүлөргө жараша классификациялоого туура келет: 

- банкта ушул баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу ыктымалдыгы пайда болушуна; 

- бул милдеттенмени кардардын пайдалануу ыктымал