Кайта келүү

Ушаланган акчалар 

12:15 15.06.2013 | «24.kg» MA Олжобай ШАКИР, Бишкек  

Эй, шашлычник, бери кел, деди ыктыткан кардар. Жайкы кафеде толо отургандын баары үн чыккан тарапка жалт карады. 

Кекеткен таризде үн каткан кардардын кебин укса да укмаксан болгон жалгыз гана Шербото отургандарга далысын салган бойдон мангалдын жанында былк этпей тура берди. 

Кафедегилердин баарын өзү тарапка жапырт каратып, ушунчалык көңүл бурдурганына шерденген тиги эргул огош бетер кызымтал болуп күүлөнө түштү. Колунда жарым шише коньяк. Өзү бука моюн, эки далысы жаргылчак ташындай олбурлуу да неме экен. 

Эй, шашлычник! Кулагың угабы?! үн мурдагыдан да өктөм чыкты.  

Шерботонун мындай тоотпостук мүнөзү кафеде отургандарды да күтүүсүз окуя болуп кетеринен шектендирген жок. Анткени кафенин улагасын аттаар замат бош орунтукка көчүк коюп, шашлыкчини «бери кел» деген кардар экөөнүн аралыгы түкүрүк жетчүдөй эле жер болчу.  

Ал ортодо чыйпылыктап «сизге эмне керек?» деп меню көтөргөн илбериңки официант кыз пайда болду.  

Мага тээ шашлыкчиңди чакыр... дегенди уккан официант жаңы кардардын сүрүнөн кооптонуп Шербото жакка жыла басты. 

Сизди чакырып атат...  

Менде жумушу бар бекен... басып келсин. Менин анда жумушум жок, деп бурк этти кебелбеген Шерботоң

Официант же кардарга басып баралбай, же Шерботонун жанында калалбай ордунда ойдолоктоп калды. А тиги кыркылган жоон карагайдай неме ордунан туруп келсе, бою пекене четин дарагындай болгон Шерботону кежигеден мыжып мангалдагы кызарган отко куйкалап койчудай көрүндү официант кызга.  

Отургандар алдыга келген тамак сууп калганча тиги экөөнөн көз албай карап калган. Зоңкойгон кардар «шашлычник, бери кел деп атам!» деп калды бакырып. Шербото калыбынан жазбай бираз турду да, тигинин айкырыгын тоготпогонсуп артына кылчайып, бир убакта улагага басып келип:  

Эмне өкүрөсүң? деди кекетип.  

Шашлыгың канча деп атам?  

Шашлыктын баасын менден сурабай, алдыңдагы менюдан кара, деп басып кетти чыйт түкүрүп.  

Эй, оме-ей... Бери кел, шашлычник! Сени менен сүйлөшпөсөм болбойт экен.  

Шербото да буйдалбастан шартылбай басып алдына келди:  

Эмнени сүйлөшөсүң?!  

Сен мага алдагинтип караба! 

А сен мага алдагинтип сүйлөбө, деди Шербото да тигинин ызырынганына жараша ызырынып.  

Тиги неме эки колун шымынын жан чөнтөктөрүнө ныгыра салып, үстөлдүн үстүнө бырышкан акчаларын чачты да, Шерботого буйрук бергендей сүйлөдү:  

 

Сана могуну!  

Сенин акчаңды мен эмнеге санайм!  

Ангыча болбой барскандай муштуму Шерботонун тумшугунан кайып өттү. Шербото да көз ирмем маалда чапчаңдык кылып кетти. Каршылашынын муштумунан буйтаган Шербото кекеткенге өттү:  

Эй, дөдөй! Эгер алдагы ушаланган акчалар доллар же евро болсо сени «гер-рой» экен дейт элем. Кыргыз сомунда эмне мынча өчүң бар?! Доллар же еврону ушундай ушалай алат белең?..  

Үстөл үстүндө Саякбай, Курманжан Датка, Жусуп Баласагын, Токтогул, Тоголок Молдо, Касым Тыныстанов, Малдыбаев, Алыкул, Бүбүсайранын сүрөттөрү түшүрүлгөн купюрлар бырышып-бырышып жаткан эле.  

Ичинен туттуккан Шербото саратан жайдын аптабы менен ысык мангалдын түбүндө туруп тердегендикиби, чекесиндеги чыпылдаган терин сыдыра тигиге ызырына сүйлөдү:  

Эгер алдагы акчалар мынамындай кара тер, мээнет менен табылган болсо мынчалык бырыштырбайт элең. Демек, буларды жеңил-желпи арам жол менен тапкан үчүн акчаны кадырлабайсың! Макул, сен азыр экөөбүздү карап турган мынамынча элди сыйлаба, адамдык касиетиң болсо өз мээнетиңди, мээнетиң менен тапкан акчаны, анын бетиндеги мынагул кыргыздын сыймыктуу, улуу инсандарын сыйлабайсыңбы! деген кезде тигил түркөй барскандай муштумун даа бир ирет шашлыкчинин тумшугуна таамай шилтеп калды. Олбурлуу неменин муштуму оңдурмак эмес, бирок ошол замат көз ачып жумгуча буйтаган Шерботонун кыттай уюган муштуму тигинин кулак түбүнө дадил тийер замат теректей бою кыйган талдай кулады. Жыгылганда да ток тепкендей чалкалай берген оңбогур артындагы үстөлгө кулап, үстөл бөлүнүп түштү. Экөөнү тегеректегендер делдейип калышты.  

Шерботонун бир жолку мушунан кийин эле зоңкойгон тигинин диңкеси сууп, жоошуй түштү. Ортодогу арачылар аны көчөгө жетелеп чыгарып келип, Шерботону далыга таптап, кафе ичи уу-дууга толду.  

Тамагын жеп туруп бараткан кардарлардын бири официантка кытыраган 100 долларын сууруп чыгып сунду эле, бирок официант кафеде долларга майда табылбасын айтты. Доллар сунган жигит чөнтөгүн сыйпалап калды:  

 

Жаныбызда сом жок эле. Жаңыле улуттук күрөш боюнча мелдеште бул досум ушинтип доллар менен сыйланды, деп бир эсе сыймыктангандай жанындагы адашы официантка жагдайды түшүндүрө баштады.  

Муну уккан Шербото колундагы долларды эмне кыларын билбей кайсалай түшкөн жигиттин акчасын сомго алмаштырып берип, колун кысты да, намыстуу кеп айтты.  

Жеңишиң кут болсун, бирок улуттук мелдешти уюштургандар сендей намыстуу жигиттерди эмнеге улуттук акча менен сыйлоого акылдары, намыстары жетпейт... Же сыйлыкты улуттук валюта менен беришсе мелдештин абырою кемип калабы, же улуттук акчабыз менен байге бергенден уялышабы?  

Бизде дайыма ушундай, байке. Бул биринчи жолу эмес. Канча жолу улуттук мелдештин чемпиону болдум, дайыма эле байгени доллар менен беришет. Бирок мындан аркы мелдештерде байге койсоңор сом менен гана койгула, болбосо мелдешке катышпайм деп айтам, деген балбан узап баратып Шерботого ыраазы боло кол жаңсады: Тамашасы жок, байке. Мындан аркы мелдештерде байгени сом менен гана бергиле дейм..: