Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасы эсептик чен өлчөмүн 5,00 пайыз деңгээлинде калтырды 

Улуттук банк Башкармасы 2017-жылдын 27-июнунда эсептик чен өлчөмүн 5,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 2017-жылдын 28-июнунда басма сөз жыйыныныны жүрүшүндө маалымдады. 

Улуттук банктын төрагасынын билдирүүсүнө караганда, 2017-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 6,8 пайыз деңгээлинде калыптанган. «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, ички дүң өнүм 2,9 пайызды түзгөн. Ичтен керектөө да калыбына келип жатат. Экономиканын негизги тармактарында дагы өндүрүштүн өсүшү байкалууда. Экономикага улуттук валютада кредит берүүнүн артышы, ошондой эле улуттук валюта сыяктуу эле, чет өлкө валюталарында сунушталган кредиттер боюнча пайыздык чендердин кыскаруу жагына ыкташы өндүрүштүк потенциал көрсөткүчүнүн жакшыруусуна таасир эткен факторлордун биринен болууда.  

Ички валюта рыногу тууралуу маалымдап жатып, Улуттук банктын башчысы ички валюта рыногундагы абал туруктуу сакталып жаткандыгын билдирди. 2017-жылдын башынан бери сомдун чыңдалуусу 0,9 пайыз чегинде катталган. 2017-жылдын июнь айында Улуттук банк ички валюта рыногуна катышкан эмес.  

Акча-кредиттик шарттарды жеңилдетүү боюнча мурдатан бери жүргүзүлүп келген саясат экономиканын реалдуу секторуна түрткү берүү чараларын колдоого алып, түпкү карыз алуучулар үчүн кредиттер боюнча пайыздык чендердин кыскарышына таасир этип, кредиттөө чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.  

Улуттук банктын болжолдоолоруна ылайык, 2017-жылдын акырына карата инфляция мааниси 5-7 пайыз деңгээлинде белгиленген орто мөөнөттүк чегинде түптөлөт. Ушул шартта, ошондой эле тышкы жана ички инфляциялык тобокелдиктер орун албаса, Улуттук банктын эсептик ченинин ушул деңгээлде сакталышы экономикага өбөлгө түзүүчү чараларга андан ары колдоо көрсөтөт”,- деп белгиледи Толкунбек Абдыгулов.