Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Ак илбирс" алтын коллекциялык монетасын 

жүгүртүүгө чыгарды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-жылдын 25-декабрынан тартып "Ак илбирс" алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Анын бет ачары бүгүн пресс-конференциянын жүрүшүндө массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган асыл таш (бриллиант) чөгөрүлгөн "Ак илбирс" алтын монетасын Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбарлар дүйнөсүнүн сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактап калуу жана алардын санын көбөйтүүгөүндөп, бул орчундуу маселеге олуттуу көңүл буруу максатында чыгарылды. Ал 1000 нускадан туруп, 64 миң 950 сомго бааланат жана расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ошондой эле монета proof эл аралык жогорку сапатына ээ. Аны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынын кассаларынан сатып алууга болот. 

"Жаңы эстелик монетада ак илбирстин элеси түшүрүлдү. Илбирс Кыргызстандын, биздин тоолордун символу, уникалдуу жаныбар катары тандалып алынды. Монета "Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясына кирет. Бул монетаны жүгүртүүгө чыгарып жатып, Улуттук банк кыргызстандыктарды жаратылышты, айрыкча, жоголуп бара жаткан сейрек кездешүүчү жандыктарды сактоого чакырат", деп билдирди Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Шамиль Айдаркулов. 

"Ак илбирс" Улуттук банк тарабынан чыгарылып жаткан төртүнчү алтын монета. Буга чейин "Манас-1000", "Ош-3000" жана "Курманжан даткага 200 жыл" коллекциялык алтын монеталары чыгарылган. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 57 монета чыгарылган, анын ичинен: 4 алтын, 41 күмүш, 10 жез-никель жана 2 мельхиор монетасы. Алтындан жана күмүштөн жасалган алгачкы монеталар 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган. 

"Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталары оригиналдуу жана тарыхый булак катары гана эсептелбестен, пайдалуу финансылык салым жана баалуу белек катары да каралат. Коллекциялык монеталардын наркы Улуттук банк элге сатууну токтоткон убактан тарта тездик менен өсө байштайт. Келечекте коллекциялык монеталардын баасы экинчилик рынокто өзгөрөт, баа нумизматтардын каалоолоруна, монеталарга сарпталган металлдын баасына, тематикасына, тышкы келбетине дизайнына, жана албетте, нускасына жараша болот" деп жыйынтыктады Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Шамиль Айдаркулов.