Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 8,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды  

 

Улуттук банктын Башкармасынын мындай чечимин бүгүн басма-сөз жыйынында төрага Толкунбек Абдыгулов түшүндүрүп берди. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысынан сырткары, Экономика башкармалыгынын Акча-кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы Насиба Имаралиева жана Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын Дилингдик операциялар бөлүмүнүн башчысы Бакыт Карбозов катышты.  

Басма-сөз жыйынынын жүрүшүндө белгиленгендей, Улуттук банк Башкармасы 2015-жылдын 24-августунда эсептик чен өлчөмүн 8,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алган. 

Сезондук фактор инфляциянын басаңдашын шарттап, ал август айынын орто ченинде (14-августка карата) өтүп жаткан жылдын баш жагындагы 11,6 пайызга караганда жылдык туюндурууда 5,6 пайызды түзгөн. 2015-жылдын январь-июль айларындагы экономикалык өсүштүн жогорку көрсөткүчү (7,1 пайыз), эң башкысы "Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканаларында өндүрүштүн өсүшү менен шартталган. “Кумтөрдү” эске албаганда ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 4,5 пайыз чегинде катталган.  

“Акыркы айларда банктар аралык рынок катышуучуларынын иш жигери бир аз басаңдагандыгы катталган, ошону менен бирге эле банктар аралык кредит рыногунун орточо салмактанып алынган чени эсептик чен өлчөмүнөн төмөн болгон.Тышкы соодалык операциялар көлөмүнүн жана акча которуулар агымынын кыскарышы да байкалууда, ал Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валютасынын баасынын түшүүсүнөн улам да келип чыгууда. Тышкы финансылык рыноктордогу туруксуздук күч алууда, жогоруда белгиленген факторлор менен бирге өлкөнүн ички валюта рыногуна келтирилип жаткан басымдын күчөшүнө түрткү берген негизги себептердин биринен болуп, орто мөөнөттүк мезгил аралыгында инфляциялык басымдын күчөшү ыктымал”-деп билдирди Толкунбек Абдыгулов. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы белгилегендей, Улуттук банк өлкө экономикасында орун алган жагдайларга мониторинг жүргүзүүнү улантып жана мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарына ылайык акча-кредит саясаты жагында тиешелүү чараларды көрөт. Акча-кредит саясаты орто мөөнөттүк аралыкта инфляцияны Улуттук банктын орто мөөнөттүк мезгилге каралган акча-кредит саясатынын негизги багыттарында аныкталган 5-7 пайыз деңгээлинде токтотуп турууга багытталат.  

Басма-сөз жыйынынын жүрүшүндө Улуттук банк тарабынан 2015-жылы ишке ашырылып жаткан акча-кредиттик саясаттын жыйынтыктары тууралуу маалымдалды.  

Расмий билдирүүлөрдөн кийин басма-сөз жыйынынын экинчи бөлүгүндө журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп алууга шарт түзүлдү. Негизинен журналисттер козгогон суроолордун көпчүлүгү өлкөнүн валюта рыногунун абалы жана андагы оюнчулардын аракеттери тууралуу болду. Ага ылайык, акча алмаштыруу бюролору, коммерциялык банктардан баштап жөнөкөй жарандар, Улуттук банктын баалардын туруктуулугун кармоо үчүн аткарып жаткан иш-аракеттери, ата-мекендик экономиканын өнүгүшүнүн жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине киришинин кесепеттери тууралуу маселелер козголду.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын кийинки жыйыны 2015-жылдын 28-сентябрына пландалып, анда эсептик чен өлчөмү тууралуу талкууланмакчы.