Кайта келүү

2015-жылдын 11-мартынан 18-мартка чейин республикада өткөн Кыргызстандагы Дүйнөлүк Акча Жумалыгы жыйынтыкталды. 

 

Бүгүн, 19-мартта, Бишкекте Дүйнөлүк Акча Жумалыгынын (GlobalMoneyWeek) республикада соңуна чыккандыгына байланыштуу пресс-конференция болуп өттү. Аманаттарды сактоо маданиятын өнүктүрүүгө, балдарга жана чоңдорго келечекте өз алдынча финансылык чечимдерди кабыл алуусуна үйрөтүүгө багытталган бул глобалдык кампанияга Кыргыз Республикасы биринчи жолу толук масштабда кошулду. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз сөзүндө, Кыргызстанда Дүйнөлүк Акча Жумалыгы ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи. "11-марттан 18-мартка чейин "Дүйнөлүк Акча Жумалыгынын" алкагында алыскы айыл аймактарынан тартып бүткүл Кыргызстанда 160тан ашык иш-чаралар уюштурулуп, ага 6000ден ашуун бала катышты. Жаштар тарабынан иш- чараларга чоң кызыгуу болду. Мектеп окуучулары менен студенттер баардык иш-чараларды жакшы кабыл алышып, активдүү катышышты. Балдар үчүн атайын окутуулар өткөрүлүп, эксперттердин көчмө лекциялары, финансылык мекемелерге экскурсиялар, ошондой эле коммерциялык банктарда, мамлекеттик мекемелер болгон - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде, Кыргыз Республикасынын депозитерди коргоо боюнча агенттигинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачык эшик күндөрү, тренингдер, тегерек столдор, викториналар, олимпиадалар, сынактар жана башка көптөгөн иш-чаралар уюштурулган. Биз сөзсүз келээрки жылы бул салтты улантабыз", - деп айтты ал. 

Теманы улай, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы Улуттук банк тарабынан уюштурулган көчмө лекциялар туурасында токтолуп, анын алкагында борбордук банктын эксперттери республиканын баардык облустарында болушкандыгын айтты. Сабактарда лекторлор мектеп окуучулары менен студенттерге азыркы турмушта финансылык жактан сабаттуу болуу маанилүү экендигин, билим алуу негизги алгачкы капитал болуп, келечекте аны туура колдонуу менен акчага алмаштырууга мүмкүн боло тургандыгын айтып беришти. 

"Жаштар менен болгон жолугушууларда валюта, кредиттер, депозиттер, банктык карттар, финансылык мекемелер сунуштаган банктык продукттар жана кызматтар туурасындагы темаларга дагы токтолушту. Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсия уюштурулуп, анда балдар Борбор Азия аймагындагы алгачкы төлөм каражаттары, Кыргызстандын улуттук валютасынын пайда болуу тарыхы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эстелик монеталары менен жакындан таанышышты"-деп жыйынтыктады Т. Абдыгулов. 

Пресс-конференцияга ошондой эле Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда Добрецова катышты.  

Кыргыз Республикасында "GlobalMoneyWeek" кампаниясын өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы башкарды. Ошондой эле бул кампанияга калктын калың катмарын камтуу үчүн башка финансылык мекеме, ассоциация жана эл аралык уюмдар дагы кошулушкан. Анын катарында: Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги; Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги; "Кыргызстандагы банктар Союзу" ЮЖУ; "Жаштардын өнүгүү институту" БУ; Өнүктүрүү саясат институту; "ФИНКА Банк" ЖАК; "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" ЖАК, "Бай-Түшүм", Эл аралык финансылык корпорация (IFC); Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коом (GIZ); "Кыргыз Фондулук Биржасы" ЖАК, "Жеке инвесторлор клубу" БУ, Борбордук Азия Университети ж.б. 

Пресс-конференциянын соңунда, " Бүгүнкү үнөмдөө- ишенимдүү эртеңки күн" мектеп окуучулары үчүн өткөрүлгөн улуттук сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жана Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде сынакта көрсөтүлгөн мыкты иштердин экспозициясынын ачылышы болду. Көргөзмө 2015-жылдын 19-мартынан 25-мартка чейин уланат. 

 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН 

 

"GlobalMoneyWeek" масштабдуу кампаниясы жылыга "ChildandYouthFinance" эл аралык биримдигинин алдында дүйнөнүн 100 ашык мамлекеттеринде өткөрүлөт.  

Кампаниянын миссиясы- балдардын жана жаштардын финансылык билимине жана финансылык продуктыларга карата жеткиликтүүлүгү үчүн финансылык интеграцияны өнүктүрүү.  

GMWалкагында 2014-жылы 118 өлкөдө 2000ге жакын атайын акциялар менен иш-чаралар өткөрүлгөн. "ChildandYouthFinance" кыймылынын ишинин негизги максаты балдарды жана жаштарды өз каражатын кантип колдонуу же сактоо керектиги тууралуу билим берүү болуп саналат. Бүгүнкү күнү 1 пайыздан кем балдар үчүн гана финансылык билим менен финансылык системадагы интеграция жеткиликтүү. Миллиарддаган балдар жакырчылыкта жашап жатышат.  

Бул боюнча толугураак маалыматты биздин расмий сайттан алсаңыздар болот:  

www.childfinanceinternational.org и www.globalmoneyweek.org  

Кыргызстан бул кампанияга экинчи жылы катышып жатат. Былтыр ага Кыргызстандын Банктар Союзу жана "МКК Финка" ЖАК катышкан.