Кайта келүү

КР Улуттук банкы акча-кредиттик саясаты боюнча I-чи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды.  

 

2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев маалымат жыйынын өткөрдү

 

Пресс-конференциянын жүрүшүндө КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары журналисттерге акыркы 6 ай аралыгындагы акча-кредиттик саясат тууралуу маалыматтарды билдирди. Анын айтымында каралган бул мезгил аралыгында инфляциянын жылдык мааниси 8,1% болуп, бул учурда 2013-жылдын июнь айында баалар 0,1% жогорулаган. " Ага карабай, июль айында дефляция 0,2% деңгээлде кармалды. Алдыдагы август айында инфляциянын деңгээли болжол менен нолго барабар болот деп болжолдоп жатабыз. Күзгө карата адаттагыдай эле баалар көтөрүлүшү мүмкүн.", - деп айтты З.Чокоев. 

 

Жарым жыл ичиндеги акча-кредиттик саясатка токтолуп жатып, төраганын орун басары республикадагы акча базасы 3,8% түзүү менен негизги банктык системанын өскөнүн белгиледи. "Январь-июнь айларында иштеп жаткан коммерциялык банктардын кредиттик портфели 46 млрд 955,6 млн сомго жетип, 17,08% жогорулаган. Депозиттер 13,53%, жогорулап, 57 млрд 504,6 млн сомду түздү", - деп кошумчалады ал. 

 

З. Чокоевдун маалыматтын уккан соң, журналисттерди көйгөй жараткан айрым банктар, айрыкча эки мамлекеттик банк - "Айыл Банк" ААК менен "РСК Банк" ААК тууралуу маалыматтар кызыктырды. "РСК Банкындагы" мыйзам бузуулар жана аларга карата КР Улуттук банкынын иш-аракеттери менен каттар " КР сүткорлук ишин чектөө боюнча" мыйзамдын күчүнө кириши боюнча суроолор дагы берилди". 

 

Төраганын орун басары ар бир төрт банк - "Манас Банк", "Ысык-Көл" Инвестбанк, БТА "Банк" менен "КыргызКредитБанк" боюнча кырдаалга токтолуп мамлекеттик эки банктагы жетекчилердин алмашканы боюнча кеңири маалымдады. ""Айыл Банк" менен "РСК Банкындагы" жетекчилердин алмашуусун күтүүгө болоор эле деди ал сөзүнүн башында. Бул жаңы дем күч менен ишти жакшыртуу менен жаңы максаттарды коюуга багытталууда. Жашырганда не, "Айыл Банкта" директорлор кеңеши менен башкармалыктын мүчөлөрүнүн ортосунда тирешүүлөр бар эле. Буга маселеге акционерлер Мамлекеттик мүлк фондусу кийлигишип, эки органдын курамын толугу менен жаңыдан алмаштырды. Ал эми "РСК Банкынын айланасындагы кырдаалга кайрылсак, валюталык операцияларга байланыштуу тартип бузуулардан тышкары, башка маселелер дагы бар. "РСК Банк" - бул ири жана системалуу банк. Анда казналыктын жана Соцфонддун эсептери бар. Ошондуктан, бүгүнкү күнү анын ишинин сапатын жогорулатуу талабы келип чыкты. Маалыматтык системасын өтө олуттуу жаңылоо зарыл. Мүмкүн, филиалдык түйүндөрүн кайрадан уюштуруу керектир, алтургай, балким башкаруу курамын дагы өзгөтүүшү ыктымал. Мындай системалык көйгөйлөр чечкиндүү аракеттерди талап кылат эмеспи", - деп белгиледи ал.  

 

"КР сүткорлук ишин чектөө боюнча мыйзамдын" күчүнө киргендигин, талкуулап жатып, З.Чокоев микрофинансылык секторго кандай таасир этерин алдын ала болжоо татаал деп айтты. Улуттук банк болгону баардык процесстерди байкоо менен коомчулукту маалымдап турарын", - кошумчалады Улуттук банктын төрагасынын орун басары.