Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 10-июнундагы 

№ 31/1 токтомуна карата 

тиркеме 

"Банк-резидент эместин өз филиалына капитал бөлүү тартиби жөнүндө

ЖОБО 

Бул Жободо банк-резидент эмес тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ачылган жана каттоодон өткөн филиалдарга капитал бөлүү жол-жобосун ишке ашыруу тартиби аныкталган. 

Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыккан. 

1. Банк-резидент эмес филиал ачууга уруксат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү документтерди берүүгө тийиш. 

2. Банк-резидент эмес Кыргыз Республикасынын аймагында ачылган филиалына капитал бөлүп берүүгө тийиш, ал экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн негиз болуп саналат. 

Экономикалык ченемдер жана аларды эсептөө тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык белгиленет. 

3. Банк-резидент эмес тарабынан филиалга бөлүнгөн капитал Улуттук банктагы байланыштуу депозитте милдеттенмелер жүктөлбөгөн карыз катары жайгаштырылууга тийиш. 

Ушул Жобонун максатында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында Улуттук банкта чектелбеген мөөнөткө жана пайыздарды төлөөсүз жайгаштырылган акча каражаттары байланыштуу депозит болуп саналат. 

4. Банк-резидент эместин филиалы байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик казына векселдерин жана Мамлекеттик казына облигацияларын сатып алуу үчүн гана пайдаланууга укуктуу. Мамлекеттик казына векселдерин жана Мамлекеттик казына облигацияларын сатып алуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн болгон байланыштуу депозиттин өлчөмү Улуттук банк менен банк-резидент эмес ортосунда Улуттук банкта байланыштуу депозит катары акча каражаттарын жайгаштыруу келишиминде Улуттук банк менен банк-резидент эмес ортосунда макулдашуусу боюнча аныкталат. 

Улуттук банкта байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттардын эсебинен сатылып алынган Мамлекеттик казына векселдери жана Мамлекеттик казына облигациялары ликвиддүүлүк экономикалык ченеминен тышкары, милдеттүү экономикалык ченемдерди эсептөөдө камтылат. 

Банк-резидент эместин филиалына Улуттук банкта байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттарынын эсебинен сатылып алынган Мамлекеттик казына векселдери жана Мамлекеттик казына облигациялары боюнча РЕПО келишимин түзүүгө тыюу салынат. 

5. Байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттары, банк-резидент эместин филиалын жабуу чечими кабыл алынганга жана банк-резидент эместин филиалынын кредиторлор алдында карызынын жоктугун тастыктаган анын жоюу балансы бекитилгенге чейин кайтарылып алынбайт жана алар банк-резидент эместин филиалынын өз кредиторлору алдында милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылат. 

6. Банк-резидент эместер байланыштуу депозит өлчөмүн Улуттук банктын коммерциялык банктар үчүн ченемдик укуктук актыларында аныкталган талаптарына ылайык, белгиленген мөөнөттөрдө жана минималдуу уставдык капиталдын жана өздүк каражаттардын өлчөмүнөн кем эмес суммада толуктап турууга тийиш. 

7. Эгерде банк-резидент эместин филиалында Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары үчүн белгиленген экономикалык ченемдерди аткара албай калуу коркунучу келип чыкса, банк-резидент эмес байланыштуу депозит өлчөмүн, экономикалык ченемдерди Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келтирүү үчүн зарыл болгон өлчөмгө чейин жеткирүүгө милдеттүү

8. Эгерде банк-резидент эмес ушул жобонун талаптарын бузууга жол берсе Улуттук банк, банк-резидент эместин Кыргыз Республикасынын аймагында каттоодон өткөн филиалына карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган, лицензияны кайтарып алууга чейинки санкцияларды колдонууга укуктуу. 

9. Кыргыз Республикасынын аймагында өз филиалын ачуу ниетин билдирген банк-резидент эмес Улуттук банкта байланыштуу депозит катары акча каражаттарын жайгаштыруу тууралуу Улуттук банк менен келишим түзүүгө тийиш. Келишимде мыйзамдарда белгиленген шарттар менен катар эле төмөнкү жоболор камтылышы зарыл: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы байланыштуу депозиттин суммасынын өлчөмү

- банк-резидент эместин филиалынын ошол байланыштуу депозити филиалдын кредитору алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылаары жана ага кандайдыр бир башка милдеттенмелер жүктөлбөй тургандыгы; 

- Улуттук банктагы байланыштуу депозиттин эсебинен Мамлекеттик казына векселдерин жана Мамлекеттик казына облигацияларын сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын өлчөмү