Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Стратегиялык башкаруу боюнча 

координациялык борбору тарабынан 2008- 

жылдын 30-декабрында жактырылган жана 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк 

Башкармасынын 2009-жылдын 28- 

январындагы №4/4 токтому менен 

бекитилген 

 

Банк секторун 2011-жылдын акырына чейинки мезгил аралыгында өнүктүрүү стратегиясы 

Киришүү 

 

Банк секторун 2011-жылдын акырына чейинки мезгил аралыгында өнүктүрүү стратегиясында (мындан ары - Стратегия) кийинки 2009-2011-жылдарга орто мөөнөттүү (үч жылдык) мезгил аралыгында банк тутумунун алдында турган максаттар жана маселелер чагылдырылган.  

Бул стратегияны иштеп чыгуу учурунда өлкөнү 2007-2010-жылдары өнүктүрүү стратегиясы, Кыргыз Республикасынын Президенти  

К.С. Бакиевдин билдирүүсүнө ылайык жаңы экономикалык саясаттын жоболору, Улуттук банктын 2008-2011-жылдарга карата ишинин стратегиялык багыттары жана башка стратегиялык документтер сыяктуу стратегиялык мүнөзгө ээ документтер жана иш-чаралардын планы эске алынган.  

Стратегия финансылык ортомчулугунун деңгээлин андан-ары өөрчүтүүгө, Кыргыз Республикасынын экономикасында банк секторунун ролунун күчөтүүгө, банк ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүн колдоого багытталган. 

Бул стратегияны иштеп чыгуу коммерциялык банктардын орто мөөнөттүк келечек пландарына негизделген.  

Кыргыз Республикасынын банк секторун чыңдоо жана финансы секторун андан-ары өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жалпы стратегиясынын чегинде Улуттук банк, 2003-жылдан бери калайык калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн бир эле шаарларда гана эмес, республиканын алыскы айыл жерлеринде толук пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, калктын аманаттарын тартуу жана аларды андан-ары экономиканын реалдуу секторуна инвестициялоосу үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай кеңири түрмөгүн сунуштоосуна коммерциялык банктарга шарттарды түзүү максатында төлөм жана банк системаларын модернизациялоо долбоорун колдонууга киргизүү жана Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу аркылуу Төлөм системасын андан-ары өнүктүрүү боюнча иштерди ыргактуу жүргүзүп келүүдө.  

 

I. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАНК ТУТУМУНУН 2006-2008-ЖЫЛДАРДА өНүГүүСүНө КЫСКАЧА МүНөЗДөМө. 

 

2006-жылы банк секторун 2008-жылдын акырына чейинки мезгилде өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгуу менен Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 31-майындагы №16/4 токтому менен жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш тарабынан 2006-жылдын 16-августундагы токтому менен жактырылган. 

Бул документте тиешелүү отчеттук күндөргө карата финансы ортомчулугунун деңгээлинин төмөнкүдөй прогноздук көрсөткүчү аныкталаган: 

 

 

31.12.2006 

31.12.2007 

31.12.2008 

ИДПга карата активдер 

24,8 пайыз 

28,3 пайыз 

30,6 пайыз 

ИДПга карата кредиттер 

9,9 пайыз 

11,8 пайыз 

13,1 пайыз 

ИДПга карата депозиттер 

13,7 пайыз 

15,7 пайыз 

17,4 пайыз 

 

Банк тутумун өнүктүрүү стратегиясында камтылган 2006-жылдын акырына карата абалы боюнча финансылык ортомчулугунун деңгээлинин прогноздук көрсөткүчтөрү «ИДПга карата активдер» жана «ИДПга карата кредиттер» боюнча жетишилген, ал эми «ИДПга карата депозиттер» көрсөткүчү боюнча ашкан; 2007-жылдын акырына карата абал боюнча бул прогноздук көрсөткүчтөр жетмек тургай, бардык көрсөткүчтөр боюнча максаттуу көрсткүчтөргө карата ашкандыгы байкалган. 2008-жылдын сентябрң айынын акырына карата 2008-жылдын акырына чейин каралган абал боюнча финансылык ортомчулугунун деңгээлинин прогноздук көрсөткүчтөрү «ИДПга карата кредиттер» боюнча да иш жүзүндө ашкан (мында, 2008-жылдын акырында бул көрсөткүч өзгөрүшү, анын ичинде төмөндөө жагына да өзгөрүшү ыктымал), бирок, «ИДПга карата активдер» жана «ИДПга карата депозиттер» көрөсөткүчтөрү боюнча 2008-жылдын акырында каралган прогноздук көрсөткүчтөрдүн артта калгандыгы байкалган, бул албетте, тынсызданууну жаратпай койбойт жана көңүл бурууну талап кылат. Төмөндө иш жүзүндө жетишилген көрсөткүчтөр келтирилген: 

 

 

31.12.2006 

31.12.2007 

30.09.2008 

ИДПга карата активдер 

24,8 пайыз 

30,1 пайыз 

29,9 пайыз 

ИДПга карата кредиттер 

9,9 пайыз 

14,9 пайыз 

14,9 пайыз 

ИДПга карата депозиттер 

14,5 пайыз 

16,3 пайыз 

14,4 пайыз 

 

Банк секторун 2008-жылдын акырына чейинки мезгилиндеги өнүктүрүү стратегиясында коюлган бардык максаттарга жана милдеттердин, аткарылышына негизинен жетишилген, атап айтканда, документте төмөнкүлөргө карата бир катар маанилүү багыттар аныкталган: 

o коммерциялык банктарда ички башкаруунун системасын өркүндөтүү, банктык тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасын түптөө; 

o инвестициялардын коопсуздугун арттыруу, калайык калк жана башка кредиторлор республиканын коммерциялык банктарына ишенимин бекемдөө, таасирдүү атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; 

o банк тутумунун ишинин ачык-айкындуулугун арттыруу, коммерциялык банктардагы корпоративдик башкарууну өнүктүрүү; 

o мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча операцияларга бөгөт коюу; 

o Кыргыз Республикасынын финансы секторун андан-ары өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү; 

o макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу; 

o төлөм системасын андан-ары өнүктүрүү; 

o банк ишинин жана көзөмөлдүктүн мыйзамдык базаларын өнүктүрүү; 

o финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн өнүктүрүү. 

 

2006-2008-жылдарда жүзөгө ашырылган иштер, негизинен, акырында келип, банк секторун андан-ары өнүктүрүүгө жана финансылык ортомчулугунун деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзгөн, жогоруда аталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүгө ашырууга багытталган.  

  

II. БАНК СЕКТОРУНУН УЧУРДАГЫ АБАЛЫНА БАА БЕРүү 

  

өнүгүүнүн негизги тенденциялары. Учурдагы абалы. 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 2007-жылдын акырына карата абал боюнча, Пакистан улуттук банкынын Бишкектеги филиалын кошо алганда, 22 коммерциялык банк (2005-жылдын 31-декабрына карата 19 коммерциялык банк) иштеп турган. 

Эки жыл ичинде банк тутумунун суммардык активдери 2007-жылдын акырында 42,1 млрд. сомду түзүү менен дээрлик эки эсеге көбөйгөн.  

Коммерциялык банктардагы ишканалардын, калктын жана бийлик органдарынын депозиттер боюнча калдыктарынын жалпы көлөмү эки жыл ичинде 75,4пайыз көбөйүү менен 2007-жылдын акырында 22,8 млрд. сомду түзгөн. 

Кардарларга кредиттердин көлөмү (ссудалык карыздардын калдыктары) эки жыл ичинде 2,7 эсеге көбөйүү менен (2005-жылдын акырында - 7,6 млрд. сом) 2007-жылдын акырына карата абал боюнча 20,8 млрд. сомду түзгөн. 

Улуттук валютадагы жаңыдан берилген кредиттердин пайыздык чени 2007-жылдын акырында (жылдын акыркы айы үчүн орточо салмактанып алынган чен) 25,83 пайызды (2005-жылдын акырында - 25,67 пайыз), чет өлкө валютасында 18,30 пайызды (2005-жылдын акырында - 16,22 пайыз) түзгөн.  

Улуттук валютадагы жаңыдан кабыл алынган мөөнөттүү депозиттер боюнча пайыздык чен 2007-жылдын акырында (жылдын акыркы айындагы орточо салмактанып алынган пайыздык чен) 5,28 пайыз (2005-жылдын акырында - 9,65 пайыз), чет өлкө валютасында - 5,66 пайыз (2005-жылдын акырында - 5,87 пайыз) чегинде катталган. 

Ошентип, эки жылдын жыйынтыгы боюнча (2005-жылдын акырынан тартып, 2007-жылдын акырына чейин) улуттук валютадагы сыяктуу эле чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттер боюнча пайыздык чендердин көбөйгөндүгүн белгилөөгө болот, ошол эле учурда, улуттук валютадагы сыяктуу эле чет өлкө валютасындагы жаңыдан алынган мөөнөтүү депозиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү жүргөн, бул өз кезегинде пайыздык чендердин спрэдинин көбөйүшүнө алып келген. 

Банк тутумунун суммардык регулятивдик капиталы да өсүшүн уланткан менен акыркы эки жыл ичинде 2,5 эседен көбүрөөк көбөйүү менен 2007-жылдын акырына карата 9,0 млрд. сомду түзгөн. 

Акыркы жылдардын жыйынтыгы боюнча банк ишинин кирешелүүгү өсүшү андан ары уланган. 2007-жылы банктар 1 553,2 млн. сом өлчөмүндө утурумдук пайда алууга жетишкен (2005-жылда 429 млн. сом, башкача айтканда жыл жыйынтыгы боюнча банктар тарабынан алынган утурумдук пайданын 3,5 эседен көбүрөөккө көбөйгөндүгү байкалган). Мында банк тутумунун активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) жылдык эсептөөдө 2007-жылдын акырындагы абал боюнча 4,3 пайыз, ал эми капиталга салымдардын кирешелүүгү (ROE) 26,4 пайызды түзгөн (салыштыруу үчүн 2005-жылдын жыйынтыгы боюнча тиешелүүлүгүнө жараша 2,3 пайыз жана 17,6 пайыз). 

Кыргыз Республикасында 2008-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча 22 банк иштеп турган (Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалын кошкондо).  

2008-жылдын январң-сентябрң айларында банк тутумунун суммардык активдери 51,51 млрд. сомду түзүү менен 22,2 пайызга көбөйгөн (9,4 млрд. сомго көбөйгөн). 

2008-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча банк тутумунун жалпы депозиттик базасы (2008-жылдын башынан тартып 13,1 пайызга көбөйүү менен) 29,91 млрд. сомду түзгөн, алардын ичинен: 

1) ишкананын калктын жана депозиттери 2008-жылдын башынан тартып 7,7 пайызга көбөйүү менен 20,51 млрд. сомду түзгөн; 

2) банктардын жана башка ФКМдердин депозиттери 2008-жылдын башынан тартып 38,5 пайызга көбөйүү менен 5,01 млрд. сомду түзгөн; 

3) бийлик органдарынын депозиттери жана кредиттери 2008-жылдын башынан тартып 16,1 пайызга көбөйүү менен 4,39 млрд. сомду түзгөн; 

Ишканалардын жана калктын депозиттерин (мында жана мындан ары банктардын жана башка ФКМдердин депозиттери, ошондой эле бийлик органдарынын депозиттери жана кредиттери бул категорияга кошулбайт) 2008-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча төмөнкүчө чагылдырууга болот: 

- юридикалык жактардын депозиттери 13,41 млрд. сом же депозиттердин жалпы көлөмүнүн 65,4 пайызы (2008-жылдын башына 12,81 млрд. сом же 67,3 пайыз); 

- жеке адамдардын депозиттери 7,10 млрд. сом же депозиттердин жалпы көлөмүнүн 34,6 пайызы (2008-жылдын башына - 6,24 млрд. сом же 32,7 пайыз). 

2008-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча юридикалык жактардын депозиттерине тиешелүү жыл башынан тартып өсүшү 4,7 пайыз, жеке адамдардын депозиттеринин көлөмүнүн өсүшү 13,8 пайыз чегинде катталган. 

2008-жылдын сентябрң айында улуттук валютадагы жаңыдан кабыл аланган мөөнөттүү депозиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендер 8,6 пайызды (2007-жылдын ушул эле мезгилинде 8,3 пайыз), чет өлкө валютасында 4,7 пайызды (2007-жылдын ушул эле мезгилинде - 6,7 пайыз) түзгөн. 

2008-жылдын 30-сентябрына абал боюнча банк тутумунун жалпы кредиттик портфели 25,75 млрд. сомду түзгөн, мында ал боюнча дисконттун суммасы 36,6 млн. сом.  

Кардарларга кредиттердин көлөмү (банктарга жана башка ФКМдерге кредиттерден башка жана берилген кредиттер боюнча дисконтту эске албаганда) 2008-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча 2008-жылдын баш жагындагыга салыштырганда 23,6 пайызга көбөйүү менен (2007-жылдын 31-декабрына карата 20,80 млрд. сом) 25,72 млрд. сомду түзгөн. 

Кредит портфелдеги классификацияланган кредиттердин үлүшү 2008-жылдын 30-сентябрына абал боюнча 4,1 пайызды же 1,04 млрд. сомду түзгөн (2008-жылдын башталышына карата 3,5 пайыз же 0,74 млрд. сом). 

2008-жылдын сентябрң айында улуттук валютада жаңыдан берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендер 26,7 пайыз (2007-жылдын ушул эле мезгилинде 23,3 пайыз), чет өлкө валютасында 20,7 пайыз (2007-жылдын ушул эле мезгилинде 18,1 пайыз) чегинде катталган. 

Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн колдонулган банк тутумунун таза суммардык капиталынын көрсөткүчү 2008-жылдын 30-сентябрына карата 11,06 млрд. сомду түзүү менен 2 167,0 млн. сомго же 24,4 пайызга көбөйгөн (2008-жылдын баш жагына карата 8,90 млрд. сом). 2008-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча бүтүндөй банк тутумунда алганда капиталдын жетиштүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү 30,8 пайызды түзгөн (2007-жылдын жыйынтыгы боюнча 31,1 пайыз). 

Баланстык капиталдын өзгөрүшүндө да өсүш тенденциясы байкалган 2008-жылдын январң-сентябрң айлары ичинде ал 2 716,5 млн. сомгө өскөн (30,2 пайызга өсүш) жана 11, 71 млрд. сомду түзгөн. 

Банк тутумунун 2008-жылдын январң-сентябрң айлары ичиндеги таза пайдасы 1 316,9 млн. сомго жеткен (2007-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 116,2 млн. сом болгон). 

Коммерциялык банктардын 2008-жылдын январң-сентябрң айлары ичиндеги суммардык кирешелери 9,9 млрд. сомду, суммардык чыгашалары 8,59 млрд. сомду түзгөн (2007-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда тиешелүүлүгүнө жараша 103,2 пайыз жана 128,4 пайыз өсүш белгиленген). 

2008-жылдын январң-сентябрң айлары ичинде банк тутумунун активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) 3,8 пайызды (2007-жылдын жыйынтыгы боюнча 4,3 пайыз), ал эми капиталга салымдардын кирешелүүлүгү (ROE) 20,4 пайызды түзгөн (2007-жылдын жыйынтыгы боюнча 26,4 пайыз). 

 

Депозиттерди коргоо системасы 

 

Депозиттерди коргоо системасынын (ДКС) болушу, банк секторуна ишенимдин жогорулашынын маанилүү фактору болуп саналат, аны колдонууга киргизүү банктын банкрот абалында калышы учурунда аманатчыларга (жеке адамдарга) акча каражатынын белгилүү бир суммасын кайтарып берүү кепилдигин камсыз кылат

Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамы 2008-жылдын 13-августунда күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасын жайылтууга байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруу банк ишин жөнгө салуу жагында андан-ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп калган.  

Учурда, Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын депозиттерди коргоо системасына өтүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик документтер иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июлундагы №387 токтому менен Депозиттерди коргоо боюнча агенттик түзүлгөн. Жогоруда аталган «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамды натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн, Улуттук банк тарабынан бул баскычта Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын нормаларын ушул мыйзамга ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөн («Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 10-октябрында кабыл алынган). 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери. 

 

Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо принциптерин калыптанган банк иши менен катар эле колдонууга киргизүү экономикалык укуктук мамилелерди өркүндөтүүгө жана каржылоонун атаандаш системаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн чара катары каралуу менен Кыргыз Республикасы, Ислам өнүгүү банкы жана Пилоттук банк ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун негизинде, алгачкы долбоор катары жүзөгө ашырылууда. 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде ислам каржылоо принциптерине ылайык, иштин айрым (уруксат берилген) түрлөрүн жүзөгө ашыруу тартибин белгилеген жана ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде «ЭкоБанк» ААКсынын ишине карата жөнгө салуучу талаптарды аныктаган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыккан.  

Улуттук банк каржылоонун атаандаштык системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу алкагында, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү максатында, ислам банк иши жана каржылоо принциптерин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди улантууда. 

 

Аймактардагы ишканалар жана калайык-калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу. 

 

2005-жылдын акырына салыштырганда 2007-жылдын акырына абал боюнча коммерциялык банктардын филиалдарынын жалпы саны 47 бирдикке же 28,0 пайызга өскөн жана 215 бирдикти түзгөн, ал эми аманат кассалары 173 бирдикти же 105,5 пайызга өсүү менен 337 бирдикти түзгөн. Бул ишканалардын жана калктын банк кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга түрткү берген. 2005, 2006 жана 2007- жылдардын акырына карата абал боюнча аймактар боюнча алганда коммерциялык банктардын филиалдарынын жана аманат кассаларынын санына тиешелүү маалымат төмөндө келтирилген: 

 

Областтар 

31.12.2005 

31.12.2006 

31.12.2007 

филиалдар 

Аманат кассалары 

филиалдар 

Аманат кассалары 

филиалдар 

Аманат кассалары 

Бишкек 

30 

82 

30 

103 

38 

136 

Баткен 

10 

11 

16 

13 

20 

Жалал-Aбад 

30 

23 

30 

38 

37 

54 

Ыссык-Көл 

23 

24 

10 

32 

19 

Нарын 

13 

13 

17 

Ош 

27 

33 

29 

49 

36 

68 

Талас 

Чүй 

27 

14 

27 

25 

33 

34 

Бардыгы  

168  

164  

172  

247  

215  

337  

 

Төлөм системасы. 

 

Мамлекеттик программанын 2006-2008-жылдарда колдонууга киргизилген негизги компоненттеринен болуп төмөнкүлөр саналат:  

1. Пакеттик клиринг системасы 2006-жылдын 13-октябрында калайык-калк үчүн ыңгайлуу болгон жана Кыргыз Республикасында акча жүгүртүлүшүн уюштуруу үчүн натыйжалуу төлөм инструменттеринин ар кандай формаларын пайдалануу менен калктын массалык чекене жана утурумдук төлөмдөрүн иштеп чыгуу үчүн өндүрүштүк пайдаланууга берилген. Бул система калайыккалкка утурумдук төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн коммерциялык банктарды эркин тандоосуна өбөлгө түзүп, банк секторунда атаандаштыктын күч алышына түрткү берет. 

2. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (ББПБ) 2006-жылдын 22-декабрында өндүрүштүк пайдаланууга киргизилген. Республиканын калкынын кеңири катмарынын өз эсептерин тескөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү бул борбордун башкы максаты. Ошентип, калк төлөм карттарын пайдалануу менен өлкөнүн кайсыл болбосун жеринде жана карт ээси кайсыл коммерциялык банкта тейленишине көз карандысыз, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана нак акча алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.  

Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте карттарды колдонуу менен төлөмдөрү кабыл алуу жана тейлөө боюнча инфраструктураларды өнүктүрүү үчүн өз алдынча юридикалык ЖАК - «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты түзгөн. ЖАКты түзүү жана анын иши төлөм системасынын инфраструктурасын кеңейтүүгө, ал эми коммерциялык банктарга жалпы ресурстарды өнүктүрүүгө жана бирдиктүү стандартка колдонууга, ар бир банктын системаны түзүүгө жана анын иштеп кетүүсүнө түрткү берүү үчүн ар бир банктын өз-өзүнчө сарптоолорун олуттуу төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт. Коммерциялык банктар компанияларга, соода түйүндөрүнө жана жеке кардарларга (мамлекеттик кызматкерлерге, пенсионерлерге ж.б.) сунушталуучу шарттар боюнча өз ара бири-бири менен атаандашышат.  

3. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (ГСРРВ) финансы рыногундагы бүтүмдөр боюнча ири төлөмдөрдү, ошондой эле мөөнөттүү төлөмдөрдү иштеп чыгуу системасы, 2008-жылдын 20-июнунда өндүрүштүк пайдаланууга киргизилген. Финансы рынокторунун катышуучуларынын тобокелдиктерин төмөндөтүү жана эсептешүүлөрдөгү акча каражаттарынын айланышын көбөйтүү-ГСРРВнын негизги милдетинин бири болуп саналат, ал финансы рынокторунун иш жигерин арттырууга, Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы операциялык, системдик, кредиттик жана ликвиддүүлүк тобокелдиктерин кыйла натыйжалуу тескөө аркылуу банк секторунун коопсуздугун жана туруктуулугун күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Андан ары ГСРРВ аркылуу Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөнүн жалпы төлөм-эсептешүү системаларына интеграцияланышы мүмкүн.  

Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасын реформалоо жагында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн биринчи кезекте аткарылуучу маселелерин чечүүгө багытталган. Ошондуктан, бул программаны ийгиликтүү жана сапаттуу ишке ашыруу, көбүнесе ишканалардын жана уюмдардын, коммерциялык банктардын жана Улуттук банктын, ошондой эле өкмөттүн толук колдоосу астында өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болгон мамлекеттик структуралардын жана ведомстволордун биргелешкен иш аракетине жараша болот. Ушуга байланыштуу 2005-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Улуттук банктын биргелешкен токтому менен Мамлекеттик программанын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия бекитилген. Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу боюнча иштин жүрүшүнө бирдиктүү контролдукту жана координациялоону камсыз кылуу мына ушул Ведомстволор аралык комиссиянын негизги максаты. 

2008-жылдын 1-октябрына абал боюнча Улуттук банк, бардык иштеп жаткан 22 коммерциялык банк, алардын 227 филиалы, Мамлекеттер аралык банк жана Борбордук казыналык эсептешүүлөрдүн банктар аралык системаларынын катышуучуларынан болуп саналышат. 

Учурда Кыргыз Республикасында Visa&Master card Int. Эл аралык системасы сыяктуу эле, Алай Кард, Демир 24 жана Элкарт улуттук системасы сыяктуу локалдык системалдардын карттары да колдонулууда. 2008-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 100 миңден көбүрөөк карт эмитирленген. 

Эл аралык жана локалдык система карттарынын базасында «эмгек акы» долбоорлорун жүзөгө ашыруу, Кыргызстандагы карт рыногунда алдыңкы банктарды өнүктүрүү стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Дал ушул долбоорлордун эсебинен банктар карттардын эмиссиясынын жана операциялардын көлөмдөрүнүн таасирдүү өсүшүнө жетишүүдө, бул банктардын ушул рыноктогу позицияларын бекемдөө багытындагы олуттуу алга карай шилтөөсүнө өбөлгө түзөт.  

Аймактарда банктардын филиалдык түйүндөрүнүн өнүкпөгөндүгү, нак эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө кедергисин тийгизип жаткан факторлордун бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк, коммерциялык банктар менен биргеликте бүтүндөй республика боюнча банк кызмат көрсөтүү спектринен калктын калың катмарынын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, банкоматтар жана терминалдар түйүндөрүн кеңейтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүүдө. 

 

Микрокаржылоо сектору. 

Микрокаржылоо секторунун ыкчам өнүгүү жолуна ык коюушуна байланыштуу Улуттук банк 2005-жылы «Кыргыз Республикасында микрокаржылоону 2006-2010-жылдары өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк стратегиясы» иштеп чыгуу демилгеленген, ал өкмөт менен Улуттук банктын 2005-жылдын 30-декабрындагы №637/37/7 токтому менен бекитилген.  

Бул стратегия мамлекеттик органдардын финансы секторунун, көбүнчө микрофинансы институттардын жана башка кызыкдар тараптардын күчүн концентрациялоого, микрокаржылоонун динамикалык жана туруктуу тармагын түзүүгө багытталган. Анткени, шаар жана айыл калктарынын калың катмарына кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча мүмкүнчүлүгү өнүккөн микрокаржылоонун туруктуу тармагы, экономикалык деңгээлдин жогорулашына жана жакырчылыктын кыскарышына алып келет. Финансы кызмат көрсөтүүлөргө калктын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, кийинки экономикалык өсүштүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. 

МөОС боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана микрокаржылоо мекемелерин түзүү боюнча либералдуу талаптарды ишке ашыруунун натыйжасында, төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жеткен: микрокаржылоо системасындагы жалпы кредит портфели коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредит мекемелер тарабынан берилүүчү микрокредиттердин көлөмүн кошо алганда 2007-жылдын акырындагы абал боюнча 10,4 млрд. сомду, ал эми карыз алуучулардын саны - 232 миңди түзгөн. 

2007-жылдын акырына абал боюнча коммерциялык банктардын микрокредиттик портфели 5,5 млрд. сомду, ал эми карыз алуучулардын саны 71 миңди түзгөн. 

Бүгүнкү күндө, МөОСтун алкагында банк секторунун бөлүгүндө төмөнкүдөй иш-чаралар жүзөгө ашырылган: 

§ Кредиттөө боюнча операциялар менен коммерциялык банктардын аманат кассаларынын функциялары кеңейтилген. Натыйжада, Кыргыз Республикасында банктардын аманат кассаларынын саны 2006-жылдын акырына абал боюнча 247ден тартып, 2007-жылдын акырына абал боюнча 337ге чейин көбөйгөн. 

§ Эл аралык донорлор менен биргеликте финансы-кредит мекемелери тарабынан микрокаржылоо боюнча жаңы продукттар иштетилип чыгууда. Реконструкциялоо жана өнүгүүнүн Европа банкынын (ЕБРР) Чакан жана микрокаржылоо программасынын (ЧМКП) долбоору боюнча иштеген коммерциялык банктар үчүн «Агрокредит» продуктусун сунуштаган. «Айыл Банк» айылдык деңгээлде топтук кредиттөө боюнча өкүлчүлүктү ачуу менен «Чакан кредит» долбоорун, ошондой эле «Агробизнес жана маркетинг» долбоору боюнча Дүйнөлүк банктын кредиттик каражаттарын өздөштүрүүнү ийгиликтүү өнүктүрүүдө. 

§ 2007-жылдын 20-декабрындагы Улуттук банк башкармасынын чечими менен «Эсептик-Аманат компания» ААКга толук банктык лицензия берилген, бул микрокредиттөө боюнча операцияларды андан-ары жүргүзүүгө мүмкүндүк берет; ошондой эле 2006-жылдын 27-декабрындагы Улуттук банк Башкармасынын чечими менен микрокредиттерди берүүчү КСФК «Айыл Банк» болуп кайра түзүлгөн. 

  

III. БАНК СЕКТОРУНДА ОРУН АЛГАН НЕГИЗГИ ПРОБЛЕМАЛАР, ТОБОКЕЛДИКТЕР ЖАНА КООПТОНУУЛАР 

 

өлкөнүн банк секторунда төмөнкүдөй проблемалар кездешет: 

1. Төмөнкү таблицада келтирилген көрсөткүчтүн алгылыктуу динамикасына карабастан, республиканын экономикасындагы финансы ортомчулугунун деңгээли салыштырмалуу төмөн. 

Кыргыз Республикасынын банк тутумундагы финансы ортомчулугунун негизги көрсөткүчүнүн динамикасы (мезгилдин акырына): 

(пайыздарда) 

Көрсөткүчтөр  

2000 

2001 

2002 

2003 

2004 

2005 

2006 

2007 

сентябрң 2008 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ИДПга активдер 

7,2 

6,8 

10,4 

13,6 

18,8 

21,7 

24,8 

30,1 

29,9 

ИДПга кредиттер 

2,2 

2,1 

2,7 

3,5 

6,2 

7,6 

9,9 

14,9 

14,9 

ИДПга депозиттер 

4,2 

3,4 

4,8 

6,0 

8,7 

12,9 

14,5 

16,3 

14,4 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

Финансы ортомчулугунун жогорудагы көрсөткүчтөрү (активдердин, кредиттердин жана депозиттердин ИДПга катышы) өтмө экономикалуу башка өлкөлөрдүн ушул эле көрсөткүчү менен салыштарганда, жогорку эмес деңгээлде калуусун улантууда, бул бүтүндөй алганда экономиканын өнүгүүсүнө, банк тутумунун таасиринин өсүшүнө бир кыйла мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтып турат.  

 

2. Кыргыз Республикасынын банк секторуна тышкы таасирлердин терс таасирлери. 

Учурда дүйнөлүк экономикадагы жана тышкы тоорук өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы байкалып жаткан кризистик көрүнүштөр, Кыргыз Республикасынын банк тутумуна да кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн, ошого байланыштуу коммерциялык банктардагы тобокелдиктерди тескөө системасын жакшыртууга жана Улуттук банкка тобокелдикориентирленген көзөмөл элементтерин киргизүүгө багытталган иштерди күчөтүү өзгөчө актуалдуу болууда. 

 

3. Калктан тартылуучу ресурстардын салыштырмалуу төмөн деңгээли. 

Депозиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндүгү, жогорку инфляциялык күтүүлөр, жакынкы арада депозиттерди коргоо системасы боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, тамак-ашка, КММге, электрэнергиясына жана башкаларга баалардын өсүшүнө байланыштуу жашоонун кымбатташы жана калктын үнөмдөлгөн каражаттарынын деңгээлинин төмөндөшү жана башка тоболкелдиктер калктын депозиттеринин деңгээли төмөн боюнча калышына алып барат. 

4. Берилүүчү кредиттер боюнча пайыздык чендердин жогорку деңгээли жана пайыздык чендердин чоң спреди. 

Учурда коммерциялык банктардагы иштеп жаткан пайыздык чендердин деңгээли жогору бойдон калууда жана ал тургай жогорулоо тенденциясына ээ, бул финансы ортомчулугунун деңгээлине жана бүтүндөй алганда экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизет. 2007-жылдын акырына калыптанган кредиттер боюнча пайыздык чендин деңгээли улуттук валютада 25 пайызды жана чет өлкө валютасында  

18 пайызды түзгөн. Мындан тышкары, пайыздык чендин жогорку спрэди сакталууда: 2007-жылдын акырына улуттук валютада 20,5 п.п жана чет өлкө валютасында 12,6 п.п. Кыргыз Республикасында кредиттер жана депозиттер боюнча пайыздык чендин жогорку спрэдинин сакталышы төмөнкү факторлордун таасирине шартталган: 

- кредит каражаттарына жогорку суроо- талап; 

- тобокелдиктердин сакталып калган жогорку деңгээли; 

- банк тутумундагы жеткиликсиз деңгээлдеги атаандаштык; 

- тартылуучу депозиттер боюнча пайыздык чендердин салыштырмалуу төмөндүгү. 

SWOT-коммерциялык банктардын ишин иликтөө. 

  

Бул бөлүмдө берилген коммерциялык банктардын ишин баалоо банктар тарабынан өткөрүлгөн өзүн-өзү баалоонун натыйжаларына, ошондой эле Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын иликтөөсүнө негизделген. 

SWOT коммерциялык банктардын начар жана күчтүү жактарын аныктоого, ошондой эле бизнести андан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн жана банктар үчүн потенциалдуу тобокелдиктерди алып жүрүүчү коркунучтарды баалоого мүмкүндүк берет 

 

Коммерциялык банктардын начар жана күчтүү жактары 

 

Коммерциялык банктардын күчтүү жактары 

Коммерциялык банктардын начар жактары 

Ш Коммерциялык банктардын ири долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн көбөйүшүнө жана тобокелдиктерди жабуусуна мүмкүндүк берүүчү капиталдаштыруусунун өсүшү 

Ш Банк тутумунун кредит портфелинин өсүшү, бул калкты жана ишканаларды каржылоону көбөйтөт жана банк ишинин кирешелүүлүгүн жогорулатат. 

Ш Күндөлүк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли 

Ш Корреспонденттик мамилелердин өнүккөн жана натыйжалуу иштөөчү түйүнүн болушу 

Ш Коммерциялык банктардын катарындагы иштердин эл аралык аудити 

Ш Банк продуктуларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн жайылтуу 

Ш Сатуунун натыйжалуу жана ар түрдүү каналдары 

Ш Кардарларды тейлөөнүн сапатынын жакшырышы жана бул багытты ар дайым өркүндөтүү 

Ш Туруктуу кардарлардын болушу 

Ш Банк тутумунда көп жылдык тажрыйбасы бар жана жогорку квалификациялуу кызматкер 

Ш Кызматкердин квалификациясын жогорулатууга ар дайым көңүл буруу жана окуу борборлорунун болушу 

Ш Токтотулган операциялык иш 

Ш Депозиттерди коргоо системасын киргизүү 

Ш Банк жана финансы рыногундагы көп жылдык иш тажрыйба 

Ш Тобокелдиктерди тескөө системасынын болушу 

Ш Материалдык жана техникалык жабдуу 

Ш Бир канча банктын башкы компаниялардын кымбат эмес ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгү 

Ш Кредит портфелинин сапатын жакшыртуу боюнча тиешелүү иш чараларды жүзөгө ашыруу 

Ш Кредиттөөнүн консервативдүү саясаты 

Ш Чет өлкө банктары менен атаандашуу мүмкүнчүлүгү көз карашы менен дале төмөн бойдон калган капиталдаштыруунун деңгээли 

Ш Көпчүлүк, айрыкча алыскы аймактардагы коммерциялык банктардын филиалдарында жана аманат кассаларында өнүккөн түйүндүн жоктугу 

Ш Ички рынокто ишканалардын, айрыкча калктын каражаттарын тартуунун төмөн деңгээли 

Ш Көпчүлүк коммерциялык банктардын, эскилиги жеткен маалымат технологияларды жана автоматташтырылган системаларды колдонуусу 

Ш Чекене банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн франчайзингинин өнүкпөгөндүгү 

Ш кардарларды банк продуктулары тууралуу кабардар кылуунун төмөн деңгээли 

Ш Маанилүү капиталды мобилизациялоонун чектелген мүмкүнчүлүгү 

Ш Коммерциялык банктардын катарында фонддоштуруу булагынын тең салмактагы эмес түзүмү. 

Ш Дифференциалдуу эмес кредит продуктулары 

Ш Узак мөөнөттүү финансы ресурстарынын дефицити 

Ш Институционалдык жана инфраструктуралык өнүгүүгө каражаттын жетишсиздиги 

Ш Банктардын катарында керектүү тобокел менеджментинин жоктугу 

  

Коммерциялык банктардын ишиндеги мүмкүнчүлүктөр жана кооптонуулар 

 

Коммерциялык банктардын ишиндеги мүмкүнчүлүктөр  

Коммерциялык банктардын ишиндеги кооптонуулар 

Ш Көбүнчө кредит портфелиндеги активдердин көбөйүшү жана ошондой эле алардын сапатынын андан-ары жакшырышы 

Ш Кызматкерлердин кесипкөйлүк деңгээлинин жогорулашы 

Ш Колдонулуучу маалымат технологияларды жакшыртуу 

Ш Банк кызмат көрсөтүүлөрүнө суроо-талаптын жогорулашына жана чекене багыттарды ийгиликтүү өнүктүрүүгө алып келүүчү кызмат көрсөтүүлөр спектринин жана продуктулук катардын (төлөм карттары, чекене кредиттер, жаңы салымдар, Интернет- банкинг, MasterCard, American Express системалары ж.б.), кеңейиши 

Ш Сатуу каналдарын диверсификациялоо, анын ичинде айрыкча аймактык филиалдык түйүндөрдү кеңейтүү 

Ш Локалдык рынокто эл аралык кредит институттарынын тажрыйбасын окуп үйрөнүү жана ага ыңгайлашуу 

Ш Банк процесстерин автоматташтыруунун заманбап технологияларын активдүү колдонуу жана кардарлардын өзүн- өзү тейлөө каналдарын колдонуунун эсебинен продуктулардын өздүк наркынын төмөндөшү 

Ш Эл аралык аудитти көз карандысыз тышкы аудит катары тартуу, бул кардарлардын ишенимин жогорулатат жана максаттуу топторго карата банктын стратегиясын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет 

Ш Жаңы рынокторго чыгуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин берүү 

Ш Кардарлардын түздөн-түз муктаждыктарына болжонгон продуктулук линейка 

Ш Ресурстук базаны кеңейтүү 

Ш Уставдык капиталды көбөйтүү 

Ш Экономиканы узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттү мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышуу 

Ш Банк түзүмүн оптималдоо 

Ш Кыргыз Республикасындагы 

туунду компаниялар аркылуу дүйнөлүк экономикага жана негизги тышкы соода өнөктөш өлкөлөргө кризистик көрүнүштөрдүн тарап кетүү мүмкүнчүлүгү 

Ш Банктын ишине терс таасирин тийгизүүчү макроэкономикалык жагдайдын начарлашы 

Ш Инфляциянын өсүшү 

Ш Улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшү 

Ш өсүүчү операциялык чыгымдар 

Ш Тышкы соода шарттарынын начарлашы 

Ш Саясий жана экономикалык туруксуздуктун айынан салымдардын агып чыгышы, андан дагы эл аралык рыноктордогу курстун өзгөрүшү, каражаттардын экономиканын башка секторуна же кыймылсыз мүлк рыногуна которулуп кетишине демилге бериши мүмкүн. 

Ш Мүмкүнчүлүктүү карыз алуучулардын так эмес отчету, алардын ишинин ачык-айкын эместиги, бул мүмкүнчүлүктүү карыз алуучулардын шайкеш финансы мүмкүнчүлүгүн чектейт 

Ш Мыйзам өнүгүү стадиясында турат жана натыйжада өзгөрүүгө учураган 

Ш Кадрлардын туруксуздугу 

Ш Экономикадагы донордук көмөктүн көлөмүнүн төмөндөшү 

Ш Форс-мажордук жагдайлар 

 

Учурда банктар бүтүндөй алгылыктуу катарга ээ экендигин алардын ишин баалоо көрсөттү, бул финансы секторунун кийинки өнүгүүсүнө таасир этет, бирок муну менен катар эле финансы кредит мекемелердин финансылык туруктуулугуна буга чейин эле терс таасирин тийгизип жаткан же келечекте оң таасирин тийгизүүчү бир нече факторлор да кезедешет.  

 

IV. Максаттар жана маселелер 

 

Стратегия финансы ортомчулугунун деңгээлинин андан-ары өсүшүнө, Кыргыз Республикасынын экономикасында банк секторунун ролунун жогорулашына, банк ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоого багытталган. 

Стратегияны жүзөгө ашыруу үчүн жана андагы коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл (1-тиркеме 2011-жылдын акырына чейинки мезгиле банк секторун өнүктүрүү максаттарынын топтому): 

 

1. Ишканалар жана айрыкча айыл жергесиндеги калк үчүн, кредиттөөнүн жана финансы кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана көлөмүн жогорулатуу. 

1.1. Банк секторуна инвестицияларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын финансы секторунун андан-ары өнүгүүсүнө жана андагы атаандаштык деңгээлди колдоого түрткү берүүчү чет өлкө инвестицияларын тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. 

1.2. Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин жайылтуу жана Кыргыз Республикасында ислам банк иштерин андан-ары өнүктүрүү жана каржылоо. 

1.3. Банк секторунун инфраструктурасын өнүктүрүү. 

1.4. Микрокаржылоо секторун жана банктык эмес финансы кредит мекемелеринин системасын өнүктүрүү.  

 

2. Банк тутумуна калктын ишенимин бекемдөө жана тартылган каражаттардын деңгээлин жогорулатуу (ички ресурстарды мобилизациялоо). 

2.1. Улуттук банктын көзөмөл функциясын жана коммерциялык банктардагы тескөөнүн ички системасын жакшыртуу. 

2.1.1. Банк көзөмөлү боюнча Базелң комитетинин принциптерине ылайык, Кыргыз Республикасында банк көзөмөлүнүн эришаркактыгын андан-ары улантуу, топтолгон көзөмөл системасын акырындап түптөө жана тобокел болжонгон көзөмөл элементтерин жайылтуу. 

2.1.2. Банк иштерине мүнөздүү тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системаларын андан-ары жакшыртуу жана жайылтуу; тобокелдиктерди баалоо, иликтөө, эрте көңүл буруу жана алардын алдын алуу системасын жакшыртуу; коммерциялык банктарда, ички тескөө, анын ичинде жамааттык тескөө системасын андан-ары жакшыртуу 

2.1.3. Коммерциялык банктардын өз капиталына карата минималдуу талаптарынын 2010-жылдын акырына чейин 200 млн. сомго чейин көбөйүшү. 

2.2. Депозиттерди коргоонун натыйжалуу иштеп жаткан системасын жайылтуу. 

 

өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү: 

 

3. Макроэкономикалык туруктуулук. 

3.1. Инфляциянын деңгээлин төмөнкү деңгээлде кармап туруу: 2009-жылы-12-15пайыз, 2010жыл - 10,0 пайыз жакын, 2011-жыл - 10,0 пайыз азыраак. 

3.2. Финансы туруктуулугуна иликтөө жүргүзүү жана аны бекемдөө максатында тиешелүү иш -чараларды жүзөгө ашыруу. 

3.3. Тышкы таасирлерден коргоо 

 

 

4. Мыйзамдарды өнүктүрүү жана өркүндөтүү. 

4.1. Ислам банк иштери жана каржылоо боюнча мыйзамдарды өнүктүрүү жана өркүндөтүү. 

4.2. Банктык эмес финансы-кредит мекемелерди микрокаржылоо жана жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды өнүктүрүү жана өркүндөтүү. 

4.3. Төлөм системасы боюнча мыйзамдарды өнүктүрүү жана өркүндөтүү. 

4.4. Коммерциялык банктарда тобокелдиктерди тескөө системасын жөнгө салуучу, мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү. 

 

5. Төлөм системасын андан- ары өнүктүрүү 

5.1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана акча каражаттарынын үлүшүн көбөйтүү. 

5.2. Финансы-кредит мекемелери тарабынан берилүүчү чекене төлөө кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү. 

5.3. Улуттук банктын соода системалары жана соода аянтынын операторлору менен ири төлөм системаларын интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү. 

5.4. Улуттук жана эл аралык төлөм системалары жана акча которуулар системалары менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү. 

  

V. Андан ары өнүгүүнүн жана жүзөгө ашыруу механизминин негизги багыттары 

  

Банк секторун өнүктүрүү 

Банк секторунун андан-аркы өнүгүүсү республикадагы макроэкономикалык жагдайдын туруктуулугу, экономиканы өнүктүрүүдө жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө бейтеңдемдердин жоктугуна, Кыргыз Республикасынын экономикасына жана банк секторуна тышкы таасирлердин таасирине тыгыз байланышкан. Ошого байланыштуу анданары өнүктүрүүнүн планын түзүү учурунда төмөнкүдөй божомолдор колдонулган: 

а)  кароого алынып жаткан учурда (2009-2011-жылдарда) реалдуу ИДПнын өсүш арымы жылдык эсептөөдө 7-8 пайыздык диапозондо, ал эми керектөө баасынын индекси жылдык эсептөөдө 10дон азыраактан 15 пайызга чейин өзгөрөт; 

б) экономиканын базалык тармактарында өндүрүштүн оң динамикада өсүшү улантылат, ал экономикалык өсүштүн негизин камсыз кылат; 

в)  калктын реалдуу кирешелеринин жылдык өсүшү өткөн жылдын 10 пайыздык деңгээлин түзөт; 

г) коррупциянын деңгээли төмөндөйт жана экономиканын көмүскө секторун легализациялоо жүрөт; 

д)  финансы рыногундагы жана бүтүндөй алганда экономикадагы абал активдүүлүктүн кыскарышы тарапка банктардын планын кайра кароого алып келбейт; 

е) коммерциялык банктардын ишине жана банк кызмат көрсөтүүлөр рыногуна, ошондой эле экономикалык абалга, калктын жана ишканалардын ишине тышкы таасирлер таасирин тийгизбейт. 

Банк тутуму жакынкы үч жылда өз өсүшүн уланта берет. Коммерциялык банктардын болжолдоолору боюнча 2011-жылдын акырына чейинки мезгилде, капиталдын өсүшү салыштырмалуу жогорку арымын сактап тураарына көңүл буруу зарыл, бул банктардын өздөрүнүн финансы туруктуулугун жогорулатуу тууралуу ойлорун билдирет. Көбүнчө, капиталдын өсүшү алынган күндөлүк пайданы камсыз кылууга пландаштырылат. 

Ошону менен бирге, 2011-жылдын акырына чейинки мезгилге төмөнкү сандык божомолдор прогноздолот: ИДПга карата активдердин тиешелүүлүгү 2011-жылдын акырында 32 пайыздык деңгээлге жетээри; активдердин, кредиттердин жана депозиттердин өсүшү 2008-жылдын акырына салыштырганда 2011-жылдын акырында тиешелүүлүгүнө жараша 60, 73 жана 60 пайыз деңгээлге жетет. (2-тиркеме - 2009-2011-жылдарга банк секторунун негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүш арымы жана финансы ортомчулугунун прогноздук деңгээли). Мында, олуттуу тышкы таасирлер болжолдончу прогноздук көрсөткүчтөрдү бир кыйла оңдоолорго алып келээрин белгилей кетүү зарыл. 

 

Улуттук банктын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №18/6 токтому менен «2008-2011-жылдарга Улуттук банктын ишинин стратегиялык багыттары» кабыл алынган жана Улуттук банктын 2008-жылдын 19-августундагы №156-О буйругу менен бекитилген Жүзөгө ашыруу планы иштелип чыккан, анын алкагында тиешелүү конкреттүү иш-чаралар жана аларды ишке ашыруу механизмдери жана ушул Стратегиядагы айрыкча, банктык көзөмөл боюнча Базелң Комитетинин принциптерине ылайык Кыргыз Республикасында банк көзөмөлүн гармонизациялоону анданары улантуу, топтолгон көзөмөл системасын акырындап түптөө жана тобокелдик божомолдонгон көзөмөл элементтерин жайылтуу, банк ишине тиешелүү тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасын жайылтуу, тобокелдиктерди баалоо, иликтөө, эрте көңүл буруу жана алдын алуу системаларын өркүндөтүү, коммерциялык банктардагы башкаруу системасын, ошонун ичинде жамааттык жана башка башкаруунун ички системасын андан-ары өркүндөтүү максаттарын жана маселелерин жүзөгө ашыруу каралган. Ушуга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн жүзөгө ашыруу пландын негизинде ушул стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча Иш-чаралардын планы иштелип чыккан (4-тиркеме 2011-жылдын акырына чейинки мезгилге Банк секторун өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча Иш-чаралардын планы).  

Бул стратегияда берилген маселелерди жана максаттарды жүзөгө ашыруунун тиешелүү конкретүү иш-чаралары жана механизмдери коммерциялык банктардын, банктык эмес финансы кредит мекемелердин, тиешелүү мекемелердин жана уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун ж.б. бизнес-пландарында, өнүгүүнүн орточо мөөнөттүү стратегияларында, башка документтерде жана орто мөөнөттүү мүнөздөгү документтеринде берилген. 

өкмөттүн 2008-жылдын 18-июлундагы №387 токтому менен Депозиттерди коргоо фондун (мындан ары-ДКФ) түптөөчү Депозиттерди коргоо боюнча агенттик түзүлгөн, ал 2008-жылдын 13-августунда күчүнө кирген «Банк салымдарын (депозиттерди) коргоо» мыйзамы менен (мындан ары - Мыйзам) аныкталган, максаттык деңгээлге чейин депозиттерди коргоо системасынын финансылык камсыздоосу болуп саналат. Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу мааниси Мыйзамга ылайык, мыйзамдын күчүнө кирген күнүнө эсептелинет. Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу өлчөмү 132,7 млн. сом өлчөмүндө Депозиттерди коргоо агенттигинин Директорлорду коргоо кеңеши тарабынан бекитилген. Мыйзамга ылайык, Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу мааниси Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, 2 жылдын ичинде түптөлөт, ошентип, 2010-жылдын августунан кечиктирилбей жүзөгө ашырылышы керек. 

Улуттук банктын борборлоштурулган аймакта Бишкек шаарын ислам каржы кызмат көрсөтүүлөр индустриясынын борбору кылып түптөө жана түзүү боюнча 2008-2010-жылдарга карата Иш-чаралардын планына сунушу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги «Кыргыз Республикасында ислам финансы кызмат көрсөтүүлөр индустриясын жайылтуу боюнча кийинки чаралар жөнүндө» Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында, Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 14-майындагы №20/1 токтому менен жактырылган, кийин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы №361 «Кыргыз Республикасында ислам каржы кызмат көрсөтүүлөр индустриясын жайылтуу жөнүндө» токтому менен бекитилген. 

 

 

Банктык эмес финансы-кредит мекемелерди өнүктүрүү.  

 

Банктык эмес финансы-кредит мекемелерди өнүктүрүү бөлүмүндө төмөнкүлөр каралат: 

Мындан ары Микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүү стратегиясын 2010-жылга чейинки мөөнөттө жүзөгө ашыруу улантылсын. 

2010-жылы микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттык өсүшү максатында, укуктук жана регулятивдүү чөйрөнү андан-ары жакшыртуу боюнча иш чаралар өткөрүлөт. Бул багытта микрокаржылоо секторун жөнгө салуучу мыйзамдарга (анын ичинде «Кредиттик союздар», «Микрокаржылоо мекемелери жөнүндө» мыйзамдар, банк мыйзамынын ченемдик укуктук актыларына) пландык иликтөө, ошондой эле кийинки иш-чараларды аныктоо предметине микрокаржылоо рыногунун анализи жүргүзүлөт: 

- финансы кызмат көрсөтүүлөр тизмегин кеңейтүү жана калктын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча (диверсификация); 

- микрокаржылоо институттарын чыңдоо боюнча (финансы туруктуулугу). 

Ушул стратегиянын алкагында микрокаржылоо секторунун өнүгүү тенденциясын эске алуу менен 2011-жылдын акырына карата кредиттөөнүн көлөмү жана калкты камтуу боюнча төмөнкү максаттуу көрсөткүчтөр реалдуу аткарылган: банктык эмес финансы-кредит мекемелер боюнча кредит портфелдин жалпы көлөмү 8-9 млрд. сомго жетиши керек (Микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орточо мөөнттүү стратегияга ылайык күчүндөгү максаттуу көрсөткүч 2010-жылга чейин 6-7 млрд. сом.). 

Калайык калкты кредиттөө менен камтуу 250 000 карыз алуучуга чейин өсүшү керек (2010-жылга чейинки максаттуу көрсөткүч - 220 миң карыз алуучу). 

Сунушталган максаттуу көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо рыногундагы тенденциялардын негизинде, эл аралык донорлор менен каржыланчу микрокредиттөө боюнча долбоорлорду ишке ашыруу иликтөөсүндө, кредиттик ресурстардагы муктаждыкты баалоонун негизинде эсептелинген.  

Ошентип, БФКМдердин активдеринин орточо алганда жылдык өсүш арымы (акыркы үч жылда) 61 пайыз, кредит портфелдики - 58,6пайыз. Акыркы отчеттук күнгө карата микрокредиттердин портфели 10,4 млрд. сомду түзгөн, бирок, 5 млрд. сомго жакыны өнүктүрүү долбоору боюнча түшкөн (Дүйнөлүк банк, ЕБРР, АөБ сыяктуу эл аралык мекемелерден кредиттер боюнча). Бул долбоорлордун аякталышы донорлордун каражат төлөй баштагандыгын, башкача айтканда, кредиттик портфелде жайгашкан каражаттардын агып чыгышын түшүндүрөт. Ошентип, максаттуу көрсөткүчтөр божомолдонгон агып чыгууларды жана микрокаржылоо мекемелери тарабынан кредиттөөнүн көбөйүш тенденциясын эсепке алуу менен аныкталган.  

Мында, конкреттүү иш-чаралар жана жүзөгө ашыруу механизми «2006-2010-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүү стратегиясында» жана ага тиешелүү Иш-чаралар планында берилегн. 

 

 

Төлөм системасы. 

Мындан ары, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоо боюнча иш-чараларын жүзөгө ашыруусун улантууну пландаштырууда. 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоонун узак мөөнөттүү стратегиялык максаттары, акча агымынын кыймылын натыйжалуу уюштуруу, финансы рынокторунун туруктуулугун камсыздоо жана улуттук валютага карата ишенимдүлүктү колдоо максатында, экономиканын бардык секторунда төлөм системасынын ишинин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоодо турат. Улуттук банк жаңы натыйжалуу, ишенимдүү, кымбат эмес ыкмалар аркылуу керектөөчүгө төлөмдүк жана финансы кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү боюнча иштерин улантат.  

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын реформалоосунун стратегиялык максаттарына жетүү үчүн, банктык төлөм карттарды колдонуу менен эсептөөлөрдү камсыздоо боюнча коммерциялык банктардын инфраструктурасын өнүктүрүүдө жардам көрсөтөт жана чекене, үзгүлтүксүз төлөмдөрдү иштетүү боюнча пакеттик клиринг системасынын каражаттарын өнүктүрүү жолу менен финансы-кредит мекемелердин чекене төлөм кызмат көрсөтүүлөр спектрын кеңейтүүгө демилгелейт. 2008-2010-жылдарда финансы рынокторун мындан ары өнүктүрүүнүн чегинде, соода аянттарынын операторлору жана соода системалары менен Улуттук банктын ири төлөм системасын интеграциялоо бөлүгүндө, финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер улантылат. Улуттук банк, ошондой эле улуттук, эл аралык төлөм жана акча которуу системалары менен 2008-2011-жылдардын ичинде, Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын интеграциялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жана даярдоого көмөк көрсөтүүгө ниеттенүүдө. 

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу максатында, Улуттук банк Башкармалыгы тарабынан 2006-жылдын 23-мартынан №7/8 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Төлөм системасын Көзөмөлдөө боюнча саясатына ылайык, чекене жана ири төлөмдөрдүн системасын баалоо, анализдөө, контролдоо, мониторинг жүргүзүү жолу менен төлөм системасын көзөмөлдөө иштерин жүзөгө ашырат.  

Белгиленген иш-чаралар өзүнчө экономика секторлорунда керектөө эсептөөсүн камсыз кылган өзүнчө төлөм системасын жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Улуттук банктын өлкөнүн төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруусу, төлөм системасын өнүктүрүүдөгү мамлекеттик саясаттын маселелерин аткарууга жана төлөм системалар тармагындагы эл аралык стандарттарга республиканын төлөм системасын толугу менен жакындатууга багытталган. 

Мында, жүзөгө ашыруунун конкреттүү иш-чаралары жана механизми «2009-2011-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүгө негизги багыттар» жана буларга карата иш-чаралардын тиешелүү планында көрсөтүлгөн.  

 

 1-тиркеме.  

 

2011-жылдын акырына чейинки мезгилге карата банк секторун өнүктүрүү максаттарынын топтому. 

 

2-тиркеме.  

 

Банк секторунун негизги көрсөткүчүнүн прогноздук өсүш арымы жана 2009-2011-жылдардын аралыгындагы финансы ортомчулугунун деңгээли коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлгөн. Мында, экономикага жана Кыргызстандын банк секторуна тышкы таасирлердин кыйла таасирлеринен улам, банк секторунун негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолдонгон өсүш арымы жана финансы ортомчулугунун деңгээли олуттуу оңдоолорго дуушар болушу мүмкүн. 

3-тиркеме.  

 

Коммерциялык банктардын ишинин негизги (активдеринин, кредиттеринин, депозиттерринин) көрсөткүчтөрүнүн көлөмүнүн жана алардын өсүш арымынын өзгөрүшүнүн, ошондой эле банк тутумунун активдеринин ИДПга болгон катышынын (2005-2007-жылдардын мезгилине карата) динамикасы.