Кайта келүү

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 

ИНКАССАЦИЯ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМЫ 

 

Бул мыйзамда инкассация ишинин укуктук негиздери жана ал боюнча негизги түшүнүктөр, инкассация уюмдарын түзүү жана алардын иши, инкассация жана нак акчаларды, баалуулуктарды жеткирүү рыногунун субңекттерин укуктук жана социалдык жактан коргоого алуу гарантиялары аныкталган.  

Бул мыйзамда нак акчаларды жана баалуулуктарды жеткирүү жана инкассациялоо рыногунда инкассация уюмдарынын ээлеген орду жана ролу, алардын ишин жөнгө салуу предмети аныкталып, укуктары жана жоопкерчиликтери, укуктук жана социалдык жактан корголушуна гарантиялар аныкталган.  

 

1-статья. Иш предмети жана аракеттенүү чөйрөсү.  

 

Нак акчаларды жана баалуулуктарды жеткирүү жана инкассациялоо ишинин предмети болуп, «Нак акчаларды инкассациялоо жана нак акчаларменен, баалуулуктарын жеткирүү» болуп саналат.  

Нак акчаларды инкассациялоону жана нак акчаларды жана баалуулуктарды жеткирүүнү банктар жана инкассация уюмдары жүзөгө ашырышат.  

Ушул мыйзамдын аракети Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан банктардын, инкассация уюмдарынын жана кардарлардын өз ара мамилелерине таркатылат.  

 

2-статья. Негизги аныктамалар 

 

Банк - Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган, коммерциялык банк; 

Инкассация - кардардын нак акчаларын, кардардын обңектисинен банктын/инкассация уюмунун обңектисине чейин же болбосо банктын/инкассация уюмунун обңектисинен кардардын обңектисине чейин топтоо, жеткирүү жана жоопкерчиликтүү сактоого алуу; 

Инкассация уюму лицензянын негизинде нак акчаларды жана баалуулуктарды инкассациялоо жана жеткирүү кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак; 

Инкассатор Банктардын же башка юридикалык жактардын/жеке адамдардын нак акчаларын жана баалуулуктарын жыйноону, сактоону камсыз кылуу жана жеткирип берүү иштерин жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу инкассация уюмунун/банктын кызматкери, айдоочуну кошо алганда,; 

Кардар лицензиясына ылайык иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн инкассация уюму менен келишим түзгөн юридикалык жак же жеке адам;  

Нак акчалар банкноттор жана монеталар; 

Кол салуу обңектиси- кассир, инкассатор, инкассатордук транспорт каражаты, касса түйүнү/аманат кассасы, нак акчалар жана баалуулуктар; 

Нак акчаларды жана баалуулуктарды жеткирүү банктын же кардардын нак акчаларын жана баалуулуктарын инкассатордук транспорт каражаты менен жеткирүү/ташуу/курал менен коштоп жүрүү; 

Баалуулуктар - төлөм-эсептешүү документтери (чектер), баалуу кагаздар, баалуу металлдардын стандарттык куймалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жеткирүүга уруксат берилген жана кардар менен келишим түзүлгөн шартта инкассация уюму тарабынан жеткирилип берилген «баалуу» жүк.  

Инкассатордук транспорт каражаты- нак акчаларды жана баалуулуктарды жеткирүү жана инкассациялоо үчүн колдонулган, оперативдүү кызматтын атайын транспорт каражаты деген статуска ээ, радио байланыш каражаттары, атайын сигналдар менен жабдылган, жаркырак көк түстөгү маяк жана айырмалап туруучу түстүү графикалык белги- жашыл тилке түшүрүлгөн белгиси бар автомобилң (темир жол вагону, аба кемеси, деңиз кемеси); 

 

3-статья. Кыргыз Республикасынын инкассация ишин жөнгө салган мыйзам актылары

 

Кыргыз Республикасында нак акчаларды жана баалуулуктарды жеткирүү жана инкассациялоо иши ушул мыйзам, «Лицензиялоо жөнүндө» мыйзам, «Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жобо, ошондой эле ушул мыйзамда каралган учурларда башка мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.  

Нак акчаларды жана баалуулуктарды чет өлкөдөн/Кыргыз Республикасына ташып келүү жана инкассациялоо эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.  

Эгерде, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин ченемдери ушул мыйзамда аныкталган ченемдерге каршы келсе, анда эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.  

 

4-статья. Инкассация ишин уюштуруунун укуктук негиздери жана курал колдонуу тартиби.  

 

4.1. Инкассация уюмуна карата ченемдик-укуктук талаптар жана нак акчаларды жана баалуулуктарды жеткирүүнү жана инкассациялоону жүзөгө ашыруунун тартиби ушул мыйзамда, «Курал-жарактар жөнүндө» мыйзамда, «Лицензиялоо жөнүндө» мыйзамда ошондой эле, ушул багытта жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан ченемдик укуктук актыларда аныкталат.  

4.2. Нак акчаларды/баалуулуктарды инкассациялоо жана жеткирүүнү, жеткирүү учурунда алардын сакталышын камсыз кылууну Банктар жана инкассация уюмдары жүзөгө ашырышат, алар өзгөчө уставдык милдеттерди аткарышкан жана нак акчаларды жана баалуулуктарды жеткирүүгө лицензиянын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган, алардын инкассаторлору «Курал-жарак жөнүндө» мыйзамга ылайык, курал алып жүрүү жана сактоо, ошондой эле ок атуучу куралдын айрым түрлөрүн жана моделдерин убактылуу пайдаланууга алууга укугу болгон юридикалык жактар болуп саналышат.  

4.3. Инкассация уюмунун нак акчаларды жана баалуулуктарды инкассациялоо жана жеткирүү милдеттерин түздөн-түз аткарган кызматкерлери, обңектке кол салынган учурларда ушул мыйзамда жана «Курал-жарак жөнүндө» мыйзамда каралган тартипте гана курал колдонуунун өзгөчө укугуна ээ.  

4.4. Инкассация уюмунун кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда, өмүрүн, ден соолугун жана кол салынган обңектини коргоо үчүн же коргонууга мажбур болгон шартта же өтө эле зарылчылык келип чыккан жагдайда гана мыйзам негизинде ага берилген куралды колдонууга укуктуу. 

4.5. Инкассация уюмунун кызматкерлери төмөнкү учурларда курал колдонууга укуктуу: 

1. Кассирдин, өзүнүн же башка инкассаторлордун өмүрүнө, ошондой эле нак акчаларга жана баалуулуктарга түздөн-түз коркунуч келип чыккан шартта, кайта сокку берүү үчүн; 

2. Инкассатордук транспорт каражатына кол салынган учурда кайта сокку берүү үчүн; 

3. Нак акчаларды жана баалуулуктарды алуу/берүүдө кассалык түйүнгө/аманат кассасына кол салган учурунда кайта сокку берүү үчүн; 

4. Курал колдоно тургандыгын алдын-ала эскертүү (абага атуу менен), ошондой эле коркунуч келип чыккандыгы же жардамга чакыруу сигналын берүү үчүн. 

 

5-статья. Инкассация уюмунун резервдик (камсыздандыруу) фондусу. 

 

5.1. Инкассация уюму милдеттүү түрдө резервдик (камсыздандыруу) фондун түзөт. Инкассация уюмунун резервдик фонду улуттук валютада гана уюштуруучулардын каражат эсебинен түзүлөт жана келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн пайдаланылат.  

Инкассация уюмунун резервдик (камсыздандыруу) фонду диверсификациялоо максатында пропорционалдуу жайгаштырылышы мүмкүн: фонддун суммасынын үчтөн бир бөлүгү банктардагы мөөнөттү депозиттерде, фонддун суммасынын үчтөн бир бөлүгү-мамлекеттик казна векселдеринде (МКВ) жана фонддун суммасынын үчтөн бир бөлүгү- Улуттук банктын ноталарында. 

5.2. Инкассация уюмунун минималдуу резервдик (камсыздандыруу) фонду 10 млн. сом өлчөмүндө белгиленет.  

5.3. Инкассация уюмунун резервдик (камсыздандыруу) фондун түзүү лицензия алууну шарттайт.  

 

6-статья. Инкассация уюмун лицензиялоо 

 

Инкассация уюму/банк инкассация ишин жүзөгө ашыруу үчүн милдеттүү түрдө лицензия алат.  

Инкассация уюмун лицензиялоо, анын техникалык жактан жабдылышын, адистештирилген кызматкерлеринин квалификациясын, кесиптик жактан ылайыктуулугун жана атайын даярдыктан өтүшүн текшерүү, Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо жөнүндө», «Курал-жарак жөнүндө» мыйзамдарында жана «Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жободо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.  

Нак акчаларды/баалуулуктарды инкассациялоону жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруу укугуна лицензия мөөнөтсүз болуп саналат.  

 

7-статя. Инкассация ишин көзөмөлдөө. 

 

Инкассациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого берилген лицензиянын талаптарынын жана шарттарынын сакталышына көзөмөлдүктү, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Улуттук банкка макулдашуу боюнча бекитилген Эрежелерге ылайык, Ички иштер министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.  

 

8-статья. Инкассация уюмдарына карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялары.  

 

Инкассация уюмдарына карата төмөнкү чаралар жана санкциялар колдонулушу мүмкүн:  

1. Кемчиликтерди четтетүү жөнүндө эскертүүлөр; 

2. Аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө четтетүүгө көрсөтмөлөр

3. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу; 

4. Лицензияны кайтарып алуу; 

 

Кемчиликтерди четтетүүгө эскертүүлөр жана көрсөтмөлөр

Эскертүү аркылуу инкассация уюмуна жол берилген кемчиликтер жөнүндө маалымдалат.  

Эгерде, ошол укук бузууга карата ушул мыйзамда лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу же токтотуу чаралары каралбаса, эскертүү жоопкерчиликке тартуу чарасы катары колдонулат. 

Инкассация ишин жүзөгө ашырууга лицензиянын аракети, Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо жөнүндө» мыйзамында белгиленген, ошондой эле, «Ишкердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жободо каралган учурларда лицензиянын аракети токтотулган шартта токтотулушу мүмкүн.  

Көрсөтмөлөр лицензия берүүчү тарабынан белгиленген мөөнөттө жол берилген кемчиликтерди четтетүү же болбосо андан ары мындай кемчиликтерге бөгөт коюу боюнча чаралардын кабыл алынышын болжолдойт. Көрсөтмөнүн талабы милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.  

 

Лицензиянын аракетин токтотуу 

Инкассация ишин жүзөгө ашырууга лицензиянын аракети Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо жөнүндө» мыйзамында ошондой эле «Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жободо белгиленген учурларда 6 айга чейинки мөөнөткө токтотулушу мүмкүн.  

 

Лицензияны кайтарып алуу. 

Лицензиар төмөнкү учурларда соттук эмес тартипте лицензияны кайтарып алууга укуктуу: 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын сакталбашы; 

2. Лицензиянын үчүнчү адамга өткөрүлүп берилиши; 

3. Иштөө тартибин жана шарттарын бузууга жол берүү; 

4. Отчеттун өз учурунда эмес берилиши же 2 отчеттук мезгилдеги отчеттордун берилбеши же аныкталбаган отчеттордун берилиши; 

5. Лизенцияны берүүгө негиз болгон маалыматтардын аныкталбагандыгы табылса, же лицензиаттын документациясында аныкталбаган маалыматтар аныкталса

6. Лицензиардын эскертүү чараларынын жана көрсөтмөлөрүнүн талаптары аткарылбаса же эскертүү чаралары жана айыптык төлөм төлөө санкциялары колдонулган бузуулар кайрадан кайталанса

7. Лицензия алгандан кийинки бир жыл ичинде инкассация иши жүзөгө ашырылбаса; 

Инкассация ишин жүзөгө ашырууга лицензия соттук тартипте да кайтарылып алынышы ыктымал.  

 

9-статья. Статистикалык маалыматтардын берилиши. 

 

Банк/ инкассация уюму Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары-Улуттук банк) ташылып жеткирилген нак акчалардын жана баалуулуктардын суммалары жөнүндө маалыматтарды Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө, жана анын талаптарына ылайык берип турууга милдеттүү. 

 

10-статья. Инкассация уюму тарабынан жеткирилүүчү келинген нак акчаларды жана баалуулуктарды, инкассаторлордун өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу.  

 

Банк/инкассация уюму жеткирилүүчү келинген нак акчалардын жана баалуулуктардын бардык суммасын банктар/кардарлар менен түзүлгөн келишим талаптарына ылайык милдеттүү түрдө камсыздандырууга тийиш. 

Банк/инкассация уюму инкассаторлордун өмүрүн жана ден соолугун камсыздандырууну милдеттүү түрдө камсыз кылууга тийиш. 

 

11-статья. Инкассаторлорду социалдык жактан коргоо. 

 

Инкассатор Кыргыз Республикасында белгиленген мөөнөттөн 5 жыл эрте пенсияга чыгуу укугуна ээ: 

- жалпы камсыздандырылган 25 календардык жыл же андан ашкан мөөнөттөгү жалпы камсыздандыруу стажына ээ, алардын ичинен кеминде 12 жыл жана 6 айын инкассатор кызматындагы камсыздандырылган стажы түзгөн эркектер

- жалпы камсыздандырылган 20 календардык жыл же андан ашкан мөөнөттөгү жалпы камсыздандыруу стажына ээ, алардын ичинен кеминде 10 жылын инкассатор кызматында иштеген камсыздандырылган иш стажы болгон аялдар; 

 

12-статья. Мыйзамдын күчүнө кириши 

 

Мыйзам жарыялангандан кийинки 12 айдан кийин күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Улуттук банк ушул мыйзам күчүнө киргенден кийинки 11 айдын ичинде, ушул мыйзамдын аткарылышын камсыз кылган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды ушул мыйзамга ылайык келтирсин.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев 

 

 

Бул мыйзамдын аракети, Улуттук банк жөнүндө мыйзамга каршы келбеген болсо, анын ишине да таркатылат. Улуттук банктын акча каражаттарын жана баалуулуктарды ташып жеткирүү милдетине кирген кызматтарынан инкассация ишин жүргүзүүгө лицензия алуу талап кылынбайт.