Кайта келүү

Долбоор  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына төлөм системасына тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү жана тоолуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жободо: 

 

1. 2-главасында:  

- 26-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«POS (point-of-sale)-терминал - соода тейлөө ишканасында төлөм карттарын төлөөгө кабыл алуу үчүн орнотулган банк жабдуусу»; 

- 31-абзацта «банктын бөлүмүндө» деген сөздөрдөн кийин «же банктын агентинде» деген сөздөр менен толукталсын; 

39-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Соода тейлөө ишканасы юридикалык жак же эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, карттар менен операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди түзүү менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө карттарды кабыл алган юридикалык жак же жеке ишкер. Соода тейлөө ишканасы коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдин негизинде гана, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген лимиттерге ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ПОД/ФТ боюнча мыйзам талаптарын карт ээсин жеңилдетилген идентификациялоо жана верификациялоо жагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча сактоо менен банктык карттардан акча каражаттарын нак акчага айландыра алат.»;  

2. 3-главада. 

15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«15. Карт ээси эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык: 

- соода тейлөө ишканасында сатып алынган товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө

- банкоматтан/ нак акча каражатын кабыл алуу жана/же берүү пунктунан жана банк менен түзүлгөн келишим шарттарына ылайык акча каражаттарын нак акчага айландыруу укугуна ээ болгон банктын агенттеринен нак акча каражаттарын ала алат; 

- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине акча каражаттарын которо алат». 

»; 

- төмөнкү мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын: 

«15-1. Карт ээсинин банк менен агенттик келишим түзгөн соода тейлөө ишканасы аркылуу акча каражаттарын нак акчага айландыруудагы лимиттери 150 эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпоого тийиш.»; 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жободо: 

1. 5-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

- «-банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү»;  

«-күн мурунтан чыгарылган карттарды сактоо жана таркатуу»; 

«- төлөмдөрдү бюджетке кабыл алуу (айыптык төлөмдөр, салык, бажы жыйымдары)». 

 

2. 6-пунктта «таркатылышын» деген сөз «таркатылышы» дегенге алмаштырылсын;  

- «таркатуу/электрондук акчанын ордун жабуу» деген сөздөр «-банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү»; 

«-төлөмдөрдү бюджетке кабыл алуу (айыптык төлөмдөр, салык, бажы жыйымдары)». 

3. 8-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын.