Кайта келүү

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун жаңы редакциясынын долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун жаңы редакциясынын долбоорун (мындан ары Долбоор) иштеп чыкты.  

Долбоор эл аралык банк ишин алып баруу тажрыйбасын эске алып жана банктык системасындагы тобокелдиктердин көбөйүүсү жана банктардын ишиндеги ылайыктуу мониторинг жүргүзүү жана контролдоо зарылдыгына байланыштуу иштелип чыкты. 

Мындан тышкары долбоор «Ислам финансылык кызматтарды сунуштаган институттар үчүн тобокелдиктерди тескөө башкаруу принциптери» аттуу IFSB стандартына ылайык келтирилди, анын ичинде долбоор Шариат стандарттарын сактабай коюу тобокелдиги менен байланыштуу иш жүргүзгөн кызматкерлерди мезгил-мезгили менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча окутуу талабы менен толукталды. 

Өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун көлөмү көп болгондуктан иштелип чыккан долбоор жаңы редакцияда берилди. Тагырак айтканда долбоордун алкагында төмөнкүлөр каралган: 

- Тобокелдик аппетити, тобокелдиктер боюнча лимиттер, тобокелдиктин профили, концентрациялануу тобокелдиги, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берүү тобокелдиги жана ушул сыяктуу жаңы түшүнүктөрдү киргизүү

- Директорлор кеңеши жана банк Башкармасынын жоопкерчилигин күчөтүү

- Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин жана Тобокелдик-менеджменти кызматынын курамдарына жана кызмат иштерине талаптарды кошуу; 

- техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү.  

 

 

 

Долбоор 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобо 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.“Ислам терезесине” ээ банктарды кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарда (мындан ары банктар) тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасын калыптандырууга карата минималдуу талаптарды жана ички контролдукту уюштурууга карата талаптарды аныктоо ушул жобонун максатынан болуп саналат.  

2. Бул жобонун максаттарында төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылган: 

Тобокелдик - күтүлүп жаткан же күтүүсүз келип чыккан жагдайлар банк капиталына же анын кирешелерине терс таасирин тийгизүү мүмкүндүгү

Кредиттик тобокелдик бул, кардар келишим шарттарында каралган өз милдеттенмелерин аткарбагандыгынын же талапка ылайык аткарбагандыгынын натыйжасындажоготууга дуушарлануу тобокелдиги. 

Капиталга инвестициялоо тобокелдиги бул, мудараба, мушарака келишимдерине ылайык компаниялардын акционердик капиталына банктын каражаттарын инвестициялоодо келип чыккан тобокелдик. 

Рынок тобокелдиги бул, чийки заттарга, товарларга баалардын, валюта курстарынын, акциялар наркынын өзгөрүшүнүн натыйжасында банктын активдер жана милдеттенмелер наркынын алгылыксыз өзгөрүүсүнө байланыштуу жоготуу мүмкүндүгү. Рынок тобокелдиги келишимди жүзөгө ашыруунун ар кайсы баскычтарында келип чыгышы мүмкүн же болбосо аларды колдонуунун бүтүндөй мезгили ичинде туруктуу болушу ыктымал. Рынок тобокелдиги өзүндө баа тобокелдигин жана валюта тобокелдигин камтыйт.  

Баа тобокелдиги- бул, банкка же анын кайсы болбосун туунду компаниясына (баланстык же баланстан тышкаркы) таандык финансылык интрументтердин жана башка инвестициялардын же активдердин наркы терс багытта өзгөргөн учурда, банк дуушар болушу ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Мындай тобокелдик, рынокто иш алып барууда, дилердик ишкердикти жүргүзүүдө жана капитал, валюта, товардык рыноктордо позицияларды ээлөөнүн натыйжасында келип чыгат. 

Валюта тобокелдиги - банк өз ишин жүзөгө ашырууда чет өлкө валюта курсу өзгөргөндүгүнөн улам чыгашалардын келип чыгуу (чыгым тартуу) тобокелдиги. Чыгаша (чыгым) банктын валюта боюнча позицияларын нарктык мааниде кайра баалоодон келип чыгат. 

Өлкө тобокелдиги - бул, чет мамлекетинин же чет мамлекеттин резидентинин төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн же финансылык тобокелдиктерге байланыштуу болбогон себептер боюнча банк алдында өз милдеттенмелери үчүн жооп берүүдөн баш тартуудан улам чыгашалардын (чыгым тартуулардын) келип чыгуу тобокелдиги. 

Өлкө тобокелдигинин курамында төмөнкүлөр кароого алынат: 

Которуу тобокелдиги - бул, дебиторлор көрсөткөн чет өлкө кредиторлоруна каражаттарды которууда финансылык же башка себептер боюнча чектөөлөрдү белгилөө сыяктуу өкмөттүн иш-аракеттеринен улам, жеке кардарлар/контрагенттер өз милдеттенмелерин аткара албагандыгынын натыйжасында банк же анын кайсыл болбосун туунду компаниясы дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр жоготуу тобокелдиги. Өлкө тобокелдигинин бул түрү жеке кардарларга/контрагенттерге карата гана колдонулат. Мисалы, которуу тобокелдиги өкмөт тарабынан валюталык чектөөлөр киргизилген учурда келип чыгышы мүмкүн, бул өз кезегинде, кардар макулдашууга ылайык өз милдеттенмелеринин ордун жаба албай калышын шарттайт. 

Суверендүүлүк тобокелдиги - чет мамлекет өкмөтү келишимде каралган шарттарга ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга жөндөмсүз болгон учурда же ага ниеттенбегендигинин натыйжасында, банк же анын кайсыл болбосун туунду компаниясы дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр жоготуу тобокелдиги. Мисалы, суверендүүлүк тобокелдиги чет өлкө валютасы жетишсиз болгон учурда же өз мамлекеттик карызын тейлөөдөн баш тарткандыгынын натыйжасында келип чыгат. 

Операциялык тобокелдик - бул, тышкы таасирлерден, персоналдын ката кетирүүсүнөн, ошондой эле процесстер, жол-жоболор же контролдук системасы шайкеш ишке ашырылбагандыгынан же бузууга жол берилгендигинен улам, банкта же анын туунду компанияларында операцияларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында банк дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр чыгым тартуу тобокелдиги. 

Шариат стандарттарынын сакталбашы тобокелдиги бул, банктык продукттардын, келишимдердин Шариат стандарттарында белгиленген банктык операцияларды жүзөгө ашыруу эрежелерине дал келбешинен улам келип чыккан тобокелдик, бул банктын аброюна алгылыксыз таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Банктын фидуциардык жоопкерчилигинин сакталбашы тобокелдиги бул, банк кардарларынын акча каражаттары талапка ылайык тескөөгө алынбашынын жана инвестициялык келишимдерде каралган шарттардын сакталбашынын натыйжасында келип чыккан тобокелдик. 

Кирешелүүлүк ченеми тобокелдиги бул, банктын активдери жана милдеттенмелери акыркы ордун жабуу күнүнө дал келбеген же рынокто кирешелүүлүк ченинин өзгөрүүсүнүн натыйжасында банктын жоготууга дуушарлануу тобокелдиги. 

Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги - бул, олуттуу зыян тартуусуз (б.а. активдерди сатып өткөрүү менен гана ликвиддүүлүккө жетишүү, бул олуттуу жоготууга алып келет) өз милдеттенмелерин учурунда аткара албай калгандыгынан банк жоготууга дуушар болуу тобокелдиги. Анда каржылоо булагындагы пландан тышкаркы өзгөрүүлөрдү тескөө мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат. Мындан тышкары, банк рыноктук шарттардагы өзгөрүүлөрдү таануудан же тиешелүү чара көрүүдөн баш тарткан учурда келип чыгат, алар тез жана минималдуу чыгым тартуусуз сатууга таасирин тийгизет. 

Абройду жоготуу тобокелдиги - бул, коом арасында банк жана анын туунду компаниялары жөнүндө терс пикирлер келип чыккандыгынын натыйжасында банк дуушар болушу ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Мындай тобокелдик банктын кызматташуу жана учурдагы өз ара мамилелерди колдоо жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Абройду жоготуу тобокелдиги Шариат стандарттарынын сакталбашы, банктын фидуциардык жоопкерчилигинин сакталбашы, соттук териштирүү ишине тартылышынын, жалпыга маалымдоо каражаттарында терс маалыматтардын болушу жана андан улам финансылык жоготуулар, эсептерден акча каражаттарынын агылып чыгышы же банктын алгылыктуу абройдон ажырашына дуушар болгон башка терс жагдайлардын натыйжасында келип чыгышы мүмкүн. 

Комплаенс-тобокелдик - бул, банк жана анын кызматкерлери кызматтарды сунуштоо жана финансы рынокторунда операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, банктын ички документтерин, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу жагында банктын ички документтеринин талаптарын, ошондой эле банк ишине таасирин тийгизген чет мамлекеттердин мыйзамдарын сактабагандыгынын натыйжасында жоготууга дуушарлануу ыктымалдыгы. 

Концентрациялануу тобокелдиги - бул, ресурстардын айкын бир инструменттерге, айрым операцияларга, экономиканын белгилүү бир секторуна концентрацияланышынны натыйжасында келип чыгышы ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги.  

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берүү тобокелдиги - банк, ошондой эле анын кардарлары жана өнөктөштөрү мындай ишке байланыштуу процесстерге тартылышынан улам мыйзам талаптарын, эрежелерди же стандарттарды бузууга жол берүүнүн натыйжасында банк дуушарланышы ыктымал болгон тике же кыйыр чыгым тартуу тобокелдиги. 

Тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси жетиштүү банктык тажрыйбага ээ, күн сайын банкта тобокелдикке жол бербөө ишине жоопкерчиликтүү болуп саналган кызмат адамы.  

Комплаенс-контролдук кызматынын жетекчиси - бул, анын компетенциясына кеминде банк иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ички документтеринин (эрежелер, жол-жоболор, ж.б.) талаптарына ылайык келүүсүн контролдукка алуу, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу милдеттери кирген кызмат адамы. 

Тобокелдиктерди тескөө системасы бул, тобокелдикти аныктоо, тобокелдикти өлчөө, тобокелдикти контролдоо жана тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү сыяктуу негизги төрт элементти камтыган процесс. 

Фронт-офис - банк кардарлары/контагенттери менен түздөн-түз иш алып баруусуна жооп берген банк бөлүмдөрүнүн же процесстеринин тобу. 

Бэк-офис - фронт-офистен алынган баштапкы документтердин негизинде операциялардын таризделиши, эсепке алынышы жана алардын текшерүүгө алынышы үчүн жооп берген банк бөлүмдөрүнүн же процесстеринин тобу. 

Гэп - ал аркылуу банк кирешелүүлүк нормалары тобокелдигин жана ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдигин аныктаган ыкма, ал рынокто кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө дуушар болгон же отчеттук мезгил ичинде төлөнүүгө тийиш болгон банктын активдери менен милдеттенмелеринин көлөмдөрүн салыштырууга негизденген ыкма. 

Стресс-тестирлөө - бул, банктын финансылык абалына өзгөчө, бирок потенциалдуу таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн өлчөө ыкмаларынын тобу, ал тышкы чөйрөдө (мисалы, экономиканын төмөндөшү, рынокто кирешелүүлүк чендеринин, валюта курсунун өзгөрүүсү, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү ж.б.) сыяктуу эле, банк кардарлары менен контрагенттердин ишинде да (мисалы, банктын ири кардарларынын/контрагенттеринин банкроттукка учурашы, эсептерден акча каражаттарынын агылып чыгышы, тышкы факторлордун өзгөрүүсү кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө таасири ж.б.) терс өзгөрүүлөр келип чыккан учурда, банктын потенциалдуу жоготууларына аналитикалык баа берүү каражаты (инструменти) болуп саналат. 

Бэк (кайтарым) тестирлөө - ал аркылуу банк мурда келишилген бүтүмдөр жөнүндө маалыматты пайдалануу жана эсептерди учурда орун алган (айкын) жыйынтыктарга салыштыруу аркылуу тобокелдиктерди өлчөө жол-жоболорунун натыйжалуулугун изилдөөгө мүмкүндүк берген ыкма. 

Форс-мажордук жагдайлар - бул, банктан көз карандысыз орун алган күтүүсүз жагдайлар, анда жаратылыш кырсыктары (суу ташкыны, жердин силкиниши, бороон, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), техникалык кырсыктар, эпидемия, өзгөчө кырдаалдардын киргизилиши, массалык баш аламандыктар, талап-тоноолор, аскердик аракеттер ж.б. окуялар камтылат, бирок булар менен гана чектелбейт. 

Тобокелдикке туруштук берүү деңгээли - банк өз стратегиясында жана бизнес-планында каралган максаттарга жетүүсү үчүн өз мүмкүнчүлүгүнө жараша тобокелдиктерге туруштук бере алган тобокелдик деңгээли жана түрлөрү.Тобокелдикке туруштук берүү деңгээли банкты өнүктүрүү стратегиясын жана бизнес-планды иштеп чыгууда эске алынат.  

Тобокелдикке туруштук берүү деңгээли жөнүндө ички документ бул, банк стратегияда жана бизнес-планда каралган максаттарга (кирешелүүлүк, капитал, ликвиддүүлүк жана башка тиешелүү чаралар боюнча сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдү аныктоо, мисалы, өсүш, өзгөрүлмөлүүлүк) жетүүсү үчүн ага туруштук берүү же жол бербөө мүмкүнчүлүгүнө ээ жана тобокелдиктин чогуу алгандагы деңгээли жана түрлөрү аныкталууга/белгиленүүгө тийиш болгон документ, банктын аброю жана этикага жатпаган тажрыйба сыяктуу татаал өлчөнүүчү тобокелдиктерди эске алуу зарыл. Бул документ банктын бизнес-планынын бир бөлүгү болушу мүмкүн.  

Тобокелдик боюнча лимиттер банктын тобокелдикке туруштук берүү деңгээлин иш чөйрөлөрү, филиалдар, банктын туунду компаниялары, белгилүү бир тобокелдик категориялары, концентрациялар, продукттар жана башка зарыл деңгээлдер боюнча бөлүштүрүү (белгилүү бир көрсөткүчтөргө карата аныкталуучу сандык чектөө). Банк лимиттердин ар кандай түрлөрүн жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын туура бөлүштүрүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат.  

Банк ишине мүнөздүү тобокелдиктер бул, бардык күндөлүк тобокелдиктер жана алардын деңгээли жөнүндө жыйынтык маалыматтар, алар банк ишиндеги бардык негизги проблемалар жана ошол тобокелдиктер боюнча маалыматтарга күндөлүк (акыркы жаңыртылган) баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуларды чагылдырат. 

Инвестициялык эсептер андамудараба келишиминин негизинде банк тарабынан тартылган акча каражаттар чагылдырылган кардарлардын эсептери. Мудараба келишиминин түрүнө жараша инвестициялык эсеп чектелбеген же чектелген болушу мүмкүн.  

 

2. Тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу 

 

3. Банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерди кыскартуу максатында, банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, анын масштабына, керектөөлөрүнө жана ишке ашырылып жаткан операциялардын татаалдыгына ылайык келген, тобокелдиктерди тескөө боюнча ички документтер болууга тийиш. 

Банк ишинин стратегиясын жана масштабын ачып көрсөтүү максатында, банк мыйзам талаптарына жана банктын ички документтерине ылайык бизнес-план түзүүгө тийиш. Тобокелдик боюнча лимиттер деңгээлин көрсөтүү менен тобокелдикке туруштук берүү деңгээли жөнүндө ички документ банктын бизнес-планында чагылдырылышы мүмкүн.  

4. Банкта тобокелдиктерди тескөө банктын бардык деңгээлинде ар тараптуу жана бир эле учурда жүзөгө ашырылууга тийиш. Мында: 

1) банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын иши тобокелдиктерди тескөө боюнча стратегияларды жана жол-жоболорду аныктоого, алгылыктуу тобокелдик деңгээлин аныктоого жана шайкеш контролдук системасын түзүүгө багытталууга тийиш; 

2) тобокелдиктерди тескөө комитетинин иши тобокелдиктерди тескөөнүн негизги стратегиялык маселелерин кароого, анын күндөлүк абалына баа берүүгө, банк Башкармасынын ишине контролдукту камсыз кылууга, ошондой эле жаңы банктык технологияларды колдонууга киргизүүдө тобокелдиктерди аныктоого жана аларга баа берүүгө багытталган; 

3) түзүмдүк бөлүмдөр деңгээлинде тобокелдиктерди тескөөдө ортонку звенонун жана тобокелдиктерге көзөмөлдүктү жүргүзүүгө байланыштуу функционалдык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин иши камтылууга тийиш; 

4) банктын атынан тобокелдиктерге каршы чара көрүү ишин жүзөгө ашырган адамдар/кызматкерлер деңгээлинде тобокелдиктерди тескөөдө операциялык жол-жоболорду, ички контролдук жол-жоболорун жана банктын жетекчилиги тарабынан белгиленген башка талаптарды сактоо менен чектелүүгө тийиш. 

5. Банкта тобокелдиктерди тескөө боюнча стратегияда төмөнкүдөй ыкмалардын бири каралууга тийиш: 

1) тобокелдиктин ар бир түрү үчүн айрым саясаттарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу; 

2) банктынбашка ички документтеринде тобокелдиктерди тескөө маселеси каралган тобокелдиктерди тескөө боюнча бирдиктүү саясаттын болушу (активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча саясат, ликвиддүүлүк саясаты же башка саясаттар). 

6. Банктын тобокелдиктерди тескөө саясатында банк тарабынан тобокелдиктерди кароого алуу жана баа берүү каралууга тийиш, б.а. тобокелдиктердин банк тарабынан жүргүзүлгөн бардык операцияларда өз ара таасирин чагылдырууга тийиш.  

Банктын саясатында төмөнкүлөрдүн милдеттүү түрдө аткарылышы каралууга тийиш: 

1) тобокелдиктерди аныктоо туруктуу негизде ишке ашырылууга жана күндөлүк тобокелдиктерди жана иш чөйрөсүн арттырууда жана жаңы банктык продукттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өздөштүрүүдө келип чыккан тобокелдиктерди аныктоого, анын ичинде алардын Шариат стандарттарына дал келүүсүнө багытталууга тийиш; 

2) тобокелдиктерди өлчөө банк ишине таасирин тийгизген тышкы жана ички шарттарды эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Банк тарабынан колдонулган тобокелдикти өлчөө инструменттери банкка карата тобокелдиктер татаалдыгын жана деңгээлин чагылдырууга тийиш. Банк мезгил мезгили менен ал колдонгон тобокелдикти өлчөө инструменттерине баа берип туруусу зарыл; 

3) тобокелдиктерге контролдук ички саясаттарда, эрежелерде жана жоболордо банк кызматкерлеринин укуктарын жана жоопкерчилигин аныктаган лимиттерди белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш. Саясаттарда белгиленген лимиттерди жогорулатууда чечим кабыл алуу тартиби каралуусу зарыл. Банк тарабынан колдонулган контролдук механизмдери эрежелерге жана Шариат стандарттарына, мыйзам талаптарына, ошондой эле банктын ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык келүүгө жана ал тобокелдиктерди тескөө процессинин толук кандуу ишин камсыз кылууга тийиш; 

4) тобокелдиктерге мониторинг банкта тобокелдик деңгээлинин өз убагында кароого алынышын камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүүгө тийиш. Тобокелдиктерге мониторинг боюнча отчеттор мезгилдүү, шайкеш, өз убагында даярдалууга жана зарыл оңдоолорду киргизүү үчүн банктын жооптуу адамдарына сунушталууга тийиш.  

7. Бүтүндөй банк деңгээлинде тобокелдиктерди кароого алуу жана баа берүү зарылчылыгы көз карандысыз тобокелдик-менеджменти кызматынын болушун талап кылат.  

8. Банкта тобокелдик-менеджменти кызматы түзүлүүгө тийиш. Тобокелдик-менеджменти кызматы күн сайын тобокелдиктерди аныктоону, аларды өлчөөнү, мониторинг жүргүзүп, контролдукка алат. Тобокелдиктердин түздөн-түз тескөөгө алынышы үчүн жоопкерчилик аткаруу органына жана/же тигил же бул тобокелдик түрүн тескөөгө алган түзүмдүк бөлүмгө жүктөлөт.  

9. Тобокелдик-менеджменти кызматы кеминде ай сайын Тобокелдик боюнча комитетке, ошондой эле Директорлор кеңешине чейрек сайын отчетторду сунуштап турат. Мында Директорлор кеңеши жана/же Тобокелдик боюнча комитет мындай отчетторду сунуштоонун башка мезгил аралыгын, бирок бул пунктта белгиленгенден аз эмес мезгил аралыгын кошумча белгилеши мүмкүн. 

Күндөлүк ишти жүзөгө ашырууда жана чечимдерди дароо кабыл алуу үчүн тобокелдик-менеджменти кызматы банк Башкармасынын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөр жана банк кызматкерлери менен тыгыз иш алып барат.  

10. Тобокелдик-менеджменти кызматынын, анын ичинде аталган кызматтын жетекчисинин иши банктын ички аудит кызмат тарабынан текшерилүүгө тийиш. Ички аудит банкта тобокелдиктерди тескөө системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна баа берүүгө тийиш. Ички аудит аталган бөлүмдүн ишин текшерүүнү банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүргүзүлгөн текшерүү сыяктуу жүргүзүүгө тийиш. Ички аудитор зарыл текшерүү мезгил аралыгын аныктайт. Адатта жүргүзүлгөн текшерүүгө кошумча ички аудитор тобокелдик-менеджеринин ушул жобонун 6-пунктунда аныкталган милдеттерин аткаргандыгын текшерүүгө тийиш.  

11. Банкта милдеттүү түрдө көз карандысыз Шариат кеңеши иш алып барууга тийиш. Банктын Шариат кеңеши өз ишин Директорлор кеңешинен, Башкармадан жана түзүмдүк бөлүмдөрдөн көз карандысыз жүзөгө ашырат.  

12. Тобокелдиктерди тескөө консолидацияланган негизде жүзөгө ашырылууга жана ал Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, анын аймагынан тышкары иш алып барган туунду ишканаларга карата колдонулууга тийиш.  

13. Тобокелдикке туруштук берүү деңгээли жөнүндө ички документте, эгерде маселелер ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларга байланыштуу болсо, Директорлор кеңеши, ошондой эле Шариат кеңеши менен милдеттүү түрдө макулдашуу аркылуу белгиленген лимиттер жогорулатылышы ыктымал болгон учурлар так аныкталууга тийиш.  

Мында, тобокелдик боюнча лимиттер деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар каралышы мүмкүн. 

14. Тобокелдиктин күндөлүк профилин тескөөгө алуу максатында банк тобокелдикке туруштук берүү деңгээлин так аныктоого, атап айтканда тобокелдиктин бардык түрлөрүн жана алардын банк туруштук бере алган деңгээлдерин(б.а. банк тобокелдикке дуушарлануусуна жол бербеген жана банктын аманаттарынын жана кирешелүүлүгүнүн сакталышын камсыз кылган деңгээлдер) аныктоого тийиш. Мында, тобокелдикке туруштук берүү мүмкүнчүлүгү банктын кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү стратегиясы, бизнес-планы менен байланыштуу болууга жана ал банктын тиешелүү коллегиалдуу органдарынын деңгээлинде макулдашылууга тийиш. Бул үчүн төмөнкүлөр ишке ашырылуусу зарыл: 

1) тобокелдикке туруштук берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу ички документ иштелип чыгуусу зарыл, ал банктын кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү стратегиясы, бизнес-планы, анын капиталы жана финансылык пландары менен байланыштуу болууга тийиш; 

2) банктын тобокелдикке туруштук берүүгө даярдык көрүү процесси аныкталган саясатты иштеп чыгып, туруктуу негизде банк ишинин тобокелдикке туруштук берүү деңгээлине ылайык келүүсүн контролдоого тийиш. Мында, бул документ жыл ичинде кеминде бир жолу кароого алынуусу зарыл; 

3) баа берүү, жактыруу, билдирүү (банкта маалыматтын таркатылышы) боюнча жол-жоболор, ошондой эле тобокелдик боюнча лимиттерге мониторинг, аудит процесстери жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган белгилүү бир принциптерди иштеп чыгуу; 

4) банктын Директорлор кеңеши тарабынан жол берилген тобокелдикке туруштук берүү деңгээлинен ашпоого тийиш болгон тобокелдик лимиттерин өлчөөгө, белгилөөгө, контролдукка алууга жана тескөөгө

15. Директорлор кеңеши банк Башкармасы тарабынан белгиленген лимиттерге жана маанилерге мониторинг жүргүзүү максатында, банкта тобокелдик профилин контролдукка алат жана ал үчүн жоопкерчилик тартат. 

Банктын операциялык ишине байланыштуу ар кандай өлчөнүүчү тобокелдиктерге таасирин контролдукка алуу үчүн лимиттер топтому белгиленүүгө тийиш (мисалы, кредиттик тобокелдик, рынок тобокелдиги, пайыздык чен тобокелдиги, ликвиддүүлүк тобокелдиги ж.б.). Адатта тобокелдик боюнча лимиттер пайда алууга, капиталга, ликвиддүүлүккө же башка тиешелүү көрсөткүчтөргө карата белгиленет (мисалы, өсүш жана өзгөрүү). Тобокелдик боюнча лимиттерди банктын тобокелдикке туруштук берүү деңгээлине ылайык белгилөө зарыл.  

16. Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган тобокелдик лимиттери банктын тигил же бул ишин жүзөгө ашырган адамдарга/жактарга, бөлүмгө же түзүмдүк бөлүмгө карата таркатылат.  

17. Банктын операциялык иш процессине тартылган ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнө, адамдарга/жактарга белгиленген тобокелдик лимиттери жөнүндө маалымдалууга жана банк алардын ошол лимиттерди түшүнүүсүн камсыз кылууга тийиш. Лимиттердин пайдаланылышына кылдат мониторинг жүргүзүлүүгө жана банк Башкармасы тиешелүү чараларды дароо көрүүсү максатында, бузууга жол берилген лимиттер жөнүндө маалымдалууга тийиш.  

 

3. Тобокелдиктерди тескөө комитети 

18. Тобокелдиктерди тескөө комитети (мындан ары - Тобокелдиктер боюнча комитет), Директорлор кеңешине тобокелдиктерди жөнгө салууда артыкчылыктуу багыттарды аныктоого жана тобокелдиктерди талапка ылайык тескөө үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү максатында түзүлөт. 

19. Тобокелдиктер боюнча комитеттин иши Тобокелдиктерди тескөө комитети жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат, ал Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. 

Бул документте кеминде төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

- тобокелдиктер боюнча комитеттин максаты жана милдеттери; 

- тобокелдиктер боюнча комитеттин түзүмү, отурумдарды өткөрүү мезгил аралыгы жана отурум өткөрүлүүчү күн; 

- тобокелдиктер боюнча комитеттин укуктары жана милдеттери; 

- Директорлор кеңеши, банк жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөр жана кызматкерлер менен өз ара иш алып баруу тартиби; 

- Директорлор кеңешине аткарылган иштер боюнча отчет берүү тартиби. 

20. Тобокелдиктер боюнча комитеттин компетенциясына кеминде төмөнкүлөр кирет: 

1) колдонулуп жаткан тобокелдиктерди тескөө системасынын натыйжалуулугуна баа берүү

- тобокелдиктерди тескөө процессин жөнгө салган банктын ички документтерине талдап-иликтөөлөр; 

- тобокелдиктер боюнча отчетторго талдап-иликтөөлөр; 

- тобокелдиктерди тескөө процессинин маалыматтык жактан колдоого алынышына талдап-иликтөөлөр; 

- тобокелдик-менеджменти кызматынын иш планын бекитүү жана анын аткарылышын контролдоо; 

- тобокелдиктерди тескөө жагында алдынкы жана/же алгылыктуу эл аралык тажрыйбаларга салыштыруу; 

2) төмөнкүлөрдү кароого алуу: 

- аткаруу органы Директорлор кеңешине бекитүү үчүн сунуштаган тобокелдиктерди тескөө боюнча ички документтерди; 

- тобокелдик-менеджменти кызматы тарабынан сунушталган тобокелдик түрлөрү боюнча утурумдук отчетторду, ошондой эле тобокелдик боюнча лимиттер абалын, гэп жана стресс-тестирлөө жыйынтыктарын; 

3) тобокелдиктерди тескөө маселелери жагында тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси, комплаенс-контроль кызматынын жетекчиси, ички жана тышкы аудит, ошондой эле зарыл учурларда, банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара иш алып баруу; 

4) банктын Директорлор кеңешинин кароосуна сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу/даярдоо: 

- колдонулуп жаткан тобокелдиктерди тескөө системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча; 

- банк операциялары жана башка бүтүмдөр жагында тобокелдиктерди чектөө боюнча; 

- тобокелдиктерди тескөөгө тиешелүү башка маанилүү маселелер боюнча. 

5) Директорлор кеңешине тобокелдиктерге туруштук берүү маселелери боюнча кеп-кеңештерди берүү, аталган маселе боюнча ички документтин аткарылышына жана тобокелдик жөнүндө отчетторго контролдукту жүргүзүү.Кеп-кеңештерди берүү үчүн жоопкерчилик Тобокелдиктер боюнча комитетке жүктөлөт; 

6) Директорлор кенешине банк үчүн маанилүү болгон бардык тобокелдиктер, анын ичинде өзгөчө мааниге ээ маселелер тууралуу маалымат берүү

21. Тобокелдиктер боюнча комитеттин сандык жана жеке курамы Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана бекитилет, анын курамында кеминде үч Директорлор кеңешинин мүчөсү болууга тийиш. Мындан тышкары, аталган комитеттин кеминде эки мүчөсү Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана алардын бири Тобокелдиктер боюнча комитеттин төрагасы болууга жана Аудит боюнча комитеттин жетекчиси болбоого тийиш. 

Тобокелдиктер боюнча комитеттин курамында ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө билимге/тажрыйбага ээ Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү болууга тийиш. 

Банктын ишиндеги ислам банк иши жана финансылоо принциптерине байланыштуу суроолорго тобокелдиктер боюнча комитеттин отурумуна Шариат кеңешинин мүчөлөрү чакырылышы мүмкүн. 

Тобокелдиктер боюнча комитеттин бардык мүчөлөрү добуш берүү укугуна ээ, ал эми чакыртылгандарга добуш берүү укугу чегерилбейт. Тобокелдиктер боюнча комитеттин мүчөлөрүн тандоодо чектөөлөр белгиленген эмес. 

22. Тобокелдиктер боюнча комитеттин отуруму зарылчылыкка жараша, бирок ай ичинде кеминде бир жолу өткөрүлөт, отурумдун жүрүшүндө бардык кароого алынган маселелерди, позицияларды чагылдыруу менен протокол таризделет. 

Тобокелдиктер боюнча комитеттин кароого алынып жаткан маселе боюнча ой-пикирлер жана кабыл алынган чечимге каршы болгон мүчөлөрүнүн сын-пикирлери добуш берүүдө айтылууга жана ал протоколго чагылдырылууга тийиш. Протоколго отурумда катышкан бардык мүчөлөр жана анын катчысы кол коюуга тийиш. Ал эми отурумда катышпаган мүчөлөр протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып, ага кол коюусу зарыл. 

23. Тобокелдиктер боюнча комитет өз иш жыйынтыгы жөнүндө отчетту зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу Директорлор кеңешине сунуштоого тийиш. Бул отчетто Директорлор кеңеши комитеттин ишине баа берүүсү үчүн отчеттук мезгил аралыгында аткарылган иштер тууралуу толук маалымат, ошондой эле негизги сунуш-көрсөтмөлөр жана алардын аткарылышы/аткарылбашы жөнүндө маалымат да камтылууга тийиш. 

24. Тобокелдиктер боюнча комитет кеминде төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

1) өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн зарыл маалыматты талап кылуу жана алуу; 

2) Тобокелдиктер боюнча комитеттин отурумдарында суроолорго жооп берүү жана кайсы болбосун маселе боюнча өз ара иш алып баруусу үчүн банктын тиешелүү кызматкеринин отурумга катышуусун талап кылуу; 

3) Тобокелдиктер боюнча комитеттин төрагасынын чечими боюнча кайсы болбосун экспертти, анын ичинде банк кызматчыларын ишке тартуу; 

4) тышкы уюмдардан кесиптик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу же банктын Директорлор кеңеши менен макулдашуу боюнча Тобокелдиктер боюнча комитеттин компетенциясына кирген маселелер боюнча атайы билимге ээ үчүнчү жактарды эксперт (консультант) катары тартуу. Тышкы уюмдарды жана эксперт (консультант) катары үчүнчү жактарды ишке тартууда банктар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тышкы уюмдарга, анын кызматкерлерине жана эксперт (консультант) катары ишке тартылган үчүнчү жактарга карата ички минималдуу талаптар иштелип чыгууга тийиш. 

25. Тобокелдиктер боюнча комитет зарыл учурларда банктын башка комитеттери менен биргеликте отурумдарды өткөрүшү мүмкүн. Комитеттердин биргелешкен отурумдары алардын төрагалары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча өткөрүлөт. 

26. Тобокелдиктер боюнча комитеттин мүчөлөрү өз милдеттерин аткаруусу үчүн акционерлердин жылдык жалпы жыйынын чечими боюнча Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитеттин пикирин жана талаптарын жана банктын сый акылар боюнча саясатын эске алуу менен аларга кошумча сый акы төлөнүшү мүмкүн. 

27. Ушул бөлүктүн талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик банктын Директорлор кеңешине жүктөлөт. 

 

4. Банктын Директорлор кеңешинин жоопкерчилиги 

28. Тобокелдиктердин натыйжалуу тескөөгө алынышын камсыз кылуу максатында банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш: 

1) банкта натыйжалуу корпоративдик тескөөнү жайылтуу, анын ичинде банктын стратегиясын, максаттарын, милдеттерин, уюштуруу түзүмүн жактыруу, ошондой эле банктын тобокелдиктерди тескөө стратегияларын жана ички документтерин мезгил-мезгили менен кароо; 

2) банкта натыйжалуу ички контролдук системасын түзүү

3) банкта таламдардын каршы келип калышы боюнча жалпы саясатты белгилөө

4) банк дуушарланышы ыктымал болгон олуттуу тобокелдиктерди аныктоо; 

5) банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерди тескөө боюнча тиешелүү стратегияларды жана ички документтерди бекитүү жана тобокелдиктерди диверсификациялоо ишин жүргүзүү

6) мезгил-мезгили менен тобокелдиктерди тескөө стратегияларын жана ички документтерди кароого алуу; 

7) банк тобокелдиктерди тескөөнү үзгүлтүксүз негизде, талапка ылайык жана натыйжалуу, ошондой эле тобокелдиктерди тескөө саясатын сактоо менен жүзөгө ашыруусун контролдоо. 

29. Директорлор кеңеши төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат: 

1) тобокелдиктердин тескөөгө алынышы, мында банк тобокелдик деңгээлин ошол тобокелдиктерди жөнгө салуу чаралары менен бирге өзүнө алат; 

2) банк Башкармасы жана тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси менен биргеликте банктын тобокелдиктерге туруштук берүү чараларын иштеп чыгуу, ошондой эле банк тиешелүү талаптарды, тобокелдик саясатынын жана лимиттеринин сакталышын көзөмөлгө алууга жана туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү

30. Директорлор кеңеши Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитетинин сунуш-көрсөтмөлөрүн эске алуу менен тобокелдик-менеджментинин жетекчисин жана кызматчыларын дайындайт, алардын эмгек акысын, ошондой эле аталган кызматтын сандык жана жеке курамын аныктайт. 

Банктын тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Улуттук банк менен макулдашылат.  

31. Директорлор кеңеши тобокелдик-менеджменти кызматынын Башкармадан көз карандысыздыгын аныктоого тийиш. 

32. Тобокелдик-менеджменти өз милдетин шайкеш аткаруусу үчүн Директорлор кеңеши аталган кызматта жетиштүү ресурс болушун камсыз кылууга тийиш. 

33. Алгылыктуу банктык тажрыйбаны камсыз кылуу максатында Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш: 

1) банкта шайкеш көз карандысыз ички аудитти камсыз кылуу үчүн жетиштүү ресурс бөлүп берүүгө жана аны бөлүштүрүүгө

2) ички аудит туруктуу негизде банктык процесстер, саясаттар, контролдук жол-жоболор талабынын, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын текшерүүгө алынышын камсыз кылууга; 

3) мезгил-мезгили менен (кеминде, чейрек ичинде бир жолу) банктын тобокелдик-менеджменти жана түзүмдүк бөлүмү тарабынан иштелип чыккан (зарыл учурларда) жана банк тарабынан колдонулуп жаткан тобокелдиктерди өлчөө ыкмаларын, анын ичинде, гэп жана стресс-тестирлөөнү ар бир тобокелдик боюнча өз-өзүнчө караштырууга; 

4) банктын орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди болжолдоо жөндөмдүүлүгүнө баа берүү ыкмаларын жана натыйжаларын кароого алууга; 

5) Директорлор кеңешине банк ишинин бардык чабал жактары боюнча такталган маалыматты өз учурунда сунуштоо, аныкталган кемчиликтерди жөнгө салуу жана аларды четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү мезгил аралыгын белгилөөгө

 

5. Банк Башкармасынын жоопкерчилиги 

34. Башкарма банк дуушар болгон тобокелдиктерди Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген стратегияларга жана ички документтерге ылайык тескөөгө алат. 

35. Банк Башкармасы башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн тобокелдик-менеджментинин ишине кийлигишпөөсүн жана тобокелдик-менеджментинин тобокелдиктерди тескөө милдеттерин аткаруу жагында толук кызматташууну камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. Купуялуулугуна карабастан кайсы болбосун маалымат тобокелдик-менеджменти кызматына маалымдалууга тийиш. 

36. Банк Башкармасы Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган тиешелүү ички документтерди, анын ичинде укуктарды жана жоопкерчиликти, лимиттердин жалпы өлчөмүн белгилөө жана зарылчылыкка жараша тобокелдиктерди тескөө боюнча ички документтерди карап чыгууга тийиш. 

37. Банк Башкармасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) күндөлүк жана/же келечекте операцияларды жүргүзүүдө банк өзү же болбосо бир же бир нече туунду компаниялары аркылуу дуушар болгон же дуушар болушу ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоо; 

2) банк бир өнөктөш же эмитент жана байланыштуу тараптар тобу же эмитенттери менен иш алып барууда дуушарланган же дуушарланышы ыктымал болгон тобокелдиктер түрүн консолидациялык негизде өлчөө

3) аныкталган тобокелдиктердин олуттуулугуна баа берүү

4) Директорлор кеңешине олуттуу тобокелдиктердин тескөөгө алынышы, жол-жоболордун сакталышы жана алардын тескөөгө алынышын контролдоо, анын ичинде банкта үзгүлтүксүз, шайкеш жана натыйжалуу тескөө процесси жүргүзүлүп жаткандыгына баа берүүгө мүмкүндүк берген жол-жоболордун сакталышы боюнча такталган жана толук маалымат камтылган отчетторду өз убагында сунуштоо; 

5) банк дуушарланган тобокелдиктердин жөнгө салынышын, мониторингдин жүргүзүлүшүн, контролдук жол-жоболорунун сакталышын контролдукка алуу жагында шайкеш жана натыйжалуу жол-жоболорду белгилөө

6) Директорлор кеңешине Башкарманын пикири боюнча тобокелдиктерди тескөө стратегиясына жана ички документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү өз убагында сунуштоо. 

38. Башкарма банкта орун алган тобокелдиктерди операциялар түрү боюнча диверсификациялоону (бөлүштүрүүнү) жүзөгө ашырууга тийиш. 

6. Тобокелдик-менеджментинин иши 

39. Тобокелдик-менеджменти кызматы өз ишин банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинен көз карандысыз жүзөгө ашырат.  

40. Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган тобокелдик-менеджменти кызматынын милдеттеринде төмөнкүлөр камтылат: 

1) тобокелдиктерди тескөө максатында банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн алынган орчундуу маалыматтарды аныктоо; 

2) маалыматтарды топтоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана тобокелдик мүнөзүн аныктоо; 

3) бир мезгил ичинде аны салыштырууга мүмкүндүк берген формада тобокелдиктерди өлчөө

4) Директорлор кеңешине, Башкармага жана Тобокелдик комитетине анын позициялары, тенденциялары жөнүндө маалымдоо, аныкталган тобокелдиктерди контролдоо жана төмөндөтүү чаралары жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо жана/же берүү

5) Директорлор кеңешине жана Башкармага сунуштоо үчүн жогоруда аталган маселелерди камтыган тиешелүү отчетторду даярдоо; 

6) өзүндө ири тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча тиешелүү корутундуларды даярдоо; 

7) тобокелдиктерди тескөө боюнча ички документтерди иштеп чыгууга катышуу; 

8) анын ичинде квалификацияны жогорулатуу аркылуу, тобокелдиктерди тескөө системасындагы акыркы өнүктүрүү тенденциялары жөнүндө маалым болуу, ошондой эле банк жетекчилерине банк ишинде тобокелдиктерди тескөөнүн заманбап тажрыйбасы жөнүндө маалымат берүү

9) Директорлор кеңешинин талабы боюнча, ошондой эле башка органдар жана банктын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара иш алып баруунун алкагында тобокелдиктерди тескөөнүн кайсыл болбосун башка айкын долбоорун жүзөгө ашыруу; 

10) бекитилген тобокелдиктерге туруштук берүү деңгээлине, лимиттерине жана капитал жана ликвиддүүлүк керектөөлөрүнө ылайык, тобокелдиктерди жөнгө салуу ишине жана ага дуушарланышы ыктымалдыгына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү

11) Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган, банктын тобокелдиктерге туруштук берүү деңгээлин жана тобокелдиктер боюнча лимиттерди иштеп чыгуу.  

 

7. Тобокелдиктин негизги түрлөрү 

1 §. Кредиттик тобокелдик 

41. Кредиттик тобокелдикти тескөөгө алуу максатында, банк төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

1). (мудараба, мушарака) келишимдерин түзүү учурунда каржылоого алуучу тарап катары иш алып баруу менен кардардын милдеттенмелерин аткаруу боюнча тобокелдигине, ошондой эле пландык төлөмдөрдү кийинкиге калтыруусуна же төлөй албашына, (салам, параллель истиснаа) келишим предметин даярдоону жана жеткирип берүүнү кечеңдетишине байланыштуу тобокелдиктерге баа берет; 

2) кредиттик тобокелдиктин келип чыгышы түзүлгөн келишимдин түрүнө жана мүнөзүнө жараша болгондугуна байланыштуу, ар бир келишим боюнча кредиттик тобокелдикке баа берүү жана аны өлчөө

3) кредиттик тобокелдиктин өөрчүшүнө алып келген башка тобокелдиктердин таасирин эске алуу. Кредиттик тобокелдикке комплексте баа берүү менен банктын ишине мүнөздүү тобокелдиктердин бардык түрүн тескөөгө алуунун комплекстүү ыкмасынын курамдык бөлүгү катары, кредиттик тобокелдикти тескөөгө алуу. 

42. Банкта төмөнкүлөрдү караган кредиттик тобокелдикти тескөө боююнча саясат иштелип чыгууга тийиш: 

1) Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли (лимиттер); 

2) кредиттик тобокелдикти тескөөгө алууда жоопкерчиликтүү комитеттердин/бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктары. Активдердин жайгаштырылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон банк адистери үчүн лимиттер, ошондой эле активдердин жайгаштырылышынын жактырылышын талап кылган параметрлер каралууга тийиш. Маркетингди, анализдөөлөрдү жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдү (келишимдерди) жактырууну жүзөгө ашырган кызматкерлер ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү да каралышы зарыл; 

3) потенциалдуу кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн анализдөө ыкмаларын жана бүтүм жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин аткарылууга тийиш болгон минималдуу талаптардын тизмесине кирген бүтүмдөрдү (келишимдерди) жактыруу процессин. Кардардын баа берүүсү үчүн чечим кабыл алуунун алгылыктуу критерийлери жана башка инструменттер көрсөтүлүшү зарыл; 

4) активдерди жайгаштыруу боюнча аларды жүзөгө ашырууда сакталууга тийиш болгон нускоолорду жана аларды ишке ашыруу Шариат стандарттарына ылайык тыюу салынган операциялардын тизмесин кошо алганда, бүтүмдөрдүн (келишимдердин) түрлөрүнүн тизмесин. Мындай тизмелер мезгил-мезгили менен жаңыртылып турууга жана активдерди жайгаштыруу боюнча операцияны жүзөгө ашырган кызматкерлерге тааныштырылууга тийиш; 

5) жайгаштырылган активдерди төлөөнүн негизделген мөөнөттөрү. Төлөө мөөнөттөрүн пландаштыруу күтүлүп жаткан төлөө булактарына, активдин максатына, күрөөнүн пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтүнө жана банктын каржылоо булактарына байланыштырылышы зарыл; 

6) башка факторлор менен катар эле тартылган каражаттардын наркын, активдердин тейлөөгө алынышынын наркын, кошумча чыгашалар жана потенциалдуу чыгымдардын орун алышы мүмкүндүгүн, ошондой эле банк үчүн пландаштырылган пайданын алынышын камтыган, активдин баасын түзүү боюнча көрсөтмөлөрдү

7) активдин күрөөнүн бааланган наркына катышы, ал берилип жаткан актив үчүн талап кылынган жана ал үчүн алгылыктуу болгон күрөөнүн Шариат стандарттары уруксат берген көлөмүн жана түрүн аныктоо үчүн белгиленет. Саясатта активди реструктуризациялоо учурунда мүмкүн болуучу кайра баалоо жол-жобосун кошо алганда, баа берүү учурунда сакталууга тийиш болгон стандарттык параметрлер, баа берүү үчүн жоопкерчилик аныкталышы зарыл. Ошондой эле, камсыздоо катары кабыл алынган күрөө суммасы жана анын түрү боюнча лимиттер да аныкталууга тийиш. Банк, күрөө менен иш алып барууда жана кредитордун укугун реализациялоо зарылчылыгы учурунда келип чыгышы ыктымал болгон юридикалык мүнөздөгү көйгөйлөрдү да алдын ала караштырышы зарыл; 

8) потенциалдуу кардардын абалына талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү, алардын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү, бизнесинин максатын, долбоордун экономикалык маңызын, болочок акча агымынын реалдуу болжолдонушуна баа берүүнү кошо алганда, анын операциялык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо боюнча жобо. Мындай жол-жоболордо стресстестирлөө, ийкемдүүлүккө анализдөөлөр жана иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн башка ыкмалары камтылышы мүмкүн. Каржылоонун ар кандай түрлөрүн пайдаланган кардарлардын абалына алардын ишинин Шариат стандарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын нормаларына ылайык жүргүзүлүшү көз карашынан, баа берүүнү ишке ашыруу зарыл; 

9) кардардын финансылык отчетту берүүсү жана аны мезгил-мезгили менен жаңылап туруусу боюнча талаптар. Финансылык отчетко карата талаптар юридикалык жактар сыяктуу эле, жеке адамдар үчүн да каралууга жана анда аудиторлор тарабынан тастыкталышы зарылчылыгы жөнүндө жобо камтылууга тийиш. Баланстык отчетту, түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчетту, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту ж.б. кошо алганда, жылдык, аралык отчетторду берүүгө карата талаптарбелгиленүүгө тийиш. Коюлган талаптарда алардын жол берилишине тиешелүү ыйгарым укуктарды көрсөтүү менен мүмкүн болуучу (негиздүү) өзгөчөлүктөр так аныкталууга тийиш; 

10) экономика секторуна иликтөөлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардарсунуштаган документтердин негизинде активдин абалына иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар жана кардарга баруу графигин түзүүгө карата талаптар; 

11) кардар мүлктү же товарды сатып алуу билдирмесин жокко чыгарган учурдабанктын андан аркы иш тартиби. Мында төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

а) банк келишимди жүзөгө ашыруунун бардык баскычтарында (салам жана истиснаа келишими боюнча талаптардын аткарылбай калышы тобокелдигин кошо алганда), атап айтканда,банктын кардары агент катары иш алып барууда активди сунуштоодо келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдикке дуушарланышын ыктымалдыгына мониторинг жүргүзүү жана контролдукка алуу тартиби; 

б) банк, кардар жана сунуштоочуортосунда активге байланыштуу келип чыккан тобокелдикти кабыл алуу тартиби. 

12) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган чогуу алгандагы утурумдук (мөөнөтүндө төлөнбөгөн) активдер боюнча чектөөлөр; 

13) инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга берилген активдер боюнча чектөөлөр жана мындай операцияларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар; 

14) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган (географиялык белгилери боюнча, тармактар боюнча, валюталар же башка факторлор боюнча) активдердин концентрациялануусуна чектөөлөр. Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген алгылыктуу деңгээлдерге негизденген портфель ичинде тобокелдикти диверсификациялоо каралуусу зарыл. Ошондой эле, банктын саясатында концентрацияланууга тиешелүү бардык маалыматтар мезгил-мезгили менен иликтөөгө алынышы жана иликтөөлөрдүнжыйынтыгын банк Башкармасына, ошондой эле Директорлор кеңешине сунуштоо каралууга тийиш. Лимиттер банктын эрки боюнча белгилениши мүмкүн, бирок ал Улуттук банк тарабынан белгиленген деңгээлден ашпоого тийиш; 

15) банктын активдер портфели ички документтерге жана банктын максатына дал келүүсүнө баа берүү максатында, ага талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү мезгил аралыгы; 

16) активди алууга билдирме берген учурдан тартыпал толук төлөнгөнгө чейин активдерди тескөөгө алуу системасы; 

17) кардарлардын ишин жүргүзүү боюнча минималдуу талаптар, андаталдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү түрү жана мезгил аралыгы, анда камтылууга тийиш болгон маалыматтарды жаңыртуу каралган; 

18) активдерди жана баланстан тышкаркы статьяларды ички классификациялоо, күндөлүкже потенциалдуу чыгымдардын ордун жабууга кам түзүүсистемасы. Күндөлүк же потенциалдуу чыгымдардын ордун жабууга камтүзүү боюнча кредиттик тобокелдик өлчөмүн эске алуу менен активдерди классификациялоо боюнча так саясаттар жана жол-жоболор иштелип чыгууга, ошондой эле ички классификациялоо процесстеринин натыйжаларын Директорлор кеңешинин жана банк Башкармасынын кароосуна сунуштоо талаптары да каралууга тийиш; 

19) мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдерге карата көрүлүүгө тийиш болгон иш-чаралар. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча отчетко карата коюлуучу талаптарда бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана эсептен алынып салынган активдердин тизмеси мезгил-мезгили менен Директорлор кеңешине сунушталып туруусун кошо алганда, так аныкталышы зарыл; 

20) ал утурумдук негизде каралып турууга жана анда кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш болгон, алдын ала чыңдоо чараларын кабыл алуу жол-жобосу каралган проблемалуу активдерди/баланстан тышкаркы статьяларды тескөө системасы: 

а) туруктуу негизде жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жеринде барып иликтөө аркылуу кардардын финансылык абалына көз салуу; 

б) төлөө графигин кайрадан кароо, төлөө мөөнөттөрүн узартуу, реструктуризациялоо (карыздын жалпы суммасын жогорулатуусуз); 

в) Шариат стандарттарына ылайык активдерди камсыздандыруу; 

г) Шариат стандарттарына ылайык айыптык санкцияларды колдонуу. 

21) ар бир активге өз-өзүнчө мониторинг жүргүзүү системасы. Белгиленген чектен ашкан мөөнөткө берилген активдер өзүнчө каралууга тийиш. Проблемалуу активдерди кароо мезгил аралыгы аныкталышы зарыл. Активдер кызмат көрсөтүүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүдөн жана маркетингден көз карандысыз кароого алынуугатийиш. Эгерде, мониторингди жүргүзүү учурунда иштелип чыккан жол-жоболордо же усулдук ыкмаларда айрым бир өксүктөр аныкталса, анда банктын жол-жоболоруна жана саясаттарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл; 

22) банк параллель бүтүмдөргө (параллель истиснаа, параллель салам)катышуусунда келип чыккан тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор; 

23) отчеттордун түрлөрү, ошондой эле кредиттик тобокелдик деңгээлин аныктоо максатында, кимге жана качан берүү зарылчылыгы; 

24) жетиштүү болгон жана Шариат стандарттарына ылайык келген активдин наркынын ордун жаба алган камсыздандыруу жол-жобосу. Зарылчылык келип чыккан шартта, болжолдонуп жаткан камсыздандыруу учурларына баа берүү үчүн банктын бул багытта иштеген эксперттерди тартуу мүмкүнчүлүгү да караштырылышы зарыл; 

25) кредиттик тобокелдикти тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, банктын чечими боюнча иштелип чыккан кошумча саясаттар жана жол-жоболор. 

2 §. Капиталга инвестициялар тобокелдиги 

43. Банкта инвестиция тобокелдигин тескөө боюнча ички документтер болууга жана анда төмөнкүлөрдү каралууга тийиш: 

1) пайданы бөлүштүрүү механизмин кошо алганда, инвестицияларга баа берүү максаттары жана критерийлери; 

2) алар Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген,капиталга инвестициялоонун натыйжасында келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер; 

3) Шариат стандарттарына ылайык каражаттарды инвестициялоого тыюу салынган ишкердик түрлөрүнүн тизмеги. Мындай тизме мезгил-мезгили менен жаңыртылууга жана инвестицияларды жайгаштыруу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган кызматкерлерге маалымдалып турууга тийиш. Инвестицияларды жайгаштыруу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы, банктын келишимдери Шариат стандарттарына ылайык келүүсүн кароого алган жана контролдогон Шариат кеңешинин мүчөлөрүн кошо алганда, адистердин иш тажрыйбасына (эксперттик билим деңгээлдерине) таянуу менен ишке ашырылышы зарыл. Буга чейин банк жоготууга дуушар болгон инвестициялар ички документтердин чегинде контролдукка алынат; 

4) буга чейин кызматташуу жыйынтыгы боюнча критерийлерди кошо алганда, өнөктөштөрдүн ишине баа берүү тартиби, сунуш кылынган бүтүм боюнча бизнес-планжана инвестициялык долбоорго тартылган адистердин квалификациясы; 

5) инвестицияларды жайгаштыруунун негиздүү максималдуу мөөнөттөрү. Жайгаштыруу мөөнөттөрүн пландаштыруу күтүлүп жаткан пайда алуу булактары жана инвестициялоо максаты менен байланыштуу болууга тийиш жана анда алардын ордун жабуу мөөнөттөрүнүн параметрлери да караштырылышы зарыл; 

6) мезгил-мезгили менен кайрадан каралып турууга тийиш болгон кирешелерди бөлүштүрүү механизми менен инструменттерди тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болуу, ээлик кылуу жана өткөрүп берүү учурунда келип чыккан тобокелдиктерди тескөө жол-жобосу жана анын тиешелүү түзүмү

7) банк өнөктөш катары алардын ишине каражаттарды инвестициялаган субъекттердин операцияларын жана экономикалык иш натыйжаларына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жол-жобосу. Анда өнөктөштүн финансылык отчетунун шайкештигине баа берүүлөр, өнөктөштүн ишинин Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө баа берүүлөр, өнөктөштөр менен мезгили-мезгили менен жолугушууларды өткөрүү жана анда милдеттүү түрдө протоколдордун толтурулушу каралууга тийиш; 

8) инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруунун ар кандай баскычында тобокелдиктерди идентификациялоо жана алардын өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүү жол-жобосу; 

9) кирешелер боюнча акча агымынынын жана акционердик капиталга каражаттарды инвестициялоодон капиталдын өсүшүнүн күтүлүп жаткан көлөмүнө жана мөөнөттөрүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлорду аныктоо жана аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жол-жобосу; 

10) инвестицияланган каражаттардын наркынын начарлоосуна байланыштуу тобокелдиктерди кыскартуу ыкмалары. Мында, Шариат стандарттарына ылайык жол берилген өнөктөш сунуш кылган камсыздоо пайдаланылышы мүмкүн; 

11) инвестициялардын наркына баа берүү ыкмасы жана пайданы бөлүштүрүү боюнча мезгил аралыгы, аларбанк менен өнөктөш ортосунда макулдашылууга тийиш болгон. Зарылчылык келип чыккан шартта, банк өнөктөштөр мененаудит жүргүзүү жана инвестициялардын наркына баа берүү үчүн көз карандысыз жактарды тартуу жөнүндө макулдашышы мүмкүн. Бул чаралар ачык-айкындуулукка өбөлгө түзүү менен алынган пайдага объективдүү баа берүүгө жана аны бөлүштүрүүгө, ошондой эле төлөө суммасын аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт; 

12) далилдүү маалыматтардын жоктугунан, финансылык контролдук системасынын шайкеш эместиги же өнөктөштүн кирешелерине жана инвестициялардын сапатына шайкеш эмес баа берилип калышына алып келген, отчеттордун жыйынтыгын потенциалдуу бурмалоолордун кесепетинен келип чыккан тобокелдиктерди тескөө жол-жобосу. Мына ушундай тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн банк инвестицияларга мониторинг жүргүзүүгө активдүү катышууну же тобокелдиктерди кыскартуу механизмдерин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн караштыруусу зарыл; 

13) инвестициялык келишимдерди узартуу же аларды аягына чыгаруу шарттарын кошо алганда, инвестициялык долбоордон чыгуу критерийлери. Мындай критерийлерде инвестицияларды сатып алуу же аларды сатуу шарттары, ошондой эле долбоордон чыгуунун альтернативалуу ыкмалары жана мөөнөттөрү камтылууга тийиш; 

14) отчеттордун түрлөрү жана капиталга инвестициялардан келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоо максатында алар кимге жана качан бериле тургандыгы аныкталуусу зарыл. 

3 §. Рыноктук тобокелдик 

44. Банк рыноктук тобокелдикти тескөө процессин жана төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтарды башкаруу системасын аныктоого тийиш: 

1) рыноктук тобокелдиктерди аныктоонун концептуалдуу жалпы схемасын; 

2) ар бир портфель жана алар боюнча лимиттерге тиешелүү тобокелдик операциялары боюнча нускоолор; 

3) баа түзүүнү аныктоо, кирешелерге баа берүү жана аларды таануу ыкмалары; 

4) рыноктук тобокелдикти контролдукка алуу, мониторинг жүргүзүү жана ал боюнча отчетторду жетекчиликке берүү үчүн маалымат берүүнүн өркүндөтүлгөн системасы. 

45. Банк рыноктук тобокелдикке сандык формада дуушарлануу деңгээлин аныктоого жана келечекте чыгымга учуроо ыктымалдуулугуна баа берүүгө тийиш. 

46. Банк ишинин көлөмүнө жана татаалдыгына жараша ар кандай ыкмалар каралган, рынок тобокелдигин тескөө боюнча комплекстүү саясат иштелип чыгууга тийиш. 

47. Рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча ички документтерде баа тобокелдиги аныкталууга жана контролдукка алынууга, ошондой эле банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан операциялар көлөмү жана түрлөрү каралууга тийиш. 

48. Рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча ички документтерде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) баа тобокелдигине дуушарлануу кесепетинен улам келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер. Лимиттер Директорлор кеңеши тарабынан белгиленүүгө жана анда активдердин жана милдеттенмелердин рыноктук наркынын мүмкүн болуучу терс өзгөрүүсү эске алынышы зарыл; 

2) банкта баа тобокелдигин аныктоо, баа берүү жана ага контролдукту жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүдө так аныкталууга тийиш болгон ыйгарым укуктар жана жоопкерчиликтер деңгээли. Баа тобокелдиктерин жактыруу боюнча чечимдерди кабыл алуучу ыйгарым укуктар деңгээли да саясатта камтылышы зарыл; 

3) активдердин, милдеттенмелердин жана кирешелүүлүктүн сапатын болжолдоолор; 

4) квалификациялуу дилерлердин жана банк алар менен бүтүмдөрдү түзүүгө ниеттенген башка тараптардын тизмеси; 

5) баа тобокелдигин өлчөө системасы. Мында, банктын рыноктук тобокелдигинин мүнөзүнө, сапатына жана көлөмүнө баа берүү, ошондой эле банк учурдагы жана болжолдонгон тенденцияларга ылайык дуушар боло турган же дуушар болуучу баа тобокелдигинин деңгээлин аныктоочу стресс-тестирлөө сыяктуу эффективдүү ыкмалар караштырылышы зарыл; 

6) отчеттун мезгил-мезгили менен берилүүсү

49. Рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча ички документте валюта тобокелдигин аныктоо жана контролдукка алуу каралууга жана анда төмөнкүлөр камтылуугатийиш: 

1) бир валютадагы жана чогуу алгандагы бүтүндөй валюталар боюнча таза, ачык позициянын балансташпагандыгынын натыйжасында келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер; 

2) валюта тобокелдигин тескөөгө алуу үчүн жоопкерчиликтүү комитеттердин/бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктарынын деңгээли: 

3) тобокелдиктерди өлчөөнүн ички системасы, алар банккабыл алган тобокелдик деңгээлинин Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген деңгээлге ылайык келүүсүнө баа берүү максатында пайдаланылууга тийиш; 

4) валюталык активдердин баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы түзүмү

5) банк тарабынан валюта тобокелдигине баа берүү үчүн колдонулган алгылыктуу инструменттер. Валюта курстарынын өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан тобокелдиктер Шариат стандарттары уруксат берген ыкмаларга ылайык камсыздандырылышы мүмкүн; 

6) отчет берүүнүн жана рынокто олуттуу өзгөрүүлөр жүргөн шартта, валюта тобокелдигинин жана чыгымдардын деңгээлин аныктоо үчүн стресстестирлөөлөрдү жүргүзүүнүн мезгил аралыгы. 

4 §. Кирешелүүлүк нормасы тобокелдиги 

50. Банк, кирешелүүлүк нормасы тобокелдиги келип чыгышынын себебинен болгон, биринчи кезекте, рынокто кирешелүүлүк нормаларынын узак мөөнөттүү чендеринин мүмкүн болуучу өсүш факторлоруна баа берүүгө тийиш. Ошондой эле банк, күндөлүк эсептердеги каражаттардан көз карандылык деңгээлинин натыйжасын баалоого тийиш. Күндөлүк эсеп ээлери пайда алуу максатын көздөбөсө да, акча каражаттарын күтүүсүз кайтарып алуу банктын кирешелүүлүгүнүн жалпы потенциалдуу нормасына кесепеттүү таасирин тийгизиши мүмкүн. 

51. Кирешелүүлүк нормасы тобокелдигинин натыйжасында которулган коммерциялык тобокелдик келип чыгышы мүмкүн. Банк каржылоо булагын канааттандыруу жана сактап калуу, ошондой эле өз каражаттарын кайтарып албоого ынандыруу үчүн мудараба контракты боюнча ага тиешелүү болгон пайданын бир бөлүгүнө же бүтүндөй үлүшүнө ээ болуу укугунан баш тартышы мүмкүн. Которулган коммерциялык тобокелдик банкка инвесторду тартуу жана кызыктыруу (каржылоо булактары) атаандаштыгынан улам келип чыгат.  

52. Банктын мудараба контракты боюнча ага тиешелүү болгон пайданын бүтүндөй үлүшүнө ээ болуу укугунан инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасына баш тартуу чечими коммерциялык чечим болуп саналат жана ал банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген так саясатка жана жол-жоболорго негизденүүгө тийиш. 

53. Банкта кирешелүүлүк нормасы тобокелдигин тескөө боюнча ички документ болууга жана андакеминде төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) кирешелүүлүк нормасы тобокелдигинин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер. Тобокелдик өлчөмүнүн лимиттерин аныктоодо Директорлор кеңеши жана банк Башкармасы банктын стратегияларынын жана операцияларынын мүнөзүн, өткөндөгү иш натыйжаларын, кирешелүүлүктүн алгылыктуу деңгээлин эске алуусу зарыл. Лимиттерде рынокто кирешелүүлүк чендеринин мүмкүн болуучу кесепеттүү өзгөрүүлөрү жана алардын болжолдуу өзгөрүү чектери эске алынууга тийиш; 

2) банкта кирешелүүлүк нормасы тобокелдигин аныктоо, ага баа берүү жана контролдук жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтери так чектелип аныкталган ыйгарым укуктар жана жоопкерчиликтер деңгээли; 

3) кирешелүүлүк нормасы тобокелдиги буга чейинки жагдайларга жараша, төлөө мөөнөттөрүнө же кайра баалоо күнүнө ылайык, ар кандай убакыт аралыгында өлчөнүп турууга тийиш. Тобокелдикти өлчөө системасында жөнөкөй ыкмалар сыяктуу эле, кирешелүүлүк нормасынын белгилүү бир чени өкүм сүрүп турган шартта, банктын кирешесине же капиталына потенциалдуу тобокелдиктин таасирин аныктоочу стресс-тестирлөө сыяктуу татаал ыкмалардын колдонулушу да каралышы мүмкүн. Кирешелүүлүк нормасы тобокелдигине баа берүү үчүн акча агымынын түшүүсү, анын ичинде карыздардын эртелеп жабылышынын таасирин болжолдоп алуу маанилүү

4) банктын Директорлор кеңешине жана Башкармасына маалымдап турууга тийиш болгон ички контролдук жол-жоболору; 

5) банк тарабынан кирешелүүлүк нормасы тобокелдигин контролдоо үчүн колдонулган, Шариат стандарттарында каралган, ошондой эле мындай инструменттерди колдонуу боюнча кандайдыр бир ички чектөөлөр так аныкталган алгылыктуу инструменттер; 

6) банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин ордун жабуунун сунуш кылынган түзүмү

7) банктын Директорлор кеңешине сыяктуу эле, банк Башкармасынын кароосуна сунушталуучу отчеттордун түрлөрү жана аларды берүү мезгил аралыгы. Отчеттордо рыноктук факторлордун инвестициялык эсеп ээлери күтүп жаткан кирешелерге тиешелүү активдер боюнча кирешелүүлүк нормасына потенциалдуу таасир этүүсүн аныктоо үчүн кирешелүүлүк нормасы тобокелдигине кылдат баа берүүлөр камтылууга тийиш. Аларда ошондой эле, банк тарабынан кабыл алынган кирешелүүлүк нормасы тобокелдигине баа берүүлөр алардын белгиленген лимиттерге жана тобокелдикти тескөө стратегиясына ылайык келүүсү камтылышы зарыл; 

8) банктын активдери боюнча алынган кирешелүүлүк атаандаштар алган кирешелүүлүктөн төмөн болгон шартта, пайданы бөлүштүрүү боюнча жол-жоболор. Бул жол-жоболордо банк, пайданын бөлүгүн алуудан же бүтүндөй өз үлүшүнөн инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасы үчүн баш тарткан учурлар, рынокто түптөлгөн жагдайга ылайык кирешелүүлүктүн болочоктогу маржаларынын өзгөрүүлөрү, кардарлардын кирешелүүлүк деңгээлин колдоо үчүн түзүлгөн камдарга багытталуучу суммаларды эсептөөлөр камтылышы мүмкүн. 

5 §. Өлкөлүк тобокелдик 

54. Банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген өлкөлүк тобокелдикти тескөө, анын ичинде которуу тобокелдигин жана банктын тобокелдиктер боюнча жалпы саясатынын бир бөлүгүнөн болушу мүмкүн суверендүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча ички документ болууга тийиш. Ички документте банк ишинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша ар кандай ыкмалар каралууга тийиш, бирок, минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш. 

55. Банктын өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча ички документтеринде төмөнкүлөр камтылуусу зарыл: 

1) банк туруштук бера алган тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли. Өлкөлүк тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер Директорлор кеңеши тарабынан белгиленүүгө жана өлкөлөр же өлкөлөр тобу боюнча өз-өзүнчө так аныкталуусу зарыл. суверендүү мамлекеттерге түздөн-түз же кыйыр түрдө каржылоону сунуштоо боюнча чектөөлөр каралуусу зарыл (мисалы, Өкмөттүн гарантиясы астында). Буга кошумча саясатта башка өлкөлөрдөгү тараптар үчүн тобокелдик суммалары боюнча кандай болбосун чектөөлөр келтирилүүгө тийиш; 

2) банктын өлкөлүк тобокелдигин тескөө үчүн комитеттин/бөлүмдүн жоопкерчилигин белгилөө үчүн так бөлүштүрүлүүгө жана аныкталууга тийиш болгон ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик деңгээлдери; 

3) уруксат берилген финансылык инструменттердин түрлөрү

4) валюталар боюнча чектөөлөр. Өлкөлөр боюнча тобокелдиктин уруксат берилген суммасына ылайык, валюталардын түрлөрү боюнча кандай болбосун чектөөлөр так аныкталууга тийиш; 

5) өлкөлүк тобокелдикти өлчөө системасы. Банктын өлкөлүк тобокелдигинин мүнөзүнө, сапатына жана өлчөмүнө баа берүү, ошондой эле банк учурда орун алган жана болжолдонгон тенденцияларга ылайык дуушарланган же дуушарланышы ыктымал болгон өлкөлүк тобокелдик деңгээлине баа берүү үчүн стресс-тестирлөө сыяктуу натыйжалуу ыкмалар каралуусу зарыл; 

6) кошумча тобокелдиктерди эске алуу менен банктын башка өлкөлөрдөгү кардарлары үчүн финансылык инструменттердин баасын белгилөө боюнча талаптар. Башка өлкөлөрдөгү активдерге салымдардан инвестицияларга кирешелүүлүктүн өсүшүн аныктоо зарыл; 

7) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү учурунда өлкөлүк тобокелдигине баа берүү тартиби; 

8) кредиттик рейтингдин ички же тышкы системаларын пайдалануу зарылчылыгы (алдынкы рейтингдик системалардын маалымат пайдалануу). Кредиттик рейтинг системаларын башка өлкөлөрдүн кардарларын инвестициялоого же каржылоого чейин пайдалануу зарылчылыгы так белгиленүүгө тийиш. Минималдуу рейтингдер Директорлор кеңешинин талаптарына ылайык аныкталуусу зарыл; 

9) башкаруучулук маалымат системасын чагылдыруу. Саясатта кандай отчет түзүлүүгө тийиш экендиги, аны сунуштоо мезгил аралыгы, туруктуу негизде өлкөлүк тобокелдик деңгээлин контролдоо максатында так аныкталууга тийиш.  

6 §. Операциялык тобокелдик 

56. Операциялык тобокелдик банктын бардык продуктыларында жана анын ишинин түрлөрүндө орун алышы ыктымал. Банк, Шариат стандарттарын сактабагандыктан жана инвестициялык эсеп ээлеринин ресурстарды тескөөдө банк алдында милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылбашынан улам операциялык тобокелдиктин пайда болушу себептерин караштыруусу зарыл. Операциялык тобокелдик Шариат стандарттарынын, фидуциардык жоопкерчиликтин сакталбашы менен гана чектелбейт. 

57. Банк, тобокелдиктин ушул түрүнүн келип чыгуу себептерин, ошондой эле ушул тобокелдик деңгээлине таасир этиши мүмкүн болгон ички жана тышкы тенденцияларды аныктоо ыкмалары каралган ички документти иштеп чыгууга тийиш. 

58. Банк, ички контролдук системасында жана маалымат системаларында үзгүлтүк келип чыгышынан, коопсуздук техникасынын, кардарлар менен иш алып баруу, банк продуктуларын сунуштоо ыкмаларынын сакталбашынан, ошондой эле мыйзам актыларынын нормаларынын, Улуттук банк тарабынан белгиленген эрежелердин жана жоболордун талаптарын бузууга жол берүүнүн натыйжасында келип чыккан операциялык тобокелдикке контролдукту жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. 

59. Ислам финансылык инструменттер бирдиктүү контрактты же келишимди эмес, белгилүү бир тартипте түзүлгөн жана бир бүтүн түзүмдү түзгөн жазуу жүзүндөгү документтер жана келишимдер жыйындысын түшүндүрөт жана ал тобокелдиктерди кыскартуу максатында банк ар бир операцияны жүзөгө ашырып, ал боюнча документ тариздеткен учурда тобокелдиктердин контролдукка алынышын камсыз кылуусу зарыл. 

60. Шариат стандартынын сактабай коюу тобокелдигин тескөө максатында банк төмөнкүлөрдү камсыз кылышы зарыл: 

1) Шариат эрежелерин жана стандарттарын туруктуу негизде сактоо. Шариат стандарттарын сактоо маселеси банк ишин жүзөгө ашырууда туруктуу негизде каралууга тийиш; 

2) алардын иши Шариат стандарттарынын сакталбай калышы тобокелдигине байланыштуу болгон айрым кызматкерлерди ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча даярдыктан өткөрүү. Бул максатта банк Шариат кеңеши менен казматташтыкта окутуу семинарларын уюштуруп турууга тийиш;  

3) банктын кызмат көрсөтүү жана продукттар, типтүү келишимшарттары, терминология жана келишимди аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон элементтер Шариат стандарттарына ылайык келүүсү

4) Шариат стандаттарына ылайык келбеген бүтүмдөрдүн натыйжасында банк тарабынан алынган жана банк тарабынан таанылбаган кирешелерге көз салуу. Банк мындай учурлардын келечекте кайталанылышы ыктымалдыгына баа берүүгө тийиш. Мурда алынган маалыматтарды жана Шариат стандарттары сакталбаган потенциалдуу чөйрөнү эске алуу менен банк өз операцияларынын Шариат стандарттарына ылайык келбөөсүнөн улам таанылбай калышы мүмкүн болгон кирешелер көлөмүнө баа бериши зарыл. 

61. Операциялардын Шариат стандарттарына ылайык келишин жана келишимдин талапка ылайык аткарылышын камсыз кылуу максатында, банк бир жыл ичинде кеминде бир жолу колдонуудагы ички жана тышкы аудит системасынын алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында тиешелүү билим деңгээлине эээксперттер тарабынан банк иши текшерүүгө алынышын камсыз кылуусу зарыл.  

62. Инвестициялык эсеп ээлеринин акча каражаттары банктын каражаттары менен бириктирилген учурда, активдерди, чыгымдарды жана пайдаларды бөлүштүрүү механизмдери аныкталышы зарыл. Мына ушул тобокелдикти тескөө максатында банк, инвестициялык эсеп ээлеринин таламдарын коргоо боюнча төмөнкүлөр камтылган саясатты аныктап алууга тийиш: 

1) инвестициялык келишимдердин шарттарына жараша жана банктын фидуциардык жоопкерчилигине ылайык, банктын инвестициялык ишин аныктоо; 

2) инвестициялык келишим мөөнөтүнө жана банктын фидуциардык милдеттенмелерине ылайык, банк менен инвестициялык эсеп ээлери ортосунда пайдажана чыгымдарды бөлүштүрүү механизмин аныктоо; 

3) инвесторлордун кыйла көбүрөөк пайда алуусун чектебеген деңгээлде зарыл болгон камдарөлчөмүн белгилөө

4) утурумдук жана инвестициялык эсептерге байланыштуу тобокелдиктерди чектөө

5) инвестициялык долбоорлорго мүмкүн болуучу салымдар тууралуу потенциалдуу инвесторлорго толук маалыматтарды берүү тартиби жана милдеттүүлүгү

6) чектелген инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарына байланыштуу банк операциялары боюнча өзүнчө эсептерди жүргүзүү

7) инвестициялык эсеп ээлери үчүн кирешелүүлүк нормасын камсыз кылуу максатында, келечекте тиешелүү суммалардын жетишсиздигинин ордун жабуу үчүн кам түзүү тартиби; 

8) тобокелдиктерди консолидацияланган негизде тескөөнү жүзөгө ашыруу максатында, туунду компаниялардын тобокелдиктерине мониторинг жүргүзүүнү жана алар боюнча отчет берүүнү камсыз кылуу талаптары; 

9) банк айкын инвестициялык долбоор үчүн акча каражаттарын тарткан учурда, инвестициялык эсептердин инвестициялык долбоордун чөйрөсү, аны жүзөгө ашыруу мөөнөтү жана анда камтылышы мүмкүн болгон тобокелдик деңгээли сыяктуу, белгилүү бир талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу талабы. 

63. Шариат стандарттарынын сакталбай калышы тобокелдиги Шариат кеңеши банктын ишин жана операцияларын карап чыгуу менен иштеп чыккан сунуш-көрсөтмөлөрдүн жана колдонмолордун негизинде башкарылат. Шариат кеңеши сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоодо Тобокелдик-менеджменти кызматынын Шариат стандарттарынын сакталбай калышы тобокелдиги боюнча отчёттун жыйынтыктары менен таанышууга жана колдонууга укуктуу. 

Банктын ишин карап чыгуу жана баалоо төмөнкү маселелерди камтууга бирок алар менен чектелбөөгө тийиш: 

- саясаттар, бүтүмдөрдүн шарттары жана банктын операциялары, ошондой эле типтүү келишимдер жана банктын башка документтеринин Шариат стандарттарына ылайык келүүсү

- инвестициялык эсептер боюнча пайда/чыгымдарды бөлүштүрүү

- Шариат стандартынын талаптарына ылайык Шариат стандарттарына туура келбеген бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган кирешелерди жок кылуу; 

- башкалар. 

Банктын операцияларын Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө карап чыгуу иши Шариат кеңешинин ыктыярына карата банктын ар кайсы операцияларын тандап алып өткөрүлүшү мүмкүн. 

Банктын ишин карап чыгуу жана баалоо Шариат стандарттарынын сакталбай калышы тобокелдигин башкаруу максатында Шариат кеңеши тарабынан банктын ички документтеринде белгиленген мезгилдүүлүгүнө жараша, а бирок жыл ичинде бир жолудан кем эмес өткөрүлүүгө тийиш. 

64. Директорлор кеңеши - саясаттарды, ал эми банк Башкармасы - операциялык тобокелдиктерди контролдоо жана кыскартуу үчүн жол-жоболорду бекитүүгө тийиш. Айрым учурларда алар каржылоо саясаты же инвестициялык саясат сыяктуу башка ички документтерге камтылышы мүмкүн. 

65. Операциялык тобокелдикти тескөө саясатын аныктоодо Директорлор кеңеши банк Башкармасы менен бирдикте төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

1) операциялык тобокелдикти тескөөнүн жана ага мониторинг жүргүзүүнүн бардык деңгээли боюнча укуктарды жана милдеттерди, ошондой эле олуттуу тобокелдиктерди аныктоого, ага баа берүүгө, контролдукка алууга мүмкүндүк берген тиешелүү инструменттерди белгилөө менен так операциялык түзүмдү камтууга тийиш болгон операциялык тобокелдикти тескөөнүн таасирдүү системасын камсыз кылуу; 

2) банк ишине мүнөздүү болгон операциялык тобокелдиктердин бардык категориясын аныктоого жана алардын кесепеттерин таанууга. 

66. Операциялык тобокелдикти тескөө боюнча ички документтерде банктын фронт жана бек-офистери ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшү каралуусу зарыл. 

67. Анда операциялык тобокелдикти тескөө ыкмалары так аныкталган ички документтер бекитилип, банктын бардык кызматкерлери менен тааныштырылууга тийиш. Ички документтер банктын жалпы стратегиясына дал келүүгө жана үзгүлтүксүз негизде өркүндөтүлүп турууга тийиш.  

68. Операциялык тобокелдикти аныктоо, баа берүү, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү процесстеринин дал келишин, аларды белгилүү бир мезгил ичинде ырааттуу пайдалануусун банк Башкармасы белгилөөгө, ал эми Директорлор кеңеши аны талап кылууга тийиш.  

69. Банк өз ишине, процесстерге жана системаларга мүнөздүү болгон операциялык тобокелдиктерди аныктоого жана баа берүүгө, ошондой эле ушул тобокелдиктерге дуушарлануу ыктымалдыгын аныктоого тийиш. Банк, кандайдыр бир жаңы банктык продуктуларды, иш чөйрөсүн, процесстерди жана системаларды колдонууга киргизгенге чейин орун алган операциялык тобокелдиктин потенциалдуу өлчөмүнө баа берүүнү камсыз кылуусу зарыл. 

70. Банктар, операциялык тобокелдиктерге бөгөт коюу үчүн иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга жана жоготууларды азайтууга багытталган, күтүүсүз жагдайлар учурунда иштөө пландарын, иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу пландарын иштеп чыгуусу зарыл. Пландарда негизги маалыматтарды көчүрмөлөп коюу жана аларды өзүнчө жайларда сактоо сыяктуу иш-чаралар камтылууга жана банк муну менен гана чектелип калбоого тийиш эмес. 

71. Операциялык тобокелдик боюнча отчеттор Директорлор кеңешине жана банк Башкармасына Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген формада жана өз учурунда берилүүгө тийиш, бул операциялык тобокелдикти контролдоого жана ага мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Отчетто кеминде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) анын туунду компанияларын кошо алганда, банкдуушар болушу мүмкүн болгон операциялык тобокелдиктин түрлөрүнүн тизмеги; 

2) күндөлүк жана болжолдонгон тенденцияларга ылайык банк дуушарланган же дуушарланышы ыктымал болгон операциялык тобокелдик деңгээлине баа берүү үчүн банктын операциялык тобокелдик мүнөзүнө, сапатына жана өлчөмүнө баа берүү үчүн стресс-тестирлөөнү жүргүзүү

3) өзүндө операциялык тобокелдикти жана мүмкүн болуучу проблемаларды камтыган жагдайлар, ошондой эле аларды оңдоо боюнча көрүлгөн чаралар; 

4) операциялык тобокелдиктерди кыскартуу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна баа берүү

5) кандай болбосун операциялык тобокелдиктерди аныктоо үчүн иштелип чыккан чаралар; 

6) операциялык тобокелдик келип чыгышы ыктымал болгон проблемалуу чөйрөлөр; 

7) банктын операциялык тобокелдикке бөгөт коюуга багытталган чараларынан улам натыйжалар. 

7 §. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги 

72. Ар бир банкта ликвиддүүлүктү тескөө боюнча ички документтер болууга тийиш, ал банктын тобокелдиктер боюнча жалпы саясатынын бир бөлүгү болушу мүмкүн. 

73. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги банк өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруу үчүн ликвиддүү активдер жетишсиз болгон учурда жана банк өз финансылык милдеттенмелерин дароо жана бир учурда аткаруу зарылчылыгы келип чыккан учурдаорун алышы мүмкүн. 

74. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги өз-өзүнчө каралышы мүмкүн эмес, анткени финансылык тобокелдиктер кредиттик же рыноктук тобокелдик сыяктуу башка факторлор менен коштолушу мүмкүн. 

75. Банктын ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдигин тескөө боюнча ички документтериндекеминде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) ликвиддүүлүк тобокелдигинин алгылыктуу деңгээли - алДиректорлор кеңеши тарабынан белгиленүүгө тийиш; 

2) банктын ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдигин, баа берүү жана контролдоо үчүн комитеттин/бөлүмдүн жоопкерчилигин аныктоо үчүн так бөлүштүрүлгөн жана белгиленген ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери. Мындан тышкары, банк иши камсыз кылынышы үчүн жооптуу түзүм банктын ликвиддүүлүктөн керектөөсүн аныктоого тийиш; 

3) каржылоо булактарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген ликвиддүүлүк деңгээлине ылайык келбей калуусуна байланыштуу күтүүсүз жагдайларды пландаштыруу; 

4) каржылоо булактарын белгилөө үчүн тандалган инвесторлордун тизмеги; 

5) Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен банк ишине ылайык келген жана Шариат стандарттарына каршы келбегенкаржылоо булактары. Ошондой эле, каржылоо булактарын диверсификациялоо да караштырылышы зарыл; 

6) активдер жана милдеттенмелер түзүмү. Жетиштүү ликвиддүүлүктү колдоого алуу максатында активдердин жана милдеттенмелердин оптималдуу катышы белгиленген. Мындан тышкары, активдердин жана милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча жалпы стратегия каралган; 

7) кризистик жагдай келип чыккан учурда же ликвиддүүлүк Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген деңгээлге ылайык келбеген учурда так жана дароо чара көрүү каралган банктын кайталап каржылоо булагы боюнча планды кошо алганда, күтүүсүз жагдайларды четтетүү планы; 

8) ликвиддүүлүктү аныктоо системасы. Мында учурда орун алып турган сыяктуу эле, болжолдонгон терс тенденциялар орун алган учурда банк дуушарланышы ыктымал болгон тобокелдик деңгээлине баа берүү үчүн банктын келечекте алынуучу акча агымын аныктоонун жөнөкөй сыяктуу эле, татаал ыкмалары (стрресс-тестирлөө) да так аныкталууга тийиш; 

9) башкаруучулук маалымат системасын баяндоо. Туруктуу негизде ликвиддүүлүк деңгээлин контролдоо максатында, ички документтерде жооптуу адамдарга ликвиддүүлүк тобокелдигин жөнгө салуу боюнча сунушталуучу отчеттордун түрү, мезгилдүүлүгү так аныкталууга тийиш.  

76. Банк, тиешелүү мезгил аралыгында активдерди жана милдеттенмелерди төлөө күндөрүнүн графигин түзүү аркылуу, келечекте мүмкүн болуучу ликвиддүүлүктүн жетишсиздигин аныктап алууга тийиш. Банк, акча агымдарын классификациялоо критерийлерин өз алдынча аныктай алат же болбосо төмөнкүдөй акча агымдарын пайдаланышы мүмкүн: 

1) белгилүү болгон акча агымы алдын ала белгилүү болгон суммалар жана төлөө күнү (мурабаха, иджара, иджара мунтахийа биттамлик жана шарика/мушарака бүтүмдөрү боюнча дебитордук карыздар); 

2) шартталган, бирок болжолдоого болгон акча агымы (салам жана истиснаа бүтүмү) - шартталгандык келишимдин түрү жана иштин алдын ала белгиленген шарттарда жана мөөнөттөрдө аткарылышы менен аныкталат; 

3) шартталган, бирок болжолдоого болбогон акча агымы - төлөө күнү ачык көрсөтүлгөн келишимдер (шарика/мушарака келишими боюнча инвестициялар), ошондой эле инвестицияланган каражаттардын ордунун жабылышы жана инвестициялардан киреше алуу долбоор боюнча иш натыйжалары менен шартталган. 

77. Банк, рынокто түптөлгөн жагдайдын өнүгүү багытынын ар кандай болушу шартында, акча агымына мезгил-мезгили менен анализдөөлөрдү жүргүзүп турууга тийиш. Ал "нормалдуу" бизнес чөйрөсүнө же ар кандай терс жагдайларды эске алуу менен негизделиши мүмкүн. 

78. Банк, каржылоо булактарын керектөөлөргө жана алардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө баа бериши зарыл. 

79. Банк, мүмкүн болуучу ликвиддүүлүк оорчулугун четтетүү үчүн иш-аракеттер планын иштеп чыгышы зарыл. Банк, ликвиддүүлүк оорчулугунун баскычтарына баа берүү критерийлерин өз алдынча аныктап, же болбосо мында төмөнкүлөрдү камтыган башка ыкмаларды пайдаланышы мүмкүн: 

1) ликвиддүүлүк ажырымын же каражаттардын алдын ала болжолдонбогон агылып чыгышына алып келиши ыктымал болгон жагдайды аныктоо; 

2) активдерди же инвестицияларды ликвиддүүлүк ажырымынын ордун жабуу үчүн белгиленген тартипте жок кылуу зарылчылыгын аныктоо; 

3) жүргүзүлгөн иш-чаралар ликвиддүүлүк ажырымынын ордунун жабылышына алып келбесе, дароо чараларды көрүү

80. Банкиш-аракеттер планында төмөнкү факторлорду эске алууга тийиш: 

1) жогорку ликвиддүү активдерге ээлик кылуу, алар баланстык нарктан төмөн баада сатылышы ыктымалдыгын эске алуу менен олуттуу көлөмдө сатып өткөрүлүшү мүмкүн; 

2) башка активдердин жана алардын ликвиддүүлүк деңгээлинин мүнөздөмөлөрү

3) Шариат талаптарына жооп берген каржылоонун башка жеткиликтүү булактарына баа берүү, алардын ичинде башка банктар же башка финансы институттары менен пайызсыз негизде кызматташуу, негизги каражаттарды сатуу же кыйла узак мөөнөткө каржылоо үчүн кайтарым лизинги менен сатуу келишимдери камтылышы мүмкүн; 

4) Улуттук банктын ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү

5) ликвиддүүлүк оорчулугунун ар кандай баскычында чаралардын көрүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болгон, кризисти жөнгө салуу боюнча иш алып барган жетекчиликти же персоналды дайындоо; 

6) эгерде туунду түзүм болсо, башкы банкка маалымдоо жол-жобосу. 

8 §. Абройду жоготуу тобокелдиги 

81. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банкта абройду жоготуу тобокелдиги банктык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр Шариат стандарттарына ылайык келбеген шартта келип чыгышы мүмкүн. 

82. Абройду жоготуу тобокелдигин тескөөгө алуу үчүн ички документтер гана эмес, таасирдүү корпоративдик башкаруу, ички контролдук, ички аудит жана тиешелүү маалыматтардын артыкчылыктуу пайдаланышы талап кылынат. Мындан тышкары, банктын стратегиясын, алдыга коюлган максаттарын жана милдеттерин бузбастан, өз кардарларынын жана жалпы коомчулуктун керектөөлөрүн канааттандыруу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. 

83. Банк, анын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышкан коомчулукка жана кардарларга сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн, операциялардын жана/же чечимдердин таасир этүүсүн да караштырып, эске алууга тийиш. 

84. Банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдүн жүзөгө ашырылышын камсыз кылуусу зарыл: 

1) абройду жоготуу тобокелдигине түрткү берген ички жана тышкы потенциалдуу булактарга объективдүү баа берүү аркылуу, ошол тобокелдикти аныктоо. Тобокелдикти аныктоо келечек пландарга жана утурумдук иш пландарына негизденүүгө тийиш. Банк тарабынан ишке ашырылган негизги операциялар абройду жоготуу тобокелдигине өзгөчө баа берүүнү талап кылат; 

2) тобокелдиктин банк ишинин негизги багыттарына материалдык таасир этүүсүн аныктоо үчүн тобокелдиктерге сандык жана сапаттык жактан баа берүү

3) мониторинг/Маалымат системалары башкармалыгы - Директорлор кеңешине банктын абройуна потенциалдуу коркунуч келтирип жаткандыгы жөнүндө маалымдоо үчүн мезгил-мезгили менен отчетторду берип туруу. Отчеттордо кардарлардын даттануулары, аягына чыгарыла элек же коркунуч туудурган соттук териштирүүлөргө укуктук негизде анализдөөлөрдү жүргүзүүлөр, ылайык келбөө проблемалары жана банк үчүн абройду жоготуу тобокелдигине алып келиши ыктымал болгон кандай болбосун башка потенциалдуу тобокелдик булактарды камтышы зарыл; 

4) банктын абройуна доо кетирүү ыктымалдыгын басаңдатуу үчүн тобокелдикке төмөнкүлөр аркылуу контролдукту жүргүзүү

а) коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмүнүн натыйжалуу иши; 

б) пресс-релиздерге жана жарнамаларга кеңири коомчулук үчүн жарыялоо алдында экспертиза жүргүзүлүшү боюнча талаптарды аткаруу (юридикалык бөлүм же коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү, Шариат кеңеши тарабынан); 

в) банкка каршы соттук доолор менен иш алып барууга карата ыкмаларды аныктоо; 

г) банк тарабынан кардарларга сунушталуучу маалыматтардын толуктугуна жана жеткиликтүүлүгүнө көз салуу; 

е) банк кызматкерлери үчүн иш алып баруу кодексинин кабыл алынышы (Шариат кеңешинин катышуусу же анын пикирин эске алуу менен) жана аларга тренингдерди өткөрүү

ж) банк үчүн алгылыктуу башка чараларды көрүү

§ 9. Комплаенс-тобокелдик 

85. Комплаенс-тобокелдикти тескөө системасын уюштурууда банк учурда орун алып турган рыноктук жагдайга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт, банктын стратегиясын кароого алат, банктык операциялардын татаалдыгы өлчөмүнө, деңгээлине баа берет жана комплаенс-тобокелдикти тескөө системасынын компоненттерин камтыган ички документтерди иштеп чыгат.  

86. Комплаенс-тобокелдик абройду жоготууга, айыптык төлөмдүн же башка акчалай төлөмдөрдүн алынышына, банктын активдер наркын төмөндөтүүгө, ишкердик мүмкүнчүлүгүн чектөөгө, иш чөйрөсүн кеңейтүү потенциалын басаңдатууга жана түзүлгөн келишимдердин, контракттардын шарттарынын аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн.  

87. Комплаенс-тобокелдикти кыскартуу максатында банктар комплаенс-тобокелдиктин келип чыгышын шарттаган бузууга жол берүүлөрдүн (жагдайлар, бүтүмдөр) олуттуулугун аныктоо ыкмаларын жана тартибин белгилеген комплаенс-тобокелдикти тескөө боюнча ички документтерди бекитүүгө тийиш.  

88. Банктын Директорлор кеңеши Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан комплаенс-тобокелдик боюнча ички документтерди бекитет.  

89. Банктын Директорлор кеңеши төмөнкү процесстердин жүзөгө ашырылышын камсыз кылууга тийиш:  

1) тобокелдикти аныктоо - мында объективдүү баа берилүүгө жана комплаенс-тобокелдиктин келип чыгышын шарттаган бузууга жол берүүлөрдүн (жагдайлардын, бүтүмдөрдүн) олуттуулугу аныкталууга тийиш. Аныктоолор келечекке каралган пландарга жана банктын учурдагы ишине негизденүүгө тийиш; 

2) тобокелдикке баа берүү - банктын негизги иш багыттарына таасирин аныктоо үчүн тобокелдиктерге сандык жана сапаттык баа берүү

3) мониторинг - комплаенс-контроль боюнча отчеттор зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу Директорлор кеңешине сунушталууга тийиш. Кайсыл болбосун мыйзамды же жоболорду бузууга жол берүүлөр тууралуу маалымат, Улуттук банк менен комплаенс-тобокелдикке байланыштуу бардык кат алышуулар Директорлор кеңешине сунушталууга тийиш. Директорлор кеңеши комплаенс-тобокелдикке байланыштуу бардык кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралардын аткарылышын жана мындай кемчиликтердин андан ары келип чыгышына бөгөт коюу максатында, ички контролдук саясатына жана процесстерге зарыл өзгөртүүлөрдүн киргизилишин камсыз кылууга тийиш.  

4) тобокелдикти контролдоо - банк комплаенс-тобокелдикти кыскартуу үчүн контролдукту жүргүзүүгө тийиш. Анда кеминде төмөнкүлөр каралуусу зарыл:  

а) комплаенс-тобокелдикти аныктоо, өлчөө жана мониторинг жүргүзүү;  

б) комплаенс-тобокелдикти чектөөгө мүмкүндүк берген корпоративдик маданиятты колдонууга киргизүү;  

в) отчет тапшырууну жана мыйзам нормаларына, банктын саясат жана жол-жобо нормаларына ылайык келүүсүнө жоопкерчиликти так аныктоо;  

г) бардык мыйзамдарга жана жоболорго дал келишин камсыз кылган жол-жоболор камтылган комплекстүү түзүмдү (планды) өнүктүрүү;  

д) кайсыл болбосун жаңы банктык продукттарга же ишкердик түрлөрүнө потенциалдуу комплаенс-тобокелдикке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар;  

е) ички аудит программасы мыйзамдарга, эрежелерге жана жоболорго ылайык келүүсүн мезгил-мезгили менен текшерүүталабы;  

ж) банктын бардык кызматкерлери банк ишине тиешелүү мыйзам талаптарын, эрежелерди жана жоболорду билиши үчүн банк персоналын окутуудан өткөрүү;  

з) Директорлор кеңешинин пикири боюнча банкта комплаенс-тобокелдикти кыскартуу үчүн зарыл болгон кайсыл болбосун башка саясаттар, жол-жоболор же процесстер. 

90. Банк Башкармасы комплаенс-тобокелдикти тескөө системасынын болушун камсыз кылат, ал учурдагы рыноктук жагдайга, стратегияга, көлөмгө, банк операцияларынын татаалдыгына шайкеш келүүгө тийиш.  

Комплаенс-тобокелдикти жөнгө салуу системасында төмөнкүлөр камтылууга, бирок булар менен гана чектелип калбоого тийиш: 

- комплаенс-тобокелдикти тескөө саясаты; 

- комплаенс-тобокелдикти жөнгө салуу жол-жобосу; 

- башкаруучулук маалымат системасы; 

- ички контролдук; 

- ички аудит түзүмүнүн комплаенс-тобокелдикти жөнгө салуу системасынын натыйжалуулугуна баа берүү

91. Комплаенс-тобокелдикти жөнгө салуу системасы төмөнкүдөй үч коргоо линиясына негизденүүгө тийиш: 

1) банктын бардык кызматкерлери; 

2) комплаенс-контролдук кызматы; 

3) ички аудит түзүмүнүн комплаенс-тобокелдикти жөнгө салуу системасынын натыйжалуулугуна көз карандысыз баа берүү

92. Банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигине жол бербөө боюнча ички документ болууга тийиш. Ички документтерде банктын иш чөйрөсүнө жана татаалдыгына ылайык, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигин аныктоо, табуу, баа берүү, контролдоо жана аларды кыскартуу боюнча жол-жоболору каралууга тийиш, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш. 

93. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигин жөнгө салуунун негизги максаты абройду жоготууга, чаралардын жана санкциялардын колдонулушуна, банктын активдер наркына терс таасирин тийгизген ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү чектөөгө алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди кыскартуу саналат.  

94. Тобокелдиктерди жөнгө салуунун жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигин кыскартуу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна баа берүү ички аудит кызматы тарабынан жыл ичинде кеминде бир жолу ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүүнүн алкагында ишке ашырылууга тийиш.  

§ 10. Тобокелдиктин башка чөйрөлөрү 

95. Банктын ишинде тобокелдиктин башка түрлөрү орун алган шартта, банктын Директорлор кеңеши аларды тобокелдикти тескөө боюнча стратегияда аныктап, тобокелдиктин ошол түрүн жөнгө салуу боюнча ички документтерди бекитүүгө тийиш. Ал эми банк Башкармасы аларга карата тиешелүү жол-жоболорду жана процесстерди кабыл алышы зарыл. Тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо сыяктуу минималдуу талаптар банк ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктин башка түрлөрүнө да таркатылышы зарыл.