Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыкты (мындан ары токтом долбоору). 

Улуттук банк акча милдеттемелердин кепилдик механизмдердин тандоосун операторлор үчүн кеңейтүү максаты менен Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелер (мындан ары Эрежелер) 4-пунктчасы менен толукталып, төмөнкү редакцияда сунушталат. 

«4) катышуучуга кийинки операциялык күнгө чейинки бир күн мурда катышуучу тарабынан алуучуга төлөнгөн акча которуу суммаларынын орто күндүк көлөмүнүн өлчөмүндө алдын ала төлөм (аванстык төлөм) сунушталсын. Орто күндүк көлөмдүн өлчөмү ай/чейрек/жыл ичиндеги маалыматтардын негизинде тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат жана чейрек сайын белгиленет.». 

Ошондой эле Эрежелердин 5.2. пунктун күчөтүү үчүн талаптарды киргизүү сунуш кылынат, ага ылайык оператор азыркы каржылык милдеттемелерин мүмкүн болгон ашыкча чыгашанын суммасын өндүрүүнү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди башкаруу керек. 

Андан тышкары, 2.3-пунктка жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебинен Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары башка жеке адамга (алуучуга) ошол операция же төлөм жеке, коммерциялык эмес мүнөздө болсо, акча которуу системасы аркылуу төлөмдөрдү андан ары которууга мүмкүнчүлүк берүү жагында толуктоолорду киргизүү сунушталууда. 

Жалпысынан, бул чаралар операторлорго жана коммерциялык банктарга андан жакшыраак тобокелдиктерди башкарууга мүмкүндүк берет операторлорго каржылык милдеттемелерди кепилдик механизмдерин көбүрөөк тандоо жана катышуучулары тарабынан каржылык милдеттенмелерди өркүндөтүлүп контролдоо. 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын «__»____________ 

№____ токтомуна карата тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды ишке ашыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы 30/6 “Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды ишке ашыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киригизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды ишке ашыруу тууралуу эреженин: 

-  1.5-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын резидентинин акча которуу системасынын операторунун Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары акча которууларды өздүк акча которуу системасы аркылуу жүзөгө ашыруу боюнча иши, ал мындай ишти жүзөгө ашырып жаткан өлкөнүн мыйзам актыларына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. »; 

- 2.3-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебинен Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары башка жеке адамга (алуучуга) ошол операция же төлөм жеке, коммерциялык эмес мүнөздө болсо, акча которуу системасы аркылуу төлөмдөр ишке ашырылышы мүмкүн». 

- 3.5-пункттун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) өз ара эсептешүүлөрдү күндөлүк негизде жүзөгө ашыруу.»; 

- 3.7-пункттун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүү аркылуу республика аймагында акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган которуулардын камсыздандырылышын камсыз кылууга тийиш, мында эгерде банк менен катышуучу ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдерде өз ара алгылыктуу шарттарда башкасы каралбаса, пайдага ээ болуучу катары банк-катышуучу саналат. Камсыздандыруу келишимин түзүү алдында кайсыл камсыздандыруу компаниясы тандалып алынгандыгын катышуучуларга макулдашуу милдеттүү шарт болуп саналат. Камсыздандыруу келишими ар бир катышуучу банк менен өз-өзүнчө түзүлүп, анда камсыздандыруу учуру келип жеткен учурда акча которуу системасынын операторунун финансылык милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон пайдага ээ болуучуга төлөнүп берилүүчү камсыздандыруу суммасы каралууга тийиш.»; 

- 3.7-пункт төмөнкү мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын: 

«4) катышуучуга кийинки операциялык күнгө чейинки бир күн мурда катышуучу тарабынан алуучуга төлөнгөн акча которуу суммаларынын орто күндүк көлөмүнүн өлчөмүндө алдын ала төлөм (аванстык төлөм) сунушталсын. Орто күндүк көлөмдүн өлчөмү ай/чейрек/жыл ичиндеги маалыматтардын негизинде тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат жана чейрек сайын белгиленет.»; 

- 5.2-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Катышуучу тобокелдиктерди тескөөнүн ар түрдүү ыкмасын колдонуу, анын ичинде оператордун күндөлүк акчалай милдеттенмелеринин суммасынын мүмкүн болуучу артышына байланыштуу чаралар топтомун иштеп чыгууга жана аны оператор менен макулдашууга, ошондой эле акча которуу системаларында катышуу боюнча келишимде тараптар ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүүнү кароого тийиш.»; 

- 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

Кыргыз Республикасында акча которуу 

системалары боюнча которууларды 

ишке ашыруу эрежелерине 

карата 2-тиркеме