Кайта келүү

 

 

“Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” долбооруна 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Улуттук банк 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү" Жобо бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” долбоорду иштеп чыкты (мындан ары-Долбоор). 

Долбоор чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө кередит берүүнү өнүктүрүү жана ошондой эле, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тартылган депозиттердин өнүктүрүүгө багытталып иштелип чыкты. 

Долбоордо төмөнкү шарттарга дал келген жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттерди алып салууну караштырат: 

- 150 000ден сомдон жогору эмес кредиттер; 

- кредиттин жылдык пыйыздык чен 22% түзгөн; 

- мөөнөтү 24 айды түзгөн. 

Ушул өзгөртүүлөрдү киргизген мезгилде, күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөөдө, коммерциялык банктар жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга дал келген кредиттерди алып салууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.  

 

 

 

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «____» ____________ 

№_____________________________ токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 7.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.3. Эгерде чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген төмөнкү критерийлердин бардыгына жооп берген кредиттерди эске албаганда, чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмү банктын кредит портфелинин 50 жана андан көбүрөөк пайызын түзсө, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тартылган депозиттердин максималдуу көлөмү, банктын таза суммардык капиталындагы өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпоого тийиш: 

- 150 000 сомдон ашпаган суммага; 

- 24 айдан ашпаган мөөнөткө

- аннуитеттик төлөө графиги менен; 

- жылдык пайыздык чен 23% ашпаган.».