Кайта келүү

«Төлөм системаларынын оперторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин  лицензиялоо жөнүндө» Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Жобонун долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамын аткаруу максатында Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан  «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин  лицензиялоо жөнүндө» жана «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жоболору иштелип чыккан.  

Лицензиялоо процессинин жана инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан бирдей түшүнүккө ээ боло турган жеткире иштелип чыгууну талап кылган пункттары аныкталган. Ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банктардын иши жөнүндө» Мыйзамынын жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы» Мыйзамын киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө киришине байланыштуу бул мыйзамдарга дал келтирүү зарылчылыгы аныкталган.  

Ушул себептен, «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин  лицензиялоо жөнүндө» Жобосуна (мындан ары Жобо) өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун киргизүүнүн негизги себептерден болуп төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин  лицензиялоо жана жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны келишкендике алып келүү жана оптимизациялоо болуп саналат.  

Ошондон улам Жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталган: 

- терминдер жана түшүнүктөр жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарга дал келтирилген, Жобонун бардык тексты боюнча субагент түшүнүгү агент менен алмаштырылган; 

- лицензиялоо тартиби жаңы ченем менен толукталган, ага ылайык документтер топтомун кароо учурунда Улуттук банк өтүнүч ээсине лицензияга чейинки текшерүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу, ал лицензия алууга өтүнүч кат берилгенден кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде; 

- лицензия берүүдөн баш тартууга негиз катары лицензияга чейинки текшерүүнүн натыйжасы, лицензия алуу үчүн төлөм төлөөдөн баш тартуу жана эгерде Улуттук банктын лицензиясы мурун кайтарып алынган учур дагы саналышы мүмкүн; 

- Лицензияны кайтарып алуу 4-главасы алынып салынган жана анын ордуна «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» Жобосуна шилтеме жасалган

- Жобонун бардык тексты боюнча Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдерине даттануу нормалар жаңы Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби 8-главасына чогултулган, бул жаңы главага ылайык Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдерине даттануу Бул Жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдерине даттануу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө Жобого ылайык ишке ашырылат

Ошондой эле документтер топтомун кароо учурунда лицензия алуу үчүн өтүнүч кат берилгенден кийин Улуттук банк 10 (он) жумуш күн ичинде лицензия берүүнүн алдында өтүнүч каттын ээсин текшерүү укугуна ээ пункту документте камтылган. 

Жобонун долбоорун кабыл алгандан кийинки божомолдонгон укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар: 

- банктык жана төлөм кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн укугун корголушунун камсыз кылуу; 

- регулятор тараптан төлөм системаларынынын үстүнөн мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү

Долбоор укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерди чектөөчү ченемдерди камтыбайт, анткени Жобонун долбоорунун сунушталып жаткан ченемдердин киргизилиши Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын оптимизациялоо жана келишкендике алып келүү, жана Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын ишин үзгүлтүксүз, эффективдүү жана коопсуз кылуу максатында төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун иши тартипке салынат. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, жалпысынан республиканын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте макулдашылган эл аралык мыйзамдарынын ченемдерине каршы чыкпайт. 

Долбоордун кабыл алынышы өлкө бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу»« токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» Жободо: 

- 1. пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» ушул жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан төмөнкү иш багыттарын лицензиялоо тартиби белгиленген: 

1) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызматтарды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.» 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 1-1 жана 1-2 пункттары менен толукталсын:  

«1-1. Улуттук банкы берген лицензия мөөнөтсүз, ажыратылбас жана үчүнчү жактарга берүүгө тийиштүү эмес. 

1-2. Ушул Жобонун талаптарын бузуу учурларында, Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык төлөм системаларынын операторуна жана/же төлөм уюмуна карата колдонулуучу таасир этүү чаралары көрүүгө укуктуу.»; 

- 2 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банктык иши жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алардын аныктамаларына ылайык колдонулат». 

Анын үстүнө ушул Жобонун чегинде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Агент төлөм уюму менен жеке адамдардан жана юридикалык жактардан (кардарлардын) төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн Улуттук банктын лицензиясы жок юридикалык жак же жеке ишмер. 

Агенттик келишим - агент менен төлөм уюмдун ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу жөнүндө агенттик келишимди аткаруу максатныда келишим. Мында агенттин иши үчүн товарларды жана кызматтарды сунуштоочунун алдында төлөм уюму жооп берет; 

Аффилирленген жактар бул: 

юридикалык жактын маанилүү катышуучулары; 

юридикалык жактар, эгер алардын ичинде бир эле юридикалык жак маанилүү катышуучу болуп эсептелсе. 

Кызмат адамдары коллегиялык аткаруучу органдын мүчөлөрү Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (техникалык иштөөсүнө жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер, түзүүчүлөр/катышуучулар/акционерлер, жана акысыз негизде иштегендигине же сый акы алгандыгына карабастан, лицензиаттын саясатын аныктаган башка адамдар; 

Өтүнүч ээси -Улуттук банкка төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алууга кайрылган юридикалык жак; 

Кардар - төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына жүзөгө ашырууда төлөм уюмдарынын кызматтарын пайдаланган жеке адам же юридикалык жак, жеке ишкер; 

Клиринг - эки же андан көп тараптар ортосунда бирдей талаптарды чегеришүү жана чегеришүүнүн натыйжасында ошол тараптар ортосунда жыйынтык милдеттенмелерди аныктоо боюнча ишкердик; 

Клиринг борбору - клиринг жүзөгө ашырылган мекеме; 

Лицензиат - Улуттук банктан ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму; 

Товарларды жана кызматтарды сунуштоочу (мындан ары - сунуштоочу) - сатылган товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн кардардан акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер; 

Юридикалык жак менен байланышкан жактар: 

1) юридикалык жактын кызмат адамдары же алардын жакын туугандары; 

2) түз же бир жагынан юридикалык жактын капиталында маанилүү катышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган жактар; 

3) юридикалык жактын жана анын кызмат адамдарынын маанилүү катышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган юридикалык жактар;  

4) ушул терминдин 2 жана 3 пункттарында аталган юридикалык жактардын аткаруучу органдын мүчөлөрү, жана алардын жакын туугандары;  

5) жеке адамдар - ушул терминдин 2 пунктунда аталган жакын туугандар; 

6) юридикалык жактар, эгер ушул терминдин 2 пунктунда аталган жактар маанилүү катышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган болсо.»; 

- 4 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Бул жобо, коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мамилелерге, Улуттук банктын банктык лицензиясынын негизинде банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин ишине таркатылбайт.»; 

- 5 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Улуттук банк өтүнүч ээсинен/лицензиаттан алардын ишине жана алардын уюштуруучуларынын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле алардын кызмат адамдары, аффилирленген жана байланышкан жактар тууралуу жана аффилирленген жана байланышкан жактардын пайдасына ашырылган операциялар боюнча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Өтүнүч ээси/лицензиат талап кылынып жаткан маалыматты Улуттук банкы аныктаган мөөнөттө берүүгө милдеттүү»; 

- 8 пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 9 пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- Жобонун бардык тексты боюнча «субагент» деген сөздөрү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «агент» дегенге алмаштырылсын; 

- 16 пунктта: 

8 пунктчасында «иштеп турган компаниялар үчүн -» деген сөздөр алынып салынсын; 

9 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) коммерциялык банктагы эсепке каражаттардын 100% уставдык капитал (1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес) катары салынгандыгын тастыктаган документ. Уставдык капиталды түзүү максатында салынган акча каражаттарын лицензия берүү/берүүгө баш тартылган жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат. Уставдык капитал өтүнүч ээсинин/лицензиаттын милдеттенмелерине камсыздоо катары кызмат кылат жана уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин акчаларынын эсебинен улуттук валютада гана түзүлүш керек. Уставдык капиталдын негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана карызга алынган каражаттардын эсебинен түзүлүшүнө тыюу салынат;»;  

- 13 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13) төлөм системасынын оператору үчүн - жетекчи тарабынан кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын төлөм иши жагы боюнча мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан төлөм системасынын иштөө эрежелери;»; 

-15 пункту төмөнкү мазмундагы 15-1 15-3 пунктчалары менен толукталсын: 

«15-1) компаниянын аффилирленген жана байланышкан жактар жөнүндө (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, тууралыгын аныктаган документтер, түзүлүш жөнүндө документтер ж.б.);  

15-2) аппараттык программдык комплексин (мындын ары АПК) орнотуу жана өнөр жайлуу эксплуатацияга киргизүү жөнүндө акт;  

15-3) эгерде төлөм системанын оператору АПК жайгаштыруу үчүн ижарага алынган имаратты колдонсо, имараттын техникалык түшүндүрүүсү менен ижара тууралуу ушул Жобонун талаптарына ылайык келген келишимди көрсөтүү зарыл. Ижара тууралуу келишимдин мөөнөтү бир жылдан кем эмес болуш керек;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 19-1 19-2 пункттары менен толукталсын: 

«19-1. Документтерди карап чыгууда, Улуттук банк өтүнүч ээсинин лицензия алууга арыз бергенден кийин 10 (он) иш күн ичинде алдын ала текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. 

19-2. Алдын ала текшерүү автоматташтырылган системалардын ишке жөндөмдүүлүгүн текшерүүнү жана ушул Жобонун талаптарына өтүнүч ээсинин иши ылайык келүүсүн текшерүүнү камтыйт.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 23-1 пункту менен толукталсын:  

«23-1. Лицензияны берүү боюнча чечимди Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча Комитети чыгарат. Лицензияга Төраганын орун басарынын/Башкарманын мүчөсү - Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча Комитетинин төрагасынын колу коюлат.»; 

- 26 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Лицензияны берүү, кайра тариздөө, дубликатын берүү, токтотуу, кайта чакырып алуу жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет. «; 

- 27 пункту төмөнкү мазмундагы 4-6 пунктчалары менен толукталсын: 

«4) өтүнүч ээсинин ишинин ушул Жобонун талаптарына ылайык эместигин тастыктаган алдын ала текшерүүнүн жыйынтыктары; 

5) лицензияны берүү үчүн төлөнө турган акысы төлөнбөсө

- Жобо төмөнкү мазмундагы 27-1 пункту менен толукталсын: 

«27-1. Лицензия берүүнү кабыл албоо боюнча чечимди Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча Комитети чыгарат.»; 

- 28 пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 4 бөлүк күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 32 пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«- юридикалык жактын турак жайынын өзгөрүшү, калк отурукташкан пункттун өзгөрүшү менен байланышкан, жана ошондой эле төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму жайгашкан калк отурукташкан пункттун аталышынын өзгөрүшү.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 32-1 пункту менен толукталсын: 

«32-1. Бир калк отурукташкан пункттун ичинде төлөм уюму жайгашкан турак жайынын өзгөрүшү анын лицензиясын кайра таризөөсүнө себеп болбойт.»

- Жобо төмөнкү мазмундагы 35-1 пункту менен толукталсын: 

«35-1. Лицензияны кайра тариздөө үчүн Кыргыз Руспубликасынын мыйзамы менен бекитилген өлчөмүндө акы алынат.»

- 36 пунктта «(массалык маалымат каражаттарына жарыялоо, «жоголгон буюмдар боюнча маалымат алуучу жайдан» маалымкат)» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 38 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Лицензиар өтүнүч катты берген күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күн ичинде жогорку оң бурчуна «Дубликат» деп жазылган лицензиянын дубликатын берет же лицензиянын дубликатын берүүдө баш тартуу тууралуу чечимин себебинин негиздөөсү менен жөнөтөт.»; 

- 39 пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 7 жана 8 бөлүмдөр менен толукталсын: 

«7-глава. Төлөм уюмунун лицензиясынын ишин токтотуу  

40. Улуттук банкы менен берилген лицензия төмөнкү учурларда өзүнүн ишин токтотот: 

- Юридикалык жактын ликвидациясында; 

- лицензиаттан лицензиясын кайтарып алууда; 

- өз каалоосу менен лицензияланган ишти жүргүзүүнү токтотууда; 

- айрым иш түрүн лизенцияланган иштер түрлөр тизмесинен алып салууда; 

- лицензиянын жокко чыгаруу тууралуу соттун чечими мыйзам негизине киргенде. 

41. Лицензиат жазуу түрүндө ликвидациянын/өз каалоосу менен лицензияланган ишти жүргүзүүнү токтотуунун себептерин баяндоосу менен арыз көрсөтүп берүүсү зарыл жана ликвидация/өз каалоосу менен лицензияланган ишти жүргүзүүнү токтотуу боюнча чечим чыгарылгандан кийин 15 (он беш) иш күндүн ичинде лицензияны Улуттук банкка тапшырат. 

42. Лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык төлөм системанын катышуучулары жана кызматтарды сунуштоочулары менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткаруусу жана лицензияланган ишти жүргүзүүнү токтотуусу зарыл. 

43. Лизенцияны кайтарып алуу «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» Жобого ылайык иш жүзүнө ашырылат. 

 

8-глава. Улуттук банктын чечимдерине карата даттануу тартиби 

44. Ушул Жобонун чегинде Улуттук банкы менен чыгарылган чечимдерине карата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» Жобого ылайык даттануу мүмкүн.» 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 токтому менен бекитилген Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча 

Салыштырма таблицасы 

  

Иштеп жаткан редакция  

Сунушталган редакция  

1. «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» ушул жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан төмөнкү иш багыттарын лицензиялоо тартиби белгиленген: 

1) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызматтарды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

1. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» ушул жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан төмөнкү иш багыттарын лицензиялоо тартиби белгиленген: 

1) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызматтарды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.» 

 

1-1. Улуттук банкы берген лицензия мөөнөтсүз, ажыратылбас жана үчүнчү жактарга берүүгө тийиштүү эмес. 

1-2. Ушул Жобонун талаптарын бузуу учурларында, Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык төлөм системаларынын операторуна жана/же төлөм уюмуна карата колдонулуучу таасир этүү чаралары көрүүгө укуктуу. 

2. Жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган: 

1) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун агенти (мындан ары - агент) - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун атынан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан (кардарлардын) төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн лицензиат; 

2) лицензиат - Улуттук банктан ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму; 

3) агенттик келишим - агент (лицензиат) менен товарларды жана кызматтарды сунуштоочунун ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү товарларды жана кызматтарды сунуштоочунун атынан лицензиаттын сунуштоосу жөнүндө келишим. Мында товарларды жана кызматтарды сунуштоочунун кардарлары алдында товарларды жана кызматтарды сунуштоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышына товарларды жана кызматтарды сунуштоочу жооп берет. Агент (лицензиат) ушул жободо көрсөтүлгөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча иштин камсыз болушуна кардар алдында жооп берет; 

4) кызмат адамдары - Башкарманын мүчөлөрү (финансы директору, техникалык директор, башкы бухгалтер) жана акысыз негизде иштегендигине же сый акы алгандыгына карабастан, лицензиаттын саясатын аныктаган башка адамдар; 

5) өтүнүч ээси -Улуттук банкка төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алууга кайрылган юридикалык жак; 

6) кардар - төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына жүзөгө ашырууда төлөм уюмдарынын кызматтарын пайдаланган жеке адам же юридикалык жак, жеке ишкер; 

7) клиринг - эки же андан көп тараптар ортосунда бирдей талаптарды чегеришүү жана чегеришүүнүн натыйжасында ошол тараптар ортосунда жыйынтык милдеттенмелерди аныктоо боюнча ишкердик; 

8) клиринг борбору - клиринг жүзөгө ашырылган мекеме; 

9) төлөм системасынын оператору - төлөм системасынын ишин камсыздаган жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу келишимин түзгөн юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси. Мында оператор жана катышуучулар өз ишин төлөм системасынын алкагында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүгө милдеттенишет. Төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин тескөө, анын катышуучуларынын жалпы жыйынына же Директорлор кеңешине отчет берүүчү коллегиалдуу аткаруу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш; 

10) төлөм уюму - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген тартипте, төлөм уюму менен кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар ортосунда түзүлгөн келишимге жана төлөм уюму менен банк ортосунда түзүлгөн агенттик келишимге ылайык үчүнчү жактардын - кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардан жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган банктык эмес уюм, Кыргыз Республикасынын резиденти; 

11) төлөм - нак жана нак эмес акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенмелерди аткаруу; 

12) товарларды жана кызматтарды сунуштоочу (мындан ары - сунуштоочу) - сатылган товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн кардардан акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер; 

13) субагент - агент менен жеке адамдардан же юридикалык жактардан төлөмдөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер; 

14) субагенттик келишим - агент (лицензиат) менен субагенттин ортосунда лицензиаттын атынан ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишим. Мында субагенттер тарабынан кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу (үчүнчү жактар) алдында милдеттенмелердин аткарылышына жоопкерчилик лицензиатка жүктөлөт; 

15) төлөмдү иштеп чыгуу - эсептешүүнү жүргүзүү жана ишке ашыруу максатында, төлөм жөнүндө маалыматтарды алуу, топтоо, салыштырып текшерүү, корректировкалоо жана жөнөтүү боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугу; 

16) процессинг - бул, өзүндө финансылык маалыматты топтоону, иштеп чыгууну жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди камтыган ишкердик; 

17) процессинг борбору (же төлөмдөрдү иштеп чыгуу борбору) - процессингди жүзөгө ашырган юридикалык жак. 

2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банктык иши жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алардын аныктамаларына ылайык колдонулат». 

Анын үстүнө ушул Жобонун чегинде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Агент төлөм уюму менен жеке адамдардан жана юридикалык жактардан (кардарлардын) төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн Улуттук банктын лицензиясы жок юридикалык жак же жеке ишмер. 

Агенттик келишим - агент менен төлөм уюмдун ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу жөнүндө агенттик келишимди аткаруу максатныда келишим. Мында агенттин иши үчүн товарларды жана кызматтарды сунуштоочунун алдында төлөм уюму жооп берет; 

Аффилирленген жактар бул: 

юридикалык жактын маанилүү катышуучулары; 

юридикалык жактар, эгер алардын ичинде бир эле юридикалык жак маанилүү катышуучу болуп эсептелсе. 

Кызмат адамдары коллегиялык аткаруучу органдын мүчөлөрү Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (техникалык иштөөсүнө жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер, түзүүчүлөр/катышуучулар/акционерлер, жана акысыз негизде иштегендигине же сый акы алгандыгына карабастан, лицензиаттын саясатын аныктаган башка адамдар; 

Өтүнүч ээси -Улуттук банкка төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алууга кайрылган юридикалык жак; 

Кардар - төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына жүзөгө ашырууда төлөм уюмдарынын кызматтарын пайдаланган жеке адам же юридикалык жак, жеке ишкер; 

Клиринг - эки же андан көп тараптар ортосунда бирдей талаптарды чегеришүү жана чегеришүүнүн натыйжасында ошол тараптар ортосунда жыйынтык милдеттенмелерди аныктоо боюнча ишкердик; 

Клиринг борбору - клиринг жүзөгө ашырылган мекеме; 

Лицензиат - Улуттук банктан ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму; 

Товарларды жана кызматтарды сунуштоочу (мындан ары - сунуштоочу) - сатылган товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн кардардан акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер; 

Юридикалык жак менен байланышкан жактар: 

7) юридикалык жактын кызмат адамдары же алардын жакын туугандары; 

8) түз же бир жагынан юридикалык жактын капиталында маанилүү катышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган жактар; 

9) юридикалык жактын жана анын кызмат адамдарынын маанилүү катышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган юридикалык жактар;  

10) ушул терминдин 2 жана 3 пункттарында аталган юридикалык жактардын аткаруучу органдын мүчөлөрү, жана алардын жакын туугандары;  

11) жеке адамдар - ушул терминдин 2 пунктунда аталган жакын туугандар; 

12) юридикалык жактар, эгер ушул терминдин 2 пунктунда аталган жактар маанилүү катышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган болсо.»; 

4. Бул жобо, коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агенттерге, Улуттук банктын банктык же башка лицензиясынын негизинде банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишине, ошондой эле субагенттерге таркатылбайт. 

4. Бул жобо, коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мамилелерге, Улуттук банктын банктык лицензиясынын негизинде банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин ишине таркатылбайт. 

 

5. Улуттук банк өтүнүч ээсинен/лицензиаттардан алардын ишине жана алардын уюштуруучуларынын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле алардын кызмат адамдары тууралуу маалыматтарды жана башкаларды талап кылууга укуктуу. 

 

5. Улуттук банк өтүнүч ээсинен/лицензиаттан алардын ишине жана алардын уюштуруучуларынын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле алардын кызмат адамдары, аффилирленген жана байланышкан жактар тууралуу жана аффилирленген жана байланышкан жактардын пайдасына ашырылган операциялар боюнча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Өтүнүч ээси/лицензиат талап кылынып жаткан маалыматты Улуттук банкы аныктаган мөөнөттө берүүгө милдеттүү

8. Улуттук банктын лицензиясы жок төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына сунуштоочулар жана субагенттер менен агенттик жана субагенттик келишим түзүүгө тыюу салынат. 

күчүн жоготкон катары таанылсын 

9. Лицензиат менен субагенттик келишим түзгөн субагент, төлөм системасынын оператору же төлөм уюму менен өз ишин лицензиясыз ишке ашырган шартта жоопкерчилик тартпайт. Лицензиясыз ишкердикти жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик төлөм системасынын операторлоруна жана/же төлөм уюмдарына жүктөлөт. 

күчүн жоготкон катары таанылсын 

 

Жобонун бардык тексты боюнча «субагент» деген сөздөрү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «агент» дегенге алмаштырылсын 

Пункт 16: 

 

8) иштеп турган компаниялар үчүн - сунуштоочуга акча каражаттардын өткөрүлүп берилишин же алардын сатып алуучуга кайтарылып берилишинин гарантиясын камсыз кылган төмөнкү келишимдердин биринин көчүрмөсү

- мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана жоготуулар үчүн каралган камды сактоо боюнча банктык аманат жөнүндө келишимдер; 

- сунуштоочуну алдын ала төлөө формасында тейлөө каралган келишимдер; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мүмкүн болуучу тобокелдиктер менен жоготуулардын ордунун жабылышын камсыз кылган банктык гарантия же башка келишимдер. 

Жаңы түзүлгөн компаниялар үчүн жогоруда көрсөтүлгөн келишимдер лицензия берилген күндөн кийинки 3 (үч) айдын ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш; 

«иштеп турган компаниялар үчүн -» деген сөздөр алынып салынсын 

9) коммерциялык банктагы эсепке каражаттардын 100% уставдык капитал (1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес) катары салынгандыгын тастыктаган документ. Уставдык капиталды түзүү максатында салынган акча каражаттарын лицензия берүү/берүүгө баш тартылган жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат; 

9) коммерциялык банктагы эсепке каражаттардын 100% уставдык капитал (1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес) катары салынгандыгын тастыктаган документ. Уставдык капиталды түзүү максатында салынган акча каражаттарын лицензия берүү/берүүгө баш тартылган жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат. Уставдык капитал өтүнүч ээсинин/лицензиаттын милдеттенмелерине камсыздоо катары кызмат кылат жана уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин акчаларынын эсебинен улуттук валютада гана түзүлүш керек. Уставдык капиталдын негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана карызга алынган каражаттардын эсебинен түзүлүшүнө тыюу салынат

13) төлөм системасынын оператору үчүн - жетекчи тарабынан кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн төлөм системасынын иштөө эрежелери, ; 

13) төлөм системасынын оператору үчүн - жетекчи тарабынан кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын төлөм иши жагы боюнча мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан төлөм системасынын иштөө эрежелери; 

 

15-1) компаниянын аффилирленген жана байланышкан жактар жөнүндө (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, тууралыгын аныктаган документтер, түзүлүш жөнүндө документтер ж.б.);  

15-2) аппараттык программдык комплексин (мындын ары АПК) орнотуу жана өнөр жайлуу эксплуатацияга киргизүү жөнүндө акт;  

15-3) эгерде төлөм системанын оператору АПК жайгаштыруу үчүн ижарага алынган имаратты колдонсо, имараттын техникалык түшүндүрүүсү менен ижара тууралуу ушул Жобонун талаптарына ылайык келген келишимди көрсөтүү зарыл. Ижара тууралуу келишимдин мөөнөтү бир жылдан кем эмес болуш керек; 

 

19-1. Документтерди карап чыгууда, Улуттук банк өтүнүч ээсинин лицензия алууга арыз бергенден кийин 10 (он) иш күн ичинде алдын ала текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. 

19-2. Алдын ала текшерүү автоматташтырылган системалардын ишке жөндөмдүүлүгүн текшерүүнү жана ушул Жобонун талаптарына өтүнүч ээсинин иши ылайык келүүсүн текшерүүнү камтыйт. 

 

23-1. Лицензияны берүү боюнча чечимди Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча Комитети чыгарат. Лицензияга Төраганын орун басарынын/Башкарманын мүчөсү - Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча Комитетинин төрагасынын колу коюлат. 

26. Лицензияларды берүү жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет. 

26. Лицензияны берүү, кайра тариздөө, дубликатын берүү, токтотуу, кайта чакырып алуу жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет. 

27. Лицензия берүүдөн баш тартууга негиз катары төмөнкүлөр саналат: 

1) лицензия алуу үчүн берилген документтердин ушул Жобонун же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе; 

2) Улуттук банкка лицензия алуу үчүн такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе; 

3) өтүнүч кат ээсине иштин ушул түрү менен иш алып барууга тыюу салынган соттун чечими болсо. 

27 пункту төмөнкү мазмундагы 4-5 пунктчалары менен толукталсын: 

«4) өтүнүч ээсинин ишинин ушул Жобонун талаптарына ылайык эместигин тастыктаган алдын ала текшерүүнүн жыйынтыктары; 

5) лицензияны берүү үчүн төлөнө турган акысы төлөнбөсө

 

27-1. Лицензия берүүнү кабыл албоо боюнча чечимди Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча Комитети чыгарат. 

28. Лицензияны берүүдөн баш тартылган учурда Улуттук банк, Төраганын орун басарынын атынан баш тартуу себептерин көрсөтүү менен кат жүзүндө жооп жөнөтөт. Өтүнүч кат ээси кабыл алынган чечимге макул эместигин негиздеп, аны кайра кароо өтүнүчү менен Улуттук банктын Төрагасынын атына даттануу жөнөтүүгө укуктуу. Даттануу, кабыл алынган чечим жөнүндө расмий жооп алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде сунушталат. Чечим менен макул эместигин билдирген өтүнүч катты карап чыгуунун жыйынтыгында Улуттук банк 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде лицензияны берүү чечимин кошо тиркөө менен даттануу канааттандырылгандыгы тууралуу же даттанууну канааттандыруудан баш тартуу тууралуу кат жүзүндө жооп берет. 

28 пункт күчүн жоготкон катары таанылсын 

4-глава. Лицензияны кайтарып алуу 

29. Лицензиат тарабынан төмөнкү бузууларга жол берилиши, лицензияны кайтарып алууга негиз болот: 

1) Улуттук банктын жазма буйруктары боюнча кемчиликтерди системалуу түрдө (эки же андан көп жолу) четтетпесе; 

2) эгерде талап кылынган маалыматтарды берүүгө Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөр негизсиз системалуу түрдө (12 ай ичинде экиден көп жолу) бузууга жол берилсе; 

3) Улуттук банкка такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе; 

4) лицензиат Улуттук банктын текшерүү ишине тоскоолдук жаратса; 

5) лицензия берүүгө негиз болгон маалыматтардын анык эместиги аныкталса; 

6) ишкердикти жүргүзүү лицензия алган учурдан тартып бир жылдан ашык мөөнөткө кечиктирилсе; 

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган ишкердиктерди жүзөгө ашырса; 

8) лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкрот деп табылса; 

9) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзам талаптарын бузууга жол берилсе; 

10) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын бузууга жол берилсе; 

11) төрагага (жетекчиге) же техникалык директорго же болбосо башкы бухгалтерге карата экономика, финансы жана банк ишкердиги чөйрөсүндө кылмыш иштерине жол берилгендиги үчүн, ошондой эле кызматтык иш боюнча кылмыш иши үчүн өкүм чыгарылса; 

13) ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда. 

30. Лицензияны кайтарып алуу чечими кабыл алынган учурда Улуттук банк 5 (беш) жумуш күнү ичинде кайтарып алуу себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө билдирет жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык, лицензияны кайтарып алуу боюнча иш-чаралардын башталышын демилгелейт. 

31. Лицензия кайтарылып алынган шартта лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган чечимге даттанууга укуктуу. Даттануу, ал Улуттук банкка келип түшкөндөн кийинки 30 (отуз) күндүк мөөнөт ичинде кароого алынат. 

күчүн жоготкон катары таанылсын 

32. Төмөнкүлөр лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналат: 

- юридикалык жактын кайра уюштурулушу; 

- юридикалык жактын аталышынын өзгөрүшү

 

32-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

- юридикалык жактын турак жайынын өзгөрүшү, калк отурукташкан пункттун өзгөрүшү менен байланышкан, жана ошондой эле төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму жайгашкан калк отурукташкан пункттун аталышынын өзгөрүшү

 

32-1. Бир калк отурукташкан пункттун ичинде төлөм уюму жайгашкан турак жайынын өзгөрүшү анын лицензиясын кайра таризөөсүнө себеп болбойт. 

 

35-1. Лицензияны кайра тариздөө үчүн Кыргыз Руспубликасынын мыйзамы менен бекитилген өлчөмүндө акы алынат. 

36. Лицензиянын түп нускасы жоголгон же бузулган шартта, лицензиат документтин бузулгандыгын же жоголгондугун тастыктаган документтерди (массалык маалымат каражаттарына жарыялоо, «жоголгон буюмдар боюнча маалымат алуучу жайдан» маалымкат) кошо тиркөө менен жоголгондугу жана бузулгандыгы аныкталган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка берет. Лицензия бузулган шартта, өтүнүч катка лицензиянын бузулган бланкы да кошо тиркелет. 

«(массалык маалымат каражаттарына жарыялоо, «жоголгон буюмдар боюнча маалымат алуучу жайдан» маалымкат)» деген сөздөр алынып салынсын 

38. Лицензиар өтүнүч катты берген күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчуна «Дубликат» деп жазылган лицензиянын дубликатын берет. 

38. Лицензиар өтүнүч катты берген күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күн ичинде жогорку оң бурчуна «Дубликат» деп жазылган лицензиянын дубликатын берет же лицензиянын дубликатын берүүдө баш тартуу тууралуу чечиминин себебин негиздөөсү менен жөнөтөт. 

 

күчүн жоготкон катары таанылсын 

 

7-глава. Төлөм уюмунун лицензиясынын ишин токтотуу 

40. Улуттук банкы менен берилген лицензия төмөнкү учурларда өзүнүн ишин токтотот: 

- Юридикалык жактын ликвидациясында; 

- лицензиаттан лицензиясын кайтарып алууда; 

- өз каалоосу менен лицензияланган ишти жүргүзүүнү токтотууда; 

- айрым иш түрүн лизенцияланган иштер түрлөр тизмесинен алып салууда; 

- лицензиянын жокко чыгаруу тууралуу соттун чечими мыйзам негизине киргенде. 

41. Лицензиат жазуу түрүндө ликвидациянын/өз каалоосу менен лицензияланган ишти жүргүзүүнү токтотуунун себептерин баяндоосу менен арыз көрсөтүп берүүсү зарыл жана ликвидация/өз каалоосу менен лицензияланган ишти жүргүзүүнү токтотуу боюнча чечим чыгарылгандан кийин 15 (он беш) иш күндүн ичинде лицензияны Улуттук банкка тапшырат. 

42. Лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык төлөм системанын катышуучулары жана кызматтарды сунуштоочулары менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткаруусу жана лицензияланган ишти жүргүзүүнү токтотуусу зарыл. 

43. Лизенцияны кайтарып алуу «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» Жобого ылайык иш жүзүнө ашырылат. 

 

 

8-глава. Улуттук банктын чечимдерине карата даттануу тартиби 

44. Ушул Жобонун чегинде Улуттук банкы менен чыгарылган чечимдерине карата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» Жобого ылайык даттануу мүмкүн.