Кайта келүү

Долбоор  

 

«АКЫРКЫ ИНСТАНЦИЯНЫН КРЕДИТИ ЖӨНҮНДӨ» 

ЖОБО  

1-Бөлүм. Жалпы жоболор 

1. Аталган «Акыркы инстанциянын кредити жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) банк тутумунун бүтүндүгүн сактоо, ликвиддүүлүктү колдоо, ошондой эле аманатчылардын таламын коргоо максатында Улуттук банктан лицензия алган республиканын коммерциялык банктарына акыркы инстанциянын кредитин берүүсүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталган. 

2. Акыркы инстанциянын кредити (мындан ары кредит) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын 17, 18 жана 53-беренелерине жана ушул Жобого ылайык сунушталат.  

3. Акыркы инстанциянын кредити айрым учурларда, коммерциялык банктар тарабынан ликвиддүүлүктүн минималдуу деңгээлин колдоого бардык жетиштүү каражаттарды жана мүмкүндүктөрдү коромжуга учуратып алууда колдонулат.  

4. Мындай кредитти берүү менен Улуттук банк системалык тобокелдиктерди жоюу, банк системасынын стабилдүүлүгүн сактоо жана жеке адамдардын улуттук валютадагы аманаттарын коргоо максатында, акыркы инстанциядагы кредитор катарында өзүнүн функциясын жүзөгө ашырат.  

5. Кредит финансылык жактан чыңдалуу боюнча ишчараларды жүзөгө ашыруучу проблемалуу банктарга берилет. Мында, проблемалуу банк катары, ушул Жобону жүзөгө ашыруу максатында, аларга төмөндөгүлөр белгиленген банкты түшүнүүгө болот:  

- банктын ишинде анын ишин банктык мыйзамдарга ылайык камсыз кылууга администрациянын жөндөмсүздүгүнө, банкты начар банктык тажрыйбаларга дуушар кылгандыгына байланыштуу катачылык кетирилген фактылар табылган болсо;  

- банк тарабынан биринчи деңгээлдеги капиталдын адекваттуулугу экономикалык нормативин бузуусу;  

- банктын аны кардарлардын алдында милдеттенмелерди аткарууга жөндөмсүздүгүнө алып келген чыгымга дуушар болгон иш аракети.  

6. Кредит берүү жөнүндө чечим, кредит берүү шарттары, анын мөөнөтү жана көлөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.  

7. Улуттук банк Башкармасы кредитти берүү маселесин кароонун алдында банк аткарууга тийиш болгон айрым талаптарды белгилөөгө укуктуу.  

8. Кредит мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк өз учурунда кайтарып берүү жана камсыздоо сыяктуу кредиттөөнүн жалпы принциптерин сактоо менен улуттук валютада сунушталат. 

9. Кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенме күрөө менен камсыздалат. Күрөөгө карата талаптар, анын жетиштүүлүгү көлөмү (пайыздык туюндурууда) күрөөлүк камсыздоонун башка параметрлерине жараша Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.  

10. Кредит боюнча пайыздык үстөк Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.  

 

 

2-Бөлүм. Кредитти берүүнүн шарттары 

11. Кредит алуунун тиешелүү шарттары болуп, карыз алуучу банк тарабынан төмөндөгү талаптарды аткаруусу саналат:  

- кредитти берүү учуруна карата жана аны толук төлөөгө чейинки мезгилге карата нөлдүк валюталык позиция;  

- Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде бардык каражаттарга концентрациясы;  

- Директорлор Кеңеши тарабынан Улуттук банк тарабынан жактырылган Банкты  финансылык жактан чыңдоо программасын жана кредитти төлөө программасын иштеп чыгып жана кабыл алуу;  

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталган башка кошумча  шарттар.  

12. Кредит алуу үчүн милдеттүү шарттар болуп, Банкка анын финансылык жактан чыңдоо жана кредиттин каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча иш чараларды аткаруу үчүн Убактылуу администрацияны киргизүү саналат. Мында, Банк Улуттук банктын макулдугусуз жаңы милдеттенмени (банктар аралык кредиттерди, депозиттерди жана башкаларды) кабыл ала алышпайт.  

13. Кредит аракети мезгили ичинде Банктын Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынына, мисалы, баалуу кагаздар рыногуна, кирүү ыйгарым укугу токтотулушу мүмкүн, ошондой эле банк эсептешүүлөрдүн клирингдик системасынан чыгыш операциялары боюнча чыгарылат жана алар боюнча гросстук эсептешүү системасына Улуттук банкта тейленгендиги үчүн төлөмдөрдүү кармоосуз которулат.  

14. Банк алган кредитти кызмат адамдарынын депозиттерин (аманаттарын) төлөөгө пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк Банктын байланышкан же аффилирленген жактарына депозиттердин (аманттардын) төлөнүшүнө чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.  

15. Банк алган кредитти Банктын аткаруучу адамдарына жана кызматкерлерине сый акылардын/бонустардын бардык түрүн кошо алганда, администрациялык чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Мындан тышкары, Улуттук банк Банктын администрациялык чыгашаларын кыскартуусу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.  

16. Улуттук банк Башкармасы тиешелүү Банкка кредит берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган учурда Улуттук банк банкты кат жүзүндө маалымдайт. 

 

3-Бөлүм. Кредиттин камсыздоосу 

17. Банктын кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предмети башка күрөөгө же үчүнчү жакка кайра күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.  

18. Төмөнкү түрдөгү күрөөлөр кредиттин камсыздоосу катары колдонулушу мүмкүн:   

1) Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары; 

2) Улуттук банктагы же Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон башка финансы-кредит мекемесиндеги депозиттер; 

3) стандарттык жана ченемге ылайык куюлган алтын жана башка аффинирленген баалуу металлдар; 

4) чет өлкө валюталары; 

5) банктын кредит портфели боюнча талап коюу укугу; 

6) Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген учурларда Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон активдердин жана мүлктөрдүн башка түрлөрү

19. Күрөө предмети күрөө коюучуга менчик укугунда таандык болууга тийиш жана ага башка милдеттенмелер жүктөлбөөгө тийиш. 

20. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги Банк муктаж болгон кредит суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

21. Күрөөгө коюлган мүлктүн рыноктук наркы аны пайдалануу сунуш кылынган мезгил үчүн кошуп эсептелинген пайыздардын суммасын кошо алганда, суралган кредиттин суммасынан төмөн болбоого тийиш.  

22. Камсыздандыруу (күрөө) катары берилген мүлктөрдү төлөтүүгө кайрылуу жана сатып өткөрүү жол-жобосу күрөө жөнүндө келишим жана ага карата кошумча келишим тарабынан белгиленет.  

 

4-Бөлүм. Кредитти берүү жана аны төлөө тартиби 

23. Кредит алуу үчүн банк Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:  

- кредит алуу максаты так көрсөтүлгөн өтүнүч катты; 

- банктын Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин кредит алуу жана талап кылынган кредиттин камсыздоосу катары активдерди жана/же мүлктү сунуштоо жөнүндө чечими;  

- күрөө коюучунун күрөө предметинин менчик укугун жана/же талап коюу укугун тастыктаган документтердин көчүрмөсүн; 

- күрөө предметинин мүнөздөмөсү камтылган жана ага көз карандысыз баалоочу тарабынан баа берүү боюнча документтерди; 

- Банк өзүнүн уюштуруучуларын Улуттук банкка кредит алуу үчүн кайрылуу ниети жөнүндө кабарлагандыгын тастыктаган документтерди (билдирүү адамдын кол кою боюнча берилет же анын акыркы белгилүү дарегине почта аркылуу жиберилет); 

- банк экенин тастыктаган ниеттенгендиги жөнүндө Банкты үчүн Улуттук банкка кайрылууга насыя; 

- Улуттук банк кредит берүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди да талап кылууга укуктуу. 

24. Кредит берүү үчүн Улуттук банк Банк менен 1-тиркемеге ылайык Кредиттик линияны ачуу боюнча келишим жана күрөөнү түрүнө карата Улуттук банк тарабынан аныкталган формат жана талаптарга ылайык Күрөө келишим түзөт. Кредиттик каражаттарды которуу үчүн Банкка Улуттук банкта атайын счет ачылышы мүмкүн.  

25. Кредит Банкты финансылык чыңдоо планынын аткарылышына жана Банк тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык мурдагы алынган транштарды максаттуу аткаргандыгы жөнүндө толугураак жазылган отчетту берүүсүнө жараша транш боюнча берилет.  

26. Транштар Улуттук банк Башкармасынын чечими менен бекитилген кредитти жабуу күнүнөн ашпаган мөөнөткө берилет. Кредитти жабуу күнү жана/же анын алкагында берилген транштарды жыйынтыктап төлөө күнү Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча узартылышы мүмкүн.  

27. Транштын негизги суммасын жана ага чегерилген пайыздарды төлөө Кредиттик линияны ачуу боюнча келишимде аныкталган шарттарда ишке ашырылат.  

28. Банк кредитти максатсыз пайдаланган же өзүнүн милдеттенмелерин тиешелүү эмес түрдө аткарган учурда, Улуттук банк  кредиттин кезектеги траншын берүүнү токтотот жана кайтарып берүү жөнүндө талап кылууга же күрөөгө коюлган  мүлктү төлөтүүгө кайрыла алат.  

 

 

 

 

5-Бөлүм. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө 

29. Кредиттин ар бир транш суммасына пайыздар, сунушталган траншты айкын пайдаланган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздар формуласынын негизинде жыл ичиндеги 360 календардык күн эсебинде төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

P = (C x I x T)/360/100, мында: 

Р транш боюнча пайыздар суммасы; 

С транштын суммасы (сом); 

I пайыздык чен (жылдык %); 

Т траншты пайдалануу мөөнөтү

30. Банк сунушталган траншты пайдаланган мезгил ичиндеги айкын календардык күндөрдү эсептөөдө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр эске алынат.  

31. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

 

6-Бөлүм. Өзгөчө шарттар 

32. Улуттук банк кайсыл болбосун убакта, өз ыңгайына жараша банктын ишине текшерүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.  

33. Кредит колдонулуп жаткан мезгил ичинде Банк Кредиттик линияны ачуу боюнча келишимде жана Күрөө келишимдеринде, ошондой эле Улуттук банктын чечимдеринде аныкталган бардык талаптарды так сактоого милдеттүү

34. Кредит колдонулуп жаткан мезгил ичинде Банк Улуттук банктын чечимдеринде, Кредиттик линияны ачуу боюнча келишимде жана/же Күрөө келишимдеринде аныкталган талаптарды сактабаса, Улуттук банк кредиттик линиянын аракетин токтотууга жана сунушталган транштардын, ага чегерилген пайыздардын мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн талап кылууга укуктуу. Банк милдеттенмелердин ордун мөөнөтүнөн мурда жабуу талабын аткарбай койгон шартта, Улуттук банк күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштап же Улуттук банктагы Банктын кандайдыр болгон, анын ичинде чет өлке валютадагы, эсебинен Банктын карызынын ордун жабуу үчүн талап кылынган сумманы акцептсиз тартипте эсептеп алып кое алат.  

35. Улуттук банктын талап кылуусу боюнча банк, кредиттик каражаттарды пайдалангандыгы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунуштайт.   

 

 

7-Бөлүм. Жоопкерчилик жана укукка жатпаган аракеттер 

36. Улуттук банк, кредит берүү шарттарынын банк тарабынан аткарылбай калышы же алардын толук эмес аткарылышынын кесепетинен келип чыккан кандай болбосун чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

37. Улуттук банк тарабынан кредиттин берилиши банктын милдеттенмелерин өзүнө алуу катары каралууга тийиш эмес.  

38. Кредитти алуунун жана аны пайдалануунун кайсыл болбосун баскычында Улуттук банк банкка карата өз ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

39. Кредиттин максаттуу пайдаланылышы жана анын бардык шарттарынын так сакталышы үчүн жоопкерчилик банкка жүктөлөт.  

40. Банктын кызмат адамдары, акционерлери, Банк менен байланышкан же аффилирленген жактар төмөнкү мыйзамсыз иштери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат: 

- Банкка тиешелүү болгон бухгалтердик жана башка документтердеги жазууларды жашыруу, жок кылуу же жалган жазууларды киргизүү

- Банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлеринине айрым кредиторлордун жана дебиторлордун пайдасына чечим кабыл үчүн таасир этүү

  - Банктын кызмат адамдары менен кызматташуудан баш тартуу же Банктын мүлкүн кайтарууга тоскоолдук кылуу; 

- Банктын кызмат адамдарына милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу жана анын мыйзамдуу талаптарын аткарбандык; 

- банкроттукка, анын ичинде мажбурлап жоюуга, алып келген сот тарабынан таанылган иш-аракеттер. 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

20____-жылдын “__”_____ №___ 

токтому менен бекитилген 

“Акыркы инстанциянын кредити 

жөнүндө” жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

Кредиттик линия ачуу жөнүндө 

келишим 

 

Бишкек шаары № ________ 20___-жылдын «___”__________  

 

 

 

Мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ___________________ негизинде иш алып барган _______________ бир тараптан, жана мындан ары “Банк” деп аталуучу __________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган _______________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимин (мындан ары “Келишим”) түзүштү:  

 

 

1. ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР  

 

Ушул келишимдин максаттарында төмөнкүдөй терминдер пайдаланылган: 

Кредиттөө лимити ушул Келишимге ылайык белгиленген жалпы сумманын чектүү өлчөмү, анын чегинде Банк Негизги талаптарды сактаган шартта, ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде Кредит/Транш алууга укуктуу.  

Негизги талаптар Улуттук банк Башкармасынын 20____-жылдын “__”_____ №___ токтому менен бекитилген “Акыркы инстанциянын кредити жөнүндө” жободо белгиленген талаптар.  

Кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгили ушул Келишимге кол койгон учурдан тартып _________жылга чейинки мезгил аралыгы, ушул мезгил аралыгында Банк Келишим боюнча ачык кредиттик линиянын алкагында Кредит/Транш алууга укуктуу.  

Кредит/Транш Улуттук банк тарабынан Банкка ушул Келишимде каралган шарттарда, Кредиттөө лимитинен ашпаган жалпы суммада сунушталган акча каражаттары. Кредит/Транш Банктын билдирмесине ылайык сунушталат. Кредитти/Траншты сунуштоо шарттары аны сунуштоо жөнүндө белгилүү бир Кредиттик келишимде каралат.  

Кредиттөө лимитинин эркин калдыгы Улуттук банк тарабынан Банкка акыркы Кредит/Транш берилгенден кийин калган жана Кредиттөө лимитинин, ошондой эле ушул Келишим шарттарына ылайык, сунушталган, бирок орду жабылбаган (б.а. колдонуудагы) жалпы сумма ортосунда айырмага барабар болгон Кредиттөө лимитти боюнча акча каражаттарынын суммасы. Кредиттөө лимитинин эркин калдыгы Банкка Кредит/Транш түрүндө анын өлчөмүнүн чегинде жана Кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгили ичинде, ошондой эле күрөөлүк камсыздоо жетиштүү болгон шартта сунушталышы мүмкүн.  

Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим Тараптар ортосунда ушул Келишимдин алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде Улуттук банк Банкка Кредит/Транш сунуштайт жана ал ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим, ушул Келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада түзүлөт. 

Кредит/Транш сунуштоо күнү - Кредит/Транш суммасы Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилген күн.  

Кредит/Транш төлөө күнү негизги карыз суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана башка төлөөлөрдү кошо алганда, бирок ___-жылдын “___”______ кечиктирилбестен, ушул Келишим жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча Банктан Улуттук банктын эсебине Улуттук банктын талаптарын канааттандырган суммадагы акча каражаттары келип түшкөн күн.  

 

2. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ  

 

2.1. Улуттук банк Банкка мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк, камсыздоо шарттарында жана ушул Келишимде аныкталган башка шарттарда ________________ (суммасы жазуу жүзүндө) суммада Кредиттөө лимити менен кредиттик линия сунуштайт (ачат), ал эми Банк ушул Келишимде жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде каралган өлчөмдө, мөөнөттөрдө жана шарттарда ачык кредиттик линиянын алкагында алынган Кредитти/Траншты Улуттук банкка кайтарып берүүгө жана аларды пайдалануу үчүн пайыздарды төлөп берүүгө милдеттенет.  

2.2. Кредиттөө лимити менен кредиттик линия ____________-жылдан тартып ___________-жылга чейин сунушталат (ачылат), анын акырында Банк ушул Келишимге ылайык сунушталган Кредит/Транш боюнча карызды, анын ичинде негизги карызды, чегерилген пайыздарды жана башка төлөөлөрдү толугу менен төлөп берүүгө тийиш.  

2.3. Белгиленген Кредиттөө лимитинин алкагында, ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде, бирок Кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгилинен кечиктирбестен Банк Кредит/Транш берүү жөнүндө тиешелүү билдирме сунуштаган учурда Негизги талаптар ды сактаган шартта, Кредиттөө лимитинин Эркин калдыгы чегинде кезектеги Кредит/Транш алууга укуктуу. Негизги талаптардын сакталышы, Кредит/Транш берүү жөнүндө билдирме сунуштоо учурунда Банк тарабынан Улуттук банкка сунушталган тиешелүү маалымат жана документтер менен тастыкталат.  

2.4. Банктын алынган Кредит/Транш боюнча ушул Келишимди бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичиндеги карыз калдыгы ушул Келишимдин 2.1-пунктунда белгиленген Кредиттөө лимитинен ашпоого тийиш.  

2.5. Банкка Улуттук банк тарабынан ушул келишимдин алкагында берилүүчү кредиттик каражаттар максаттуу багытка ээ жана аларды Банк ликвиддүүлүк колдоо үчүн гана пайдаланууга тийиш. Мында сунушталган кредиттик каражаттар биринчи кезекте жеке адамдардын депозиттерин (аманаттарын) кайтаруу жөнүндө талаптарды канааттандырууга багытталат.  

2.6. Банк Улуттук банк тарабынан сунушталган кредиттик каражаттарды кредиттөө үчүн, баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк Банктын байланышкан же аффилирленген жактар менен операцияларына чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.  

 

3. КРЕДИТ/ТРАНШ БЕРҮҮ ТАРТИБИ 

 

3.1. Кредиттик линиянын алкагында Кредит/Транш алуу үчүн Банк Кредит/Транш суммасын, мөөнөтүн жана аны камсыздоо катары сунушталып жаткан активдер тизмегин көрсөтүү менен Улуттук банкка Кредит/Транш берүү жөнүндө билдирме сунуштоого тийиш. 

Банктын Кредит/Транш берүү жөнүндө билдирмесине негизги талаптарга ылайык келүүсү тууралуу документтер жана маалыматтар кошо тиркелип сунушталууга тийиш. 

3.2. Кредит/Транш ушул Келишим түзүлгөн учурдан тартып ______ айдан ашпаган мөөнөт ичинде ордун жабуу шартында сунушталышы мүмкүн.  

3.3. Улуттук банк Банкка Кредит/Транш берүү жөнүндө тиешелүү Кредиттик келишимди тариздөө аркылуу Кредит/Транш сунуштайт жана анда анын өлчөмү (суммасы), мөөнөтү, пайыздык чени, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө шарттары аныкталат. Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде ушул Келишимге карата шилтеме камтылууга тийиш.  

3.4. Банк Улуттук банктын Кредит/Транш алуу боюнча зарыл документтерди сунуштоого тиешелүү бардык талаптарын так сактоого тийиш. Улуттук банк Банктан Кредит/Транш берүү жөнүндө билдирмеге тиешелүү кошумча документтерди жана маалыматты талап кылууга укуктуу.  

3.5. Улуттук банк Кредит/Транш берүүгө тиешелүү бардык зарыл материалдар жана документтер Негизги талаптарга ылайык келишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана Кредитти/Траншты сунуштайт.  

Улуттук банк Банк тарабынан сунушталган документтердин толуктугун, негиздүүлүгүн жана талапка ылайык келишин карап чыккандан кийин, ушул Келишим шарттарын так сактоо менен өз ички жол-жоболоруна ылайык, Кредит/Транш берүү же аны четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат. 

3.6. Банк, кол коюлган Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык күрөө жөнүндө келишимдин каттоодон өткөндүгү жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын тастыктамасын Улуттук банкка сунуштагандан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Банкка Кредит/Транш сунушталат. Кредит/Транш Банкка күрөө келишимдерин ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүү жол-жобосу аяктаганга чейин да сунушталышы мүмкүн.  

 

 

4. КРЕДИТТИ/ТРАНШТЫ ЖАНА БАШКА СУММАЛАРДЫ ПАЙДАЛАНГАНДЫГЫ ҮЧҮН ПАЙЫЗДАРДЫ ЭСЕПТӨӨ, ЧЕГЕРҮҮ ЖАНА ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ  

 

4.1. Улуттук банк тарабынан сунушталган Кредитти/Траншты пайдалануу үчүн Банк Улуттук банкка пайыздарды төлөп берүүгө милдеттенет. Пайыздар, Банктын Кредиттин/Транштын негизги суммасы боюнча карыз калдыгына чегерилет.  

Улуттук банктын кредит боюнча пайыздык чени так аныкталган катары саналат жана жылдык ______ пайыз өлчөмүндө белгиленет.  

4.2. Кредитти/Траншты пайдалануу үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө ар айлык негизде жүргүзүлөт.  

4.3. Пайыздар, жыл ичиндеги 360 күндүн жана ай ичиндеги айкын күндөрдүн негизинде Кредитти/Траншты сунуштоо күнүнөн тартып (ошол күндү эске алуусуз) кредитти төлөө күнүнө чейин (ошол күндү кошо алганда) Кредит/Транш боюнча айкын карыз калдыгына жараша чегерилет. 

4.4. Кредит/Транш боюнча карыздын негизги суммасын жана чегерилген пайыздарды төлөө, ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү бүткөн жумуш күнүнөн кечиктирбестен ишке ашырылат.  

4.5. Айрым бир Кредит/Транш боюнча негизги карызды жана чегерилген пайыздарды төлөө тартиби Кредит/Транш берүү жөнүндө өзүнчө кредиттик келишимдерде аныкталат.  

 

4. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

5.1. Улуттук банктын укуктары жана милдеттери: 

 

5.1.1. Улуттук банк ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык, Кредитти/Траншты берүү боюнча бардык зарыл аракеттерди өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттенет; 

5.1.2. Улуттук банк, ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Банк өз милдеттенмелерин аткаруусу үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган кандай болбосун зарыл чараларды көрүүгө укуктуу. 5.1.3. Ушул келишимди колдонуу мезгили ичинде Улуттук банк Банктын финансылык абалын, ачык кредиттик линия боюнча камсыздоонун аьалын, Кредиттин/Транштын максаттуу пайдаланылышын текшерүү жагында иш-чараларды жүзөгө ашырууга укуктуу.  

5.1.4. Улуттук банк мониторинг жүргүзүү жана контролдоо максатында, Банктан кандай болбосун зарыл маалыматты, анын ичинде ткредиттик линия боюнча камсыздоонун абалы, Кредиттин/Транштын максаттуу пайдаланылышы боюнча, анын ичинде Банк тарабынан тастыкталган суммаларды чегерүү боюнча төлөм документтеринин көчүрмөлөрүн жана башка маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу.  

5.1.5. Улуттук банк, Банк ушул келишим жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууда жол берген бузуулардын же болбосо ушул Келишимдин жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин камсыздоосу катары Банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишим шарттарын жана жоболорун бузууга жол берүүнүн натыйжасында Улуттук банк тарткан чыгымдарды жана чыгашаларды кошо алганда, Кредиттин/Транштын негизги суммасы, ал боюнча чегерилген пайыздар, туумдар жана айыптык төлөмдөр түрүндөгү үстөк айыптар боюнча бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз суммасын акцептсиз (талашсыз) тартипте Банктын жактыруусун жана макулдугун алуусуз кайсы болбосун валютада (Банкка берилген Кредиттин/Транштын валютасынан көз карандысыз) алып коюуга укуктуу.  

5.1.6. Эгерде Банк Улуттук банктын кошумча камсыздону сунуштоо же болбосо ушул Келишимдин жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин камсыздоосу катары Банк тарабынан сунушталган күрөө предметин алмаштыруу боюнча талабы аткаырлбаса, Улуттук банк Кредит/Транш боюнча негизги усмманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды, өстөк айыптарды жана айыптык санкцияларды же болбосо камсыздоого жетишсиз эквиваленттеги тиешелүү сумманы кошо алганда, Банктын ушул Келишим жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча бүтүндөй карыз суммасын же анын бир бөлүгүн Банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебинен акцептсиз (талашсыз) тартипте алып коюуга укуктуу.  

5.1.7. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары акцептсиз (талашсыз) тартипте алууда/чыгарууда Улуттук банк тарабвынан банкка берилген валютага алынган/чыгарылган акча каражаттарын ковертирлөө (которуу) Улуттук банк тарабынна белгиленген расмий курска ылайык ишке ашырылат.  

5.1.8. Улуттук банк, ушул Келишимде, Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде жана Улуттук банк менен Банк ортосунда ушул Келишимге ылайык түзүлгөн күрөө келишиминде каралган жагдайларда Банк тарабынан Улуттук банкка сунушталган күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу.  

5.1.9. Улуттук банк кайсыл болбосун төмөнкү учурларда, бир тараптуу негизде Кредит/Транш берүүдөн баш тартууга жана/же аны берүүнү токтотуп турууга жана/же ушул Келишим жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын талап кылууга, анын ичинде Кредит/транш боюнча негизги карызды, аны пайдаланган айкын мехгил үчүн пайыздарды жана ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банкка төлөнүүгө тийиш болгон башка суммаларды төлөөнү талап кылууга укуктуу: 

1) Банк Кредитти/Траншты максатсыз пайдаланган учурда; 

2) Банк ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банк тарабынан Банктан талап кылынган документтер жана маалымат сунушталбаса же өз убагында сунушталбаса; 

3) Банк ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса; 

4) Банк Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык карыздын ордун жабуу графигин бузууга жол берген шартта; 

5) эгерде Банк, ушул келишимге ылайык Улуттук банк тарабынан ачылган кредиттик линиянын камсыздоосу катары Банк тарабынан сунушталган, Банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн Күрөөлүк мүлк жөнүндө келишимдин жоболору бузууга жол берилсе; 

6) эгерде расмий маалыматтарга негизденген же Улуттук банктын пикири боюнча олуттуу катары таанылган, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Банктын финансылык абалы начарлагандыгы жана/же Банк ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык өз милдеттенмелерин аткарбашына же талаптагыдай аткарбашына алып келиши мүмкүн болгон башка жагдайлар орун алгандыгы тууралуу маалымат берилсе; 

7) эгерде Банктын ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банкка сунушталган маалыматы такталбаган, толук эмес/бурмаланган дана/же жалган катары таанылса.  

5.1.10. 5.1.9-пунктта көрсөтүлгөн талаптар жөнүндө Улуттук банк Банкка кат жүзүндө билдирет.  

Эгерде Улуттук банк 5.1.9-пунктта көрсөтүлгөн себептер боюнча Кредит/Транш берүүнү токтоткон шартта, ал ушул Келишимге ылайык ачылган кредиттик линия борюнча Кредиттөө лимитинен Эркин калдыктан пайдаланууга Банкка бир тараптуу негизде тыюу салууга укуктуу жана Банктан Кредит/Транш боюнча негизги сумманы, айкын пайдалангандыгы үчүн пайыздарды мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылышы мүмкүн, бул тууралуу Улуттук банк Банкка кат жүзүндө маалымдайт. Банк Улуттук банктын кат жүзүндөгү билдирмесинде белгиленген талапты, эгерде анда мөөнөтү көрсөтүлбөсө, тиешелүү билдирме алган учурдан кийинки 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен аткарууга тийиш.  

Улуттук банк кредиттик линия борюнча Кредиттөө лимитинен Эркин калдыктан пайдаланууга бир тараптуу негизде тыюу салган шартта, мындай өзгөрүү Улуттук банктын кат жүзүндөгү билдирмесинде белгиленген күндөн тартып күчүнө кирет. 

5.2. Банктын укуктары жана милдеттери: 

5.2.1. Банк ордун жабуу пландаштырылганга чейинки үч мушу күнү мурда Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала билдирүү менен негизги карызды жана/же ушул Келишим жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча пайыздарды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу.  

5.2.2. Банк Улуттук банктан ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык алган акча каражаттарын ушул Келишимдин 2.5-пунктунда жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин тиешелүү пункттарында белгиленген максаттарда гана пайдаланууга милдеттүү.  

5.2.3. Банк Улуттук банктын ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык талаптарды, анын ичинде Улуттук банк тарабынан ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык талап кылынган маалыматты жана документтерди мөөнөтүндө сунуштоону, талаптагыдай жана толук көлөмдө сунуштоо талабын аткарууга милдеттүү.  

5.2.4. Ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде Банк ушул Келишимге ылайык, Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткарүү үчүн сунушталган мүлктү жана/же талап кылуу укугун кайра күрөөгө коюуга жана башка бирөөгө өткөрүп берүүгө укугу жок.  

5.2.5. Банк ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык, төлөө графигинин негизинде алынган Кредит/Транш боюнча негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттенет.  

5.2.6. Банк, ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банк алдында өз милдетенмелерин аткаруу үчүн Банк тарабынан сунушталган күрөөлүк мүлктүн сакталышын жана бүтүндүгүн камсыздоо боюнча бардык зарыл чараларды өз убагында жана толук көлөмдө көрүүгө милдеттенет. 

5.2.7. Банк ушул Келишим жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга, анын ичинде сунушталган Кредит/Транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана башка суммаларды төлөөгө кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар тууралуу, анын ичинде төмөнкү жагдайлар тууралуу дароо Улуттук банкка билдирүүгө милдеттенет: 

- Банкка карата ушул Келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн Кредиттөө лимити суммасына барабар же 10 (он) пайызынан ашкан суммага үчүнчү жактардын кине коюулары жана/же доо арызы жөнүндө; Банк ушул Келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн Кредиттөө лимити суммасына барабар же 10 (он) пайызынан ашкан суммадагы акча каражаттарын төлөө үчүн жооптуу же кошо жооптуу катары катышкан соттук териштирүүлөр жөнүндө; ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Банкка карата колдонулган мажбурлоо чаралары жана снакциялар жөнүндө жана Банктын Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар тууралуу; 

- Банктын мүлкүнө, анын ичинде Банк тарабынан күрөө келишимине ылайык Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн сунушталган мүлккө арест коюлса. 

5.2.8. Банк Кредит/Транш богюнча негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды ушул Келишимде жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттү толук өлчөмдө, анын ичинде эгерде ушул Келишимдин 5.1-пунктунун 9-пунктчасында белгиленген жагдайлар келип чыккан шартта Улуттук банк Банкка кат жүзүндө тиешелүү билдирме жөнөткөн учурда ушул Келишимдин 5.1-пунктунун 10-пунктчасына ылайык мөөнөтүнөн мурда ордун жабууга. 

 

5. КРЕДИТТИК ЛИНИЯ БОЮНЧА ӨЗ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИНИН АТКАРЫЛЫШЫН КАМСЫЗДОО 

 

6.1. Банк тарабынан ал пайыздарды ушул Келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык алган Кредит/Транш борюнча негизги карызды, чегерилген пайыздарды, башка жыйымдарды/төлөмдөрдү, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды жана башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча милдетенмелерин аткаруунун камсыздоосу катары Банкка Күрөө жөнүндө келишиндин негизинде таандык болгон _______________ саналат. Банк тарабынан Улуттук банкка өткөрүлүп жаткан мүлктүн так тизмеги Банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө келишиминде көрсөтүлөт.  

6.2. Күрөө предмети болуп саналган Банктын мүлкү Банктын башка мүлкүнө алмашытырлышы мүмкүн.  

6.3. Күрөө келишиминде негизги милдет катары ушул Келишим шилтеме катары көрсөтүлүүгө тийиш.  

6.4. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдар талаптарына ылайык катоодон өткөртүлүүчү күрөөлүк мүлк Банк тарабынан ыйгарым укуктуу органда күрөө келишиминде көрсөүтлгөн мөөнөт ичинде катталууга тийиш. 

6.5. Эгерде Банк ушул Келишимде жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде белгиленген өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, ошондой эле башка жагдайларда Банк милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган күндөн кийинки күндөн тартып Улуттук банкка дароо анын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен карыздын ордун жабууга зарыл болгон сумманы, анын ичинде негизги сумманы, чегерилген пайыздарды, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюуга укук берет. 

Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен карыздын ордун жабууга зарыл болгон суммадагы акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюуга сунушталган укугу ал Улуттук банктан алган Кредит/Транш боюнча кошумча камсыздоосу болуп саналат.  

Улуттук банк бул укукту ушул Келишим жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз талаптарын толук көлөмдө, күрөөнүн бар же жок экендигине карабастан колдонууга укуктуу.  

6.6. Улуттук банк өз талаптарын күрөө келишиминде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган шарттарда жана талаптарга ылайык, Банк тарабынан сунушталган күрөөнүн эсебинен соттон тышкаркы өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу жана соттон тышкары сатып өткөрүү аркылуу толук көлөмдө канаттандырууга укуктуу.  

Банк тарабынан сунушталган күрөөлүк мүлктү сатуудан алынган сумма өз талаптарын канааттандырууга жетишсиз болгон шартта, Улуттук банк Банктын скайсыл болбосун башка мүлкүнүн эсебинен канаттандырышы мүмкүн. 

6.7. Банк/күрөө коюучу кандайдыр бир жолдор менен кандайдыр бир формада Улуттук банкка күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө, ошондой эле каражаттарды Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен акцептсиз (талашсыз) тартипте алып салуу боючна чараларды көрүүгө каршылык көрсөтүүгө укугу жок. Эгерде мындай чараларды көрүүгө Банк каршылык көрсөткөн болсо, Улуттук банк өз талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте толук көлөмдө канаттандырууга укуктуу. Бул учурда Улуттук банктын бардык тиешелүү чыгашалары, анын ичинде соттук чыгашалар Банк/күрөө коюучуга жүктөлөт.  

 

7. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

 

7.1. Улуттук банк ушул келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык, кредит берүү боюнча өз милдеттенмелерине жоопкерчилик алат.  

7.2. Улуттук банк ушул келишимдин 3.6-пункту менен каралган мөөнөттө банктын Улуттук банктагы корреспонденттик же атайын ачылган эсебине өз убагында ага берилүүчү Кредит/Транш чегербеген шартта, берилүүчү Кредит/Транш суммасынын 0,1% өлчөмүндө бир жолку айып төлөйт.  

7.3. Ушул келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык алынган кредиттик каражаттар банк тарабынан максатсыз пайдаланылган шартта, Банк Улуттук банкка келишимдерге ылайык алынган Кредит/Транш суммасынан 0,1% өлчөмүндө бир жолку айып түрүндөгү үстөк айып төлөйт. Мында, банк Улуттук банктын бул тууралуу тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирмесин алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде үстөк айыбы кошулган Кредит/Транштын бардык суммасын кайтарып берүүгө милдеттүү.  

7.4. Банк тарабынан Кредит/Транштын негизги суммасын жабуу үчүн төлөмдү, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана келишимдерден улам келип чыккан төлөмдөрдү өз убактысынан өткөрүп же толук төлөбөгөн учурда, банк, мөөнөтүнөн өткөрүп жиберилген күндөн баштап анын ордун толук жабууга чейинки ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн 0,1% өлчөмүндө туум түрүндө үстөк айып төлөйт. 

7.5. Мөөнөтүн өткөрүп жиберүү карызы боюнча пайыздар анык күндөрүнүн негизинде чегерилет. 

7.6. Банк кредитти максаттуу пайдалануу боюнча отчетторду жана ушул келишим жана банк менен Улуттук банк ортосунда келишилген күрөө жөнүндө макулдашууда каралган күрөө менен камсыз кылуу боюнча маалыматты, ошондой эле ушул келишимге жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик макулдашууга ылайык Улуттук банк тарабынан талап кылынуучу башка маалыматтар жана документтер белгиленген мөөнөтү же формасы бузулагн шартта берилсе, же болбосо толук эмес, мазмуну өзгөртүлүп же туура эмес берилген учурда, Банк Улуттук банкка ушул келишимдин 2.1.-пунктунда көрсөтүлгөн отчетторду/маалыматты талаптагыдай берилбеген ар бир учуру үчүн Кредиттөө лимитинин суммасынан 0,01 пайыз өлчөмүндө Улуттук банкка айып төлөп берет.  

7.7 Айыптарды жана туумдарды төлөтүү банкты ушул келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.  

7.8. Банктын Улуттук банктан алган акча каражаттарын кайтарган мөөнөтүн кошо алганда, ал эми ушул келишим боюнча, анын ичинде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда, ушул келишимдин мөөнөттөрүн пролонгациялоо Улуттук банк Башкармасынын чечиминин негизинде гана ишке ашырылат.  

 

8. ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР, КЕПИЛДИКТЕР 

8.1. Банк, ушул келишимге кол коюу менен тастыктайт жана төмөндөгүлөргө кепилдик берет: 

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча юридикалык жак болуу менен, ал өзүнүн атынан ушул келишимди жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимди түзүүгө укуктуу; 

б) ушул келишимдин жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин мазмуну, жана алардын шарттарын талаптагыдай аткаруу, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана кайсы болбосун ченемдик укуктук актыларын, Банкка жана банктын уставына тиешеси бар соттун чечимин бузууга себеп болбойт; 

в) Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген “Акыркы инстанциянын кредити жөнүндө”жобонун талаптары менен толук таанышып чыкты. 

8.2. Тараптардын, жердин силкинишин жана башка табият кубулуштарын кошо алганда тике жана кыйыр түрдө көрсөтүлүүчү алдын ала болжолдоого жана алгылыктуу аракеттер менен ага бөгөт коюуга мүмкүн болбогон күтүүсүз жагдайлардан (форс-мажор) улам ушул келишим жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин мөөнөтүндө аткаруусу ушул келишимдин 7.8. пункту менен каралган шарттарды сактаган учурда гана жылдырылат. Мындай жагдайларга мамлекеттик органдардын аракети жана чечими, эл аралык келишимдердин күчүнө кириши, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын кабыл алынышы, согуштук аракеттер жана ушул келишимдин тараптарынын контролдоо мүмкүнчүлүгүндө болбогон жана келишимдердеги өз милдеттерин аткаруусуна бөгөт коюучу массалык баш аламандыктар кирет. Бул жагдай аталган форс-мажордук жагдайлар башталгандан кийин аткарыла турган келишимдердин бүтүндөй мөөнөт ичинде же алардын бөлүгүн аткаруусуна гана таасирин тийгизет. 

8.3. Ушул келишимдеги эки тарап ушул келишим жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук жаратуучу форс-мажордук жагдайлардын башталышы жана аякташы жөнүндө токтоосуз 2 жумуш күнү ичинде бири-бирине оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. 

8.4. Эгерде форс-мажордук жагдайга кириптер болгон тарап мындай кесепеттерди четтетүү үчүн өз убагында бардык керектүү чараларды көрүп, анын себебинен тараптардын бири ушул келишимдин жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калса, анда келишимдерди бузгандык катары каралбайт. 

 

9. ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮНҮН ТАРТИБИ 

 

9.1. Ушул келишимди аткаруу процессинде тараптар ортосунда келип чыгуучу талаштар, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында Тараптардын өз ара сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынат. 

9.2. Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөргө жетишүү мүмкүн болбогон шартта, Тараптар ортосундагы талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 

 

10. КОРУТУНДУ ШАРТТАР 

 

10.1. Улуттук банк жана банк ортосундагы бардык мамилелер купуялуулук мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул келишим менен тике каралган учурлардан тышкары, ушул келишимди колдонуу мезгилинде Тараптар бири-биринен алган маалыматтарын үчүнчү жактарга билдирүүгө укугу жок. 

10.2. Купуя маалымат расмий жалпыга жеткиликтүү болгон маалыматтарды, ошондой эле билдирүүлөрдө жана отчеттордо, жарнамалык билдирүүлөрдө жана башка материалдарда камтылган маалыматтарды камтыбайт. 

10.3. Банк Улуттук банкка ушул келишим жана Кредитти/Траншты берүү боюнча Улуттук банк алдында өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурларда ушул келишим боюнча үчүнчү жактарга маалыматты ачууга укук берет. 

10.4.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул келишим жана Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугу жана милдеттерди кошо алганда ушул статья менен каралган укуктарга жол берүү учурларында купуялуулук жөнүндө жобо.  

10.5. Келишимге ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуучу кошумча келишимдерди же болбосо каттар менен алмашуу жолу боюнча Тараптардын эки тараптуу келишими боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

10.6. Ушул келишимде каралган учурларды эске албаганда бир тараптуу тартипте ушул келишим өзгөртүлбөшү, толукталбашы же бузулбашы мүмкүн. 

10.7. Ушул келишимдин бардык шарттары жана жоболору Тараптардын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат. 

10.8. Тараптар банктык реквизиттерин өзгөртүү күнүнө чейин 5 (беш) жумуш күнгө чейин бири-бирине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттенишет. Банктык реквизиттеринин өзгөргөндүгү жөнүндө убагында билдирбегендигине байланыштуу келип чыккан ушул келишимдин талаптагыдай аткарылбагандыгынын тобокелдиги үчүн, өзүнүн банктык реквизиттери өзгөргөндүгү жөнүндө башка Тарапка билдирбеген же өз убагында билдирбеген Тарап жоопкерчилик тартат. 

10.9. Тараптарды кайра түзүү же жойгон шартта, ушул келишим боюнча тараптардын бардык укуктары жана милдеттери Тараптардын укук өтүүчүлөрүнө өтөт. 

10.10. Ушул келишимдин негизинде түзүлгөн Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага ушул келишимдин бардык жобосу таркатылат.  

10.11. Ушул келишим Тараптардын экөөсү тең кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет жана ушул келишим менен Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча анда каралган мөөнөттө Улуттук банк алдындагы Банктын өз милдеттенмелерин толук аткарууга чейин колдонулат. 

10.12. Ушул келишим 3 (үч) түп нускада бирдей юридикалык күчкө ээ Тараптардын ар бири үчүн бирден, бир нускасы күрөөнү каттаган ыйгарым укуктуу органдар үчүн түзүлгөн.  

 

11. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

 

 

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

Бишкек шаары 

Чуй проспекти, 168. 

 

 

 

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААК/ЖАК 

Бишкек шаары, ____________көчөсү

Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби №_______  

Улуттук банктагы БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

ГНИ коду: _____ 

 

Кызмат орду_________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

20__жылдын «____»_______ 

№______ Кредиттик линия ачуу  

жөнүндө келишимге карата  

1-тиркеме 

 

 

№______ Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимге карата 

№ ______ кредиттик келишим 

 

Бишкек шаары 20__жылдын «____»_______ 

 

Мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ________________ негизинде иш алып барган _______________ бир тараптан, жана мындан ары “Банк” деп аталуучу __________________ атынан ________________ негизинде иш алып барган _______________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимди (мындан ары “Кредиттик келишим”) түзүштү:  

 

1. Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишим предмети  

1.1. Улуттук банк, 20____-жылдын “___”________Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимдин (мындан ары - Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишим) жана Кредиттик келишимдин негизинде аталган келишимдерде каралган шарттарда Банкка ___________ (суммасы жазуу жүзүндө) сом суммасында Кредит/Транш сунуштайт. 

 

2. Кредит/Транш сунуштоо шарттары 

2.1. Кредит/Транш ____ ай мөөнөтүнө, ___________ тартып __________ чейин сунушталат.  

2.2. Кредитти/Траншты сунуштоо күнү катары ал боюнча акча каражаттары Банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик же атайын ачылган эсебине чегерилген күн саналат. 

2.3. Банк ушул Кредиттик келишимге ылайык Улуттук банктан талап кылган Кредит/Транш боюнча күрөө жөнүндө келишимдер тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөндүгү жөнүндө тастыктамаларды Улуттук банкка сунуштаган учурдан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Улуттук банк Кредит/Транш боюнча акча каражаттарын чегерет.  

2.4. Ушул Кредиттик келишимдин алкагында Улуттук банк тарабынан Банкка сунушталып жаткан кредиттик каражаттар максаттуу багытка ээ жана алар Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимдин 2.5-пунктунда каралган максаттарда жана ушул эле келишимдин 2.6-пунктунда каралган шарттарда пайдаланылышы мүмкүн.  

Банк тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген шарттар сакталбаган учурда, ага карата Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимде каралган чаралар колдонулат.  

 

3. Кредитти/Траншты пайдалануу шарттары 

3.1. Кредитти/Траншты пайдалануу үчүн Банк ушул Кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүндөй мөөнөт ичинде жылдык ______ пайыз өлчөмүндө белгиленген пайыздык ченди Улуттук банкка төлөйт.  

3.2. Кредитти/Траншты пайдалануу үчүн чегерилген пайыздарды төлөө ар ай сайын жүргүзүлөт. Пайыздар Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимге ылайык чегерилет.  

3.3. Кредит/Транш боюнча карыздын негизги сумманы төлөө Банк тарабынан ушул Келишимдин 2.1-пунктунда белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин ишке ашырылат. 

3.4. Кредит/Транш боюнча бүтүндөй негизги сумманы жана пайыздарды төлөө, Банк тарабынан ушул Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык (ушул Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) жүргүзүлөт.  

3.5. Кредиттин/Транштын негизги суммасы жана чегерилген пайыздар боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөр _______жылы жүзөгө жүргүзүлөт.  

3.6. Кредиттин/Транштын негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды жана/же башка төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ж.б.) төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, ал майрам, иштебеген же дем алыш күндөрүнөн кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

3.7. Кредит/Транш боюнча пайыздар жана башка төлөмдөр жыл ичиндеги 360 күндүн негизинде жана ай ичиндеги айкын эсеп санына жараша чегерилет.  

Банк, Кредит/Транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана башка төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ж.б.) Улуттук банктагы тиешелүү эсепке которот (негизги карыз боюнча сумма №_____________, пайыздык төлөмдөр боюнча сумма №__________________). 

 

4. Күрөөлүк камсыздоо 

4.1. Ушул Кредиттик келишим жана Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишим боюнча Кредиттик келишимдин негизинде Банк тарабынан алынган Кредит/Транш боюнча карыздын негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды, башка жыйымдарды/төлөөлөрдү, айыптык төлөм түрүндөгү үстөк айыпты, туумдарды жана башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун күрөөлүк камсыздоосу катары _________________ саналат. Банктын ушул Кредиттик келишимде жана Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимде каралган милдеттенмелеринин камсыздоосу катары Улуттук банкка өткөрүлүп берилген мүлктүн так тизмеги Банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлөт.  

 

5. Башка шарттар 

5.1. Ушул Кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, Тараптардын укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимге ылайык жөнгө салынат.  

5.2. Кредиттик келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жазуу жүзүндөгү кошумча келишимди түзүү аркылуу киргизилет. 

5.3. Бул Кредиттик келишим, анын ичинде ага карата 1-тиркеме Улуттук банк менен Банк ортосунда түзүлгөн Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) түп нускада түзүлгөн. 2 (эки) нускасы Тараптардын ар бири үчүн бирден, 1 (бир) нускасы күрөөнү катоону жүзөгө ашырган тиешелүү ыйгарым укуктуу органга сунушталат.  

 

6. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ  

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101. 

 

 

 

Кызмат орду__________________ 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары, ______________көчөсү 

Улуттук банктагы коррэсептин №_______  

БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык кызматынын коду: _____ 

Кызмат орду_________________ 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

20__жылдын «____»_______ 

№______ Кредиттик келишимге карата 

1-тиркеме 

 

 

Кредитти төлөө графиги 

 

Кредиттин суммасы: _______________сом 

Пайыздык чен (жылдык):_____% 

Пайыздарды төлөө: ар ай сайын 

Эсептик жыл: 360 күн 

Кредиттин мөөнөтү:_____күн 

Кредит берүү күнү: 20__-жылдын «__»______ 

Кредиттин ордун жабуу күнү: 20__-жылдын «__»______ 

 

 

Айлар  

Төлөө күнү 

Пайыздарды төлөө

Негизги сумманы төлөө 

Бардыгы болуп төлөөгө 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында  

 

 

 

 

* пайыздарды эсептөөдө кредит пайдаланылган айкын күндөрдүн саны алынат.  

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(кол амгасы)______________М.О. 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК  

 

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(кол амгасы)______________М.О. 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

20____-жылдын “__”_____ №___ 

токтому менен бекитилген 

“Акыркы инстанциянын кредити 

жөнүндө” жобого карата 

2-тиркеме 

 

20__-ж. ____ Акыркы инстанциянын кредиттин 20-ж. _____ № ___ траншынын максаттуу аткаргандыктары жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

Операцияны өткөргөн дата  

Операциянын максаты 

Эсептин №  

Берилген сумма (сом) 

 

 

 

 

Жыйынтыгында:  

 

 

 

 

 

Банктын башкы бухгалтери ________________ 

(кол амгасы) 

________ сом өлчөмүндөгү транштын максаттуу аткаргандыктарын тастыктайм. 

 

___________________________________________ ________________ 

Кызмат орду (кол амгасы)