Кайта келүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын 

2017-жылдын_______№____ 

Башкармасынын Токтомуна 

Тиркеме 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө

ЖОБО 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо (мындан ары Жобо), банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын, анын ичинде ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан же «ислам терезесине»" ээ банктардын, Улуттук банк тарабынан лицензия алган банк эмес финансы-кредиттик уюмдардын, адистештирилген финансы насыялык уюму "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсын кошуп эсептегенде, андан тышкары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар) аудити үчүн минималдуу талаптар (критерийлер) белгиленген. 

2. Ушул Жобонун максаты болуп аудитордук уюмдардын тейлөөлөрүн тартуу боюнча банктын кызматын эффективдүү уюштуруу, аларды тандоо боюнча жалпы кабыл алган тартибтерди жайылтуу, кызыкчылыктардын кагылышуусуна тыйуу салуу жана аудитордук тейлөөлөрүн берүүдө банктын аудиторлору тарабынан көз карандыктын сакталышын камсыздоо саналат. 

3. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат: 

Банктын тышкы аудити - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүү тууралуу пикирин билдирүү максатында банктардын финансылык отчеттуулугун жана башка маалыматын көзкарандысыз текшерүү (аудит). 

Банктын тышкы аудитору - Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык түзүлгөн көзкарандысыз аудитордук уюм (анын ичинде аудитордук текшерүү группасына кирген аудиторлор). 

Аудитке карата талаптар банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудитордук компанияга, анын штатына, тартылган аудиторлорго (жеке адамдар жана юридикалык жактар), аудитордук текшерүүгө (кайсыл болбосун баскычында), аудитордук корутундуга коюуга тийиш болгон талаптарды камтыйт. 

Банктын маалымат системаларынын тышкы аудити тышкы аудитор тарабынан банктын өздүк системасына жана маалымат коопсуздугуна законго ылайыксыз кийлигишүүдөн жана бөлөк коркунучтардан (тобокелдиктер) камсыз кылуу боюнча, банктын техникалык регламенттерин жана талаптарын көз карандысыз текшерүү.  

Кызыкчылардын кагылышуусу банктын финансы отчеттунун шексиздиги тууралуу банктын тышкы аудиторунун кызыкчылыгы анын пикирине таасир тийгизе турган мүмкүндүү ситуация.  

Банктын тышкы аудиторунун көзкарандысыздыгы - банктын тышкы аудиторунун өзүнүн корутундуларынын, тыянактарынын натыйжаларына кимдир бирөө кийлигишпестен өз алдынча, көзкарандысыз жана банктын тышкы аудитору пикирин билдиришине тыштан ар кандай таасир этүүнү жокко чыгарган шартта аракеттенүү жөндөмдүүлүгү.  

Банктын аткаруучу кызмат адамдары, банк менен байланыштуу жактар жана аффилирленген компаниялар, банктын олуттуу тундуу компаниясы же банктык холдингдик компания, ислам банкы, «ислам терезесине» ээ банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптери, Шариат кеңеши терминдери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мааниге ээ.  

 

2. БАНКТЫН ТЫШКЫ АУДИТИНЕ ТАЛАПТАР 

 

4. Банктын иши аудиттин эл аралык стандарттарына, андан тышкары Кыргыз Республикасынын мызамдарында аныкталган тартибине жана ушул Жобого ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш.  

5. Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүргүзүлүүчү мамилелерде Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюм (AAOFI) иштеп чыгуучу стандарттары ислам финансы институттары үчүн аудиттин колдонулат. 

6. Олуттуу аспекттерди ачып көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында банктын тышкы аудитору банктын ички контролдоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле банктын ички аудит кызматы аныктаган банктын проблемалары жөнүндө маалыматты алуу үчүн банктын ички аудит кызматынын кызматкерлери менен консультацияларды жүргүзөт. Банктын тышкы аудитору банктын ички аудит кызматынын бардык материалдарынан жана отчетторунан пайдалана алат. 

7. Банк Жобонун талаптарына каршы келбеген банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, тышкы аудитти тартуу саясатын (жол-жоболорун) иштеп чыгууда, төмөнкү аныктамаларды эске алат: 

- банктын тышкы аудиторун тандоого критейлердин тизмеси;  

- тышкы аудиторду жалдоо шарттары;  

- финансы отчетунун аудити боюнча аудитордук уюмдун тейлөөлөрүн, андан тышкары банктын контролундагы уюмдарага жана банкка аудитордук эмес тейлөөлөрүн берүү боюнча төлөө шарттары жана тартиби. 

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен банктар банктын ички аудитин жүргүзүү үчүн аудитордук уюмду тандайт. 

9. Банктын тышкы аудитинин кызмат көрсөтүүсүнүн сапатынын көзкарашынан алганда алда канча алгылыктуу аудитордук уюмду тандоо үчүн кеминде үч аудитордук уюмдун ишин карап чыгуу сунуш кылынат. Тышкы аудитти жүргүзүү учурунда банктын тышкы аудитору тарабынан тартылган аудиторлордун курамы өзгөртүлбөө тургандыгы сунуш кылынат. Банк тарабынан тышкы аудитор дайындалган учурда, тандоо тышкы аудитордун кызмат көрсөтүүсүнө сарптоолорду минимумга жеткирүү көзкарашы менен гана чектелбестен, аныкталууга тийиш. 

10. Банктын Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна сунуштоо үчүн аудитордук уюмдарды жана талапкер аудиторлорду тандайт. Банк акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейинки токсон жумуш күнүнөн кечиктирбестен аудитордук уюм жана аудиторлорго талапкерлер тууралуу Улуттук банкка билдирет. Улуттук банк банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербегендер катары аудитордук уюмду жана аудиторго талапкерлерди четке кагууга укуктуу жана ал жөнүндө билдирүү келип түшкөн күндөн тартып, он жумуш күнүнөн кечиктирбестен банкка билдирет. 

11. Банктын Директорлор кеңеши банктын тышкы аудиторун тандайт, аудитордук уюм менен аларга төлөнүүчү гонорар боюнча, банкта тышкы аудитин жүргүзүү шарттары жагынан аудитордук уюм менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана банктын тышкы ауди тору жөнүндөгү материалдарды банктын акционерлеринин жалпы жыйналышынын кароосуна сунуш кылат.  

Аудитордук текшерүүнү жүргүзүү келишимин түзүүдө ушул Жобонун 5 жана 6 бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн талаптары болушу керек.  

12. Банктын тышкы аудиторун тандоо процессинде банктын Директорлор кеңеши аудитордук уюмдан ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн күбөлүктүн (далилдин) жана ошондой эле төмөндөгүлөрдүн болушун талап кылууга тийиш: 

а) ушул аудитордук акыркы үч жыл ичинде аудиттен өткөргөн башка финансы кредиттик мекемелердин жана башка уюм дардын тизмесин; 

б) аудитордук текшерүүнүн пландаштырылып жаткан масштабын, аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө иликтөөгө алынган мезгил аралыгы, банктын тышкы аудитин жүргүзүү графигин, ошондой эле даярдоо пландаштырылып жаткан отчетторду кошо алганда, сунушту. 

13. Банктын Директорлор кеңеши үч жумуш күнү ичинде төмөндөгүлөр тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө тийиш: 

а) банктын акционерлеринин жалпы жыйналышы тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин банктын же банктык холдингдик компаниянын тышкы аудиторун тандоо (дайындоо) жөнүндө.  

Бул билдирүүдө лицензиянын бардыгы (лицензиянын номери, берилген күнү, аракеттенүү мөөнөтү, ким тарабынан берилгендиги), аудитордук уюмдун телефондорун, аудитордук уюмдун жетекчисинин аты-жөнүн кошо алганда, юридикалык дареги; 

б) банктын тышкы аудиторунун алмашкандыгы, эгерде тышкы аудиторду алмаштыруу аудит жүргүзүлүп жаткан учурда жүзөгө ашырыла турган болсо, аны алмаштыруунун себептери жөнүндө

 

3. БАНКТЫН ТЫШКЫ АУДИТОРУНА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР 

 

14. Кыргыз Республикасынын аймагында банктардын аудиттик ишин жүзөгө ашыруу укугуна тиешелүү лицензиясы бар, банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берүүчү аудитордук уюм гана банктын тышкы аудитору боло алат.  

15. Тышкы аудитти жүргүзүүдө банктын тышкы аудитору Кыргыз Республикасынын мыйзамындарында жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды сактоого тийиш.  

16. Банктын тышкы аудитору көзкарандысыз, объективдүү, таламдардын пикир келишпестиктер орун алууда деп эсептөөгө негиз берген кырдаалдардан оолак болууга тийиш. 

17. Тышкы аудитор банктан көз карандысыз болууга тийиш, бул аудитордук корутундунун натыйжаларына, тыянактарга жана тышкы аудитор өз пикирин билдиришине сырттан кимдир-бирөөнүн таасирин жокко чыгарган шартта өз алдынча иш алып барууга жөндөмдүүлүктү түшүндүрөт. Тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө келишимде аудитордук уюмдун өзү же анын кайсы бир аудитору же башка кызматкери, банкта эч кандай кызыкчылыкка ээ эмес экендиги, ага көз каранды эместиги, банк жана анын кызматкерлери менен эч кандай мамилеси жоктугу тууралуу билдирүүсү чагылдырылууга тийиш.  

18. Аудитордук уюм жана аудитор банктан көз каранды эмес деп эсептелбейт, эгерде алар акыркы эки жылдын аралыгында: 

1) банктын же анын аффилирленген жактарынын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышы бар адамдардан болсо; 

2) банктын же анын аффилирленген жактарынын аффилирленген жактары болсо; 

3) банкка жана анын аффилирленген жактарына башка кызмат көрсөтүүлөрдү (атайын аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, ички аудит кызмат көрсөтүүлөрү) сунуштаган жактар болсо; 

4) банктын же анын аффилирленген жагынын кызматкери болсо; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

19. Банк, банктын тышкы аудиторуна шек саноосу орун алса, анын ичинде алардын шартында аудитордук уюм же кайсыл болбосун аудитор банктын аткаруу кызмат адамдарынын курамына кирген же банктын жетекчилигинин контролдугу алдында турган жагдай орун алса, аудитордук уюмду банктын тышкы аудитору катары ишке тартпоого тийиш. Банкты же банктык тобту аудиттен өткөрүү үчүн тандалган аудитордук компания: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында аудитти жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензияга жана кеминде үч жылдык иш тажрыйбага ээ болуу; 

- банктын көзкарандысыз болуу; 

- аудиттин эларалык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына, ошондой эле Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына ылайык, финансы-кредиттик мекемелерге аудитти жүргүзүү тажрыйбасына ээ болуу; 

- штаттагы же тартылган аудиторлорунун саны, алдыга коюлган милдеттердин сапаты жана өз убакта аткарылышына жетишерлик болуусу. 

20. Аудитордук уюмдун штаттагы же тартылган аудиторлору төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- аудит боюнча мыйзамдын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык квалификацияга; 

- финансы-кредиттик мекемелерге аудит жүргүзүүнүн кеминде үч жылдык тажрыйбасына; 

- аудиттин эларалык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык, финансы-кредиттик мекемелерге аудитти жүргүзүү тажрыйбасына ээ болуу; 

- банктык иш жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдар тармагында билиминин болушу; 

- ислам принптери боюнча иш жүргүзгөн банктардын аудитордук текшерүүлөр, ислам каржылоо приниптери менен иш алып барган финансы-кредиттик мекемелерге аудит жүргүзүүнүн кеминде үч жылдык тажрыйбасына ээ болуу, AAOFI тарабынан бекитилген стандарттарын билүү

21. Аудитордук компаниянын маалымат системасынын штаттагы же ишке сырттан тартылган аудиторлору төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- квалификациялык сертификаттарга (CISA, CISM ж.б.); 

- финансы-кредит мекемелеринин маалымат системасына аудит жүргүзүү жагында тажрыйбага. 

22. Банктын тышкы аудити бир эле аудитордук уюм тарабынан катары менен беш жылдан ашык жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Ротациялоо мөөнөтү банктын акционерлеринин жалпы жыйналышы банктын тышкы аудитин тандоо (шайлоо) боюнча чечим кабыл алууга тийиш болгон күнгө карата акыркы арааттуу келген беш жыл эсебинен аныкталат. 

23. Эгерде, банк тобуна кирген эл аралык холдингдик компания үчүн алар каттоодон өткөн өлкөлөрдүн мыйзамдарында тышкы аудиторду ротациялоонун, ушул Жободо белгиленгенден айырмаланган мөөнөтү каралган болсо, банктык топтун курамына кирген банктын өтүнүчү боюнча ротациялоо мөөнөтү узартылышы мүмкүн.  

 

4. БАНК КУРАМЫНЫН АУДИТИ  

 

24. Аудиттен өтүп жаткан топту чагылдырган банктар, банктык холдингдик компания же башкы компания жана туунду компаниясы Кыргыз Республикасынын аудиттик ишкердик жөнүндөгү лицензияга ээ жана ушул Жобонун талаптарын канааттандырган шартта көзкарандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан милдеттүү түрдө ар жылдык аудиттен өтүүгө тийиш.  

25. Банктын же банктык тобтун аудити консолидацияланган негизде жана ар бир компания үчүн өзалдынча өткөрүлөт. Банктык тобко аудит бир аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. 

26. Улуттук банк, банктын жана анын аффилирленген жагынын (аффилирленген жактарынын) өтүнүчү боюнча, эгерде банк же аффилирленген жак далил берип жана Улуттук банк төмөндөгү шарттардын орун алгандыгын тааныса, 27-пунктунда көрсөтүлгөн талапты алып салышы мүмкүн: 

а) аудиттен өткөрүлүп жаткан бардык жактар үчүн банктын финансылык абалына жагымсыз жагдайларды жаратышы мүмкүн болгон аудиттин наркынын жогору болгондугуна байланыштуу бир эле аудитордук топ тарабынан өткөрүүнүн мүмкүн эместиги же аудиттен өткөрүлүп жаткан бардык топту белгиленген мөөнөт ичинде аудиттен өткөрү алган аудитордук уюмдун жоктугу; 

б) банк же анын аффилирленген жагы тарабынан ушул пунктта келтирилген талаптарды аткаруу үчүн бардык күч аркет жумшалган болсо; 

в) Улуттук банк тарабынан аудитти ар кайсы аудиторлор тарабынан жүзөгө ашырылышына уруксат берүүсү банктын же банктын аффилирленген жагынын же бүтүндөй банктык топтун аудитине жагымсыз жагдайларды алып келбесе. 

27. Аудиттен өткөрүлүүгө тийиш болгон ар кайсы жактарга аудит өткөрүшү мүмкүн болгон бардык аудитордук уюмдар бири-бирине иш документтери жана банктын жана аффилирленген жактын аудитине байланыштуу корутундуну, аудитти өткөрүү учурунда маалыматтарды алмашуу жана алардын аудитордук корутундусуна байланыштуу өзара аракеттенишүү туурасында кат жүзүндө келишишмейинче Улуттук банк аудиттен өткөрүлүүчү топко кирген бардык жактарды аудиттен өткөрүү талабын алып кое албайт. 

28. Банктык топко жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча тобтун ар бир катышуучусу боюнча жана консолидацияланган отчет/корутунду түзүлөт. 

 

5. ФИНАНСЫ ОТЧЕТУНУН АУДИТИ  

 

29. Финансылык жыл аяктагандан кийин банк жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кечикпеген мөөнөттө банктын тышкы аудитин жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү

30. Тышкы аудитор финансы отчетун берүүдө белгиленген принциптердин (финансы отчетунун эл аралык стандарттарынын) баардык олуттуу аспектилери банктын финансы отчетуна бардык жагынан шайкеш келүү пикирин билдирет.  

31. Тышкы аудиторго банктын финансы отчету олуттуу бурмалап көрсөтүүгө шек кылуусун жана финансы отчетунда колдонулган принциптердин кырдаал жана маалыматт катышынын пайдалануусун карап чыгуу зарыл, андан тышкары: 

а) тобокелдиктерди көрсөтүүсүн баалоо жана алар толугу менен финансы отчетуна таркалышы жана потенциалдуу көптөгөн бекитүүлөргө, банктын максаты жана стратегиясына таасир тийгизерин аныктоо, аны менен бирге ага байланыштуу олуттуу бурмалап көрсөткөн тобокелдиктерге алып келүүгө жөндөмдүү коммерциялык тобокелдиктер;  

б) тандоону жана учеттук саясытын колдоону, баардык өзгөртүүлөрдүн себебтерин кошо алып баалоо. Тышкы аудитор банктын учеттук саясаты анын коммерциялык иш алып баруусуна туура келерин жана финансы отчетутуна жана учеттук саясатта колдонулган принциптерине келиштүүсүн баалайт; 

в) банктын иш алып баруусунун финансы натыйжасын анализдөөнү жана балооону өткөрүү

32. Банктын тышкы аудитору банктын активдерин эсепке алуу жана классификациясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик талаптарына, эсепке алуу саясатына жана алгылыктуу банк тажрыйбанын жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык келиши. Бул максаттарда банктын тышкы аудитору төмөнкүлөр жагынан маалымат алуу үчүн зарыл болгон бардык жол-жоболорду аткарууга тийиш: 

а) кредит саясаты жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө сапаты банктын Кредиттик комитетинин ойдогудай иш алып баруусу аркылуу камсыз кылынат, кредиттик билдирмелерди карап чыгуу жол-жоболору бар, карыз алуучу жөнүндө зарыл жана жетиштүү маалыматты топтоо камсыз кылынат, кредиттердин өз учурунда кайтарылышы, анын ичинде банк менен байланыштуу жактар жана аффилирленген компаниялар тарабынан кайтарылып берилишине контролдук (мониторинг) жүргүзүлөт, ссудалардын төлөө мөөнөттөрүнүн узартылышынын зарыл негиздүүлүгү камсыз кылынат, доо ишин ойдогудай коюу жана жүргүзүү камсыз кылынат; 

б) кредиттик портфелди жана башка активдерди, анын ичинде баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо жүргүзүлөт жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жүргүзүлөт; 

в) банктын башка менчигин, анын ичинде күрөөлөрдү адекваттуу эсепке алуу жана баа берүү жүргүзүлөт; 

г) ссудалык карыздардын эсептери жана банктын "лоро" жана "ностро" эсептери боюнча калдыктар, депозиттерди эсепке алуу депозиттердин жана башка карыздардын белгиленген структурасына ылайык келе тургандыгы өз учурунда ырасталат; 

д) баалуу кагаздар рыногунда, ошондой эле ишеним боюнча башкарууну жүзөгө ашыруу учурунда кесиптик иштин түрлөрү адекваттуу эсепке алуу жана отчеттуулук жүзөгө ашырылат. 

33. Эсепке алуунун жана байланыштуу жактар жана аффилирленген компаниялар менен операцияларды ачып көрсөтүүнүн тиешелүү талаптарга ылайык келишин карап чыгуу зарыл. Бул максаттарда банктын тышкы аудитору төмөнкүлөр жагынан маалымат алуу үчүн зарыл болгон бардык жол-жоболорду аткарууга тийиш: 

а) байланыштуу жактар жана аффилирленген жактар менен операциялар белгиленген; 

б) бардык ушул операциялар тиешелүү түрдө банктын финансылык отчетунда тиешелүү түрдө чагылдырылган жана ачып көрсөтүлгөн шарттарды кошо алганда, байланыштуу жактар жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү уруксат жана саясат орун алган; 

в) байланыштуу жактар жана аффилирленген жактар менен операциялардын натыйжасында келип чыккан дебитордук карыз өз учурунда төлөнө тургандыгынын талашсыз далили бар; 

г) байланыштуу жактар жана аффилирленген жактар менен операцияларды иликтеп көрүү учурунда банк тажрыйбасында жалпы кабыл алынган (кредиттерге баа берүү, күрөөнү кабыл алуу ж.б.) сыяктуу этияттык чаралары сакталган. 

34. Маанилүү контрол чараларынын аудити үчүн тышкы аудитор изилдөөнүн жөүрүшүндө, алардын структурасын жана кошумча жол-жоболордун жардамы менен (уюмдун кызматчыларына сурап билүү жөнөтүү менен катар) бул контролдун чаралары практикага киргизилгендигин аныктайт. Банктын ички контролдугу системасынын адекваттуулугуна төмөнкү аспекттер боюнча маалымат алуу менен баа берүү

а) банкты башкаруу структурасынын банк аткарган операциялардын түрлөрүнө жана көлөмүнө адекваттуулугу (башкаруу органдарынын чечимдерди кабыл алууга катышуусу, жетекчилердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, структуралык бөлүмдөр жөнүндө жоболордун жана кызматтык нускоолордун болушу); 

б) бардык операциялар бухгалтердик эсепте чагылдырылышына жана ишенимдүү отчетту даярдоого контролдукту уюштуруу; 

в) банкта ички контролдун ишин уюштуруу; 

г) банктын туунду компанияларынын жана филиалдарынын ишине контролдукту уюштуруу; 

д) банкта тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу; 

е) банктын жаңы ички жол-жоболорун иштеп чыгуу же колдонулуп жаткан ички жол-жоболорун өркүндөтүү түрүндө, ошондой эле банктын ички контролдоо системасын жакшыртуу боюнча мурдагы аудитордук текшерүүнүн сунуш көрсөтмөлөрүн аткаруу. 

35. Тышкы аудитор төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча банк операцияларынын жана операция жүргүзүү жол-жоболорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик талаптарына ылайык келишин караштырат. Бул максатта банктын тышкы аудитору төмөнкүлөрдүн сакталышынын жана камсыз кылынышынын көзкарашынан алган текшерүү жүргүзүүсү зарыл: 

а) кагаз жүзүндөгү төлөм документтери алардын электрондук аналогдоруна ылайык келиши; 

б) төлөмдөрдү өз учурунда өткөрүү

в) электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү жана банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын жеке ачкычтары менен иштөө учурунда купуялык жана коопсуздук шарттары, аларды сактоо жана пайдалануу эрежелери; 

г) каражаттарды кардарлардын эсебине өз учурунда жана туура кошуу жана каражаттарды кардарлардын эсептеринен алып салуу; 

д) электрондук төлөмдөрдү өткөрүү учурунда маалыматты өз учурунда кабыл алуу жана берүү

е) чыгыш жана кириш электрондук төлөм документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттүн ичинде сактоо; 

ж) төлөм документтеринин реквизиттерин толтуруу боюнча талаптарды аткаруу. 

36. Банктын тышкы аудитору тарабынан банктын тышкы аудиторунун банктын финансылык отчеттуулугуна аудитти жүргүзүү учурунда алдамчылык жана каталар толук көлөмдө жана Аудиттин эларалык Стандарттарынын, Ислам финансылык институттары үчүн аудит стандарттарынын башка талаптарын аткаруусу.  

 

6. МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫНЫН АУДИТИ 

 

37. Банктар эки жылда бир жолу маалымат системасына аудит жүргүзүп турууга тийиш. Банктын маалымат системасынын тышкы аудитинин мөөнөтү банктын акыркы маалымат системасынын аудитин өткөрүлгөн күнгө карата акыркы арааттуу келген эки жыл эсебинен аныкталат. 

38. Банктын маалымат системаларынын төмөнкү талаптарга ылайык келүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жана баа берүүлөрдү жүзөгө ашыруу: 

а) Улуттук банктын, банктын маалымат коопсуздугуна тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптарына; 

б) банктын жетекчилиги тарабынан бекитилген маалымат системасынын ишине тиешелүү ички саясатынын/жол-жоболорунун талаптарына. 

39. Маалымат системасына тышкы аудитти жүргүзүүдө эң аз дегенде төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл: 

а) маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерге алардын белгиленген талаптарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын стандарттарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келиши көз карашынан иликтөөлөрдү жүргүзүү

б) маалымат системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча банктын стратегиялык документтерине, бизнес пландарга, саясаттарына жана жол-жоболоруна алардын шайкештигине, талапка ылайыктуулугуна жана актуалдуулугуна баа берүү максатында иликтөөлөрдү жүргүзүү

в) маалымат технологиясы процесстерин жөнгө салуу системасына, операциялык тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү

г) маалымат системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу системасына жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан шартта маалымат системасын калыбына келтирүү пландарына баа берүү

д) түйүндүн, операциялык системанын, тиркемелердин, маалымат базасынын, персоналдын коопсуздугун жана жалпы коопсуздукту камсыз кылуу деңгээлине баа берүү

е) филиалдарда маалымат системасынын коргоого алынышы деңгээлин кароого алуу; 

ж) автоматташтырылган системалардан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жана андагы бөлүштүрүү системасына баа берүү

з) банк персоналынын маалыматтык коопсуздук жагында маалыматын жогорулатуу деңгээлине баа берүү

и) интеллектуалдык менчик укугуна тиешелүү мыйзам талаптарынын сакталышы, лицензияланган программалык продукттарды колдонуу жагында маселелерди кароого алуу. 

 

7. ТЫШКЫ АУДИТОРДУН ОТЧЕТУН/КОРУТУНДУСУН БЕРҮҮ ТАЛАПТАРЫ  

 

40. Аудитордук корутундудагы маалыматтар аудиттин эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык чагылдырылууга тийиш. Анын менен бирге, финансы отчетунун эларалык стандартынына ылайык бардык колдонуучулары үчүн банктын финансы отчету боюнча аудитордук корутуму жалпы болуу керек.  

41. Финансылык жыл аяктагандан кийин банк төмөнкүлөргө милдеттүү

1) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге финансылык отчетту жана аудитордун банктын жетекчилигине жазган катын акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейинки беш жумуш күнүнүн ичинде берүүгө

2) акционерлердин жалпы чогулушунда банктын жылдык финансылык отчетунун жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кечиктирбестен бекитилишин камсыздоого; 

3) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилген финансылык отчетту жана аудитордун банктын жетекчилигине жазган катын жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз беш күндөн кечиктирбестен берүүгө;  

4) банктын жылдык финансылык отчетун (анын ичинде консолидацияланган отчетту) аудитордук корутунду менен бирге жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз жыйырма күндөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жана таризде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого. 

42. Улуттук банкка маалымат системасынан аудити аяктагандан кийин аудитордук аналитикалык отчетунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана аудитордун банктын жетекчилигине жазган катын беш жумуш күнүнүн ичинде берүүгө милдетүү.  

43. Банктар жарыялоо булактарын көрсөтүү менен үч жумуш күнү ичинде банктын отчеттору жарыяланган басылмалардын көчүрмөлөрүн Улуттук банкка берет.  

44. Банк милдеттүү аудитти жүргүзүү жана аудитордук корутундусу (отчет) менен финансылык отчетту жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо жөнүндө аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө тийиш. Билдирме финансылык отчет жарыялангандан кийин он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлүүгө тийиш.  

45. Улуттук банк, банктын, банктык холдингдик компаниянын жана банктык холдингдик компаниянын кайсыл болбосун олуттуу компаниясынын финансылык отчеттуулугунда банктын финансылык отчетуна тиешелүү аудитордун пикиринде билдирилген жетишпестиктерди банк, банктык холдингдик компания же анын туунду компаниясынын оңдоону талап кылат.  

46. Улуттук банк, эгерде аныкталган жетишпестиктер Улуттук банк тарабынан белгиленген мезгил аралыгында оңдолбосо, банктын жектекчилигине, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, аудит боюнча Комитеттин мүчөлөрүнө.контролдоочу акционерлерге жана/ же банктын өзүнө карата банктык мыйзамдарда белгиленген, лицензияны кайтарып алууга чейинки чараны колдонушу мүмкүн. 

47. Тышкы аудитор төмөнкүлөр жөнүндө билингенден тартып, бир жумуш күндүн ичинде алар тууралуу Банктын Башкармалыгына, Директорлор кеңешине жана Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

1) банктын туруктуулугуна жана бекемдигине коркунуч келтирүүчү фактылар табылгандыгы тууралуу; 

2) Убактылуу администрацияны киргизүү жана лицензияны кайра чакыртып алуу үчүн негиз болгон фактылар жөнүндө

3) банкты аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы аудитти жүзөгө ашыруудан баш тартуу чечими жөнүндө

4) алдамчылыктын же алдамчылык схемаларынын бети ачылгандыгы жөнүндө же акча каражаттарын “адалдоо” жана/же террорчулукту каржылоо боюнча операциянын белгилерине туура келген бүтүмдөрдүн табылгандыгы жөнүндө

5) тышкы аудиттин өтүнүчү боюнча кайсы бир маалыматты Улуттук банкка билдирүүдөн банктын баш тартып жаткандыгы жөнүндө

6) аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык банкта же аффилирленген юридикалык жакта олуттуу зыяндарга алып келиши мүмкүн болгон кемчиликтер же бузуулар табылгандыгы жөнүндө

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.Тышкы аудитор Улуттук банктын суроо-талабы боюнча банктык топко аудит жүргүзүүгө байланыштуу кандай маалымат болбосун ага берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтардын берилиши тышкы аудитти жүргүзүү учурунда купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу катары эсептелбейт.  

48. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө тышкы аудитор менен жолугушууга, ошондой эле алардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү маалыматтарды алууга укуктуу.  

49. Тышкы аудитор тарабынан мыйзам бузуулар фактысы орун алгандыгы туурасында тааныштырылган же банктын тышкы аудитин жүргүзүүдөн баш тарткан учурларда банктын жетекчилиги каттын көчүрмөсүн тышкы аудитке жөнөтүү менен мындай маалыматты алгандан кийин эки жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү. Бул маалымат банктын жетекчилиги тарабынан белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка берилбей калган учурда банктын тышкы аудитору банктын ишинде мыйзам бузуулар орун алгандыгы туурасында маалымат банктын жетекчилигине берилгенден кийинки төрт жумуш күнү ичинде Улуттук банкка түздөн-түз бул тууралуу билдирет. 

50. Эгерде Улуттук банк аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбейт деп тааныса, анда банк өз эсебинен кайрадан аудит жүргүзүүгө милдеттүү

 

8. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР  

 

51. Улуттук банк тышкы аудитордун корутундусун кабыл албастан, анан ичинде жалпы жылдык чогулушту өткөрүүгө чейин, эгерде төмөндөгүлөрдү камтыган жагдайлар келип чыкса банкка же аффилирленген жакка кайталап аудитти жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу: 

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр туралуу корутунду чыгарууга негиз болгон маалыматты жаап-жашырып коюу фактылары аныкталса; 

2) аудит лицензиясы жок аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылса; 

3) ыйгарым укуктуу орган тарабынан аудитордук уюмдун квалификациялык сертификаты кайтарылып алынган болсо; 

4) банктын көзкарандысыз тышкы аудитору жок болсо; 

5) тышкы аудитор тарабынан зарыл болгон стандарттар, аудитти, бухгалтердик эсепке алууну жана банк иши жүргүзүү тажрыйбасы сакталбаса жана/же аудитор ал жөнүндө билбесе; 

6) аудитордук уюмдун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген фактылар аныкталса. 

Жогоруда белгиленген жагдайлар аныкталган учурда Улуттук банк тиешелүү билдирүүнү банктын дарегине жөнөтөт. Банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык банктын тышкы аудитин кайталап өткөрүүгө тийиш. Кайталап аудит өткөрүү банктын же аффилирленген жактын эсебинен өткөрүлөт.  

52. Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптерге ылайык банктын тышкы аудиторуна банктын тышкы аудитине тиешелүү зарыл болгон материалдарды берүүгө да укуктуу. 

Банктын тышкы аудити Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууну жокко чыгарбайт жана аны алмаштырбайт. 

Банктардын жана филиалдардын ишине инспектордук текшерүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан зарыл болгон учурларда төмөндөгүлөрдү аткаруу үчүн көзкарандысыз аудитордук уюм жана/же жеке аудитор келишимдик негизде тартылышы мүмкүн: 

- жөнгө салуучу отчетторду түзүү үчүн банк пайдаланган ыкмаларды баяндоону; 

- башкарууну жана ички контролдоо системасынын адекваттуулугун баалоону; 

- ички контролдоо системасын (анын ичинде ички аудит кызматын кошо алганда) баалоону; 

- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык принциптерин, Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарын жолдоосуна баа берүүнү

- банктын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Улуттук банк ченемдик актыларына ж.б. ылайык келишине баа берүүнү

- операциялык тобокелдик категориясы катары маалымат системасында орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү

53. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк пландан тышкаркы аудиттин жүргүзүлүшүн банктан талап кылууга укуктуу. Мында аудитордук уюм сунуштаган кызмат көрсөтүүгө банк төлөп берет.  

54. Аудитордук пландан тышкаркы текшерүүнүн максаттары, милдеттери жана мөөнөтү Улуттук банк, банк жана аудитордук уюм тарабынан талкууланып, үч тарап тең кол койгон протоколдор таризделинет. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берген аудитордук уюм, аудитордук текшерүүнү жүргүзө алат. 

55. Банк, пландан тышкаркы аудиттин жүргүзүлүшүнө тиешелүү Улуттук банктын чечимине, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанууга укуктуу. Мында, Улуттук банктын чечимине банктын даттануусу ал чечимдин аткарылышын токтотууга тийиш эмес. 

56. Банктын аткаруучу кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү

- банктын тышкы аудиторуна аудитордук текшерүүнү өз учурунда жана толук жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө, аны жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык документтерди берүүгө, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө

- аудитордук текшерүү аныктаган, анын ичинде банкты ички контролдоо системасында бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү, финансылык отчеттуулукту түзүү боюнча эреже бузууларды четтетүүгө жигердүү катышууга. 

57. Банктардын аткаруучу кызмат адамдарына жана кызматкерлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

- банктын тышкы аудитинин натыйжалары боюнча негизделген, документтер жана эсептөөлөр менен ырасталган тыянактарды өзгөртүү максатында тышкы аудиторго таасир көрсөтүүгө

- банктын тышкы аудитин жүргүзүү учурунда айкындалууга тийиш болгон маселелердин чөйрөсүн чектөө максатында ар кандай иш-аракеттерди жасоого; 

- эгерде ал банктын тышкы аудитин жүргүзүү максаттары үчүн зарыл болсо тышкы аудитордун документтерге, отчетторго, банктын кызматкерлерине, ошондой эле банктын имараттарына жетишүүгө чектөө коюуга. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурда банктын тышкы аудитору алар жөнүндө банктын Директорлор кеңешине көчүрмөсүн берүү менен Улуттук банкка түздөн-түз кат жүзүндө билдирүүсү зарыл. 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын 

2017-жылдын_______№____ 

Башкармасынын Токтомуна 

Тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктарда, финансы-кредит мекемелеринде ички контролдук системасын жана ички аудитти түзүү боюнча  

ЭРЕЖЕЛЕР  

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Ушул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктарда, финансы-кредит мекемелеринде ички контролдук системасын жана ички аудитти түзүү боюнча эрежелери (мындан ары ЭРЕЖЕЛЕР) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктарда, депозиттерди тартуу менен иш алып барууга укуктуу болгон микрофинансылык компанияларында, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда жана башка микрокаржылык компанияларында, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК адистештирилген финансы-насыялык уюмунда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында (мындан ары  банк) ички контролдук системасын жана ички аудитти уюштуруу боюнча эрежелерин камтыйт.  

2. Жобонун максаты банктын ишин жана анын каржылык абалын банк Башкармасы, Директорлор кеңешини тарабынан натыйжалуу көзөмөл жүзөгө ашырууну камсыз кылган банкта тобокелдиктерди тескөө, ички контролдук системасын түзүүгө талаптарды аныктоо болуп саналат, ошонун ичинде төмөнкүнү камсыз кылуу жолу менен: 

- талаптагыдай корпоративдик башкаруу практикасын жана талаптагыдай ишке байланыштуу этикасын жана маданиятын; 

- банк жана анын кызматкерлери менен мыйзамдын жана белгиленген органдын ченемдик укуктук актыларын талаптарын сактоо; 

- банк жана анын кызматкерлери менен саясаттын жана банктын ички документтеринин талаптарын сактоо; 

- кабыл алынган тобокелдиктердин деңгээлине банктын капиталын туура келтирүүнү камсыз кылуу үчүн өз убагында тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү жолу менен натыйжалуу талаптагыдай башкаруу; 

- банк жана анын кызматкерлеринин ишинде кемчиликтерди өз убагында аныктоо жана аларды жоюу; 

- банкта кокустукка же күтүүсүз кырдаалдарды жөнгө салуу үчүн тийиштүү механизмдерин түзүү

3. Эрежелерде төмөнкү аныктамалар колдонулган: 

Ички аудит бул, бактын ички контролдук системасынын жетиштүүлүгүн (шайкештигин) жана натыйжалуулугун текшерүү жана ага баа берүү боюнча иш (көз карандысыз эксперттик милдет). Ички аудит, банктын ички контролдук системасын өркүндөтүү боюнча объективдүү баа берүүнүн жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн негизинде алардын натыйжалуу жана коопсуз ишин камсыз кылуу үчүн аудит жүргүзүү жана башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн көз карандысыз ички аудит кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат. 

Ички контролдук бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынына жана банктын ички документтеринине ылайык банктын тартиптүү жана натыйжалуу ишин ашырууга багытталган процесс. 

Банктарда ички контролдук системасы аталган банктардын коопсуз ишин уюштуруу жана максаттарга жетүү үчүн алардын иш чөйрөлөрүнө жана башкаруунун бардык деңгээлине карата өз ара байланыштуу контролдук чаралар топтомун түшүндүрөт. 

Кызыкчылыктардын кагылышуусу - бул банктардын кызмат адамдарынын жана/же анын кызматкерлеринин жеке кызыкчылыктардын жана алардын кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткаруу ортосунда жана банктардын жана/же анын кардарлары үчүн кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон, банктардын жана/же анын кызматкерлеринин жана/же кардарларынын мүлктүк жана башка таламдарынын ортосунда карама-каршылыктардын орун алган абал. 

Маалымат коопсуздугу - сакталган жана берилген маалыматтын жеткиликтүүлүгүн, бүтүндүгүн, купуялуулугун мүмүкүндү убакытта бузулууга алып келген, кокустук жана атайылап коркунучтардан коргоону камсыз кылуу боюнча уюштуруу чаралардын ишке ашырган аппараттык программалык жана техникалык каражаттардын көп баскычтуу комплекси. 

 

2. ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ ТЕСКӨӨ ЖАНА ИЧКИ КОНТРОЛДУК СИСТЕМАСЫН УЮШТУРУУ 

 

4. Тобокелдиктерди тескөө системасы бул каржылык туруктуулугун жана туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча банктын өз убагында тобокелдиктерин аныктоо, өлчөө, көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү учүн банк кабыл алган саясаттын, жол-жоболорун жана ыкмалардын уюштуру системасы. 

5. Банктын ички контролдук системасы, анын ишинде кандайдыр бир максаттарга жетүү үчүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди туруктуу негизде аныктоо жана ага берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш.  

6. Банктын ички контролдоо тутуму төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш: 

- банктын башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын компетенциясын, ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин бөлүнүшүн, банктагы акы төлөө тутумун караган банктын тиешелүү уюштуруу түзүмүн; 

- тиешелүү ички маалымат тутумун жана өз учурунда чечим кабыл алууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген башкаруу органдарына маалымдоо тутумун; 

- тобокелдиктерге, тобокелдиктерди башкаруу жана аларды баалоо тутумдарына туруктуу байкоо жүргүзүүнү

- ички контролдун тиешелүү жол-жоболорун; 

- ички контролдоо тутумун анын кемчиликтерин аныктоо жана өркүндөтүү максатында мезгил-мезгили менен өзүн-өзү баалоо. 

7. Ички контроль - банктын төмөнкү максаттарга жетишүүсүнө багытталган үзгүлтүксүз процесс: 

- иштин натыйжалуулугуна жана жыйынтыгына, активдерди жана пассивдерди башкаруунун натыйжалуулугуна, активдердин сакталышын камсыздоого, тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууга; 

- ички жана тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык, жөнгө салуучу жана башка отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн, толуктугун, объективдүүлүгүн жана өз учурунда түзүлүшүн жана берилишин камсыздоо;  

- мыйзамдуулукту жана банктын ички ченемдик укуктук документтерин сактоо. 

8. Банктык топту жетектеп турган банк, банктык холдингдик компания/банктык тобун контролдоочу башкы компания банктык топто жана (же) банктык холдингте консолидацияланган негизде төмөнкү жолдо ички контролдук системасын уюштурушу керек, банктык топтун жана (же) холдингтин катышуучусунун ишинин натыйжалуулугун балоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын жана ички документтердин талаптарын сактоо үчүн ошол катышуучунун иши жөнүндө өз убагында маалымат алууга зарыл. 

9. Банктын Директорлор кеңеши банктын ички контролдоо тутумунун талаптагыдай уюштурулушун жана иштешин камсыз кылууга милдеттүү жана өзүнүн милдеттерин натыйжалуу аткаруу макстатында мониторинг жана тобокелдиктерди тескөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын жана ички документтердин талаптарын сактоо боюнча суроолорго белгиленген комиттет менен көзөмөл жүргүзөт (комплаенс-контролдоо). 

10. Банктын Директорлор кеңеши банк Башкарманын ишин мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана баалоо кылат. Банктын Директорлор кеңеши төмөнкү чараларды аткарат: 

1) банктын Директорлор кеңеши банк Башкарманын ишине мониторинг жүргүзүүдө, көзөмөлдөөдө жана баалоодо төмөнкү критейрилерин бекитет, бирок алар менен эле чектелбейт: 

- банктын ишин анын стратегиясына, саясаттарына жана башка ички документтерине тураа келүүнү

- банктын финансылык абалынын туруктуулугун;  

- банк операциялардын натыйжалуулугун; 

- банктын кардарларына банктык кызмат көрсөтүүдө пайда болгон кайрылууларды кароого сапаты; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоо; 

2) Банктын Директорлор кеңеши банктын Башкармасынын кесиптик деңгээлинин анын ишинин түрүнө, татаалдыгына жана тобокелдиктердин тармагына сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт; 

3) Банктын Директорлор кеңеши Эрежелердин талаптарына ылайык маалыматты кабыл алат жана Башкарманын банк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетун угат, ал төмөнкү суроолорго жооп берет (бирок алар менен чектелбеген): 

- банктын стратегиясында белгиленген максаттарына банк Башкармасы менен жетишүү жөнүндө, же болбосо алардын жетүүгө тоскоолдук себептерин көрсөтүү

- банктын, анын көзөмөлүндөгү уюмдардын иштөөсүнүн ички жана тышкы шарттарынына жана алардын өзгөрүшүнө баа берүү;  

- Директорлор Башкармасы тарабынан бекитилген, банктын башкаруу стратегияларына жана саясаттына банктын ишин сактоо тууралуу; 

- банк кирешелүүлүгүнүн туруктуулуктун / туруксуздуктун деңгээли тууралуу; 

- банктын стратегиясынын ишке ашыруусунун жыйынтыгында анын кирешелүүлүгүнүн жогорулашы же банктын узак мөөнөттүү келечек планында тобокелдиктерге келтирген, бирок кыска мөөнөттө кирешелүүлүгүн жогорулаткан банк операцияларын жүргүзгөндүктөн кирешелүүгү жогорулашы тууралуу; 

- ички контролдун абалы жөнүндө, анын банк Башкармасы менен өз убагында туура эмес, толук эмес же уруксатсыз операцияларын, активдердин сакталышын камсыз кылууда кемчиликтерди, каржылык жана ченемдик отчеттуктагы каталарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, банктын ички документтерин бузууларын аныктоого жана байланыштуу түзүмдүк бөлүмдөргө карата кызыкчылыктардын кагылышуусу жана ички алдамчылык пайда болууга жол бербөөгө жөндөмдүүлүгү тууралуу; 

- банктын башкармалыгыны банкка таандык болгон тобокелдиктерди тескөөнүн натыйжалуулугун; 

- банкты жана банктын тобокелдиктерин башкаруу маалымат системаларынын жана ички моделдердин абалы жана алардын жетиштүүлүгүн, ошондой эле алардын банка таандык тобокелдиктерди идентификациялоону, өлчөөнү, баа берүүнү натыйжалуу жүзөгө ашурууга жана зарыл болсо оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу; 

- өзүнүн тобокел жана стратегиясын кармап туруу максатында, банктын капиталынын шайкештигине баа берүү

- каржылык отчеттуулукта банктын каржылык абалы жөнүндө толук, так жана ишенимдүү баа берүү тууралуу; 

- Улуттук банкка ченемдик отчеттуулукту өз убагында, так жана толук берүүнү контролдоо жана мониторинг жүргүзүү

- иштин жыйынтыгын жана учурдагы тобокел-профилин банктын стратегиясында аныкталган тобокелдиктин деңгээлине туура келүү тууралуу; 

- комплаенс-контролдук, ички контролдук боюнча бөлүмдөрү, ички жпнп тышкы аудити жана ыйгарым укуктуу органы менен аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди банк Башкармасы мене өз убагында, толук жана сапаттуу жоюу тууралуу; 

- комплаенс-контролдук, ички контролдук боюнча бөлүмдөр, ички жана тышкы аудити жана ыйгарым укуктуу органы берген сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу тууралуу; 

Татаал талкуулардын жана баалоонун жыйынтыгына жараша, Директорлор кеңеши банк ишин жакшыртуу жана банктын каржылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ар бир маселе боюнча тиешелүү чечим кабыл алат, зарыл болсо иштеп чыгуу жана (же) аларды ишке ашыруу үчүн конкреттүү чараларды жооптуу адамдардын жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырууну аныктайт, ал эми ошондой эле тиешелүү ыйгарым укуктуу адамга мониторинг жүргүзүүнү жана банктын Директорлор кеңешинин чечимдерин аткарылышын контролдоону жүктөйт.  

11. Ар бир түзүмдүк бөлүмгө, филиалдарга жана банктын туумду компаниясына ылайык келген контролдукка алынган чөйрө бекитилет. 

12. Банктын ишине мүнөздүү тобокелдиктерге баа берилип, аларда тобокелдиктерди тескөө системасынын ишине шайкеш контролдук камсыз кылынууга тийиш: 

- тиешелүү саясат жана аларды жүзөгө ашыруу жол-жоболору иштелип чыгып, бекитилмейинче жаңы операцияларды ишке ашырууга жол берилбейт;  

- банктын ички документтеринде, тобокелдиктин күч алышына таасирин тийгизген факторлор жөнүндө банкка тиешелүү жетекчисине өз убагында маалымдап туруу тартиби каралууга тийиш; 

- тобокелдикке баа берүү, банкка карата туунду же көз каранды болуп саналган бардык мекемелерди эске алганда, аталган банктардын өзүнчө багыттары, ошондой эле анын бүтүндөй консолидацияланган (негизги жана кошумча) иши боюнча жүргүзүлүүгө тийиш;  

- ички контролдуктун натыйжалуу системасы бантын ишин коштоп жүрүүчү тобокелдиктерди туруктуу негизде идентификациялоону (аныктоону) жана ага баа берүүнү, ошондой эле тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча өз убагында шайкеш чараларды кабыл алууну камсыз кылууга тийиш. Жогоруда аталган система кандай болбосун жаңы же мурда контролдукка алынбаган тобокелдиктерди (мисалы, жаңы финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү, продукттарды ж.б. киргизүүнүн натыйжасында) аныктоодон улам, корректировкаланууга тийиш; 

- контролдукка алуу чаралары банктын операцияларын башкаруунун жана аткаруунун бардык деңгээлинин жоопкерчилигин жана контролдукка алынган иш-аракеттердин жыйындысын камтыйт жана ал банктын операцияларын жана бүтүмдөрүн ишке ашыруудан улам, ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүү үчүн шайкеш контролдукту камсыз кылууга тийиш.  

13. Таасир тийгизген контрол өзүнө контролдук аракеттердин жыйындысы жана бардык башкаруу деңгээлдерде жоопкерчиликти жана банктын операцияларын аткаруусу кирет жана банктын келишимдерин жана операйияларын аткаруудагы милдеттеринин жана укуктарынын бөлүштөрүү боюнча ылайыктуу контролун камсыздоо керек. Контролдоо иш аракеттер бардык кызматкерлеринин күндөлүк иш-аракеттеринин ажырагыс бөлүгү болууга жана бардык операцияларга карата белгиленүүгө тийиш.  

 

3. ИЧКИ КОНТРОЛДУКТУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУНУН ТАЛАПТАРЫ 

 

14. Банктын масштабына жана татаалдыгына жараша, туруктуу, кылдат иштелип чыккан, саясаттарды, методикаларды жана ички контролдуктун жол-жоболорун камтыган ички документтери иштелип чыгып, бекитилиш керек, жана алар бардык бөлүмдөрүндө бирдей колнонушу тийиш. 

Бул ички документтери жылда бир жолудан кем эмес шайкештүүлүгүн текшериш керек, анын ичинде, банк ишинде жана абалында олуттуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен баа берүүдөн кийин тиешелүү корректировкалануу киргизүү тийиш.  

15. Контролдук чаралардын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн банк Башкармасы төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:  

- алар өз ишинде колдонууга тийиш болгон банктын кызматкерлерине тиешелүү саясатты жана жол-жоболорду өз убагында жеткирүүнү;  

- банктын кызматкерлерин тиешелүү саясатка жана жол-жоболоруна окутууну уюштуруу. Окутуу программасында банктын саясатында каралган жалпы милдеттер менен ар бир кызматкердин жеке милдеттерин аткаруусу ортосундагы өз ара байланыш жөнүндө түшүндүрмө камтылат: 

16. Банк банктык жана башка операцияларды (бүтүмдөр) жүзөгө ашырууга чейин алдын ала контролдукту жүргузүүгө милдеттүү жана төмөнкү ички контролдуктун түрлөрүн колдонот: 

- кадрларды тандоо тармагында белгилүү жумушту (милдеттерди) аткаруу үчүн керкетүү иш жана кесиптик билимди жана көндүмдөрдү кылдат талдоо жолу менен жана талапкерлердин көпчүлүктүн арасынан тиешелүү ишкерлик аброюна ээ болгон, даярдалган жана тажрыйбалуу адистерди тандоо; 

- акча каражаттарын тартуу жана жайгаштыруу тармагында мүмкүн болуучу чыгымдарды алдын алуу жана чектөө максатында операцияларды жүзөгө ашырууда оптималдуу жолдору жана ыкмаларды аныктоо менен ошол операциялардын натыйжалугунун алдын алуу анализи аркылуу; 

- материалдык ресурстар тармагында банктын ички документтерине ылайык жана банктын каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде банкты зарыл болгон техникалык каражаттартар, жабдуулар, заманбап маалыматык системалары жана технологиялары менен камсыз кылуу аркылуу; 

- милдеттерди жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүдө бөлүмдөрдүн (бизнес-саптардын, бизнес-жол-жоболордун) жана алардын жетекчилердин милдеттерин. аткарган кызматтарын жана ыйгарым укуктарын, банк жана башка операцияларды жүзөгө ашыруунун ыкмаларын, жол-жоболорун, тартибин аныктаган бир түрдүү ички документтерди, кызматтык нускоолорду иштеп чыгуу жана бекитүү менен, ошондой эле лимиттерди жана башка чек коюу жана дайыма аларды кайра текшерүү аркылуу; 

- банктын ички документтери менен аныкталган башка жерлерде. 

17. Жүргүзүлгөн банктык жана башка операцияларды (бүтүмдөрдү) жана башка иштерин, банктык жана башка операциялар (бүтүмдөр) тууралуу чечим кабыл алуу боюнча бекитилген жол-жоболорун сактоону, бекитилген документ жүгүртүүсүнүн учурдагы контролдугу операциялык күндүн ичинде банктын кызматкери менен жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жүргүзүлөт. Учурдагы контролдук мыйзамдардын, ички документтердин талаптарын, алдын алуу, банктык жана башка операцияларды (бүтүмдөрдү) бухгалтердик эсептеринде өз убагында жана анык чагылтуу, банктын каражаттарын максаттуу колдонууну жана мүлкүн сактоону камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт. 

18. Банктык жана башка операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүлгөндөн кийин кезектеги контролдоо жүзөгө ашырылат. Кезектеги контролдоону жүзөгө ашырууда операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүнүн негиздүүлүгү жана тууралыгы, документтердин белгиленген тузүлүшүнө жана алардын жүргүзүүгө талаптарына ылайык келүүсу, кызматкер аткарып жаткан милдеттерин кызматтук нускоого ылайык келүүнү, белгтленген салыштырып текшерүүнүн, макулдашуунун жана виза коюунун жол-жоболорун сактоосу текшерилет, маалыматтык коопсуздугунун натыйжалуугун камсызкылууга баа берилет, кызматкерлердин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшү аныкталат, бузуулардын жана кемчиликтердин себебин издөө байланышы көрсөтүлөт жана аларды жоюу иш-чаралары белгиленилет, ошондой эле пландаштырылган жана болжол өлчөмдөр туураланылат.  

Алдын алуу, учурдагы жана кезектеги контролдук жүргүзүүнүн тартиби чечиле турган маселелерин өзгөчөлүктөрүнө жараша банктын ички документтеринде белгилөө тийиш. 

19. Контролдукка алынган иш-аракеттерде кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- банктын башкаруу органдары тарабынан ички контролдуктун кемчиликтерин, бузууларды жана каталарды аныктоо максатында түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин түшүндүрмөлөрүн жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш жыйынтыгы жөнүндө отчетторду жана маалыматтарды талап кылуу жолу менен жүзөгө ашырылган контролдук;  

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан туруктуу жана мезгил-мезгили менен (күн сайын, жума сайын жана/же ар айлык) кызматчылардын отчетторун текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылган контролдукка алынган иш-аракеттер;  

- материалдык баалуулуктардан (нак акча, баалуу кагаздар ж.б.) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө, материалдык баалуулуктарды кайра эсептеп чыгуу, материалдык баалуулуктардын сакталышы жана колдонулушу үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүү, материалдык баалуулуктардын сакталышы үчүн тиешелүү жайлардын коргоого алынышын камсыз кылуу жолу менен жүзөгө ашырылган контролдук;  

- белгиленген лимиттерге ылайык келүүсүнө текшерүү;  

- операцияларды, бүтүмдөрдү макулдашуу жана санкция белгилөө системасы, алардын бухгалтердик эсептерде жана отчеттордо так чагылдырылышын текшерүү;  

- маалымат системаларда жана маалымат технология чөйрөсүндө белгиленген техникалык кодексин жана стандарттарын сактоосун текшерүү аркылуу банктык жана башка операцияларды (бүтүмдөрдү) жана башка ишин даррдоодо жана жүзөгө ашырууда автоматташтырылган режимдеги өткөрүлгөн техникалык контролдук; 

- аутсорсингтин келишими боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмдун ишин контролдоо; 

- операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүдө саясаттарды жана жол-жоборлорду сактоону текшерүү

20. Милдеттерди бөлүштүрүүнүн алкагында контролдукка алынган иш-аракеттер кызыкчылыктардын кагылышуусу жана анын келип чыгуу шарттарын, укукка каршы аракеттерди жүргүзүүнү жокко чыгарууга түрткү берүүсү зарыл, ошондой эле ошол эле түзүмдүк бөлүмгө же анын кызматкерине төмөнкүлөрдү аткаруу мүмкүнчүлүгүн бербейт, алсак:  

- банктык операцияларды жана башка бүтүмдөрдү жүргүзүү, ошол эле учурда аларды эсепке алууда чагылдыруу;  

- акча каражаттарын төлөөгө санкция белгилөө жана алардын айкын төлөнүшүн жүзөгө ашыруу;  

- банктын кардарларынын эсеби жана аталган мекеменин өзүнүн жеке финансы-чарбалык ишин чагылдырган эсептери боюнча операцияларды жүргүзүү;  

- кредитти берүү учурунда сунушталган документтердин так жана толук экендигине баа берүү жана кредиттин кайтарылышына мониторингди жүзөгө ашыруу;  

- кызыкчылыктардын кагылышуусу орун алган иштин кайсыл болбосун башка чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүргүзүү

21. Потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышуусу чөйрөсү аныкталууга, кыскартылууга жана көз карандысыз байкоого алынууга тийиш.  

22. Кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда жана операцияларды жүргүзүүдө жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүнү, ошол эле учурда алдамчылык иш-аракеттерден коргонууну камсыз кылуу үчүн бир дагы кызматкер операцияны башынан аягына чейин жүргүзбөөгө тийиш (мисалы, кредитти берүүгө макулдук берүү үчүн жоопкерчиликтүү кызматкерге кредитти берүү боюнча эсептөө-кассалык операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт, же операцияларды жүргүзүүдө санкция белгилеген кызматкер ушул операция боюнча калдыктарды башкы китеп менен салыштырууну жүзөгө ашырбоого тийиш). 

23. Ички контролдук системасы тажрыйбалуу адистер, ички контролдуккта кондонулган маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, аныктоо, берүү жана коргоо үчүн зарылдуу маалымат системалар жана программалык-техникалык каражаттар менен камсыз болуш керек. 

Банк иштеп жаткан маалымат системалардын ушул Эрежелердеги белгиленген талаптарына ылайык ички контродукту жүзөгө ашырууну камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги боюнча дайыма аныктоо жүргүзүшүү тийиш, ошондой эле өз убагында ушул системаларын зарылдуу оңдоону жүргүзүүгө (актуализациялаштырууга) же жаңы системаларын киргизүүгө тийиш. 

24. Санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн жана купуялуулукту камтыган маалыматты жайылтуудан, ошондой эле жеке кызыкчылыгы үчүн аталган маалыматты колдонуудан коргоо тартибин кошо алганда, коопсуз маалымат агымын башкаруу жана камсыз кылуу үчүн контролдук тартиби ушул Эрежелерин эске алуу менен банктын ички документтери тарабынан белгиленет жана алардын ишинин жана операцияларынын бардык багыттарына таркатылат. 

1) банк оперативдүү режимде шайкеш жана толук финансы жана башка зарыл маалыматтарга ээ болууга, ошондой эле банктын жетекчилиги тарабынан чечимдерди кабыл алууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон рыноктун жагдайлары жана шарттары жөнүндө маалымат менен камсыз болууга тийиш;  

2) автоматташтырылган маалымат системасына жана техникалык каражаттарга ички контролдук камсыздоо төмөнкүлөрдөн турат:  

- жалпы контролдук, банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу маалыматтарды резервге коюу (көчүрүү) жол-жоболорунан жана программалык камсыздоону сатып алуу, иштеп чыгуу жана тейлөө (коштоп жүрүү) эрежелерин, ошондой эле пайдалануу коопсуздугуна контролдукту жүзөгө ашыруу тартибин аныктоону кошо алганда, автоматташтырылган маалымат системасынын функцияларын кайра калыбына келтирүү жана андан пайдалануу учурунда колдоо көрсөтүү жол-жоболорунан турат.  

- программалык контролдук, программаларда белгиленген автоматташтырылган жол-жоболор, ошондой эле банктык операциялардын жана башка бүтүмдөрдүн иштелип чыгышын контролдукка алган жол-жоболордун негизинде жүзөгө ашырылат (кайталап оңдоо, пайдалануу мүмкүнчүлүгүн контролдоо, маалыматтарды резервге коюу жана калыбына келтирүүнүн ички жол-жоболору). 

25. Финансылык маалыматынын өз убагында берилишин, тактыгын жана тууралыгын камсыз кылууда контролдук минималдуу төмөнкүлөрдү текшерүү талап кылынат:  

- банкта бухгалтердик эсепке алуу системасынын финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк банктын бухгалтердик эсепке алуу системасынын Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун стандарттарына (AAOIFI) (белгилүү бир стандарттар жок учурда - эгерде алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбесе, ФОЭСтин стандарттарына ылайык келиши) жана Кыргызс Республикасында кабыл алынган коопсуз банктык тажрыйба стандарттарына ылайык келүүсү;  

- банкта бухгалтердик жазууларды жана өткөрүүлөрдү жүргүзүү боюнча (колдонмо) ченемдик документтин болушу;  

- күндөлүк негизде бухгалтердик жазуулардын жүзөгө ашырылышы жана банктын ар бир операциясынын чагылдырылышы;  

- банктын ар бир күнгө карата финансылык абалын чагылдырган отчетунун болушу;  

- айрыкча депозиттерге, кредиттерге, валюта операцияларына жана башка операцияларга тиешелүү өздүк эсептердин маалыматы банктын башкы китебинин маалыматтары менен дал келүүсү;  

- финансылык отчетто операцияларга санкция белгилөө же чагылдыруу процессине тартылбаган кызматкерлер тарабынан күндөлүк негизде салыштырып текшерүү ишин жүзөгө ашыруу;  

- банктын баш жагынан тартып аягына чейин же учурдагы абалына көз салууга мүмкүн болгон кайсыл болбосун операциясын түзгөн документтин бар болушу;  

- банктын бардык операцияларын баштапкы документтер менен тастыктоонун жана тиешелүү жазуулар менен операцияларды жүргүзүүдө кандай болбосун өзгөрүүлөрдү тастыктоонун бар болушу.  

26. Банктын ички контролдук системасынын мониторинги банктын жетекчилиги, кызматкерлери тарабынан жана ички аудит кызматы тарабынан туруктуу негизде жүзөгө ашырууда төмөнкүлөрдү аткаруу керек:  

- банктын ички контролдук системасынын мониторинги анын кызматкерлеринин иш-аракеттеринде, ошондой эле системанын ишинде (маалыматты иштеп чыгуу жана сактоо, коопсуздукту коргоо системасы ж.б.) бузууларга жана каталарга бөгөт коюу, аны аныктоо жана аларды өз убагында жоюу боюнча чараларды жүргүзүүгө негизделет. Белгиленген чаралардын (мониторингдин ж.б. жыйынтыктарын карап чыгуу тартиби, ыкмасы, эрежеси, мезгилдүүлүгү) жүргүзүү тартиби банктын ички документтеринде аныкталышы керек;  

- ички контролдук тобокелдигине баа берүү (б.а. жүзөгө ашырылган контролдук чаралары келип чыгышы мүмкүн болгон үзгүлтүктөргө жана каталарга бөгөт коюуга, аныктоого жана четтетүүгө таасирин тийгизбеши тобокелдиги). Банктын бардык кызматкерлерине мүнөздүү болгон компетенттүүлүк жана ак ниеттүүлүк сыяктуу ушул кызмат ордуна жана ага тиешелүү функционалдык милдеттерге зарыл жеке сапаттарын караштыруу контролдук чараларына көңүл буруу зарыл;  

- банк күтүүсүз жагдайлар орун алган шартта, кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы сунуштоочусу (провайдер) тарабынан колдоого алынган, банктын ишине кооптуу системаны калыбына келтирүүнү кошо алганда, кайталанма (резервдик) автоматташтырылган системаны жана/же жабдууларды колдонуу менен ишти калыбына келтирүү планына ээ болууга тийиш. Ички документтерде бул пландардын аткарылышын текшерүү тартиби жана күтүүсүз жагдайлар орун алган учурда алардын аткарылышы жагында пландарды текшерүү тартиби, ошондой эле аларга карата иш-аракеттер планы иштелип жаткан мүмкүн болуучу күтүүсүз жагдайлардын тизмеси аныкталышы керек;  

- бүтүндөй бантын кызматкерлеринин жана системанын ишинде кемчиликтерди четтетүү учурунда кесепеттерге учураткан атайы же пландаштырылбаган иш-аракеттерге алып келген себептерди жана шарттарды аныктоо зарыл;  

- ички контролдук жол-жоболордун болуусу зарыл, бирок бул жетишсиз болуп саналат. Банктын жетекчилиги бул жол-жоболордун өз убагында жана квалификациялуу деңгээлде аткарылышын камсыздоо керек;  

Банктын жетекчилиги кызматкерге бекитилип берилген операцияларды жүзөгө ашырууга тиешелүү жол-жобо менен, анын ичинде ушул операцияга карата тиешелүү ички контролдук жол-жоболорду аткаруу үчүн билим алуусун камсыз кылууга жана талаптагыдай даярданышы үчүн ага жетишерлик убакытты берүү керек.  

Банктын ички аудит кызматы тарабынан ички контролдук системасынын шайкештүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча бүтүндөй банктын өзүнчө контролдук жол-жоболорун жана/же ички контролдук системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн сунушталган чараларды жана аныкталган кемчиликтерди көрсөтүү менен отчет түзүлөт. 

27. Банкта милдеттүү түрдө туруктуу негизде иштеген, Директорлор кеңешине отчет берип турган ички аудит, тобокелдик-менеджменти жана комплаенс-контролдоо кызматтары иштейт. 

 

4. КОМПЛАЕНС-КОНТРОЛДООНУН ТҮЗҮЛҮШҮ 

 

28. Банк комплаенс-колтролдоону натыйжалуу жүргузүү максатында Директорлор кеңеши комплаенс-контролдоо бөлүмүн түзүүгө милдеттүү. Комплаенс-контролдоо кызматтын жетекчисин (комплаенс контролерду) бекитүү жана анын составын, аны менен барге кызматкерлердин санын аныктоо Директорлор кеңешинин гана компетенциясына киргизилген. 

Комплаенс контролердун ордуна талапкер дайындоо үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Улуттук банкы менен макулдашылат.  

29. Кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болбошуу үчүн тобокелдиктерди (операциялык, абройдук, стратегиялык тобокелдиктерден тышкары) топтоочу, тобокелдиктерди башкарууну жүргүзүүчү, бухгалтердик эсепке жана финансылык отчеттукка жооп берүүчү, банктын түзүмдүк бөлүмдөрдүн (бизнес-саптарды, бизнес-процесстерди) жана кызматкерлерин башкаруу, ошондой эле ички аудит кызматты башкаруу комплаенс-контролдоого жооп берүүчү кызмат адамдын иш-милдеттерине, кирбеш керек.  

30. Комплаенс-контролдоо кызматы Директор кеңеши бекиткен түзүмдүк бөлүм жөнүндө жобонун негизинде ишин алып барат. Көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери комплаент контролдоо менен байланыштуу эмес ишти алып барууга тыюу салынат. 

31. Банктын Башкармасы учурдагы рыноктун абалына, стратегиясына, өлчөмүнө, операциялардын ттаталдыгына жооп берген комплаенс-контролдоо системасын болушун камсыз кылат. 

Комплаенс-тобокелдикти башкаруу системасы төмөнкүнү камтып, бирок алар менен гана чектелбейт: 

- комплаенс-тобокелдикти башкаруу саясатын; 

- комплаенс-тобокелдикти башкаруу жол-жоболорун; 

- башкаруу маалыматтын системасын; 

- ички контролдук; 

- ички аудит кызматы менен комплаенс-тобокелдикти башкаруунун натыйжалуулугуна баа берүү

32. Комплаенс-тобокелдикти башкаруу системасы үч коргоо тарапта негизделет: 

1) банктын бардык кызматкелери; 

2) комплаенс-контролдоо кызматы; 

3) ички аудит кызматы менен комплаенс-тобокелдикти башкаруунун натыйжалуулугуна көз каранды эмес баа берүү

33. Банк Башкармасы комплаенс-контролдоо кызматтан комплаенс-тобокелдикти башкаруу жүргүзүүдө ачылган бузуулар жана кемчиликтер жөнүндө маалыматты, алардын пайда болушуна таасирлеген себептерин жана жоюу боюнча сунуштарын көрсөтүүсү менен, кабыл алат. 

Алынган маалыматты талдоонун жыйынтыгы боюнча банк Башкармасы комплаенс-тобокелдикти башкаруунун натыйжалуулугун камсыз кылган түзөтүүчү жана тартиптик иш-чараларын жүргүзөт. 

Иштин жыйынтыгы боюнча комплаенс-контролер зарылдуу учурда, бирок жылда бир жолудан кем эмес, Директорлор кеңешине отчет берет. 

34. Комплаенс-контрол кызматы комплаенс-программанын (пландын) долбоорун иштеп чыгат жана комплаенс-программанын (пландын) долбоорун Директорлор кеңешине кароосуна киргизет. 

35. Банктын Директорлор кеңеши комплаенс-тобокелдикти пайда болуушуна алып келген (окуялардын, бүтүмдөрдүн) бузуулардын материалдуулугун аныктоонун жолдорун жана тартибин белгиленген ички документтин долбоорун иштеп чыгат.  

36. Комплаенс контрол кызматы комплаенс-тобокелдикти пайда болуушуна алып келген (окуялардын, бүтүмдөрдүн) бузуулар жөнүндө Директорлор кеңешине оперативдүү маалымат берет. 

37. Комплаенс-контролер төмөнкүгө милдеттүү, бирок алар менен гана чекиелбейт: 

1) комплаенс - тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча тартипти, ыкмаларды жана жол-жоболорду иштеп чыгуу, анын ичинде консолидацияланган негизин эсепке алганда; 

2) комплаенс-контролдоо кызматтын пландаштырылган ишин аныктаган комплаенс- программасын (планын) түзүү, анын ичинде: 

- белгиленген саясаттарды жана жол-жоболорду киргизүү жана (же) текшерүү боюнча; 

- мезгил-мезгилде (кварталда 1 жолудан кем эмес) өткөрүлүүчү финансылык рынокто жүргүзүлүүчү операцияларын жана банк менен кызмат берүүнү регламентация кылган Кыргыз Республиканын мыйзамдарын, ошондой эле банкты комплаенс тобокелдикке таасиринин даражасын аныктоо максатында, банктын ишине таасир кылган чет өлкөлөрдүн мыйамдарын сактоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү

- комплаенс- тобокелдиктерди башкаруу боюнча кадрларды окутуу; 

3) комплаенс- тобокелдиктерди башкаруу боюнча банктын Башкармалыгына жардам берүү

4) банктын ишин жана анын кызматкерлери менен Кыргыз Республиканын мыйзамдарына ылайык келүүгө мониторинг жүргүзүү

5) банк кардарлардын даттанууларын (арыздар) кароонун түзүлүшүн башкаруу; 

6) банктын жетекчисин жана кызматкерлерин банкка колдонуучу жана комплаенс- тобокелдиктерди башкарууга тийиштүү мыйзамдар, эрежелер жана стандарртар жөнүндө консалтинг жургүзүү

7) финансылык рынокто жүргүзүлүүчү операцияларын жана банк менен кызмат берүүнү регламентация кылган ички документтердин талаптары менен баардык банк кызматкерлерди таныштыруу боюнча ишин контролдоо; 

8) комплаенс- котролдоо тууралуу суроолор боюнча кадрларды окуутуну даярдоо; 

9) комплаенс- тобокелдиктерди башкаруу тууралуу суроолор боюнча туунду компаниялардын ишин айкаштыруу; 

10) Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана террордук же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча банктын ишинин түзүүлүшүн текшерүү

11) жаңы банктык продуктуларды жана кызмат берүүлөрдү киргизүү жүрүшүндө милдеттүү катышуу;  

12) кызматтык жана жашырын маалыматты колдонууну контролдоо боюнча иш-чараларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; 

13) кызыкчылыктардын кагылуусун аныктоо, баа берүү жана контролдоо боюнча иш-чараларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; 

14) өзү же болбосо түзүмдүк бөлүмдөр жана кызмат адамдары менен чогуу банктын ишинде табылган комплаенс-тобокелдикке тийиштүү бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарын иштеп чыгуу, ошондой эле Директорлор кеңешине (белгиленген Комитетке, банк Башкармасына) маалымат берүү

15) банк жана анын кызмат адамдары менен комплаенс- тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду сактоого мониторинг жүргүзүү

16) комплаенс- тобокелдиктер боюнча отчетун иштеп чыгуу жана алып баруу, ошондой эле мезги мезгил негизинде Директорлор кеңешине (белгиленген Комитетке, банк Башкармасына) комплаенс- тобокелдиктерди башкаруу боюнча маалымат берүү

17) ички аудит кызматы эсепке алып, банктын түзүмдүк бөлүмдөрү менен, комплаенс-тобокелдикти башкаруу боюнча өз ара аракеттешүүсү жана координациялоо тартибин иштеп чыгуу; 

38. Комплаенс контролер менен өз ара аракеттенүү боюнча банктын кызматкерлеринин укуктарын жана милдеттерин аныктоо үчүн талаптары төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- банктын кызматкерлери комплаенс контролер менен, же эгерде комплаенс кызматтын кызматкерлери менен, милдеттерин аткарууда жардам берүү. Комплаенс-контролердун сунушу боюнча банктын Башкармалыгы кызматкерлерди комплаенс контролер менен өз ара аракеттенүү боюнча тартибин бекитет. 

- финансылык рынокто операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө банк кызматкерлери менен жол берилген банктык мыйзамдарын жана финансылык рыноктогу кесиптик иштин стандарттардын бузуунун фактылары билинген учурда ошол маалымат менен өзүнүн жетекчисин жан комплаенс-контролерду кабар кылууга милдеттүү

- финансылык рынокто операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө банк кызматкер кандай бир операциянын (бүтүмдө) же анын бөлүгүн банктык мыйзамдарына жана финансылык рыноктогу кесиптик иштин стандарттардын шайкеш келүүсүнө шек кылса, алардын комплаенс-контролерго карылууга мүмкүнчүлүгү бар. Комплаенс-контролердун макулдашуусун талап кылган операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмесин банк Башкармалыгы бекитет; 

- эгерде банк кызматкерлерде операциялардын (бүтүмдөрдүн) жүзөгө ашырууда кызыкчылыгы бар болсо, анда ага комплаенс-котролерду алдын алуу кабарландыруусуз, катышууга жана өз кызыкчылыктарында жана өз эсебинен операцияларды (бүтүмдөрдү) аткарууга укугу жок. 

39. Комплаенс- тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча жол-жоболорду иштеп чыгарууда төмөнкү факторлор эсепке алынат, бирок алар менен гана чектелбейт: 

- банктын көлөмү, мүнөзү жана ишинин татаалдыгы; 

- алгачкы маалымат катары колдонуу үчүн жетүү

- смаалымат системалардын абалы жана алардын мүмкүнчүлүктөрү;  

- комплаенс- тобокелдикти башкаруу процессинде катышкан кызматкерлердин квалификация жана тажрыйбасы.  

 

5. БАНКТЫН ИЧКИ АУДИТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ 

 

40. Ички аудит системасы банк ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу жана аны жакшыртуу боюнча натыйжалуу сунуштар берүү мақсатында банк ишинин бардык аспектери боюнча ички контролдук жана тобокелдикти башкаруу системасынын натыйжалуулугун текшерүү үчүн жана объективдүү баа берүү үчүн банк тарабынан кабыл алынган уюм, саясат, жол-жоболор жана ыкмалар системасын билдирет. 

41. Ички аудит кызматы банктын ишин анын ичинде ички контролдук системасын жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын, текшерүүгө жана бизнес-процесстердин натыйжалуулугун баалоого милдетүү

Ички аудит кызматы ички аудитке тийиштүү банктык жана башка операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда катышууга, банктын ички документтерин (ички аудитордук ишти жөнгө салуучудан башка) иштеп чыгууга, ошондой эле күн сайын ички контролдук жол-жоболорун аткарууга тыюу салынат. Ички аудит кызматынын жетекчилери жана кызматкерлери түздөн-түз тейлөө иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү документтерди кошпогондо, банк тобокелдиктерди өзүнө алган төлөө жана (же) кассалык, бухгалтердик жана башка документтеринде, банк атынан кол коюуга жана виза коюуга укугу жок. 

Ички аудит кызматынын жетекчиси жана составы Директорлор кеңеши менен бекитилет. 

42. Ички аудит кызматынын иши банктын ички документтери менен жөнгө салынат, алардын ичинде төмөнкүлөрдү аныктоосу менен: 

- ички аудит кызматтары максаты жана колдонуу чөйрөсү

- негиздери (стандарттар) жана ички аудит ыкмалары; 

- ички аудит кызматтын милдеттери жана укуктары; 

- ички аудит кызматынын жетекчисинин укуктары жана милдеттери; 

- ички аудит кызматы тарабынан Директорлор кеңешин (байкоочу кеңешин), аудит боюнча комитетин, жана анын жетекчилерин, банктын Башкармалыгын, ошондой эле ички аудит өткөрүлүчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин текшерүүлөр жыйынтыгы боюнча маалыматтонун шарттарын жана тартиби; 

- ички аудит кызматы менен өзүнүн милдеттерин аткарууга тоскоол кылган учурлар жөнүндө Директорлор кеңешине (байкоочу кеңешине), аудит боюнча комитетине, жана банктын жетекчилерин маалымат берүүнүн шарттары жана тартиби; 

- банктын күндөлүк иш-чараларды ишке ашырууда боюнча ички аудит кызматын сунуштарын камсыз кылуу үчүн чакыруунун шарттары жана тартиби; 

- ага жүктөлгөн милдеттерин ийгиликсиз (талаптагыдай эмес) аткарылышы үчүн ички аудиттин башчысынын жоопкерчилиги; 

- ички аудит кызматын банктын түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызматкерлери менен өз ара аракеттенүү тартиби, банктын бөлмөлөрүнө кирүү, документтерине жетүү жана кызматкерлерден өзүнүн милдеттерин аткарууда зарылдуу маалыматты алуу боюнча ички аудит кызматын укуктары; 

- ички аудит кызматы тарабынан учурдагы жана пландаштырылган банктык жана башка операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө, кабыл алынуучу чечимдер жана ички докуменнттер тууралуу, ошондой эле ички аудит кызматы менен милдеттерин аткарууда зарылдуу банк ишинин суроолору боюнча маалыматтоо тартиби; 

- банк Башкармалыгы үчүнчү жакты банктын айрым бүтүмдөрдү же бизнес багыттары боюнча (бизнес-саптар, бизнес-процесстер) ички аудит жүзөгө ашыруу (ички аудит аутсорсинг) үчүн тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, анын шарттарын жана чечеимдерди кабыл алуунун тартиби. 

43. Банктын ички аудит кызматтын иш-аракети төмөнкү принцтерине ылайык жүзөгө ашырылат: 

- көз карандысыздык жана адилеттүүлүк. 

Банктын ички аудити банктын ишине көз каранды эмес болууга зарыл. 

Ички аудиторлор көз карандысыз, адилеттүү болууга жана кызыкчылыктардын кагылышууларды алдын алууга милдеттүү

Ички аудиторлордун адилеттүүлүгүн камсыздоо үчүн ички контролдоонун чараларын тандоодо жана жүзөгө ашырууда, тобокелдиктерди башкарууда катышууга тыюу салынат. 

Ички аудиторлор банктын жана анын туунду компанияларынын акыркы он эки айдын ичинде алар тарабынан жүзөгө ашырылуучу аудитордук иш-чаралардын же милдеттерин жүргүзүүгө катышууга тыюу салынат. Аудитордук текшерүүгө каралган банктын иш алып баруусуна катышуу көргөн аудитор, анын мурда тикеден-тике катышуусу менен аткарылган жана кабыл алган операцияларды же айрым документтерди кароого тыюу салынат.  

Ички аудит кызматкерлеринин эмгек акысы банктын каржылык ишмердүүлүгүнө байланыштуу болбошу тийиш. Ички аудит кызматтын жетекчиси же кызматкелеринин эмгек акысы кызыкчылыктардын кагылышуусун пайда болушуна жана аудиттин предметин көз карандысыз баа берүүгө зыян кылууга таасир берүүгө тийиш. Кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болгон учурда, аудит кызматынын кызматчылары Аудит боюнча комитетин билдирүү керек. 

- кесипкөйлүк жана ишбилгилик; 

Банктын ички аудит кызматынын кызматкерлеринин кесиптик компетенттүүлүгү банктын натыйжалуу ички аудит негизи болуп саналат. 

Банктын ички аудит кызматынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн банк иши жана ички аудиттин ыкмалары жонүндө жетишерлик билимдерге ээ болушу керек, зарылдуу жана жетиштүү маалыматтарды чогултууга, аны талдоого жана баа берүүгө машыгуусу болуш керек. 

- кесиптик этика. 

Ички аудиторлор өзүнүн ишинде этика кодексинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын талаптарын сактоого тийиш, ошондой эле ички аудит эл аралык стандарттарга таянуу менен ишин жүргүзөт. 

44. Ички аудит кызматы төмөнкүгө милдеттүү

- ички аудит кызматтары ишин жөнгө салуучу, банктын ички документтерди иштеп чыгуу; 

- ички аудит кызматынын иш планын иштеп чыгуу, Директорлор кеңешине (Байкоочу кеңешине) бекитүү үчүн аны чыгаруу, ошондой эле Директорлор кеңешин (Байкоочу кеңешин) жана аудитордук комитетин аны жүзөгө ашыруу боюнча маалымат менен камсыз кылуу; 

- ички аудит кызматтын иш планын даярдоо үчүн өтө кооптуу иш-аракеттерди жана иш-чараларды (бизнес -саптарын, бизнес-процесстерин) аныктоо; 

- аудитордук текшерүүдө ички контролдук системасынын консолидацияланган негизинде натыйжалуулугуна баа берүү, анын ичинде бизнес чөйрөлөрдүн (бизнес -саптарын, бизнес-процесстерин) ички контролдук жол-жоболорун текшерүү

- текшерүүдө консолидацияланган негизинде тобокедиктерди башкаруу системасынын натыйжалуулугуна баа берүү, анын ичинде банктык тобокелдиктерди баалоонун ыкмасынын жана банктык тобокелдиктерди башкаруу жол-жобосунун тууралыгын жана жүзөгө ашыруунун толуктугун текшерүүдө, ошондой эле банктык топко жана (же) башкы компаниясы ошол банк болгон банктык холдингдик компанияга кирген уюмдарды эсепке алганда. 

- банктык топко жана (же) башкы компаниясы ошол банк болгон банктык холдингдик компанияга кирген уюмдардын тобокелдиктердин дэңгээлине жана ишинин натыйжалуулугуна баа берүү, ошондой эле мыйзамдардын жана ички документтердин талаптарын сактоо максатында белгиленген уюмдардын иши жөнүндө берилүүчү маалыматтын тактыгын жана толуктугун баалоо,  

- маалымат системасынын ишин уюштуруусун, маалыматтын жүргүзүлчү жолдорун (алуу жана берүү) башкарууну жана мааламат коопсуздугун камсыз кылууну, анын ичинде маалыматтык базалардын толуктугун жана аларды уруксатсыз кирүүдөн жана (же) пайдалануу коргоого, күтүлбөгөн ситуациялар боюнча пландарын болушун текшерүү

- банктын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча ишинин уюштуурусун текшерүү

- банк ишин жүзөгө ашырууга банктык мыйзамдарын жана ички документтери менен шайкеш келишин текшерүү

- банктык мыйзамдарына ылайык Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдардына берүүлүчү отчеттуулуктун жана башка маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, толуктугун, калыстыгын жана өз убагында беришин текшерүү

- банктын ички документтерине ылайык банктын башкаруу органдарынына берүүлүчү регулятивдик отчеттуулуктун жана башка маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, толуктугун, калыстыгын жана өз убагында беришин текшерүү 

- каражаттардын жана салымдардын коопсуздугун, анын ичинде алардын чыныгы болуушун жана эсепке алуусун текшерүү

- жарандар жана юридикалык жактардын кайрылуусун карап чыгуу боюнча ишин текшерүү

- банктык, коммерциялык жана жана башка мыйзам менен корголгон жашыруундар тууралуу банктык мыйзамдарына шайкеш келүүну текшерүү

- маалыматтарды ачыкка чыгарууга карата Улуттук банктын талаптарына ылайык келишин текшерүү

- банкта кызыкчылыктардын кагылышын, көлөмүн жана анын пайда болуу шарттарын аныктоо жана банк менен аларды жүзгүзүлүүчү четтетүү боюнча чаралардын натыйжалуулугуна баа берүү

- банктын иши, анын ичинде бизнес-процесстердин, ички контролдуктун жана тобокелдиктерди башкарууда уюштуруусунда укук бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун аныктоо; 

- банктын ички документтеринде каралган башка маселелерди текшерүү

- ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча банктын аудит комитетин жана анын жетекчисин маалымдоо; 

- ички контролдук системасынын абалы, мыйзам үстөмдүгү жана банк ишинин натыйжалуулугу жөнүндө банктын аудит комитетин жана анын жетекчисин маалымдоо; 

- банк ишинин, анын ичинде ички контролдуктун тобокелдиктерди башкаруунун, бизнес-процесстердин уюштурусунун, натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү

45. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышган банкта Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүзөгө ашырылышына жооптуу бөлүм жок болсо, Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор банк Шариат стандарттарынын сакталышына аудит жүргүзүп, ал боюнча отчетту Директорлор кеңешине, Шариат кеңешине жана Аудит боюнча комитетке сунуштайт, ал эми көчүрмөсүн банктын Башкармалыгына сунуштайт. 

46. Ички аудит кызматынын сапаттуу ишин камсыз кылуу программасы, аталган кызматтын максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун жана аныкталган проблемалардын негизинде анын ишин мындан ары да өркүндөтүү максаты каралган иш-чаралар жыйындысын түшүндүрөт. 

47. Ички аудитти жүргүзүү программасы төмөнкүлөргө жооп берүүгө тийиш:  

- аудиттин так аныкталган максаттары менен жазуу жүзүндө аудитти жүргүзүүгө чейин даяр болууга;  

- Директорлор кеңеши/ Аудит боюнча Комитети тарабынан жактырылууга;  

- аудиттин максаттарына жетүү үчүн жетишерлик иштин көлөмүн алдын ала караштырууга;  

- ар бир аудит ишке ашырылган операцияларга тиешелүү жол-жоболорду жана кылдат иштелип чыккан чакан программаларды камтууга тийиш;  

- аудит жүргүзүлгөн операциянын татаалдыгынан жана анын айкын көлөмүнөн көз каранды болгон иш-аракеттердин көрсөтүлүшүн камтууга тийиш;  

- кардардын отчетун, айрыкча кредиттик жана депозиттик эсептерди банктын финансылык отчету менен салыштырып текшерүүнү алдын ала караштырууга тийиш; 

- ички аудит кызматынын милдеттерин сапаттуу жана толук аткаруу үчүн башка чаралар. 

48. Ички аудитти жүргүзүү программасында кеминде төмөнкүлөр камтылат, бирок төмөнкүлөрдү текшерүү менен гана чектелбейт:  

- ишке ашырылган операциянын белгиленген саясатка жана жол-жоболорго дал келүүсүн;  

- жетекчиликтин операцияны жүргүзүүгө тиешелүү буйруусунун болушу жана жактырылышы (санкциялар);  

- бардык баштапкы документтерди туура чагылдыруу талабын кошо алганда, банктык операциялардын толук эсепке алынышын;  

- банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин бухгалтердик эсептеринде туура чагылдырылышын;  

- банктын кирешелеринин жана чыгашаларынын туура чагылдырылышын;  

- банктын башка менчигинин (күрөөлүк мүлкүнүн) бухгалтердик эсептерде туура чагылдырылышы жана күрөөгө коюлган мүлктүн колдо болушуна контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүү;  

- банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин, ошондой эле системадан тышкаркы эсепке алуунун толуктугун (мисалы, эсептен чыгарылган кредиттердин эсепке алынышы ж.б.) туура чагылдыруу;  

- башынан аягына чейин ар бир операцияга карата так жана талаптагыдай санкцияланган документтин бар болушу;  

- компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, кириш жана чыгыш маалыматты, күтүүсүз жагдайларда орун алган иш-аракеттер планын кошо алганда, маалымат системасынын коопсуздугу жана шайкештүүлүгү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын жана банктын ченемдик актыларын сактоо. 

49. Ички аудитти текшерүү мезгилдүүлүгү аудит жүргүзүлүп жаткан операцияларга байланыштуу тобокелдиктен көз каранды, мында операциянын түрүн, анын татаалдыгын, алардын дал келүүсү көз карашынан аудит жүргүзүлүп жаткан операцияларга байланыштуу активдер же пассивдер, негиздүүлүгү жана натыйжалуулугу, операцияларды ишке ашыруу үчүн саясаттын жана жол-жоболордун болушу жана алардын шайкештүүлүгү, ошондой эле ички контролдук чараларын эске алуу зарыл. 

50. Ички аудит жыйынтыктарына тиешелүү документтерде операцияларга аудит жүргүзүү программасы, аналитикалык бөлүк, кандай жол-жоболор жүзөгө ашырылгандыгы, тест жүргүзүү деңгээли (жалпы же тандалма), ошондой эле корутундулар/тыянактар жана ички аудитор тарабынан чыгарылган тыянактарды тастыктаган маалымат камтылууга тийиш.  

51. Аудитордук отчет:  

- ички аудит жүргүзүлгөндөн кийин кыска мөөнөт ичинде даярдалышы керек;  

- аудит жүргүзүүнүн максатын жана көлөмүн, ошондой эле ар бир аныкталган проблемаларды чечүү үчүн кылдаттык менен иштелип чыккан сунуш-көрсөтмөлөрдү жана корутундуну камтыйт. Сунуш-көрсөтмөлөр аныкталган проблемалардын кыскача баяндамасын, банктын тиешелүү саясатын жана жол-жоболорун кайра карап чыгууну кошо алганда, зарыл түзөтүү чараларын, түзөтүү иш-чараларын жүзөгө ашыруу мөөнөтүн жана жоопкерчиликтүү адамдарды камтууга тийиш;  

- түздөн-түз Директорлор кеңешине, Аудит боюнча комитетке жана анын көчүрмөсү банктын Башкармалыгына сунушталууга тийиш. 

52. Ички аудиттин натыйжалуулугу бардык кабыл алынган сунуш-көрсөтмөлөр өз убагында жана талаптагыдай ишке киргизилишине ишенимди камсыз кылуу үчүн Директорлор кеңеши жана жетекчилиги тарабынан кабыл алынуучу кезектеги чаралардан көз каранды. Директорлор кеңеши ички контролдук системасын күчөтүүгө багытталган сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу боюнча кезектеги чараларга карата тиешелүү саясатты иштеп чыгуу үчүн жоопкерчиликтүү.  

53. Аудитордук отчеттун негизинде Аудит боюнча комитет банктын ички контролдук системасына түзөтүү чараларын ишке киргизүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү менен алардын өз убагында ишке киргизилишине жана натыйжалуулугуна байкоо жүргүзүү боюнча Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган чараларды эффективдүү жана өз убагында жайылтууну алдын ала кароого алат.  

54. Банктын жогорку тобокелдикти камтыган операцияларынын (мисалы, нак акча менен операциялар, акча каражаттарын которуу) жана иш чөйрөсүнүн ички аудити жылына бир жолу өткөрүлөт. Банктын иш чөйрөсүнүн жана операцияларынын ички аудити төмөн тобокелдиктер менен 18 айда бир жолу өткөрүлөт.  

55. Ар бир жылдын акырында ички аудит кызматы Директорлор кеңешине отчеттук жыл үчүн ички аудит боюнча пландаштырылган иш-чараларды аткаруу тууралуу отчетту жана келерки жылга каралган ички аудиттин план долбоорун сунуштайт.  

56. Жыл сайын ички аудит кызматы, банктын учурдагы тобокелдиктерин табуусуна негизделген кезектеги жылга ички аудитин өткөрүү бекитилген программа планын Улуттук банкка тапшырылат. 

57. Зарыл болгон учурда, Улуттук банктын ички аудит кызматтын жетекчисин келе жаткан жылга өткөрүүлүчү ички аудиттин планын, ички жана тышкы отчеттуулугун, банктын ар кандай тобокелдиктерге жактоочулугун жана башка ушул эрежелерде белгиленген процедуралык маселелерди талкуулоо боюнча жолугушууга чакырууга мүмкүнчүлүгү бар.  

 

6. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

 

58. Директорлор кеңеши банктын жетекчилерине жана кызматкерлерине стратегия, саясат жана банктын ички документтеринин жеткирүүгө тийиш. Банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өз кызматкерлерине, ички контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн жана банктын ички кагаздарында аткаруу зарылдыгын жеткирүүгө жеке жооптуу болот. 

59. Директорлор кеңеши көз карандысыздык принцибин жүзөгө ашыруу максатында ички аудит, тобокелдик менеджментинин жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын кызматкерлерине карап чыгып эмгек акыгын бекитет. 

60. Директорлор кеңеши тийиштүү денгээлде, банктын ички контролду жүзөгө ашырган адамдын, ички аудит кызматтын жетекчисин, тобокелдик-менеджментин белгиленген кесиптик талаптарына ылайык келишин баалайт, баалоо алардын кадыр-баркын жана ишкердик аброю сактоого камсыз кылуу үчүн жетиштүү убакыт аралыгында өтүүсү тийиш. 

61. Улуттук банк тарабынан пландуу жана пландан тышкаркы (анын ичинде расмий жана расмий эмес) комплаенс-контролдоо кызматынын, тобокелдик-менеджментин кызматынын жана ички аудит кызматынын жетекчилери менен талкууга жүзөгө ашыра алат. 

62. Банктын ички аудит, комплаенс-контролдоо, тобокелдик-менеджментинин кызматтардын жетекчилери иштен бошогон учурунда банк бошотуу жөнүндө жана бошотуунун себептерин баяндоо тууралуу Улуттук банкты билдирүүгө милдеттүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын  

Башкармасынын  

2017-жылдын «__»_______ 

№___ токтомуна тиркеме 

“Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коому адистештирилген финансы-насыя уюмун лицензиялоо жөнүндө 

ЖОБО 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул Жобо "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коому адистештирилген финансы-насыя уюмун (мындан ары Компания) лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу тартибин аныктайт, кызмат адамдарына жана макулдашуу тартибине талаптарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу, уставга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча талаптарды коет. 

2. Компания өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна (мындан ары текст боюнча Лицензия (1 тиркеме) Улуттук банктан лицензиясын алууга милдеттүү

Айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп уруксат берилген банктык опреациялардын тизмеги саналат (2 тиркеме). Улуттук банк уруксат берилген банктык опреациялардын тизмегин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык аныктайт. 

3. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан кредиттик союздар Компаниянын акционери боло алат. 

4. Компания, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, бул операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыра алат: 

1) кредиттик союздарга кредиттерди берүү

2) кредиттик союздардын катышуучуларына кредиттик союздардын талабы жана алардын милдеттүү түрдө катышуусу менен (үчүнчү тарап катары) кредиттерди берүү

3) финансы-насыя уюмдардан акча каражаттарын тартуу; 

4) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрүндө (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу; 

5) кредиттик союздардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу; 

6) кредиттик союздардын эсебин ачуу жана жүргүзүү

7) кредиттик союздардын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу жана аларды кассалык тейлөө

8) кредиттик союздар үчүн системанын оператору катары акча которуу боюнча операцияларды жүргүзүү

5. Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта Улуттук банк тарабынан коюлган чектөөлөрдү эске алуу менен бирге Компания “ислам терезеси” аркылуу кредиттик союздар менен банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин колдонуу менен төмөнкү банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) кредиттик союздарды каржылоо;  

2) кредиттик союздардын катышуучуларын кредиттик союздардын талабы жана алардын милдеттүү түрдө катышуусу менен (үчүнчү тарап катары) каржылоо;  

3) финансы-насыя уюмдардан акча каражаттарын тартуу; 

4) кредиттик союздардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу; 

5) кредиттик союздардын эсебин ачуу жана жүргүзүү

6) кредиттик союздардын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу жана аларды кассалык тейлөө

7) кредиттик союздар үчүн системанын оператору катары акча которуу боюнча операцияларды жүргүзүү

6. Компания лицензияда көрсөтүлгөн шартта кредиттик союздар менен ушул Жобонун 4 жана 5 пунктарында көрсөтүлгөн бардык же айрым операцияларды чет өлкө валютасында ишке ашыра алат. 

7. Компания, ушул Жобонун 4 жана 5-пункттарында келтирилген айрым банктык операциялардан тышкары, төмөнкү бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык, Компания алдында алардын милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн күрөө коюучулардын күрөөлүк мүлкүн алып коюуга жана сатып өткөрүүгө

2) айрым банктык операцияларга байланыштуу консультация жана маалыматтарды берүү кызматтарын сунуштоо; 

3) кредиттик союздун финансылык ижара операциясына милдеттүү түрдө катышуусу шартында, кредиттик союздар жана алардын катышуучулары менен финансылык ижара (лизинг) боюнча операциялар. 

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды эске албаганда, Компаниянын ишине байланыштуу маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кандай формада болбосун, кийлигишүүсүнө тыюу салынат. 

9. Компаниянын уюштуруучуларына алгачкы эмиссия учурунда номиналдык баадан төмөн болгон баада акцияларды сатып алуусуна тыюу салынат. 

10. Жайгашкан жеринде акча-буюм утуштарын өткөрүп же аларды жарнамалоону, акча-буюм утуштарын уюштурууну жана өткөрүүнү кошо алганда бардык "оюн-зоок" иш-чараларына катышууга Компанияга тыюу салынат. 

11. Ушул Жобого ылайык Улуттук банкка тапшырылган бир барактан көп Компаниянын документтери бирден ашык баракты камтыган документтер сүрөттөлүшү, боолонушу, номерлениши жана ыйгарым укуктуу жактын кол коюлушу керек. Акционерлердин кол тамгалары юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталат.  

Чет өлкө тилинде берилген документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилге которулушу керек жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте тастыкталышы керек. 

12. Улуттк банк Компания ыйгарым укуктуу органдарда каттого/кайра каттоого макулдук алууда, кызмат адамдарын макулдашууда, лицензия алууда / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууда / лицензиядагы чектөөнү алууда (уруксат болгон банктык операциялардын тизмегинде көрсөтүлгөн), филиал/өкүлчүлүктөрдү ачууга макулдук алууда кошумча документтерди Компаниядан талап кылууга укуктуу. 

13. Эгерде Улуттук банкка тапшырылган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, кароо мөөнөтү Улуттук банкка коюлган талаптарга жооп берген документтерди тапшырган убактан тартып эсептелип баштайт. 

14. Ушул Жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер же чесимдер жөнүндө маалыматтар Компанияга кат түрүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде, ушул Жободо башка мөөнөттөр көрсөтүлбөгөн шартта, маалымдалат. 

Ушул Жобонун алкагында кабыл алынган Улуттук банктын актылары (Лицензиялар, Улуттук банктын Башкармасынын жана Көзөмөл комитетинин токтомдору эске алынбайт) Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоону талап кылбайт. 

 

2-Глава. Банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууда / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууда / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат алуу үчүн Улуттук банкка тапшырылуучу документтер.  

15. Банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууга / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат алуу үчүн Улуттук банкка Компания төмөнкү документтерди тапшырыуусу зарыл:  

1) Банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууга / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алуу жөнүндө өтүнүч кат (1-тиркеме). 

2) Компаниянын акционерлеринин жалпы чогулушунун банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууга / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алуу жөнүндө чечимин камтыган протоколу (эки нускада); 

3) Компания ишке ашырууга ниеттенип жаткан операциялар жөнүндө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү камтыган Компаниянын уставынын эки нускасы (эгерде бул операциялар колдонуудагы уставдын редакциясында камтылбаса); 

4) Компания банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды, уруксат берилүүчү же лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алып салууда ишке ашырылуучу банктык операцияларды жүргүзүүдө экономикалык негиздүүлүгүн камтыган бизнес-пландын эки нускасы; 

5) Банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды, уруксат берилүүчү же лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алып салууда ишке ашырылуучу банктык операцияларды жүргүзүүнү эске алуу менен иштелип чыккан, Компаниянын Директорлор кеңеши менен бекитилган Компаниянын Кредиттик саясаты, Операциондук саясаты жана башка Компаниянын негизги саясаттары; 

6) Компаниянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген анын уюштуруу түзүмү

7) Компаниянын атайы каралган жайларынын (болгон болсо) техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келиши тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын колу коюлуп, мөөрү басылган корутундусу; 

8) Компаниянын акционерлеринин талаптагыдай тариздетилинген реестри. Кийинчерээк, акционерлердин курамында өзгөрүүлөр жүргөн шартта, Компаниянын акционерлеринин реестрине өзгөртүү киргизилген учурдан кийинки 5 жумуш күн аралыгында бул өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү деңгээлде толтурулган реестр кагаз жүзүндө Улуттук банкка берилет;  

9) лицензия үчүн төлөм төлөнгөндүгүн тастыктаган документ; 

10) Компаниянын текшерүү жүргүзүлгөн акыркы отчеттук күнгө карата иши тууралуу аудитордук уюмунун корутундусу, Улуттук банкка тапшырылуучу жылдык аудитордук корутундуну эске албаганда; 

16. Улуттук банк ушул Жобонун 15 пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук пакетин алган учурдан тартып отуз жумуш күн ичинде карайт жана банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүүнү же баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.  

17. Банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүү тууралуу чечим Улуттук банктын Башкармаы тарабынан кабыл алынат. 

18. Банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны берүү тууралуу Улуттук банктын Башкармасы оң чечим кабыл алган учурда тийешелүү лицензия Компанияга беш күн ичинде берилет (4-тиркеме). 

Банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп уруксат берилген банктык операциялардын тизмеги саналат (5-тиркеме). 

19. Уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүү тууралуу Улуттук банктын Башкармасы тарабынан оң чечим кабыл алынган учурда беш жумуш күн ичинде Компаниянын лицензиясына карата берилген уруксат берилген банктык операциялардын тизмеги кайрадан тариздетилет. 

 

3-Глава. Банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери. 

 

20. Улуттук банк төмөндө келтирилген себептер боюнча Компанияга банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүүдөн баш тартышы мүмкүн: 

1) Банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга тапшырылган уюштуруу документтеринин жана башка документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеши; 

2) документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген көлөмдө берилбесе; 

3) Компаниянын кызмат адамдарынын Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келбеши; 

4) минималдуу уставдык капиталынын өлчөмүнүн, түзүмүнүн, булактарынын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келбеши; 

5) Банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга тапшырылган такталбаган маалыматтар камтылган шартта; 

6) лицензия алуу үчүн төлөм төлөнбөсө

7) Компанияга ишкердиктин ушул түрүн жүргүзүүсүнө тыюу салган соттун чечими болсо;  

8) Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларын бузуу болсо (бир календардык жыл ичинде эки жен андан көп болгон учурда); 

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер болсо. 

21. Компания төмөндөгүлөр орун алган шартта, кредиттик союздардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууга же кредиттик союздардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу боюнча операциялардан чектөөнү алууга укугу жок: 

1) төлөөгө жөндөмсүз (банкрот) деп таанылса жана жоюлууга же өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болсо; 

2) ага карата Улуттук банк эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонсо, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик актыларынын талабын дайыма бузууга жол берип келгендиги орун алса; 

3) Улуттук банктын Компаниянын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе. 

22. Улуттук банк Компанияга банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны / уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзүүгө уруксатты / лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегиндеги) чектөөнү алууга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери тууралуу кат жүзүндө билдирет. 

 

 

4-Глава. Кызмат адамдарына карата талаптар жана аларды макулдашуу тартиби. 

23. Талапкерлиги Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылуучу Компаниянын кызмат адамдары болуп Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Башкармалыктын төрагасы жана мүчөлөрү, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Аудит боюнча комитеттин төрагасы, ички аудит кызматынын жетекчиси (түзүмдүк бөлүм жок болгон шартта ички аудитор), насыялоо/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн (“ислам терезеси”) жетекчиси, башкы бухгалтер, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси саналат. 

Өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча жогорудагы кызмат адамдары менен барабар болгон, каалаган кызмат адамдары да Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. 

24. Ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн Компаниянын кызмат Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келиши керек 

25. Компаниянын Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуларын талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши зарыл: 

1) жогорку билимге ээ болуу; 

2) финансы-каржылоо тутумунда бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы; 

3) кредиттик союздар жөнүндө мыйзамды кошо алганда, банк мыйзамдары жана корпоративдик башкаруу жагында жана бул чөйрөдө билим алгандыгы тууралуу сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган билим деңгээлинин болушу 

4) Аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызматына талапкер кошумча эларалык практикада кабыл алынган аудит боюнча бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттары тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу билимине ээ болушу жана көрсөтүлгөн багыттар боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө тастыктаган сертификаты же башка документтери болушу керек. 

26. Башкармалыктын төрагасы жана мүчөлөрү; ички аудит кызматынын жетекчиси (түзүмдүк бөлүм жок болгон шартта ички аудитор), насыялоо/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн (“ислам терезеси”) жетекчиси, башкы бухгалтер, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат ордуларын талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши зарыл: 

1) жогорку билимге ээ болуу; 

2) кредиттик союздардын ишин жөнгө салган мыйзамды кошо алганда, банк мыйзамдары жана корпоративдик башкаруу жагында жана бул чөйрөдө билим алгандыгы тууралуу сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган билим деңгээлинин болушу зарыл; 

3) Төмөнкү иш тажрыйбасы болуусу зарыл: 

а) башкармасынын төрагасы кызмат ордуна талапкерлер финансы-насыялоо тутумунда кеминде үч жыл, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда - кеминде бир жыл; 

б) башкарманын мүчөлөрү кызмат ордуна талапкерлер - финансы-насыялоо тутумунда кеминде эки жыл;  

в) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер - финансы-насыялоо тутумунда кеминде бир жыл; 

г) ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна талапкер - финансы-насыялоо тутумунда кеминде үч жыл; 

д) насыялоо/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн (“ислам терезеси”) жетекчиси кызмат ордуна талапкер - финансы-насыялоо тутумунда кеминде бир жыл; 

е) комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат ордуна талапкер - финансы-насыялоо тутумунда кеминде бир жыл; 

4) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер кошумча бухгалтердик эсепке алуу жана финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарын жана ал боюнча тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган билим деңгээли болуусу зарыл;  

5) Ички аудит кызматынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын аудит боюнча мыйзамдарын, аудиттин эл аралык стандарттарын жана ички аудиттин эл аралык стандарттарын билүүгө, Финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарын билүү менен аны ишинде колдонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга жана билим деңгээлин тастыктаган сертификаттар же башка документтердин болуусу тийиш. 

6) Компаниянын Башкармасынын төрагасы кызмат ордуна талапкер дайындалганга чейинки акыркы үч жыл ичинде кредиттик союздун катышуучусу же кредиттки союздун кызмат адамы болбоого тийиш. 

27. Компаниянын Директорлор кеңеши беш мүчөдөн кем эмес так санда болууга тийиш. 

28. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Компаниянын акционерлеринин жалпы чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланат. Компаниянын уставы бир эле адам шайланган мөөнөттөрдүн санын чектей алат. 

29. Компаниянын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүгө тийиш. 

Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - бул шайлоо учуруна карата: 

1) Компаниянын кызматкери болбогон же Компания менен байланыштагы кайсы болбосун юридикалык жактын акыркы беш жыл ичинде кызматкери болуп иштебеген; 

2) акыркы беш жыл аралыгында Компаниянын Башкармалыгынын мүчөсү болбогон жана болуп көрбөгөн же болбосо Компания менен байланыштагы юридикалык жактардын Башкармалыгынын мүчөсү болбогон; 

3) Директорлор кеңешинин жыйынына катышууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү кошпогондо, Компаниядан же Компанияга байланышкан жактардан же алардын атынан акыркы беш жыл ичинде тике же кыйыр түрдө эч кандай олуттуу кошумча акы, компенсацияларды, жөлөкпулдарды же ыктыярдуу жардамдарды албаган. 

Жобонун ушул пунктунун алкагында олуттуу кошумча акы, компенсациялар, жөлөкпулдар же ыктыярдуу жардамдар деп акыркы беш жыл ичинде чогуу алганда өлчөмү жүз миң сомдон ашкан кошумча акы, компенсациялар, жөлөкпулдар же ыктыярдуу жардамдар эсептелет. 

4) Компания же Компания менен байланыштыгы бар кайсы жак болбосун акыркы беш жыл аралыгында түздөн-түз же өнөктөш катары олуттуу ишкердик байланышка (зайымдарды берүүнү жана алууну кошо алганда) ээ болбогон. 

Эгерде, Компания менен же/жана Компания менен чогуу кызыкчылыгы бар башка юридикалык жак менен болгон коммерциялык, ишкердик жана каржылык катнаштар канадайдыр бир түрдө ушул жактын Компаниянын кызыкчылыгы үчүн объективдүү чечим кабыл алуусуна таасир берсе Компания же Компания менен байланыштагы бир кайсы жак менен олуттуу ишкердик байланыш болуп саналат. Ушуну менен бирге Директорлор кеңешинин мүчөсү болбош керек: 

а) Компанияга болгон жалпы карызы Компаниянын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 5% ашкан учурда; 

б) Компаниянын карызгери болгон юридикалык жактын аткаруу (кароо) органын мүчөсү болуу;  

в) Компания менен жалпы кызыкчылыкка ээ бир же андан көп юридикалык жактарды контролдоо жана/же Улуттук банктын талаптарына ылайык Компания же Компания менен чогуу кызыкчылыгы бар юридикалык жактардын жалпы карызы катары кароого мүмүкүн болгон; 

г) Компаниянын өздүк капиталынын өлчөмүнөн 5% ашкан өлчөмдө Компанияга товарларды сатса жана кызмат көрсөтсө

5) Компаниянын же Компания менен байланышы бар жактардын учурда иштеп жаткан же мурдагы тышкы аудиторунун акыркы беш жыл ичинде өнөктөшү же кызматкери болуп саналбаган; 

6) Компаниянын ишине олуттуу катышууну же контролдоону ишке ашырбаган жана Компаниянын ишине олуттуу катышуучу же Компаниянын үстүнөн контролду ишке ашыруучу акционердин атынан иш алып барбаган; 

7) акыркы беш жыл ичинде Компаниянын Директорлор кеңешинин курамына кирбеген; 

8) ушул бөлүктүн 1-7-пункттарында эске алынган жактар менен жакын туугандык мамиледе болбогон адам. 

30. Эгерде компания банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзсө, Компаниянын Директорлор кеңешинин бир мүчөсү ушул Жобонун 25 пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча банк иши жана каржылоонун ислам принциптери чөйрөсүндө билим деңгээлинин болгондугун тастыктаган сертификаты же болбосо башка документи болуусу зарыл. 

 

 

31. Эгерде компания банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык “ислам терезеси” аркылуу банктык операцияларды жүргүзсө, Компаниянын Башкармалыгынын бир мүчөсү, банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык иш алып барган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, башкы бухгалтер ушул Жобонун 26 пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча билим деңгээлинин болуусу зарыл: 

а) Башкармалыгынын мүчөсү, банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык иш алып барган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси - банк иши жана каржылоонун ислам принциптери чөйрөсүндө билим деңгээлинин болгондугун тастыктаган сертификаты же болбосо башка документи болуусу зарыл; 

б) башкы бухгалтер ислам финансы институттары үчүн Бухгалтердик эсепке алууну жана аудитти уюштуруу жагында билиминин бар экендигин тастыктаган сертификатка жана/же башка документке, же операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде "ислам терезеси" аркылуу жүзөгө ашырган финансы-насыя уюмунда бухгалтер катары кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбага ээ болууга тийиш. 

32. Компания Операцияларын "ислам терезеси" аркылуу банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырганда Компанияда кеминде үч мүчөдөн турган Шариат кеңеши болууга тийиш. 

Компанияда Шариат кеңеши жок болсо кредиттик союздардын жана/же микрофинансылык уюмдардын ассоциациялары (бирикмелери) тарабынан түзүлгөн Шариат кеңешинин мүчөлөрү ушул Жобонун талаптарына ылайык келген шартта, ошол Шариат кеңешинин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга укуктуу. 

33. Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) Шариат кеңешинин мүчөлөрү үчүн - жогорку билими жөнүндө дипломунун болушу; төрагасы үчүн - укук жана/же финансылык иш боюнча Шариат жагында жогорку билими жөнүндө дипломунун болушу; 

2) Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билими болууга; 

3) Шариат кеңешинин мүчөлөрү үчүн - алардын ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификатынын болушу жана/же башка документтердин болушу. 

Шариат кеңешинин Төрагасы ушул пункттун талаптарына кошумча операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде "ислам терезеси" аркылуу жүзөгө ашырган банкта же башка финансы-насыялык уюмда кеминде бир жылдык иш тажрыйбасына ээ болууга, же ислам банк иши жана каржылоо принциптерин окутуу же изилдөө чөйрөсүндө кеминде 4 (төрт) жылдык тажрыйбага ээ (илимий иштерге, статьяларга, баяндамаларга жана башкаларга) болууга. 

34. Компания ушул жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарын шайлагандан/дайындагандан күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Улуттук банкка кызмат адамдарынын курамында өзгөртүүлөр болгондугу тууралуу билдирме жиберүүгө милдеттүү

35. Компания, талапкерди шайланган/дайындаган учурдан он жумуш күнү ичинде, ал эми резидент эмес талапкерди шайланган/дайындаган шартта кийинки 30 календардык күн ичинде төмөнкү документтерди тиркөө менен талапкерлерди макулдашуу жөнүндөгү катты/өтүнүч катты Улуттук банкка берүүгө тийиш: 

1) талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укук чегерилген Компаниянын башкаруу органынын отурумунан толтурулган протоколдун же дайындоо тууралуу буйруктун (токтомдун, буйруунун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

2) 6-тиркеменин калыбы боюнча толтурулган анкета; 

3) Директорлор кеңешинин жана Башкармалыктын төрагасы, башкы бухгалтер кызмат ордуларына талапкерлер кошумча финансы-насыя чөйрөсүндө иштеген же иштеп жаткан адамдардан экинден кем эмес сунуштама тапшырышат (Улуттук банктын кызматкерлеринен, талапкердин жакын туугандарынан, Компаниянын жетекчилигинен жана кызматкерлеринен сунуштама тапшырууга уруксат берилбейт); 

4) тиешелүү негизде тариздетилген жана тастыкталган, функционалдык милдеттердин тизмеси; 

5) талапкерлердин ушул Жобо менен коюлган талаптарга жооп берүүсүн тастыктаган документтер. 

36. Эгерде ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары жумуштан бошотулганда же өз ыктыяры менен жумуштан бошогон учурда, Компания чечим кабыл алган күндөн тартып бир жумуш күн ичинде бошотуунун себептерин көрсөтүү менен Улуттук банкка маалымдашы милдеттүү

37. Улуттук банк берилген документтерди анын толуктугун, анкеталарды толтуруунун аныктыгын жана талапкердин белгиленген талаптарга ылайыктуулугун ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык тапшырылгандан тартып отуз жумуш күн ичинде карайт. 

38. Эгерде тапшырылган документтер коюлган талаптарга ылайык келбеген шартта жана/же документтер толук өлчөмдө берилбесе, алар кайра иштеп чыгууга кайтарылат. Документтерди кароо мөөнөтүн саноо талапка жооп берген документтерди алган күндөн тартып эсептеле башталат.  

39. Директорлор кеңешинин төрагасы, Башкармалыктын төрагасы, Аудит боюнча комитеттин төрагасы, башкы бухгалтер жана ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуларына талапкерлерди макулдашуу тууралуу чечимди Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кабыл алат. 

40. Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Башкармалыктын мүчөлөрү, насыялоо/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат ордуларына талапкерлерди макулдашуу тууралуу чечимди Улуттук банктын Банктык көзөмөл жана лицензиялоо суроолорун түздөн түз тескеген Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кабыл алат. 

41. Улуттук банк менен сунушталган талапкерди макулдашуу/макулдашуудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күн ичинде Компанияга жиберилет. 

42. Талапкерлерди карап чыгууда инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар, ошондой эле талапкерге караштуу бардык мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн маалыматтар эске алынышы мүмкүн. 

43. Даражасы бирдей же жогору турган кызмат орундарына буга чейин акыркы 12 ай ичинде макулдашуудан өткөн ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кайра дайындалган кызмат адамдары, Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагаларын жана мүчөлөрүн, банктын Аудит боюнча комитетинин төрагасын эске албаганда, Улуттук банктан макулдашуудан өтпөстөн 6-тиркемедеги форма боюнча анкетаны сунуштоо менен гана чектелишет. 

44. Улуттук банк ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлерден (мындан ары - талапкерлер) баш тарта алат, эгерде: 

1) соттун чечими менен талапкерлердин финансы-кредит системасында ушул чечим менен белгиленген мөөнөт ичинде иштөөсүнө тыюу салган айыптоочу өкүм чыгарылган болсо;  

2) талапкерлерге карата экономика, финансы чөйрөсүндө жана банк ишинде кылмыштуулукка, ошондой эле кызматтык иш боюнча кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн айыптоочу өкүм чыгарылган болсо; 

3) эгерде талапкерлер иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган (жөнгө салынган) банктын жана/же финансы-насыялык уюмдун кызмат адамы болсо жана натыйжада банктын жана/же финансы-насыялык уюмдун лицензия (күбөлүк) кайтарылып алынган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар деп тааныган Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, Улуттук банктын жазма буйруулары жана башка актылары болсо;  

4) анык эмес жана/же атайы бурмаланган маалымат тапшырылса; 

5) талапкер кынтыксыз кызматтык абройу жок болсо (жоготсо); 

6) талапкерлер “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарына жооп бербесе. 

45. Улуттук банк Компаниянын кызмат адамын макулдашуудан баш тарткандыгы жөнүндө кат алган көндөн тартып он жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө бул адам ээлеген кызматынан бошотулууга милдеттүү

46. Компания же талапкер тарабынан анык эмес жана/же атайы бурмаланган маалымат тапшырган факты тастыкталганда Улуттук банк макулдашуудан баш тартууга, эгерде талапкер макулдашылган болсо кызмат адамын алмашууну талап кылууга укуктуу. 

47. Ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын анкетасында (6-тиркеме) көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн шартта, алар өзгөрүүлөр болгон учурдан тартып он күн ичинде Улуттук банкка жаңы анкетаны тиркеп жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү

48. Улуттук банк эгерде талапкерди макулдашуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин ушул Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер кийин пайда болгон шартта Компаниянын кызмат адамдарын алмашытрууну талап кылууга укуктуу. 

 

 

5 -Глава. Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу тартиби 

 

49. Компания ишин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Компаниянын уставына ылайык өз ишин жүзөгө ашырган филиалдардын жана өкүлчүлүктөрүнө ээ болуп, ача алат. 

Филиалдар жана өкүлчүлүктөр тууралуу маалыматтар (жайгашуусу жөнүндө маалматты кошо алганда) Компаниянын уставында камтылышы зарыл. 

50. Компания жайгашкан жерден тышкары жайгашкан, юридикалык жак болуп саналбаган, филиал жөнүндө жобонун негизинде операциялардын бардыгын жана/же анын бөлүгүн ишке ашырган, Компания чегерген ыйгарым укуктардын чегинде иштеген обочо турган бөлүм, Компаниянын филиалы болуп саналат. Компаниянын филиалы жөнүндө маалымат (анын жайгашкан жери) уставда көрсөтүлүүгө тийиш. Филиалга уставдык капиталдан бөлүнүп берилбейт, ал Компания менен биргеликте бирдиктүү баланска, Компаниянын аталышына толук төп келген, "филиал" деген сөз кошулган аталышка ээ болот. 

51. Юридикалык жак болуп саналбаган, Компанияны коргоп, анын таламында иш алып барган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык лицензия алуу үчүн талап кылынган, депозиттерди кабыл алууну, микрокредиттерди берүүнү ж.б. операцияларды жүзөгө ашырууну эске албаганда, өкүлчүлүк жөнүндө жобонун негизинде укук чегиндеги башка аракеттерди ишке ашырган обочо бөлүм. Өкүлчүлүккө уставдык капиталдан бөлүнүп берилбейт, ал Компания менен биргеликте бирдиктүү баланска, Компаниянын аталышына толук төп келген, "өкүлчүлүк" деген сөз кошулган аталышка ээ болот. 

52. Филиалдын/өкүлчүлүктүн жетекчилиги Компаниянын ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалып белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат. Ишеним катта Компаниянын атынан филиалдын/өкүлчүлүктүн жетекчилиги ишке ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операциялардын/бүтүмдөрдүн жана башка аракеттердин тизмеги чагылдырылууга тийиш. 

53. Филиал/өкүлчүлүк ачууга макулдук катын алуу үчүн Компания төмөнкү документтерди Улуттук банкка бериши зарыл: 

1) макулдук кат алууга өтүнүч кат (7-8- тиркеме); 

2) филиалды/өкүлчүлүктү ачуу үчүн Компаниянын ыйгарым укуктуу органынын чечими жана Компаниянын мөөрү менен тариздетилген көчүрмөсү

3) кеминде филиалды/өкүлчүлүктү ачуу максаттары, филиалга чегерилген банк операцияларынын тизмеси, пландаштырылып жаткан операциялардын масштабы жана мүнөзү, филиалдын/өкүлчүлүктүн жетекчисинин ыйгарым укуктары жана милдеттери көрсөтүлүүгө тийиш болгон филиал/ өкүлчүлүк жөнүндө Жобо жана анын (Компаниянын мөөрү менен тастыкталган) көчүрмөсү

4) филиал/өкүлчүлүктүн жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасынын көчүрмөсү

5) жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү менен филиалдын/өкүлчүлүктүн жетекчисине берилген, Компаниянын жетекчиси тарабынан кол коюлган жана Компаниянын мөөрү менен бекитилген ишеним кат (Компаниянын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

54. Улуттук банк ушул Жобонун жана Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларында белгиленген талаптарга жооп берген документтерди тапшырган күндөн тартып он беш күн ичинде Компаниянын филиал/өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу өтүнүч катын карайт. 

55. Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча, эгерде тапшырылган документтер коюлган талаптарга жооп берсе, Улуттук банк Компаниянын филиал/өкүлчүлүкгүн мамлекеттик каттоого ушул Жобонун 53-пунктунун 2 жана 3 пункчаларында көрсөтүлгөн документтердин түп нускаларын тиркеп макудук катын берет. 

56. Компаниянын филиал/өкүлчүлүгү мамлекеттик каттодон өткөндөн кийин он күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада тиркөө менен билдирме-катты тапшырат: 

1) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү белгиси коюлган филиал/ өкүлчүлүк жөнүндө Жобонун Компаниянын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

2) филиалдын/ өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн Компаниянын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

57. Улуттук банктын тийешелүү түзүмдүк бөлүмү Компания ушул Жобонун 56-пунктунда көрсөтүлгөн билдирмени жана документтерди тапшырган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде: 

1) Компаниянын филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн Реестрине жазуу киргизет; 

2) Компаниянын филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн Реестрине жазуу киргизгендиги тууралуу Компаниянын дарегине кат жиберет. 

58. Компания филиал/өкүлчүлүктүн иши токтоткон мөөнөттөн тартып он күн ичинде, тийешелүү чечимде көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банкка Компаниянын мөөрү менен тастыкталган документтерди тиркөө менен филиал/өкүлчүлүктү жабуу тууралуу билдирме кат жиберет (7-8-тиркеме): 

1) Ыйгарым укугу чегерилген Компаниянын башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү

2) юридикалык жактарды каттону жүргүзгөн мамлекеттик ыйгарым укутуу органга жиберилген филиалдын/өкүлчүлүктүн ишин токтотуу тууралуу каттоо арызынын көчүрмөсү

Компаниянын филиалын/өкүлчүлүгүн жабууга байланыштуу Компаниянын уставына өзгөртүүлөрдү же/жана толуктоолорду киргизүү кезектеги уставга өзгөртүүлөрдү же/жана толуктоолорду киргизүүдө жүргүзүлөт. 

59. Компаниянын филиалын/өкүлчүлүгүн ишин токтотууну мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин 10 жумуш күн ичинде юридикалык жактарды каттону жүргүзгөн мамлекеттик ыйгарым укутуу органдын филиалын/өкүлчүлүгүн ишин токтотууну мамлекеттик каттоодон өткөндөндүгү тууралуу документтин көчүрмөсүн тиркүү менен Улуттк банкка билдирме кат жиберет. 

 

6-Глава. Уставга өзгөртүүлөрдү же/жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби 

60. Уставга өзгөртүүлөрдү же/жана толуктоолорду киргизүү үчүн Компания Улуттук банктан кат түрүндө макулдук алууга милдеттүү

61. Компаниянын аталышынын, башкаруу органдарынын, уставдык капиталынын, ошондой эле Компаниянын ишине контролдоо жана башкарууга таасир этүүчү акционерлер курамындагы өзгөртүүлөр, Компанияны кайра түзүү жана кайра түзүмдөштүрүү, Компаниянын жайгашкан жеринин дареги өзгөртүү, филиалдарды же/жана өкүлчүлүктөрдү каттоо/кайра каттоо Улуттук банктын алдан ала макулдашуусу менен ишке ашырылат. 

62. Уставга өзгөртүүлөрдү же/жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим кабыл алган күндөн тартып бир айдын ичинде Компания Улуттук банкка маалымдайт. 

63. Компания акционерлер жалпы чогулушун өткөргөн күндөн тартып бир ай ичинде, жалпы чогулуштун күн тартибинин ар бир маселеси боюнча чечимди камтыган, көз карандысыз катточу менен тастыкталган протоколду Улуттук банкка жиберүүсү милдеттүү

64. Улуттук банктын Компаниянын уставына өзгөртүүлөрдү же/жана толуктоолорду киргизүүгө кат түрүндөгү макулдугу Компания тарабынан тийешелүү түрдө тариздетилген документтер менен кошо тапшырылган өтүнүч каты тапшырылгандан тартып жана макулдашуудан баш тартуу негиздери болбогон шартта бир айдан кечиктирилбестен берилет. 

Документтериди кароо мөөнөтү көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескеген Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан он күнгө узартылышы мүмкүн. 

65. Компаниянын уставына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкү учурларда Улуттук банк тарабынан макулдашуудан баш тартышы мүмкүн:  

1) тапшырылган документтер коюлган талаптарга жооп бербеген шартта, же болбосо анык эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырса; 

2) Эгерде акционерлердин жалпы чогулушунун чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы кабыл алынса;  

3) эгерде уставдык капиталдын же өздүк каражаттардын өлчөмү Улуттук банк банк тарабынан бекитилген инималдык өлчөмдөн аз болсо; 

4) эгерде мурунку эмиссия боюнча акцияларга жазылуу жүргүзүлбөгөн болсо, бергиленген мөөнөттө алардын толук наркы төлөнбөсө же акциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен чыгарылса, же акцияларды сатып алууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулуг тастыкталбаса; 

5) эгерде бул Компаниянын ишин алпаруусунун туруктуулугуна коопсуздук жаратса; 

6) эгерде Компания Улуттук банктын уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сын-пикирлерди четтетүү боюнча жазма буйруктарын/сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тартса.  

66. Өзгөртүү жана толуктууларды камтыган Компаниянын уставынын жаңы редакциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.   

67. Улуттук банк менен Компаниянын уставына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер тапшырылат: 

1) уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу өтүнүч кат; 

2) уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу Компаниянын акционерлеринин жалпы чогулушунун протоколу жана Компания менен тастыкталган протоколдун көчүрмөсү

3) устав жана уставдын көчүрмөсү (Компаниянын мөөрү менен тастыкталган). 

68. Уставдык капиталдын өлчөмүнүн өзгөрүшү

1) Компаниянын уставында аныкталган уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүү, акционерлер уставдык капиталды толук төлөгөндөн кийин ишке ашырылат. Компаниянын уставдык капиталды көбөйтүү чечимин кабыл алуусуна, Компаниянын уставында мурда уставдык капитал өлчөмүнүн өзгөргөндүгү тууралуу катталгандан кийин жана акциялар чыгарылган катары таанылгандан кийин жол берилет; 

2) эгерде Компаниянын уставына уставдык капитал өлчөмүнө карата өзгөртүүлөр киргизилсе, ушул Жобонун 67-пунктунун талаптарына карата кошумча төмөнкү документтерди берет: 

а) Уставдык капиталдын өлчөмүнүн өзгөрүшү тууралуу акционерлердин жалпы жыйынынын чогулушунан толтурулган протокол жана протоколдун Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

б) акционерлер тууралуу маалыматты камтыган акционерлердин реестри; 

в) акциялардын чыгарылышын мурда каттоодон өткөндүгүн тастыктаган каттын көчүрмөсү (Компаниянын мөөрү менен тастыкталган) жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктары тууралуу маалымкат; 

г) уставдык капиталдын өлчөмү көбөйтүлгөн учурда: 

- Компаниянын акционерлерининин акцияларды сатып алуу тууралуу маалыматы; 

- жарыяланган акциялардын категориялары, класстары, саны, номиналдык наркы, ошондой эле алар акционерге ыйгаруучу укуктар жөнүндөгү маалыматтар берилет; 

- өтүнүч берилген күнү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсепке уставдык капиталды көбөйтүүнүн эсебине акча каражаттардын толук өлчөмдө салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы чогултуу эсебинен көчүрмө); 

- эгерде капиталдын көбөйүүсү акционерлер тарабынан салынган кошумча капитал эсебинен же бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен ишке ашырылса - акционерлердин жалпы чогулушунан толтурулган Компаниянын мөөрү менен тастыкталган протокол берилет; 

д) уставдык капиталдын өлчөмүнүн азаюусунда - кредиторлордун - финансы-насыялык уюмдардын (эгерде болгон болсо) уставдык капиталды азайтууга кат жүзүндөгү макулдугу, Компаниянын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

3) Улуттук банк, Компаниянын уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүү макулдашылган шартта, Компаниянын акционерлеринин финансылык абалы жана алар жүргүзгөн операциялар боюнча маалыматтарды, акционерлердин уюштуруу документтерин берүүсү жана алардын финансылык жана башка отчеттору жөнүндөгү кошумча маалыматтарды да талап кыла алат.  

Компания Улуттук банкка баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарга ылайык Компаниянын акцияларынын чыгарылышын жыйынтыктоочу акыркы каттоо жөнүндө чыгарылган акцияларды таануу жана баалуу кагаздардын чыгарылышынын жыйынтыгын каттоо учурунан тартып отуз календардык күн ичинде билдирүүгө милдеттүү

Билдирүүгө төмөнкүлөр кошумча сунушталууга тийиш:  

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акцияларды чыгаруу жыйынтыктарынын катталгандыгын тастыктаган документ;  

- акционерлердин реестрин жүргүзүүчүнүн кол тамгасы коюлган, жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр жөнүндө реестринен көчүрмө же акционерлердин жаңы реестри.  

69. Компаниянын аталышынын өзгөрүшү

1) Компаниянын аталышынын өзгөрүшү Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Компаниянын аталышы өзгөргөн учурда анын лицензиясы жана уруксат берилген банктык операциялардын тизмеги алмаштырылууга (кайра таризделүүгө) тийиш. 

Жаңы аталышын макулдашуу үчүн Улуттук банкка төмөнкүлөр берилүүсү зарыл: 

- анын уюштуруу-укуктук формасын камтыган болжолдуу толук жана кыскартылган аталышы менен Компаниянын аталышын өзгөртүү тууралуу өтүнүч кат; 

- юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ошол аталыштын Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жоктугун ырастоосу. 

Улуттук банк бир ай ичинде чечим кабыл алып, Компаниянын болжолдонуп жаткан жаңы аталышын макулдашуунун жыйынтыгы тууралуу жоопту Компаниянын жөнөтөт.  

2) Компаниянын жаңы аталышы Улуттук банк менен макулдашылган учурда, Компаниянын акционерлери акционерлердин жалпы жыйынында анын аталышын өзгөртүү жана Компаниянын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. 

3) Акционерлердин жалпы жыйынында чечим кабыл алынгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Компания Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- Компаниянын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу уставга сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо жөнүндө Компаниянын жетекчисинин колу коюлган өтүнүч каты;  

- акционердин Компаниянын аталышынын өзгөртүлүшүнө байланыштуу уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө акционерлердин жалпы жыйынынын отурумунан протокол жана протоколдун көчүрмөсү (Компаниянын мөөрү менен тастыкталган);  

- уставдын жаңы редакциясы жана анын көчүрмөсү (Компаниянын мөөрү менен тастыкталган).  

Улуттук банк он беш календардык күн ичинде сунушталган уюштуруу документтеринин түп нускаларын кошо тиркөө менен Компанияга анын аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өтүүсүнө макулдугун берет.  

4) Компания мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 10 он календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- жаңы аталышы менен лицензия берүүгө өтүнүч кат;  

- Компаниянын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн Компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

- каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уставдын Компаниянын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө лицензияны кайра тариздетүү үчүн чогултулган акчанын салынгандыгын тастыктаган документ.  

5) Компания аталышынын өзгөртүлүшүнө байланыштуу лицензияны алмаштыргандан кийинки үч жумуш күнү ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Компаниянын жаңы аталышын көрсөтүү менен аталыштын өзгөргөндүгү тууралуу тиешелүү маалыматты жарыялоого тийиш. 

6) Аталышы өзгөртүлгөн Компания мурдагы аталышы көрсөтүлгөн лицензияны Улуттук банкка тапшырууга тийиш. Улуттук банк лицензия эски аталышы көрсөтүлгөн лицензиянын ордуна берилгендиги тууралуу түшүндүрмө жазууларды чагылдыруу менен Компаниянын лицензиясын алмаштырууну жүзөгө ашырат. Улуттук банк реестрге лицензиянын алмашылгандыгы жөнүндө тиешелүү жазууларды киргизет. 

70. Компаниянын жайгашкан жеринин өзгөрүшү

1) Компаниянын жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөрүшү калктуу пункттун, көчөнүн аталышынын, үй номеринин өзгөртүлүшү менен коштолушу мүмкүн. Компаниянын бир калктуу пункттун ичинде жайгашкан жеринин өзгөрүшү лицензиялардын алмаштырылышына алып келбейт. Уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө алып келген жайгашкан жеринин өзгөрүшү ушул Жобонун 7-Главасына ылайык макулдашылат.  

Компаниянын жайгашкан жерин өзгөртүү мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүнү талап кылбаган учурда, Компаниянын өзгөртүлгөн учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- жайгашкан жеринин, анын ичинде айкын дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу билдирмени, байланыш телефон номерлерин жана электрондук почта дарегин көрсөтүү менен;  

- ижара келишиминин же Компаниянын тиешелүү жайга менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн;  

2) Улуттук банк Компаниянын жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү тууралуу жазууларды реестрге чагылдырат. 

3) Жайгашкан жерин айкын өзгөрткөндөн кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Компания жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөргөндүгү тууралуу жарыялоого тийиш. 

71. Мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып он жумуш күн ичинде Компания Улуттук банкка төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш: 

1) Компаниянын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн Компаниянын мөөрү менен күбөлүндүрүлгөн көчүрмөсүн; 

2) мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уставдын Компаниянын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсүн: 

3) уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйткөн учурда Компаниянын акцияларын чыгарууну мамлекеттик каттоо тууралуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик органдын тийешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн чечимдин копиясы. 

 

7-Глава. Компанияны кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу  

72. Компания акционерлеринин же болбосо уюштуруу документтеринде ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктын чечими боюнча өзгөртүп түзүлүшү (биригиши, кошулушу, бөлүнүшү, өзүнчө бөлүнүп чыгышы, өзгөртүп түзүлүшү) мүмкүн. 

73. Компания Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жоюлушу мүмкүн. Бул учурда Компания жоюу чечими кабыл алынгандан кийинки 3 күн ичинде өз эрки боюнча лицензиясынын (лицензияларынын) түп нускасын Улуттук банкка тапшырып, жоюлгандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып, лицензияда (лицензияларда) каралган операцияларды жүргүзүүнү токтотууга тийиш. 

 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" 

ААКсы адистештирилген финансы-насыялык 

Уюмун лицензиялоо жобосуна карата 1-Тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Айрым банк операцияларын улуттук жана чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна 

ЛИЦЕНЗИЯ N ___ 

"__" ______ 20__-ж. 

 

“Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-насыя уюму 

 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы) 

 

“КСКК” ААКсы 

_______________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын аталышынын кыскартылып берилиши) 

 

Шаар ______________________________________________________ 

 

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык уруксат берилген банк операцияларынын тизмесинде көрсөтүлгөн айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна ээ. 

2. Бул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси саналат. 

Бул лицензия ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат. 

 

Лицензия катталган (күн, ай, жыл) 

 

№___________ бланктын сериясы____________ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын төрагасынын орунбасары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

 

___________________________________ Аты-жөнү, колтамсагы 

 

Улуттук банктын мөөрү 

 

 

 

 

 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" 

ААКсы адистештирилген финансы-насыялык 

Уюмун лицензиялоо жобосуна карата 2-Тиркеме 

 

Айрым банк операцияларын улуттук жана чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна берилген  

үн, ай, жыл) 

N ___ ЛИЦЕНЗИЯсына карата 

УРУКСАТ БЕРИЛГЕН БАНК ОПЕРАЦИЯЛАРЫНЫН ТИЗМЕСИ 

 

Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-насыя уюму 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалаталышы) 

 

 

Банк операциясынын аталышы 

Банк операциясынын валютасы 

Уруксат күчүнө кирген күн 

Эскертүү/Чектөө 

(Чектөөлөр күчүнө кирген күндү көрсөтүү менен) 

 

 

 

 

 

 

№___________ бланктын сериясы____________ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын төрагасынын орунбасары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

 

___________________________________ Аты-жөнү, колтамсагы 

 

Улуттук банктын мөөрү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" 

ААКсы адистештирилген финансы-насыялык 

Уюмун лицензиялоо жобосуна карата 3-Тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасына 

 

"Ислам терезесинин" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү/уруксат берилген банк операцияларынын тизмегинде көрсөтүлбөгөн банк операцияларын жргүзүүгө уруксат берүү/лицензиядагы чектөөлөрдү чечүү жөнүндө Өтүнүч 

Юстиция органдарында каттоого/кайра катоого/ лицензия берүүгө/кошумча лицензия берүүгө/ уруксат берилген банк операцияларынын тизмегинде көрсөтүлбөгөн банк операцияларын жргүзүүгө уруксат берүүго/ лицензиядагы чектөөлөрдү чечүүгө (уруксат берилген банк операцияларынын тизмесинде) уруксат берүүңүздү өтүнөбүз. Реквизиттер төмөндө:: 

1. Аталышы. 

2. Толук дареги. 

3. Ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү

Ыйгарым укуктуу адамдын дареги 

Телефону _____________________________  

Факсы _____________________________  

4. Капиталдын болжолдонуп жаткан түзүмү:  

- акционердик капитал (номиналдык); 

- акциянын номиналдык наркы; 

- акциялардын саны. 

Катышуучулар (акционерлер) берилип жаткан маалыматтардын аныктыгына толугу менен жоопкерчилик тартат.  

Уюштуруу документтери _____ барактан турат, ар бир баракка кол коюлат (опись тиркелет). 

Ыйгарым укуктуу адам: аты-жөнү, кол тамгасы, күнү 

Мөөрү 

Дареги, телефону, факсы  

1.  

2.  

3.  

(юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт, жетекчинин кол тамгасы коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт). 

 

 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" 

ААКсы адистештирилген финансы-насыялык 

Уюмун лицензиялоо жобосуна карата 4-Тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Айрым банк операцияларын "Ислам терезесинин" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна ЛИЦЕНЗИЯ N ___ 

"__" ______ 20__-ж. 

 

Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-насыя уюму 

 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалаталышы) 

 

“КСКК” ААКсы 

_______________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын аталышынын кыскартылып берилиши) 

 

Шаар ______________________________________________________ 

 

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык "Ислам терезесинин" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна ээ. 

2. Бул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси саналат. 

Бул лицензия ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат. 

 

Лицензия катталган (күн, ай, жыл) 

 

№___________ бланктын сериясы____________ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын төрагасынын орунбасары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

 

___________________________________ Аты-жөнү, колтамсагы 

 

Улуттук банктын мөөрү 

 

 

 

 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" 

ААКсы адистештирилген финансы-насыялык 

Уюмун лицензиялоо жобосуна карата 5-Тиркеме 

 

Айрым банк операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна берилген  

үн, ай, жыл) 

N ___/1 ЛИЦЕНЗИЯсына карата 

УРУКСАТ БЕРИЛГЕН БАНК ОПЕРАЦИЯЛАРЫНЫН ТИЗМЕСИ 

 

“Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-насыя уюму 

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы) 

 

 

Банк операциясынын аталышы 

Банк операциясынын валютасы 

Уруксат күчүнө кирген күн 

Эскертүү/Чектөө 

(Чектөөлөр күчүнө кирген күндү көрсөтүү менен) 

 

 

 

 

 

 

№___________ бланктын сериясы____________ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын төрагасынын орунбасары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

 

___________________________________ Аты-жөнү, колтамсагы 

 

Улуттук банктын мөөрү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" 

ААКсы адистештирилген финансы-насыялык 

Уюмун лицензиялоо жобосуна карата 6-Тиркеме 

 

 

АНКЕТА 

1.Аты-жөнү ____________________________________________________________  

2. Анкета эмнеге байланыштуу толтурулуп жаткандыгын астын сызып белгилегиле:  

1) Директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна шайлоо; 2) Директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна шайлоо; 3) Башкарманын төрагасы кызмат ордуна дайындоо; 4) Башкарманын мүчөсү кызмат ордуна дайындоо; 5) Шариат кеңешинин төрагасы кызмат ордуна шайлоо; 6) Шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна шайлоо; 7) башкы бухгалтердин кызмат ордуна дайындоо; 8) Аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна дайындоо; 9) ички аудит кызматынын начальниги же ички аудитор кызмат ордуна дайындоо; 10) кредиттик/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси кызмат ордуна дайындоо; 11) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кызмат ордуна дайындоо; 12) комплаенс-контроль кызматынын жетекчиси кызмат ордуна дайындоо. 

3. “КСКК” ААКсында сунуш кылынган позицияны көрсөткүлө: ____________________________________(кызмат орду) 

4. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана эмне себептен өзгөрткөндүгүңүздү көрсөтүңүз ________________________________________  

5. Туулган күнү __________________ туулган жери ___________________ 

6. Паспорт сериясы __________________ номери _______________________ ким тарабынан берилген ____________________________ берилген күнү ________________  

7. Жарандыгы _______________________________________________ 

Туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча берилгенби - кыскача түшүндүрмө бергиле: _______________________________________  

8. Үй дареги (документтер боюнча), тел.: ____________________________________ 

Учурда жашаган жери ___________________________________________________ 

9. Төмөнкүлөр боюнча билими тууралуу маалыматтар:  

- кредиттик союздар тууралуу мыйзамдарды кошо алганда, банктык мыйзамдар ____ 

- корпоративдик башкаруу _______________________________________________ 

- тобокелдиктерди тескөө _________________________________________________ 

- кредиттик иш/ислам банк иши жана каржылоо принциптери ___________________ 

- бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү _________________ 

- ликвиддүүлүктү тескөө __________________________________________________ 

- аудитордук иш жана аудиттин Эл аралык стандарттары тууралуу мыйзамдарды ___________________________________________________________ 

- “КСКК” ААКсынбизнес-планы жана өнүгүү перспективалары. 

10. Негизги иштеген жери жана ээлеген кызматы _____________________ ______ 

11. Кызматтык дареги, телефон, факс, _____________________________ 

12. Билим деңгээли ________________________________________________ 

(жогорку, толук эмес жогорку, бакалавр) 

(магистр, атайын орто, орто) 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан жери 

Факультети же бөлүмү 

Тапшырган жана бүтүргөн жылдары 

Диплом боюнча адистиги 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Окуу борборлорунда өткөрүлгөн курстардан билим алгандыгы  

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

13. Эмгек жолун баштагандан берки аткарган иши  

Ишке кирген күнү 

Иштен бошогон күнү 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери, жумуш берүүчүнүн аты-жөнү 

Иштен бошоп кетүү себептери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

14. Жолдомо бергендер:  

1. Аты-жөнү ______________________________________________________ 

2. Иштеген жери жана ээлеген кызматы ____________________________________ 

3. Үй дареги, тел., факс, эл. почтасы ___________________________________ 

1. Аты-жөнү ___________________________________________________________ 

2. Иштеген жери жана ээлеген кызматы ____________________________________ 

3. Үй дареги, тел., факс, эл. почтасы ________________________________________ 

Жолдомолор Компаниянын Директорлор кеңешинин төрагасы, Башкарманын төрагасы жана башкы бухгалтер кызмат орундарын талапкерлер тарабынан гана тапшырылат. 

15. Акыркы 10 жыл ичинде кайсы өлкөдө болбосун Сиз уюштуруучусунан, акционеринен, катышуучусунан, жетекчисинен болгон компанияларды (жетекчи болуп шайланган же дайындалган “КСКК” ААКсын кошо алганда) көрсөткүлө:  

Компаниянын аталышы, жайгашкан жери 

Компаниянын негизги иш багыты 

Ээлик кылып турган акциялардын саны 

Суммасы сом менен 

Компаниянын уставдык капиталындагы үлүш, % менен 

Компаниянын жетекчиси 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эскертүү: эгерде талапкер кредиттик союздун катышуучусу жана/же жетекчиси болуп саналса, кредиттик союздун "КСКК" ААСынын алдындагы ссудалык карызы (башка милдеттенмелери) бардыгын, алардын өлчөмдөрүн көрсөтүү зарыл. 

16. Кайсы бир өлкөдө, качандыр бир убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу, контролдоочу адамы жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же болбосо башка кызмат адамы болгон компанияга карата:  

- укук бузгандык жана/же кылмыш жасагандык үчүн айып коюлганбы (ооба/жок)_____________________________________________________________  

- айыптоо чаралары колдонулганбы (ооба/жок) _______________________________ 

Бул жагдайлар орун алса, укук коргоо органынын аталышын, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан коюлган айып же колдонулган тартип чарасын, териштирүүнүн жыйынтыктарын, соттун чечимин көрсөткүлө:________ 

 17. Сиздин же 15-пунктта көрсөтүлгөн компаниялардын биринин, анда кызмат ордун ээлөөгө талап кылган “КСФК” ААКсы ортосунда жалпы кызыкчылык барбы? Болсо кеңири түшүндүрмө бергиле: ________ 

18. Акырына чейин өтөлбөгөн соттолгондугуңуз барбы, болгон болсо, түшүндүрмө бергиле. ________ 

Сизге карата кандайдыр-бир кесиптик иш менен алектенүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынганбы? Болгон болсо түшүндүрмө бергиле:______________________________________________________ 

19. Сиз жетекчисинен, кызмат адамынан (Директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкарманын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер) же олуттуу катышуучусунан (акциялардын 10 же андан ашык пайызына ээлик кылуу) болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны атагыла:_____________________________________ 

Сиз жетекчисинен, кызмат адамынан же олуттуу катышуучусунан болгон, мажбурлап банкрот же жоюу процессинде турган компаниядагы Сиздин ролуңузга жана жоопкерчилик чөйрөңүзгө кеңири негиздеме бергиле:__________________ 

20. Кимдир бирөө алдында ссудалык карызыңыз (башка милдеттенмелериңиз) болгон болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөндөгү маалыматтарды бергиле:  

Кредитордун аталышы 

Берилген күнү 

Карыздын суммасы, миң сом 

Пайыздык чен 

Эмне максат үчүн алынгандыгы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Күрөө жөнүндө маалыматтын берилиши жана суммасы 

Төлөө мөөнөттөрү 

Алынган карыздын калдыгы, миң сом 

Пайыз боюнча карыздын калдыгы, миң сом 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, пайыз) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

21. Сиз кандайдыр бир финансы-насыя уюмдаран жеке өзүңүз алган кредит боюнча, ошондой эле гарант, кепилдик берген кредит боюнча карызды төлөй албай калган учурлар болгонбу? Болсо түшүндүрмө бергиле:____________________________________ 

22. Учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүүгө катышып жатасызбы? Болсо түшүндүрмө бергиле: _______________________________________________ 

23. Төмөндөгү маалыматтарды бергиле: _____________________________ 

1. Активдер жана милдеттенмелер боюнча "__" _____________ карата жеке отчет. 

  

1-таблица 

  

Активдер 

Суммасы (сом түрүндө/ал эми чет өлкөлүк уюштуруучулар үчүн - АКШ долларында) 

Нак акча  

  

Финансы-насыялык уюмдардагы депозиттик каражаттар  

  

Компаниядагы инвестициялар (2-таблица)  

  

Баалуу кагаздар  

  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөгө коюлган же арест коюлган мүлк  

  

Дебитордук карыз, анын ичинде карызга берилген каражаттар  

  

Башка активдер  

  

  

Бардык активдер  

  

  

Милдеттенмелер  

  

Кредиттер боюнча карыздар  

  

Кредитордук карыздар  

  

Башка милдеттенмелер  

  

  

Бардыгы болуп, милдеттенмелер  

  

  

Таза нарк (активдер-милдеттенмелер)  

  

  

Берилген жеке гарантиялар  

  

  

2-таблица 

  

Киреше булактары 

Өткөн жыл 

Өтүп жаткан 20___-жыл (күтүлүп жаткан сумма) 

Негизги иштеген жери боюнча эмгек акы (сыйлыктарды кошо алганда)  

  

  

Дивиденддер  

  

  

Пайыздар  

  

  

Башка кирешелер  

  

  

  

Бардыгы болуп  

  

  

  

Чыгашалар  

  

  

Чыгашалар (жеке керектөөгө)  

  

  

Кредиттер боюнча төлөөлөр, негизги сумма, пайыздар  

  

  

Башка чыгашалар (көрсөткүлө)  

  

  

  

Бардыгы болуп, чыгашалар  

  

  

  

Таза киреше (чыгаша)  

  

  

24. Үй-бүлөлүк абалы ____________________________________________ 

16 жаштан ашкан жакын туугандарыңызды (ата-энеңиз, балдарыңыз, жубайыңыз, бир туугандарыңыз, эже-карындаштарыңыз) көрсөтүңүз:  

Аты-жөнү 

Туугандык мамилеси 

Туулган күнү жана жери 

Иштеген жери, ээлеген кызматы 

Үй дареги, телефон 

Кредиттик союздун катышуучусу болуп саналабы (эгерде болсо, кредиттик союздун аталышын көрсөтүү зарыл) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

25. Акцияларына ээлик кылуудан тышкары, Сиз кызматка орношууга ниеттенип жактан “КСФК” ААКсы менен кандай негизде байланышыңар, кандай кызыкчылыгыңар бардыгы жөнүндө толук маалымат бергиле (3-эскертүүнү караңыз). Мындан тышкары, кызмат ордуна макулдашуу учурунда каралууга тийиш деп эсептеген башка маанилүү маалыматты көрсөткүлө: ______________________ 

Мен, ____________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

Анкетада келтирилген бардык маалыматтар так жана толук экендигин жана алар анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча менин билимиме жана берген маалыматыма ылайык экендигин тастыктаймын. Атайы бурмалоолорго барып, ката кетирген болсом, алар мага сунушталып жаткан кызмат ордуна макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болоорун жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келээрин толук түшүнөм. 

  

___________________________ 

  

20___-жылдын "__" ____________ 

колу 

  

күнү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" 

ААКсы адистештирилген финансы-насыялык 

Уюмун лицензиялоо жобосуна карата 7-Тиркеме 

 

Филиалды ачуу (жабуу) тууралуу 

БИЛДИРМЕ 

(Компаниянын фирмалык бланкында) 

 

Бул аркылуу,  

_____________________________________________________ (компаниянын аталышы) 

_______________________________________________________ чечимине ылайык 

(уставдын негизинде филиалды ачуу тууралуу чечим 

_______________________________________________________________________ 

кабыл алган компаниянын башкаруу органынын аталышы) 

_____________________________________________ төмөнкү дарек боюнча филиал ачуу (жабуу) ниетин билдирет; 

Аталган филиалга төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген (*): 

(компанияга Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын чегинде, филиал жөнүндөгү жобого ылайык филиалга уруксат берилген операциялардын жана бүтүмдөрдүн бардыгы келтирилет) 

Филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери болуп төмөнкүлөр дайындалды:  

________________________________________________________________  

(Аты-жөнү

Тиркемелер. Жетекчиге жана башкы бухгалтерге анкеталар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчалар), ишеним кат, бардыгы болуп __________ баракта. 

Компания милдеттенмелерге ээ эмес(**): 

- бул филиалда тейленген кардарлардын жана кредиторлордун алдында; 

- бюджеттин алдында. 

Активдер жана пассивдер компаниянын балансына өткөрүлүп берилген. 

Берилип жаткан маалыматка компания толугу менен жооп берет. 

Компаниянын аткаруу органынын жетекчиси (колтамга) Аты-жөнү

  

Мөөр 

  

(*) Бул маалыматтар филиалды ачуу учурунда берилет. 

(**) Бул маалыматтар филиалды жабуу учурунда берилет. 

 

 

 

 

"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" 

ААКсы адистештирилген финансы-насыялык 

Уюмун лицензиялоо жобосуна карата 8-Тиркеме 

 

 

Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) тууралуу 

БИЛДИРМЕ 

(Компаниянын фирмалык бланкында) 

 

 

Бул аркылуу, _________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктү ачып жаткан компаниянын толук аталышы жана лицензиясынын номери) 

___________________________________________________________ максатында, 

(өкүлчүлүктү ачуу максаты көрсөтүлөт) 

___________________________________________________________________ чечимине ылайык, 

(өкүлчүлүктү ачуу тууралуу чечим кабыл алган компаниянын башкаруу органынын аталышы) 

төмөнкү дарек боюнча өкүлчүлүк ачылган (жабылган): 

_______________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктүн ачылган (жабылган) датасы) 

_______________________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктүн почталык дареги, телефону, факсы жана өкүлчүлүктүн 

_______________________________________________________________________ 

эсептик счету ачылган компаниянын аталышы көрсөтүлөт) 

Өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп дайындалды:  

______________________________________ (жетекчинин аты-жөнү көрсөтүлөт) 

Тиркемелер. Жетекчиге жана башкы бухгалтерге анкеталар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчалар), ишеним кат, бардыгы болуп __________ баракта. 

Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) тууралуу чечимди кабыл алган компаниянын органынын жетекчиси/Компаниянын жетекчиси 

(колтамгасы) 

аты-жөнү 

  

Мөөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын «___»_______ №__ токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна  

толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобо: 

- Жобонун бүткүл тексти боюнча «инсайдер» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө «банк менен байланыштуу жак» дегенге алмаштырылсын;  

- 1-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«1. Бул жобо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктарга, жана мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банктар) таркатылат.  

- 8-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банктын Саясаты ошондой эле төмөнкү жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерине негизделиши керек: ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык, ишенимдүүлүк, кардарларга/өнөктөштөргө карата шериктик мамиле, алардын экономикалык таламдарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу.»; 

- 9-пункттагы: 

он төртүнчү абзац төмөнкү мазмунда берилсин: 

«- күрөөлөрдүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерин, анын ичинде эгерде күрөө предмети кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун жалгыз турак-жайы болуп саналган кыймылсыз мүлкү же болбосо өндуруу учурунда ошондой жагдайга туш келгенине байланыштуу тобокелидктерди балоону эске алуу менен»; 

төмөнкү мазмундагы 8-пункта менен толукталсын: 

«8) кайра кредиттөөнү жокко чыгарууга багытталган баалоо жана отчеттук тутумун иштеп чыгып киргизүү талаптарын камтыган жоопкерчиликтүү каржылоо стандарттары.»;  

- 12-пункттагы: 

биринчи абзац төмөнкү мазмунда берилсин: 

«Банктын Директорлор кеңеши банктын саясатын шайкештигине, лимиттер тутумуна, кредиттик тобокелдикти башкаруу куралдарына жана процедураларына, кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча ички аудит тутумуна карап чыгууга милдеттүү, ошондой эле, зарылчылыкка жараша банктын профилиндеги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы өзгөрүүлөргө, банктын уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрдык курамындагы банк операцияларынын каржылоо процессине таасирин тийгизүүчү татаалдыгына жараша, ошондой эле банктын каржылоо процесстерине таасирин тийгизген кардарлары/өнөктөрү бар республиканын жана өлкөлөрдүн экономикасында жүргөн өзгөрүүлөргө жараша, бирок жылына кеминде бир кайра карап чыгууга милдеттүү.»;  

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:   

«Банкта кредиттик тобокелдиктерди башкаруу боюнча иштелип чыккан ички тобокелдиктер рейтингдер тутуму бар болуш керек. Ички тобокелдиктер рейтинги банк тараптан ишке ашырылып жаткан операцияларынын жаратылышына, көлөмүнө жана татаалдыгына ылайык болуш керек. Мындан тышкары, банк актив берилип жатканда стандарттуу эмес чечим кабыл алынган (индивидуалдык үстөк баалар, курөөнун түзүлүшу жана башка) активдер боюнча маалымат базасынын жана активдерди эсепке алуу журналын алып барууга тийиш.  

Банктын ички саясаттарында, өндүрүү учурунда күрөө предмети кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун жалгыз турак-жайы болуп саналган кыймылсыз мүлкү болгонун далилдеген фактыларды текшерүү боюнча талаптар болуусу тийиш. Эгерде, өндүрүү учурунда күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун жалгыз турак-жайы болсо, күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.»;  

- 12-2 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банк каржылоо жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлердин банкта киргизилген кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча саясатынын негизинде кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн анализдоо жана баалоо маселелери, проблемалуу кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана башка каржылоо боюнча маселелер, ошондой эле кардарлар/өнөктөштөр менен байланыш боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана жоопкерчиликтүү каржылоо принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүшүн камсыз кылууга тийиш.»;  

- 29- пунктундагы:  

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:   

«29. Активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн анализдөө үчүн банк кардардан/өнөктөштөн төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш:»;  

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:  

«Банкта кардарларлар/өнөктөштөр туралуу маалымат менен иш алып баруучу, анын ичинде маалыматты сактоо жана коргоо маселелерин камтыган ички процедуралар болуусу тийиш. Банктын кызматкерлери кардарлар/өнөктөштөр туралуу маалыматты чогултуп жатканда жана кардарлар менен сүйлөшүүдө, алар туралуу маадымат мыйзамдарга ылайык кайсыл учурда колдонула тургандыгы жөнүндө так түшүндүрмө берүүгө тийиш.   

Кардарлардын/өнөктөштөрдүн элеси бар болгон сүрөттөрдү же видеожазууларды, аудиожазууларды жана алар туралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик жана башка публикалык максатта колдонуу учун, кардарлардын/өнөктөштөрдүн жазуу түрүндөгү макулдугу керек.»;  

- 30-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү мазмунда берилсин:  

«- кардар/өнөктөштүн келишимге кол койгондон кийин же болбосо лизинг боюнча мүлккө төлөө убагынан тартып, акча каражаттарын алганга чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан акысыз негизде баш тартуу укугунун (банк тарабынан каржылоонун алкагында активдерге ээ болгон учурду эске албаганда);»;  

- 33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«33. Банк, активди берүүгө байланыштуу тобокелдикти өзүнө алуу менен активди берүү мөөнөтүнө чейин сыяктуу эле, андан ары банктын каражаттарынын толук кайтарылышына чейин кардарлар/өнөктөштөр тарабынан сунушталган маалыматынын, анын ичинде документалдуу түрдө камсыздандырылбаган кирешелер боюнча маалыматтын тактыгын текшерүүгө тийиш.»;  

- 34-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк, кардар/өнөктөш каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-насыялык уюмунда буга чейин кредиттерден (насыядан) же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка кредиттик уюмдардан алган өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Мындан тышкары, мыйзамга ылайык кардардын/өнөктөштүн макулдугунун негизинде кардар/өнөктөш жана кардар/өнөктөш менен байланышы бар жактар туралуу бир же бир нече кредиттик бюролордон маалыматты (кредиттик отчетту) суроого тийиш.»;  

- 35-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Мындан тышкары банк кардардын/өнөктөштүн кол жазуусу менен каржылоо келишимдин негизинде анын өзүнө алган милдеттенмелери ылайыктуу же ылайыксыз аткаруунун таасирлерин түшүндүрүүгө тийиш.»;  

- 41-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«41. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу алгылыктуу чечим кабыл алынып, алар менен бардык шарттар талкуулангандан кийин кардар/өнөктөш менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген келишим түзүлөт.»; 

- 42-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«42. Банктын кардарларынын/өнөктөштөрүнүн укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрү) тизмеги кошо тиркелген, банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишим, ошондой эле башка келишимдер макулдашуунун негизинде мамлекеттик же расмий тилде (зарылчылык болсо келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн) түзүлөт, мында келишимдин тексти кардардын/өнөктөштүн кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш. Кардардын/өнөктөштүн келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүктө чагылдырылууга тийиш. Бардык тиркемелери менен келишимдин бүтүндөй тексти бирдей тамгада терилип, анын өлчөмү кеминде 12ни түзүүгө тийиш.»; 

- 43-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Мында банк, кардардын/өнөктөштүн абалын начарлаткан же милдеттерин көбөйткөн болбосо кардарга/өнөктөшкө белгиленген мөөнөттө маалымдоо (кеминде 30 күн мурда), ошондой эле бардык өзгөрүүлөрдүн айкын статьяларын, шарттарын жана жогорку/төмөнкү чектерин көрсөтүү менен, келишимде ал тууралуу түздөн-түз белгиленген учурду эске албаганда, келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укугу жок. 

- 44-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:   

«кредиттик бюрого маалыматты берүү шарттары, ошондой эле мыйзамдарга ылайык кардар/өнөктөш туралуу маалыматты колдонуу башка учурлары;»;  

- 45-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:   

«45. Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеги, ушул жобого карата 6-тиркемеге ылайык таблица формасында түзүлгөн, банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Каржылоо келишимге 6-тиркемеге ылайык банк тараптан көрсөтүлгөн жана коюлган төлөмдөрдон тышкары жана башка төлөм негизиндеги кызматтар, кардар/өнөктөш менен макулдашуудан көз карандысыз, кошумча төлөмдөрдү, комиссиондук жана башка төлөмдөрдү киргизүүгө тыюу салынат. 

Банк, кардарга көрсөтүлгөн тизмени сунуштап, аны менен тааныштырууга, зарылчылык келип чыккан шартта кардарга/өнөктөшкө өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди, туумдарды, айыптык төлөмдөрдү эсептөө тартибин, активди алуу/төлөө, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен алуу же төлөө шарттарын, тобокелдиктердин келип чыгышы ыктымалдыгын, эгерде актив чет өлкө валютасында алынып, бирок күтүлүп жаткан киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютадагы боло турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун өсүшү шартында төлөөгө жөндөмсүздүк жагдайынын орун алышы тууралуу түшүндүрмө берип, кардардын/өнөктөштүн макулдугун алууга тийиш. Мында кардардын/өнөктөштүн кол тамгасы анын далилинен болуп саналат.  

Банк, келишимге жана ички жол-жоболоруна ылайык, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишине, өздөштүрүлүшүнө жана кайтарылып берилишине байланыштуу кардардын/өнөктөштүн бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк, кардарларга/өнөктөштөргө маалым болушу үчүн үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) бул чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүнө шилтеме келтирүү менен үчүнчү жактардын келишим түзгөн күнгө карата колдонулган тарифтери боюнча чагылдырат.  

Мындан тышкары келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- эгерде кардар/өнөктөш жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналса, анын жубайы/жолдошу, ата-энеси жана балдары тарабынан алынган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кошо алганда, башка финансы-насыялык уюмдардан алынган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана алар тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган бул активдер боюнча келишим шарттары сакталгандыгы тууралуу маалыматтарды кеминде жарым жылда бир жолу сунуштап туруу милдети;  

- банктардын, кардардын/өнөктөштүн талабы боюнча анын актив алгандыгы жана ошол актив боюнча келишимдин шарттарын сактагандыгы тууралуу маалыматты, башка финансы-насыялык уюмуна берүүсү үчүн 3 жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүүлүгү, ошондой эле карызгердин эсеби туралуу так маалымат (эсеп боюнча көчүрмөлөр, балансынын абалы, каржылоо боюнча төлөмдү ырастоо жана башка керек маалыматты) берип турууга милдеттүүлүгү;  

- күрөө предметине карата бир гана соттук тартипте өндүрүү милдеттүүлүгү, эгерде  күрөө предмети: тарыхый, көркөм жана маданияттык баалуулугу болсо, жана физикалык жактын менчик укугунун негизинде жалгыз турак-жайы болсо;  

- кардардын/өнөктөштүн-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин кредиттик тобокелдикти камтыган активи боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосунун башталгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөндөн 15 күн өткөндөн кийин айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети; Айыптык санкциялар жана туумдар Шариат стандарттарында каралган учурларда гана колдонулушу мүмкүн. Бүтүндөй каржылоо мезгили ичинде чегерилген айыптык төлөм (айыптык төлөмдөр, туумдар) өлчөмү сунушталган каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Мында, айыптык төлөмдөр (айыптык төлөмдөр, туумдар) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-насыялык уюмдары менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максаттары үчүн багытталууга тийиш;  

- кардарлардан келип түшкөн акча каражаттары, алардын алдында болгон карызды толугу менен төлөгөө жетпей калган кезде, биринчи болуп карыздын эң биринчи пландагы активдин төлөө гафигинде көрсөтүлгөн, активдин негизги суммаларын биринчилерден болуп төлөө биринчиликке чыгарылат, андан кийин үстөк баага, ошентип, актив төлөө графигинде көрсөтүлгөн пландык төлөөлөр толугу менен төлөнуп бүткөн мезгилге чейин төлөнөт. Планда көрсөтүлгөн төлөөнүн графиги боюнча карыздар толугу менен төлөнүп бүткөн мезгилден кийин гана, кардардын/өнөктөштүн каржылоо келишиминде көрсөтүлгөн эсептелинген штрафттык санкциялар жана өсүүлөр төлөнөт, кардар жека адам же жеке ишкер болгон мезгилде мындай төлөө каралбайт, кийинки төлөөлөр макулдашылган график боюнча төлөнөт.   

Жеке адамдын же жеке ишкердин активи боюнча эсептелинген бардык штрафттык санкциялар жана/же өсүүлөр, активдин негизги суммасы жана үстөк баасы толугу менен төлөнүп берилгенден кийин гана төлөнөт.   

Эгерде, кардардын/өнөктөштүн төлөө мөөнөтүнөн кечиктирилиши 90 күндөн ашса, төлөө тартиби ушул Жобонун 67 пунктуна ылайык аныкталат.»;   

- 63 пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:   

«Бланктык активдерден исключение катары суммасы 150 000 сомго тең же андан аз болгон, аннуитеттик төлөө графиги менен жана мөөнөту 24 айдан ашпаган активдер эсептелинет. Мындай активдин суммасы кардардын/өнөктөштүн жылдык таза төлөмдүүлүгүнөн ашпаш керек (кардардын/өнөктөштүн бардык кирешелери жана чыгашалары). Бланкттык активдерден чыгарылган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу көрсөткүчү бланктык активдердин 20% ашпоого тийиш.»;  

- 64-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- Шариат кеңеши жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди каржылоо боюнча саясаттын (Саясаттын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн) жана башка ченемдик документтердин (билдирмелерди кароо/жактыруу/баш тартуу жол-жобосу, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди каржылоо процесси, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерге мониторинг жүргүзүү шарттары, классификациялоо, топтун мүчөлөрүн каржылоо берүү жана төлөө датасы боюнча маалымат менен иш алып барууну үйрөтүү, эсептердин балансы жана активди төлөө боюнча проблемалар туралуу) болушу. Ошону менен бирге эле Саясатта актив, төлөө графигине ылайык кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөрдү төлөө үчүн кирешеси жеткиликтүү болгон жактарга бериле тургандыгы белгиленүүгө тийиш. Банктын кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер менен жүргүзүлгөн ишти жөнгө салган ички документтеринде банктык продукттун ушул түрүнө мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктер көрсөтүлүп, ошондой эле бул тобокелдиктерди басаңдатуу жана кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдердин толук кайтарымдуулугун камсыз кылуу жолдору жана ыкмалары каралышы зарыл;»; 

- 67-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Эгерде, карызды төлөө графиги боюнча кредиттик тобокелдик камтыган актив боюнча карызды төлөө 90-күндөн ашса жана актив боюнча төлөнүүчү төлөм кардардын/өнөктөштүн төлөй турган карызын толугу менен жабууга жетпей жатса, биринчилерден болуп, активдин негизги суммасы төлөнөт, андан кийин гана төлөнбөгөн үстөк баасы төлөнөт. Планда көрсөтүлгөн төлөнүн графиги боюнча карыздар толугу менен төлөнүп бүткөн мезгилден кийин кардардын/өнөктөштүн каржылоо келишиминде көрсөтүлгөн эсептелинген штрафттык санкциялар жана өсүүлөр төлөнөт, кардар/өнөктөш жека адам же жеке ишкер болгон мезгилде мындай төлөө каралбайт, кийинки төлөөлөр макулдашылган график боюнча төлөнөт.   

Жеке адамдын же жеке ишкердин карызы боюнча эсептелинген бардык штрафттык санкциялар жана/же өсүүлөр, активдин негизги суммасы жана үстөк баасы толугу менен төлөнүп берилгенден кийин гана төлөнөт.»;  

- 68-2-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«68-2. Башка финансы-насыялык уюмдарына активдерди сунуштаган банк ошол финансы-насыялык уюмдарынын кардары/өнөктөшү берген маалыматтардын тактыгына кылдат талдап-иликтөөнү, ошондой эле активдерге ырааттуу мониторингди (анын ичинде жеринде барып) жүргүзүүгө тийиш.»; 

- 74-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:  

«Эгерде активди төлөө боюнча проблемалар чыкса, кардар/өнөктөш банктын кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу саясатына ылайык активди реструктуризациялоо боюнча маселе каралышы мүмкүндүгү тууралуу маалымданышы керек.  

Банк кеңейтилген мониторинг аркылуу проблемалуу кардарларга/өнөктөштөргө колдонулган чаралардын, активди реструктуризациялоонун ийигиликтүүлүгүн анализдөөгө тийиш (карызды тейлөө боюнча колдонулуп жатакан каражаттарынын жетиштүүлүгү).»;  

- 75-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Кредиттик тобокелдикти камтыган көйгөйлүү активдер менен иштөөдө, жолугушуу жана сүйлөшүү өткөрүүдө, банктын кызматкерлери иш жүзүндө алган жана профессионалдуу банктын ички саясатында регламенттиштирилген адепти талаптуулукту сактоо менен жүргүзүлүшү керек.»;  

- 79-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«79. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив "көйгөйлүү" деп таанылган шартта, банк активдерди кайтарып алууга багытталган, анын кайтарылышын камсыз кылуу боюнча бир нече чараларды камтыган иш-аракеттер планын иштеп чыгуусу зарыл. Ошону менен бирге банк кардардын/өнөктөштүн финансылык абалын кеңейтилген мониторинг аркылуу колдонулуп жаткан каражаттар боюнча изилдөөгө тийиш.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү мазмунда берилсин: 

«1. Бул Жобо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясы бар кредиттик союздарга (мындан ары - кредиттик союздар) жайылтылат.»; 

- 3-пункту төмөнкү мазмунда берилсин: 

«3. Жободо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында берилген аныктамалар колдонулат.»;  

- 17-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кредиттик союздун Саясатында каржылоо жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлердин банкта киргизилген кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча саясатынын негизинде кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн анализдоо жана баалоо маселелери, проблемалуу кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана башка каржылоо боюнча маселелер, ошондой эле кардарлар/өнөктөштөр менен байланыш боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана жоопкерчиликтүү каржылоо принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүшүн камсыз кылууга тийиш.»;  

- 20-1-пунктундагы «кредиттөө» деген сөг «каржылоо» дегенге алмаштырылсын; 

- 25-пунктунда:  

биринчи сүйлөм төмөнкү мазмунда берилсин:  

«Жалпысынан, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга ар бир арыздын анализи кредиттик союздун саясатына таянышы керек жана кардардын/өнөктөштүн төлөмдүгүнө анализ жүргүзүүгө кийинки негизги факторлорго көңүл бурулушу зарыл:»;   

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) кардардын мүнөзү. Каржылоо боюнча кызматкер кардар каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, кредиттик союздун суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардар буга чейин башка финансы-насыялык уюмунан өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, кандай кайтарылып берилгендигине, кредиттик тартипти так сактагандыгына, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигине көңүл буруу зарыл. Ошондой эле, анын адамгерчилик аброюна, кесиптик деңгээлине да көңүл буруп, кардардын ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Мындан тышкары, кредиттик союз мыйзамга ылайык кардардын/өнөктөштүн макулдугунун негизинде кардар/өнөктөш жана кардар/өнөктөш менен байланышы бар жактар туралуу бир же бир нече кредиттик бюролордон маалыматты суроого тийиш. 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

27. Эгерде кардарга кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү маселеси оң чечилсе, алынган документтерден кардарды каржылоо досьеси түзүлөт.   

Маалыматтардын сактоосун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды камтыган, кредиттик союзда маалыматтар менен иштөө ички процедуралары иштелип чыгышы керек. Кардар/өнөктөш боюнча маалыматтар кандай учурда мыйзамдын негизинде колдоно тургандыгын кардар менен жолугушууда маалыматтарды жыйндоодо кызматкер ачык түшүндүрүшү керек.  

Кардарлардын/өнөктөштөрдүн элеси бар болгон сүрөттөрдү же видеожазууларды, аудиожазууларды жана алар туралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик жана башка публикалык максатта колдонуу учун, кардарлардын/өнөктөштөрдүн жазуу түрүндөгү макулдугу керек. 

Каржылоо берүүдөн баш тартылган учурда, кредиттик союз баш тартуу себептерин түшүндүрүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө кардарга кат жүзүндө маалымдоого тийиш.   

- 33-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:   

«- кардарлардан келип түшкөн акча каражаттары, алардын алдында болгон карызды толугу менен төлөгөө жетпей калган кезде, биринчи болуп карыздын эң биринчи пландагы активдин төлөө гафигинде көрсөтүлгөн, активдин негизги суммаларын биринчилерден болуп төлөө биринчиликке чыгарылат, андан кийин үстөк баага, ошентип, актив төлөө графигинде көрсөтүлгөн пландык төлөөлөр толугу менен төлөнуп бүткөн мезгилге чейин төлөнөт. Планда көрсөтүлгөн төлөөнүн графиги боюнча карыздар толугу менен төлөнүп бүткөн мезгилден кийин гана, кардардын/өнөктөштүн каржылоо келишиминде көрсөтүлгөн эсептелинген штрафттык санкциялар жана өсүүлөр төлөнөт, кардар жека адам же жеке ишкер болгон мезгилде мындай төлөө каралбайт, кийинки төлөөлөр макулдашылган график боюнча төлөнөт.   

Жеке адамдын же жеке ишкердин активи боюнча эсептелинген бардык штрафттык санкциялар жана/же өсүүлөр, активдин негизги суммасы жана үстөк баасы толугу менен төлөнүп берилгенден кийин гана төлөнөт.  

Эгерде, актив төлөө графиги тууралуу актив боюнча карызды төлөө 90-күндөн ашса жана карыз боюнча төлөнүүчү төлөм кардардын/өнөктөштүн төлөй турган карызын толугу менен жабууга жетпей жатса, биринчилерден болуп, активдин негизги суммасы төлөнөт, андан кийин гана үстөк баасы төлөнөт.  

Планда көрсөтүлгөн төлөнүн графиги боюнча төлөмдөр толугу менен төлөнүп бүткөн мезгилден кийин гана, кардардын каржылоо келишиминде көрсөтүлгөн эсептелинген штрафттык санкциялар жана өсүүлөр төлөнөт, кардар жеке адам же жеке ишкер болгон мезгилде мындай төлөө каралбайт, кийинки төлөөлөр макулдашылган график боюнча төлөнөт.   

Жеке адамдын же жеке ишкердин активи боюнча эсептелинген бардык штрафттык санкциялар жана/же өсүүлөр, активдин негизги суммасы жана үстөк баасы толугу менен төлөнүп берилгенден кийин гана төлөнөт.»;  

- 53-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Көйгөйлүү активдер менен иштөөдө, жолугушуу жана сүйлөшүү өткөрүүдө, кредиттик союздардын кызматкерлери иш жүзүндө алган жана профессионалдуу адепти сактоо менен жүргүзүлүү зарыл.»; 

- 1-тиркеменин 1-пунктундагы «мекемелеринен» деген сөз «уюмдарынан» дегенге алмаштырылсын. 

 

Долбоор 

 

«ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруусунда аффилирленген жана банкка байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» жобо 

 

1. НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР 

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүүнүн алгачкы долбоорун жүзөгө ашыруу алкагында иштелип чыккан. 

2. "ЭкоИсламикБанк" ЖАКтын (мындан ары - банк) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзүүдө аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптарды белгилөө бул Жобонун максаты болуп саналат. 

3. Банк банк менен байланышкан жактардын реестрин жүргүзүүгө тийиш, анын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) кызматкерлерине тоскоолсуз жеткиликтүүлүгү камсыз болууга тийиш. Банк менен байланышкан жактардын реестри кеминде банктын кызмат адамынын аты-жөнү, банкта ээлеген кызматын, жакын тууганы болгон аны менен байланышкан жактын аты-жөнү, кызмат адамы менен туугандык катышы (ата-энеси, аялы/күйөсү ж.б.). 

4. Аффилирленген жактын банк менен болгон мамилеси алардын ортосундагы мамилелер банктын капиталында чектелген катышууну ээлик кылууга негизделген компаниялардын жана адамдардын байланыштары боюнча белгилениши мүмкүн. 

 

2. ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖАНА БҮТҮМДӨРДҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ТАРТИБИ 

 

5. Эгерде төмөндө келтирилгендердин бири эле учурай турган болсо, банк активдер боюнча аффилирленген же банк менен байланышкан жактар менен операцияларды ишке ашыруу укугуна ээ эмес: 

1) банк менен байланыштуу бир кардарга/берүүчүгө туура келген тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (ченем К1.2) банктын таза суммардык капиталынан 15% ашса;  

2) банк, Улуттук банк тарабынан белгиленген капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) жана өздүк (жөнгө салучулук) капиталы боюнча талаптарга туура келбесе; 

3) отчеттук мезгилдин акыркы күнүнө карата өтүп жаткан финансылык жылда чыгымдар орун алса.   

4) аффилирленген жана/же банк менен байланышкан жактарга берилген активдердин жалпы суммасы банктын таза суммардык капиталынан 60% ашык болсо. 

6. Аффилирленген жана/же банк менен байланышкан жактар менен операцияларды ишке ашырууда банкка активдер менен операцияларды жүргүзүү боюнча чектөөлөргө Улуттук банк тарабынан белгиленгенден катуу талаптагы ички чектерди белгилөө сунушталат. 

7. Эгер банк жеке каражаттары менен коммерциялык банктарга же башка банктык эмес уюмдарга катышса, анда ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун финансылык салымдарды жана тобокелдиктин кайсыл болбосун түрлөрүн өзүндө алып жүргөн активдерди кошо алганда, мындай инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салучулук) капиталынын өлчөмүнүн 15%ынан жогору болбоого тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы көлөмү банктын өздүк (жөнгө салучулук) капиталынын 60%ынан жогору боло албайт. 

8. Таза суммардык капиталынан 1%дан ашкан суммада банк менен банкка байланыштуу жактардын ортосундагы бүтүмдөр кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр болуп саналат. Таза суммардык капиталынан 1%дан 10%га чейинки өлчөмдөгү кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. 

9. Бир эсептик көрсөткүчтөн таза суммардык капиталынан 10%ына чейинки өлчөмдөгү аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. 

10. Таза суммардык капиталынан 10%дан ашкан өлчөмдөгү кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр жана башка банктык операциялар, анын ичинде кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоо, жөнүндө чечим банктын акционерлеринин жалпы жыйыны тарабынан кабыл алынат. 

11. Ачык түзүлүүчү келишимдерден тышкары, таза суммардык капиталынан 10%дан ашкан чегинде банктын банк менен байланыштуу жактар менен бүтүмдөрү жана операциялары банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.  

12. Эгерде операция же бүтүм боюнча жарым-жартылай кирешелер болсо да банктын аффилирленген же банк менен байланышкан жагынын пайдасы үчүн пайдаланылса же алардын карамагына берилсе, банктын кайсыл болбосун жак менен түзүлгөн кайсыл болбосун операциясы же бүтүмү аффилирленген же банк менен байланышкан жактар менен түзүлгөн операция же бүтүм деп эсептелүүгө тийиш. 

13. Банк төмөнкү бардык шарттарды аткарган учурда гана аффилирленген же банк менен байланышкан жактар менен операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүүгө укуктуу: 

1) Операциялар, ушул Жобонун 14-пунктунда белгиленгендерден тышкары, жана бүтүмдөр ошол эле учурда бул банк менен ушул ченемдерге туш болбогон жана банктын аффилирленген же банк менен байланышкан жактары болуп эсептелбеген башка адамдардын ортосундагы ушул өңдүү операциялар жана бүтүмдөр үчүн колдонулуучу шарттарга жана талаптарга салыштырууда өтө жеңилдетилбеген болуп эсептелген шарттарда жана талаптарда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай шарттар жана талаптар, өзүнчө алганда, төмөнкү жол бербөөлөрдү камтыйт: 

- башкалардан алынуучуларга салыштырганда кыйла төмөн үстөк бааларды же жыйымдарды белгилөө

- башка жактарга салыштырмалуу активдерди тартууда кыйла жогору кирешелерди төлөп берүү

- башкалардан талап кылынуучуларга салыштырганда күрөөнүн кыйла төмөн баасында. Күрөөнү кабыл алууда аны башка ушул өңдүү күрөөдөн жогору баалоого мүмкүндүк берүүчү методология колдонулбашы керек; 

- бул операциянын тобокелдик деңгээлинен же кардардын /берүүчүнүн кредит төлөөнүн төмөнкү жөндөмүнөн улам башкаларга берилбей турган активдерди берүү

- аффилирленген же банк менен байланышкан жактан Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө талаптарга карата классификацияланган активди жана кардардын/берүүчүнүн финансылык абалынын начарлашына байланыштуу активдин шарттары кайра тариздетилген активди сатып алуу же аффилирленген же банк менен байланышкан жактан активди күрөө катары кабыл алуу; 

- активдерди башкага төлөп берүүгө мүмкүн боло тургандан кыйла жогорку баада сатып алуу; 

- активдерди башкадан кабыл алууга мүмкүн боло тургандан кыйла төмөн баада сатуу; 

- банктын кызматкери болуп саналбаган банк кардарына жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон башка жакка төлөп берүүгө мүмкүн боло турганга караганда товарлар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн же мүлктүн ижарасы үчүн кыйла жогору баада же банк кардарына жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон башка жакка төлөө жүргүзүлбөй турган шарттарда төлөө

- мындай реструктуризация банктын кызматкери болуп саналбаган банк кардары/берүүчүсү жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон башкалар үчүн жасалбаган учурда, аффилирленген же банк менен байланышкан жактардын активдерин реструктуризациялоо. 

2) Активдерди берүү учурунда, Директорлор кеңеши чечим кабыл алуу моментинде анын тобокелдиги ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө жобого тиешелүү «канааттандырарлык» катары белгиленген активдерде салынган тобокелдиктен жогору болбоого тийиш. 

3) Таза суммардык капиталынын 10%ынан ашпаган өлчөмдөгү операциялар же бүтүмдөр, анын ичинде Шариат кеңешинин мүчөлөрү менен болгон операциялардын же бүтүмдөрдүн шарттары операцияны же бүтүмдү жүргүзүүгө кызыкдар адам тарабынан таасир (тике же кыйыр) болбогондо, тизме боюнча ар биринин жеке добуш берүүсүндө, көпчүлүк добуш менен (банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 көбүнүн) аффилирленген же банк менен байланышкан жак менен операция жүргүзүүгө байланышкан банктын тобокелдик жөнүндө тобокел-менеджердин жыйынтыгын кошууну эске алып банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынууга тийиш. Сунуш кылынган операцияга же бүтүмгө тике же кыйыр кызыкдар болгон төрага же Директорлор кеңешинин кайсыл болбосун мүчөсү маселени анализдөө учурунда Директорлор кеңешинин отурумунан кетүүгө тийиш жана ал бул маселе боюнча добуш берүү укугуна ээ эмес. Банк өзүндө бул Жобонун 13-пунктунун 4-пунктчасында талап кылынгандай операцияны же бүтүмдү анализдөөнү камтууга тийиш болгон ушундай операцияны же бүтүмдү чечим кабыл алуунун жазуу жүзүндөгү протоколун түзүүгө тийиш. 

4) Операцияга же бүтүмгө анализ жүргүзүү анын бардык жакшы жактарын, операция же бүтүм банкка зыян келтирбестен жана анын кызыкчылыгында ишке ашырылып жаткандыгына негиздемелерди камтыган жазуу жүзүндөгү анализ жүргүзүүнү түшүндүрөт. Анализ жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш. 

- активдерди берүү боюнча операциялар үчүн - сумманы, мөөнөтүн, банктын үстөк баасын, кардардын/берүүчүнүн келишимдерге ылайык каражаттарды төлөп берүү жөндөмдүүлүгүн далилдеген кардар/берүүчү жөнүндө фннансылык маалыматты жана актив боюнча күрөөнүн наркын тастыктоочу маалыматты; 

- активдерди сатып алуу же сатуу менен байланыштуу болгон операциялар же бүтүмдөр үчүн - сатып алуунун баасын жана активдин наркын тастыктоочу маалыматты; 

- инвестициялар үчүн - мындай инвестициялардын тобокелдигинин баасын жана банк, каралып жаткан жак үчүн потенциалдуу пайданы; 

- бул операциялардын зарылчылыгынын себептеринин деталдуу түшүндүрмөсүн; 

- активдерди же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну/сатып алууну камтыган операциялар же бүтүмдөр үчүн, Директорлор кеңеши, активдерди сатуу/сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кеминде үч сунушту карап чыгууга тийиш. Бул сунуштар банк менен байланышы жок же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон жактар тарабынан сунушталууга жана орточо рынок баасына туура келүүгө тийиш.   

5) Банк менен болжолдонуп жаткан операцияда же бүтүмдө тарап болуп эсептелген же ушул тарап менен жалпы кызыкчылыктарда байланыштуу болгон банк менен байланышкан жактар, операцияда же бүтүмдө өз кызыкчылыгынын даражасы жана операциянын же бүтүмдүн башка тарабы менен өзара мамиленин даражасы жөнүндө маалыматты жазуу формасында ачып берүүгө тийиш. Мындай жазуу жүзүндөгү ачып берүү болжолдонуучу операция же бүтүм боюнча добуш берүүгө чейин банктын Директорлор кеңешине берилүүгө жана банктын Директорлор кеңешинин операция же бүтүм боюнча чечим кабыл алуу протоколунун бир бөлүгү болууга тийиш. 

14. Банк (Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрү, Шариат кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрүнөн тышкары) кызмат адамдарына, банк кызматкерлерин социалдык колдоо программасына ылайык, каржылоо берүүгө укуктуу. Аталган программада банк кызматкерлерин жана кызмат адамдарын бирдей социалдык колдоо шарттары карлууга тийиш. Мында кызмат адамдарын каржылоо шарттары, кеминде төмөнкү талаптарга туура келүүгө тийиш:  

1) кызмат адамдарга каржылоо турак жайды сатып алууга же курууга гана берилет;  

2) сатып алып жаткан же курулуп жаткан турак жай карыжлоо берилген кызмат адамдын жеке менчик укугуна таандык болот;  

3) сатып алып жаткан же кийинки курулуп жаткан турак жайда каржылоо берилген кызмат адамы жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү (болгон болсо) жашайт;  

4) каржылоонун максималдуу өлчөмү он миллион сомдон ашык болбоого тийиш;   

5) каржылоонун максималдуу өлчөмү сатып алып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын сексен пайызынан ашпоого тийиш. Эгерде кошумча күрөө катары сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын кырк пайызынан кем эмес өлчөмдөгү байланыштуу депозит сунушталса, сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын жүз пайыз өлчөмүндөгү каржылоо берилиши мүмкүн;  

6) турак жайдын адилет наркын аныктоо үчүн көз карандысыз баа берүүчүнүн кызматы пайдаланылат;  

7) биринчи күрөө катары сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай гана кабыл алынат;  

8) кызмат адамдын жакын туугандары болуп саналган адамдардан турак жай алуу үчүн кызмат адамга каржылоо берүүгө тыюу салынат.   

Банк жана кызмат адамдын ортосунда түзүлгөн каржылоо келишимде, кызмат адамы ушул пункттун 1-8-пунктчаларында каралган каржылоо шарттарын бузган учурда, каржылоо келишим ушул Жобонун 18-пунктунда каралган шарттарда өзгөртүлүүгө тийиш.   

15. 13-пунктунун 3, 4 жана 5 пунктчаларынын жоболору ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адам менен ишке ашырылган операцияларга таркатылат.   

16. Кызматкерлерди каржылоо тартибин жөнгө салган банктын ички документтери өзүндө кызмат адамдарды каржылоо жөнүндө жобону камтууга, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө жана кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:   

- банктын кредит портфелинин жалпы көлөмүнө жана банктын таза суммардык капиталына карата ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарына берилген активдердин үлүшүн;  

- активдердин түрлөрүн;  

- активдин валютасын;  

- активдин максималдуу өлчөмүн;  

- каржылоо мөөнөттөрүн;  

- үстөк (баа түзүү);  

- күрөө наркын жана артыкчылыгын баалаган критерийлерди.  

17. Кызматкерлерди каржылоонун тартибин жөнгө салган банктын ички документтери Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ошондой эле Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө милдеттүү:   

- кызматкерлерди каржылоо тартибин жөнгө салган банктын ички документтеринин актуалдуулугун жана алардын банктын каржылоо саясатына ылайык келүүсүн камсыздоо үчүн документтерди жыл сайын карап чыгууга;  

- кызматкерлерди каржылоо тартибин жөнгө салган банктын ички документтеринин талаптарын аткарууну камсыздоо боюнча банк Башкармасынын (же банктын ушундай эле башка аткаруу органынын) ишин контролдоого.  

18. Ушул Жобонун 14-пунктунда каралган каржылоо шарттарын кызмат адамдары бузууга жол берген учурда:  

- банк бузууларга жол берүүнү аныктаган күнү, аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарлары жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактар менен банк ортосунда ушул сыяктуу операциялар үчүн ошол эле мезгилде колдонулуучу шарттар менен талаптарга салыштырмалуу кыйла жеңилдик болуп саналбаган каржылоо берүүнүн мындай шарттарын жана талаптарын карап чыгуу менен каржылоо келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш;  

- кызмат адамы каржылоону алган күндөн тартып анын шарттары өзгөргөн күнгө чейинки пайда болгон үстөк боюнча айырманы банкка кайтарып берүүгө милдеттүү;  

- үстөк боюнча айырманы кайтарып берүү, каржылоо шарттары өзгөргөн айдан кийинки айдан баштап каржылоонун жана ал боюнча үстөктүн ордун жабуу графигинде каралууга тийиш.   

19. Директорлор кеңешинин Төрагасы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн, каралып жаткан маселе боюнча 13-пунктунун колдонулуучу бардык шарттары Директорлор кеңешинин мүчөлөрү добуш бергенге чейин аткарыла тургандыгын жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Директорлор кеңеши тастыктоочу документтерди добуш бергенге чейин карап чыгууга укуктуу, Директорлор кеңешинин ар бир добуш берүүчү мүчөсү операцияны же бүтүмдү жактыруу чечимине жеке өзү кол коюшу керек. Чечимде банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү карап чыккандыгы жана сунушталган операциянын же бүтүмдүн шарттарын түшүнө тургандыгы жана ушул Жобонун 13-пунктунун 4-пунктчасы тарабынан талап кылынуучу анализди жеке өзү окуп чыккандыгы так көрсөтүлүүгө тийиш. 

20. Ушул Жобонун 13-пунктунун 3, 4 жана 5 пунктчаларынын жоболору банктын башка аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарлары жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кардарлары/берүүчүлөрү үчүн ошол эле шарттарда жана талаптарда банк менен байланышкан жактардын, башкы банктан тышкары, банк/компания жана банк менен байланышкан жак болгон банк менен банктын спот-операцияларын жүргүзүү, аффилирленген же банк менен байланышкан жактарга эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү жана төлөм карттарын чыгаруу, банк тарабынан анын аффилирленген же банк менен байланышкан жактарынан кандайдыр бир төлөмдөрдү алуусуз кайтарымдуулук шарттарында акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларга кирбейт. 

21. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө Нускоодо белгиленген учурларда банк менен байланыштуу жактарды каржылоо чектеринен чыгарууга мүмкүн. 

22. Аффилирленген же банк менен байланышкан жакка берилүүчү ар бир актив күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны ишке ашыруудагы таза нарк төмөнкү көрсөткүчтөн аз эмес көрсөткүчтү түзөт:   

1) Эгерде актив ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары же актив берген банктын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо, активдин суммасынан 120 пайыз.  

Байланыштуу депозит, корреспонденттик эсеп болуп саналбаган өзүнчө аманатка салынган/мөөнөттүү депозитти (аманат) билдирет:  

- берилип жаткан активдин мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөткө;   

- күрөө катары тийешелүү негизде тариздетилген; 

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынат;   

- актив боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардар мүлккө ээ боло албайт.  

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркы банк тарабынан ай сайын, чет өлкө валютасындагы депозит түрүндө - жума сайын/күн сайын баа берилүүгө тийиш.  

2) Күрөөнүн кайсы болбосун каалаган түрү болгон учурда активдин суммасынан 140 пайызды түзөт.   

23. Эгер күрөөлүк камсыздандыруунун наркы мезгили менен бул Жобонун 22-пунктунда белгиленген өлчөмдөн төмөн болсо, анда мындай өлчөм күрөө жөнүндө жаны келишимди түзүү же күрөө жөнүндө колдо турган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен талап кылынган өлчөмгө чейин кошумча жеткирилет жана кошумча күрөөлүк мүлк менен кепилденет же кайра баалоо күнүнө чейин он беш жумуш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү болгон нарктагы күрөөнүн жаңы түрү менен алмаштырылууга тийиш. 

24. Аффилирленген же банк менен байланыштуу жакка активди жактыргандан жана бергенден кийин мындай актив башка жактарга - банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарлары жана аффилирленген, банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кардарлары үчүн берилген активдердей эле ошондой тескөөгө алынып жаткан мүнөздө көзсалынууга жана бааланууга тийиш. Аффилирленген жана банк менен байланышкан жактарга инвестициялар мезгил-мезгили менен башка жактарга - банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарлары жана аффилирленген, банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кардарларга инвестициялардай эле байланыштуу болбогон жактар тарабынан ошондой эле мүнөздө иликтенет жана бааланат. 

25. Банк ар кандай жак менен ага төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн бүтүмдөрдү түзүүгө укуксуз: 

1) аффилирленген же банк менен байланыштуу жактын алдында милдеттенмелерди төлөөгө же башка жол менен аткарууга; 

2) аффилирленген же банк менен байланыштуу жактан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга; 

3) аффилирленген же банк менен байланыштуу жак тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга. 

 

3. АКЦИОНЕРЛЕРДИН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУНУН ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ 

26. Банктын акционерлери банк ишинин коопсуздугу, таза жана ишенимдүү иштөөсү максатында өз укуктарын жана милдеттерин ак ниет жана акыл-эстүүлүк менен жүзөгө ашырууга милдеттүү

27. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу таза суммардык капиталынан 10%дан ашкан өлчөмдө кызыкдар болуу менен түзүлгөн операцияларынын же бүтүмдөрүнүн жүргүзүлүүсү боюнча чечим кабыл алат. 

28. Эгер бактын Директорлор кеңеши аффилирленген же банк менен байланышкан жак менен операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүү боюнча кворумдун жоктугунан чечим кабыл албаса, маселенин каралышы банктын акционерлеринин жалпы чогулушуна чыгарылат. 

29. Банктын Директорлор кеңеши этиканын жана адептүүлүктүн жогорку стандарттарын колдоону кошо алганда, банктын ишенимдүү жана акылга сыярлык иши үчүн жоопкерчилик тартат. Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы чогулушу үчүн ушул Жобонун 13-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн анализди кошо алганда, сунушталып жаткан операциянын же бүтүмдүн толук сүрөттөлүшүн камтыган так отчетту даярдоого тийиш. Банктын Директорлор кеңеши маселени акционерлердин жалпы чогулушуна өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин банктын өзгөчө кызыкчылыктарында маселени чечүү үчүн кандай болбосун аракеттерди колдонууга тийиш. 

30. Аффилирленген же банк менен байланышкан жак менен операция же бүтүм боюнча алгылыктуу режим алышы мүмкүн болгон акционер талкууга катышууга, акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүүгө таасир берүүгө же таасир берүүгө аракет кылууга же операцияны же бүтүмдү жактыруу маселеси боюнча (тике же кыйыр, акционер жалпы кызыкчылыгы бар жак аркылуу) добуш берүүгө катыша албайт. 

31. Акционерлер акционерлердин жалпы санынын макул болгон добушунун 2/3 белгиленген операциянын же бүтүмдүн жүргүзүлүүсүнө «макул» деп берилген учурунда гана аффилирленген же банк менен байланышкан жакка алгылыктуу режим бере турган операцияны же бүтүмдү жактыра алышат. 

32. Эгер ар бир акционери бул операция же бүтүм боюнча алгылыктуу режим алышы мүмкүн болгон банктын жагы болуп эсептелсе (тике же кыйыр, акционер жалпы кызыкчылыгы бар жак аркылуу) же мындай адамдар акционерлер санынын үчтөн көбүн түзсө, операция же бүтүм акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан каралбайт жана банк тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн эмес.  

4. ОТЧЕТТОРДУ БЕРҮҮГӨ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР 

33. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана бул Жобонун талаптарына ылайык, документалдык жазууларды (отчетторду) жүргүзүүсү зарыл. Бул жазуулар суммаларды, бул жактар жана жалпы кызыкчылыктарда аффилирленген же банк менен байланышкан жак менен байланыштуу жактар менен бардык операциялардын жана бүтүмдөрдүн шарттарын көрсөтүү менен бардык аффилирленген жана банк менен байланышкан жактар жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. 

34. Банк өзүнүн кызмат адамдар тарабынан банктардан алынган активдер менен байланыштуу бардык операциялар жана/же башка операциялар жөнүндө жазууларды жүргүзүүгө тийиш. Банк-корреспондентте мындай активди алган же мындай активди алууга арыз менен кайрылган ар бир кызмат адам жарым жылда бир жолу отчеттук мезгил ичинде алган бардык активдери жана жаңы алган активдер жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетун банкка отчеттук күндөн кийинки айдын 10 кечиктирбестен сунуштоого тийиш. Бул отчетторду эсепке алуу үчүн банк, өзүнчө досье жүргүзүүсү зарыл жана алар жаңыртылган учурда отчеттук мезгил ичиндеги бардык өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн протокол түзүлүүгө тийиш. 

35. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы, ар бир мүчөсү жана банктын кызмат адамы жылына бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана жетекчилигине анын коммерциялык, бизнес жана башка материалдык кызыкчылыктарына тиешелүү жазуу жүзүндө баяндалган маалыматты берүүгө тийиш. Отчет банктын Директорлор кеңешинин төрагасы, мүчөлөрү жана аткаруучу кызмат адамы менен жалпы кызыкчылыктарда байланыштуу болгон адамдардын тизмесин жана ар бир учурда мындай кызыкчылыктардын даражасын камтуусу зарыл. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы, мүчөлөрү жана кызмат адамы эки жумуш күнү ичинде отчеттору маалыматтын кандай болбосун өзгөрүүсү жөнүндө жазуу жүзүндө банкка билдирет. 

36. Банк өз ишинин бул Жобонун талаптарына ылайык келүүсүн камсыздоо үчүн ички контролдун адекваттуу системасын колдоп турууга тийиш. 

37. Банк Улуттук банкка Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында отчетторду берүүгө тийиш. 

38. Бул жобого ылайык талап кылынуучу бардык отчеттор тиешелүү тиркемелери (анализдери) менен актив боюнча бардык карыздар кайтарылгандан жана аффилирленген жана банк менен байланышкан жактар менен операциялар аяктагандан кийин банкта 5 жылдан кем эмес мөөнөттө сакталууга тийиш. 

5. ТЫНАЯК ЖОБОЛОР 

39. Эгерде банктын аффилирленген жана банк менен байланышкан жактар менен ишке ашырылган операциялардын жана бүтүмдөрдүн натыйжасында банктын акыбалы начарлап жана финансылык кыйынчылыктарды туудурса жана банктын кызыкчылыгына, аманатчыларына жана башка инвесторлорунун кызыкчылыгына зыян алып келсе, банкка аффилирленген жана банк менен байланышкан жактар менен кайсы болбосун операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашырууга тыюу салынат. 

40. Эгерде акционерлер, банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү жана банктын кызмат адамдары аффилирленген же банк менен байланышкан жакка кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү боюнча же алар менен операция же бүтүм жүргүзүү боюнча бул Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген, анын натыйжасында банк зыян тарткан же пайда көрбөгөн болгон чечим кабыл алса, аталган жактар ушундай келтирилген зыяндарды же актив, операция же бүтүм боюнча банктын карыздарын кайра кайтарып берүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

41. Банктын бардык ички документтери (саясаттары жана жол-жоболору) бул Жобонун талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

42. Банк жана аффилирленген же банк менен байланыштуу жактардын ортосундагы ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аркылуу түзүлгөн ар кандай операциялар же бүтүмдөр жараксыз болуп саналат. 

43. Бул Жобонун талаптарын аткарбагандык Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат. Долбоор 

Убактылуу администрация жөнүндө Жобо 

 

Глава 1. Жалпы жоболор 

1. Бул Жобо банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулуучу атайы терминдерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банктын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдардын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын, анын ичинде операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык же "ислам терезеси" аркылуу Убактылуу администрация учурунда жүзөгө ашыргандарга банкты кайра түзүмдөштүрүү жана Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруунун тартибин, негизин билдирет. 

2. Жободо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары Мыйзам) берилген жана төмөнкү аныктамалар пайдаланган: 

- Убактылуу администрация - ушул Мыйзамга ылайык активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн банкка контролду орнотуу, банктын аманатчыларынын жана башка насыя берүүчүлөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу жана банктагы иштин чыныгы абалын белгилөө жана анын андан аркы ишин аныктоо максаттары менен таасир этүү чаралары катары Улуттук банк тарабынан киргизилген банкты башкаруунун жана ишинин атайын режими; 

- Убактылуу администратор банкта Убактылуу администрация режимин жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк тарабынан дайындалган Убактылуу жетекчиси же Убактылуу администрациянын жетекчиси; 

- Убактылуу администрацияга каршы аракеттер - Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамында жана ушул жободо аныкталган функциялардын Убактылуу администратордун, Убактылуу администрациянын жетекчисинин же анын өкүлдөрүнүн аткаруусуна тоскоолдук кылган же ага мүмкүндүк бербеген банктын башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматтык жактарынын жана кызматкерлеринин, банк менен байланыштуу башка адамдардын аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттердин көрүлгөндүгү жөнүндө акт - банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматтык жактарынын жана кызматкерлеринин жана башка банк менен байланыштуу жактардын Убактылуу администрацины жүзөгө ашырууга каршы аракеттенгендиги фактысы боюнча түзүлгөн документ; 

- көзөмөл органы - Улуттук банктын уюштуруу түзүмүндө каралган Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети; 

- банкты кайра түзүмдөштүрүү - Банкты кайра түзүмдөштүрүү - бул аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн таламдарын коргоо, банк же төлөм тутумдары үчүн банктын тутумдуу мааниге ээ иш-милдеттеринин үзгүлтүксүздүгүн сактоо, ошондой эле банк жана финансы тутумдарынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында банкка карата колдонулуучу чаралардын комплекси. 

Глава 2. Убыктылуу администрацияны киргизүү 

3. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамында көрсөтүлгөн себептердин бар экендигинде Убактылуу администрация банкка киргизилет.  

4. Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду же Убактылуу администрациянын жетекчисини дайындоо боюнча чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан көзөмөлдүк функциясын жүзөгө ашырган анын структуралык бөлүмүнүн (мындан ары көзөмөл органынын) сунушу боюнча кабыл алынат. Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү чечими токтом менен таризделинет жана токтомдо башкасы каралбаса, ал кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администратор/Убактылуу администрациянын жетекчисини дайындоо жөнүндө чечим банктын Башкармасынын, Директорлор кеңешинин, кредиторлорунун жана акционерлеринин, ошондой эле укук коргоо, сот жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кайрылуусу боюнча Улуттук банк тарабынан кабыл алынышы мүмкүн, Убактылуу администрацияны дайындоого негиздер көрсөтүлүүгө тийиш. 

6. Убактылуу администрацияны киргизүү ушул Жобонун 5 пунктунда көрсөтүлгөн банктын катышуучулары же кредиторлору тарабынан демилгеленсе, алар Улуттук банкка алдын ала төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

төлөм мөөнөтү келип жеткен учурда кредитордук карыздын банк тарабынан төлөнбөгөндүгүнө тиешелүү арыз, же болбосо мыйзамдарга ылайык Убактылуу администрацияны киргизүү үчүн башка негиздемелердин болушу; 

тиешелүү ченемдик укуктук актыларга таянуу менен банкта Убактылуу администрациянын киргизүү зарылчылыгынын негиздемеси.  

Көзөмөл органы берилген документтерди 20 иш күндүн ичинде кароого алуу менен банктын катышуучулары же кредиторлор тарабынан сунуш кылынган документтердин негизинде Убактылуу администрацияны киргизүү зарылчылыгы негиздүү болсо, бул маселени чечим кабыл алуу үчүн Улуттук банк Башкармасынын кароосуна коет. 

7. Банкта Убактылуу администрацияны киргизүү боюнча отүнүч төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- банк, филиалдар, сактык кассалар, туунду же көз каранды компаниялар, банктык тобунун түзүмү тууралуу маалымат; 

- Убактылуу администрацияны дайындоонун негизи; 

- банктын финансылык абалы тууралуу маалымат (анын ичинде акыркы комплекс жана максаттуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктар); 

- Убактылуу администрациянын алты айдан ашпаган жарактуулук мөөнөтү боюнча сунуш; 

- Убактылуу администрациянын Улуттук банк тарабынан коюлган кандидатуралар (Убактылуу администратор, Убактылуу администрациянын өкүлдөрү) боюнча талаптарына ылайык келген составы тууралуу сунуш; 

- банктын ишине негизин көрсөтүү менен чектөөнү киргизүү боюнча сунуштар; 

- банктын банк-корреспонденттер тизмеси; 

- башка маалымат. 

8. Улуттук банктын Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрациянын жетекчисин дайындоо жөнүндө токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- фирмалык (толук расмий) жана кыскартылган аталышы; 

- Убактылуу администрацияны киргизүүнүн негиздери (ченемдик укуктук акттарга шилтемелер менен); 

- Убактылуу администрациянын башталышынын күн жана убактысы; 

- банктын эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү (зарылчылыкка жараша) жүзөгө ашыруу тартибин кошо алганда, банктын иш ыргагы; 

- банк ишине коюулуучу чектөөлөрдүн тизмеги (зарылчылыкка жараша); 

- Убактылуу администратор, Убактылуу администрациянын курамына тартылган жактар, ошонун ичинде Улуттук банктын өкүлдөрү тууралуу маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты жана негизги иштеген жери боюнча ээлеген кызматы); 

- Убактылуу администрация тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон тапшырма же көрсөтмө

- Убактылуу администрациянын банктын документтерин, активдерин жана баалуулуктарын кабыл алуу мөөнөттөрү

- Убактылуу администрацияны дайындоо тууралуу банк-корреспонденттерди эскертүү боюнча талаптар; 

- Убактылуу администрациянын чыгымдардын сметасын жара отчетту Улуттук банкка берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү

Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрациянын жетекчисин дайындоо жөнүндө Улуттук банктын Башкармасынын токтому Убактылуу администрацияга жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн башка жоболорду камтыйт. 

9. Убактылуу администрациянын курамына тартылган жактардын милдеттери Убактылуу администратордун буйругу менен бөлүнөт. 

10. Убактылуу администрация киргизүү, Убактылуу администраторду/Убактылуу администрациянын жетекчисин дайындоо учурдан тартып бир иш күндүн ичинде көзөмөл органы Улуттук банк Башкармасынын токтому менен банктын жетекчилигин тааныштырат. 

Улуттук банк Башкармасынын токтомунун көчүрмөсү, банктын Директорлор кеңешинин кайсыл болбосун мүчөсүнө же жетекчисине көчүрмөнүн экинчи нускасын алган күндү жана убактысын көрсөтүп, кол койдуруп алуу менен тапшырылат. Көчүрмө консерватордун колунда анын ыйгарым укуктары токтотулганга чейин сакталууга тийиш. Банк тарабынан алуу жөнүндө кол койдуруу менен токтомдун экинчи экземплярдын көчүрмөсү Убактылуу администратор көзөмөл органга тапшырат. 

11. Көзөмөл органы Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө чечимдин кабыл алынышы учурунда, маалымдоо катын эсептөшүүлөрдүн жана төлөмдөрдүн банктар аралык системасы боюнча кызмат көрсөтүүнү сунуштаган мекемелерге, коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо агенттигине (мындан ары Аманаттарды коргоо агенттиги) Убактылуу администрация киргизүү, Убактылуу администраторду/Убактылуу администрациянын жетекчисин дайындоо учурдан тартып бир иш күндүн ичинде жөнөтөт.  

Катта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- Убактылуу администрация киргизилген банктын аталышы; 

- Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынган күндү, анын номерин көрсөтүү менен Убактылуу администрация башталгандыгы жөнүндө билдирүү

- Убактылуу администрация башталган күн жана убактысы; 

- Убактылуу администрация киргизүү мөөнөттөрү

- Убактылуу администратордун аты-жөнү

- Убактылуу администратордун кол тамгасынын үлгүсү

12. Убактылуу администрация 6 айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет. Убактылуу администрациянын аракети Улуттук банк Башкармасы тарабынан 6 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. 

13. Убактылуу администрация башталгандыгы жөнүндө билдирүү Улуттук банктын веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 

Глава 3. Убактылуу администрациянын курамы 

14. Убактылуу администрациянын курамы иштин көлөмүнө жана мүнөзүнө жараша белгиленет. 

Убактылуу администрациянын курамына Убактылуу администратордон башка Убактылуу администратор тарабынан тартылган жактар, анын ичинде Улуттук банктын өкүлдөрү кирүүгө мүмкүн. 

15. Убактылуу администратор ушул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар болушу мүмкүн. Улуттук банктын өкүлдөрү Убактылуу администратор болуп алышпайт. 

16. Убактылуу администратор Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат. Келишимде анын милдеттери, жоопкерчилиги, иштөө шарттары жана эмгегине төлөө аныкталууга тийиш. 

17. Улуттук банктын өкүлдөрү болгон Убактылуу администрациянын мүчөлөрдү Улуттук банктын Башкармасы дайындайт. Алар Убактылуу администратор тарабынан коюлган милдеттердин бөлүштүрүүнө карата функцияларды жүзөгө ашырышат. 

18. Убактылуу администрациянын курамына банктын кызмат адамдары, аффилирленген жактары жана кызыкчылыктардын кагылышы бар болгон адамдар кире алышпайт. Бул талаптар Улуттук банктын өкүлдөрүнө да тийиш. Айрым ыйгарым укуктарын аткарышы Убактылуу администратордун ыктыяры боюнча банктын кызмат адамдарына жүктөөгө мүмкүн. Ушундай жүктөлүш Убактылуу администратордун буйругу менен белгиленет. 

19. Убактылуу администрациянын курамына Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо агенттигинин макулдашуусу менен банктардын аманатчылар алдындагы милдеттенмелеринин белгилүү бир талаптары, көлөмү жана түзүмү боюнча аманаттар жөнүндө маалыматтарды алып барууну ылайыкташтырып жүргүзүүнүн, Депозиттерди коргоо фондуна мүчөлүк акыларды төлөөнүн маселелери, ошондой эле Мыйзамдарда белгиленген башка милдеттерди банктардын аткаруусунун маселелери боюнча агенттигинин кызматчылары кире алышат. 

20. Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. 

21. Улуттук банктын Башкармасы төмөнкү учурларда башка Убактылуу администраторду дайындоого укуктуу: 

- сыркоолоп калуусуна же консервация иш-чарасын жүргүзүүгө коркунуч туудурган башка себептер боюнча консерватордун жоктугу учурунда; 

- Улуттук банк менен келишилген келишимдин шарттарын бузууга жол берилсе; 

- отчетторду өз убагында бербей коюусу жана/же отчеттордун талаптагыдай берилбеши учурунда; 

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзам жана ушул жобо аркылуу Убактылуу администраторго жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткарууга, аракеттерди көрүүгө Убактылуу администратордун жөндөмсүздүгү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бузулуулары; 

- Убактылуу администратордун "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамда жана ушул Жободо белгиленген Убактылуу администрация чарасынын максаттарына жетишүүгө бөгөт койгон, билип туруп жасаган аракеттери же аркеттенбей коюулары; 

- башка негиздемелер боюнча. 

 

Глава 4. Убактылуу администраторго квалификациялык талаптар 

22. Убактылуу администратордун кызматына талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому; 

2) финансы-банк системасында кеминде беш жылдык, анын ичинде жетекчи кызматтарда - кеминде эки жылдык эмгек стажы; 

3) банктык иш-аракетин жөнгө салуучу мыйзамдар, банктык тобокелдиктерди башкаруу дана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылардында маалыматка ээ болушу; 

4) кынтыксыз ишкер абройго ээ болууга тийиш; 

5) Убактылуу администрация киргизилген банктын карыз алуучулар, кредиторлор жана банк менен байланыштуу жактар менен кызыкчылыктардын кагылышуусу жоктугу. 

23. Убактылуу администратордун бантктар же Улуттук банкка көзөмөл болгон башка юридикалык жактар жана башка уюмдардагы кызмат ордунда айкалышта акы төлөнөрүнө же төлөнбөсүнө карабастан иштөөгө жол берилбейт (окутуучулук жана илим-изилдөө иштерин кошпогондо). 

24. Таламдардын карама-каршылыктарына жол бербөө максатында Убактылуу администратордун жана Убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн өз жана ишкердик кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматтарды 6-Тиркекмеге ылайык Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

25. Убактылуу администратор жана Убактылуу администрациянын мүчөлөрү 7-Тиркемеге жараша толтурулган анкеталарды беришет. Анкеталар Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө келишимин кабыл алуу учурунда Улуттук банктын Башкармасы үчүн материалдарга кирет. 

26. Убактылуу администрациянын дайындоо/улантуу учурларда өз жана ишкердик кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматтарды Улуттук банкка берилет. Ушул маалымат Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө келишимин кабыл алуу учурунда Улуттук банктын Башкармасы үчүн материалдарга кирет. 

 

Глава 5. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу 

27. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып банкка карата төмөнкүлөр колдонулат:  

1) Банктын башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары токтотулат. Мындан кийин, башкаруу органдарынын бардык чечимдери, эгерде алар Убактылуу администрация тарабынан бекитилбеген болсо, укукка ээ болбогон катары эсептелинет. Убактылуу администрация банктын ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды эске албаганда, банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарына ээ болот; 

2) Банктын атынан юридикалык жак катары Убактылуу администрация гана иш алып барууга укуктуу. Ким болбосун, банктын атынан кандай иш-аракеттерди жасабасын, бардыгы жараксыз деп эсептелинет;  

3) банктын ишенимдүү башкарууда турган мүлктөрүн кошпогондо, банктан карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук актыларды аткаруу Убактылуу токтотулат; 

4) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү кошуу менен банктын бардык карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат; 

5) пайдаларды бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлердин алдындагы башка бардык финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине ар кандай сыйакыларды (белгиленген эмгек акыны кошпогондо, сыйакылар, бонустар жана башка дем берүүчү төлөөлөр) төлөөлөр токтотулат; 

6) эгерде Улуттук банк тарабынан башкача белгиленбесе, бардык банктык операциялар, бүтүмдөр жана башка иштер Убактылуу токтотулат; 

7) банк тарап катары иш алып барган жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот өндүрүшү Убактылуу токтотулат; 

8) банктын ишенимдүү башкарууда турган мүлктөрүн кошпогондо, банктан карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук актыларды аткаруу Убактылуу токтотулат. 

28. Убактылуу администратор жана тартылган өкүлдөр же Улуттук банктын өкүлдөр өздөрүнүн кызматтык милдеттерин же мыйзамдуу тапшырмаларды укук чегинде аткаруунун жүрүшүндөгү чыгашалар үчүн кайсы жактын алдында болбосун, жарандык жоопкерчилик тартпайт. Алардын укукка жатпаган ишине байланыштуу кине коюулар жана доолор Улуттук банкка карата гана коюлушу мүмкүн. Улуттук банк регресстик тартипте доо коюуга укуктуу. 

29. Убактылуу администрация иш алып барып жаткан мезгилде банктык операцияларды жана төлөмдөрдү, ошондой эле башка иштерди жүргүзүү тартиби көзөмөл органдын же/жана Убактылуу администратордун сунуштарынын негизинде Улуттук банктын Башкармасынын токтому менен аныкталат. 

30. Улуттук банктын макулдугу менен төлөм тутумдарында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумдарында акыркы эсептешүүлөрдүн эрежелери колдонулушу мүмкүн. Төлөм тутумдарында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумдарында акыркы эсептешүүлөрдүн эрежелери Мыйзам жана “Кыргыз Республикасынын банктарынын Убактылуу администрация жана банкроттоо жол-жоболорун киргизүү учурунда айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат. 

 

Глава 6. Убактылуу администрациянын иши жана уюштуруу тартиби 

31. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып, банктын кызмат адамдары консерваторго банктык жайларга тоскоолдуксуз кирүү, анын активдери жана документтери менен толук таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү

32. Банк жетекчилиги (Банк Башкармасынын мүчөлөрү), Улуттук банк тарабынан Убактылуу администрация чарасы киргизилген учурда, Убактылуу администрацияга аудио/видео жабдуулар орнотулбаган, аудио/видео жазуулар ишке ашырылбаган өзүнчө жай менен камсыз кылууга, Убактылуу администрацияга берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, банктын, Убактылуу администрациянын документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылып, Убактылуу администрацияга ишин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана техникаларды берүүгө милдеттүү

33. Эгерде Убактылуу администрациянын коопсуздук таламдары жана/же кызматтык маалыматтарды коргоо же болбосо келип чыккан жагдайлар өзгөчө иш шартын жана техникалык жактан жабдууну талап кылбаса, Убактылуу администрация өз ишин жүргүзүп жаткан мезгил ичинде банкка тиешелүү кызматтык жайларды, байланыш каражаттарын, автомобиль транспортторун жана башка техникалык каражаттарды, банктын аткаруу органы үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда пайдалана алат. 

34. Убактылуу администратор, Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу максатында өзү зарыл деп эсептеген ыйгарым укуктарды, эгерде Улуттук банк Башкармасы тарабынан башкасы белгиленбесе, банктын жетекчилерине жана кызматкерлерине, же болбосо башка адамдарга ыйгара алат. Мындар тышкары Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу үчүн өкүлдөрдү тартып алууга укуктуу. 

Бул жөнүндөгү маалымат Улуттук банкка берилген Убактылуу администратордун отчетунда чагылдырылат. 

35. Убактылуу администратор өз дайындоодон кийин дароо эле банктын филиалдарына, туунду мекемелерине жана өкүлчүлүктөрүнө Убактылуу администрация киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт жана Убактылуу администратордун кол тамгасынын үлгүлөрүн камтыган маалымдама катты жөнөтөт. Инвентаризациялоону жүргүзүү үчүн комиссия түзүү, банктын (филиалдарынын/туунду мекемелеринин) имаратына кирүүгө укуктуу болгон адамдар үчүн өзгөчө өткөрмө режимин киргизүү жөнүндө буйруктарды жана консервацияны жүзөгө ашыруу максатында, зарылчылыкка жараша тиешелүү буйруктарды жана буйрууларды чыгара алат. 

36. Убактылуу администратор дайындалгандан кийин дароо эле банк-корреспонденттерге Убактылуу администрация режими киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт (SWIFT системасынын каналдары, факс боюнча, байланыштын башка алгылыктуу каналдары) жана төмөнкүлөрдү камтыган маалымдама катты жөнөтөт: 

- Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунун кабыл алынган күнүн жана номерин көрсөтүү менен Убактылуу администрация башталгандыгы жөнүндө билдирүү

- Убактылуу администрация башталган күн жана убактысы; 

- Убактылуу администрация киргизилген мөөнөтү

- Убактылуу администратор тууралуу маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты жана негизги иш орду боюнча кызматы); 

- Убактылуу администрация чарасын жүзөгө ашыруу таламында, Убактылуу администратор маалымдоо зарыл деп эсептеген бардык башка маалыматтарды. 

37. Убактылуу администратор Убактылуу администрация процессинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, башка иш-чараларды да жүзөгө ашыра алат. 

 

Глава 7. Убактылуу администрациянын укуктары жана милдеттери 

38. Банкта "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамга ылайык, Убактылуу администрация жол-жобосун жүзөгө ашыруу Убактылуу администратордун негизги милдети болуп саналат. 

39. Убактылуу администратордун милдеттерине төмөнкүлөр кирет: 

- банктын финансылык абалынын начарлашына жол бербөө чараларын кабыл алуу; 

- банктын жазууларынын, документтеринин жана активдеринин сакталышын камсыз кылуу; 

- финансылык отчет менен банктагы айкын иш жагдайын салыштырып текшерүү

- банктын чыгашаларын мүмкүн болушунча азайтуу; 

- укук коргоо органдары менен өз ара мамилелерге тиешелүү аракеттерди албетте, зарылчылыгы болсо, көзөмөл органы менен макулдашуу; 

- банктын андан аркы иши боюнча сунуш-көрсөтмөлөр;  

- банктын катышуучуларынын анын финансылык абалын жакшыртууга реалдуу мүмкүнчүлүгү жана ниети болгон шартта, банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү

- Убактылуу администрация жол-жобосун ишке ашыруу максаттарында башка чараларды көрүү

40. Убактылуу администратор ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана чегерилген ыйгарым укуктарынын жүзөгө ашырылышы боюнча Улуттук банк Башкармасына отчет берет. Убактылуу администратор өз аракеттерин Улуттук банк менен коорданациялоо кылат. 

41. Убактылуу администратор ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык, аткарылган иштер тууралуу отчетту (Улуттук банктын Төрагасынын атына), түшүндүрмө кат менен бирге, отчеттук айдан кийинки айдын 10 (онуна) чейин ай сайын Улуттук банкка берип турат. 

42. Көзөмөл органы Убактылуу администратордун анын компетенциясына кирген маселелер боюнча кошумча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

Улуттук банк Башкармасы зарылчылык келип чыккан учурда, Убактылуу администратор үчүн тиешелүү отчетторду берүүнүн башка мөөнөттөрүн белгилөөгө укуктуу. 

43. Убактылуу администрация мезгили аралыгында филиалдарын жана туунду мекемелерин кошо алганда, банктын (филиалдын/туунду мекеменин) отчетторуна (күндөлүк, ар айлык, чейректик, жылдык жана башка отчеттор жана маалыматтар) Убактылуу администратор (филиалдагы/туунду мекемедеги консерватордун өкүлдөрү) жана башкы бухгалтер Улуттук банктын талаптарына ылайык кол коюшат. 

Убактылуу администрация мезгилинде банк тарабынан мамлекеттик органдарга да (салык, статистика жана башка органдарга) отчеттор берилет. 

44. Убактылуу администратор төмөнкүлөргө укуктуу: 

- банктын филиалдарына жана анын туунду компанияларынын башкаруу органдарына Убактылуу администрацияга өкүлдөрдү дайындоо менен кызматкерлерди тартып алууга же дайындоого; 

- акционерлердин жалпы чогулушун чакырууга; 

- зарылчылыкка карата банктын имаратына печать басууга; 

- банктын филиалдарын, туунду компанияларын, өкүлчүлүктөрүн, аманат кассаларын жана башка структуралык бөлүмдөрүн жабууга; 

- банктын атынан кайсы болбосун документтерге жана келишимдерге кол коюуга; 

- банктын атынан доо жана дооматтык талаптарды коюуга; 

- банк ишине көз карандысыз аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө келишимди түзүүгө

- Убактылуу администратор өкүлдөрү жана банктын кызматкерлери үчүн аткарылышы милдеттүү болгон буйруктарга жана буйрууларга кол коюуга; 

- ишке кабыл алуу, кызматка дайындоо, иштен бошотуу, кызмат абалынан төмөндөтүү же кызматынан утурумдук четтетүү, банк кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу буйруктарды (эмгек мыйзамынын талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен) чыгарууга; 

- эмгек мыйзамдарына ылайык, банктын (башкы мекемелердин, бөлүмдөрдүн, филиалдардын ж.б.) штаттык расписаниесин кайра карап чыгууга; 

- банкта проблемаларды жараткан же Убактылуу администрация режимин киргизүүгө себеп болгон иш-аракеттери үчүн банктын жетекчилерин жана катышуучуларын, ошондой эле банк менен байланыштуу башка жактарды жоопкерчиликке тартуу (анын ичинде тиешелүү укук коргоо органдарына жана сот органдарына кайрылуу менен да) маселесин көзөмөл органына алдын ала макулдашуу менен коюуга; 

- банкты Убактылуу администрация мезгилинде бардык соттордо доочу же жоопкер катары Убактылуу администрация киргизилген банктын атынан өкүл болууга; 

- ыйгарым укуктары консервация мезгили ичинде токтотулган банктын аткаруу органдарына жүктөлгөн башка милдеттерди аткарууга. 

45. Улуттук банк Башкармасынын уруксаты менен төлөмдөр банктын финансылык абалынына жана ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүнө таасир этүү боюнча маалыматты берүү жана Убактылуу администратор тарабынан берилген төлөмдөр боюнча туура келген негизи жана банкка байланыштуу эмес аманатчыларга тиешелүү болгон суммаларды жарым-жартылай же толугу менен төлөп берүүгө укуктуу. 

46. Эгерде Убактылуу администратор банкты кайра түзүмдөштүрүүсү мүмкүн эмес жана аны жоюу зарыл деген жыйынтыкка келсе, ал аманатчыларга төлөнүп берилүүгө тийиш болгон кандай болбосун төлөөлөрдү токтотууга милдеттүү

47. Убактылуу администрация дайындалган күндөн 15 күн өткөндөн кечиктирилбеген мөөнөттө Убактылуу администратор банктын учурдагы финансылык абалы жана келечектеги иши жөнүндө отчетту даярдоо менен Улуттук банк Башкармасына сунуштоого милдеттүү. Отчет тышкы аудитордун жардамы менен түзүлүшү мүмкүн, анын кызмат көрсөтүүсүнүн наркы консервация чарасына кеткен чыгашаларга кошулат. Консерватордун отчетунда банк жоюлуп кеткен шартта сатып өткөрүлүшү мүмкүн болгон активдердин наркына баа берүүлөр, ошондой эле тиешелүү негиздемелери менен төмөндөгү сунуш көрсөтмөнүн бири камтылууга тийиш: 

1) көйгөйлөрдүн четтетилгенине байланыштуу банктын өз алдынча ишин кайтадан баштоосу; 

2) банктын лицензиясын кайтарып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо; 

3) банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү

48. Улуттук банк Башкармасы консерватордун отчетун жана сунуштарын карап көрүп, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 

1) көйгөйлөрдүн четтетилгенине байланыштуу банктын өз алдынча ишин кайтадан баштоосу; 

2) мыйзамдарга ылайык банктын лицензиясын кайтарып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо; 

3) банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү Убактылуу администратордун сунушун колдонуу. 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде, Убактылуу администратор банктын андан-аркы ишине тиешелүү иш-чаралар планын даярдоо менен аны кийин Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт. 

Глава 8. Банкты кайра түзүмдөштүрүү 

49. Банкты кайра түзүмдөштүрүү төмөнкү чараларды өз-өзүнчө же комплекстүү түрдө колдонуу аркылуу ишке ашырылат: 

1) банкты кайра капиталдаштыруу; 

2) банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу; 

3) "өтмө банкты" түзүү

Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча ар кандай чараларды ишке ашырууда алар банктын насыя берүүчүлөрүнүн абалын банкты мажбурлап жоюуда келип чыгуучу жагдайларга салыштырмалуу начарлатууга тийиш эмес. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра түзүмдөштүрүлгөн банкты мажбурлап жоюуну процедурасын баштоо боюнча чечимди кайсы болбосун мезгилде кабыл алууга укуктуу. 

50. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды колдонуудан мурда Улуттук банк белгилеген тартипте анын активдери жана милдеттенмелери банктын эсебинен бааланууга тийиш. 

51. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чаралар Убактылуу администратор тарабынан Убактылуу администрация режиминин алкагында Улуттук банктын макулдугу менен ишке ашырылат. 

52. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана кызыгдар органдар менен макулдашылган банктарды кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу учурда алдын ала чаралар планын иштеп чыгууга жана Улуттук банктын Башкармасынын бекитүүсүнө милдеттүү

 

Глава 9. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды демилге көтөрүү 

 

53. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө Убактылуу администратор тарабынан Улуттук банкка берилген сунуш-көрсөтмөсү Улуттук банк тарабынан канааттандыруу учурда Убактылуу администратор ушул Жобого ылайык банктын кайра түзүмдөштүрүү боюнча айкы чараларды белгилөө үчүн 20 календардык күндүн ичинде чараларды өткөрүп, Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү

54. Банктын активдери жана милдеттенмелери банктын эсебинен баалануу максатында Убактылуу администратор баалоочуларды жана башка адистерди, алардын кызматына карыз тараптын каражаттарынын эсебинен төлөө менен ишке тартууга укуктуу. 

55. Активдерди жана милдеттенмелерди баалоонун натыйжасыны алуу менен Убактылуу администратор ушул Жобонун 49 пунктунда көрсөтүлгөн банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө өтүнүчтү Улуттук банкка жиберет. Убактылуу администратордун өтүнүчү банктын финансы абалы, банктын аманатчылар жана башка насыя берүүчүлөр жана алардын укуктарын жара кызыкчылыктарын, банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча сунушталган чаралардын натыйжасыны баалануу жөнүндө маалыматты камтыйт. 

56. Банкты кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө өтүнүчкө Убактылуу администратор милдеттүү түрдө төмөнкү документтерди тиркелеш керек: 

- Активдерди жана милдеттенмелерди баалоо жөнүндө отчет; 

- Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чаралар Планы. 

57. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чаралар Планында бер же бир нече чаралар көрсөтүлүш керек. Убактылуу администратор банкты кайра түзүмдөштүрүүнү өткөрүү боюнча сунушу менен айкын аракеттерди жана алардын аткаруусунун мөөнөттөрүн көрсөтүлүш керек. 

58. Убактылуу администратор тарабынан өтүнүч келип түшкөн күндөн баштап Улуттук банк Жобонун 60 пунктунда көрсөтүлгөн бардык тиркелген документтерди он беш иш күндүн ичинде карайт. 

59. Зарылчылык болсо Улуттук банк чечимин кабыл алуу үчүн башка документтерди кошумча талап кылууга укуктуу. 

60. Убактылуу администратор тарабынан банкты кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн күндөн баштап Улуттук банк он беш иш күндүн ичинде төмөнкүлөрдүн бири чечимди кабыл алат: 

- Убактылуу администратордун өтүнүчтү канааттандырып банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча процедураны жүргүзүү

- Убактылуу администратордун өтүнүчтү канааттандырбалып банкты жоюу процедурасын жүргүзүү

- Убактылуу администратордун өтүнүчтү канааттандырбалып аны милдеттүү түрдө негиздөөсү менен кайра иштеп чыгууга жөнөтүү

- Убактылуу администратордун өтүнүчтү канааттандырып банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча берилген чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Убактылуу администратордун түзүмдөштүрүү боюнча бир чараны ишке ашыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандырбалып башка чараларды колдонуу тууралуу сунуш кылуу. 

61. Улуттук банк тарабынан өтүнүчтү кабыл албоо учурда, Убактылуу администратор 5 иш күндүн ичинде Улуттук банкка банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча жаңы/кайра иштелип чыккан чаралар боюнча өтүнүчтү же банкты жоюу боюнча сунуш берүүгө милдеттүү

62. Убактылуу администратордун өтүнүчүн канааттандыруу же кабыл албоо жөнүндө чичими банктагы азыркы абалы, банктын аманатчылардын жана кредит алуучулардын кызыкчылыктарын, банктык жана финансылык системасын туруктуулугун камсыздоону эсепке алуу менен Улуттук банктын Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

 

Глава 10. Банкты кайра капиталдаштыруу 

63. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чараларды жүргүзүүдө, банктын акционерлеринин жана насыя берүүчүлөрүнүн макулдугу талап кылынбайт. 

64. Банкты кайра капиталдаштыруу төмөнкүчө ишке ашырылат: 

1) акционерлердин акцияларынын жана башка капиталдык эсептеринин (резервдердин, бөлүштүрүлбөгөн пайданын ж.б.) эсебинен чыгымдардын ордун жабуу аркылуу. Мында акциялар жоюлат; 

2) банктын акционерлеринин жана банк менен байланыштуу адамдардын алдындагы анын милдеттенмелеринин эсебинен чыгымдардын ордун жабуу же мындай милдеттенмелерди банктын капиталына өзгөртүп түзүү аркылуу. Бул учурда мындай милдеттенмелер токтотулат; 

3) жаңы акциялардын эмиссиясы жана аларды сатуу аркылуу; 

4) субординацияланган насыяны тартуу аркылуу; 

5) башка чараларды көрүү аркылуу. 

Банкты кайра капиталдаштыруу боюнча көрсөтүлгөн чараларды жүзөгө ашыруу учурда Убактылуу администратор Кыргыз Республикасынын мыйзамдар талаптарын сактоого милдеттүү

 

65. Төмөнкүлөргө карата банктын милдеттенмелерин капиталга өзгөртүп түзүүгө жол берилбейт: 

1) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзам боюнча корголууга тийиш болгон аманаттар боюнча; 

2) насыя берүүчүлөрдүн күрөө жүйөсүнүн наркынан ашпаган суммадагы күрөө менен камсыздалган талаптары боюнча; 

3) банктын каражаттарынан бөлөк эске алынган кардарлардын алдындагы; 

4) эмгек акы, чыгуу жөлөкпулдары боюнча, ошондой эле банк кызматкеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндан улам келип чыккан милдеттенмелерге; 

5) банктын бюджетке жана башка бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрү боюнча. 

66. Тутумдук банкты кайра капиталдаштырууга катышуу жөнүндө чечим Улуттук банктын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнүүчү каражаттарды тартуу менен тутумдук банкты кайра капиталдаштыруу, ушул Жобонун 64 пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар жүргүзүлгөндөн кийин ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн катышуусу боюнча чечимдин кабыл алуусунун тартиби системалык банктарды кайра капиталдаштыруу маселе боюнча Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирге ченемдик укуктук актына ылайык кабыл алынат. 

67. Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен же анын кепилдиги менен кайра капиталдаштырууну ишке ашырууга тыюу салынат. 

68. Тутумдук банкты кайра капиталдаштырууга башка жактар Улуттук банктын макулдугу менен катыша алат. Банкты кайра капиталдаштырууда катышкан жактар банктык мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарына ылаыйк болушу милдеттүү

69. Убактылуу администратор банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча кат жүзүндө сунуш менен банктын катышуучуларына кайрыла алат. 

Банктын катышуучулары жана кредиторлору, анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн акча каражаттарынын зарыл суммасын капиталдаштыруу жөнүндө Убактылуу администраторго сунуш киргизиши мүмкүн. Мында, тиешелүү сумма жана аны салуу мөөнөтү Улуттук банк менен макулдашуусу менен Убактылуу администратор тарабынан аныкталат. 

70. Банктын катышуучулары же кредиторлору тарабынан анын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралардын планы сунушталган учурда, Убактылуу администраторошол иш-чаралар планы боюнча корутундуну Улуттук банк Башкармасына берет. 

71. Банктын кайра капиталдаштыруу боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө Убактылуу администратордун өтүнүчтү каанаттандыруу учурда, Убактылуу администратор мүмкүн болгон тобокелдиктер жана аткарылган/аткарылбаган чараларды көрсөтүү менен өткөрүлгөн чаралар жөнүндө отчетту жума сайын Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

 

Глава 11. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүү жана сатуу 

72. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу ишке ашырылат, эгерде Улуттук банктын берген баасы боюнча: 

1) банкты банкрот деп таануунун реалдуу коркунучу болсо жана мындай чечимди кабыл албоо аманатчылардын жана банк менен байланышы жок башка насыя берүүчүлөрдүн абалынын начарлатышы мүмкүн болсо; 

2) мындай чечим аманатчыларды жана башка банк менен байланышы жок насыя берүүчүлөрдү коргоону камсыздоонун, ошондой эле депозиттик базаны сактоонун эң мыкты ыкмасы болуп саналса; 

3) мындай чара финансы жана банк тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун сактоо, калктын банктарга ишениминин кетишине жол бербөө үчүн зарыл болсо. 

Жогоруда көрсөтүлгөн баасы Убактылуу администратор берген маалыматы негизинде Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү менен өткөрүлөт. Баа өткөрүүдөн кийин ушул пунктун 1-3 пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздерин табуу учурда көзөмөл органы маселени Улуттук банктын Башкармасынын кароосуна чыгарат. 

73. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүдө же сатууда банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин бардыгы же анын кандайдыр бир бөлүгү кандай көлөмдө жана катышта болбосун “Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын талаптарын эсепке алуу менен өткөрүлүп берилиши же сатылышы мүмкүн.  

74. Өткөрүп берүүгө же сатууга мүмкүн болгон банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин тизмеси Убактылуу администратор тарабынан даярдалынат. Тизме Улуттук банкка берилген өтүнүч менен кошо тиркелет. 

75. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу рыноктук шарттарда ишке ашырылат. Банктын активдерин сатуудан түшкөн каражаттар кайра түзүмдөлүүчү банкка жумшалат. 

76. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу учурунда, аларды кабыл алып же сатып алып жаткан жактын тиешелүү лицензиясы же уруксаты болууга тийиш. 

77. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу банктын насыя берүүчүлөрүнүн жана акционерлеринин, ошондой эле башка кызыкдар жактардын макулдугун талап кылбайт. 

78. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн укуктарын бузуу болуп саналбайт. 

79. Биринчи кезекте банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык корголууга тийиш болгон аманаттар боюнча банктын милдеттенмелери өткөрүп берилүүгө тийиш. 

80. Банктын насыя берүүчүлөрү, акционерлери жана менчиги, милдеттенмелери жана укуктары өткөрүлүп берилбеген же сатылбаган башка жактар башкаларга өткөрүлүп берилген же сатылган активдерге, милдеттенмелерге жана укуктарга кандай негиздер болбосун талапкер болууга же өз укуктарын билдирүүгө укугу жок. 

81. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары аманаттар боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүүдө банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык корголууга тийиш болгон аманаттарга карата гана пайдаланылат. 

Улуттук банк аманаттар боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу учурдан Убактылуу администратор 1 иш күндүн ичинде аманаттарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга милдеттенмелерди өткөрүү боюнча толук маалыматты жиберет. 

82. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары аманаттар боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүүдө банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык корголууга тийиш болгон аманаттарга карата гана пайдаланылат. 

Милдеттенмелерди башка банкка өткөрүү жөнүндө Улуттук банк тарабынан өтүнүчтү канааттандыруу учурдан баштап Убактылуу администратор бир күндүн ичинде аманаттарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга милдеттенмелерди өткөрүү жөнүндө толук маалыматты жиберет. 

 

Глава 12. "Өтмө" банкты түзүү 

 

83. Убактылуу администратор Улуттук банктын макулдугу менен кайра түзүмдөлүүчү банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин базасында "өтмө" банкты уюштурууга укуктуу. 

84. "Өтмө" банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жана Улуттук банктын лицензиясын берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурдан тартып, жетимиш эки сааттын ичинде жүргүзүлөт. 

85. "Өтмө" банкка лицензия берүү тартиптерин, капиталына жана башка экономикалык ченемдерине карата талаптарды Улуттук банктын лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 

86. "Өтмө" банктын уюштуруу тууралуу расмий жарыялоо Улуттук банктын лицензиясын бергенден кийинки күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт. 

87. Убактылуу администратор "өтмө" банктын акцияларын кыска мөөнөттө, бирок ал түзүлгөн учурдан тартып бир жылдан кечиктирбестен, ар кандай мүмкүн болгон ыкмалар менен сатууга милдеттүү. Улуттук банктын чечими боюнча "өтмө" банктын акцияларын сатуу мөөнөтү бир жылга чейинки мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. Эгерде "өтмө" банктын акциялары белгиленген мөөнөттө сатылбаса, ал жоюлууга тийиш. "Өтмө" банктын акцияларын сатууга байланыштуу бардык маалыматтар ачык-айкын болууга, рынок шарттарында айрым сатып алуучуларга артыкчылык берилбестен, ишке ашырылууга тийиш. 

88. "Өтмө" банктын акцияларын сатуудан түшкөн каражаттар кайра түзүмдөлүүчү банкка жиберилет. 

89. Ушул Мыйзамда каралган Убактылуу администрацияны киргизүүнүн натыйжалары "өтмө" банкка карата колдонулбайт. 

90. Түзүлгөн убакыттан баштап «өтмө» банк аманаттарды коргоо тутумунун катышуучусу статусуна кирүү төлөмүсүз ээ болот. 

91. «Өтмө» банк, юридикалык жак катары реструктуризацияланган банктын мураскери болуп эсептелбейт жана ага Мыйзам жана ушул Жобо боюнча өткөрүлүп берген милдеттеринен тышкары милдеттери боюнча жоопкерчилик тартпайт. 

92. «Өтмө» банкка активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү ушул Жобонун «Активдерди жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү жана сатуу» бөлүмүнүн эрежелери боюнча ишке ашырылат. 

93. «Өтмө» банктын ишин уюштуруу максатында Убактылуу администратор реструктуризацияланган банктын кызматкерлерине «өтмө» банкына Убактылуу администратор көрсөткөн кызматтарын ээлегенге сунуш кылганга укуктуу. 

94. «Өтмө банктын» уюштуруучусу катары Убактылуу администратор ушул Жобого ылайык төлөмдөрдөн тышкары башка дивиденддерди жана жеке пайда алууга укугу жок болуп белгиленет.  

95. «Өтмө банкына» аны ишке ашыруу караштырылган мөөнөтүнүн ичинде Улуттук банкынын экономикалык ченемдер жана уставдык капитал боюнча талаптар жайылбайт.  

96. «Өтмө банктын» акциялары сатылгандан кийинки 1 айлык мөөнөттүн ичинде жаңы акционер «өтмө банкын» каржылык калыбына келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдар талабына жооп берген планын иштеп чыгууга тийиш. Каржылык калыбына келтирүү боюнча иш-чараны ишке ашыруу мөөнөтү максималдуу турдө 12 айдан ашпоого тийиш.  

97. Иш чарада көрсөтүлгөн шарттарды аткарбоо, банктык мыйзамдарда караштырылган, банктын лицензиясын кайтарып алууга чейин таасир этүүчү чараларды колдонууга негиз болот. 

98. . «Өтмө банкына» лицензия берилип жатканда Улуттук банк өз алдынча ишке ашырылуучу банктык опреациялардын тизмесин аныктайт, ошону менен бирге банктын өтүнүчү боюнча каржылык калыбына келтирүү боюнча иш-чараны ишке ашырууда кайра караштырылышы мүмкүн.  

13 глава. Банкты кайра уюштуруу  

(убактылуу администрацияга эч кандай тиешеси жок) 

99. Карызкор банкты кайра уюштуруу банк эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген түрдө жүзөгө ашырылат. 

100. Кайра уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабын алган учурда банктын башкармалыгы кайра уюштурууну Улуттук банк тарабынан коюлган формада жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларындагы тартипке ылайык аткарууга тийиш.  

 

 

14 глава. Банктын филиалындагы/туунду мекемесиндеги Убактылуу администратордун өкүлү  

101. Убактылуу администраторго жардам көрсөтүү үчүн анын өкүлдөр тобу уюштурулушу мүмкүн. Убактылуу администратордун өкүлдөрүнүн саны банктын филиалдарынын, туунду мекемелеринин, аманат кассаларынын жана башка структуралык бөлүмдөрүнүн санына, ошондой эле боло турган иштин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша Убактылуу администратор тарабынан аныкталат. Убактылуу администратордун өкүлүнүн эмгек акысы жана жоопкерчилиги Убактылуу администратор менен түзүлгөн келишимдин негизинде аныкталат.  

102. Убактылуу администратор тарабынан тартылган адистин финансы-банктык тутумунда кеминде 2 (эки) жылдык иш тажрыйбасы бар болууга, ошондой эле банк менен байланышы жана таламдар кагылышуусу жок болууга тйииш.  

103. Убактылуу администратордун өкүлүн дайындоо Убактылуу администратордун  буйругу менен таризделинет. Убактылуу администратордун  өкүлү, дайындалгандыгы тууралуу буйрукта көрсөтүлгөн күнү өз милдеттерин аткарууга киришет.  

104. Убактылуу администратордун  өкүлү, буйруктун көчүрмөсүн филиалдын/туунду мекеменин жетекчисине берет, ал ага кол коюп, берилген күнүн жана убактысын көрсөтүү менен Убактылуу администратордун  өкүлүндө, анын ыйгарым укугу токтотулганга чейин сакталып туруучу көчүрмөнүн экинчи нускасын берет.  

105. Убактылуу администратордун  өкүлү зарылчылыкка жараша, Убактылуу администратордун  буйруусу боюнча башка адамга алмаштырылышы мүмкүн.  

106.  Убактылуу администратордун   өкүлүнүн дайындалгандыгы жөнүндө Убактылуу администратор   тарабынан көзөмөл органына маалымдалат.  

107. Убактылуу администратор банктын филиалына/туунду мекемесине, аманат кассасына жана башка структуралык бөлүмдөрүнө Улуттук банк Башкармалыгынын ылайыктуу чечиминин негизинде ыйгарым укуктарды банктын филиалдарынын, туунду мекемелеринин, аманат кассаларынын жана башка структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчисине баардык келишимдерди Убактылуу администратор менен макулдашуу милдеттиги менен өткөрүп берүүсү мүмкүн.  

 

 

15 глава. Убактылуу администрациянын чыгымдары 

108. Убактылуу администрацияны жүргүзүү боюнча чыгымдар Убактылуу администрация чарасы киргизилген банктын эсебинен төлөнөт.  

109. Убактылуу администратордун жана ал тараптан тыштан тартылган адистердин эмгек акысы банк эсебинен төлөнөт.  

110. Убактылуу администрациянын чыгымдар сметасы Убактылуу администратор менен түзүлүп Улуттук банк менен макулдашылат. Убактылуу администрациянын чыгымдар сметасы Улуттук банк Башкармалыгынын Убактылуу администрацияны киргизүү/узартуу туралуу токтому менен бекитилген Убактылуу администрациянын жүргүзүлө турган мөөнөтүнө ылайык айлык чыгымдар сметасынын негизинде түзүлөт.  

111. Убактылуу администрациянын чыгымдар боюнча сметасы Убактылуу администратор кол койгондон кийин Улуттук банкына Убактылуу администрацияны киргизгенден/узарткандан кийин 5 иш күндөн кечиктирбестен бекитүүгө берилиши керек.  

112. Улуттук банкынын Башкармалыгы Убактылуу администрациянын чыгымдар боюнча сметасын бекитүү/четке кагуу туралуу чечимин көрсөтүлгөн сметаны алгандан кийин 5 иш күндүн ичинде кабыл алат.  

113. Убактылуу администрациянын чыгымдар боюнча сметасы Убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн эмгек акысын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштырылган чегеримдерди камтууга тийиш, көрсөтүлгөнгө Убактылуу администрацияда мүчө болгон Улуттук банкынын жана Аманаттарды коргоо агенттигинин кызматкерлери кирбейт.  

114. Зарылчылыка жараша сметада төмөнкү чыгымдар статьялары караштырылышы мүмкүн:  

- транспорттук чыгымдар; 

- коргоо боюнча чыгымдар; 

- байланыш каражаттарына чыгымдар; 

- ишсапарга байланыштуу чыгымдар; 

- массалык маалымат каражаттарынын кызматын төлөөгө чыгымдар; 

- почтага жана канцелярдык товарларга караштырылган чыгымдар; 

- юридикалык кызматты колдонуу боюнча чыгымдар; 

- тышкы аудит кызматты колдонуу боюнча чыгымдар; 

- банктын мүлкүн, анын ичинде кыймылсыз мүлкүн баалоо кызматына караштырылган чыгымдар; 

- башка чыгымдар.  

115. Убактылуу администрация бекитилген чыгымдар сметасында көрсөтүлбөгөн кошумча каражатка муктаж болгон учурда көрсөтүлгөн чыгымдар Убактылуу администратордун өтүнүчү боюнча Улуттук банк Башкармалыгы тарабынан бекитилиши мүмкүн. Убактылуу администрациянын кошумча чыгымдары туралуу чечиминин кабыл алынуусу Улуттук банк Башкармалыгы белгиленген өтүнүчтү алгандан кийин 5 иш күндөн ашпоого тийиш.  

116. Убактылуу администратор чыгымдар боюнча отчетту жана аткарылган иш боюнча отчетту тапшыруу боюнча белгиленген убакыттын ичинде бирге тапшырат.  

117. Убактылуу администрациянын чыгымдар боюнча отчетту камтыган аткарылган иш боюнча отчету Улуттук банк Башкармалыгы тарабынан каралат.  

 

16 глава. Банктын мөөрлөрүн, ачкычтарын жана документтерин кабыл алынышы жана өткөрүлүп берилиши  

 

118. Убактылуу администратор банкка келген учурда, банк жетекчиси анын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же банктын мөөрлөрүн жана ачкычтарын каттоо журналына кол коюп берүү менен Убактылуу администраторго өткөрүп берет, ал эми Убактылуу администратор аларды өткөрүп алат.  

Убактылуу администратордун банктын филиалындагы/туунду мекемесиндеги өкүлү банктын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же алар катталуучу тиешелүү журналга кол коюу менен филиалдын/туунду мекеменин жетекчисинен өткөрүп алат.  

 

119. Банктын жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын бухгалтердик жана башка документтерин, ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, тиешелүү тизме боюнча Убактылуу администраторго өткөрүп беришет.  

Көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган токтомдо белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылып, тиешелүү акт менен (актылар) таризделинет.  

Банктын филиалынын/туунду мекемесинин жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын бухгалтердик жана башка документтерин ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, тиешелүү тизме боюнча Убактылуу администратордун өкүлүнө өткөрүп берет.  

120. Убактылуу администратордун, анын өкүлдөрүнүн ошондой эле, тиешелүү документтерге кол коюуга Убактылуу администратор тарабынан ыйгарым укук чегерилген башка адамдардын кол тамгалары банктын мөөрү менен менен күбөлөндүрүлөт.  

 

17 глава. Материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо жана ревизиялоо 

 

121. Убактылуу администратор Убактылуу администрация чарасы киргизилген күндөн тартып кийинки иш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, төмөнкүлөрдү аткарып баштоого милдеттүү:  

- банктын башкы офисиндеги, филиалдарындагы, структуралык бөлүмдөрүндөгү бардык материалдык баалуулуктарды (негизги каражаттарды, жабдууларды ж.б.), анын ичинде банкка тиешелүү болбогон жана анда күрөөдө, ишенимдүү башкаруудагы турган мүлктөрдү инвентаризациялоого жана ревизиялоого (мындан ары текст боюнча- инвентаризациялоо). Инвентаризациялоонун мөөнөтү Убактылуу администратордун буйругу менен филиалдардын жана башка структуралык бөлүмдөрүнүн санына, аткарыла турган иш-чаранын көлөмүнө жараша таризделинет, бирок Убактылуу администрация киргизилгенден кийин 30 календардык күндөн ашпоого тийиш;  

- банктын, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн касса түйүнүнөн тышкары турган кассалардагы, банкоматтардагы, терминалдардагы жана операциялык кассалардагы банкнотторго, монеталарга жана башка баалуулуктарга ревизия жүргүзүүгө (мындан ары текст боюнча - ревизия жүргүзүү). Ревизия жүргүзүү Убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып 3 иш кундун ичинде бүтүүгө тийиш;  

- Убактылуу администрация башталган күнгө карата бардык банк-корреспонденттердин эсептери боюнча тастыктама алууга менен банк-корреспонденттердеги эсептерди такташтырууга. 

Ошондой эле Убактылуу администратор:  

а) төмөнкүлөрдү тактоого тийиш:  

- рыноктук же корректировкаланган наркы боюнча эсепке алынуучу баалуу кагаздарды;  

- кредиттерди, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлундагы N 18/3 токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого жана 2009-жылдын 28-декабры N 51/6 токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга корректировкалоолорду;  

 

- баалоо наркы боюнча таанылган башка активдерди;  

б) такташтыруунун натыйжасында, айрым статьялары боюнча корректировкалоолорду эске алуу менен баланстык отчетту түзөт.  

122. Инвентаризация жана ревизия, курамы Убактылуу администратордун буйругу менен аныкталган комиссия тарабынан ишке ашыралат.  

123. Эгерде банктын жетекчиси (башкы бухгалтери же болбосо башка кызматкери) ревизия жана / же инвентаризациялоону жүргүзүүгө, же болбосо ага катышуудан баш тартса Убактылуу администратор тоскоолдук туралуу акт түзөт.  

Инвентаризациялоону жана ревизияны жүргүзүү жана алардын жыйынтыгын тариздетүү, Убактылуу администратордун буйругунда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

 

18 глава. Банктын эсептешүү документтерине кол коюу жана аларды кабыл алуу өзгөчөлүктөрү   

124. Убактылуу администратор Убактылуу администрация чарасы киргизилгенден кийинки, 2 (эки) күн ичинде, банктын эсептешүү документтерине кол коюуга укуктуу Убактылуу администратордун жана ал тиешелүү укукту чегерген башка адамдардын кол тамгасынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделинген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берет. 

Убактылуу администратордун өкүлү Убактылуу администрация чарасы киргизилгенден кийинки эки күн ичинде, банктын эсептешүү документтерине кол коюуга укуктуу Убактылуу администратордун өкүлүнүн жана ал тиешелүү укукту чегерген башка адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделинген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банктын областтык башкармалыктарына берүүгө тийиш.  

125. Банктын жана анын филиалдарынын/туунду мекемелеринин Убактылуу администрация чарасы киргизилген жана Убактылуу администратор дайындаган учурда банктын төлөм документтерине кол коюуга укугу бар кызматкерлеринин кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкалар жараксыз деп эсептелинет. Көрсөтүлгөн карточкалар Улуттук банкта жана анын тиешелүү областтык башкармалыктарында сакталууга тийиш. 

126. Банктын эсептешүү документтерине биринчи кол коюуга укук Убактылуу администраторго, ал эми банктын филиалынын/туунду мекемесинин эсептешүү документтерине кол коюуга укук Убактылуу администратордун өкүлүнө тиешелүү.  

Банктын төлөм документтерине экинчи кол коюуга укук банктын башкы бухгалтерине же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык, башкы бухгалтердин функциясын аткаруучу Убактылуу администратордун  өкүлүнө, ал эми банктын филиалынын/туунду мекемесинин эсептешүү документтерине - филиалдын/туунду мекеменин башкы бухгалтерине же филиалдын/туунду мекеменин башкы бухгалтеринин функциясын жүзөгө ашырган Убактылуу администратордун  өкүлүнүн сунушу боюнча Убактылуу администратор ыйгарым укук чегерген башка адамга тиешелүү.  

Убактылуу администратор банктын филиалынын жетекчисинин банктын филиалынын төлөм документтерине биринчи кол коюуга ыйгарым укуктарын жана аткарган милдеттерин сактоого укуктуу.  

127. Банктын жана анын филиалдарынын төлөм документтери, Улуттук банктын эсептешүү операцияларды жүзөгө ашырган структуралык бөлүмдөрү, банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелер, ушул Жобонун 124 пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол коюусу менен банк - корреспонденттер тарабынан аткарууга кабыл алынат.  

128. Улуттук банк менен эсептешүүлөр аяктаган учурда, электрондук цифралык кол тамга коюлган банктын электрондук документтерин аткарууга кабыл алуу өзгөчөлүктөрү, Улуттук банктын тиешелүү структуралык бөлүмдөрүнө макулдашуу менен Убактылуу администратор тарабынан аныкталат.  

129. Башка банктар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда, электрондук цифралык кол тамга коюлган банктын электрондук төлөм документтерин аткарууга кабыл алуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү, Улуттук банктын укуктук ченемдик актылары менен жөнгө салынат.  

 

19 глава. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт  

 

130. Банктын башкаруу органдарынын жана/же айрым кызматкерлеринин жана банк менен байланыштуу башка адамдардын, Убактылуу администратордун "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамда жана ушул Жободо ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусуна тоскоолдук кылган же мүмкүндүк бербеген каршы аракеттери орун алган учурда, Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт түзөт (ушул Жобого карата 3-тиркемеге ылайык).  

Убактылуу администратордун милдеттерин жүзөгө ашырууга мүмкүн эместик, Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө токтомун жокко чыгара албайт жана анын аркетин токтото албайт.  

131. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт, мындай аракеттер аныкталган күнү түзүлүп, ага Убактылуу администратордун колу коюлуп (ал жок болгон учурда Убактылуу администратордун өкүлүнүн), Улуттук банкка жөнөтүлөт.  

132. Банктын филиалында/туунду мекемесинде Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө актын Убактылуу администратордун өкүлү түзүп жана кол коет. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акттын көчүрмөсү Убактылуу  администраторго жөнөтүлөт.  

133. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акты  милдеттүү түрдө банкта кирген корреспонденция катары датасын жана каттодон өткөргөн адамды белгилөө менен катталууга тийиш. 

134. Банктын башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин, банк менен байланыштуу башка адамдардын Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттенгендиги фактысы жөнүндө арыз менен Убактылуу администратордун мыйзам актыларына ылайык укук коргоо органдарына кайрылууга укугу бар.  

135. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин жана банк менен байланыштуу башка адамдардын Убактылуу администраторго (анын өкүлдөрүнө) каршы аракеттери, банкка мыйзам актыларына ылайык чараларды көрүүсү үчүн негиз болуп саналат.  

 

20 глава. Убактылуу администрацияны узартуу  

136. Убактылуу администрациянын аракеттенүү мөөнөтү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө " Мыйзамга ылайык, Улуттук банк Башкармасынын чечими менен 1 жолу алты айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.  

137. Көзөмөл органы Убактылуу администрацияны узартуу чечимин кабыл алган күнү, банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелерге белгиленген тартипте маалымдалчу маалымдоо катын даярдайт. Катта Убактылуу администрацияны узартуу тууралуу Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин номери жана күнү көрсөтүлгөн маалыматты камтууга тийиш.  

138. Убактылуу администрацияны узартуу тууралуу билдирүү Улуттук банктын расмий веб-сайтында жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 

21 глава. Убактылуу администрацияны токтотуу 

139. Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны токтотуу жана Убактылуу администраторду аткарган милдетинен бошотуу токтому күчүнө кирген учурдан тартып, Убактылуу администрация токтотулат.  

Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны токтотуу тууралуу чечими Убактылуу администратордун же көзөмөл органынын өтүнүчү боюнча кабыл алынат. Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны токтотуу чечими төмөнкү учурларда кабыл алынышы мүмкүн:  

а) Убактылуу администрацияны баштоо үчүн негиз болгон себептер четтетилсе;  

б) Убактылуу администрациянын мөөнөтү бүткөн учурда;   

в) соттун чечими менен жоюучу дайындалса.  

140. Убактылуу администрация аны киргизүү мөөнөтү аяктаганга чейин эле Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.  

141. Банктын кызмат адамдарынын Убактылуу администрация мезгили ичинде токтотулган ыйгарым укуктары, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык кызматтарынан бошотулбаган болсо жана банктын кызмат адамын алмаштыруу тууралуу Улуттук банк талап койбосо, Убактылуу администратордун иши токтогондон кийин калыбына келтирилет.  

142. Убактылуу администратор банктын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары калыбына келтирилгенден кийин банктын мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, макулдашылган мөөнөттө, банктын жетекчисине тизме боюнча өткөрүп берет, ал эми банктын жетекчиси кабыл алат.  

Банктын мөөрлөрүн (штамптары), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделет.  

143. Банк, Убактылуу администрация токтотулган учурдан кийинки 2 (эки) күндүн ичинде, банктын кызмат адамдарынын, ошондой эле банктын эсептешүү документтерине кол коюуга укугу бар башка адамдардын кол тамгасынын үлгүсү түшүрүлүп, тиешелүү түрдө таризделген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

144. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары 139-пунктунун в) пунктчасына ылайык токтотулган учурда, ал банкка жана анын активдерине контролдукту, ошондой эле мөөрдү (штампты), ачкычты, бухгалтердик жана башка документтерди сот тарабынан дайындалган жоюучуга дароо өткөрүп берүүгө милдеттүү.  

Банктын мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделинет.  

145. Убактылуу администратор, анын ыйгарым укугу токтотулгандан кийин 30 күндүн ичинде, Убактылуу администрация чарасы учурундагы бухгалтердик эсептин маалыматтарын тиркөө менен корутунду отчетту даярдап, аны Улуттук банкка берет. 

146. Улуттук банк менен Убактылуу администратордун ортосундагы түзүлгөн келишим Убактылуу администратор Улуттук банкына жыйынтыктоочу отчетту тапшыргандан кийин токтотулат. Ушул пунктуна ылайык Убактылуу администратор менен  түзүлгөн келишим өзүнө токтотуу тартибин камтууга тийиш.  

147. Көзөмөл органы, Убактылуу администрацияны токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган күнү, маалымдама кат даярдап, аны менен банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелерди белгиленген тартипте тааныштырууга тийиш.  

148. Убактылуу администрация токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү Улуттук банктын расмий веб-сайтында жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2017 жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

Убактылуу администрация жөнүндө  

жобого карата  1-тиркеме  

Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) Убактылуу администрация башталган жана токтотулган учурда милдеттүү түрдө кабыл алынып/өткөрүлүп берилүүчү документтеринин 

МИНИМАЛДУУ ТИЗМЕГИ 

1. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) уюштуруу документтери.  

2. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү (кайра катталгандыгы) жөнүндө күбөлүгү.  

3. Банктын банк операцияларын жана баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы, башка лицензиялары жана ага берилген уруксаттар.  

4. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) штаттык расписаниеси, кызматын көрсөтүү менен банктын (филиалдын/туунду мекеменин) кызматкерлеринин, алар иштеген структуралык бөлүмдөрдүн, кызмат акыларынын, бош кызмат орундарынын тизмеси, ошондой эле банктын кызматкерлеринин өздүк делосу жана эмгек китепчелери. Жеке курам жана негизги иш боюнча бардык буйруктар.  

5. Жайгашкан ордун көрсөтүү менен филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана туунду мекемелердин (чет өлкөдөгүлөрдү кошо алганда) тизмеси.  

6. Бүтүндөй алганда банк жана филиалдар боюнча Убактылуу администрация киргизилген/токтотулган күнгө карата банктын (филиалдын/туунду мекеменин) бухгалтердик балансы, ошондой эле баланстык эсеп боюнча отчету.  

7. Эсеп номерин, ар бир делонун (юридикалык делолордо документтердин тизмеси болушу зарыл) барагынын санын билдирген белгиси бар юридикалык делонун номерин көрсөтүү менен банктын (филиалдын/туунду мекеменин) кардарларынын тизмеси.  

8. Берилген гарантиялар, аккредитифтер жана банктын башка милдеттенмелери боюнча документтер.  

9. Чарба келишимдерин кошо алганда, банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген бардык бүтүмдөр боюнча макулдашуулар.  

10. Корреспонденттик мамилелерди орнотуу тууралуу макулдашуулар, тесттик ачкычтарды кошо алганда, электрондук төлөмдөрдүн жана кол тамгалардын үлгүлөрүнүн шифрлери.  

11. Банк (филиал/туунду мекеме) тарабынан жүргүзүлүүчү кредиттик жана башка досьелер (таржымал), күрөөлүк мүлк жөнүндө документтер, банк тарабынан чыгарылган гарантиялык жана башка баланстык эмес милдеттенмелер.  

12. Тышкы аудиторлор тарабынан банкта жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор.  

13. Ишеним каттарды эсепке алуу китеби, ошондой эле банктын кызматкерлерине, филиалдардын, туунду мекемелердин, өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине жана үчүнчү жактарга берилүүчү ишеним каттардын көчүрмөлөрү.  

14. Банктын аткаруу органынын протоколдору жана чечимдери, тескөөчү документтер жана бул документтердин эсебине жүргүзүлүүчү китеп.  

15. Банктын Директорлор кеңешинин отурумдарынын жана банктын менчик ээлеринин (акционерлеринин) чогулуштарынын протоколдору.  

16. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) чыгыш жана кириш корреспонденцияларын чагылдырылуучу журнал. Улуттук банк, банктын кардарлары, мекемелер менен банктын чыгыш жана кириш корреспонденциялары.  

17. Банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды каттоо журналы.  

18. Төлөм документтеринде биринчи жана экинчи кол коюуга, ошондой эле банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген кредиттик жана башка келишимдерге, эмгек макулдашууларына жана контракттарга кол коюуга укугу бар адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү.  

19. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) административдик-чарбалык чыгашаларынын сметасы.  

20. Банкка (филиалга/туунду мекемеге) соттук же соттук эмес тартипте, суммасын көрсөтүү менен коюлган талаптардын, доолордун жана аткаруу барактарынын, ошондой эле банктын башкаларга карата талаптарынын тизмеси.  

21. Негизги каражаттардын, наркы төмөн, тез тосулуучу буюмдардын, башка активдердин, ошондой эле документтердин, архивдин инвентаризациялык описи (инвентаризациялоо аяктагандан кийин берилет).  

22. Банктын расмий талап коюу үчүн пайдаланган фирмалык бланктары (банктын фирмалык символикасын жана башка реквизиттерин камтыган документтердин башка формалары). 

23. Банкта өткөрүлгөн максаттуу жана комплекстүү текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор.   

24. Убактылуу администратордун пикири боюнча банктын (филиалдын/туунду мекеменин) жетекчисине берилүүгө тийиш деп эсептелинген кандай болбосун башка документтер.  

25. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) жетекчисинен кошумча документтерди жана ушул тизмеде көрсөтүлгөн документтердин аныктыгын тастыктаган документтерди Убактылуу администратор талап кылууга укугу бар.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2017 жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

Убактылуу администрация жөнүндө  

жобого карата  2-тиркеме  

 

 

Убактылуу администратордун аткарган иши жөнүндө отчетуна карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

1. Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

а) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын бухгалтердик балансы;  

б) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча, Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 3-декабрындагы N 33/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн "Финансылык абал жөнүндө баланстык отчет" формасы;  

в) төлөөнүн пландык графигине, алдыдагы айга төлөө графигине (жума боюнча) салыштырганда, отчеттук ай ичинде кредиттердин негизги суммасы жана пайыздар боюнча карыздардын анык төлөнгөндүгү жөнүндө отчет;  

г) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын аманат милдеттенмелери боюнча төмөнкү категориялар боюнча түзүмү: жеке адамдар жана юридикалык жактар, талап кылганга чейин жана мөөнөттүү, улуттук жана чет өлкө валютасында ошондой эле, аманатчылардын саны жана кардарлардын эсептери боюнча маалыматтар;  

д) банктын кийинки айга карата (жума боюнча) депозиттик милдеттенмелерин төлөө прогнозу;  

е) активдердин классификациясы, мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер боюнча банк тарабынан түзүлгөн камдар (резервдер);  

ж) Улуттук банктын пикири боюнча ар айлык отчеттун курамында берилиши (талап боюнча) зарыл болуп саналган башка маалыматтар.  

Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар чагылдырылат:  

- Убактылуу администратор тарабынан банктын капиталын көбөйтүү үчүн көрүлүүчү чаралар;  

- банктын ликвиддүүлүгүн жакшыртуу жана көбөйтүү боюнча чаралар;  

- Убактылуу администратордун банкты чыңдоого боло тургандыгы жөнүндө корутундусу.  

Ай сайын берилүүчү отчетто кыскача түшүндүрмө катты да камтууга тийиш. Ал катта банктын жана анын филиалдарындагы (туунду мекемелериндеги) персоналдын структурасынын жана санынын өзгөрүшүнө тиешелүү маалыматтар, банктын кызматкерлерин дайындоо жана иштен бошотуу, Убактылуу администратордун өкүлчүлүгүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.  

Кыскача түшүндүрмө катта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- иштелип чыккан планга ылайык, отчеттук мезгил ичинде банкты финансылык жактан чыңдоо боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө маалымат, планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылбагандыгынын жана/же мөөнөтүндө аткарылбагандыгынын себебин түшүндүрүүлөр;  

- банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана (же) айрым кызматкерлеринин Убактылуу администратор (анын өкүлдөрүнөөз милдеттерин аткарып жаткан учурда ага каршы иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар;  

- ушул мезгил ичинде банктын эң ири бүтүмдөрү  

жөнүндө маалымат; бул иш-чаралардын жана бүтүмдөрдүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн анализдөөлөрү; банктын финансылык абалына баа берүү жана кийинки отчеттук мезгилге пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө маалыматтар.  

- банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча талаптарга тиешелүү маалыматтар;  

2. Убактылуу администрациянын бүтүндөй мезгили үчүн отчетто банк ишинин негизги финансылык көрсөткүчтөрүнүн (өздүк каражаттар (капитал), активдер, милдеттер, капиталдын шайкештүүлүк коэфициенти, ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрү ж.б.) өзгөрүүсүн мүнөздөгөн бардык маалыматтар, ошондой эле Убактылуу администратордун ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусунун натыйжалары жөнүндө негиздүү корутундулар (Убактылуу администрациянын натыйжасынын прогнозу ж.б.) камтылууга тийиш. 

3. Убактылуу администрациянын отчетуна Убактылуу администрациянын мөөнөтүнүн ичиндеги буйруктардын жана буйруулардын көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш.  

4. Отчетко Убактылуу администратордун колу коюлат.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2017 жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

Убактылуу администрация жөнүндө  

жобого карата  3-тиркеме  

 

 

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер жөнүндө 

АКТ 

_______________________________________________________________________  

(коммерциялык банктын (филиалдын, туунду мекеменин, аманат кассаларынын) аталыштары)  

_______________________________________________________________________  

(банктын (филиалдын, туунду мекеменин, терминалдын, аманат кассасынын) жайгашкан орду, дареги, телефону)  

_____________________ 2009-жылдын "___"___________  

           (түзүлгөн жер)  

Ушул акт, _____________________________________________________________ тарабынан  

                               (банктын жетекчисинин, кызмат адамынын/кызматкеринин/леринин  аты-жөнү, фамилиясы) банкта Убактылуу администрацияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылгандыгы тууралуу  

_________________________________________________________________________(банктын имаратына киргизбей, талап кылынган документтерди бербегендиги туралуу) мен, Убактылуу администратор/ Убактылуу администратордун өкүлү_______________________________________  

                                 (Фамилиясы аты) (фамилиясы, аты-жөнү)  

төмөндө кол койгон адамдардын катышуусунда ушул актыны түздүм:  

1.________________________________________________________________  

2.________________________________________________________________  

3.________________________________________________________________  

 

Банктын кызматкерине/лерине Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү тарабынан Убактылуу администрация чарасын жүзөгө   

ашырууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн банктын жана анын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери тууралуу   

эскертилген.  

Акт төмөнкүлөр тарабынан түзүлгөн:  

_______________________________________________________________ _____  

       (Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун  өкүлүнүн аты-жөнү, фамилиясы)    (колу)  

Таанышты:  

___________________________________________ ____________________ _____  

         Банк кызматкеринин аты-жөнү, фамилиясы             (кызматы)           (колу)  

Актынын экинчи нускасын алган _____________________________________   

                                                (Банк кызматкеринин аты-жөнү, фамилиясы) колу  

Банктын кызмат адамдары  

_______________________________________________________________________  

                                           (Банк кызматкеринин аты-жөнү, фамилиясы)  

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу актысынын мазмуну менен таанышуудан баш тартышты.  

_______________________________________________________________________  

  (Убактылуу администратор/анын өкүлүнүн аты- жөнү, фамилиясы) (колу)  

 

   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2017 жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

Убактылуу администрация жөнүндө  

жобого карата  4-тиркеме  

 

Убактылуу администрация чарасынын жүрүшүндө Убактылуу администратор (анын өкүлдөрү) тарабынан айрым иш-чараларды жүргүзүү боюнча 

ЖОЛ-ЖОБОЛОР 

1. Убактылуу администратор банкка келгенде кассадагы жана сактоо жайындагы акча каражаттардын калдыгын тактап, 3 нускада акт түзөт.  

2. Убактылуу администратор банкка келгенде банктын сактоо жайын жана кассасын, бардык сейфтерди, ачкыч менен бекиле турган бардык шкафтарды жаап, чаптайт.  

3. Убактылуу администратор банкка келгенде архивди кошо алганда, банктын бардык документтерин өз колуна алып, алар салынган жайды чаптайт.  

4. Убактылуу администратор банкка келгенде төмөнкү буйруктарды чыгарат:  

а) Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын (аткаруу органынын) ишин токтотуу жана алардын ыйгарым укугун Убактылуу администраторго өткөрүү жөнүндө;  

б) төлөм операцияларын жүргүзүү ыргагы жөнүндө;  

в) банктын бардык документтерине кол коюу укугун Убактылуу администраторго өткөрүү жөнүндө;  

г) Убактылуу администратордун кат жүзүндөгү уруксатсыз кандайдыр бир материалдык мүнөздөгү аракеттерди көрүүгө банктын бардык кызматкерлерине тыюу салуу жөнүндө.  

5. Убактылуу администратор банктагы мүлктүн, материалдык баалуулуктардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу максатында, банктан мүлктөрдү жана документтерди Убактылуу администратордун кат жүзүндөгү уруксатысыз алып чыгууга, ошондой эле кабыл алуу саатынан башка убактарда, адамдарды кабыл алууга тыюу салынгандыгы жөнүндө банктын көзөмөл кызматына эскерткен буйруктарды чыгарат.  

6. Убактылуу администратор мүлктүн, материалдык баалуулуктардын, документтердин жана башка баалуулуктардын сакталышы үчүн банктын бардык кызматкерлери административдик-материалдык жоопкерчилик тарта тургандыгы тууралуу буйрук чыгарат.  

7. Убактылуу администратор жумуш күнүнүн акырында, банктын имаратын чаптап жабууга жооп бере турган комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Комиссиянын курамына Убактылуу администратор (Убактылуу администратордун өкүлдөрү) жана банктын кызматкерлери кирет.  

8. Убактылуу администратор колдонуудагы эмгек мыйзамына ылайык, мүмкүн болуучу иштен бошотуу тууралуу банктын ар бир кызматкерине жекече эскертүүгө тийиш.  

9. Убактылуу администратор ачкычтарды, сейфтердин ачкычтарын жана электрондук документтерге цифралык кол тамганы түзгөн парольдорду, автоматташтырылган системадан пайдалануу үчүн каралган парольдорду Улуттук банктын коопсуздук кызматынын жаңылап берүүсү өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.  

10. Зарылчылык келип чыккан учурда Убактылуу администратор Улуттук банкка тиешелүү техникалык каражаттарды пайдалануу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга укуктуу.  

11. Убактылуу администратор, ушул жобонун 119 пунктундагы талаптарга ылайык, банкта өткөрүлүүчү инвентаризациялоонун жана ревизиянын жүрүшүндө, Улуттук банкта колдонулган инвентаризациялоону жүргүзүү жана анын натыйжаларын тариздөө тартибине таянуу менен иш алып барууга укуктуу.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2017 жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

Убактылуу администрация жөнүндө  

жобого карата  5-тиркеме  

Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу шарттарына жана камсыздандыруучуга талаптар 

 

1. Убактылуу администратор Башкармалык тараптан Убактылуу администраторду дайындоо туралуу токтомун кабыл алгандан кийин 1 айлык мөөнөттө Улуттук банкынын көзөмөл органына камсыздандыруу уюм менен болгон келишим/ кесиптик ишмердүүлүгүнүн жарандык жоопкерчилиги боюнча камсыздандыруу полисин берүүгө тийиш.  

2. Жоопкерчилик чектөөлөрү, камсыздандыруу суммасы, камсыздандырууну караштырган тобокелдиктер Убактылуу администратор тараптан Улуттук банк менен макулдашуу менен бирге банктын көлөмүнө, банктын операцияларынын масштабына, филиал тутумуна, банктын штаттык санына жана башка факторлорду эске алуу менен инидивидуалдуу түрдө аныкталат.  

3. Камсыздандыруу Убактылуу администратордун дайындалган толук иш мөөнөтүн жана андан кийинки бир жылды камтууга тийиш.  

4. Камсыздандыруу компаниясы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- камсындаруу ишин алып барууга колдонуудагы лицензиясынын бар болуусу, атап белгиленде кесиптик ишмердүүлүктү камсыздандырууга; 

- көрсөтүлгөн ишти үч жылдан кем эмес жүргүзүү

- банкроттук же болбосо Убактылуу администрация процедурасында болбоого тийиш.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2017 жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

Убактылуу администрация жөнүндө  

жобого карата  6-тиркеме   

Жеке маалымат жана  

ишкердик кызыкчылыктары туралуу маалымат 

Толук аты-жөнү:_________________________________________________________ 

Туулган датасы:____________________ 

Туулган жери:___________________ 

Паспортунун №_______________ Берилген датасы__________________ 

Колдонуу мөөнөтү:_____________________ 

Берилген жери______________________ 

Үй дареги (жашаган жери):___________________ 

Катталган жери:_____________________________________ 

Үй телефону:__________________________________ 

Уюлдук телефону:____________________________________ 

Таблица № 1 Жакын туугандары туралуу маалымат (күйөөсү/аялы, ата-энеси, күйөөсүнүн/аялынын ата-энеси, балдары, бир тууган агалары жана эжелери, чоң эне жана чоң аталары). 

№ 

Аты-жөнү 

Туугандык даражасы 

Туулган датасы  

Иштеген жери  

Кызматы  

Кайсы убакыттан баштап кызматта  

Жашаган жери  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Таблица № 2 Башка байланышы бар жактар туралуу маалымат (физикалык жактар) 

№ 

Байланышы бар жактын аты- жөнү  

Иштеген жери 

Кызматы 

Байланыш даражасы 

 

 

 

 

 

 

Таблица № 3 Убактылуу администратордун жакын туугандары жана башка байланышы бар жактарынын ишкердик кызыкчылыктары туралуу маалымат  

№ 

Аты-жөнү 

Юридикалык жактын аталышы  

Ээ болгон үлүшү 

Жактын юридикалык жак менен байланышы  

 

 

 

 

 

 

Мен, көрсөтүлгөн маалыматтын ишенимдүүлүгүн тастыктайм. Эгерде өзгөөрүүлөр болсо, жаңыланган маалыматты берүүгө милдеттенем.  

 

_____________________(колу) 

_____________________(датасы)  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2017 жылдын «_____» _________  

токтому менен бекитилген 

Убактылуу администрация жөнүндө  

жобого карата  7-тиркеме  

АНКЕТА 

1. Аты-жөнү ______________________________________________ 

2. Банкта Сиздин талапкерлигиңиз сунушталып жаткан позицияны көрсөтүңүз:  

_____________________________________________________________________ 

(кызматы, банктын аталышы) 

3. Эгерде аты-жөнүн өзгөрткөн болсоңуз, качан жана кайсы себептер менен экендигин жана мурдагы аты-жөнүңүздү көрсөтүңүз ______________________________. 

4. Туулган күнү жана жери ______________________________________ күн, ай, жыл, шаар, айыл, өлкө

5. Паспорт серия ____________ номер ________________ Ким тарабынан берилген _______________ берүү датасы ______________________ 

6. Жарандыгы ______________________________ кандайча алынгандыгын жазыңыз: туулган жери боюнча, никеге тургандан соң, башка жагдайлар боюнча - түшүнүк бериңиз _________________________________ 

7. Үй дареги (документ боюнча), ______________________ № тел. ________________ 

Анык жашаган орду _______________________________________________________ 

8. Талапкерде төмөндөгүлөр боюнча билимдин бар экендиги жөнүндө маалымат: 

- банктык мыйзамдар _____________________________________________________ 

- банктык тобокелдикти тескөө _____________________________________________ 

- Улуттук банкынын укуктук ченемдик актылары ________________________ 

9. Билими ____________________________________ (жогорку, бүтпөгөн жогорку, атайын орто, орто, бакалавр, магистр) 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жана бүтүргөн жылы 

Алынган диплом боюнча адистиги 

  

  

  

  

10. Иш башталгандан берки аткарылуучу иштер 

Ишке кирүү датасы (ай, жыл) 

Кеткен датасы (ай, жыл) 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери, иш берүүчүнүн аты-жөнү 

Кеткен себеби 

  

  

  

  

  

 

11. Кайсы болбосун өлкөдө, кайсы болбосун убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же болбосо кызмат адамы болгон компанияга карата: 

- административдик укук бузууларга жол берүү жөнүндө айыптоолор болсо, анын ичинде мындай иш токтотулган болсо же күнөө алынып салынган учурда (ооба/жок) ___________________ 

- дисциплинардык чара колдонулса (ооба/жок) _______________________________________ 

- мыйзамдарга ылайык, кылмыш ишине жол бергендиги жөнүндө айыпталса, анын ичинде кылмыш иши токтотулса, актоо өкүмү чыгарылса жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган болсо (ооба/жок) ____________________________________________________________________. 

Эгерде болгон болсо, укук коргоо органдары тарабынан коюлган күнөөлөрдү, сот ишин, укук коргоо органдарынын аталышын, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан колдонулган күнөөлөрдү жана дисциплинардык айыптарды, соттук териштирүүлөрдү, чечимдерди, жыйынтыктарды көрсөтүңүз: ______________________________________________________. 

12. Мөөнөтүнө чыга эле соттолуу бар экендигин көрсөтүңүз. Эгерде бар болсо түшүнүк бериңиз __________________________________. 

13. Сизге карата кайсы бир кесиптик ишти ээлөө жөнүндө тыюу салуу болгондугун көрсөтүңүз. Эгерде бар болсо, кеңири түшүнүк бериңиз_______________________________. 

14. Сиз жетекчи (менеджер), кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз ______________________________. 

Сиз аны менен байланышта болгон жана мажбурлоо тартибинде банкроттоло же жоюла турган процессинде турган компанияда директор, кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары өзүңүздүн ролуңузду жана жоопкерчиликтүү деңгээлиңизди кеңири баяндап бериңиз. 

15. Сизге же Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон компанияга мамлекеттик жана жөнгө салуу органдары тарабынан иликтөөлөр болду беле? Эгерде болсо, кандай себептер менен экендигин кеңири түшүндүрүп жазыңыз ______________________________________. 

16. Азыркы учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө катышып жатасызбы? Эгерде ошондой болсо кеңири түшүнүк бериңиз ______________________________. 

Мен ,_______________________________________________________, Аты-жөнү 

Ушул анкетада берилген жогорудагы маалымат анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча менин билимим жана маалыматтарга ылайык, толук жана анык экендигин тастыктаймын. Мен тараптан атайын бурмалоолор жана калтырып кетүүлөр болсо, бул сунушталып жаткан кызматка макулдук берүүдөн баш тартууга негиз болот жана мыйзамга ылайык жоопко тартылууга алып келет деп билемин. 

 

______________________ 

 

 

"__" __________________ ж. 

кол тамга 

 

датасы 

 

Проект  

БАНКТАРДЫ ЖОЮУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО 

 

1 бөлүм. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоюучуга караштуу квалификациялык жана башка талаптарын, ошондой эле банкты жоюу боюнча иш-чараларды ашыруунун өзгөчүлүктөрүн белгилейт. 

2. Жобонун талаптары банктарга, депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларга, жана өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барууга укуктуу болгон кредиттик союздардына, ошондой эле чет өлкөлүк банктардын филиалдарына (мындан ары банк/банктар) таркатылат. 

 

2 бөлүм. Банктардын жоючусу 

 

3. Банкроттоо иши боюнча мамлекеттик орган берген жоюучу катары иш алып барууга лицензияга ээ болгон жак жоюучу болуп саналат. 

Ошол эле учурда, юридикалык жактын жетекчиси, жеке ишкер банктын жоюучусуна караштуу белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

4. Банктын жоюучусу катары кабыл алынышы мүмкүн эмес жактар: 

- банктын кредиторлоруна, кызмат адамдарына жана / же акционерлерине карата кызыкдар болгон; 

- соттолгону алына элек же тындырыла элек болгон жактар; 

- банкрот ишинде колдонуп жаткан жол-жоболору киргизгенде; 

- башка адамдардын ишин (же) мүлкүн башкарууга чектөө / тыюу салынса; 

- - башка адамдардын ишин (же) мүлкүн башкарууга чектөө / тыюу салынбаса;  

- бир мөөнөткө кызматтык жоюучунун ордун ээлегөөгө тыюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген сот актысы/башка документти болсо. 

5. Жоюучу төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

- жогорку билимине ээ болуу; 

- экиден кем эмес юридикалык жактарды жоюу боюнча тажрыйбасына ээ болуу; 

- Кыргыз Республикасынын жоюу жөнүндө мыйзамдарын, ошондой эле банк мыйзамдарын билүү

- банкроттоо иши боюнча мамлекеттик органдын банкты жоюучу катары ишти жүзөгө ашырууга лицензиясына ээ болуу; 

- жоюучу юридикалык жак / жеке ишкер болсо, анда бул жак, анын дайындалышына чейин беш жылдын ичинде банкрот учурунда болбошу керек; 

- жоюучу юридикалык жак / жеке ишкер болсо, анын иши акыркы эки жылдын ичинде зыян алып келбөөчү иштерди ишке ашыруу. 

7. Жоюла турган банктын өлчөмүнө жана анын ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша лицензиясын кайтарып алган учурда Улуттук банк банктын жоюучусуна кошумча талаптарды белгилеши мүмкүн. 

Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү даярдаган ушул жобонун талаптарына ылайыктуу болгон жактардын тизмесинин негизинде Улуттук банк Башкармасы лицензияны кайра чакыртып алуу боюнча суроосун карап чыкканда банкын жоючусун тандоо боюнча чечимин кабыл алат. Өз ыктыяры менен жоюу жол-жобосунун баштоо жөнүндө өтүнүч түшкөн учурда аны менен кошо Улуттук банк белгилеген талаптарга жооп берген жоюучунун талапкерлиги берилет. Банк тарабынан сунушталган жоюучунун талапкерлиги Улуттук банктын талаптарына жооп бербесе, анда Улуттук банк башка жоючуну дайындоого укуктуу. 

8. Банктын жоюучусу жөнүндө маселени чечүүдө иш-милдетин талаптагыдай аткарууга жана кредиторлордун таламдарын коргоону камсыз кылууга мүмкүнчүлүгүн билгизген жоюучунун тажрыйбасы, кызматтык аброю жана башка жагдайлар эске алынат. 

9. Жоюучуга сый акы жоюлуп жаткан банктын ишинин татаалдыгына жараша, бирок Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензияны кайра чакыртып алынганга чейинки акыркы жыл үчүн инфляция коэффициентин эске алуу менен эсептелинген, жоюлуп жаткан банктын Башкармалыгынын төрагасынын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүнөн ашпаган чекте сот же банктын акционерлери (ыктыярдуу түрдө жоюлушуда) тарабынан белгиленет. 

Жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайра чакыртып алынганга чейин иштеп турган банктын тиешелүү кызматкерлеринин кызматтык айлык акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт. 

10. Активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн жана насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызы (жогорку ликвиддүү, милдеттенмелер жүктөлбөгөн активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн суммаларды кошпогондо) жоюучу тарабынан топтоо фондуна жөнөтүлөт. Сот жоюучунун корутунду отчетун бекиткенге чейин Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучуга, ошондой эле түзүлгөн контракттарга ылайык кызматкерлерге жоюучунун чечими боюнча топтоо фондусунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөө чечимин кабыл алууну сотко сунуштоого укуктуу. Улуттук банктын мындай сунушу жок болсо, топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталат. 

11. Жооптуу түзүмдүк бөлүм Улуттук банк Башкармасынын кароосуна жоючулардын талапкерлерин тез арада берүү үчүн, андан кийин жоючуну бекититкенге сотко берүү үчүн жоюу жүргүзүү укугу бар жактарды туруктуу негизде көз салып турат. Банктарды жоюу ишке ашырууга ниеттенген жактар, алар милдеттүү тартипте Улуттук банкка минималдуу квалификациялык талаптарына ылайык келүү жөнүндө маалыматты берүүгө, анан ошол маалыматты жылына бир жолудан кем эмес тактоого тийиш. 

12. Жооптуу түзүмдүк бөлүмү жоючу берген маалыматтын негизинде аны карызгерге, насыя берүүчүгө, кызмат адамга жана / же банктын акционерине карата кызыкдар болушу жеке жана ишкердик байланыштарын эске алып белгилейт (9-тиркеме). 

Эгер жоючу банктын карызгерине, насыя берүүчүгө, кызмат адамдарына жана / же акционерине карата жакын тууганы же күйөөсү / аялы болсо, же болбосо аталган жактар менен ишкер мамилелери бар болсо, ал ишкер мамилелер биргелешкен ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда, юридикалык жактардын ишмердүүлүгүнө катышууда, келишим мамилелер бар болгондо, анын ичинде болушу карым-кредит / кредиттик келишими бар болсо, жана жогоруда айтылган адамдардын кызыкчылыгын жана жакын туугандардын ишкер кызыкчылыгын жактоого ишеним каты бар болсо жоючу кызыкдар жак деп саналат. Бул учурда, иш жүзүндө иштеген убакытка карабастан банктын жоюу чейинки акыркы беш жылдын ичинде банкта иштеген жак, жоючусу боло албайт. 

13. Жоюучу банктын жоюусун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгына үчүн жоопкерчилик тартат. 

14. Банк жоюучу өзүн ишин толугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салат жана насыя берүчүлөргө карата каалаганындай мамилеле кылган жагдайлардан качууга милдеттүү

15. Жоюучу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамда каралган учурларда алмаштырылат. 

16. Жоюучу бекитилгенден кийин ошол заматта кызматкерлердин менен акционерлердин мүлктөргө контролсуз кирүүгө жол бербөө үчүн төмөнкү чараларды аткарууга тийиш: 

1) банктын имаратынын физикалык көзөмөлдү киргизүүгө

2) бардык кызматкерлеринин ачкычын алып салууга; 

3) банктын бардык бөлмөлөрдүн эшиктерине мөөр басууга; 

4) банк кызматкерлери үчүн банк жашынуучу жеткиликтүүлүгүн чектөөгө

5) банкты жоюу жөнүндө төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, банк-корреспонденттерин кабарлоого; 

6) тийиштүү жоюучунун буйругуна ылайык, банк 5 -10 күндүн ичинде бухгалтердик жана башка документтерин, мөөрлөрүн жана штамптарын, материалдык жана башка баалуулуктарын алып берүү актын түзүгө

7) банктын жоюусу жөнүндө маалымат байланыштуу документтерде чагылдырылганды камсыз кылууга; 

8) банктын активдерин, эсептерин жана документерин инвентаризациялоого, ошондой эле банктын мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө

9) күрөө инвентаризациялоону жана алардын ылайыктуу сактоону камсыз кылат. Банктын мурдагы жетекчилигинин күнөөсү боюнча күрөө мүлкүн жоготуу, же зыян тийгизүү аныкталган болсо, жоюучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрсөтүүгө

10) Эмгек кодексине ылайык, алдыда бошотуу жөнүндө банктын кызматкерлерине маалымат берүүгө

17. Өзү бекитилген учурдан тартып, жоюучу банктын каражаттарын көзөмөлдөөгө, ошондой эле ошол каражаттардын укук белгилөөчү бардык документтерди кабыл алууга милдеттүү

Ушул максатта, банктын жоюучусу төмөнкүгө милдеттүү

1) кийинки сатуу үчүн материалдык активдерин ээлик кылуу; 

2) банк тарабынан ээлеп алынган эмес, бирок банк мүлк укугуна ээ болгон активдерин кабыл алуу; 

3) капиталдын (уурдоо, зыян келтирүү, же, тетирисинче, начарлашы) коопсуздугун камсыз кылуу; 

4) азыркы учурда үчүнчү жактардын активдерди мыйзам ченемдүү тартипте ээлик кылган, бирок келечекте жоюлуп жаткан банкка ошол активдер банкка өтүүсү зарыл болсо, ошол үчүнчү жактарды банктын жоюусу баштоо жана жоюлуп жаткан банктын ошол активдерге укугу бар экен тууралуу маалымат менен камсыз кылуу; 

5) банкка таандык болгон (анын ичинде дебитордук укугун) материалдык эмес активдерди (укуктарды) чогултуу; 

6) контрагенттиктер банктын жоюучусуна гана төлөшу кереги жөнүндө алардын баарын маалымдоо; 

7) банктын мүлкүнө карата насыя берүүчүлөрдүн доолордун (күрөө, ижара жана башка келишимдер тууралуу доо арыздар) негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун жана доо арызын боюнча мыйзам чектүү тартипте өндүрүп алууну жүргүзүүнү белгилөө

8) банкты жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ак ниеттүү жана насыя берүүчүлөрдүн таламдарында иш алып барууда башка иш-чараларын жүзөгө ашыруу. 

18. Бир нече банктарга бир эле жак жоючу деп бекитүү мүмкүн эгер: 

1) юридикалык жак - бир эле учурда 4 банктан ашык эмес; 

2) жеке жак (жеке ишкер) - 1 банктан ашык эмес. 

 

3 бөлүм. Жоюунун мөөнөтү  

 

19. Банктын жоюуну жүргүзүү мөөнөтү жыйырма төрт айдан ашууга тийиш эмес. Зарылчылык болгон учурда бул мөөнөт Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жоюучунун өтүнүчү боюнча сот тарабынан узартылышы мүмкүн. Бул учурда, банкты жоюу аяктаганга чейин үч ай калганда жоюучу, банктын жоюусун узартууну актаган себептерин көрсөтүп, өткөн мезгилинин акыркы күнүнө карата отчеттугун кошуп банктын жоюу мөөнөтүн узартуу боюнча арызды Улуттук банктын жөнөтөт. Улуттук банк жоюу мөөнөтүн узартуу боюнча арыз түшкон күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды карап чыгат. Өз убагында жоюу жол-жоболордун бүткөндүгүнө жана банктын насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына таасир эткен тоскоолдук кылган жагдайлар болсо, анда алар банктын жоюу мөөнөтүн узартуу үчүн негизи болот. Жоюу мөөнөтүн узартуу боюнча арызды карап чыгып, Улуттук банк Башкармасы тарабынан төмөнкү жүйөлүү чечимдердин бирин кабыл алат: 

1) банктын жоюу жүргүзүү мөөнөтүн узартууга макул болгонону жөнүндө

3) банктын жоюу жүргүзүү мөөнөтүн узартууга макул болбогонону жөнүндө

Жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө Улуттук банктын жоюу жүргүзүү мөөнөтүн узартууга макул болгонону жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин, жоюучу сотко чечимди бекитүү үчүн тиешелүү арызды жөнөтөт. 

Улуттук банк жоюу мөөнөтүн узартууга уруксат бербеген учурда, банктын жоюучусу жоюунун мөөнөтүнүн узартууну макулдашууга тоскоол кылган себептерди жоюуга тийиш, же ушул жободо белгиленген тартипте сотко жоюуну жүргүзүү мөөнөтү аяктганы жөнүндө арыз менен кайрылууга укугу бар. 

 

4 бөлүм. Жоюучунун жана жоюулуучу банктын отчеттугу 

 

20. Банктарды жоюу учурунда, жоюлуп жаткан банктын бухгалтердик, статистикалык отчетторду жана башка отчетторду ушул жободо каралган тартипте жана көлөмдө Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

21 Жоюучу алдын ала, кезектеги жана корутунду отчетторду сотко, Улуттук банкка, ошондой эле ыктыярдуу жоюу учурда уюштуруучулардын жалпы жыйынына берүүгө милдеттүү

22.  Алдын ала отчет банкка карата жоюулуу процесси башталган күндөн кийинки 30 күн кечиктирбестен, берилет. Алдын ала отчет төмөнкүлөрдү камтытууга тийиш:  

- банктын акционердик капиталынын төлөнбөгөн бөлүгүнө карата банктын талабын, ссудаларды жана кепилдиктерди берүү жөнүндө келишимдерди, сатып алуу-сатуу келишимдерин, ошондой эле баланстык нарк боюнча маалыматтарды жана активдердин жоюлуу учурундагы болжолдуу наркын кошкондо, банктын финансылык абалы жөнүндө отчетту; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган кезектүүлүгунө ылайык насыя берүүчүлөрдүн талаптарынын алдын ала тизмеси; 

- ижара, лизинг жана күрөө жөнүндө келишимдерди эсепке алганда, банктын мүлкү контракттарга ылайык башка тараптардын колдонуусунда турса;  

- банкка кызмат көрсөтүүлөр контракттарын;  

- банктын лицензиясын кйтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан мурунку 30 күндүн ичинде банк тарабынан түзүлгөн ири бүтүмдөрдү;  

- банктын пассивдерин; 

- банкка карата аффилирленген жана байланыштуу жактар менен бүтүмдөрдү

23. Жоюу процедурасы башталган күнгө карата банктын активдери жөнүндөгү отчетто активдер: 

1) банктын мүлкүнүн жеткиликтүүлүгүнүн күрөө менен толук, жарым-жартылай камсыз болунган жана камсыз болунбаган милдеттенмелер үчүн классификацияланат; 

2)милдеттенмелер күрөө менен толук камсыз кылынган, жарым-жартылай камсыз кылынган жана күрөө менен камсыз кылынбаган катары көрсөтүлөт. 

24. Жоюу процедурасы башталышына карата банктын абалы жөнүндөгү отчетко карата түшүндүрмө тилкатта төмөндөгү маалыматтарды чагылдыруу зарыл: 

- активдердин ар бир статьясына карата сатып өткөрүлүүчү наркты негиздөөнү

- күрөөлөр менен камсыз болгон жана жарым-жартылай камсыз болгон милдеттенмелер боюнча маалыматтарды ачып көрсөтүүнү

- системадан тышкаркы эсепке алынуучу активдердин наркы жөнүндө маалыматты. 

25. Жоюу жүзөгө ашыруу боюнча кезектеги отчет чейрек сайын (ар бир отчеттук чейректен кийинки айдын биринчи числосуна карата) жоюучу менен берилет. Кезектеги отчет төмөнкүнү камтыйт: 

1) формадагы отчет (1-тиркеме) 

2) акчалай келип түшүүлөр жана төлөп берүүлөр жөнүндө отчет (2-тиркеме); 

3) жоюу процедурасы башталышына карата банктын абалы жөнүндөгү отчетко карата түшүндүрмө тилкат; 

4) жоюу процедурасындагы банктардын депозиттик базасы тууралуу отчет (3-тиркеме); 

5) формадагы суммалар боюнча депозиттер тууралуу отчет (4-тиркеме); 

6) формадагы валюта боюнча кредиттик портфели тууралуу отчет (5-тиркеме); 

7) түрүндөгү салымдар жана каржы катышуу тууралуу отчет (6-тиркеме) 

8) негизги каражаттар тууралуу отчет (7-тиркеме); 

9) кредиторлордун талаптарын (милдеттенме) кезексиз канааттандыруунун дэңгээли жөнүндө, ошондой эле канаттадырылган жана канаттандырылган эмес талаптардын пайыздык катышын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талаптардын канантандыруунун кезектүүлүгү тууралуу маалымат; 

10) банктын негизги активдерин же башка активдеринин топтордун сатуу боюнча бүткөрүлгөн иштер жөнүндө жана сатуу пландары жөнүндө отчет; 

11) көз боемочулук менен түзүлгөн келишимдерди жана которууларды жокко чыгаруу боюнча соттук аракеттерди, ошондой эле мындай келишимдердин жана которуулардын натыйжасында келип чыккан укуктарды кошкондо, банктын талаптарын канааттандырууга багытталган соттук жана соттук эмес аракеттер жөнүндө отчет;  

12) банктын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери жана банктын пайдасына компенсацияларды алууга багытталган аракеттер жөнүндө отчет;  

13) банктын кызматкерлерин финансылык жактан камсыз кылууну кылдат талдоону кошкондо, камсыздандыруу келишимдери, эмгек келишимдери жана банкты тейлөө боюнча келишимдер сыяктуу күндөлүк контракттардын аракеттерин узартуу же токтотуу жөнүндөгү отчет; 

14) мүлктүк капиталдын өзгөрүүлөрү тууралуу отчет (8-тиркеме). 

26. Жоюуда финансылык отчетторунда төмөндөгү маалымат так бөлүнүп көрсөтүлүүгө жана зарыл учурларда кайталанууга тийиш: 

- банктын аталышы; 

- финансылык отчет берилген отчеттук дата же мезгил (аралык жоюу боюнча баланс); 

- отчеттук валюта; 

- финансылык отчетторду түзүүдө пайдаланылуучу өлчөө бирдиги жана тегеректөө даражасы. 

27. Формалардагы бөлүктөрдүн классификациясы банкты жоюу учурунда мезгилден мезгилге чейин сакталууга тийиш. 

28. Жоюу учурунда формалардын ар бир числолук көрсөткүчү боюнча жоюу процессинин башталышына карата көрсөткүчтөр келтирилүүгө тийиш. 

29. Пайдалануучуларга берилүүчү маалыматтын тактыгы банктын жоюучусу жана башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучунун колтамгалары менен тастыкталат. 

30. Зарыл болсо, банктын жоюучусу банк ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша, ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык формадагы отчетко банктын учурдагы каржылык отчеттуна кошумча макалаларды киргизиши мүмкүн. 

31. Түшүндүрмө тилкат формалардын өзүндө берилбеген, бирок маалыматты так ачып көрсөтүү жана аны берүү үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты камтууга тийиш. Маалыматтар ар бир валюта боюнча берилүүгө тийиш. 

Кошумча маалыматты ачып көрсөтүү диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин, мурунку жана отчеттук мезгилдеги маалыматтардын көчүрмөсүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылат. 

32. Баалуу кагаздар боюнча төмөнкү маалыматты ачып көрсөтүү зарыл: 

1) баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча сатуунун суммасын; 

2) кайра баалоо үчүн негизди жана коз карандысыз баалоочуну тартуу фактысын; 

3) акыркы кайра баалоо жүргүзүлгөн датаны. 

33. Негизги каражаттар боюнча негизги каражаттардын ар бир категориясы боюнча негизги каражаттардын колдонуудан чыгышын жана финансылык отчеттордо камтылган, күтүлүүдөгү таза сатып өткөрүлүүчү нарк боюнча эске алынуучу негизги каражаттардын ар бир категориясынын баланстык наркын чагылдыруу зарыл. 

34. Кредиттер боюнча кредиттердин ар бир категориясы боюнча төлөө суммасын ачып көрсөтүү зарыл. 

35. Милдеттенмелер боюнча талаптардын ар бир категориясы боюнча канааттандырылган талаптардын суммасын ачып көрсөтүү зарыл. 

36. Жоюу боюнча кеткен чыгымдар боюнча чыгымдардын ар бир категориясы боюнча сумманы ачып көрсөтүү зарыл. 

37. Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча отчеттук мезгил ичинде мүлктүк капиталдагы чет өлкө валютасы менен операциялардан чыгым тартууга (пайдага) камтылган таза курстук айырмачылыктын пайда болгон суммасын ачып көрсөтүү зарыл. 

38. Түшүндүрмө тилкат ошондой эле, системадан тышкары эске алынуучу активдердин наркы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. 

39. Финансылык отчетторго (аралык жоюу боюнча баланска) карата түшүндүрмө тилкаттагы маалыматтарды ачып көрсөтүү боюнча жогоруда көрсөтүлгөн талаптардан тышкаркы эгерде, бул жоюулуп жаткан банктын финансылык абалы жөнүндө маалыматты тагыраак берүүгө жетишүү үчүн зарыл болсо, жоюучу кайсыл болбосун башка маалыматты бере алат. 

40. Кезектеги отчету менен бирге жоюучу жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги жана аманат эсебиндеги (эгер түзүлсө) акча каражаттарынын суммасы жана аларды пайдалануунун багыты жөнүндө отчетту квартал сайын сотко жана Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

41.  Корутунду финансылык отчетторунда төмөндөгү маалымат көрсөтүлүүгө тийиш: 

- банктын аталышы; 

- банктын жоюучунун аталышы жана дареги; 

- жоюучу бекитилген датасы; 

4) жоюучу таанылган, насыя берүүчүлөрдүн талаптардын жалпы суммасы, анын ичинде берилген укугу күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен жабылбаган, күрөө менен камсыз болгон насыя берүүчүлөрдүн милдеттенмелерин; 

5) күрөөдөгү мүлктү сатуу аркылуу канаттандырылган, күрөө менен камсыз болгон насыя берүүчүлөрдүн милдеттенмелерин жалпы суммасын; 

6) өндүрүп алынган дебитордук карызынын жалпы суммасын; 

7) жоюучу менен активдерди сатып өткөрүүдөн алынган жалпы суммасын, анын ичинде күрөө менен камсыз болгон насыя берүүчүлөрдүн милдеттенмелерин өлчөмүн ашкан суммаларды эсепке алуу менен; 

8) ар бир кезектин насыя берүүчүлөрдүн канаттандырылган милдеттенмелерин жалпы суммасы, жана төлөнгөн каражаттардын жалпы суммасы (пайыздык катышы менен); 

9) канаттандыруусуз калтырылган милдеттенмелердин жалпы суммасы (жалпы милдеттенмелерге карата пайыздык катышы менен); 

10) банктын катышуучуларга төлөнгөн суммасы жана аны кимге төлөнгөнүн көрсөтүүсү менен  

11) алгылыктуу баада сатуунун мүмкүн эместигин аныкталган, ошондуктан төмөн баада сатылган же карызды азайтуу максатында же акысыз өткөрүлүп берилген, мүлктүн тизмеси, ушул учурда алынган каражаттардын жана/же азайтуу максатында өткөрүлүп берилген кайсы бир карызды майда-чүйдөсүнө чейин баяндап жазуусу менен, ошондой эле өткөрүлүп берилген же сатылган органдын же жактын көрсөөтүүсү менен; 

12) Жоюу жол-жобосуна сарптоолор өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- жоюучунун билдирүүлөрдү жана кулактандырууларды жарыялоого чыгымдарын; 

- банктын активдерин иликтеп табуу, өндүрүп алуу, баа берүү жана сатуу менен байланышкан чыгымдарын; 

- банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды; 

- жоюучуга акы төлөөнү жана ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысын; 

- топтоочу фондду; 

- иштөөсүн улантуу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр менен байланышкан чыгымдарды (электр энергиясы, суу менен камсыздоо, байланыш, күзөт, транспорт, салыктар, алымдар, жыйымдар, төлөөлөр жана башкалар). 

13) банктын жетекчилеринин же катышуучулардын иш-аракеттерин, банктын банкроттогунда күнөлүүгүн жана / же насыя берүүчүлөрдүн талаптарын төлөөгө милдеттүү болушу мүмкүнкүнчүлүгүн жоюучу тарабынан текшерүү өткөрүлгөнү же өткөрүлбөгөнү жөнүндө, ал күнөөлүү / жоопкерчиликтүү деп эсептеген адамдардын тизмеси, ошол адамдар боюнча кайсы мамлекеттик органдары арыздар / даттандыруулар жиберилген жөнүндө жана анын иш-аракетин жана жыйынтыктардын түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар;  

14) жоюулуу процессинин аяктоосу боюнча финансылык абалы жөнүндө отчету. 

 

5- бөлүм. Банктын ыктыярдуу түрдө жоюлушу 

 

42. Банктын ыктыярдуу түрдө жоюлушу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган негизги жоболорго ылайык жүргүзүлөт.  

43. Банктын ыктыярдуу жоюлушу банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда банктын акционерлеринин жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынган чечими боюнча соттон тышкары тартипте жүргүзүлөт. Банктын ыктыярдуу жоюлушу Улуттук банктын макулдугу менен гана ишке ашырылат. Банктын ыктыярдуу жоюлушу жөнүндөгү акционерлердин жалпы чогулушунун чечиминен кийин банк бардык аманатчылары менен толук эсептешүүнү жүргүзүүгө же болбосо банктык аманат келишимдеринен улам келип чыккан укуктарды жана милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүүгө, андан кийин лицензияны кайра чакыртып алуу жана банктын ыктыярдуу жоюлушунун жол-жобосун баштоо жөнүндө өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү

44. Банктын лицензияны кайра чакыртып алуу жана өз ыктыяры менен жоюу жол-жобосунун баштоо жөнүндө өтүнүчүнө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш: 

1) банктын ыктыярдуу жоюлушу жөнүндө акционерлердин жалпы чогулушунун чечими; 

2) банктын бардык аманатчылары менен толук эсептешүү жөнүндө же банктык аманат келишимдеринен келип чыккан укуктар менен милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүү жөнүндө маалымат; 

3) Улуттук банк белгилеген талаптарга жооп берген жоюучунун талапкерлиги; 

4) аудитордук корутунду менен ырасталган банктын акыркы отчеттук күнгө карата финансылык отчету; 

5) ыктыярдуу түрдө жоюу планы. 

Лицензияны кайтарып алуу тууралу чечим кабыл алынганга чейин, Улуттук банк банктын абалын толук жүргүзүү үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу. 

45. Улуттук банк бир айлык мөөнөттө банктын өтүнүчүн кароого жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алууга милдеттүү

1) лицензияны кайра чакыртып алуу, банкты ыктыярдуу түрдө жоюуну баштоо жана жоюучуну дайындоо жөнүндө. Эгерде банк тарабынан сунушталган жоюучунун талапкерлиги Улуттук банк тарабынын канааттандырылбаса, Улуттук банк башка жоюучуну дайындоого укуктуу; 

2) ушул берененин талаптарын бузуу менен берилген банктын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу же банктын ыктыярдуу түрдө жоюу планы Улуттук банктын баа берүүсү боюнча ылайыксыз болуп санала тургандыгы тууралуу; 

3) эгерде Улуттук банктын баа берүүчү боюнча банктын активдеринин наркы анын милдеттенмелеринин наркынан төмөн болсо, банктын лицензиясын кайра чакыртып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо жөнүндө

46. Лицензияларды кайра чакыртып алуу жана банкты өз ыктыяры менен жоюуну баштоо жөнүндө Улуттук банк тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жөнүндө чечими кайтарылбайт же жокко чыгарылбайт. 

47. Жоюучунун корутунду отчетун жана банкты жоюу балансын бекитүүнү кошпогондо, Улуттук банк тарабынан лицензиялар кайра чакыртып алынган жана ыктыярдуу түрдө жоюу башталгандан тартып акционерлердин жалпы чогулушунун бардык ыйгарым укуктары банктын жоюучусуна өтөт. 

48. Банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жол-жобосун ишке ашыруунун жүрүшүндө банкка насыя берүүчүлөрдүн жана кызыкдар жактардын укуктарын бузууга тоскоол кылүү максатында жоюучу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган талаптарын сактоого тийиш. 

49. Жоюлуп жаткан банктын отчеттору ушул жобонун 4-бөлүмүнө ылаыйк тапшырылат. 

50.   Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган бардык иш-чаралар бүткөндөн жана милдеттер аткарылгандан кийин жоюучу банктын акционерлеринин жалпы жыйналышынын корутунду отчетун, жоюу балансын бекитүү жана жоюу жол-жобосу аяктагандыгы жөнүндө чечимин алууга тийиш. Андан кийин жоюучу Улуттук банкка тиешелүүү кайрылуу жөнөтөт. 

51. Банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жол-жобосу Улуттук банк тарабынан корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жөнүндө жана жоюу жол-жобосу аяктагандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып бүткөрүлгөн болуп саналат. 

52. Улуттук банктын жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу чечими күчүнө киргенден кийинки он беш календардык күн ичинде банктагы эсептерди жабат, белгиленген тартипте банктын мөөрлөрүн жана штамптарын жок кылат жана соттун же Улуттук банктын (ыктыярдуу түрдө жоюуда) чечимин банкты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен алып салуу тууралуу жазууларды жазуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштайт, ошондой эле жоюлган банктын бардык документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна сактоого жөнөтөт жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. 

 

6- бөлүм. Банкты мажбурлап жоюу 

 

53.  Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган негизиндегин ылайык банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун жүргүзөт.  

54. Банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия кайра чакыртып алынгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде Улуттук банк ушул мыйзамда белгиленген тартипте банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылат. Сот жоюучуну дайындаганга чейин Улуттук банк банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо максатында Убактылуу администрацияны дайындайт. Эгерде лицензияны кайра чакытарып алуу учурунда Убактылуу администрация иштеп турган болсо, ал сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин өз ыйгарым укугун сактап калат. 

55. Жоюучу сот тарабынан мажбурлап жоюу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып отуз календардык күн ичинде Улуттук банктын макулдашуусум менен банкты жоюу планын даярдайт.  

56. Банкты жоюу планы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келүүгө тийиш. 

57. Улуттук банкка план келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банктын жоопту бөлүмү аны талдап, Улуттук банктын Башкармасынын кароосуна чыгарат. 

58. План Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келген жана банктын насыя берүүчүлөрдүн укуктары камсыз кылынган учурда, Улуттук банк Башкармасы тарабынан банкты жоюу планын макулдашуу тууралуу чечим, кабыл алынат. 

59. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган бардык иш-чаралар бүткөндөн жана милдеттер аткарылгандан кийин жоюучу сотко корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жөнүндө жана банкты жоюу жол-жобосун бүткөрүү тууралуу өтүнүч каты менен кайрылат. Жоюучу корутунду отчеттун түп нускасынын бирин Улуттук банкка берет. Сот жоюучунун корутунду отчетун Улуттук банк жактыргандан кийин гана бекитет. 

60. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу корутунду отчетту бекитүү жана мажбурлап жоюу жол-жобосун аяктоо жөнүндө соттун аныктамасы чыккандан кийин бүткөрүлгөн болуп саналат. 

61. Жоюучу соттун жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу чечими күчүнө киргенден кийинки он беш календардык күн ичинде банктагы эсептерди жабат, белгиленген тартипте банктын мөөрлөрүн жана штамптарын жок кылат жана соттун чечимин банкты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен алып салуу тууралуу жазууларды жазуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштайт, ошондой эле жоюлган банктын бардык документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна сактоого жөнөтөт жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. 

 

7-бөлүм. Активдерди сатуу 

 

62. Банктын активдерин түгөлдөө жана баалоо аяктагандан кийин жоюучу бир айдын ичинде Улуттук банкка макулдашуу боюнча сотко мүлктүн курамы жана өзгөчөлүктөрү, аны сатуу мөөнөттөрү, ачык торуктардын таризи жана шарттары, мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды берүү таризи, аны сатуунун баштапкы баасы, мүлктү сатуу жөнүндө кулактандырууларды жарыялоо жана жайгаштыруу тариздери жана мөөнөттөрү тууралуу маалыматтарды камтыган банктын активдеринин (мүлкүнүн) тизмегин бекиттирүү үчүн берүүгө милдеттүү.  

63. Банктын активдеринин (мүлкүнүн) тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө жана насыя берүүчүлөрдун укутарын жана кызыкчылыктарын бузбоого тийиш. 

64. Улуттук банк Башкармасы активдеринин (мүлкүнүн) тизмеги келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күнүнөн кечиктирбестен, сын-пикирлер жок учурунда, аны макулдашуу тууралуу чечим кабыл алат. 

65. Банктын сатылууга тийиш болгон активдеринин (мүлкүнүн) тизмеги сот тарабынан бекитилгенден кийин жоюучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ушул жободо белгиленген өзгөчөлүктөр менен аларды сатууга киришет.  

66.  Банктын мүлкүн баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.  

67. Банктын кыймылсыз мүлкүн сатуусу аукцион өткөрүү аркылуу гана жүргүзүлөт. Эгерде аукцион өткөрүлгөн жок деп таанылса, анда аукцион милдеттүү түрдө кайрадан өткөрүлөт. Эгерде кыймылсыз мүлк кайрадан өткөрүлгөн аукциондо сатылбаса, жоюучу соттун макулдугу менен аны башка ыкма аркылуу сатууга укуктуу.  

68. Өзгөчө учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөрдү сактоо менен активдерди сатуу соттун макулдугу менен гана түздөн-түз сатуу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.  

69 Жоюучу банктын активдерин насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн рынок баасы боюнча негизи жок кармабастан сатууга милдеттүү. Ал бир кыйла жогорку баада алууга байланыштуу улам жагымдуу рыноктук шарттарга үмүтүн менен сатууну кечиктирүүгө укугу жок. 

Эгерде активдерди сатууга мүмкүн болбосо, аларга суроо-талаптын аздыгынан улам баасы төмөн болсо же ээликтен ажыратуу боюнча чыгымдар активдердин наркынан ашып кетсе, же болбосо башка себептерден улам аларды рыноктук баада сатууга мүмкүн болбосо, жоюучунун жогорудагы милдеттери өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүн.  

70. Күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.  

71. Насыя берүүчүлөр банктын активдерин баалоо жана аларды сатуу жөнүндө маалыматтар менен таанышууга укуктуу.  

72. Банктын жоюучу банктын дебитордук карызын башка банкка же үчүнчү жакка кайсы учурда болбосун Кыргыз Республикасын мыйзамдарына ылайык сатууга укуктуу. Башка жакка карызга менчик укугунун өтүшү үчүн карызкор тарабынан макулдашуу кереги жок. 

73. Банкты жоюучу, укуктук иш менен камсыз кылуу, ошондой эле карыз чогултуу үчүн келишимдерди түзө алат. 

74. Банкты жоюучусу, банкты жоюу аяктаган учурда, мүлктү сатылышы мүмкүн эмес деген чечим кабыл алууга укуктуу, эгер: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүлгөн аукциондордо же башка жолу менен сатып өткөрүүдө эч ким мүлктү сатып алууга ниеттенген жок учурда; 

- мүлк сатууга мүмкүн болбогон жөнүндө көзкаранды эмес адистердин (эксперттердин) корутундусун алган учурда. 

75. Банктын жоюучусу банк сатып өткөрүү мүмкүн эмес болсо, ошол мүлктүн майда-чүйдөсүнө чейин, банктын бардык насыя берүүчүлорүн маалымдоого милдеттүү

76. Эгер, банктын жоюусу аяктаганда сатылышы мүмкүн эмес болгон мүлккө бир да насыя берүүчүдөн арыз келип түшпөсө, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен банктын акционерлерине өткөрүлүп берилет. 

 

8- бөлүм. Насыя берүүчүлоргө карыздарды төлөп берүү тартиби 

 

77. Эреже катары, төлөмдөр акчалай түрүндө төлөнүүгө тийиш: 

1) эгер насыя берүүчүнүн банктык эсеби жок болсо, накталай акча түрүндө төлөнүп берилет, анда банктын жоюучусу акча каражаттарды насыя берүүүчүсү алынгандыгын далилдеген документти алат. 

2) эгер насыя берүүүчүнүн банктык эсеби бар болсо, накталай эмес түрүндө төлөнүп берилет, анда банктын жоюучусу өзүнүн банкынан төлөм жүзөгө ашырылган жөнүндө тастыктоо алат.  

78. Сатылышы мүмкүн эмес мүлктү насыя берүүчүлөргө өткөрүп берүү аркылуу ушул жобого ылайык төлөмдөрүн жүргүзүүүгө мүмкүнүлүк бар, банктын жоюучусу насыя берүүчүлөргө алардын астындагы карыздарын азайтуу үчүн мүлктү берүү боюнча чечим кабыл алат. Бул учурда, насыя берүүчүлөрү менен макулдашуу боюнча банктын жоюучусу мүлктүн наркын аныктайт, ал эми насыя берүүчүлөрдүн талабы ушул наркынын өлчөмүндө төлөндү деп каралат. Насыя берүүчү, наркынын өлчөмүндө анын талаптарын канаттандыруу боюнча документ берүүгө милдеттүү

 

9-бөлүм. Жоюу башталгандап баштап бухгалтердик эсептин алып баруунун тартиби  

 

79. Жоюулуп жаткан банктарда бухгалтердик эсептин алып барууга караштуу талаптар жоюу ишин эске алуу менен негизги финансылык отчеттуулукту түзүүлүшүн камтыйт жана отчеттулукту Финансылык отчеттун эл аралык стандартына ылайык түзүүнү аныктабайт. Жоюу ыкмасында жоюу процедурасы башталган учурдан тартып, финансылык отчеттуулуктун кошуп эсептөө ыкмасы жана үзгүлтүксүздүк принциптери сыяктуу негизги жол берүүлөрүн колдонуу токтотулат.  

80. Жоюу башталган күндөн тартып, кирешелер жана чыгашалар кассалык ыкма боюнча таанылат, активдер күтүлүүдөгү таза сатып өткөрүлүүчү нарк боюнча бааланат. 

81. Жоючу банктын мүлкүн инвентаризациялоону жана баалоону жүргүзөт. Банктын мүлкүн баалоону жүргүзүүдө, активдер финансылык жана финансылык эмес активдерге бөлүнүшүү тийиш. Финансылык активдер өзүнө: акча каражаттарды, карыздарды, баалуу кагаздарды камтыйт. Финансылык эмес активдердин баалоосу боолоочу уюмдардын катышуусу менен жоюучу тарабынан жүзөгө ашырылат. Имараттардын, курулмалардын, баалоосу кыймылсыз мүлктү баалоочу белгиленген талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Активдердин баланстык наркы менен алардын күтүлүүдөгү таза сатып өткөрүлүүчү наркынын ортосундагы айырма мүлктүк капитал счетуна тиешелүү болот. 

82. Жоюу учурунда, жоюучу башка банкта сомдук бир гана негизги счетко жана бир мультивалюталык счетко (зарыл болгон учурда) ээ болууга тийиш. 

Жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги каражаттар банктын насыя берүүчүлөрүнүн талаптарын жабууга жана жоюучунун административдик чыгымдарына гана жумшалууга тийиш. 

Насыя берүүчүлөрүнүн талаптарын кезектүүлүгүнө ылайык жабууга насыя берүүчүлөрүнүн алдындагы милдеттенмелерин канааттандырууда жеке эсеп ачылышы мүмкүн. 

Жоюу башталган учурда банктарда белгилүү болгон, ошондой эле жоюу мезгили ичинде аныкталган башка счеттор, алардын табылып алынгандыгына жараша, жоюучу тарабынан жабылууга тийиштүү. Акча каражаттарынын калдыктары бул счеттордон жоюучун негизги счетуна чегерилүүгө тийиш. 

83. Жоюу процедурасы башталган күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына ылайык, жоюулуп жаткан банкка карата бардык карыздык милдеттенмелер боюнча неустойкаларды (акчалай айып төлөө жана пениялар) жана проценттерди кошуп эсептөө токтотулат. 

84. Жоюлуучу банкка карата жоюу ыкмасы менен жоюулуу процедурасы башталган учурунда кошуп эсептелинген неустойкалар (акчалай айып толоо жана пениялар) жана проценттер Кыргыз Республикасынын " Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы тарабынан белгиленген кезектүүлүк тартибинде төлөнүп берилүүгө тийиш. 

85. Жоюу башталган учурда баалуу кагаздар жана кредиттер боюнча алууга карата кошуп эсептелиген проценттер, проценттик кирешелер счетунан кошуп эсептелинген суммаларды алып салуу жолу менен системадан тышкаркы эсепке алууга өткөрүлөт. 

86. Жоюу баштоодо капитал счету боюнча калдыктар мүлктүк капитал счетуна которулат, андан соң капиталды эсепке алуу боюнча бардык счеттор, анын ичинде банктын капиталдык резервдер счету жабылат. 

87. Жоюу ыкмасында жоюулуу процедурасынын башталышына карата финансылык абал жөнүндө маалыматтарды топтоодо жыл башынан бери алынган кирешелер жана кеткен чыгашалар мүлктүк капитал счетуна которулат. 

Өткөн жылдарда кеткен чыгымдар да мүлктүк капитал счетуна которулат. 

Кийинчерээк, жоюуга жумшалган бардык чыгашалар мүлктүк капитал счетунун эсебинен жүргүзүлөт. Мүлктүк капитал счету субсчет катары кирешелердин жана чыгашалардын зарыл болгон счетторун камтый алат. 

Жоюу ыкмасында жоюулуу процессинде табылган карызгер-банктын кайсыл болбосун эсепке алынбай калган жана банктын менчиги болуп саналган активдери кирешелер катары каралат жана мүлктүк капитал счетунда чагылдырылат. 

Алар боюнча талаптар кредиторлордун талаптарды коюсу үчүн белгиленген мезгилде коюлган болсо, карызгер-банктын кайсыл болбосун эсепке алынбай калган милдеттенмелери, алардын жоюучу тарабынан таанылган учурунда, банктын милдеттенмесин көбөйтөт жана мүлктүк капитал счетунда чагылдырылат. 

Жоюу башталышына карата алар боюнча күтүлүүдөгү таза сатып өткөрүлүүчү наркты аныктоого мүмкүн болбогон материалдык эмес активдер мүлктүк капитал счетунун эсебинен алынып салынат жана системадан тышкаркы эсепке алууга которулат. 

88. Баланстык эсепке алуудан алынып салынган бардык активдер (негизги каражаттар, баалуу кагаздар, материалдык эмес активдер, берилген кредиттер, дебитордук карыз) алардын сакталышын камсыз кылуу жана алардын пайдаланылышын контролдоо үчүн системадан тышкаркы эсепке алууда эсепке алынууга тийиш. 

89. Жоюу башталган күндөн тартып, негизги каражаттардын амортизациясын кошуп эсептөө токтотулат жана мурда кошуп эсептелинген амортизация негизги каражаттын алгачкы наркынын азаюсунун эсебинен алынып салынат. 

Мында, кошуп эсептелинген амортизация счетун жабуу зарыл. 

90. Негизги каражат наркы төмөндөгөн предмет катары бааланууга тийиш. 

Банк, негизги каражаттын наркынын мүмкүн болуучу төмөндөөсүн көрсөткөн кандай болбосун белгилердин болушуна олуттуулук принцибинин негизинде баа берүүгө тийиш. Негизги каражаттын наркынын олуттуу төмөндөшү учурунда, банк мындай төмөндөөнү начарлоодон улам негизги каражаттын наркынын төмөндөшү катары таанууга тийиш. 

Начарлоодон улам, негизги каражаттын наркынын төмөндөшү мүлктүк капитал счетуна таандык болот. 

91. Негизги каражатты сатууда жаңы (кайрадан бааланган) баланстык нарк менен сатуу баасынын ортосундагы айырма мүлктүк капитал счетуна жазылат. 

92. Качан, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын жылышы жүргөн күндөгү операциялык күндүн акырына карата позициялардын сомдук эквивалентинин счету чет өлкө валютасындагы позициялар счеттору менен салыштырылат, ал эми пайда болуучу айырма чет өлкө валюталары менен операциялардан пайда же чыгым болуп саналат жана мүлктүк капитал счетуна таандык болот. 

93. . Финансылык абал жөнүндө маалымдоодо банк айына кеминде бир жолу валюталык позицияны кайра баалоону жүзөгө ашырууга тийиш. 

94. Жоюу башталган күндөн тартып, баалуу кагаздар боюнча проценттерди кошуп эсептөө жана сыйлыкты/дисконтту амортизациялөө токтотулат жана системадан тышкаркы эсепке алууга которулат. 

95. Сыйлык счетундагы амортизацияланбаган калдык баалуу кагаздардын наркы счетуна тиешелүү болот (баалуу кагаздардын номиналдык наркынын амортизацияланбаган сыйлыктын суммасына көбөйүшү). 

Дисконт счетундагы амортизацияланбаган калдык баалуу кагаздардын наркы счетуна тиешелүү болот (баалуу кагаздардын номиналдык наркынын амортизацияланбаган дисконттун суммасына кемиши). 

Мында, баалуу кагаздар боюнча сыйлык/дисконт счетун жабуу зарыл. 

96. Баалуу кагазды сатууда бул баалуу кагаздын баланстык наркы менен сатуу баасынын ортосундагы айырма мүлктүк капитал счетуна таандык болууга тийиш. 

97. Жоюу ыкмасында жоюулуу процессинде баалуу кагаздарды кайра классификациялоо жүзөгө ашырылбайт. 

98. Ар бир берилген кредит жоюу башталышына карата карыздын негизги суммасын алууда күтүлүп жаткан сумма боюнча бааланат жана кредиттик портфелди классификациялоо жүргүзүлөт. Кредиттерди классификациялоодо алардын наркы алууга карата күтүлүп жаткан суммага чейин төмөндөтүлөт. 

Кредиттин баланстык наркы менен карыздын негизги суммасын алууга карата күтүлүп жаткан сумманын ортосундагы айырма РППУ счету аркылуу алынып салынат жана системадан тышкаркы эсепке алууга которулат. 

99. Зарыл учурларда, кредиттик портфелде потенциалдуу кредиттик, лизингдик жоготууларды жана чыгым тартууларды ордун жабууга карата Резерв (РППУ) түзүлөт. РППУ мүлктүк капитал счетунун төмөндөшүнүн эсебинен түзүлөт. 

100. РППУ тийиштүү өлчөмдө түзүлгөндөн соң, потенциалдуу кредиттик, лизингдик жоготууларды жана чыгым тартууларды жабууга карата бардык Резерв кредиттин негизги суммасын азайтууга тиешелүү болот. 

101. Классификациялануучу кредитте (аны жоготуу катары аныктоодо) карыздын суммасы баланстан алынып салынат жана системадан тышкаркы эсепке алууга которулат. 

102. Мында, жоюучу кредиттердин жана алар боюнча кошуп эсептелинүүчү проценттердин кайтарылышын камсыз кылуу үчүн бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга тийиш. 

103. Жоюу башталган күндөн тартып, баланстык счеттордогу кредиттер боюнча алууга карата проценттерди кошуп эсептөө токтотулат жана системадан тышкаркы эсепке алууга которулат. 

104. Кошуп эсептелинген, бирок алына элек проценттердин суммасы кайтарым өткөрүлөт (сторнировкаланат) жана системадан тышкаркы эсепке алууга которулат. Проценттерди андан ары кошуп эсептөө системадан тышкары жүзөгө ашырылат. 

105. Карыздын негизги суммасын төлөөдө карыздын негизги суммасын алууга карата күтүлүп жаткан суммасы менен негизги карыздын иш жүзүндө төлөнүүчү суммасынын ортосундагы айырма мүлктүк капиталды көбөйтүү (азайтуу) счетуна таандык болууга тийиш. 

106. Карызгер-банктын кредиттик портфелин үчүнчү жакка толук же жарым-жартылай сатууда (анын ичинде, ыйгарым укуктуу органга кредит боюнча андан ары өндүрүп алуу үчүн берүүдө) учурдагы датага карата кошуп эсептелинген проценттер системадан тышкаркы эсепке алуудан баланска которулат жана мүлктүк капитал счетуна тийиштүү болот. 

107. Баланстан тышкаркы кредиттерди сатуу рыноктун наркы менен жүзөгө ашырылышы тийиш. Карыздын чегизги суммасын алууга карата күтүлүп жаткан суммасы менен (кредиттерди сатуу же өткорүп берүү учурунда алууга карата кошуп эсептелинген проценттер менен бирдикте) кредитти сатып өткөрүүнүн иш жүзүндөгү наркынын ортосундагы айырма мүлктүк капиталды көбөйтүү (азайтуу) счетуна тийиштүү болуш керек. 

108. Баланстан тышкаркы ар бир операция боюнча жоючу конкреттүү кырдаалдар боло тургандыгы же болбой тургандыгы ыктымалдыгын эсепке алуу менен бүтүмдүн мүмкүн болуучу наркын баалоону жүзөгө ашырууга жана тиешелүүлүгү- нө жараша доонун акчалай суммасын эсептөөгө тийиш. 

109. Банктын баланстан тышкаркы операцияларына байланыштуу болгон милдеттенмелери боюнча доо-арыздар берилип калса, анда алардын негизденген жана жоючу тарабынан таанылган учурунда, алар баланста чагылдырылат жана баланстан тышкаркы счеттор жабылат, эгерде: 

- баланстан тышкаркы милдеттенменин мөөнөттөрү келип жеткен; 

- баланстан тышкаркы милдеттенме боюнча белгилүү кырдаалдар пайда болгон; 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелерди аткартуучу реалдуу кырдаалдардын келип чыгышынын мүмкүн эместиги учурда; 

- баланстан тышкаркы счеттордо эске алынуучу суммалар алынып салынат, ал эми баланстан тышкаркы счеттордун өздөрү жабылат. 

 

10- бөлүм. Корутунду жоболор 

 

110. Ушул жободо белгиленбеген чөйрөөдө жоюучу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 

Банктарды жоюу жөнүндө жобосуна карата 

1-тиркеме 

 

1. Негизги окуялардын кыскача хронологиясы (тарыхый маалымат), анын ичинде: 

- коммерциялык банка лицензия берилген күнү

- банктын биринчи көйгөйлөрдүн көрсөтүү

- Улуттук банк тарабынан колдонгон чаралардын ишке ашыруунун баяндоо. 

 

2. Кезектеги кырдаал (банктын кезектеги каржылык абалы көрсөтүүсү менен): 

 

Маалымат жоюулуу процессинде болгон банк менен Улуттук банкка тапшырылат 

20_- жылдын___________ карата 

_______________________________________________________________________ 

Банктын аталышы 

Өлчөө бирдиги:  

 

 

Жоюунун башталышы 

Кезектеги дата 

Баа берүүчү иштер 

Активдер: 

- Акча каражаттары 

- Улуттук банктагы корреспондегттик эсептер 

- Башка банктрадагы корреспондегттик. эсептер 

- Баалуу кагаздар 

- Кардарларга кредиттер 

- Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдар (резервдер)  

- Таза кредиттер 

- Банктарга кредиттер 

- Негизги каражаттар 

- Баланска кабыл алынган күрөөлөр 

- Инвестициялар жана финансылык катышуу  

- Алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

- Башка активдер 

Жалпы активдер 

 

 

 

Милдеттенмелер  

- Жеек жактардын депозиттери 

- Юридикалык жактардын депозиттери 

- Банк аралык милдеттенмелер 

(РЕПО кошкондо) 

- Улуттук банктын алынуучу кредиттер 

- Башка бантардан алынуучу кредиттер 

- Төлөөгө кошуп эсептелинген пайыздар 

- Башка милдеттенмелер 

Жалпы милдеттенмелер  

 

 

 

Капитал: 

- Акциялар 

- Өткөн мезгилдердин бөлүштүрүлбөгөн пайдасы/чыгымы 

- Резервдер  

Жалпы капитал 

Жалпы милдеттенмелер жана капитал 

 

 

 

Баланстан тышкары милдеттенмелер  

 

 

 

анын ичинде: 

 

 

 

- Берилген кредиттер боюнча милдеттенмелер 

 

 

 

- Гарантиялар 

 

 

 

- Аккредеттивдер 

 

 

 

- Форвард бүтүмдөр 

 

 

 

-СВОП - операциялар 

 

 

 

Жоюучу  

Аты жөнү. колтамгасы 

М.О. 

 

3. Учурдагы датасына активдерге талдоо жүргүзүү

Ушул бөлүмдө реалдуу наркын баалоо аркылуу алардын кайтарып келүүсүнө талдоо жүргүзүү зарыл. 

1) Кредиттерди талдоо жүргүзүү 

 

 

Кредиттин суммасы 

Кредиттин төгүүлү мүмкүн суммасы  

Эскертүү 

Байланыштуу жактарга берилген кредиттердин жалпы суммасы 

 

 

 

Аффилирленген жактарга берилген кредиттердин жалпы суммасы 

 

 

 

Кардарларга берилген жалпы суммасы 

 

 

 

Жалпы кредиттер 

 

 

 

Анын ичинде, эл аралык уюмдардын кредиттик линиялар 

 

 

 

 

2) Негизги каражаттарды талдоо жүргүзүү (зарыл болгон учурда таблицаны улап кетсе болот). 

Имараттарды, курулуп бүтпөгөн негизги каражаттарды баяндоодо банктын башчы мүчө же кызматына көрсөтүлүүгө тийиш. 

 

Негизги каражаттын аталышы (баяндап жазуу) 

Баланстык наркы 

Сатууда колдонуучу  

баа берилген наркы 

Эскертүү(сатуу боюнча аракет кылынганда, аларды кыскача сүрөттөө. анын ичинде сатууда колдонуучу  

баа берилген наркы, сатуунун мүмкүнчүлүктөрдү

абалын баяндоо) 

- Имараттар 

- Аяктабаган курулуш 

- Автомобилдер 

- Эмерек жана жабдуулар 

- Компьютердик жабдуулар 

- Башка 

 

 

 

 

3) Күрөөлөр (зарыл болгон учурда таблицаны улап кетсе болот). 

 

Күрөөнүн аталышы (ар бир күрөө боюнча ) 

Күрөө боюнча келишимде аныкталган күрөөнүн наркы 

Баланстык наркы - 

Баланска алынган датасы 

Сатууда баа берилген наркы 

Сатуунун күтүлүүчү 

датасы 

Эскертүү (сатуу боюнча аракет кылынганда, аларды кыскача сүрөттөө. анын ичинде сатууда колдонуучу  

баа берилген наркы, сатуунун мүмкүнчүлүктөрдү

күрөөнүн абалын баяндоо) 

1. 2. 

 

 

 

 

 

 

3. 

 

 

 

 

 

 

Жоюучу  

Аты жөнү. колтамгасы 

М.О.Банктарды жоюу жөнүндө жобосуна карата 

2-тиркеме 

 

Акчалай келип түшүүлөр жана төлөп берүүлөр жөнүндө отчет 

20_- жылдын___________ карата 

_______________________________________________________________________ 

Банктын аталышы 

Өлчөө бирдиги:  

 

п/п 

Аталышы 

Отчеттук мезгил (ай) 

Жоюу учурунан тартып 

Бир мезгилдин башталышына карата акча каражаттары 

 

 

Акчалай келип түшүүлөр 

 

 

Активдерди сатуу 

 

 

Кредиттерди кайтарып берүү  

 

 

Кредиттер боюнча проценттерди төлөө 

 

 

Баалуу кагаздарды төлөө 

 

 

Жана башка келип түшүүлөр 

 

 

Акчалай келип түшүүлөрдүн жыйынтыгы (3+4+5+6+7) 

 

 

Акчалай төлөп берүүлөр 

 

 

Административдик чыгымдарды (11+12+13+14) 

 

 

 

Анын ичинде: 

 

 

11 

Жоюучунун акысы 

 

 

12 

Жоюучу менен ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысы 

 

 

13 

Имаратты жана башка мүлктү ижарага алуу боюнча чыгымдар 

 

 

14 

Башка чыгымдар 

 

 

15 

Кредиторлордун күрөө менен камсыз болгон талаптары боюнча төлөп берүүлөр 

 

 

16 

Кредиторлордун күрөө менен камсыз болбогон талаптары боюнча төлөп берүүлөр (17+18) 

 

 

 

Анын ичинде: 

 

 

17 

Жеке жактар 

 

 

18 

Юридикалык жактар 

 

 

19 

Башка төлөп берүүлөр 

 

 

20 

Акчалай төлөп берүүлөрдүн жыйынтыгы (10+15+16+19) 

 

 

21 

Бир мезгилдин акырына карата акча каражаттары (1+8-20) 

 

 

Отчеттук мезгилдин ичинде активдерди сатуу боюнча отчет 

Аталышы 

Баланстык наркы 

Сатуудан келип түшүүлөр 

Активди сатуудан пайдасы/чыгымы  

(1) 

(2) 

(3) 

(4) 

Негизги каражаттар 

 

 

 

Кредиттер 

 

 

 

Баалуу кагаздар 

 

 

 

Материалдык эмес активдер 

 

 

 

Башка менчик 

 

 

 

Башка активдер 

 

 

 

Жыйынтыгы 

 

 

 

 

Жоюучу менен ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысы:  

Ижарага алынган имарат:  

 

Жоюучу  

Аты жөнү. колтамгасы 

 

Башкы бухгалтер ____________ _____________ 

Аты жөнү. колтамгасы  

 

М.О. 

 

 

Банктарды жоюу жөнүндө жобосуна карата 

3-тиркеме 

 

 

Жоюлуу процессиндеги банктардын депозиттик базасы тууралуу отчет 

 

20_- жылдын___________ карата 

_______________________________________________________________________ 

Банктын аталышы 

Өлчөө бирдиги: миң сом 

 

Банктын аталышы 

 

Жоюунун башталышына карата 

Жоюучуга берилген учурга карата 

Отчеттук датасына карата 

Жоюу башталгандан кийин төгулдү 

Жоюучу берилгенденкийин төгулдү 

Кардарлардын саны 

Негизги карыздын суммасы 

Кардарлардын саны 

Негизги карыздын суммасы 

Кардарлардын саны 

Негизги карыздын суммасы 

Кардарлардын саны 

Негизги карыздын суммасы 

Кардарлардын саны 

Негизги карыздын суммасы 

Жыйынтыгы 

Анын ичинде. 

Жыйынтыгы 

Анын ичинде. 

Жыйынтыгы 

Анын ичинде. 

Жыйынтыгы 

Анын ичинде. 

Жыйынтыгы 

Анын ичинде. 

Сом менен 

Башка валютада (курс боюнча) 

Сом менен 

Башка валютада (курс боюнча) 

Сом менен 

Башка валютада (курс боюнча) 

Сом менен 

Башка валютада (курс боюнча) 

Сом менен 

В Башка валютада (курс боюнча) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-банк 

Депозиттердин жыйынтыгы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- Юридикалык жактардын депозиттери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алардын ичинен байлаштуу жактардын (аффилирленген жактардын) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- Жеке жактардын депозиттери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алардын ичинен байлаштуу жактардын (аффилирленген жактардын) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банк... 

Депозиттердин жыйынтыгы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- Юридикалык жактардын депозиттери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алардын ичинен байлаштуу жактардын (аффилирленген жактардын) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- Жеке жактардын депозиттери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алардын ичинен байлаштуу жактардын (аффилирленген жактардын) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгы 

Жалпы депозиттер: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Депозиттердин жыйынтыгы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Анын ичинде: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- Юридикалык жактардын депозиттери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алардын ичинен байлаштуу жактардын (аффилирленген жактардын) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жоюучу  

Аты жөнү. колтамгасы 

М.О. 

 

Банктарды жоюу жөнүндө жобосуна карата 

4-тиркеме 

 

 

Суммалар боюнча бөлүнгөн депозиттер тууралуу отчет  

20_- жылдын___________ карата 

_______________________________________________________________________ 

Банктын аталышы  

 

(мин.сом) 

Талап боюнча төлөнүүчү эсептер 

 

Улуттук валютасында 

Чет өлкө валютасында 

5000 сомго чейин 

5001- 

10000 сомго чейин 

10001-15000 сомго чейин 

15001-20000 сомго чейин 

20001- 

100000 сомго чейин 

100001-200000 сомго чейин 

200001 сомдон жогору 

Жыйынтыгы 

5000 сомго чейин 

5001- 

10000 сомго чейин 

10001-15000 сомго чейин 

15001-20000 сомго чейин 

20001- 

100000 сомго чейин 

100001-200000 сомго чейин 

200001 сомдон жогору 

Жыйынтыгы 

Башкы кызматтын 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жеке жактардын депозиттери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эсептердин саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Юридикалык жактардын депозиттери, эсептешүү эсептери кошкондо 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эсептердин саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Филиалдардын бардыгы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жеке жактардын депозиттери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эсептердин саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Юридикалык жактардын депозиттери, эсептешүү эсептери кошкондо 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эсептердин саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мөөнөттүү депозиттер 

 

 

Улуттук валютасында 

 

Чет өлкө валютасында 

 

5000 сомго чейин 

5001- 

10000 сомго чейин 

10001-15000 сомго чейин 

15001-20000 сомго чейин 

20001- 

100000 сомго чейин 

100001 сомдон жогору 

 

Жыйынтыгы 

5000 сомго чейин 

5001- 

10000 сомго чейин 

10001-15000 сомго чейин 

15001-20000 сомго чейин 

20001- 

100000 сомго чейин 

100001 сомдон жогору 

 

Жыйынтыгы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкы кызматтын 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жеке жактардын депозиттери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эсептердин саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Юридикалык жактардын депозиттери, эсептешүү эсептери кошкондо 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эсептердин саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Филиалдардын бардыгы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жеке жактардын депозиттери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эсептердин саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Юридикалык жактардын депозиттери, эсептешүү эсептери кошкондо 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эсептердин саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жоюучу  

Аты жөнү. колтамгасы 

М.О. 

 

Банктарды жоюу жөнүндө жобосуна карата 

5-тиркеме 

 

 

 

Кредиттик портфели тууралуу отчет 

 

20_- жылдын___________ карата 

_______________________________________________________________________ 

Банктын аталышы 

 

Өлчөө бирдиги: 

 

№  

Карыз алуучулардын аталышы 

Кредит берилген датасы 

Кредит төлөнгөн датасы 

Кредиттин суммасы 

% чен 

Күрөө камсыздоо (аталышы) 

Банк менен байланышуу 

Отчеттук датасына төлөндү  

Карыздын калдыгы 

Кредитти классификациялоо 

Күтүлүүчү төлөмдөр 

Пролонгациялоо / эскертүү 

Негизги суммасы 

Осн.сумма 

категориясы 

РППУ-нун суммасы 

Сумма 

дата 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

 

 

 

Жоюучу  

Аты жөнү. колтамгасы 

 

Башкы бухгалтер ____________ _____________ 

Аты жөнү. колтамгасы  

 

М.О. 

 

 

 

 

 

Банктарды жоюу жөнүндө жобосуна карата 

6-тиркеме 

 

 

Түрүндөгү салымдар жана каржы катышуу тууралуу отчет 

 

20_- жылдын___________ карата 

_______________________________________________________________________ 

Банктын аталышы 

 

Өлчөө бирдиги: 

 

№  

Карыз алуучулардын аталышы 

Кредит берилген датасы 

Кредит төлөнгөн датасы 

Кредиттин суммасы 

% чен 

Күрөө камсыздоо (аталышы) 

Банк менен байланышуу 

Отчеттук датасына төлөндү  

Карыздын калдыгы 

Кредитти классификациялоо 

Күтүлүүчү төлөмдөр 

Пролонгациялоо / эскертүү 

Негизги суммасы 

Осн.сумма 

категориясы 

РППУ-нун суммасы 

Сумма 

дата 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

 

 

 

 

 

Жоюучу  

Аты жөнү. колтамгасы 

 

Башкы бухгалтер ____________ _____________ 

Аты жөнү. колтамгасы  

 

М.О. 

 

Банктарды жоюу жөнүндө жобосуна карата 

7-тиркеме 

 

Негизги каражаттар тууралуу отчет 

 

20_- жылдын___________ карата 

_______________________________________________________________________ 

Банктын аталышы 

 

Өлчөө бирдиги:______________ 

 

№  

Негизги каражаттын аталышы 

Баланскан алган датасы 

Баштапкы наркы 

Отчеттук датасына карата баланстык наркы 

Рынок боюнча баа берүүдөн кийин наркы 

Сатуунун күтүлүүчү 

датасы 

Сатуудан күтүлүүчү суммасы 

категориясы 

Негизги каражаттын абалы 

Эскертүү 

Баа берилген суммасы 

Баа берилген датасы 

10 

11 

 

 

 

 

 

Жоюучу  

Аты жөнү. колтамгасы 

 

Башкы бухгалтер ____________ _____________ 

Аты жөнү. колтамгасы  

 

М.О. 

 

Банктарды жоюу жөнүндө жобосуна карата 

8-тиркеме 

 

Мүлктүк капиталдын өзгөрүүлөрү тууралуу отчет. 

20_- жылдын___________ карата 

_______________________________________________________________________ 

Банктын аталышы 

 

Өлчөө бирдиги:______________ 

 

Аталышы 

Отчеттук мезгил 

Жоюулуу процессинин башталышынан кийин 

Бир мезгилдин башталышына карата капиталы 

 

Активди кайра баалоо (пайдалар /чыгымдар)  

 

Минус: Активдерди сатуу өткөрүүдөн пайдалар /чыгымдар 

 

Аныкталган милдеттенмелер 

 

Административдик чыгашалар 

 

Жоюучунун акысы 

 

Чет өлкө валютасы менен операциялардан чыгым тартуулар (пайда) 

 

Жана башка чыгымдар (пайда) 

 

Бардыгы болуп: бир мезгил ичинде азаюу (көбөйү

 

Бир мезгилдин акырына 

 

Активдерди сатып өткөрүү жөнүндө отчет 

Аталышы (1) 

Баланстык наркы (2) 

Сатып өткөрүү дөн келип түшүүлөр (3) 

Активдерди сатып өткөрүүдөн пайда (чыгым) (2)-(3) 

Негизги каражаттар 

 

 

 

Кредиттер 

 

 

 

Баалуу металлдар 

 

 

 

Материалдык эмес активдерин 

 

 

 

Башка активдер 

 

 

 

Бардыгы болуп: активдер 

 

 

 

 

Жоюучу  

Аты жөнү. колтамгасы 

Башкы бухгалтер ____________ _____________ 

Аты жөнү. колтамгасы  

М.О. 

Банктарды жоюу жөнүндө жобосуна карата 

9-тиркеме  

Жеке маалыматтарды жана иш кызыкчылыктар боюнча маалымат 

Аты жөнү (толугу менен):_________________________________________________________ 

Туулган күнү:____________________ 

Туулган жери:___________________ 

Паспорт №_______________ Берилген датасы__________________ 

Жакартуу мөөнөтү:_____________________ 

Берген орган______________________ 

Дареги (жашаган жери):___________________ 

Катталган жери:_____________________________________ 

Үй номери:__________________________________ 

Иш номери:____________________________________ 

 

1-таблицасы. Жакын туугандар (жубайлары, ата-энеси, жубайынын ата-энеси, балдары, эркек менен кыз бир туугандары, чоң ата, чоң эне, таята, таяне) 

 

№ 

ФИО  

Степень родства 

Туулган күнү  

Иш жери  

Кызматы 

Кайсы мезгилден бери кызматты ээлейт 

Жашаган жери  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-таблицасы. Башка байланыштуу жактар тууралуу  

№ 

Байланыштуу жактын аты жөнү  

Иш жери  

Кызматы  

Байланыштуу дэңгээли 

 

 

 

 

 

1-таблицасы. Жоюучунун, жакын туугандардын жана башка байланыштуу жактардын иш кызыкчылыктары жөнүндө маалымат 

№ 

Аты жөнү 

Юридикалык жактардын аталышы  

Ээ болгон үлүшү 

Юридикалык жакка карта мамилеси 

 

 

 

 

 

 

Мен бардык маалыматтар ишенимдүү экендигин ырастайт. Банктын карызгерлери, насыя берүүчүлөрү, кызмат адамдары жана акционерлери менен жеке жана ишкердик мамилелер жок экендигин далилдейм. Өзгөргөн учурда, маалыматтарды бергенге милдеттенем. 

_____________________(колтамгасы) 

_____________________(датасы)  

Долбоор 

Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын банк системасына болгон тутумдуулук маанилүүгүн аныктоо тууралуу жобо 

 

1 Глава. Жалпы жоболор 

1. Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын банк системасына болгон тутумдуулук маанилүүгүн аныктоо тууралуу жобо (мындан ары-Жобо) коммерциялык банктарды (мындан ары-банк) жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарды (мындан ары- БФКУ) адекваттуу банкттык көзөмөл жургүзүүгө, банк системасындагы өзгөртүүлөрдү алдын алууга, аманатчылардын жана насыя алуучулардын кызыкчылыгын коргоого, иштин мамилесин аныктоого быгыталган.  

2. Жобонун максатында колдонулган негизги терминдер: 

Системалуу/Системдик мааниге ээ банк - бул иштеп жаткан, банк жана төлөм системаларынын критерийлерине дал келген банк. Банк системасындагы маанилүү банктын кудуретсиздиги Кыргыз Республикасынын финансы системасына жана реалдуу экономикасына, башка банктарга жана төлөм системасына терс таасир тийгизип, аманттардын агып кетүүсүнө, банк системасынын алсыздануусуна же кризиске алып келүүсү жана макроэкономикалык шарттардын начарлашына алып келүү коркунучун туудурган банк.  

Системалуу/Системдик мааниге ээ БФКУ- бул иштеп жанкан жана микрокаржылоо секторунун системдик критерийлерине жооп берген БФКУ. Системдик мааниге ээ БФКУнун кудуретсиздиги микрокаржылоо секторуна терс таасирин тийгизип же кризиске алып келүү коркунучун, алардын кудуретсиздигинен же финансылык көрсөткүчтөрдүн төмөндөп кетишинен келип чыгат. 

Потенциалдуу ылайыктуу эмес натыйжа өз ичине банктын аманатчылар үчүн гана финансылык зыян келтиртпестен, банк системасына потенциалдуу кыйыр таасирин жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы системасына жана экономикасына зыян келиши мүмкүн.  

Системалуу тобокелдик - финансы кызматын көрсөтүү процессиндеги тобокелдик, банк системасына толугу менен же бир бөлүгүнө зыян келтирип  

 

ПКС пакеттик клирингтик система 

РМГСЭ- Реалдуу мезгилдеги гросс системасындагы эсеп-кысап 

 

3. Банктардын/БФКУ системалык барктуулуктун рейтинги бул кудуретсиздиктин/банктын банкроттугунун/БФКУнун потенциалдык жагдайсыз натыйжанын баалоолук сыпаттамасын ачууга болбойт. 

4. Тутумдук мааниге ээ болгон банктардын кудуретсиздиги төмөнкүдөй терс кесепеттери бар: 

1) Тутумдук мааниге ээ болгон банктардын көйгөйлөрү, мамлекеттеги бөлөк банк системасынын мүчөлөрүнө жана толук системанын баарына терс таасирин көрсөтүшү мүмкүн, анткени алар тутумдук мааниге ээ болгон банктар менен байланышы бар (тутумдук мааниге ээ болгон банктардын төлөм системасы жана башка кызматташуу аркылуу). 

2) Тутумдук мааниге ээ болгон банктын кудуретсиздиги эл-журттун ата-мекендик банк системасынын ишеничине доо кетирип, депозит акча каражаттарынын агып чыгуусун алып келиши, натыйжада банктык кризиске да учурашы мүмкүн. 

3) Тутумдук мааниге ээ болгон банктын кудуретсиздиги, банк системасынын кризисине алсыздыгы менен айкалышып же бүтүндөй банк системасы, тез учурда насыялардын өлчөмүнүн кыскарышы токтотуп коюу/кыскартуу жана бөлөк финансылык кызматтардын улуттук экономикабызга терс таасирин алып келет. 

4) Макроэкономикалык шарттардын алсыздыгы, өз учурунда финансылык систамынын стабилдүүлүгүнө терс таасирин көрсөтүшү мүмкүн. 

5. Тутумдук мааниге ээ болгон банк/БФКУ Кыргыз Республикасынын финансылык системасына жана бүтүндөй экономикага таасирин тийгизиши эсеп натыйжасы менен аныкталат. 

6. Тутумдук мааниге ээ болгон банктардын/БФКУнун кудуретсиздиги улуттук экономикага ар бир банктын/БФКУнун спецификасын өз алдынча эске алуу менен бааланат жана төмөнкүдөй чөнөлчөмдөр менен: 

1) өлчөм 

2) Кыргыз Республикасынын финансы системасынын катышуучулардын өз ара байланышуусу менен 

3) Өз ара алмашымдуулуктун деӊгээли менен 

7. Банктарды/БФКУну классификациялоодо көрсөткүчтөрдүн сапаты жана саны жөнүндө маалыматтар төмөнкү саналган критерийлерден тышкары кошумча кабыл алынышы мүмкүн. 

8. Тутумдук мааниге ээ болгон банктарды/БФКУну аныктоо үч категорияда классификацияланат: 

1) Системалык-маанилүү Банктын/БФКУнун кудуретсиздигинин натыйжасы олуттуу болушу. 

2) Маанилүү - Банктын/БФКУнун кудуретсиздигинин натыйжасы ченеми менен. 

3) Чектелүү маанилүү - Банктын/БФКУнун кудуретсиздигинин натыйжасы чектелген. 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы Тутумдук мааниге ээ болгон банктарды сапатынын жана санынын көрсөткүчтөрүнүн негизинде шайкештикти аныктайт. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тутумдук мааниге ээ болгон банктарды/БФКУну жыл сайын, ошондой эле банк системасында/конкреттүү банктын ишмердүүлүгүндө/БФКУда өзгөрүү болгондо баалайт. 

Тутумдук мааниге ээ болгон банктардын/БФКУнун тизмеси расмий жарыяланбайт. 

 

2 Глава. Банктардын тутумдук критерийи. 

10. Банктардын тутумдук критерийин сандуу көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат, ошондой эле коммерциялык банктардын сапаттуу маалыматтары кошумча сандуу маалыматтарды жана тагыраак системалык банктардын тутумдуулугун аныктайт. 

Банктардын системалык барктуулугунун баалоосун жыл сайын өткөрүлүшү зарыл. Банк системасындагы банктардын системалык барктуулугунун баалоосу, акыркы баалоодон кийин алардын негизги баасынын эсебин чыгарууда сандуу көрсөткүчтөр кийин, төмөнкү үч категорияга топтолот (тийишелүү маани берүү менен): 

1) Банктын өлчөмү (маани берүүнүн бөлүгү 50% түзөт) 

а) Активдердин чоӊдугунун көлөмү. Банк системасындагы активдердин өлчөмү банктын активинин көлөмүнүн салмагына салыштырылат. Бул критерийди республикабыздын экономикасына таасирин тийгизүү жагынан каралышы зарыл. Салмагы 10% (П1). 

б) Жеке жактардын аманаттарынын көлөмүнүн чоӊдугу. Банктагы жеке жактардын депозиттеринин бөлүгү, бүткүл банк системасындагы жеке адамдардын депозиттеринин салмагына салыштырылат. Бул критерийди калктын банк системасынын ишеничин жарып бузуу боюнча сын көзү менен каралышы керек. Салмагы 10% (П2). 

в) Юридикалык жактардын депозиттеринин көлөмүнүн чоӊдугу (П3). Банктагы юридикалык жактардын депозиттеринин бөлүгү, бүткүл банк системасындагы юридикалык жактардын депозиттеринин салмагына салыштырылат. Бул критерийди керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгынын финансылык кызматтарын сактоо жагынан каралышы керек. Салмагы 10%. 

г) Банк системасындагы жеке жана юрдикалык жактардын салыштырма салмагы банктагы жеке жана юридикалык жактардын жалпы аманатчылары аманатчылардын көлөмүнүн көрсөткүчү. Салмагы 10% (П4). 

д) Насыя портфелинин көлөмүнүн көрсөткүчү (П5). Банк системасынын жалпы насыя портфелинин өлчөмү насыя портфелинин бөлүгүнөн (брутто мааниси). Салмагы 10%. 

2) Кыргыз Республикасынын финансы системасынын катышуучуларынын өз ара байланышы (маани берүүнүн бөлүгү 14% түзөт). 

а) Банктарда жайгаштырылган активдердин көрсөткүчү. Банк систасындагы банктарда жайгаштырылган активдер (насыя, аманат жана бөлөк активдер), Кыргыз Республикасынын бөлөк банктарда жайгаштырылган активдердин өлчөмү салыштырма салмак менен. Бул критерий банктын төлөмгө кудуретсиздигинин тобокелдигин бөлөк банктарга таратылышынын мүмкүнчүлүгүн мүнөздөйт, б.а. «домино эффектинин» башталышынын мүмкүндүгү. Салмагы 7%(П6). 

б) Банктан тартылган милдеттенменин көрсөткүчү. Банктын карызынын (насыя, аманат жана бөлөк милдеттенмелер) жыйынды көлөмү Кыргыз Республикасынын бөлөк банктарынын алдында банк системасындагы бөлөк банктардан тартылган милдеттенменинин салыштырма салмагы. Салмагы 7% (П7). 

3) Ээлөө деӊгээли (маани берүүнүн бөлүгү 36% түзөт). 

а) Кредиттердин экономиканын тармактарындагы концентрациясынын көрсөткүчү банктын кредиттеринин экономиканын тармактарындагы көлөмүн, банк системасынын жалпы көрсөтөткүчүнүн экономиканын тармактарынын чегинен көбүрөөк. Салмагы - 5% (П8).  

б) Территориялык тармактын көрсөткүчү. Банк системасындагы филиалдардын саны банктын филиалдарынын санына. Салмагы 5% (П9). 

в) Кыргыз Республикасынын борбордук казыначынын Агент көрсөткүчү. Салмагы 2% (П10). 

г) Банктын ПКСдагы кирүү жана чыгуу төлөмдөрүнүн, банк системасындагы ПКСдагы кирүү жана чыгуу төлөмдөрүндөгү бөлүгү. Салмагы 8% (П11). 

д) Банктын РМГСЭдагы кирүү жана чыгуу төлөмдөрүнүн, банк системасындагы РМГСЭдагы кирүү жана чыгуу төлөмдөрүндөгү бөлүгү. Салмагы 8% (П12). 

е) Чекаралар аралык которуулар (кирүү жана чыгуу) банк системасындагы чекаралар аралык котруулардын көлөмүнөн алынган корсөткүч. Салмагы_ 8% (П13).  

11. Банктын критерийлер боюнча балоосу бардык критерийлер боюнча жана төмөнкү факторлор боюнча аныкталат: 

- азыркы мезгилдеги банкттын абалы; 

- экономиканын өнүгүшүнүн максаты жана башка банктардын ошол эле критерий боюнча маанилүүлугү жана тутумдуулугу; 

- тутумдук тобокелдиктерди төмөндөтүүгө же/жана бөлүштүрүүгө багытталган чектерди аныктоо жана инструментердин колдонуу; 

- ошол учурда банкты финансыже/жана банк системасынан чыгып калуу коркунучунун натыйжасы; 

- кыска мөнөттүн ичинде чыгып калган банкты башка банк менен алмаштыруу мүмкунчүлүгу; 

- жана башка факторлор. 

12. Банктын маанилүүлугү ушул Жобонун 10 пунктунда көрсөтүлгөн критерийлер боюнча аныкталат. Критерийлерди аныктап, андан кийин алардын суммалап, алардын жыйынтыкталган натыйжасын (ортачо алынган) балоо керек. 

Жалпылоочу көрсөткүч (ЖК) төмөнкү формула менен аныкталат: 

анын ичинде: 

ЖК- Жалпылоочу көрсөткүч; 

Пij пайыз түрүндогү j көрсөткүчүнүн (П1-П13) мааниси;  

Впj пайыз түрүндөгү j көрсөткүчүнүн (П1-П13) салмагы. 

 

- эгерде ЖК 10%ды же андан көптү түзсө, банк тутумга маанилүү деп эсептелинет; 

- эгерде ЖК 3%дан 10%га чейин болсо, маанилүү (орточо банк) деп эсептелинет; 

- эгерде ЖК 0%дан 3%га чейин болсо, чектелүү маанилүү (майда банк) деп эсептелинет. 

13. Банктын сандык көрсөткүчтөрү жана жалпы жалпылоочу көрсөткүч ар бир отчеттук мезгилге өз алдынча эсептелиниши керек.  

Банкты сандык көрсөткүчтөр боюнча тутумдук мааниси бар катары аныктоого анын жалпы жалпылоочу көрсөткучү 10%дан кем эмес көрсөткүчтү үч ай аралыгында өзгөрүүсүз болушу керек. Көрсөткүчтөрдун өзгөрүүсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тутумга маанилүү банктарды аныктоого багытталган жыйынтыктарга таасирин тийгизиши мумкун.  

 

3 Глава. БФКУнун тутумдук критерийи. 

 

14. БФКулардын тутумга мааниси бар экендигин аныктоого төмөнкү критерийлер колдонулат: 

1) БФКУнун өлчөмү

а) Активдердин чоӊдугунун көлөмү. БФКУ системасындагы активдердин өлчөмү БФКУнун активинин көлөмүнүн салмагына салыштырылат. Бул критерийди республикабыздын экономикасына таасирин тийгизүү жагынан каралышы зарыл. Салмагы 10%. 

б) Жеке жактардын аманаттарынын көлөмүнүн чоӊдугу же БФКУнун аманатчыларынын жалпы саны. БФКУлардын жеке жактардын аманатчыларынын бөлүгү, бүткүл БФКУ системасындагы жеке адамдардын аманаттарынын салмагына салыштырылат. Бул критерийди калктын БФКУсистемасынын ишеничин жарып бузуу боюнча сын менен каралышы керек. Салмагы 30%. 

в) БФКУнун насыя портфелинин суммасынын көлөмүнүн көрсөткүчү, БФКУлардын жалпы насыя портфелинин өлчөмүнөн, БФКУну баалагандан тартып эки айды аралындагы отчеттордун негизинде бөлүгүнөн. Бул критерийди активдердин жайгаштыруунун жана керектөөчулөрдун укуктарын коргоо таасир этүүсү менен караштыруу керек. Салмагы 10%. 

2) Кыргыз Республикасынын финансы же /жана банк системасынын катышуучуларынын өз ара байланышы. 

а) Банктарда жана башка БФКУларда жайгаштырылган активдердин көрсөткүчү. Банк систасындагы банктарда же/жана БФКУларда жайгаштырылган активдер (насыя, аманат жана бөлөк активдер), Кыргыз Республикасынын бөлөк банктардаж же/жана БФКУларда жайгаштырылган активдердин өлчөмү салыштырма салмак менен. Бул критерий БФКУнун төлөмгө кудуретсиздигинин тобокелдигин бөлөк БФКУларга таратылышынын мүмкүнчүлүгүн мүнөздөйт, б.а. «домино эффектинин» башталышынын мүмкүндүгү. Салмагы 20%. 

б) Юридикалык жактардан жана башка финасы-кредиттик мекемелерден тартылган милдеттенменин көрсөткүчү . БФКУнун карызынын (насыя, аманат жана бөлөк милдеттенмелер) жыйынды көлөмү БФКУнун бөлөк банктардын жана БФКУлардын алдында тартылган милдеттенменинин салыштырма салмагы. Салмагы 30%. 

15. БФКУнун критерийлер боюнча балоосу бардык критерийлер боюнча жана төмөнкү факторлор боюнча аныкталат: 

- азыркы мезгилдеги БФКУнун абалы; 

- экономиканын өнүгүшүнүн максаты жана БФКунун ошол эле критерий боюнча маанилүүлугү жана тутумдуулугу; 

- тутумдук тобокелдиктерди төмөндөтүүгө же/жана бөлүштүрүүгө багытталган чектерди аныктоо жана инструментердин колдонуу; 

- жана башка факторлор. 

 

 

4 Глава. Тутумдук маанилүү банктарга/БФКУларга карата талаптар. 

 

16. Улуттук банк тутумдук манниге ээ банктарга жана БФКУларга карата төмөнкүлөрдү орнотот: 

1) экономикалык банка нормативдерди, талаптарды жана чектерди; 

2) жылдык отчеттун,чейректик отчеттун алкагында коопсуздук нормативдерин банк жана БФКУлар тарабынан аткаруу максатында өтө жогорку талаптарды, анын ичинде төмөнкү кошумча маалымат берүүнүү талап кылат: 

- банк жана БФКУ тобокелдиктерди кабыл алуу тобокелдиктерди башкаруу системасы тууралуу; 

-өткөрүлгөн стресс-тестирдин жыйынтыктары тууралуу; 

- Банктын/БФКунун активтеринин сапаты тууралуу.  

 

 

“Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө” нускоо 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул нускоо, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар  

жана банк иши жөнүндө” мыйзамына ылайык, банктардын, анын ичинде ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган жана ислам терезесине ээ банктардын, адистештирилген финансы-кредит мекеме "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банк) аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүү ишине карата талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. 

2. Банк байланыштуу жактардын реестрин жүргүзүүгө жана Кыргыз  

Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) кызматкерлери үчүн андан тоскоолдуксуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш. Банк менен байланыштуу жактардын реестринде кеминде төмөнкү маалыматтар камтылуусу зарыл: банктын кызмат адамынын аты-жөнү, ээлеген кызматы, жакын тууганы болуп саналган, ал менен байланыштуу адамдын аты-жөнү, тууганчылык даражасы (ата-энеси, аялы, күйөөсү ж.б).  

3. Компания, эгерде ага контролдук банктын буга чейин келип  

чыккан карыздардан чыгымдарга жол бербөө укуктарын ишке ашыруунун натыйжасында келип чыкса аффилирленген жак болуп эсептелбейт, бирок банк мындай шартта банк компанияга юридикалык жактан ээлик кыла баштаган учурдан тартып эки жыл аралыгында сатууга тийиш.  

4. Башкы компаниялардан, банктык топтун катышуучусунан же башка чет өлкөлүк компаниядан/банктын топтун катышуучусунан финансылык каражаттарды (депозиттерди/насыяларды ж.б.) тартуу боюнча келишимдерде Улуттук банкка келишимдердин күчүн жок кылуу тууралу билдирме анын жок кылуусуна 30 иш күнгө чейин билдирүү тууралу шарт болушу милдеттүү.  

 

2. Операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөргө келишүү тартиби 

 

5. Банк төмөндө келтирилген шарттардын бири орун алган учурда  

банктын аффилирленген же байланыштуу жактарын насыялоого (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоолорду сунуштоого) укуктуу эмес: 

1) акыркы отчеттук күнгө карата күндөлүк чыгымдар орун алса; 

2) банк менен байланыштуу бир карыз алуучуга туура келген тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (ченем К1.2) банктын таза суммардык капиталынан 15% ашса; 

3) банк менен байланыштуу башка банкка банктар аралык жайгаштыруулардын максималдуу өлчөмү (К1.4 ченеми) ТСКнын 15% ашса. 

4) банктын бардык аффилирленген жана байланыштуу жактарына сунушталган насыялардын жана алардын ордун алмаштыруучулардын жалпы суммасы ТСКнын 60% артса; 

5) банк Улуттук банк тарабынан белгиленген капиталдын жана өздүк (регулятивдик) капиталдын жеткиликтүүлүгү боюнча талаптарга жооп бербесе;  

6. Банкка аффилирленген жана байланыштуу жактарды 

насыялоого ички чектөөлөрдү белгилөө сунушталат, алар Улуттук банк тарабынан белгиленгендерден төмөн болууга тийиш. 

7. Ар бир банктык эмес уюмга кайсы болбосун инвестициялардын,  

анын ичинде финансылык салымдардын жана насыялардын максималдуу өлчөмү, банктын өздүк капиталынын 15% азыраакты түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 60% ашпоосу зарыл. 

8. Таза суммардык капиталынан 1%дан ашкан суммада банк менен банкка байланыштуу жактардын ортосундагы бүтүмдөр кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр болуп саналат. Таза суммардык капиталынан 1%дан 10%га чейинки өлчөмдөгү кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат.  

9. Бир эсептик көрсөткүчтөн таза суммардык капиталынан 10%ына чейинки өлчөмдөгү аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен насыялык тобокелдикти камтыган активдер боюнча чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат.  

10. Таза суммардык капиталынан 10%дан ашкан өлчөмдөгү кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр жана башка банктык операциялар, анын ичинде насыялык тобокелдикти камтыган активди сунуштоо, жөнүндө чечим банктын акционерлеринин жалпы жыйыны тарабынан кабыл алынат. 

11. Ачык түзүлүүчү келишимдерден тышкары, таза суммардык капиталынан 10%дан ашкан чегинде банктын банк менен байланыштуу жактар менен бүтүмдөрү жана операциялары банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

12. Эгерде операциялар же бүтүм боюнча жарым жартылай 

болсо да кирешелер банктын аффилирленген же байланыштуу жагынын пайдасында колдонулса же алардын тескөөсүнө өткөрүлүп берилсе, банктын кайсыл болбосун жак менен түзүлгөн кандай болбосун операциясы же бүтүмү аффилирленген же байланыштуу жак менен келишилген бүтүм катары эсептелүүгө тийиш.  

13. Банк төмөнкү шарттардын бардыгы аткарылган учурда гана аффилирленген же байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүүгө же бүтүмдөргө келишүүгө укуктуу. 

1) Ушул Нускоонун 14-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка операциялар жана бүтүмдөр аталган банк жана башка жактар аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарларынын жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактардын ортосунда ошол эле мезгил аралыгында, ушул сыяктуу операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулуучу шарттарга жана талаптарга караганда кыйла жеңил болуп саналбаган шарттар менен талаптар болгон учурда гана ишке ашырылат. Мындай шарттардан жана талаптардан улам төмөнкүлөргө жол берилбейт: 

- ошол банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактардан - банк кардарларынан кармалып калгандарга салыштырганда кыйла төмөнкү пайыздарды (анын ичинде банк менен кардар -өнөктөш ортосунда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык макулдашылган үстөк акылар жана/же башка төлөмдөр) же жыйымдарды кармап калууга; 

- ошол банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен  

байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактарга - банк кардарларына салыштырганда депозиттер боюнча кыйла жогорку пайыздарды (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каражаттарды тартуу) төлөөгө

- ошол банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен  

байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактардан - банк кардарларынан талап кылынганга караганда кыйла төмөн наркка ээ күрөөнү кабыл алууга. Күрөөнү кабыл алууда аны башка ушу сыяктуу күрөөдөн жогору баалоого жол берген ыкма колдонулбоого тийиш; 

- аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен  

байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактарга - банк кардарларына бул операциянын тобокелдик деңгээлинен же карыз алуучунун насыя төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгүнөн улам берилбей турган насыяларды жана насыянаны алмаштыруучуларды берүүгө

- аффилирленген же банк менен байланышкан жактан Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө талаптарга карата классификацияланган активди жана кардардын/берүүчүнүн финансылык абалынын начарлашына байланыштуу активдин шарттары кайра тариздетилген активди сатып алуу же аффилирленген же банк менен байланышкан жактан активди күрөө катары кабыл алуу;  

- аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен  

байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына төлөнүп бериле турган баага караганда кыйла жогорку баада активдерди сатып алууга;  

- аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен  

байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактан - банк кардарынан кабыл алына турган баага караганда кыйла төмөн баада активдерди сатууга;  

- банк, башка учурда баалуу кагаздардын тобокелдик деңгээлинен же болбосо инвестор же каралып жаткан банктын аффилирленген же байланыштуу жагы алектенген иштин түрүнөн улам, инвестициялабай турган баалуу кагаздарга инвестициялоого; 

- товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө же мүлктүн ижарасы үчүн аталган  

банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына төлөнө турган бааларга караганда кыйла жогору баада, же аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына төлөнбөй турган шартта төлөөгө

- банктын аффилирленген же байланыштуу жактарынын насыяларын кайра түзүмдөштүрүүгө, мында ошол банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жак - банк кардары үчүн кайра түзүмдөштүрүүгө жол берилбейт.  

2) Насыя берилген мезгилде, Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган учурга карата анын тобокелдиги Активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого ылайык, канааттандырарлык деп таанылган тиешелүү насыяларда түптөлгөн тобокелдиктен ашпоого тийиш. 

3) Операцияларды же бүтүмдөрдү таза суммардык капиталдын 10% ашпаган өлчөмдө жүргүзүү жөнүндө чечим ар биринин добуш берүүсү аркылуу, көпчүлүк добуш менен (банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын 2/3 бөлүгүнөн көп) банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар эмес мүчөсү тарабынан гана, банктын тобокелдик-менеджеринин операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүүдө кызыкдар жактын тике же кыйыр таасиринин жоктугу шартында, банктын аффилирленген же байланыштуу жагы менен операцияларды же бүтүмдөрдү ишке ашырууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдик тууралуу корутундусун эске алуу менен кабыл алынат. Болжолдонуп жаткан операцияга тике же кыйыр кызыкчылыгы бар Директорлор кеңешинин төрагасы же кайсыл болбосун мүчөсү, маселени талкуу учурунда Директорлор кеңешинин отурумунан чыгып турууга тийиш жана ал аталган маселе боюнча добуш берүү укугуна ээ эмес. 

4) Банк мындай операциянын же бүтүмдүн жактырылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө протокол түзүүгө тийиш, анда операция же бүтүм банкка зыян алып келбестен, анын таламында жүзөгө ашырылып жаткандыгына негиздемени кошо алганда, алардын бардык артыкчылыктарына жазуу жүзүндөгү талдап-иликтөөлөр чагылдырылышы зарыл. Талдап-иликтөө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

насыялык операциялар үчүн насыянын суммасын, насыянын мөөнөтүн, пайыздык ченди, келишимге ылайык карыз алуучунун насыя төлөө жөндөмдүүлүгүн далилдеген, карыз алуучу жөнүндө финансылык маалыматты жана насыя боюнча күрөөнүн наркын тастыктаган маалыматты; 

активдерди сатып алуу жана сатуу менен байланышкан операциялар жана бүтүмдөр үчүн сатып алуулар баасын жана активдин наркын тастыктаган маалыматты; 

инвестициялар үчүн мындай инвестициялардын тобокелдигине баа берүүнү жана банк менен каралып жаткан жак үчүн потенциалдуу пайданы; 

аталган операцияны жүргүзүү же бүтүмгө келишүүнүн зарыл себептерин толук түшүндүрүүнү

активдерди же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну/сатып алууну камтыган операциялар же бүтүмдөр үчүн, Директорлор кеңеши, активдерди сатуу/сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө кеминде үч сунушту карап чыгууга тийиш. Бул сунуштар банк менен байланышы жок же жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон адамдар тарабынан сунушталууга жана рыноктук орточо баага туура келүүгө тийиш.  

5) Банк менен болжолдонуп жаткан операцияда же бүтүмдө тарап болуп эсептелген же ушул тарап менен жалпы кызыкчылыктарда байланыштуу болгон банк менен байланышкан жактар, операцияда же бүтүмдө өз кызыкчылыгынын даражасы жана операциянын же бүтүмдүн башка тарабы менен өзара мамиленин даражасы жөнүндө маалыматты жазуу формасында ачып берүүгө тийиш. Мындай жазуу жүзүндөгү ачып берүү болжолдонуучу операция же бүтүм боюнча добуш берүүгө чейин банктын Директорлор кеңешине берилүүгө жана банктын Директорлор кеңешинин операция же бүтүм боюнча чечим кабыл алуу протоколунун бир бөлүгү болууга тийиш. 

 

14. Банк, Директорлор кеңешинин Төрагасын жана анын мүчөлөрүн, Шариат кеңешинин Төрагасын жана анын мүчөлөрүн, ошондой эле банк кызматкерлеринен болуп саналышпаган кызмат адамдарын (мындан ары кызмат адамдары - банк кызматкерлери) кошпогондо, кызмат адамдарына социалдык колдоо программасына ылайык насыя берүүгө укуктуу. Программада банк кызматкерлерин кызмат адамдарды - банк кызматкерлерин бирдей шартта социалдык колдоо каралууга тийиш. Мында, буларды насыялоо шарттары кеминде төмөнкү талаптага жооп берүүсү зарыл: 

1) насыялар банктын кызмат адамдарына - кызматкерлерине турак жайды сатып алууга же курууга гана берилет; 

2) сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай насыя берилген кызмат адамына банк кызматкерине менчик укугунда таандык болууга тийиш; 

3) сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайда насыя берилген кызмат адам - банк кызматкери жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү (болгон болсо) жашоосу зарыл; 

4) насыянын максималдуу өлчөмү он миллион сомдон ашпоого тийиш;  

5) насыянын максималдуу өлчөмү сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын сексен пайызынан ашпоого тийиш. Насыя сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын кырк пайызынан кем эмес өлчөмдөгү байланыштуу депозит түрүндө кошумча күрөө сунушталган учурда, сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын жүз пайыз өлчөмүндөгү насыя берилиши мүмкүн; 

6) турак жайдын адилет наркын аныктоо үчүн көз карандысыз баа берүүчүнүн кызматы пайдаланылат; 

7) биринчи күрөө катары сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай гана кабыл алынат; 

8) кызмат адамы - банк кызматкеринин анын жакын туугандары болуп саналышкан адамдардан турак жай сатып алуу үчүн насыя берүүгө тыюу салынат.  

Банк жана кызмат адамы-банк кызматкеринин ортосунда түзүлгөн насыялык келишимде, кызмат адамы -банк кызматкери ушул пункттун 1-8-пунктчаларында каралган насыялоо шарттарын бузган учурда, насыялык келишим ушул Нускоонун 18- пунктунда каралган шарттарда өзгөртүлүүгө тийиш.  

15. 13-пункттун 3, 4 жана 5 пунктчаларынын жоболору ушул Нускоонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары-банк кызматкерлери менен ишке ашырылган операцияларга таркатылат.  

16. Банктын кызматкерлерди насыялоо тартибин жөнгө салган ички документтери өзүндө кызмат адамдарды-банк кызматкерлерин насыялоо жөнүндө жобону камтууга, “Кыргыз Республикасынынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө жана кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

ушул Нускоонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарына-банк кызматкерлерине берилген насыялардын банктын насыя портфелинин жалпы көлөмүнө жана таза суммардык капиталына карата үлүшүн; 

насыя түрлөрүн; 

насыя валютасын; 

насыянын максималдуу өлчөмүн; 

насыялоо мөөнөттөрүн; 

пайыздык чендерди (баа түзүү); 

күрөө наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерди. 

17. Банктын кызматкерлерди насыялоо тартибин жөнгө салган ички документтери Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ошондой эле Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө милдеттүү:  

банктын кызматкерлерди насыялоо тартибин жөнгө салган ички документин, анын актуалдуулугун жана банктын насыя саясатына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн жыл сайын карап чыгууга; 

банк Башкармасынын (же банктын ушундай эле башка аткаруу органынын) банктын кызматкерлерди насыялоо тартибин жөнгө салган ички документтеринин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ишин контролдоого. 

18. Кызмат адамдар-банк кызматкерлери ушул Нускоонун 14-пунктунда каралган насыялоо шарттарын бузууга жол берген учурда: 

- банк бузууларга жол берүү аныкталган күнү, аталган банк менен анын 

кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жак - банк кардары менен банк ортосунда ушул сыяктуу операциялар үчүн ошол эле мезгилде колдонулуучу шарттар менен талаптарга салыштырмалуу кыйла жеңилдетилген болуп саналбаган насыя берүүнүн мындай шарттарын жана талаптарын карап чыгуу менен насыялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш; 

кызмат адамы-банк кызматкери насыяны алган күндөн тартып анын шарттары өзгөргөн күнгө чейин түптөлгөн пайыздар боюнча айырманы банкка кайтарып берүүгө милдеттүү

пайыздар боюнча айырманы кайтарып берүү, насыянын шарттары өзгөргөн айдан кийинки айдан тартып насыянын жана ал боюнча пайыздардын ордун жабуу графигинде каралууга тийиш.  

19. Директорлор кеңешинин Төрагасы, ушул Нускоонун 13-пунктунда колдонулган бардык шарттар Кеңештин мүчөлөрү добуш бергенге чейин аткарылгандыгы тууралуу Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин кайсы болбосун мүчөсү тастыктоочу документтерди добуш бергенге чейин карап чыгууга укуктуу. Директорлор кеңешинин добуш берген ар бир мүчөсү операцияны жактыруу резолюциясына өз кол тамгасын коюусу зарыл. Резолюцияда Директорлор кеңешинин Төрагасы жана мүчөсү болжолдонгон операциянын же бүтүмдүн шарттарын карап чыккандыгын, аларды түшүнө тургандыгын жана ушул Нускоонун 13-пунктунун 4 пунктчасы боюнча талап кылынуучу талдап-иликтөөлөр менен таанышкандыгын ачык көрсөтүүгө тийиш. 

- 20. Нускоонун 13-пунктунун 3, 4 жана 5 пунктчаларынын жоболору  

банктын аффилирленген же байланыштуу жактарынан депозиттерди кабыл алуусуна, аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактар - банк кардарлары үчүн каралгандай шарттарда жана талаптарда банктын эсептешүү кассалык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана аффилирленген же байланыштуу жактарга насыялык карточкаларды чыгарууга Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген лимиттердин болушу шартында, банктын туунду банк/компаниялар жана байланыштуу жак болуп саналган банк менен спот-операцияларды жүргүзүүсүнө таркатылбайт.  

21. Насыялоону чектөөлөр жөнүндө нускоодо белгиленген учурларда банк менен байланыштуу жактарды насыялоодон алып салууга болот. 

22. Банктын аффилирленген же байланыштуу жагына берилүүчү ар бир насыя (кадимки корреспонденттик иштин жүрүшүндөгү банктар аралык насыялардан тышкары) күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны сатып өткөрүү наркы төмөнкүдөн кем болбоого тийиш:  

1) Эгерде насыя Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары же насыя берген банктын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо, насыя суммасынын 120 пайызынан. 

Байланыштуу депозит, төмөнкүдөй корреспонденттик эсеп болуп саналбаган, өзүнчө мөөнөттүү аманатты (депозитти) билдирет: 

- берилип жаткан насыяынын мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөттөгү,  

- күрөө катары тиешелүү негизде тариздетилген,  

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынган; 

- насыя боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардарга жеткиликсиз болуп саналган. 

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркына банк тарабынан ай сайын, ал эми чет өлкө валютасындагы аманат (депозит) түрү боюнча - жума сайын кайра баа берилүүгө тийиш. 

 

2) Күрөөнүн кайсы болбосун башка түрүндө насыянын суммасынын 140 пайызынан. 

23. Эгерде күрөөлүк камсыздоо наркы бара-бара ушул Нускоонун 22 пунктунда белгиленген өлчөмдөн төмөндөй баштаса, анда мындай камсыздоо күрөө жөнүндө жаңы келишимди түзүү же буга чейин түзүлгөн күрөө жөнүндө жаңы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу талап кылынган өлчөмгө чейин кошумча толукталышы зарыл жана кошумча күрөөлүк мүлк менен кепилдик берилүүгө же кайра баа берилген күндөн тартып 15 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү нарк менен күрөөнүн жаңы түрүнө алмаштырылууга тийиш.  

24. Банктын аффилирленген же байланыштуу жагына насыя берүү 

чечими кабыл алынып, насыя берилгенден кийин ал, ошол банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына берилген насыялар сыяктуу эле көзөмөлгө алынат жана баа берилет. Банктын аффилирленген жана байланыштуу жагына инвестициялар ошол банктын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - банк кардарына берилген башка инвестициялар сыяктуу, мезгил -мезгили менен көзөмөлгө алынууга жана ага баа берилүүгө тийиш.  

25. Банк, кайсы болбосун жакка төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында, аны менен бүтүм түзө албайт:  

1) банктын аффилирленген же байланыштуу жак алдындагы милдеттенмелерди төлөөгө же башка негизде аткарууга; 

2) банктын аффилирленген же байланыштуу жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга; 

3) банктын аффилирленген жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга. 

 

3. Банк акционерлеринин жалпы жыйынында чечимдерди кабыл алуу тартиби 

 

26. Банк акционерлери коопсуз, алгылыктуу жана ишенимдүү банк ишин камсыз кылуу максатында, өз укуктарын жана милдеттерин акыйкаттуу жана талапка ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү

27. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу таза суммардык капиталынан 10%дан ашкан өлчөмдө кызыкдар болуу менен түзүлгөн операцияларынын же бүтүмдөрүнүн жүргүзүлүүсү боюнча чечим кабыл алат.  

28. Эгер бактын Директорлор кеңеши аффилирленген же банк менен байланышкан жак менен операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүү боюнча кворумдун жоктугунан чечим кабыл албаса, маселенин каралышы банктын акционерлеринин жалпы чогулушуна чыгарылат.  

29. Банктын Директорлор кеңеши этиканын жана адептүүлүктүн жогорку стандарттарын колдоону кошо алганда, банктын ишенимдүү жана акылга сыярлык иши үчүн жоопкерчилик тартат. Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы чогулушу үчүн ушул Жобонун 13-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн анализди кошо алганда, сунушталып жаткан операциянын же бүтүмдүн толук сүрөттөлүшүн камтыган так отчетту даярдоого тийиш. Банктын Директорлор кеңеши маселени акционерлердин жалпы чогулушуна өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин банктын өзгөчө кызыкчылыктарында маселени чечүү үчүн кандай болбосун аракеттерди колдонууга тийиш.  

30. Аффилирленген же банк менен байланышкан жак менен операция же бүтүм боюнча алгылыктуу режим алышы мүмкүн болгон акционер талкууга катышууга, акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүүгө таасир берүүгө же таасир берүүгө аракет кылууга же операцияны же бүтүмдү жактыруу маселеси боюнча (тике же кыйыр, акционер жалпы кызыкчылыгы бар жак аркылуу) добуш берүүгө катыша албайт.  

31. Акционерлер акционерлердин жалпы санынын макул болгон добушунун 2/3 белгиленген операциянын же бүтүмдүн жүргүзүлүүсүнө «макул» деп берилген учурунда гана аффилирленген же банк менен байланышкан жакка алгылыктуу режим бере турган операцияны же бүтүмдү жактыра алышат.  

32. Эгер ар бир акционери бул операция же бүтүм боюнча алгылыктуу режим алышы мүмкүн болгон банктын жагы болуп эсептелсе (тике же кыйыр, акционер жалпы кызыкчылыгы бар жак аркылуу) же мындай адамдар акционерлер санынын үчтөн көбүн түзсө, операция же бүтүм акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан каралбайт жана банк тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн эмес 

 

4. Отчеттордун сунушталышына карата талаптар 

 

33. Банк мыйзам талаптарына жана ушул Нускоонун талаптарына ылайык документалдуу жазууларды (отчетторду) жүргүзүүгө тийиш. Бул жазуулар банктын бардык аффилирленген жана байланыштуу жактары тууралуу маалыматты аталган жактар жана алар менен жалпы кызыкчылыкта болгон байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн бардык операциялардын жана бүтүмдөрдүн суммалары менен шарттары көрсөтүлгөн маалыматты камтуусу зарыл.  

34. Банк анын кызмат адамдары банктардан алган бардык насыялар жана башка операциялар тууралуу жазууларды жүргүзүүгө тийиш. Банктын банк-корреспонденттен насыя алган же насыя алуу өтүнүчү менен кайрылган ар бир кызмат адамы кеминде жарым жылда бир жолу отчеттук айдан кийинки айдын 10 күнүнөн кечиктирбестен, мурдагы насыяларды же отчеттук мезгил ичинде жаңы алган насыяларды тууралуу отчетторду банкка жазуу жүзүндө берип туруусу зарыл. Банк бул отчетторду эсепке алуу үчүн өзүнчө таржымал (досье) жүргүзүп, алардын жаңыртылышында протокол түзүүгө тийиш, анда отчеттук мезгил ичиндеги бардык өзгөрүүлөр чагылдырылышы шарт.  

35. Банктын Директорлор кеңешинин Төрагасы жана ар бир мүчөсү, кызмат адамы өзүнүн коммерциялык, бизнес жана башка материалдык кызыкчылыктары тууралуу кат жүзүндөгү маалыматты жылына бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана анын жетекчилигине сунуштап туруулары тийиш. Отчетто банктын Директорлор кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү, кызмат адамдары менен жалпы кызыкчылыкта байланыштуу жактардын тизмеси жана ар бир учур боюнча мындай байланыш деңгээли камтылуусу зарыл. Банктын Директорлор кеңешинин Төрагасы, ар бир мүчөсү жана кызмат адамдары отчеттогу маалыматтын кандай болбосун өзгөрүүсү тууралуу эки жумуш күнү ичинде банкка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.  

36. Банк өз ишинин ушул Нускоонун талаптарына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн шайкеш ички контролдук системасын колдоосу зарыл.  

37. Банк Улуттук банкка Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында отчетторду берүүгө тийиш.  

38. Ушул Нускоого ылайык талап кылынган тиешелүү тиркемелери (талдап-иликтөөлөрү) менен бардык отчеттор, насыя боюнча бардык карыздар кайтарылып берилгенден кийин жана аффилирленген же байланыштуу жактар менен ишке ашырылган операциялар аяктагандан кийин кеминде 5 жыл банкта сакталууга тийиш.  

 

5. Корутунду жоболор 

39. Эгерде мындай операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөргө келишүүнүн натыйжасында банктын финансылык абалы начарласа жана финансылык кыйынчылыктар келип чыгып, банктын, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыгына коркунучтар жаралса, банкка аффилирленген жана байланыштуу жактар менен кайсы болбосун операцияларды жүргүзүүгө жана бүтүмдөргө келшүүгө тыюу салынат.  

40. Эгерде банк акционерлери, Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү жана кызмат адамдары насыя жана насыя алмаштыруучуларын берүү, банктын аффилирленген же байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүү же бүтүмдөргө келишүү боюнча, ушул Нускоонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келген чечим кабыл алса же чечимдин кабыл алынышы үчүн добуш беришсе жана анын натыйжасында банк чыгымга дуушар болуп, киреше ала албаса, анда көрсөтүлгөн адамдар мыйзам талаптарына ылайык ошол насыя, операция же бүтүм боюнча чыгымдардын же карыздын банкка кайтарылып берилишине жоопкерчилик тартышат.  

41. Банктын бардык ички документтери (саясаттары жана жол-жоболору) ушул Нускоонун талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

42. Банк менен аффилирленген же байланыштуу жактын ортосунда ушул Нускоонун жана мыйзам талаптарын бузууга жол берүү менен ишке ашырылган кайсы болбосун операциялар жана бүтүмдөр жараксыз болуп саналышат.  

43. Бул Нускоонун талаптарын аткарбай коюу, Улуттук банктын мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларды колдонуусу үчүн негиз болуп саналат.  

 Долбоор 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын 

2017-жылдын_______№____ 

Башкармасынын Токтомуна 

Тиркеме 

 

"Чет өлкөлүк банктын капитал катары өз филиалына акча каражаттарын бөлүү тартиби жөнүндө

ЖОБО  

1. Бул Жободо чет өлкөлүк банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ачылган жана каттоодон өткөн филиалдарга акча каражаттарын бөлүү жол-жобосун ишке ашыруу тартиби аныкталган.  

2. Чет өлкөлүк банк Кыргыз Республикасынын аймагында филиал ачууга уруксат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү документтерди берүүгө тийиш.  

3. Чет өлкөлүк банктар Кыргыз Республикасынын аймагында ачылган филиалына Улуттук банктын уставдык банк капиталына карата талаптарына ылайык келген өлчөмдө кайтарылып алынгыс жана мөөнөтсүз акча каражаттарын бөлүп берет, ал чет өлкөлүк банктын филиалынын капиталы болуп жана экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн негиз болуп саналат.  

Экономикалык ченемдер жана аларды эсептөө тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык белгиленет.  

4. Чет өлкөлүк банк Кыргыз Республикасынын аймагындагы өз филиалына бөлүп берген акча каражаттары Улуттук банктагы байланыштуу депозитте милдеттенмелер жүктөлбөгөн карыз катары жайгаштырылууга тийиш.  

Ушул Жобонун максатында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында Улуттук банкта чет өлкөлүк банктын эч кандай пайыздарды төлөөсүз жайгаштырылган акча каражаттары байланыштуу депозит болуп саналат. 

5. Кыргыз Республикасынын аймагында өз филиалын ачуу ниетин билдирген чет өлкөлүк банк Улуттук банкта байланыштуу депозит катары акча каражаттарын жайгаштыруу тууралуу Улуттук банк менен келишим түзүүгө тийиш. Келишимде мыйзамдарда белгиленген шарттар менен катар эле төмөнкү жоболор камтылышы зарыл:  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы байланыштуу депозиттин суммасынын өлчөмү;  

- билдирген чет өлкөлүк банктын филиалынын ошол байланыштуу депозитик капитал болуп саналат жана чет өлкөлүк банктын филиалдын кредитору алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылаары жана ага кандайдыр бир башка милдеттенмелер жүктөлбөй тургандыгы;  

- Улуттук банктагы байланыштуу депозиттин эсебинен Мамлекеттик казына векселдерин жана Мамлекеттик казына облигацияларын сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын өлчөмү.  

6. Чет өлкөлүк банктын филиалы байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик казына векселдерин жана Мамлекеттик казына облигацияларын сатып алуу үчүн гана пайдаланууга укуктуу. Мамлекеттик казына векселдерин жана Мамлекеттик казына облигацияларын сатып алуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн болгон байланыштуу депозиттин өлчөмү  Улуттук банк менен чет өлкөлүк банк ортосунда Улуттук банкта байланыштуу депозит катары акча каражаттарын жайгаштыруу келишиминде Улуттук банк менен чет өлкөлүк банк ортосунда макулдашуусу боюнча аныкталат.  

Улуттук банкта байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттардын эсебинен сатылып алынган Мамлекеттик казына векселдери жана Мамлекеттик казына облигациялары ликвиддүүлүк экономикалык ченеминен тышкары, милдеттүү экономикалык ченемдерди эсептөөдө камтылат.  

Депозит катары акча каражаттардын жайгаштырылбаган бөлүгү ошондой эле ликвиддүүлүк экономикалык ченеминен эсептөөдө камтылат.  

Чет өлкөлүк банктын филиалына Улуттук банкта байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттарынын эсебинен сатылып алынган Мамлекеттик казына векселдери жана Мамлекеттик казына облигациялары боюнча РЕПО келишимин түзүүгө тыюу салынат.  

7. Эгерде Чет өлкөлүк банк ушул жобонун талаптарын бузууга жол берсе Улуттук банк, чет өлкөлүк банктын Кыргыз Республикасынын аймагында каттоодон өткөн филиалына карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган, лицензияны кайтарып алууга чейинки санкцияларды колдонууга укуктуу.  

8. Байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттары, чет өлкөлүк банктын филиалын жабуу чечими кабыл алынганга жана чет өлкөлүк банктын филиалынын кредиторлор алдында карызынын жоктугун тастыктаган анын жоюу балансы бекитилгенге чейин кайтарылып алынбайт жана алар чет өлкөлүк банктын филиалынын өз кредиторлору алдында милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылат.  

 

 

Долбоор 

 

Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучулук) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө 

Банк тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүү ишин бекемдөө, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Жаңыдан ачылып жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) 2017-жылдын 22-июнунан тартып кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (банк-резидент эместердин филиалдарын кошо алганда) төмөнкүдөй уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо мөөнөттөрү белгиленсин: 

2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн. сом; 

2017-жылдын 1-июлуна чейин - 500 млн. сом; 

2018-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн.сом. 

3. Жаңыдан түзүлүп жана иштеп жаткан коммерциялык банттар үчүн өздүк (жөнгө салуучулук) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем (чет өлкө банктардын филиалдарын кошо алганда) 2017-жылдын 22-июнунан тартып иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн аз болбогон көлөмдө белгиленсин. 

4. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 2008-жылдын 13-февралындагы № 6/3 “Жаңы ачылган банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жөнүндө”; 

- 2010-жылдын 15-сентябрындагы №73/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы N 12/6 “Банктардын капиталынын 

- 2012-жылдын 18-январдагы №2/1 “Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-мартында № 12/6 кабыл алынган "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө” токтомго толуктоолорду киргизүү тууралуу”; 

- 2015 жылдын 11-мартындагы №16/1 “Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө”; 

(өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”; 

- 2015-жылдын 24-июнундагы №35/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”. 

5. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн жыйым жана төлөм өлчөмү жөнүндө 

“Салыктык эмес төлөмдөр” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын 9 жана 13-беренелерине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын 19-беренисине,“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Мыйзамдын 7 жана 43-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдагы 31-майындагы №260 Токтому менен бекитилген “Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” Жобосуна таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банк операцияларын жүргүүзү укугуна берилүүчү лицензиялар үчүн жыйым өлчөмү төмөнкүдөй бекитилсин: 

- накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна - эсептик көрсөткүчтүн үч эселенген өлчөмүндө

- банк операцияларын жүргүзүү укугуна, банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операциялардын, улуттук жана/же чет өлкө валютасында кошо алганда - эсептик көрсөткүчтүн үч эселенген өлчөмүндө

- адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин иш жүргүзүү укугуна - эсептик көрсөткүчтүн үч эселенген өлчөмүндө

- кредиттик союздардын иш жүргүзүү укугуна - эсептик көрсөткүчтүн үч эселенген өлчөмүндө

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензиялар үчүн төлөм өлчөмү төмөнкүдөй бекитилсин: 

- кредиттик маалымат алмашуу кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо үчүн - он эселенген эсептик көрсөткүч өлчөмүндө

3. Кайра тариздетүү жана лицензиянын дубликатын берүү, ошондой эле лицензияны алмаштыруу учурунда: 

- банк операцияларын жүргүүзү укугуна бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жыйым акы кармалат; 

- Ушул токтомдун 2 пунктунда көрсөтүлгөнгө беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө төлөм акы кармалат. 

4. Келип түшкөн өтүнүч каттарды кароого алуу жана лицензия берүү, лицензияны кайрадан тариздетүү жана дубликатын берүү, ошондой эле лицензияны алмаштыруу учурунда төлөнгөн бардык каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат. 

5. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 2007-жылдын 14-ноябрындагы №48/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө”; 

- 2009-жылдын 14-октябрындагы №41/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” 

- 2015-жылдын 25-февралындагы №13/8 “Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 48/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензияга төлөм өлчөмү жөнүндө”; 

- 2015-жылдын 25-февралындагы №35/5 “Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз республикасынын Улуту банк Башкармасынын токтомунун 2 пункту. 

5. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

Долбоор 

Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө 

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул Жобо банктык топтун жана аффилирленген жактардын ишине консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан. 

2. Ушул Жобонун максатында төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

Банктык топ: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн банктардан жана анын туунду жана/же караштуу компанияларынан, ошондой эле алардын аффилирленген жактарынан турган топ; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниялардан, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн банк анын туунду жана/же ага караштуу компанияларынын биринен болгон топ; 

- банкты камтыган банктык жана/же финансылык ишкердикти жүргүзүшкөн юридикалык жактардын тобу, аларга контролдукту бир эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же болбосо башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашырат. 

Банктык холдингдик компания - бул башкы компания, анын туунду жана/же көз каранды компанияларынын бири болуп банк саналат; 

Туунду банк - бул, башка банк же башка юридикалык жак (башкы компания) тарабынан контролдонуучу банк. Туунду банктын туунду банкы да башкы компаниянын туунду банкы катары каралат. 

Караштуу банк бул, анда кандайдыр бир жак менен бирдикте кайсы болбосун жактын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын жыйырма пайызынан көбүрөөгүнө же капиталындагы үлүшүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырган юридикалык жак. 

Башкаруучу компания - бул, негизги башкы компания тарабынан акционердик коом формасында банктык топко кирген туунду жана/же караштуу компанияларды (катышуучуларды) башкаруу максатында гана түзүлгөн компания. 

Банктык топтун катышуучусу - банктык топтун курамына кирген юридикалык жак. 

3. Олуттуу катышуучуну, караштуу компанияны жана контролдукту аныктоо максаттарында: 

а) бир жактын караштуу компаниясы болуп саналган же бир жактын контролдугунда турган компаниянын ээлигиндеги акциялар ошол жактын кыйыр ээлигинде турган катары каралуу менен ошол жакка тиешелүү болгон акциялардын жалпы санын аныктоодо аталган жактын түздөн-түз ээлигинде турган акцияларына бириктирилет; 

б) ошол жакка жана анын жакын туугандарына (жарандык мыйзамдарга ылайык, биринчи жана экинчи кезектеги мураскерлерге) тиешелүү акциялар, ошол жакка түздөн-түз тиешелүү акциялар катары каралат. 

4. Улуттук банк, төмөнкүлөргө карата көзөмөлдүктү консолидацияланган негизде жүзөгө ашырат: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн банкка, жана анын туунду жана/же караштуу компанияларына; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниялардан, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн банк анын туунду жана/же ага караштуу компанияларынын биринен турган банктык топ; 

- курамына Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн, банк кирген жана ага контролдукту бир эле жак тарабынан өз алдынча же башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашырган банктык жана/же финансылык ишкердик менен алектенген юридикалык жактардын тобу. 

Эгерде, контролдук кылуу бир эле жак тарабынан өз алдынча же башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашырылган банктык жана/ же финансылык ишкердик менен алектенген юридикалык жактардын тобунда башкы компания жок болсо, анда контролдоочу жактын тиешелүү чечими менен ыйгарым укук чегерилген жана Улуттук банкка макулдашылган юридикалык жак (банктык жана/же финансылык ишкердик менен алектенген юридикалык жак) маалыматтарды жана отчетторду кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды аткарат. 

 

2-глава. Банктык топтун ишинин ачык-айкындуулугу 

 

5. Банктык топко кирген компаниялар банк жана/же финансы ишин гана, ошондой эле банктык холдингдик компанияларга тиешелүү учурларда, топтун катышуучуларынын акциясына ээлик кылууну кошо алганда банк жана/же финансы ишине байланыштуу ишкердикти жүзөгө ашыра алат. 

6. Улуттук банк, кайсы болбосун учурда, контролдоочу жактан жана банктын олуттуу катышуучуларынан, банктык топтун кайсы болбосун башка катышуучусунан жана банк менен жалпы кызыкчылыктарга ээ болгон жактардан зарыл болгон маалыматтарды, төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн талап кылууга укуктуу: 

- банктык холдингдик компаниянын финансылык абалын, тобокелдиктерди тескөө системасынын деңгээлин жана корпоративдик башкаруунун сапатын; 

- банктык холдингдик компаниянын туунду банкка карата таасир этүү деңгээлин; 

- контролдоочу адамдарды жана/же жактарды (жеке адамдарды жана юридикалык жактарды); 

- банктык топ жана анын катышуучулары тарабынан жүзөгө ашырылган иштерди; 

- банктык топтун жана анын катышуучуларынын финансылык абалын; 

- банктык топко жана анын катышуучуларына мүнөздүү болгон тобокелдиктердин түрлөрүн; 

- банктык топтун тобокелдиктерди тескөө системасын; 

- банктык топтун катышуучуларынын ортосунда иштиктүү, финансылык жана башка өз ара мамилелерди. 

Улуттук банк банктык холдингдик компаниядан же банктык топтун кайсы болбосун катышуучусунан кошумча маалыматтардын берилишин талап кыла алат. 

7. Кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак эгерде ал, өз алдынча же башка жактар менен биргеликте Улуттук банктын төмөнкүлөргө алдын ала уруксатын алууга милдеттүү: банктын олуттуу катышуучусу болууга, добуш берүүгө укук чегерген акцияларга жыйырма пайыздан көбүрөөгүнө тике же кыйыр ээлик кылууну же тескөөгө алууну же банкты контролдоочу жак болууга. 

Банк жана/же финансылык ишти, ошондой эле банк жана/же финансылык ишине байланыштуу болбогон ишкердикти жүргүзбөгөн юридикалык жактар өз алдынча же башка жактар менен биргеликте төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыра алышпайт: 

- банктын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын (кайсы түрү болбосун) жыйырма пайыздан көбүрөөгүнө тике же кыйыр ээлик кылууга же тескөөгө алууга; 

- же, банктын уставдык капиталына катышуусуна көз карандысыз, келишимдин же башка негизде ошол банктын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир этүүгө

8. Ошондой эле, эгер банктын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында же башкача негизде кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак тике же кыйыр түрдө банктын олуттуу катышуучусу болуп, добуш берүүгө укук чегерген акциялардын жыйырма пайызынан көбүрөөгүнө тике же кыйыр ээлик кылууну же тескөөгө алууну ишке ашырган болсо же банкты контролдоочу жак болуп калса, Улуттук банктын уруксатын алуу зарыл. 

9. Банктын акцияларын сатып алууга билдирме берүү учурунда Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун (мындан ары - "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо) талаптарына ылайык маалыматтарды берүүгө тийиш. 

10. Банктык топтун катышуучусу болуп саналган банк, өз ишин банктык топтун башка катышуучуларынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. 

11. Банктык топту жетектеген юридикалык жактарды жетектеген банктык холдингдик компаниянын же башкы/башкаруучу компания байкоо органы жана аткаруу органы банктык топтордун бардык катышуучуларынын контролдогон мыйзамдын талаптарына ылайык банктык группанын ишине жоопкерчиликти алат. 

12. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын байкоо органы болгон башкы/башкаруучу компания жана аткаруу органы банктык топтордун бардык катышуучуларынын ортосунда тиешелүү деңгээлде зарыл маалыматтарды алмашып туруусун камсыз кылууга тийиш. 

13. Материнская компания (в том числе нерезидент Кыргызской Республики), при наличии фактов или обстоятельств, которые могут негативно/существенно повлиять на деятельность ее дочернего и/или зависимого банка, лицензируемого Национальным банком, в течение 5 рабочих дней с момента выявления указанных фактов или обстоятельств, направляет в Национальный банк письменное уведомление об этом с указанием предпринимаемых мер по недопущению такого влияния. 

Примечание: Под негативным/существенным влиянием понимаются факты или обстоятельства, которые могут привести к нарушению банком, лицензируемым Национальным банком, законодательства Кыргызской Республики. 

13. Башкы компания (анын ичинде Кыргыз Республикасынын резидент эмеси), анын Улуттук банктан лицензиялануучу туунду жана/же караштуу банкынын ишине терс/олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлар орун алган шартта, ошол фактылардын же жагдайлардын аныкталган учурунан кийинки 5 жумуш күнү ичинде, кесепеттүү таасирге бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен Улуттук банкка кат жүзүндө билдирме жөнөтөт. 

Эскертүү: Терс/олуттуу таасир дегенден улам, Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу банктын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабын бузуусуна түрткү бериши мүмкүн болуучу фактыларды же жагдайларды түшүнүү зарыл. 

Ал эми бул тууралуу башкы компания Улуттук банкка билдирбеген же белгиленген мөөнөттү бузуу менен билдирилген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду жана/же караштуу банкка жана анын башкы компаниясына (Кыргыз Республикасынын резиденти) карата Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

Башкы компания (анын ичинде Кыргыз Республикасынын резидент эмеси), анын Улуттук банктан лицензиялануучу туунду жана/ же караштуу банкынын ишине терс/олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлар орун алган шартта, мына ошондой таасирге бөгөт коюу максатында ал тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан өзүнүн туунду жана же караштуу банкына өз учурунда маалымдайт. 

Улуттук банктан лицензиялануучу туунду жана/же караштуу банк, жогорудагы маалыматтарды башкы компаниядан алган учурда, ал тууралуу маалымат алгандан кийинки 2 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кат жүзүндө билдирет. 

14. Улуттук банктан лицензиялануучу банктын финансылык абалына, банктык топко катышуудан улам коркунуч келип чыкса, банк, ал тууралуу 2 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка буга тиешелүү көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен кат жүзүндө маалымдайт. 

 

3-глава. Банктык топтун капиталы 

 

15. Банктык топ, топтун бардык катышуучуларынын мүмкүн болуучу чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон капиталдын тиешелүү деңгээлине ээ болууга тийиш. 

16. Банктык топтун катышуучулары топко кирген жана алардын чарба ишине ылайык келген банктарды мүмкүн болгон олуттуу өзгөрүүлөрдөн коргоону караган капиталдын шайкештигин камсыз кылуу боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. 

17. Банктык топтун жана банктык топтун катышуучуларынын капиталы Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүсү зарыл. Банктык холдингдик компания же банктык топту жетектеген банк, бул талаптардын банктык топтун катышуучулары тарабынан аткарылышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. 

18. Банктык холдингдик компания же башкы/башкаруучу компания, банктык топту жетектеген банк өзүнүн байкоо кеңеши тарабынан бекитилген банктык топтун капиталынын шайкештиги боюнча саясатты, анын ичинде капиталдын шайкештигине баа берүүнүн бекитилген ыкмасын Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

19. Улуттук банк, инспектордук текшерүүлөрдү ишке ашырууда капиталдын шайкештиги боюнча банктык топтун тиешелүү саясаттарынын жана жол-жоболорунун бар экендигин жана алардын сакталышын текшерүүгө укуктуу. 

20. Улуттук банк, банктык топко кирген банктарды коргоону камсыз кылуу максатында, капиталдын шайкештигин камсыз кылуу боюнча саясаттарга жана жол-жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кыла алат. 

21. Улуттук банк, эгерде топтун капиталынын банкты коргоо үчүн жетишсиздигин же банктын банктык топко катышуусуна байланыштуу болгон анын финансылык абалына терс таасирин тийгизүүчү олуттуу тобокелдиктердин орун алышы учурунда же банктык топтун иши Улуттук банктын талаптарын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабын аткаруу үчүн же тиштүү деңгээлде ачык-айкын эместигин белгилеген шартта, капиталдын шайкештиги боюнча кыйла жогорулатылган экономикалык ченемдерди киргизиши мүмкүн. 

22. Банктык холдингдик компания же банктык топту жетектеген банк анын капиталына же анын кайсы болбосун туунду же караштуу компаниясынын капиталына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон бардык фактылар же жагдайлар тууралуу Улуттук банкка милдеттүү түрдө билдирип турууга тийиш. 

 

4-глава. Тобокелдиктерди тескөө жана банктык топту ички контролдоо 

 

23. Банктык топтун катышуучулары өз ишинде банктык топтун кайсы болбосун катышуучуларынын же бүтүндөй банктык топтун финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келе турган тобокелдиктерди өзүнө албоого тийиш. 

24. Банктык топтор банктык топтун ишине ылайык келген тобокелдикти тескөө жана ички контролдук системасына ээ болууга тийиш. 

25. Банктык топ, Улуттук банктын ири тобокелдиктер, инвестициялардын өлчөмү жана валюта позициясы боюнча чектөөлөрүн консолидацияланган негизде сактоого тийиш. 

26. Банктык топтун тобокелдиктерди тескөө саясаты төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл: 

1) банктык топ өзүнө алган тобокелдиктерди банк тобунун башкаруу органы бекиткен саясаттарына ылайык шайкеш тескөөнү

2) банктык топ өзүнө алган тобокелдиктерди жабууга жетиштүү болгон капиталдын деңгээлин колдоп турууну камсыз кылуучу ченемдерди; 

3) тобокелдикти тескөө системасы аларга ылайык бүтүндөй банктык топту камтыган жоболорду. 

27. Ички контролдук системасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

1) банктык топ өзүнө алган олуттуу тобокелдиктерге карата капиталдын жетиштүүлүгүнө баа берүүнү аныктаган шайкеш механизмдерди; 

2) топ ичиндеги операцияларды жана концентрациялануу тобокелдигин аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн отчеттуулуктун жана эсепке алуунун ишенимдүү жол-жоболорун. 

28. Банктык холдингдик компания же башкы/башкаруучу компания, банктык топту жетектеген банк Улуттук банктын тобокелдиктерди тескөө системасына карата койгон талаптарынын банктык топ тарабынан сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

29. Катышуучулары финансылык (банктык эмес) ишти жүзөгө ашырып жаткан банктык топ, алардын иши үчүн мүнөздүү болгон ири кредиттик тобокелдиктерди, ликвиддүүлүк тобокелдигин, инвестициялык, валюталык жана башка тобокелдиктерди чектөө боюнча жана топко кирген банктарды коргоочу саясаттарга жана жолжоболорго ээ болуусу зарыл. 

30. Банктык топтун финансылык (банктык эмес) ишти жүзөгө ашырып жаткан катышуучулары банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча жылдык отчетунда саясаттардын жана жол-жоболордун түшүндүрмөсүн камтууга тийиш. 

31. Улуттук банк, тобокелдиктерди минимизациялоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарынын топко кирген (кирип жаткан) банк (банктар) тарабынан бузууга жол берилишине бөгөт коюу максатында, финансы ишин (банктык эмес) жүзөгө ашырып жаткан банктык топтун катышуучуларынан саясаттарга жана жол-жоболорго корректировкалоолордун киргизилишин талап кыла алат. 

32. Банктык топко катышкан же башка чет өлкө компания/банктык группага катышкан, баш болгон компаниялардан акчалай каражаттарды (аманат/кредит ж.б.) ала турган келишим Улуттук банкты келимди мөөнөтүнөн мурда жараксыз кылууга чейин 30 күнгө чейин билдирүү шартын камтыш керек. 

 

5-глава. Банктык топту корпоративдик башкаруу 

 

33. Банктык холдингдик компаниянын же башкы/башкаруучу компания, банктык топту жетектеген банктын кызмат адамдары, байкоо органынын жана аткаруу органынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Улуттук банктын банктардын кызмат адамдарга коюулган белгиленген квалификациялык минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш.  

34. Банктык холдингдик компания байкоо органынын жана аткаруу органынын мүчөлөрү, олуттуу катышуучулар, контролдукту тике же кыйыр түрдө жүзөгө ашырышкан жактар тууралуу маалыматтарды, "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык дайындалган кызмат адамдарынын ишкердик абройу жана ишенимдүүлүгү жөнүндөгү маалыматтар менен чогуу Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

Банктык холдингдик компания - Кыргыз Республикасынын резиденти жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алар дайындалгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берүүсү зарыл. 

Банктык холдингдик компания - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алар дайындалгандан кийинки 30 календардык күн ичинде Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

 

35. Тиешелүү жак, төмөнкү учурларда банктык холдингдик компаниянын байкоо органынын мүчөсү боло албайт жана ал ээлеген кызматынан четтетилүүгө тийиш: 

1) эгерде анын мыйзам тартибинде белгиленген, алынып салынбаган жана/же өтөлбөгөн соттолгондугу бар болсо; 

2) эгерде ал, жоюу ыкмасы менен банкроттук жол-жобосуна дуушар болгон юридикалык жактын жетекчиси болуп саналса; 

3) эгерде ал, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык юридикалык жактын башкаруу органынын курамына кирүү же ишкердик иштерди аткаруу укугунан ажыратылган болсо; 

4) эгерде ал, банктык холдингдик компаниянын аткаруу органынын мүчөсү болуп саналса. 

36. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын байкоо жана аткаруу органдары бүтүндөй алганда, банктык топтун ишине натыйжалуу жана ырааттуу контролдукту жүзөгө ашырууга көмөктөшө турган анын туунду/караштуу банктарын жана туунду/караштуу компанияларын тескөөнүн оптималдуу түзүмүн аныктоо максатында, банктык топтун жалпы саясаттарын жана стратегияларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү

37. Банктык холдингдик компаниянын же башкы/башкаруучу компания банктык топту жетектеген банктын байкоо органы төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш: 

1) банктык топтун түзүмү, топтун катышуучуларынын негизги иши жөнүндө маалыматтарды кошо алганда, банктык топтун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды, банктык холдингдик компаниянын байкоо органы тарабынан бекитилген тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук боюнча банктык топтун саясатын, банктык топтун катышуучуларын контролдоочу жактар жөнүндө маалыматтарды, банктык топто реалдуу контролдукту жүзөгө ашыра турган жактар жөнүндө маалыматтарды, топтун катышуучуларынын финансылык абалы тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштоого; 

2) банктык топту жана банктык холдингдик компанияны алдыда турган үч жылдык мезгил аралыгында өнүктүрүүнүн бекитилген стратегиясын Улуттук банкка берүүгө

3) банктык топтун ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн аны шайкеш капиталдаштыруу боюнча банктын топтун регулятивдик, рыноктук жана стратегиялык муктаждыгын канааттандырган саясатты иштеп чыгууга жана бекитүүгө

4) банктык топтун катышуучуларына же алардын иш-чөйрөсүнө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо жана аларды тескөөгө алуу боюнча саясатты иштеп чыгууга жана бекитүүгө

5) банктык топтун катышуучулары менен операциялар боюнча тиешелүү лимиттерди белгилөөгө

6) банктык топ тарабынан мыйзам актыларынын жана ички саясаттардын талаптарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга; 

7) банктык топтун катышуучуларынын ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашуусун камсыз кылууга; 

8) банктык топко кирген банктардын аманатчыларын жана башка кредиторлорун коргоого алынышын гарантиялаган, башкаруунун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга. 

38. Банктык холдингдик компаниянын же башкы/башкаруучу компания, банктык топту жетектеген банктын байкоо органы корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, стратегиялык максаттардын жана мыйзам актыларынын сакталышы көз карашынан банктык топтун катышуучуларынын бардык иш-чөйрөсүн жүзөгө ашырууда ички контролдуктун шайкештигин текшерүүгө, топтун катышуучуларынын ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүүнү кошуу жөнүндө талапты белгилейт. 

39. Банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын байкоо жана аткаруу органдары банктык топтун катышуучуларынын ишине таасир этүүсү ыктымал болгон тобокелдиктер жөнүндө билүүгө жана аларга тиешелүү контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. Аткаруу органы чейрек сайын кеминде бир жолу, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта, дароо эле банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктык топтун ишиндеги орун алган тобокелдиктер, ошондой эле аларды өз учурунда аныктап жана четтетүү жагында көрүлгөн чаралар тууралуу кат жүзүндө байкоо органына маалымдайт. 

40. Банктын холдинг компания Аудит боюнча комитетин түзүүгө мүмкүн. 

 

6-глава. Банктын туунду жана караштуу компанияларына карата талаптар 

 

41. Банк туунду же караштуу компанияларды түзүп же сатып ала алат. Мында, аларга контролдукту жүзөгө ашырган же анда банктык холдингдик компаниянын же Улуттук банктан лицензия алган банктын туунду жана/же караштуу компаниялары катышкан юридикалык жактар туунду жана/же караштуу компанияларды түзүүгө жана/же сатып алууга укугу жок. 

42. Банктык топко кирген туунду жана/же караштуу компаниялар иштин төмөнкү түрлөрүн гана жүзөгө ашыра алышат: 

1) банк ишин; 

2) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык микрофинансылык иштерди; 

3) Кыргыз Республикасынын "Инвестициялык фондулар жөнүндө" мыйзамына ылайык инвестициялык фондулардын ишин; 

4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык камсыздандыруу ишин; 

5) Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" мыйзамына ылайык аудитордук ишти; 

6) Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иштерди; 

7) лизинг ишин; 

8) ломбарддардын ишин; 

9) төлөм кызмат көрсөтүүлөр боюнча төмөнкү иштерди: 

- эсеп ачуусуз эле үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү (процессинг); 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана банктар аралык сыяктуу эле, банктык эмес төлөм системаларынын катышуучуларына берүү (банктар аралык процессинг); 

- электрондук акча эквивалентиндеги алдын ала төлөнгөн карттарды чыгаруу, таркатуу, төлөөгө кабыл алуу жана тастыктоо; 

10) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 

11) үчүнчү жактардан милдеттенмелердин акчалай түрүндө аткарылышын талап кылуу укугун алуу; 

12) кардардын тапшыруусу боюнча баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатууну кошо алганда, брокердик кызмат көрсөтүүлөрдү анын нускоосу боюнча жүзөгө ашыруу; 

13) жеке адам же юридикалык жактар менен келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууну (траст) жүзөгө ашыруу; 

14) карыздык баалуу кагаздарды чыгарууну эске албаганда, ченемдик укуктук актыларга ылайык, өз атынан баалуу кагаздарды чыгаруу; 

15) ченемдик укуктук актыларга ылайык, баалуу кагаздарды компания үчүн өз атынан сатып алуу жана сатуу; 

16) компаниянын ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

43. Банктын туунду же караштуу компанияны түзүүсү же сатып алуусу, Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат. 

44. Банктын туунду же караштуу компанияны түзүүсү жана/же сатып алуусу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипке ылайык ишке ашырылат. 

45. Туунду же караштуу компанияны түзүү же сатып алуу банктык топтун уюштуруу түзүмүнүн ачык-айкындуулугун бузууга тийиш эмес. 

46. Эгерде, түзүлүп же сатып алынып жаткан компания чет өлкөлүк болуп жана финансы секторуна көзөмөлдүк органы тарабынан жөнгө салынууга тийиш болсо, анда билдирмеде бул компания түзүлгөн өлкөдөгү көзөмөлдүк режими жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.  

47. Чет өлкө туунду же караштуу компаниясын түзүп же сатып алып жаткан банк, төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) ушул жобонун талаптарынын банк тарабынан аткарылышы үчүн зарыл болгон бардык маалыматтардын, туунду же караштуу компания тарабынан банкка берилишин; 

2) башка жактар менен жалпы кызыкчылыктардын түптөлүшүнө бөгөт коюу, анткени алар банктык топтун түзүмүнүн ачык-айкындуулугуна тиешелүү Улуттук банктын талаптарынын бузулушуна алып келиши ыктымал. 

48. Эгерде, алардын негизинде банк түзүүгө уруксат берүүдөн баш тартууга мүмкүн болгон фактылар маалым болсо же туунду же караштуу компания Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында уруксат берилбеген ишкердикке тартылгандыгы айкын болсо, Улуттук банк, туунду же караштуу компанияларды түзүүгө же сатып алууга өз макулдугунан баш тартышы мүмкүн. 

49. Эгерде, Улуттук банк өз уруксатын кайтарып алса банк, туунду компаниянын ага тиешелүү болгон акцияларын банк менен байланыштуу болбогон жактарга, Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде сатууга тийиш.  

50. Эгерде банк, Улуттук банктын алдын-ала кат жүзүндөгү макулдугусуз эле туунду, караштуу компанияларды түзүп же сатып алган болсо, мындай бүтүм анык эмес катары эсептелинет. 

 

7-глава. Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдер 

 

51. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» Жобо менен Улуттук банк банктык топ аткарууга милдеттүү болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт 

52. Банктык топтун капиталынын (өздүк каражаттарынын) шайкештик коэффициенти (К) кеминде 12% болбоого тийиш. Ал банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасынын, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдеринин суммасына жана банктык топтун суммардык активдерине карата катышы катары төмөнкү формула боюнча аныкталат. 

К = СК/СА х 100%, мында: 

СК - бул, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталдарынын (өздүк каражатынын) суммасы. 

СА - бул, банктык топтун катышуучуларынын суммардык активдеринин жана банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын туунду жана/же караштуу компанияларына инвестицияларын минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдеринин суммасы. 

Банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталы жана тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдери, "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого(6) ылайык аныкталат. Мында, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталын эсептөөдө, банктык топтун катышуучуларынын уставдык капиталына инвестициялар алынып салынат. 

Банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталат. 

Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болуп саналган банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмү, ал орун алган өлкөдөгү анын ишин жөнгө салган ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. 

Эгерде, банктык топтун катышуучусуна карата өздүк капиталдын өлчөмүн эсептөөнүн өзгөчө тартиби белгиленбесе, анда банктык топтун катышуучусунун капиталы, бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген нормаларына ылайык, анын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма катары аныкталат.  

53. Ликвиддүүлүк ченемин 30%дан төмөн эмес деңгээлде колдоп туруу зарыл. 

Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

ЛА = ЛА/М, мында: 

ЛА - банктык топтун катышуучуларынын ликвиддүү активдеринин суммасы, аларга төмөнкүлөр кирет: 

- банктын, банктык топтун катышуучусунун Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталган ликвиддүү активдери; 

- күрөөгө коюлгандарды эсептен чыгаруу менен баа берилгенден тартып 30 күндүн ичинде, акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн болгон акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды камтыган, банктык топтун катышуучусунун Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык аныкталган ликвиддүү активдери. 

М - банктык топтун катышуучуларынын милдеттенмелеринин суммасы, аларга ликвиддүүлүк ченемин эсептөө үчүн төмөнкүлөр кирет: 

- банктын, банктык топтун катышуучуларынын Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларына ылайык аныкталган милдеттенмелери; 

- банктык топтун катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык аныкталган милдеттенмелери, алар боюнча эсептөөлөр отчеттук күндөн кийинки 30 күндүн ичинде башталат. 

54. Банктык топтун бир карыз алуучусуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмүӨ) төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш: 

- банктык топ менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү - 15%; 

- банктык топ менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү - 10%; 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүӨ) төмөнкүчө эсептелинет: 

МӨ = ЧК/К х 100%, мында: 

ЧК - чогуу алгандагы карыз, банктык топтун катышуучулары ага сунуштаган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бардык активдер боюнча бир карыз алуучунун жалпы карызы, анын ичинде: 

- кредиттер (төлөө мөөнөтүнө көз карандысыз); 

- факторинг; 

- финансылык ижара; 

- банктар аралык жайгаштыруулар: 

- капиталга инвестициялар; 

- карыздык милдеттенмелер формасындагы инвестициялар; 

- алууга каралган пайыздар; 

- негизинде кредитти алмаштыруучулар болуп саналган, карыз алуучуларга тике же кыйыр түрдө берилген каражаттардын башка түрлөрү боюнча; 

- ошол карыз алуучуга берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы (гарантиялар, аккредитивдер, кредиттерди берүүгө милдеттенмелер); 

- катышуучунун үчүнчү тарапка карата кандай болбосун тобокелдиги, ал ошол карыз алуучу тарабынан талашсыз гарантияланууга тийиш; 

- мурда эсептен алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар. Ар бир карыз алуучунун кредиттик делосунда анын жана аны менен байланыштуу адамдардын мурда эсептен алынып салынган кредиттери жана пайыздары тууралуу маалыматтар көктөлүүгө тийиш: ал маалыматтарды карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу адамдардын аты-жөнү, эсептен алынып салынган кредиттердин жана пайыздардын суммасы, эсептен алып салган күн жана анын себептери чагылдырылышы зарыл. 

К - банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасы. 

Банктык топ менен байланыштуу болгон бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүн сактоо, карыз алуучунун төмөнкү учурларында жүзөгө ашырылат: 

- банктык топтун курамына кирген болсо; 

- банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагы жана/ же инсайдеринен болсо; 

- башка карыз алуучулар менен биргелешип иштөө жөнүндө келишим же биргелешип иштөө жөнүндө келишим шарттарын (белгилерин) камтыган башка документ аркылуу байланыштуу болсо; 

- юридикалык жактын - карыз алуучулардын башкаруу органы тарабынан кабыл алынган чечимге тике же кыйыр түрдө олуттуу таасир этүүгө жөндөмдүү жак (үчүнчү жак аркылуу) болуп саналса. 

55. Компаниялар, анын ичинде банктык топко кирген банктар, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында алар үчүн белгиленген тиешелүү талаптарды жана экономикалык ченемдерди аткарууга тийиш. 

56. Для выполнения экономических нормативов и снижения рисков, банковской группе рекомендуется установить внутренние пределы по экономическим нормативам и требованиям, которые должны быть ниже максимальных и выше минимальных пределов, установленных соответствующими нормативными правовыми актами Национального банка. 

57. Банк, банктык топтун катышуучусу ага төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында кандайдыр бир жак менен бүтүмдөрдү жана/же операцияларды жүзөгө ашыра албайт: 

- банктык топтун катышуучусунун инсайдеринен жана аффилирленген жагынын алдындагы милдеттенмелерди төлөө

- банктык топтун катышуучусунун инсайдеринен жана аффилирленген жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алуу; 

- банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алуу; 

- банктын финансылык абалынын начарлоосуна алып келиши мүмкүн боло турган операцияларды/бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу. 

Банктык топтун катышуучусунун биринин инсайдери жана/же аффилирленген жагы, банктык топтун ар бир катышуучусунун инсайдери жана/же аффилирленген жагы болуп таанылат. 

58. Банктык холдингдик компания же банктык топту жетектеген банк, банктык топтун катышуучуларынын белгиленген талаптарды жана экономикалык ченемдерди аткаруусун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. 

 

8-глава. Банктык топтордун Улуттук банкка берген отчеттору жана маалыматтары 

 

59. Банктык топ топтун түзүмүндөгү кандай болбосун бардык олуттуу өзгөрүүлөрдү кошо алганда, өз ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле банктык эмес туунду компанияларды же караштуу компанияларды түзүү, сатып алуу тууралуу маалыматтарды чечмелөөгө жана Улуттук банк тарабынан белгиленген формада, тартипте жана мөөнөттөрдө ага берүүгө тийиш. 

60. Өзүнүн иши жөнүндө консолидацияланган отчетту түзүү максатында банктык группа же анын катышуучулары маанилүү таасир (түз же жандатып) тийгизген болгон башка юридикалык жактар отчеттуу берүүгө милдеттүү

61. Банктык топту жетектеген банк же банктык холдингдик компания, эгер ошол компания Кыргыз Республикасынын резиденти болсо, Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту/мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту (мындан ары - ПРО/ПРБО) өз алдынча сыяктуу эле, консолидацияланган негизде Улуттук банк тарабынан белгиленген формада берүүгө тийиш. ПРО/ПРБО, банктык холдингдик компания тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө өз алдынча, ал эми отчеттук мезгил аяктаган күндөн тартып 12 календардык күн ичинде чейрек сайын консолидацияланган негизде Улуттук банкка сунушталат. 

62. Банктык топту жетектеген банк же башкы/башкаруучу компания банктык холдингдик компания, анын ичинде башкы компания - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси, уюштуруу документтерине, уставга, туунду же караштуу компаниялардын түзүмүнө киргизилген өзгөртүүлөр, алардын иш чөйрөсүнүн кеңейтилгендиги, туунду же караштуу компаниялардын кызмат адамдарынын алмашуусу, ошондой эле банктын туунду компаниялары тарабынан туунду компанияларды түзүү жана/же сатып алуусу жөнүндө маалыматтар, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан кийинки 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө Улуттук банкка жөнөтүлөт. 

63. Банктык топту жетектеген банк же банктык холдингдик компания, анын ичинде башкы компания - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси, жылдык отчетту, көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган жылдык финансылык отчет менен бирге, банктык топ жана банктык холдингдик компания үчүн ички контролдуктун шайкештигине баа берүүнү камтыган, отчеттук жыл аяктаган күндөн кийинки 180 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, өз алдынча жана консолидацияланган негизде Улуттук банкка сунуштайт. Бул отчеттордо ошондой эле, банктык холдингдик компаниянын бардык туунду жана караштуу компаниялары тууралуу маалыматтарды, анын ичинде анын аталышын, ээлик кылуу пайызын, банктык топтун ар бир катышуучусу тартылган иштин чөйрөсүн же түрлөрүн кошо алганда, банктык топтун иши жөнүндөгү маалыматтар камтылууга тийиш. 

64. Көзөмөлдүн максатында Улуттук банк банктык группадан жана анын катышуучуларынан финансылык абалын баалоо үчүн, тобокелди башкаруу системасы, коорпоративдик башкаруу сапаты жана башка маалыматтарды суроого укуктуу. 

65. Жылдык отчет кароо органын төрагасы тарабынан кол коюулушу керек жана банктык холдинг компаниянын же банктык группанын башында турган банктын башкы бухгалтери тарабынан кол коюулушу керек. 

 

9-глава. Банктык топтун катышуучуларына карата колдонулуучу чаралар 

 

66. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, бантар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамына ылайык банктык топтун кайсыл болбосун катышуучусуна (жеке жана юридикалык жактарга) же кызмат адамдарына карата ушул беренеге ылайык таасир этүү төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн, эгерде: 

1) аффилирленген жактар банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманатчыларынын таламдарына кедергисин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон кемчиликтерди жана бузууларды четтетүүгө тиешелүү Улуттук банктын талабы боюнча чараларды көрбөсө

2) банктын олуттуу катышуучусу, иши же финансылык абалы банктын финансылык туруктуулугуна же анын аманатчыларынын таламдарына кедергисин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон, алар контролдогон компанияларга карата Улуттук банктын талабы боюнча чараларды көрбөсө

3) Улуттук банктын баасы боюнча банктык топтун ишине башкы (энелик) банк/компания жана/же чет өлкөлүк көзөмөл органы тарабынан контролдук/банктык топтун катышуучуларына контроль/көзөмөл тобокелдиктерди аныктоо жана аларды минималдаштырууга мүмкүндүк бербегендей негизде, жетишсиз жүргүзүлүп жатса; 

4) Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды ала албай жатса; 

5) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, бантар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча: 

а) банкка жана банктык группага катышуучуларга тийиштүү консолидацияланган көзөмөл жүргүүзүгө тоскоол пайда болсо; 

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ченемдер, талаптар жана чектөөлөр бузулса.  

67. Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) банктын туунду компаниясы жагынан - бул компанияга кандай болбосун инвестициялардын убактылуу токтотулушун банктан талап кылууга; 

2) банктын аффилирленген жактары жагынан - мындай аффилирленген жак менен банк ортосунда операциялардын, бүтүмдөрдүн (тике же кыйыр) убактылуу токтотулушун банктан жана/же аффилирленген жактардан талап кылууга; 

3) банктык холдингдик компания жагынан - банк ишине контролдукту, анын ичинде акциялар боюнча тике же кыйыр түрдө добуш берүү укугун убактылуу токтотууну банктык холдингдик компаниядан талап кылууга; 

4) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдонуучу компаниялар жагынан - олуттуу катышуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга: 

а) банк ишине катышууну убактылуу токтотууга, анын ичинде тике же кыйыр түрдө акциялар боюнча добуш берүү укугун ишке ашырууну убактылуу токтотууга; 

б) банк менен олуттуу катышуучу жана/же банк менен олуттуу катышуучуну контролдогон компаниянын ортосунда тике жана кыйыр түрдө операциялардын, бүтүмдөрдүн ишке ашырылышын убактылуу токтотууга; 

5) банктын туунду же көз каранды компаниясы жагынан - компания андан ары банктын туунду же көз каранды компаниясы болуп саналбагандай деңгээлге чейин банк өз инвестицияларын азайтууну талап кылууга; 

6) банктык холдингдик компания жагынан - банктын капиталына чектүү катышууга ээ болуу уруксатын жокко чыгарууга жана акциялардын тиешелүү топтомунун сатууну талап кылууга; 

7) банктын башкы компаниясынын туунду компаниясы жагынан - банктык холдингдик компаниянын туунду компанияны, же болбосо банкты контролдоону токтотушун талап кылууга; 

8) банктын олуттуу катышуучусу болуп саналган компаниялар жагынан - банктын капиталына чектүү катышууга ээ болуу уруксатын жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга; 

9) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдонгон юридикалык жактар менен болгон учурда - банктын олуттуу катышуучусу укугуна берилген уруксатты жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга. 

68. 64-пунктун 3-9-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда акциялар боюнча добуштар банктын акционерлеринин чогулушунун кворумун эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны тиешелүү чечимдин кабыл алынышына таасир этсе, буга чейин кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет. Кемчиликтерге жол берген жак Улуттук банктын талабы боюнча акциялардын тиешелүү топтомун белгиленген мөөнөт ичинде аны менен байланыштуу болбогон жактарга сатууга милдеттүү. Андай болбогон учурда, Улуттук банк ошол жактын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу жөнүндө арызы менен сотко кайрылат. 

69. 64 пунктун 1, 2, 4-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, эгерде бүтүмдөр Улуттук банктын талаптарын бузуу менен ишке ашырылган болсо, анда мындай бүтүмдөр жараксыз болуп саналат. Улуттук банк жараксыз бүтүмдүн жараксыздыгынын натыйжаларын колдонуу жөнүндө талабы менен сотко кайрылууга укуктуу. 

 

10-глава. Финансы секторунун көзөмөл органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүлөр 

 

70. Эгерде, банктык топтун бир бөлүгү болгон компания башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөнүүгө же жөнгө салынууга тийиш болсо, Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган банктык топтун ишин ар тараптуу жөнгө салуу жана аны көзөмөлдөө максатында, кызматташууга тийиш. 

71. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн колунда болгон жана банктык топко же анын кайсы болбосун катышуучусуна тиешелүү болгон төмөнкү маалыматтарды Улуттук банкка берет: 

- банктык топтун түзүмүн, контролдоочу адамдарды, кызмат адамдарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жактыруусун же ага билдирүүнү талап кылган, банктык топтун кайсы болбосун катышуучусунун ээлик кылуу түзүмүндөгү, тескөө ишиндеги же уюштуруу түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө

- банктык топтун же банктык топтун катышуучусунун иши жана иш алып баруу саясаты жөнүндө

- банктык топтун жана анын катышуучуларынын финансылык абалы жөнүндө (капиталдын шайкештигине, жалпы кызыкчылыгы бар адамдар менен операцияларга, ички топтук тобокелдиктерге жана алынуучу пайдага өзгөчө көңүл бурулууга тийиш); 

- банктык топтун же анын катышуучуларынын ички контролдук системасын уюштурулушуна, тобокелдикти тескөө иши жөнүндө

- банктык топтун катышуучуларынын башкаруу органдарынан маалыматтарды топтоо жол-жобосу жана алынган маалыматты текшерүү жөнүндө

- банктын - банктык топтун катышуучуларынын ишине олуттуу таасир эте турган банктык топтун ичинде же анын катышуучуларында орун алган жагдайлар, жүргүзүлгөн операциялар, келишилген бүтүмдөр жөнүндө

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банктык топтун катышуучуларына карата көргөн чаралары жана санкциялары жөнүндө

- натыйжалуу банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар. 

72. Улуттук банк, консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу максатында, ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын отчетторун жана башка материалдарын талап кылууга укуктуу. Ошондой эле ал, эгерде башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Улуттук банкка зарыл болгон маалымат жок болсо, же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сунуш талган маалымат Улуттук банктын пикири боюнча жетишсиз болсо, банктык топтун катышуучуларынын ишине инспектирлөөнү жүргүзүүгө укуктуу. 

Көрсөтүлгөн компаниялар жана анын кызмат адамдары Улуттук банк өз ыйгарым укуктарын банктан же алардын кызмат адамдарынан кандайча талап кылынса, ошол деңгээлде жүзөгө ашыруусуна колдоо көрсөтүүсүнө жана ага тоскоолдук кылбоого милдеттүү

73. Банктык топтун ишин ар тараптуу жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында, орун алган өлкө менен кабыл алган өлкөнүн көзөмөл органдарынын ортосунда консолидацияланган негизде кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлүшү мүмкүн.