Кайта келүү

Долбоор 

 

«Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө Жобонун: 

- 1-пунктунун : 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жобонун аракети «ислам терезесине» ээ банктарды кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарга да жайылтылат»; 

үчүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

төртүнчү абзацтагы «Кошумча» деген сөз алынып салынсын; 

- 4-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банк акционерлери жана алардын аффилирленген жактары, банктын кызмат адамдары, ошондой эле банк менен байланыштуу жактар «Кыргыз республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык кынтыксыз ишкер абройго ээ болуулары тийиш (мындан ары Мыйзам).»; 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банк акционерлеринин жыйынынын компетенциясына кирген маселелер Мыйзамга ылайык аныкталат.»; 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Банктын Директорлор кеңеши акционерлердин жыйыны аралык мезгилде банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, башкаруу органы. 

Директорлор кеңеши банк ишинин тескөөгө алынышына жана анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашырат жана акционерлердин жалпы жыйынына отчет берип турат.»; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына жана жоопкерчилигине тиешелүү болгон маселелер Мыйзамга ылайык аныкталат.»; 

- 18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Банкта милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттер түзүлүүгө тийиш: 

1) Корпоративдик башкаруу боюнча комитет; 

2) Аудит боюнча комитет; 

3) Тобокелдиктерди тескөө комитети; 

4) Банк активдерин жана пассивдерин тескөө боюнча комитет; 

5) Каржылоо комитети; 

6) Дайындоолор жана сыйлоолор боюнча комитет.  

Банкта Жаңы продукттар боюнча комитет жана Комплаенс-контролдук боюнча комитет жана башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн.»; 

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. Тобокелдиктерди тескөө комитети банк Башкармасынын банк өзүнө алган тобокелдиктерди тескөө маселелери боюнча ишине контролдукту камсыз кылат.  

Банк активдерин жана пассивдерин тескөө боюнча комитет банк балансынын жалпы түзүмүнө, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген, активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча саясаттын сакталышына контролдукту камсыз кыла турган мониторинг жүргүзөт. 

- төмөнкү мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын: 

«23-1. Банктын анда түзүлгөн бардык комитеттердин ишин жөнгө салуучу ички документтеринде төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:  

- комитетти түзүү максаты жана иши;  

- комитеттин ыйгарым укуктары;  

- отурумдарды өткөрүү тартиби;  

- отчет берүү тартиби;  

- комитеттин ар бир мүчөсүнүн алар тарабынан кабыл алынган жана кол коюлган чечимдерге жоопкерчилиги.  

Документтерде комитеттин отурумга катышкан жана чечим кабыл алган ар бир мүчөсүнө карата төмөнкү талаптар коюлууга тийиш:  

- каралып жаткан маселенин мааниси тууралуу маалымдалган болуу;  

- алар кабыл алган чечимдердин банк ишине тийгизген таасирин түшүнүү;  

- тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдуулугун жана кабыл алынган чечимдердин натыйжаларын баалоо. 

Комитеттин каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу бар жана кабыл алынган чечимге макул болбогон мүчөсүнүн пикири добуш берүүдө эске алынып, протоколдо чагылдырылууга тийиш. Протоколго комитеттин отурумга катышкан бардык мүчөлөрүнүн жана комитет катчысынын колу коюлуусу зарыл. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюу аркылуу таанышуулары зарыл.  

- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Директорлор кеңеши банктын таламында иш алып барып, бардык акционерлерге бирдей мамиле кылуу принцибин сактоого жана акционерлердин жыл сайын өтүүчү жалпы жыйынында аларга өз иши тууралуу отчет берип турууга милдеттүү

Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрү аткарылышына жоопкерчилик Директорлор кеңешине жүктөлгөн маселелер боюнча аракеттенбей коюулар үчүн жоопкерчилик тартышат.»; 

- 25-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү «ыкчам» деген сөз алынып салынсын; 

- 25-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Директорлор кеңешинин каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу бар жана кабыл алынган чечимге макул болбогон мүчөсүнүн пикири добуш берүүдө эске алынып, протоколдо чагылдырылууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумунан протоколго жана стенографиялык отчетко Директорлор кеңешинин отурумга катышкан мүчөлөрүнө макулдашылгандан кийин Кеңешке төрагалык кылуучу менен катчынын колу (визасы) коюлууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюу аркылуу таанышууга тийиш»; 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

Банктын Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү республиканын мамлекеттик тилде жана/же расмий тилде сүйлөгөн жараны болууга тийиш. 

Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчөөнүн бирөө Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болууга тийиш.»; 

- 39-пунктундагы «бүтүмдөрдүн (келишимдердин)» деген сөздөр «саясаттардын жана типтүү келишимдердин» дегенге алмаштырылсын; 

- 45-пунктундагы «Башкармадан» деген сөздөрдөн кийин «жана Директорлор кеңешинен» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 46-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«46. Шариат кеңешинин иши Жобо аркылуу жөнгө салынат жана акционерлердин жалпы жыйынында бекитилет. Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүргүзүлүшүнө жооптуу болгон бөлүмдүн иши банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилип, Шариат кеңеши тарабынан макулдашылган Жобо аркылуу жөнгө салынат.»; 

- 47- пункттун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Директорлор кеңеши, Башкарма жана Комитеттер менен өз ара иш жүргүзүү тартиби.»; 

- 49-пунктундагы «25-беренеде» деген сөздөр «104-беренеде» дегенге алмаштырылсын; 

- 53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Башкарманын мүчөлөрү өз ишин жүзөгө ашырууда объективдүү болуп, өз таламын жана банктын айрым акционерлери менен кызмат адамдарынын таламдарын эмес, эң оболу, банктын таламдарын көздөп, Шариат стандарттарына ылайык келген, алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн болгон күч аракетин жумшоого тийиш. 

Директорлор кеңешинин каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу бар, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул болбогон мүчөсүнүн пикири добуш берүүдө эске алынып, протоколдо чагылдырылууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумунан протоколго жана стенографиялык отчетко Директорлор кеңешинин отурумга катышкан мүчөлөрүнө макулдашылгандан кийин Кеңешке төрагалык кылуучу менен катчынын колу (визасы) коюлууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюу аркылуу таанышууга тийиш»; 

- 57-пунктагы «инсайдерлери жана аффилирленген жактары» деген сөздөр «аффилирленген жактары жана банк менен байланыштуу жактары» дегенге алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 57-1пункт менен толукталсын: 

«57-1. Банктын кызмат адамы кызматка дайындалганга (тандалып алынганга) чейин банкка жакын туугандарынын тизмесин берүүгө тийиш. Алар менен банктын ортосунда таламдар тартышы келип чыккандыгы тууралуу билген банктын кызмат адамы же кызматкери банк Башкармасына жана/же Директорлор кеңешине бул тууралуу дароо билдирүүгө милдеттүү.»; 

- төмөнкү мазмундагы 57-2 пункт менен толукталсын: 

«57-2. Банк орун алган таламдар тартышы тууралуу маалымат базасын түзүүгө тийиш». 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 9-глава менен толукталсын:  

«9. Банктын корпоративдик катчысы. 

62. Банктын уюштуруу түзүмүндө корпоративдик катчы кызмат орду уюштурулууга тийиш. Корпоративдик катчы банктын кызмат адамы болуп саналып, Директорлор кеңеши тарабынан шайланат. Банктын корпоративдик катчысынын өз алдынча кызматын банктын башка милдеттерин аткаруу менен айкалыштырууга Директорлор кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.  

63. Корпоративдик катчы акционерлердин жана Директорлор кеңешинин жалпы жыйынынын протоколдорун толтурат, алардын чечимдеринин аткарылышын контролдойт, банктын башкаруу органдары ортосунда корпоративдик тиешелүү мамилелердин камсыз болушуна көмөктөшөт жана Улуттук банк тарабынан аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/5 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө Жобонун: 

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 7-пункту төмөнкү редакциядагы 2-пунктча менен толукталсын:  

«7. Банктын тобокелдигин тескөө ар тараптуу негизде жана бир эле учурда бардык деңгээлдерде жүзөгө ашырылышы зарыл. Мында: 

1) банктын Директорлор кеңешинин жана башкармасынын иши тобокелдикти тескөө концепциясын жана жол-жоболорун аныктоого, алгылыктуу тобокелдик деңгээлин белгилөөгө жана контролдоонун шайкеш системасын түзүүгө багытталууга тийиш; 

2) Тобокелдиктерди тескөө жагында стратегиялык маселелерди кароо, анын күндөлүк абалына баа берүү, банк Башкармасынын ишине контролдукту камсыз кылуу, ошондой эле жаңы банктык технологияларды ишке киргизүүдө тобокелдиктерди аныктоо жана баа берүү Тобокелдиктерди тескөө комитетинин иши болуп саналат; 

3) структуралык бөлүмдөр деңгээлинде тобокелдикти тескөө орто звенонун жетекчилеринин жана тобокелдиктер боюнча баяндамаларды даярдоого байланыштуу функционалдык бөлүмдөрдүн ишин камтышы зарыл; 

4) банктын атынан тобокелдикти өзүнө алган адамдардын деңгээлинде тобокелдикти тескөө операциялык жол-жоболорду, ички контролдук жол-жоболорун жана банк жетекчилиги тарабынан белгиленген башка талаптар менен чектелет.»; 

- 12-пункту «сунушталган маалыматтын негизинде» деген сөздөн мурун «Тобокелдиктерди тескөө комитети тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Башкарма консолидацияланган негизде тобокелдиктердин аныкталышына жана өлчөнүшүнө, алардын олуттуулугуна баа берилишине жана тобокелдиктерди тескөө боюнча отчеттор менен тобокелдикти тескөө боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн мезгил-мезгили менен Директорлор кеңешине сунушталып турушуна жоопкерчиликтүү болот, бул тобокелдиктерди тескөө процессинин натыйжалуулугун жана шайкештигин камсыз кылууга өбөлгө түзөт.»; 

- 61-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аброй жоготуу тобокелдиги банктын соттук териштирүүлөргө катышуусунан, ЖМКларда алгылыксыз маалыматтардын орун алышынан жана натыйжада финансылык жоготууларга, депозиттердин агылып чыгышына же банк аброюн жоготууга дуушар болгон башка алгылыксыз жагдайлардан улам келип чыгышы мүмкүн.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы №40/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө нускоонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Нускоо ислам банктарына жана "ислам терезесине" ээ банктарына таркатылат.» 

- 26-пункту: 

төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«- алар, эч болбогондо, бир контролдоочу адамга же олуттуу катышуучуга ээ, мында контролдоочу адам же олуттуу катышуучу мамлекеттик органдар болуп саналган учурлар эске алынбайт;»; 

жетинчи абзацы «төлөөнүн экинчи булагы» деген сөздөн кийин «күрөө» деген сөз менен толукталсын; 

сегизинчи абзац «үчүнчү жактын тике пайдасы үчүн колдонулат» деген сөздөн кийин «, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан башка» деген сөздөр менен толукталсын,». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө Жобонун: 

- 1.1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1.2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр «, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктар деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.4-пунктундагы: 

«атайы орган» деген сөз алынып салынсын; 

«бүтүмдөр (келишимдер)» деген сөздөр «типтүү келишимдер» дегенге алмаштырылсын; 

- 1.5-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «Ислам» деген сөз алынып салынсын; 

- 2.3.1-пунктунун биринчи сүйлөмү «кардардын билдирмеси» деген сөздөн кийин «, же кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4.1. Иджара бүтүмү - бул, кардардын билдирмеси боюнча же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган кыймыл же кыймылсыз мүлктүн банк тарабынан өз менчигине атайын сатылып алынышын жана анын кардарга мезгил аралыгында мүлктүк ижарага берүү жана акы төлөнгөн негизде макулдашылган мөөнөткө ижарага берилишин караган бүтүм.». 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерге карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:  

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерге карата талаптар жөнүндө Жобонун: 

- преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жобонун талаптары операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына ээ коммерциалык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.»; 

- 2.1.1-пункт «, же кардар кайрылган учурга карата банктын менчигинде турган товарды» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.1.2-пункт «кардардын буйрутмасы боюнча келишим предмети» деген сөздөрдөн кийин «, же кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган» деген сөздөр менен толукталсын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө Жобонун: 

- 2.4-главасындагы: 

1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Иджара - бул, кардардын билдирмеси боюнча же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган кыймыл же кыймылсыз мүлктүн банк тарабынан өз менчигине атайын сатылып алынышын жана анын кардарга мезгил аралыгында мүлктүк ижарага берүү жана акы төлөнгөн негизде макулдашылган мөөнөткө ижарага берилишин караган бүтүм.»; 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Иджара келишими - ага ылайык, ижара берүүчү Ижарачы көрсөткөн кыймыл же кыймылсыз мүлктү же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган кыймыл же кыймылсыз мүлктү менчикке сатып алууга жана Ижарачыга мезгил аралыгында мүлктүк ижарага берүү жана акы төлөнгөн негизде макулдашылган мөөнөткө ижарага берилишин караган келишим.»; 

49-пункттун төртүнчү абзацындагы «кредиттерди» деген сөз «каржылоолорду» дегенге алмаштырылсын; 

49-пункттун бешинчи абзацындагы экинчи сүйлөмү төмөнкү мазмунда берилсин: 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу камына тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү жобого жана ички жол жоболорго ылайык банк ай сайын кам түзүү менен алардын сапатынын начарлашы көзкарашында бул активдерди баалоону жүзөгө ашырып турат.». 

 

Долбоор 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө" жобонун: 

- баш сөзү күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1-пунктунда “микрофинансылык уюмдары” деген сөздөр “, “ислам терезесине” ээ, микрофинансылык уюмдарды кошо алганда” сөздөрү менен толукталсын; 

- 53-пунктунда биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Мурабаха бүтүмү - бул  ФКМ тарабынан кардардын билдирмеси боюнча сатылып алынган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды бөлүп төлөө шартында сатуу каралган бүтүм.”; 

- II бөлүк төмөнкү мазмундагы 8-глава менен толукталсын: 

“8-глава  

Истиснаа жана параллель истиснаа бүтүмү 

154-5. Истиснаа бүтүмү - бул, анын шарттарына ылайык, өндүрүүчү тарабынан даярдалган же буйрутманын (долбоордун) негизинде куруучулар курган мүлк иш аягына чыккандан кийин алдын-ала макулдашылган баа боюнча буйрутмачыга өткөрүлүп берилген бүтүм. 

Мүлктүн наркына төлөө жана аны берүү келечекте ишке ашырылышы мүмкүн. 

154-6. Истиснаа келишиминин предмети болуп, макулдашылган баада буйрутманы аткарууга өндүрүүчү макулдук берген шартта, буйрутмачынын талабына ылайык өзгөчө мүнөздөмөлөргө ээ товарды же курулманы даярдоо саналат. 

154-7. Параллель Истиснаа - бул, эки өзүнчө келишимдин жардамы менен аракеттенген бүтүм. Биринчи келишимде ФКМ берүүчү катары иш алып барып буйрутмачы менен төлөө жана берүү келишимин түзөт. Экинчи келишимде ФКМ сатып алуучу катары иш алып барып, алгачкы келишим чегинде даярдоочу, курулуш иштерин тапшыруучу же берүүчү менен буйрутмачыга карата өзүнүн контрактык милдеттенмелерин аткаруу үчүн келишим түзөт. 

Мындай бүтүмдөрдү аткаруу процессинде ФКМ эки келишим ортосундагы баадагы айырмачылыктын эсебинен пайда көрөт. Эгерде экинчи келишим (б.а. истиснаа келишими, мында ФКМ даярдоочу, курулушчу же берүүчүлөр менен ушундай келишим түзүүгө тийиш) кийинчерээк түзүлө турган болсо, келишимдердин бири (б.а. буйрутмачы менен болгон келишим) дароо түзүлөт. 

Өндүрүүчү, курулуш иштерин тапшыруучу - ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам. 

Кардар - белгилүү спецификация боюнча истиснаа келишиминин предметин даярдоого буйрутма берүүчү юридикалык жак же жеке адам. 

154-8. Истиснаа келишимин түзүүдө кардар, тиешелүү материалдарды жана иштерди өндүрүүчү сунуштаган шартта, келишимдик милдеттенменин алкагында аны даярдагандан кийин, ага даяр өнүмдүү (продукцияны) берүү билдирмеси менен ФКМге кайрылат. Келишим түзгөн тараптар белгилүү өлчөмдө акы алуу менен товардын мүнөздөмөсүн аныкташат, аларга төлөө дароо же белгилүү бир убакыттан кийин төлөнүп берилет. 

ФКМ берилген финансылык документтердин негизинде мүлккө буйрутма берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү ишке ашырат. 

154-9. ФКМ жана кардар истиснаа келишимин, ФКМ кардарга сатылууга тийиш болгон келишим предметине менчик укугун же алардан келишим предмети даярдалып (же курулуп) жаткан материалдарга менчик укугун алганга чейин түзүшөт. 

154-10. Истиснаа келишими, даярдалууга тийиш болгон предметтин түрүн, сапатын жана санын, мүнөздүү өзгөчөлүгүн камтыган белгилүү шарттарды аткаруу учурунда макулдашып жаткан тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат. 

154-11. Истиснаа келишими кат формасында түзүлөт жана аткарылышы юридикалык жактан милдеттүү болуп саналат. Келишим түзгөн тараптар, алардын макулдашууларынан улам келип чыккан бардык милдеттенмелер жана натыйжалар боюнча бири-биринен байланыштуу болот. 

154-12. Даярдоочу келишим предмети болуп саналган товарды макулдашылган мезгил ичинде анын мүнөздөмөлөрүнө ылайык даярдоого милдеттүү

154-13. Келишимде келишим предметинин баасы, жеткирүү күнү, пайдаланылуучу ресурстар (эгерде келишимде башкасы каралбаган болсо, менчик же келишимди түзгөнгө чейинки башка жактар тарабынан өндүрүлгөн товарларды же өздүк товарларды тартуу менен) көрсөтүлөт. 

154-14. Келишим түзүүгө чейин, бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар кароого алынат. 

154-15. Келишим предметинин баасы келишим түзгөн учурга карата аныкталып, акчалай же материалдык каражаттар формасында төлөнүп берилиши мүмкүн. Баа белгилүү бир мезгил ичинде, мөөнөтү кийинкиге жылдырылып төлөнүшү мүмкүн же болбосо келишим предметин жеткирип берүү этап боюнча ишке ашырылса, баанын бөлүгү дароо төлөнүп, ал эми калган бөлүгү предметтин жеткирилишине же иштин аткарылышына жараша, жылдырылып төлөнүшү ыктымал. 

154-16. Истиснаа келишиминин операциялары боюнча баа, берүү күнүнүн өзгөрүүсүнө ылайык өзгөрүшү мүмкүн. Истиснаа келишиминин предметинин баасы "чыгымдар плюс катталган пайда" негизинде аныкталышы мүмкүн эмес. ФКМ сарптоолорго баа берүү жана келечектеги пайдаларды аныктоо үчүн башка дилерлердин жана берүүчүлөрдүн маалыматын пайдаланат. 

154-17. Истиснаа бүтүмү пайыздар алдында жөнөкөй каржылоо үчүн каражат болуп саналууга тийиш эмес. 

154-18. Истиснаа келишими түпкүлүгүндө келип, сатып алуучуга же куруучуга тиешелүү болгон белгилүү жер участкасындагы же аны пайдалануудан алардын ар бири пайда көргөн жерде кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн түзүлүшү мүмкүн. 

154-19. Өндүрүүчү банкрот болгон учурда, кардар баштапкы материалдардын наркынын бөлүгүн төлөп койгон болсо, бүткөрүлбөгөн өндүрүшкө карата артыкчылыктуу укукка ээ болот. 

154-20. Тараптар келишим предмети болуп саналган курулмалардын кайсы болбосун кемчилдиктери же техникалык жактан тейлениши үчүн өндүрүүчү жоопкерчиликтүү боло турган мөөнөттү белгилешет. 

154-21. Истиснаа келишими түзүлгөндөн кийин, тараптардын макулдашуусу боюнча өндүрүш жана курулуш үчүн мурда макулдашылган спецификацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле анын шартына ылайык баа корректировкалануу менен жаңы талаптарды аткаруу үчүн тиешелүү негиздерге таянган мезгил аралыгы сунушталган жаңы талаптарды киргизүүгө жол бөрилет. 

154-22. Төлөм мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча төлөм кармалбайт. Алдын ала төлөм үчүн, эгерде контракты түзүүдө ал каралбаган болсо да, жеңилдиктерге жол берилет. 

154-23. Күтүүсүз жагдайлар (форс-мажор) келип чыккан учурда, тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тартибинде өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал. 

154-24. ФКМ мурдагы иш тапшыруучу менен башталган долбоорду аяктоо үчүн иш тапшыруучуну алмаштырышы жана буйрутмачы менен истиснаа келишимин түзүшү мүмкүн. Бул учурда, долбоордун ошол учурдагы статусунун негизинде, буйрутмачынын эсебинен ага баа берүү талап кылынат. Ошондой эле, эгерде истиснаа келишиминин бүткөрүлбөй калуусунун натыйжасында төлөнбөй калган карыз орун алса, алар үчүн буйрутмачы жеке жоопкерчилик тартат. Андан ары, калган иштерди бүткөрүү үчүн жаңы истиснаа келишими түзүлөт. 

154-25. Буйрутмачыга тиешелүү болгон жерге имараттарды же коммуналдык курулмаларды куруу учурунда, эгерде ал келишимди аткарбаса же ишти белгиленген мөөнөттө бүткөрүп бере албаса, истиснаа келишими өндүрүүчүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат жана бул жобо, өндүрүүчү ишти токтоткон учурдан баштап күчүнө кирет. 

154-26. Эгерде иш тапшыруучу өз милдеттенмесин аткарууну уланта албай турган болсо, буйрутмачы (жер ээси) бүткөрүлбөгөн курулушту же даяр болуп калган коммуналдык курулманы иш тапшыруучуга ордун толтуруп бербей туруп, менчикке алууга укугу жок. Бул шарт, иш тапшыруучунун ишти уланта албаган себептерине жараша болот. 

Эгерде келишим иш тапшыруучунун күнөөсү боюнча аткарылбаган болсо, анда кардар курулган курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана курулуш иштерин тапшыруучу акыркы сатып алуучуга ал дуушар болгон иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын компенсациялап берүүгө тийиш. 

Эгерде келишимди аткарбай коюу, буйрутмачынын укук чегинен тышкары аракеттеринен улам келип чыкса, иш тапшыруучу бүткөрүлгөн иштин наркына барабар сумманы жана башка чыгымдар жана зыяндар үчүн компенсацияларды алууга укуктуу. 

Эгерде келишимдин аткарылбай калышына тараптардын биринин да тиешеси жок болсо, анда акыркы сатып алуучу тургузулган, курулуп жаткан курулмага гана укуктуу жана тараптардын бири да башка тараптын кесепетинен келип чыккан чыгымдардын жана зыяндардын компенсацияланышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

154-27. Мыйзамдарга келишим предметинин наркын көбөйтүүгө алып келүүчү өзгөртүүлөр киргизилген учурда, буйрутмачы кошумча сарптоолорго дуушар болот. 

154-28. Даярдоочу жана акыркы сатып алуучу катары иш алып барган ФКМ гарантия катары аванстык төлөмдү жүзөгө ашырып же келишим шарттары аткарылган учурда, баанын бөлүгүн түзгөн төлөөлөрдүн төлөнүшүн алардан талап кыла алат же келишим токтотулган шартта, айыптык төлөм кармалып калат. Бул сумма иш жүзүндө тартылган зыянга барабар болуусу абзел. 

154-29. Истиснаа келишиминде ФКМ өндүрүүчү же буйрутмачы катары иш алып баруусуна карабастан, ал өндүрүүчү же буйрутмачы менен мамилелерге карата өз укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн жетиштүү деп эсептеген гарантияларды талап кыла алат. Буйрутмачы катары иш алып барган ФКМ күрөө, жеке гарантия, укуктарды, күндөлүк эсептерди ыйгарып берүү же эсептен каражаттарды алууга бөгөт коюуга макулдук берүү формасында, өндүрүүчү талап кылган гарантияларды бере алат. 

154-30. Буйрутмачы катары иш алып баруучу ФКМ, өндүрүүчү менен макулдашуу шартында, техникалык тажрыйбага ээ, төлөө, берүү ж.б. боюнча келишимдердин жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышына квалификациялуу баа берүүгө жөндөмдүү консультант фирманы аныктай алат. 

154-31. Өндүрүүчү катары иш алып барган ФКМ, өзүнчө агенттик келишимди түзүшү мүмкүн, ага ылайык буйрутмачы келишим предметинин буйрутманын (долбоордун) мүнөздөмөсүнө ылайык даярдалышын камсыз кылуу максатында, даярдоо же курулуш иштерине көзөмөлдүктү жүргүзүү жагында ФКМдин агенти катары дайындалышы ыктымал. 

154-32. Истиснаа келишиминин аткарылышына көзөмөлдүк боюнча кошумча чыгашалар, тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнөт. 

154-33. Эгерде келишим предмети акыркы сатып алуучуга же ал тарабынан дайындалган адамга берилсе жана акыркы сатып алуучу келишим предметине толук контролдукту жүзөгө ашыра алса, өндүрүүчү милдеттенмеден бошотулат. 

154-34. Эгерде келишим предметинин абалы берүү күнүнө карата буйрутманын макулдашылган мүнөздөмөсүнө жооп бербесе, анда буйрутмачы андан баш тартууга же аны кабыл алууга укуктуу, бул баанын мүмкүн болуучу өзгөрүүсү менен келишим канааттандырарлык аткарылышын чагылдырат. 

154-35. Эгерде аны четтетүү үчүн негиз болбосо, буйрутмачы берилген келишим предметин кабыл алууга милдеттүү. Келишим предметин кабыл алуудан баш тартуу үчүн анын негиздери так чагылдырылышы зарыл. 

154-36. Негизсиз баш тартуу учурунда келишим предмети өндүрүүчүнүн ээлигинде калат, бул учурда өндүрүүчү келишим предметинен келип чыккан чыгымдар жана эыяндар үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайт, албетте эгерде, мындай чыгымдар жана зыяндар өндүрүүчүнүн этиятсыз мамилесинин же укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен келип чыкпаган болсо. Буйрутмачы келишим предметинин сакталышына кеткен чыгашаларды өз мойнуна алат. 

154-37. Келишим предметин берүү, аны акыркы сатып алуучунун ээлигине өткөрүп берген учурдан тартып, жүзөгө ашырылган катары саналат жана ал акыркы сатып алуучуга өндүрүш процесси бүткөрүлгөндөн кийин, келишим предметине контролдукту өзүнө алууга мүмкүндүк берет. Иштин бул баскычында келишим предметине карата өндүрүүчүнүн милдеттенмеси бүтүп, акыркы сатып алуучунун милдеттенмеси башталат. Акыркы сатып алуучу келишим предметине контролдукту өзүнө алгандан кийин, өндүрүүчү тарабынан этиятсыз мамиле же укукка жатпаган аракеттерге жол берилгендигин далилдөөсүз эле, келишим предметинен кийинчерээк келип чыккан кандай болбосун чыгымдар же зыяндар үчүн жоопкерчилик, акыркы сатыл алуучуга жүктөлөт. 

154-38. Эгерде буйрутмачы тарабынан белгиленген убакыт ичинде келишим предметин кабыл алууда күттүрүүлөр болсо, өндүрүүчү келишим предметин сатуу операциясында буйрутмачынын агенти катары иш алып бара алат. Бул учурда өндүрүүчү келишим предметин буйрутмачынын атынан сатат жана макулдашылган контракттык наркты алып салгандан кийин калган каражаттарды, албетте болгон болсо, буйрутмачыга кайтарып берет. Эгерде алынган баа келишимде макулдашылган баадан аз болсо, анда өндүрүүчү анын ордун толтуруп алуу максатында буйрутмачыга кайрылууга укуктуу. 

154-39. Буйрутмачы келишим предметин сатуу боюнча чыгаша тартат. 

154-40. Келишим предметин жеткирүү шарттарын бузууга жол бергендиги үчүн айыптык санкциялар, келип чыккан чыгымдар үчүн тиешелүү компенсация катары колдонулат. Эгерде кечиктирүү күтүлбөгөн кырдаалдардан улам (форс-мажор) келип чыкпаса гана, мындай компенсацияга уруксат берилет. 

Мында, төлөбөй койгондугу үчүн акыркы буйрутмачыга карата айыптык санкциялар жөнүндө белгилөөлөргө уруксат берилбейт. 

154-41. Келишим предметинин ФКМдин анык ээлигине ал өткөнгө чейин сатууга уруксат берилбейт. 

154-42. Буйрутмачы катары иш алып барган ФКМ, келишим предметине ээлик кылууга киришкенден кийин, ФКМдин буйрутмачыларына келишим предметин сатуу үчүн агент катары өндүрүүчүнү дайындай алат. Мындай учурда агенттик келишим истиснаа келишиминен өзүнчө түзүлөт. 

154-43. ФКМ мүнөздөмөлөргө ээ товарларга буйрутма бере алат. Кийинчерээк ФКМ, параллель истиснаа келишиминин негизинде сатуу максатында, экинчи тарап менен келишим түзөт жана мында ал, экинчи тараптын талаптарына жооп берген мүнөздөмөлөргө ээ товарларды өндүрүүчү же берүүчү катары иш алып баруу менен өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин аткарат. 

154-44. Буйрутмачыга бөлүп төлөө менен мындай товарларды сатуу максатында өндүрүүчү же берүүчү катары иш алып барган ФКМге истиснаа келишимин түзүүгө жана биринчи келишимде каралган товарларды сатып алуу жана аларды буйрутмачыга сатуу үчүн өндүрүүчүлөрдүн жана курулуш ишин тапшыруучулардын дароо төлөөсүнүн негизинде, параллель истиснаа келишимин түзүүгө уруксат берилет. Буга истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери өз-өзүнчө түзүлгөн шартта гана жол берилет, мында параллель келишиминде (параллель истиснаа) жеткирип берүү күнү, сатып алуу (истиснаа) боюнча баштапкы келишимде көрсөтүлгөн күндөн мурда келип жетпөөгө тийиш. 

154-45. ФКМ өндүрүүчү же берүүчү катары истиснаа келишимин түзгөн учурда буйрутмачыга келишим предметин өткөрүп бергенге чейинки мөөнөткө мүлктүк тобокелдик, техникалык жактан тейлөө жана камсыздандырууга кеткен сарптоолор боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. ФКМ даярдоочу менен түзүлгөн параллель истиснаа келишиминде буйрутмачыга карата анын милдеттеринен келип чыккан тобокелдик үчүн жоопкерчиликти ага (акыркыга) жүктөй албайт. 

154-46. Аларды түзүүдө эки келишим боюнча милдеттенмелердин (истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери) ортосундагы келишим байланыштарына жол берилбейт. Ошентип, адаттагы истиснаа келишимине катышкан тарапка анын параллель истиснаа келишими боюнча милдеттенмеси аткарылбагандыгынан улам, өз милдеттерин аткаруудан баш тартуусуна же келишим предметин өткөрүп берүүнү кечиктирүүсүнө же болбосо параллель истиснаа келишими боюнча товарлардын наркынын көбөйүүсүнөн улам, сунушталып жаткан товарларга бааны көбөйтүүсүнө уруксат берилбейт. 

Мында, ФКМ сатып алуучу катары иш алып барган параллель истиснаа келишимин түзүүдө тиешелүү шарттарды жана талаптарды караштыруу жагында анын укугу чектелбейт. Ал шарттарда жана талаптарда ФКМ берүүчү катары иш алып барган алгачкы истиснаа келишиминде, буйрутмачы чагылдырган шилтемелерден айырмаланган же ошондой эле айыптык санкцияларга тиешелүү шилтемелер да камтылат.”. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы №39/9 “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө 

жобонун: 

- баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Жобонун талаптары операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына (күбөлүгүнө) ээ микрофинансылык уюмдарга, “ислам терезесине” ээ, микрофинансылык уюмдарды кошо алганда жана кредиттик союздарга (мындан ары - ФКМ) таркатылат.”; 

- 20-пунктту “же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды” деген сөздөр менен толукталсын»; 

- 21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“21. Финансы-кредиттик мекемеси мурабаха келишимине ылайык кардардын буйрутмасы боюнча же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган келишим предметин өз атынан сатып алууга жана акыркыга бөлүп төлөө шартында сатууга милдеттенет.”; 

- 2-тиркеменин 10-пунктундагы экинчи сүйлөмү төмөнкү мазмунда берилсин: 

“Товарды колдонуу укугу Тараптар тарабынан Товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлган учурдан тартып, ФКМден Кардарга өтөт.”. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын №42/8 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобонун: 

 

- 1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Жободо, акча каражаттарын тартуу укугу каралган лицензияга ээ эмес, “ислам терезесине” ээ , микрофинансылык уюмдарды кошо алганда, өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) күбөлүгүнүн/лицензиясынын негизинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар үчүн активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камдар системасынын жалпы принциптери аныкталат.”; 

- 29-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзам тарабынан белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып үч жыл.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/3 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө"жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө Жободо: 

- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Жобонун талаптары операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына (күбөлүгүнө) ээ кредиттик союздарга (мындан ары кредиттик союздар) таркатылат.”; 

- 23-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзам тарабынан белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып үч жыл.».