Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбооруна 

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбоору (мындан ары  долбоор) Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди (мындан ары  БФКМ) лицензиялоо боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. 

Долбоор төмөндөгү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү камтыйт: 

- «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө» Жобосуна; 

- «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» Жобосуна; 

- «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобосу; 

- «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» Жобосуна; 

- «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобосуна; 

- «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобосуна. 

Бул долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын колдонуудагы банктык мыйзамдарынын чегинде жакшыртуу максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» мыйзамына (мындан ары  Административдик жол-жоболор мыйзамы) шайкеш келтирүү үчүн иштелип чыккан. 

Долбоор ошондой эле Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын чегинде БФКМдерди лицензиялоо боюнча жол-жоболорун тактоого багытталган. 

Жогоруда белгиленген жоболор Улуттук банк кабыл алган административдик актылары (Улуттук банктын мөөрүн коюу), БФКМ үчүн өтүнүчтөрдүн/ арыздардын типтүү формалары (керектүү реквизиттери), Улуттук банк кабыл алган чечимдерге (административдик актыларга) каршы даттанууну жол-жоболоштуруу жагынан иштелип чыккан. 

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын алдын ала талдоо жыйынтыгында сунушталган долбоордун ченемдери мыйзамдарга ылайык келгендиги аныкталды. 

Каралып жаткан долбоордун кабыл алуусу республикалык бюджетинин жана кызыкчылыктары бар ишкердик субъекттердин (жеке жана юридикалык жактардын, алардын бирикмелеринин) чыгымдарын көбөйтпөйт. Ошондой эле, ушул ченемдик укуктук актын кабыл алуусу улам келип чыгуучу терс социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт деп белгилейбиз. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын “__”________  

№___ токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзүнүн биринчи абзацындагы “Лицензиялоо жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө” дегенге алмаштырылсын; 

- “Жалпы жоболор” деп аталган 1-главанын 6-пункту төмөнкү мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын: 

“6-1. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган актыларды (лицензиядан тышкары), эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы белгиленбесе, Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынбайт.” 

- 9-пунктунун “г” пунктчасындагы “документтер;” деген сөз “мында, өтүнүч ээсинин уставында Улуттук банктын лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугу көрсөтүлүүгө тийиш;” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“11. Эгерде лицензия алуу үчүн документтер жана алмашуу бюросун/кошумча алмашуу бюролорун каттоодон өткөртүү жөнүндө каттар толук сунушталбаса же болбосо алар белгиленген талаптарга жооп бербесе (аныкталган кемчиликтер/дал келбестиктер нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүүдөн/кошумча алмашуу бюросун каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналган учурларды эске албаганда), Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү себептерин жазуу жүзүндө билдирүү менен мындай документтерди жеткире иштеп чыгууга өтүнүч ээсине кайтарып берет.”; 

- 12-пункттагы “аны” деген сөз “/жеткире иштелип чыккан документтерди” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 13-пункттагы “Ыйгарым укуктуу” деген сөздөр “Жоопкерчиликтүү” дегенге алмаштырылсын; 

- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“16. Лицензия берүү жана алмашуу бюросун каттоодон өткөртүү жөнүндө катты сунуштоо/баш тартуу чечими Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/көзөмөл жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (областтык башкармалыктарда жана өкүлчүлүктө областтык башкармалыктын начальниги/Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору) тарабынан өтүнүч кат жана ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтер сунушталгандан кийинки 30 календардык күн ичинде кабыл алынат. Алмашуу бюросун каттоодон өткөртүү жөнүндө катка Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги (областтык башкармалыктарда жана өкүлчүлүктө областтык башкармалыктын начальниги/Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору) тарабынан кол коюлат.”; 

- 17-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

“Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү кабыл алынган чечим тууралуу маалыматты ал кабыл алынгандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде жазуу жүзүндө өтүнүч ээсине маалымдайт.”; 

- 33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“33. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү өтүнүч кат жана ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылгандан кийинки 15 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртөт жана каттоо номерин ыйгаруу менен кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты сунуштайт. 

Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул жобонун 44-пунктунун 1-2, 6, 8 жана 13-14-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу.”; 

- 44-пункттагы: 

2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2) экиден көп жолу - ушул жобого ылайык лицензия алуу үчүн талап кылынган документтер сунушталбаса/толук сунушталбаса, жана/же белгиленген талаптарга жооп бербеген документтер сунушталса;”, 

7-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын, 

8-пунктчадагы “(лицензияны кайра каттоодон өткөртүүдө)” деген сөздөр “(анын ичинде, лицензияны кайра каттоодон өткөртүүдө)” дегенге алмаштырылсын;”, 

14-пунктча төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: 

Өтүнүч ээси ушул пункттун 1-4, 6-8 жана 12-14-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздемелерди четтеткен шартта, кайталап сунушталган өтүнүч кат жалпы негиздер боюнча кароого алынат.”; 

- 45-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“45. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү лицензия берүүдөн баш тартуу чечими кабыл алынгандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде ал тууралуу жазуу жүзүндө өтүнүч ээсине маалымдайт.”; 

- 46-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“46. Өт;үнүч ээси (лицензиат) Улуттук банктын өтүнүч катты кайтаруу, лицензия берүүдөн жана алмашуу бюросун/кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер боюнча Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык даттануу менен кайрылышы мүмкүн.”; 

- “Эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуу, анын ичинде лицензияны кайтарып алуу тартиби” деген 6-главанын 50-пункту төмөнкү мазмундагы 50-1-пункт менен толукталсын: 

“50-1. Лицензиат, Улуттук банк тарабынан алмашуу бюросуна карата эскертүү чаралары жана санкциялардын колдонулушу жөнүндө, анын ичинде лицензияны кайтарып алуу же болбосо анын аракетин токтотуу жөнүндө чечими менен макул эмес болгон учурда, Улуттук банктын мындай чечимдерине карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык даттануу менен кайрылышы мүмкүн.”; 

- 6-тиркемедеги “(юридикалык жактын аталышы)” деген сөз “(юридикалык жактын аталышы жана дареги)” дегенге алмаштырылсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобо (мындан ары жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык компаниялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодон өткөртүү жөнүндө” мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана анда микрокредиттик компанияларды (мындан ары МКК) жана микрокредиттик агенттиктерди (мындан ары МКА), анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган (банк мыйзамдарында каралган атайы терминологияны эске алуу менен) МКК жана МКАларды түзүү жана лицензиялоо тартиби, ошондой эле МКК жана МКАлардын кызмат адамдарына карата талаптар, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү, МКК жана МКАлардын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби, МККнын иш чөйрөсүн кеңейтүү тартиби аныкталган.”; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7. Улуттук банктын тиешелүү күбөлүгүнүн негизинде МКК/МКА, жеке адамдардан жана/же юридикалык жактардан “Кард-Хасан” жана “Мудараба” бүтүмдөрү боюнча акча каражаттарын тартууну эске албаганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышы мүмкүн.”; 

- 14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“14. Эгерде МКК/МКА Улуттук банкка ушул жободо белгиленген документтерди толук эмес көлөмдө сунуштаса же болбосо алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе Улуттук банк жазуу жүзүндө себептерин көрсөтүү менен документтер топтомун кароо үчүн бөлүнгөн мөөнөт ичинде документтерди жеткире иштеп чыгууга кайтарып берүүгө укуктуу.”; 

- “Жалпы жоболор” деп аталган 1-главанын 16-пункту төмөнкү мазмундагы 16-1 жана 16-2-пункттар менен толукталсын: 

“16-1. Ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер же болбосо чечимдер жөнүндө маалымат (МКК/МКА) жазуу жүзүндө, эгерде ушул жободо башка мөөнөт белгиленбесе, чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде өтүнүч ээлерине тааныштырылат. 

16-2. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган актыларды (лицензияны, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорун эске албаганда) Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынбайт.”; 

- 17-пункттун: 

8-пунктчасындагы “уюштуруучулар (катышуучулар)” деген сөздөр “- жеке адамдар” деген сөздөр менен толукталсын; 

9-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

“9) уюштуруучулар (катышуучулар) юридикалык жактар тууралуу маалымат (уюштуруу документтеринин жана ошол юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган, юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу документтин көчүрмөлөрү).”; 

- 19-пункттагы: 

“алардын” деген сөз алынып салынсын; 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “документтердин талабын канааттандырган” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 22-пункттагы “макулдашуудан баш тарта алат” деген сөздөр “Улуттук банк талапкерлердин белгиленген минималдуу талаптарга жооп бербөөсүн аныктай алат” дегенге алмаштырылсын, 

- 23-пункттагы: 

“Кредиттөө боюнча бөлүмдүн жетекчисин, башкы бухгалтерин, начальнигин, Шариат кеңешинин Төрагасын жана мүчөлөрүн, МКК/МКАнын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальнигин/кызматкерин” деген сөздөр “Ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн МКК/МКАнын кызмат адамдарын” дегенге алмаштырылсын, 

“жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн МКК/МКАнын кызмат адамдары белгиленген талаптарга жооп бербеген шартта, Улуттук банк 30 (отуз) календардык күн ичинде МКК/МКАга кат жүзүндө тиешелүү билдирүү жөнөтөт. МКК/МКА катта көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Улуттук банкка альтернативалуу талапкерлердин тизмегин сунуштоого тийиш.”; 

- 37-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“37. Кыргыз Республикасынын аймагында МКК/МКАнын филиалын жана өкүлчүлүгүн ачуу үчүн Улуттук банкка жайгашкан орду боюнча төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) филиал/өкүлчүлүк ачуу жөнүндө өтүнүч (5-тиркеме); 

2) ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиал/өкүлчүлүк ачуу жана МКК/МКАнын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечиминин түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

3) филиал/өкүлчүлүк ачууга байланыштуу тиешелүү маалымат камтылган уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

4) МКК/МКАнын филиалы/өкүлчүлүгү жөнүндө жобонун түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

5) МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын жетекчини, башкы бухгалтерди (болгон болсо), кредиттөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигин жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигин/кызматкерди (болгон болсо) дайындоо жөнүндө буйругунун көчүрмөсү

6) ушул пункттун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар тууралуу маалымат (аты-жөнү, билими, иш тажрыйбасы). 

Чет мамлекеттердин аймагында филиал жана өкүлчүлүк ачууда МКК/МКА Улуттук банктын уруксатын алуу үчүн ушул пункттун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди жайгашкан жери боюнча сунуштайт.”; 

- 39-пункттагы: 

“/жабуу” жана “алар” деген сөздөр алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “документтердин талабын канааттандырган түрдө” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 40-пункттагы: 

“филиалды жана өкүлчүлүктү” деген сөздөр “филиалды/өкүлчүлүктү” дегенге алмаштырылсын, 

“макулдук берүү катын” деген сөздөр “жана МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өтүү үчүн макулдук каты” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 41-пункттагы: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

“МКК/МКА филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик каттоодон өткөртүүдөн кийинки жана уставга филиалды жана өкүлчүлүктү ачууга байланыштуу өзгөртүүлөр/толуктоолор киргизилгенден кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү катын сунуштоого милдеттүү:”; 

3 жана 4-пунктчалардагы “(филиалды жана өкүлчүлүктү ачууда)” деген сөздөр алынып салынсын; 

5-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- “Филиал жана өкүлчүлүк ачуу тартиби” деген 6-главадагы 41-пункт төмөнкү мазмундагы 41-1 жана 41-2-пункттар менен толукталсын: 

“41-1. Кыргыз Республикасынын аймагында же чет мамлекетте филиалды жана өкүлчүлүктү жабууда МКК/МКА тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн, филиалды/өкүлчүлүктүн иши токтотулган күндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү катты сунуштайт: 

- МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу органынын филиалды/өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү

- юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн филиалдын/өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө билдирменин көчүрмөсү

Филиалды/өкүлчүлүктү жабууга байланыштуу МКК/МКАнын уставына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү, уставга төмөнкү кезекте өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү менен ишке ашырылат. 

41-2. МКК/МКА, филиалдын жана өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиалдын/өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө документинин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү катты Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.”; 

- 44-пункттун 5-пунктчасындагы “маалымат камтылган документтер” деген сөздөр “(бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уставдык капиталды көбөйтүүдөн тышкары)” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 47-пункттагы: 

“алар” деген сөз алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “документтердин талабын канааттандырган түрдө” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 67-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“МКК/МКАга ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга күбөлүктү берүү жол-жобосунун токтотулушу күбөлүктү берүү чечимин кабыл алуу мөөнөтүн да токтотот.”; 

- 68-пункттагы: 

“аларды” деген сөз алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “документтердин талабын канааттандырган түрдө” деген сөздөр менен толукталсын; 

- жобонун “Уюштуруу документтерин кароодон жана күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер” деп аталган 10-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“10. Күбөлүк берүүдөн жана/же МКК/МКАны, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо/кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер”; 

- 74-пункттагы: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Төмөнкү учурларда МКК/МКАга күбөлүк берүүдөн жана/же МКК/МКАны, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо/кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартылышы мүмкүн:”; 

2-пунктчадагы “күбөлүк алуу үчүн сунушталган уюштуруу же башка документтер,” деген сөздөр “сунуштаган уюштуруу же башка документтер” дегенге алмаштырылсын; 

- 75-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“75. Өтүнүч ээсине МКК/МКАны, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо/кайра каттоого макулдук берүүдөн жана/же күбөлүк берүүдөн баш тартылган учурда, Улуттук банк кат жүзүндө далилдүү жооп берүү менен сунушталган уюштуруу документтеринин түп нускаларын күбөлүк берүү үчүн белгиленген мөөнөт ичинде өтүнүч ээсине кайтарып берет, ал эми документтердин экинчи нускасы кайтарылып берилүүгө тийиш эмес.”; 

- 76-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 80-пункттагы: 

- “алар” деген сөз алынып салынсын, 

- “Улуттук банкка” деген сөздөр “документтердин талабын канааттандырган түрдө” деген сөздөр менен толукталсын; 

- “МККны лицензиялоо өзгөчөлүгү” деп аталган 11-главанын 83-пункту төмөнкү мазмундагы 83-1-пункт менен толукталсын: 

“83-1. Өтүнүч ээси (ММК) Улуттук банктын лицензия берүүдөн баш тартуу чечими менен макул эмес болгон учурда, ушул жобонун 76-пунктуна ылайык мындай чечим боюнча даттануу менен кайрылышы мүмкүн.”; 

- “Жоюу жана кайра өзгөртүп түзүү” деп аталган 12-глава төмөнкү мазмундагы “Улуттук банктын чечими боюнча даттануу менен кайрылуу тартиби” деген 13-глава менен толукталсын: 

“13. Улуттук банктын чечими боюнча даттануу менен кайрылуу тартиби 

92. Аларга карата чечим кабыл алынган же чечимде алардын кызыкчылыгы козголгон өтүнүч ээси жана/же башка таламдаш адамдар Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган чечимдер боюнча Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өтүнүч менен кайрылышы мүмкүн.” 

- 5-тиркемедеги “МКК/МКАнын аталышы” деген сөздөр “жана юридикалык дареги” деген сөздөр менен толукталсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзүндөгү “, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 6-пункттагы “лицензия алууга” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 8-пункттун 2-пунктчасындагы жана 9-пункттун 2-пунктчасындагы “(кошумча лицензияга ээ болсо”) деген сөздөр алынып салынсын; 

- 14-пункттагы:  

“МФКны түзүү учурунда” деген сөздөр “, ошондой эле андан кийин жайгашкан орду өзгөргөн учурда” деген сөздөр менен толукталсын”, 

“ачылышы учурунда” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 18-пункттагы “алар” жана “(анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында)” деген сөздөр алынып салынсын; 

- “Жалпы жоболор” деп аталган 1-главанын 20-пункту төмөнкү мазмундагы 20-1 жана 20-2-пункттар менен толукталсын: 

“20-1. Ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер же чечимдер боюнча маалымат кат жүзүндө өтүнүч ээсине (МФК, МКК/МКА жана КС), эгерде ушул жободо башка мөөнөт белгиленбесе, мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде маалымдалат. 

20-2. Ушул жобонун алкагында кабыл алынган Улуттук банктын актыларын (лицензияларды, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорун эске албаганда) Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынат.”; 

- 27-пункттун 2-пунктчасындагы “сертификат” деген сөз “же башка документ” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 37-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“37. Талапкер шайланган/дайындалган, ошондой эле кызмат адамдарынын курамы өзгөртүлгөн учурдан кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде МФК жайгашкан жери боюнча төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка шайлоо/дайындоо жана/же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу билдирмени сунуштоого милдеттүү

1) МФКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын шайлоо/дайындоо жөнүндө чечими (МФКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). 

2) милдетин аткаруучуну дайындоо жөнүндө буйрук (МФКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн эске албаганда, ушул жобонун 25-пунктунда белгиленген кызмат адамдары Улуттук банк менен макулдашуу мезгил аралыгы ичинде милдетин аткаруучу катары дайындалат. Андан кийин, Улуттук банк талапкердин белгиленген талаптарга жооп берүүсү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин МФК дайындалгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде дайындоо жөнүндө буйрукту Улуттук банкка сунуштайт (МФКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). 

3) белгиленген формада анкеталар (1-тиркеме); 

4) жобонун ушул главасына ылайык талап кылынган башка документтер (белгилүү бир областтарда окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттар жана/же башка документтер). 

МФКнын Башкармасынын төрагасы жана башкы бухгалтери кызмат ордуна талапкерлер боюнча жогоруда белгиленген документтерге кошумча банк же финансы чөйрөсүндө иштеген же учурда иштеп жаткан адамдардын кеминде 2 (эки) сунуш-көрсөтмөсү берилет. 

Ошол эле МФКда жаңы мөөнөткө шайланган Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагалары жана мүчөлөрү Улуттук банк менен макулдашылбайт.”; 

- 40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“40. Улуттук банктын талапкерди макулдашууда ага макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө билдирүүсү МФКга тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде жөнөтүлөт. 

МФКнын Директорлор кеңешинин төрагасы, Башкарманын төрагасы, Шариат кеңешинин төрагасы жана башкы бухгалтери кызмат орундарына талапкерди макулдашууда ага макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө чечим Төраганын орун басары/көзөмөл жана лицензиялоо маселесин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат. 

Ал эми МФКнын Директорлор кеңешинин, Башкарманын мүчөлөрү, Шариат кеңешинин мүчөлөрү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кызмат орундарына талапкерди макулдашууда макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө чечим МФКны лицензиялоо ишине жооптуу Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү тарабынан кабыл алынат.”; 

- 48-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 60-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“МФКны түзүүдө ага лицензия берүү учурунда (7 жана 8-тиркемелер) лицензияга карата чектөө баракчасында МФКга карата кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында кайтарымдуулук шарттарында, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна/кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында “мудараба” бүтүмү боюнча жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна чектөөлөр белгиленет”; 

- 6-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“6-глава. МФКнын лицензиясындагы жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алууга чектөөнү алып салуу тартиби”; 

- 67-пункттагы “лицензия (мындан ары  аманаттарды тартуу укугуна кошумча лицензия) берүү” деген сөздөр “лицензияда белгиленген чектөөнү алып салуу (мындан ары  чектөөнү алып салуу)” дегенге алмаштырылсын; 

- 68-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Аманаттарды тартуу укугуна кошумча лицензия алууга ниеттенген МФК чектөөнү алып салууга өтүнүчтү сунуштоого чейин кеминде 1 (бир) жыл мурда Улуттук банкка жайгашкан жери боюнча жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын (кайтарымдуулук, мөөнөтүүлүк жана төлөөгө жөндөмдүүлүк) жүзөгө ашыруу жөнүндө катты сунуштоого тийиш, анда ошондой эле ушул жобонун 70 жана 71-пункттарынын талабын аткаруу боюнча милдеттенме камтылууга тийиш.”; 

- 69-пункттун үчүнчү абзацындагы “кошумча лицензияны алганга” деген сөздөр “чектөөнү алып салуу” дегенге алмаштырылсын; 

- 71-пункттун биринчи абзацындагы “кошумча лицензияны алууга” деген сөздөр “чектөөнү алып салууга” дегенге алмаштырылсын; 

- 72-пункттагы “лицензия алууга” деген сөздөр “чектөөнү алып салууга” дегенге алмаштырылсын; 

- 74-пункттун биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы “кошумча лицензия алуу” деген сөздөр “чектөөнү алып салуу” дегенге алмаштырылсын; 

- 75-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“75. Улуттук банк, аманаттарды тартуу укугуна чектөөлөрдү алып салуу үчүн МФК тарабынан сунушталган документтерди ушул жобонун 5-главасында белгиленген тартипте жана мөөнөттө ушул главанын талаптарын эске алуу менен кароого алат, ошондой эле МФК жана сунушталган документтер ушул жобонун жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берсе, ошондой эле МФК чектөөлөрдү алып салуу үчүн жетиштүү негиздемелерге ээ болсо Улуттук банк аманаттарды тартуу укугуна чектөөнү алып салуу менен МФКнын лицензиясына карата чектөө баракчасын алмаштырууну ишке ашырат (7, 8, 9 жана 10-тиркемелер).”; 

- 81-пункттагы “/жабуу” жана “(филиалды ачууда)” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 82-пункттагы “/жабуу” деген сөз алынып салынсын; 

- 84-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“84. Филиалды мамлекеттик каттоодон өткөртүүдөн кийин МФК каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка бир нускада төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен билдирүү катын сунуштоого милдеттүү

1) МФКнын мөөрү менен тастыкталган, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган Филиал жөнүндө жобонун көчүрмөсү

2) МФКнын мөөрү менен тастыкталган, филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.”; 

- 86-пункттагы “/жабуу” жана “(өкүлчүлүктү ачууда)” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 87-пункттагы “/жабуу” деген сөз алынып салынсын; 

- 89-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“89. Мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин МФК өкүлчүлүгү катталган учурдан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде төмөнкү документтерди жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка бирден нускада берүүгө милдеттүү

1) МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун көчүрмөсү;  

2) өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.”; 

- “Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу” деген 7-главасы: 

84-пункттан кийин төмөнкү мазмундагы 84-1 жана 84-2 пункттар менен толукталсын: 

“84-1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы же чет мамлекеттеги филиалы жабылган учурда МФК тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн филиалдын иши токтотулгандан тартып 10 (он) календардык күн ичинде, жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү билдирүү катты (11-1-тиркеме) сунуштайт: 

- МФКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалды жабуу тууралуу чечиминин көчүрмөсү

- юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн, филиалдын ишинин токтотулгандыгынын катталгандыгы тууралуу билдирменин көчүрмөсү

Филиалдын жабылгандыгына байланыштуу, МФКнын уставына өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор уставга кезектеги өгөртүүлөр жана/же толуктоолор жүзөгө ашырылган учурда МФК тарабынан киргизилет. 

84-2. МФК филиалдын ишинин токтотулгандыгы мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиалдын ишинин токтотулгандыгы катталгандыгы тууралуу документинин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен билдирүү катты сунуштоого милдеттүү.”; 

89-пункт төмөнкү мазмундагы 89-1 жана 89-2-пункттар менен толукталсын: 

“89-1 Кыргыз Республикасынын аймагындагы же чет мамлекеттеги өкүлчүлүгү жабылган учурда МФК тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн филиалдын иши токтотулгандан тартып 10 (он) күн ичинде, жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү билдирүү катты сунуштайт: 

- МФКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын өкүлчүлүктү жабуу тууралуу чечиминин көчүрмөсү

- юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн, өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгы каттоодон өткөндүгү тууралуу билдирменин көчүрмөсү

Өкүлчүлүктүн жабылгандыгына байланыштуу, МФКнын уставына өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор МФК тарабынан уставга кезектеги өгөртүүлөр жана/же толуктоолор жүзөгө ашырылган учурда киргизилет. 

89-2. МФК өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгы мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгы каттоодон өткөндүгү тууралуу документтин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен билдирүү катты сунуштоого милдеттүү.”; 

- 91-пункттагы “филиалдарды жана” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 92-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2) МФК филиалынын жайгашкан жери өзгөргөн учурда анын дареги өзгөргөн учурдан тартып 15 (он беш) календардык күн ичинде филиалдын жайларынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан түзүлгөн техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу боюнча талапка ылайык келээри тууралуу актыны кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка билдирет;”; 

- 96-пункттун “г” пунктчасынын: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- өтүнүч берилген күнү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсепке уставдык капиталды көбөйтүү үчүн акча каражаттардын толук салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы топтомо эсептин көчүрмөсү);”, 

алтынчы абзац “тезмегинде аныкталган документтер” деген сөздөн кийин “(уставдык капитал бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйтүлгөн учурларды эске албаганда)” деген сөздөр менен толукталсын. 

- 107-пунктундагы “мезгили” деген сөз “мөөнөтү” дегенге алмаштырылсын; 

- 124-пункттун үчүнчү абзацы “өтүнүч кат” деген сөздөрдөн кийин “13-тиркемедеги форма боюнча анкетаны кошо тиркөө менен” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 125-пунктундагы “өтүнүч кат” деген сөздөр “жана талаптарды канааттандырган документтерди” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 141-пунктундагы “кат жүзүндө” деген сөздөр “мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде” деген сөздөр менен толукталсын; 

- “МФКны кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу” деген 14-главадан кийин «Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби” деген 15-глава менен толукталсын: 

“15-глава. Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби 

146. Улуттук банк тарабынан ушул Жобонун алкагында кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өтүнүч ээлери жана/же аларга карата чечим кабыл алынган же кабыл алынган чечимдер алардын кызыкчылыгына зыян келтирген башка кызыкдар адамдар тарабынан даттанылышы мүмкүн.”; 

- 1-тиркеменин: 

14-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи, тогузунчу, он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын: 

“*Сунуш-көрсөтмөлөр талапкер мурда иштеген жерде иштеген же ал менен ишкер мамиледе болгон адамдар тарабынан сунушталат. Сунуш-көрсөтмөдө талапкердин аты-жөнү, иштеген орду, кызматы, телефону, факс, электрондук почтасынын дареги жана жашаган дареги көрсөтүлүүгө тийиш. Мында төмөнкүлөр сунуш-көрсөтмө беришпейт: 

1) Улуттук банктын кызматкерлери; 

2) кайсы болбосун туугандары; 

3) талапкерди сунуштаган МФКнын жетекчилери жана кызматкерлери. 

Сунуштап жаткан адамдын колтамгасынын аныктыгы анын иштеген жеринен же нотариалдык жактан тастыкталууга тийиш. 

23-пункттун 1-таблицасында “уюштуруучулардын” деген сөз “жарандарынын” дегенге, “2-таб” деген сөз “ушул анкетанын 15-пунктунун таблицасы” дегенге алмаштырылсын, 

25-пункттагы “, акцияга ээлик кылуудан тышкары,” жана “(*) Кызмат адамдар “Кыргыз Республикасынын эл аралык финансылык уюмдарга мүчө болуу жөнүндө” мыйзамга ылайык аныкталган, эл аралык финансылык уюмдардын өкүлдөрү анкетанын 15, 16, 18, 21, 24-пункттарынын ордуна дайындалган адамдын жетекчисинин кызматтык координаттарын көрсөтүү менен эл аралык финансылык уюмдун атынан тиешелүү кызмат адам тарабынан банкка дайындалгандыгы тууралуу чечимдин көчүрмөсүн сунушташат” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 11-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

“Микрофинансылык компаниялардын ишин  

лицензиялоо жөнүндө жобого карата 11-тиркеме  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

 

МФКнын филиал ачуу тууралуу 

өтүнүч катынын үлгүсү 

 

________________________________ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

Ушуну менен “___________________________________________” 

(МФКнын аталышы) 

______________________________________________________ ылайык 

(Уставдын негизинде филиал ачуу тууралуу чечим кабыл алган МФКнын башкаруу органынын аталышы) 

 

________________________________________________________________________________________  

(калктуу пункттун аталышы, жайгашкан жери) 

филиал ачуу тууралуу өтүнүч менен кайрылат.  

 

Бул филиал төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүү укугуна ээ:  

-  

-  

(МФКга Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын алкагында филиал жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашыруу филиалга өткөрүлүп берилген бардык операциялар жана бүтүмдөр көрсөтүлөт).  

Жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан дайындалды: ____________ 

(Аты-жөнү)  

Тиркеме: филиалдын жетекчисине жана башкы бухгалтерге кадрлардын эсебин жүргүзүү баракчасынын көчүрмөсү, ишеним кат, бардыгы__________барактан турат.  

 

МФК сунушталган маалыматтын аныктыгына толугу менен жооп берет.  

  

МФКнын аткаруу органынын жетекчиси (колтамгасы) Аты-жөнү.  

МФК мөөрү “____” ______________ 20__ -ж”; 

 

- 11-тиркемеден кийин төмөнкү мазмундагы 11-1-тиркеме менен толукталсын: 

 

 

“Микрофинансылык компаниялардын ишин  

лицензиялоо жөнүндө жобого” карата 11-1-тиркеме  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

 

МФКнын филиалдын жабылышы тууралуу  

билдирмесинин үлгүсү 

________________________________ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

Ушуну менен “_________________________________________”   

(МФКнын аталышы) 

_________________________________________________________________________________ылайык 

(Уставдын негизинде филиал ачуу тууралуу чечим кабыл алган МФКнын башкаруу органынын аталышы) 

 

_______________________________________________________________________________ жайгашкан  

(калктуу пункттун аталышы, жайгашкан жери) 

филиалды жабуу ниети тууралуу билдирет. 

 

 

МФКнын (**):  

- ушул филиалда тейлөөгө алынышкан кардарлар жана кредиторлор алдында;  

-  бюджет алдында милдеттенмеси жок.  

Активдери жана пассивдери МФКнын балансына өткөрүлүп берилген.  

МФК сунушталган маалыматтын аныктыгына толугу менен жооп берет.  

  

МФКнын аткаруу органынын жетекчиси (колтамгасы) Аты-жөнү  

МФКнын мөөрү “____” ______________ 20__ ж”; 

 

- 12-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

“Микрофинансылык компаниялардын ишин  

лицензиялоо жөнүндө жобого карата 12-тиркеме  

   

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

 

МФКнын өкүлчүлүк ачуу жөнүндө өтүнүчүнүн үлгүсү 

________________________________ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

Ушуну менен “__________________________________________”   

(өкүлчүлүк ачып жаткан МФКнын толук аталышы жана анын лицензиясынын номери) 

______________________________________________дарек боюнча өкүлчүлүк ачуу өтүнүчү менен кайрылат. 

(өкүлчүлүктүн жайгашкан орду, телефону, факсы жана өкүлчүлүктүн эсептешүү эсеби ачылган МФКнын аталышы көрсөтүлөт) 

Өкүлчүлүк ачуу тууралуу чечим _________ 

_______________________________________________________, 

(МФКнын өкүлчүлүк ачуу тууарлуу чечим кабыл алган башкаруу органы көрсөтүлөт) 

_________________-______________________________ максатында кабыл алынган.  

(өкүлчүлүк ачуу максаты көрсөтүлөт) 

 

Өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп дайындалган: _________________ 

(Жетекчинин аты-жөнү)  

Тиркеме: өкүлчүлүктүн жетекчисине карата кадрлар эсебин жүргүзүү баракчасынын көчүрмөсү, ишеним каты _______ барактан турат.  

  

МФКнын аткаруу органынын жетекчисинин аты-жөнү (кол тамгасы).  

МФКнын мөөрү “20__ -ж. “____” ______________”; 

- 13-тиркеменин баш жагында “Уюштуруучу (акционер)” сөзү “МФК” деген аббревиатура менен толукталсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзүндө “, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары” сөздөрү алынып салынсын; 

- 13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“13. Эгерде Улуттук банкка ушул жобо менен белгиленген документтер толук эмес көлөмдө берилсе же болбосо документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана ушул жободо белгиленген талаптарга дал келбесе, Улуттук банк ушул жобонун талаптарына ылайык документтерди кароо үчүн каралган мөөнөттө кайтаруу себептерин кат жүзүндө көрсөтүү менен документтерди кайра иштеп чыгууга кайтарууга укуктуу.”; 

- “Жалпы жоболор” деп аталган 1-главанын 16-пунктту төмөнкү мазмундагы 16-1 жана 16-2-пункттар менен толукталсын: 

“16-1. Ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер же чечимдер боюнча маалымат кат жүзүндө өтүнүч ээсине (кредиттик союз), эгерде ушул жободо башка мөөнөт белгиленбесе, мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде маалымдалат. 

16-2. Улуттук банктын ушул жобонун алкагында кабыл алынып жаткан актылары (лицензияларын, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорун эске албаганда) аталган банктын мөөрү менен тастыкталышын талап кылбайт.”; 

- 17-пункттун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“5) 3-тиркемеде белгиленген форма жана талаптар боюнча кызмат адамдарынын (башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, байкоо кеңешинин (эгерде кеңеш болгон болсо) төрагасы), башкы бухгалтердин анкеталары (эгерде кредиттик союз ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырууну ниеттенип жатса, ошондой эле Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн анкетасы берилет), ошондой эле маалымат жана ушул жободо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга алардын дал келүүсүн тастыктоочу документтер (сертификаттар жана/же башка ушул сыяктуу документтер, дипломдун көчүрмөлөр, зарылчылыкка жараша эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү);”; 

- 18-пунктта “Улуттук банкка” деген сөздөр “документтердин талаптарын канааттандыруучу түрдө” сөздөрү менен толукталсын; 

- 23-пунктта “кароого алат” деген сөздөр “жана эгерде сунушталган талапкер боюнча ушул жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер орун алган болсо, кредиттик союзга тиешелүү кызмат ордуна альтернативалуу талапкерди сунуштоо талабы менен тиешелүү кат-билдирмени жөнөтөт” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 25-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Ушул жободо каралган талапкердин документтерин кароо жол-жобосунун токтотулуп турушу, ушул жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде токтотулуп турат.”; 

- 38-пунктта: 

“алар” сөзү алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “документтердин талаптарын канааттандыруучу түрдө” сөздөрү менен толукталсын; 

- 43-пунктта: 

“алар” сөзү алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” сөзү “документтердин талаптарын канааттандыруучу түрдө” сөздөрү менен толукталсын; 

- 51-пунктта: 

“алар” деген сөз алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “документтердин талаптарын канааттандыруучу турдө” сөздөрү менен толукталсын; 

- 55-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кредиттик союздун жабуу жөнүндө чечими кредиттик союздун жалпы чогулуушусу менен кабыл алынат. Кредиттик союз тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн филиал ишинин токтотулган күнүнөн тартып 10 жумуш күн ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөрдү сунуштоого милдеттүү

1) филиалды жабуу жөнүндө өтүнүч каты (9-тиркеме); 

2) протокол (кредиттик союздун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү) филиалды жабуу жөнүндө кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушуусунан көчүрмө

3) юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталган филиал ишинин токтотулушун каттоо жөнүндө өтүнүч каттын көчүрмөсү (кредиттик союздун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). 

Кредиттик союз тарабынан филиалдын жабылышына байланыштуу уставга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор уставга кезектеги өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда киргизилет.”; 

- “Филиалды ачуу тартиби” деп аталган 7-главанын 55-пунктту төмөнкү мазмундагы 55-1-пункт менен толукталсын: 

“55-1. Кредиттик союз филиал ишинин токтотулушу мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин 10 жумуш күн ичинде Улуттук банкка юридикалык жактарды каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын документинин көчүрмөлөрүн тиркөө менен филиал ишинин токтотулушун каттоо жөнүндө кредиттик союздун мөөрү менен тастыкталган тиешелүү кат-билдирмесин жөнөтөт.”; 

- 60-пунктта: 

“алар” сөзү алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” сөзү “документтердин талаптарын канааттандыруучу түрдө” сөздөрү менен толукталсын; 

- 86-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- “Кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу” 11-главасынан кийин төмөнкү мазмундагы “Улуттук банктын чечимдерин даттануу тартиби” 12-главасы менен толукталсын: 

“Улуттук банктын чечимдерин даттануу тартиби” 12-главасы  

87. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өтүнүч ээлери жана/же аларга карата чечим кабыл алынган же кабыл алынган чечимдер алардын кызыкчылыгына зыян келтирген башка кызыкдар адамдар тарабынан даттанылышы мүмкүн.”; 

- 2-тиркемеде: 

“____________________________” кредиттик союзуна төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга карата лицензияны/кошумча лицензияны берүүнү өтүнөм” сөздөрү “_________________________________ (кредиттик союздун юридикалык дареги) дареги боюнча катталган “____________________________” (толук аталышы) кредиттик союзуна төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга карата лицензияны/кошумча лицензияны берүүнү өтүнөм” дегенге алмаштырылсын, 

“Жетекчинин кол тамгасы” сөздөрү “, мөөр (эгерде болгон болсо)” сөздөрү менен толукталсын; 

- 4-тиркемеде: 

(мекеменин фирмалык бланкында) сөздөрү алынып салынсын, 

“____________________________” (толук аталышы) кредиттик союзуна төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга карата (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык) лицензияны/кошумча лицензияны берүүнү өтүнөм” сөздөрү “_________________________________ (кредиттик союздун юридикалык дареги) дареги боюнча катталган “____________________________” (толук аталышы) кредиттик союзуна төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга карата (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык) лицензияны/кошумча лицензияны берүүнү өтүнөм” дегенге алмаштырылсын, 

“уюштуруучуларда” сөзү “катышуучуларда” сөзү менен алмаштырылсын; 

- 9-тиркемеде: 

“(мекеменин фирмалык бланкында)” сөздөрү алынып салынсын, 

“Ушул аркылуу “______________________________” (кредитного союздун толук аталышы) филиалды ачуу/жабуу ниети жөнүндө билдирет” сөздөрү “Ушул аркылуу ____________________________________ (кредиттик союздун юридикалык дареги) дареги боюнча катталган “_____________________________” (кредиттик союздун толук аталышы)” филиалды ачуу/жабуу ниети жөнүндө билдирет” дегенге алмаштырылсын. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

-“Жалпы жоболор” деп аталган 1-главанын 8-пунктту төмөнкү мазмундагы 8-1 жана 8-2-пункттар менен толукталсын: 

“8-1. Чечим же болбосо ушул жобонун алкагында Улуттук банктын кабыл алган чечимдери жөнүндө маалымат, эгерде аталган жободо башка мөөнөт каралбаган болсо, ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде кат жүзүндө өтүнүч ээлерине (Адистештирилген финансы-кредит мекемелери) маалымдалат. 

8-2. Улуттук банктын ушул жобонун алкагында кабыл алынып жаткан актылары (лицензияларын, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорун эске албаганда) аталган банктын мөөрү менен тастыкталышын талап кылбайт.”; 

- 18-пунктта: 

“30” деген сан “календарлык” сөзү менен толукталсын, 

“документтерин өтүнүч кат” сөздөрүөтүнүч кат жана талаптарын канааттандыруучу түрдө документтерин” сөздөрүнө алмаштырылсын; 

- 45-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалын жабуу жөнүндө чечим анын Башкармасы тарабынан кабыл алынат. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси филиал иши токтотулган күндөн тартып тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн он жумуш күн ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөрдү сунуштоого милдеттүү

1) филиалдын жабылышы жөнүндө билдирмени; 

2) Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен тастыкталган филиалды жабуу жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн; 

3) юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталган филиал ишинин токтотулушун каттоо жөнүндө өтүнүч каттын көчүрмөсү (адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү).”; 

- 62-пунктта: 

“30” деген сан “календарлык” сөзү менен толукталсын, 

“документтерди” сөзү “талаптарды канааттандыруучу документтерди сунуштаган күндөн тартып” сөздөрү менен толукталсын; 

- “Адистештирилген финансы-кредит мекемесин жоюу” деп аталган 9-глава төмөнкү мазмундагы “Улуттук банктын чечимдерин даттануу тартиби” 10-главасы менен толукталсын: 

“Улуттук банктын чечимдерин даттануу тартиби” 10-главасы 

77.  Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана/же аларга карата чечим кабыл алынган же кабыл алынган чечимдер алардын кызыкчылыгына зыян келтирген башка кызыкдар адамдар тарабынан даттанылышы мүмкүн”; 

- “(операциялардын тизмеги көрсөтүлөт) сөздөрүнөн кийин 1-тиркеме төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Адистештирилген финансы-кредит мекемесин толук юридикалык дареги: __________________________________”; 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы №35/5 “Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө жобонун: 

- “Жалпы жоболор” деп аталган 1-главанын 9-пункту төмөнкү мазмундагы 9-1 жана 9-2-пункттар менен толукталсын: 

“9-1. Чечим же болбосо ушул жобонун алкагында Улуттук банктын кабыл алган чечимдери жөнүндө маалымат, эгерде аталган жободо башка мөөнөт каралбаган болсо, ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде кат жүзүндө өтүнүч ээлерине (кредиттик бюронун) маалымдалат. 

9-2. Улуттук банктын ушул жобонун алкагында кабыл алынып жаткан актылары (лицензияларын, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорун эске албаганда) эгерде башкасы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленбесе, аталган банктын мөөрү менен тастыкталышын талап кылбайт.”; 

- 23-пунктта: 

“30 календарлык күн ичинде” сөздөрү “Төраганын орун басары/көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан” дегенге алмаштырылсын, 

төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзацы менен толукталсын: 

“Сунушталган талапкерди макулдашууда баш тартуу жөнүндө чечим кредиттик бюро же Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамына ылайык талапкер тарабынан даттандырылууга тийиш.”; 

- 35-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Улуттук банктын лицензиянын аракетин токтотуп туруу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын банк мыйзамына ылайык кредиттик бюро тарабынан даттаандырылат.”; 

- 37-пункттагы “кабыл алынат” деген сөздөр “, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып кредиттик бюрого үч жумуш күн ичинде кат жүзүндө маалымдалат” сөздөрү менен толукталсын; 

- 38-пункттагы “Республикасынын” сөзү “банктык” сөзү менен толукталсын; 

- 1-тиркеменин жогорку оң бурчунда кредиттик бюрого лицензия берүү жөнүндө өтүнүч каттын үлгүсү “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” дарегин көрсөтүү менен толукталсын.