Кайта келүү

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү жобонун: 

- 4.2-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;»; 

- 4.9-пунктунун 1-пунктчасында: 

экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;»; 

 төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«и) ушул пунктчанын в) абзацында келтирилген банктарды, аффилирленген банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация киргизилген же болбосо консервация, жоюу же банкроттук жол-жоболору колдонулган банктарды эске албаганда, башка банктардагы корреспонденттик эсептериндеги каражаттарынын 20 % өлчөмүндө

к) чет өлкө банкынын филиалы үчүн аталган чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймагында жайгашкан жана ушул мамлекеттердин валютасында ачылган башка филиалдарындагы корреспонденттик эсептериндеги каражаттар. Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө-мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org дареги боюнча расмий сайтында жайгаштырылган.»; 

- 4.13-пунктунун 1-пунктчасында: 

экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктын кассасындагы дана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары;»;  

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- ушул пунктчанын төртүнчү абзацында келтирилген банктарды, аффилирленген банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация киргизилген же болбосо консервация, жоюу же банкроттук жол-жоболору колдонулган банктарды эске албаганда, алардын рейтингинен көз карандысыз башка банктардагы корреспонденттик эсептериндеги каражаттарынын 20 % өлчөмүндө

- чет өлкө банкынын филиалы үчүн аталган чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймагында жайгашкан жана ушул мамлекеттердин валютасында ачылган башка филиалдарындагы корреспонденттик эсептериндеги каражаттар.»; 

- 11.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«11.1. Банктын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестициялоосунун жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100 % өлчөмүнөн ашпоого тийиш.».  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 «Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын: 

«4-1. ФКМге товардык белгинин ээси менен (башкы, туунду же көз каранды компания) товардык белгини акы төлөнүүчү негизде пайдаланууга келишим түзүүгө тыюу салынат.».  

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» Нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун:  

1-эскертүү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«(1) ОЭСР Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму. Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө-мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org дареги боюнча расмий сайтында жайгаштырылган.».  

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө нускоонун: 

- 3.1-пунктунун 3.1.1- пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.1.1. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ар бир чет өлкө валютасы боюнча ачык узун/кыска валюталык позицияларынын өлчөмү төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш: 

а) расмий курстары кыргыз сомуна карата Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерине ылайык Улуттук банк тарабынан аныкталган валюталар үчүн банктын таза суммардык капиталынын 15 % өлчөмүндө

б) расмий курстары Улуттук банк тарабынан аныкталбаган валюталар үчүн банктын таза суммардык капиталынын 0 % өлчөмүндө (жабык позиция).».