Кайта келүү

ДОЛБООР 

 

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо 

 

I. Жалпы жоболор 

II. Кредиттик бюрого ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү тартиби 

III. Кредит бюрого лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер 

IV. Лицензияны кайра тариздөө 

V. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу 

VI. Лицензияны кайтарып алуу жана аракетин токтотуу 

VII. Лицензия алгандан кийинки өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо 

VIII. Кредиттик бюрону кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу  

 

I БӨЛҮК  

Жалпы жоболор 

 

1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына, “Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында лицензия уруксат берүү системасы жөнүндө”, “Банктык сыр жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана мында кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо тартиби аныкталат.  

2. Мыйзамда белгиленген тартипте коммерциялык уюм катары каттоодон өткөн жана кредиттик маалыматты алмашуу кызматын сунуштаган юридикалык жак кредиттик бюро болуп саналат.  

Кредиттик бюронун уставдык капиталында бир пайдалануучунун, анын ичинде өз ара байланыштуу жактардын катышуусу 10 пайыздан ашпоого тийиш. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) өз ара байланыштуу жактар тобун бир пайдалануучу катары кароого тийиш жана бул жактардын бардык үлүштөрү/акциялары суммаланып, бир пайдалануучунун үлүшү/акциясы катары каралуусу зарыл. Бул Жобонун максатында өз ара байланыштуу жактар катары жалпы кызыкчылыкка ээ юридикалык жактарды жана/же жеке адамдарды түшүнүүгө болот. Өз ара байланыштуу жактардын жалпы кызыкчылыктары Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана иши жөнгө салынган финансы-кредиттик мекемелерден, мамлекеттик органдардан жана уюмдардан алынган маалыматтардын жана материалдардын негизинде Улуттук банк тарабынан ар бир учур боюнча өзүнчө аныкталат.  

3. Кредиттик бюронун иши Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат. 

4. Кредиттик бюронун аталышында “кредиттик бюро” деген сөз айкашы камтылууга тийиш. “Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамынын талаптарына жооп бербеген юридикалык жак аталышында “кредиттик бюро” деген сөз айкашын пайдаланууга укугу жок.  

5. Кредиттик бюро өзүнүн фирмалык аталышы менен штамптарга, бланкаларга жана өздүк эмблемага (логотип) ээ болууга укуктуу. 

6. Лицензия алганга чейин кредиттик бюрону түзүүгө байланыштуу уюштуруу ишин кошпогондо, кредиттик бюро катары кандайдыр бир иш менен алектенүүгө тыюу салынат.  

7. Кредиттик бюро иши боюнча тышкы аудиттен жыл сайын өтүп турууга милдеттүү. Анын ишине жыл сайын аудит жүргүзүп туруу үчүн тышкы аудитор дайындалат. Улуттук банк кредиттик бюронун ишинин талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн Улуттук банктын мыйзамдарына жана жоболоруна ылайык кошумча конкреттүү жол-жоболордун аудитор тарабынан милдеттүү жүргүзүлүшүнө карата жазма буйрук бере алат.  

8. Кредиттик бюродо Комплаенс-контролдук же Комплаенс-офицер кызматынын болушу милдеттүү. Комплаенс - контролдук же Комплаенс офицер кызматы кредиттик бюронун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин аныктайт жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө жана Улуттук банкка сунушталууга тийиш болгон жылдык отчетторду даярдайт. 

9. Кредиттик бюродо анын ишине ылайык келген ички контролдук системасы милдеттүү түрдө түзүлөт. Кредиттик бюро тарабынан ички аудиторду милдеттүү түрдө дайындоо же тиешелүү квалификцияга же эксперттик билимге ээ көз карандысыз компания тарабынан келишимдик негизде жыл сайын ички аудит жүргүзүп туруу талап кылынат.  

10. Кредиттик бюро Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген (өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун киргизилишие жараша) кредиттик маалымат алмашууда кардарлар менен өз ара иш жүргүзүү тартибин Улуттук банкка сунуштайт, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- техникалык жана уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү жагында кардарларга карата талаптар; 

- кардарлардын кредиттик маалымат субъекттеринин кредиттик таржымалы тууралуу маалыматты сунуштоо эрежеси; 

- кредиттик бюронун кредиттик таржымалдарды сунуштоо эрежеси; 

- маалымат менен иштөө, маалыматтын корголушун камсыз кылуу; 

- кардарлардын даттануулары боюнча жүргүзүлгөн иштер. 

 

II. Кредиттик бюрого ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү тартиби 

 

11. Кредиттик бюро Улуттук банктын лицензиясын алуу үчүн мамлекеттик же расмий тилдеги төмөнкү документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш: 

1) жайгашкан жерин (почта дарегин) көрсөтүү менен лицензия берүү тууралуу өтүнүч кат (1-тиркеме); 

2) кредиттик бюронун уюштуруучуларынын жалпы чогулушунан толтурулган протокол (эки нускада), анда төмөнкү чечимдер камтылат: 

- кредиттик бюрону уюштуруу жөнүндө

- башкаруу органынын жетекчисин (жетекчилерин) (башкаруунун байкоо (эгер болгон болсо) жана аткаруу органдарынын жетекчисин жана анын орун басарын) (мындан ары-жетекчи) шайлоо/дайындоо жөнүндө

- кредиттик бюронун уюштуруу түзүмү жөнүндө (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөрү (башкармалык, бөлүмдөр) алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелердин чөйрөсү, көз карандылыгы); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелер жөнүндө

3) кредиттик бюрону түзүү жөнүндө уюштуруу келишими (эки нускада); 

4) кредиттик бюронун уставы (эки нускада); 

5) кредиттик бюрону уюштуруучулар тууралу маалыматтар (3-тиркеме); 

6) кредиттик бюронун жетекчисинин анкетасы (4-тиркеме) жана анын ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келишин тастыктаган маалыматтар, ошондой эле кредиттик бюронун кызмат адамдарынын тизмеси. Кредиттик бюронун жетекчисинин кызмат ордуна талапкер тарабынан банк, финансы же микрофинансы чөйрөсүндө иштеп жатышкан/мурда иштешкен адамдардын кеминде 2 көрсөтмөсү кошумча сунушталат; 

Ушул Жобонун максаттарында кредиттик бюронун кызмат адамдарына Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, комплаенс-офицер, ички аудитор, башкы бухгалтер, тобокелдик-менеджер жана кредиттик бюронун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери киришет.  

7) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан жана ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана жайгаштырылышы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтер; 

8) кредиттик бюронун уставдык капиталынын түзүлгөндүгүн тастыктаган коммерциялык банктын документи; 

9) Кредиттик бюронун жакынкы 3 жылга каралган бизнес планы, анда төмөнкү маселелер камтылган: (а) уюштуруу түзүмү жана кызмат адамдары тууралуу маалыматтар; (б) жалпы инфраструктура; (в) программалык камсыздоо; (г) кардарларды тейлөө жана колдоо; (д) резервдик көчүрүүнү уюштуруу, кызматты калыбына келтирүү жана иш үзгүлтүксүздүгү; (е) бюджеттер жана финансылык пландар; (ж) болжолдонуучу кызматтар жана ар кандай кызматтарды сунуштоо мөөнөттөрү; (з) маалымат коопсуздугун жана купуялуулугунун сакталышын уюштуруу; (и) маалыматтардын сапатын жана толук берилишин уюштуруу; (к) керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана даттанууларды чечүү ж.б. 

12. Улуттук банк лицензия алуу үчүн кредиттик бюро тарабынан сунушталган документтерди, анын ичинде Улуттук банктын ыйгарым укуктарына ылайык кошумча талап кылынган документтерди толугу менен алган күндөн тартып 25 күн ичинде карап чыгат. Документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/мүчөсү тарабынан 10 (он) календардык күнгө узартылышы мүмкүн. 

Кредиттик бюрого лицензия берүү тууралуу маселе алгылыктуу жагынан чечилгенде Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик бюронун мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүсү үчүн кат жүзүндө макулдугун берет, ага ушул Жобонун 11-пунктунун 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн, сунушталган уюштуруу документтеринин бир нускасы кошо тиркелет.  

13. Кредиттик бюро лицензия алуу үчүн мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндөн кийин 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка лицензия берүү тууралу өтүнүч катты төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү

1) кредиттик бюронун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү белгиленген, уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү

2) кредиттик бюронун мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн мөөр менен тастыкталган көчүрмөсү

3) катышуучулардын (акционерлердин) реестри; 

4) лицензия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген өлчөмдө төлөм төлөнгөндүгүн тастыктаган документ; 

14. Кредиттик маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензия кредиттик бюрого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банкка документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 күн ичинде берилет.  

15. Кредиттик бюрого макулдук жана лицензия берүү чечими Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын лицензия берүүгө жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмүнүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/ мүчөсү тарабынан кабыл алынат. 

16. Лицензия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте лицензия үчүн жыйымдын (төлөө) төлөнгөндүгүн тастыктаган документ (анын ичинде төлөм документи) берилген шартта, кредиттик бюронун жетекчисине анын инсандыгын тастыктаган документтин негизинде же ыйгарым укук чегерилген адамга кредиттик бюронун Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тариздетилген ишеним катынын негизинде берилет.  

17. Кредиттик бюронун лицензиясы ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Лицензиядан улам келип чыккан укук үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилбейт. Өткөрүлүп берилген шартта, лицензия кредиттик бюронун ишине тыюу салуу менен алынып салынат.  

18. Лицензиянын аракеттенүү мөөнөтүнө чек коюлбайт. Лицензиянын көчүрмөлөрү анык эмес болуп саналат. 

19. Улуттук банк кредиттик бюронун реестрин жүргүзөт жана аны Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырат. 

20. Кредиттик бюронун жетекчиси төмөнкү минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

- жогорку билиминин болушу; 

- банк, финансы системасында жана/же микрокаржылоо тармагында кеминде 3 жылдык, анын ичинде жетекчилик кызматтарда кеминде бир жылдык иш тажрыйбасынын болушу; 

- экономика, финансы жана банк ишине тиешелүү ишти жүзөгө ашыруусуна тыюу салган сот чечиминин болбошу; 

- талапкерге карата экономика, финансы жана банк иши жагында, анын ичинде кызматтык иш боюнча кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн айыптоо өкүмүнүн болбошу. 

Кредиттик бюронун жетекчисинин кызмат ордуна талапкер Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбеген шартта, Улуттук банк бул талапкерге макулдук берүүдөн баш тартат жана белгиленген мөөнөттө альтернативалуу талапкердин сунушталышын талап кылат. 

 

III. Кредиттик бюрого лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер 

 

21. Улуттук банк төмөнкү учурларда лицензия берүүдөн баш тарта алат: 

1) ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн бир/бир нече документтердин берилбей калышында; 

2) сунушталган уюштуруу жана башка документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келбешинде; 

3) лицензия алуу үчүн берилген документтерде анык эмес же бурмаланган маалыматтардын болушунда; 

4) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан, ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекстин жок болушунда, же программалык техникалык комплекстин Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбешинде; 

5) кредиттик бюронун жетекчисинин ушул Жобонун 20-пунктунда белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга шайкеш келбешинде. 

22. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим өтүнүч ээсине баш тартуунун себебин жана бул себептерди четтетүү менен кайрадан өтүнүч кат берүүгө боло турган мөөнөттү көрсөтүү менен кат жүзүндө жөнөтүлөт. Мында лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт кемчиликтерди четтетүү үчүн зарыл болгон мөөнөткө шайкеш болууга тийиш. 

23. Лицензия алуу үчүн берилген документтер бардык зарыл документтер тиркелген өтүнүч кат алынган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө кайрадан каралат. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда берилген өтүнүч кат кайрадан берилген болуп саналат.  

24. Лицензия берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимге сотто даттанууга болот. 

 

IV. Лицензияны кайра тариздөө 

 

25. Лицензиядагы маалыматтар өзгөртүлгөн шартта, кредиттик бюронун тиешелүү органы тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) календардык күн ичинде кредиттик бюро төмөнкү документтерди Улуттук банкка кайра тариздөө үчүн берет: 

- кредиттик бюронун лицензиясын кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат; 

- кредиттик бюронун тиешелүү органынын лицензияны кайра тариздөөгө негиздер тууралуу чечими; 

- кредиттик бюронун Уставынын ноториалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү (мамлекеттик каттоодон өткөн шартта);  

- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн кредиттик бюронун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү (мамлекеттик каттоодон өткөн шартта);   

- мамлекеттик каттоо органдарынын тастыктоосу (билдирүүсү) (жайгашкан орду өзгөргөн шартта);  

- кредиттик бюронун лицензиясы.  

26. Улуттук банк бардык зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде лицензияны кайра тариздейт жана кредиттик бюронун реестрине тиешелүү жазууларды чагылдырат.  

Лицензия кайра тариздетилген шартта, Кыргыз Республикасында белгиленген өлчөмдө төлөм алынат. 

27. Кредиттик бюро лицензиясын жоготуп/бузуп алган учурда аны жоготуп алгандыгын тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен дубликатын берүү тууралуу өтүнүч катты Улуттук банкка жөнөтөт. 

Лицензиянын дубликаты өтүнүч кат берилген учурдан тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде берилет.  

28. Дубликатты берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөм алынат.  

 

V. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу 

 

29.Улуттук банк кредиттик бюронун лицензиясынын аракетин төмөнкү учурларда убактылуу токтото алат: 

1) кредиттик бюро жана/же анын кызмат адамдары тарабынан Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптары, ошондой эле алардын ишинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө жазма буйруктары аткарылбаса; 

2) бир нече жолу (жыл ичинде 2ден көп жолу) анык эмес маалыматтар сунушталса же кредиттик бюронун ишине тиешелүү отчеттор жана маалыматтар белгиленген мөөнөттө сунушталбаса; 

3) кредиттик бюронун ишине текшерүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө каршы аракеттер көрүлсө жана/же текшерүүнүн алкагында талап кылынган маалыматтарды жана документтерди берүүдөн баш тартса; 

4) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан, ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекс Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

5) кредиттик маалыматтын сакталышы жана аны санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан коргоо камсыз кылынбаса; 

6) кредиттик бюронун жетекчиси белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбесе.  

30. Лицензиянын аракетин токтотуу мөөнөтү Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет. Мында аныкталган кемчиликти четтетүү үчүн зарыл болчу убакыт эске алынат.  

 

VI. Лицензияны кайтарып алуу жана аракетин токтотуу 

 

31. Улуттук банк кредиттик бюронун лицензиясын төмөнкү учурларда кайтарып алат: 

1) кредиттик бюро Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык төлөөгө жөндөмсүз деп жарыяланса; 

2) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, кредиттик бюрону мажбурлап жоюу жол-жобосу башталса; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын кескин жана системалуу түрдө бузууга жол берилсе; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ишти жүзөгө ашырса. 

5) кредиттик бюро үчүн каралбаган, ишти жүзөгө ашырса. 

32. Кредиттик бюронун лицензиясын кайтарып алуу тууралуу чечим Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. Лицензиясын кайтарып алуу тууралуу чечим кабыл алынган кредиттик бюро төмөнкүлөргө милдеттүү

1) лицензиясын кайтарып алуу тууралуу билдирүү алган күндөн тартып ишин дароо токтотууга; 

2) лицензиясын кайтарып алуу тууралуу билдирүүнү алган күндөн тартып 3 күн ичинде Улуттук банкка лицензиясын өткөрүп берүү жана белгиленген мөөнөт ичинде кредиттик маалымат базасын Улуттук банкка өткөрүп берүүгө

33. Улуттук банктын лицензияны кайтарып алуу тууралуу чечимине кредиттик бюро “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын, уюмдардын жана аларды уюштуруучулардын (катышуучулардын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобого ылайык даттануу менен кайрылышы мүмкүн.  

34. Кредиттик бюронун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган же токтотулган учурда Улуттук банк анын реестрине тиешелүү жазууларды түшүрөт. 

35. Лицензия өз аракетин төмөнкү учурларда токтотот:  

1) кредиттик бюро ишин токтоткондо; 

2) кредиттик бюронун лицензиясы кайтарып алынса;  

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.   

 

VII. Лицензия алгандан кийинки өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо 

 

36. Кредиттик бюро ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык анын ыйгарым укуктуу органдарынын чечимдерин жана талапкерлердин анкеталарын сунуштоо менен кызмат адамдарынын курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк кредиттик бюронун жетекчисине талапкерликти, кредиттик бюронун ишин жөнгө салууда кесипкөй жарамдуулугу жана ак ниеттүүлүгү критерийлерине ылайык келүүсүн камсыз кылуу максатында кароого алат.  

37. Кредиттик бюронун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банкка макулдашылууга тийиш. Уставга киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банкка макулдашуу үчүн кредиттик бюро Уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу өтүнүч катты, төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунуштайт: 

1) кредиттик бюронун катышуучуларынын/акционерлеринин жалпы чогулушунан толтурулган протокол; 

2) кредиттик бюронун жаңы редакциядагы уставы; 

3) жаңы катышуучулар/акционерлер жөнүндө маалыматтар (кредиттик бюронун катышуучуларынын/акционерлеринин курамы өзгөргөн учурда). 

38. Кредиттик бюро юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде билдирүү сунуштайт, ага төмөнкү документтер кошо тиркелет: 

1) кредиттик бюронун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн, кредиттик бюронун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

2) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган Уставдын кредиттик бюронун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

39. Кредиттик бюро кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, өз ишиндеги башка олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка билдирет.  

40. Кредиттик бюро башка жерде жайгашкан түзүмдүк бөлүмүнүн ачылгандыгы тууралуу, тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка малымдайт.  

 

 

IX. Кредиттик бюрону кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу 

 

41. Кредиттик бюро Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ыктыяры менен жоюлушу мүмкүн. Мында ал жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып үч күн ичинде лицензиясынын түп нускасын Улуттук банкка өткөрүп берүүгө жана кредиттик маалымат алмашуу боюнча ишин токтотууга тийиш.  

Кредиттик бюрону кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу мыйзамдарда каралган тартипте, ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.  

Кредиттик бюрону кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт жана эки ай ичинде тиешелүү жарыялоолорду жалпыга маалымдоо каражаттарына жумасына бир жолу жайгаштырып турат.  

42. Кредиттик бюро кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта, кредиттик маалыматтын базасы анын Улуттук банктын лицензиясына ээ укугу өткөнгө берилет. Мындай учурда кредиттик бюронун укугу өткөн жак кредиттик маалымат базасын алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде бул тууралуу кредиттик маалыматты сунуштоочуларга жана Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Ошону менен бирге эле, жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган жарыялоолордо кредиттик бюронун кредиттик маалыматынын базасы анын укугу өткөн жакка өткөрүлүп берилгендиги көрсөтүлөт. 

43. Эгерде кредиттик бюронун укугу өткөн жактын лицензиясы жок болсо, ошондой эле кредиттик бюро жоюлган же лицензиясынын аракети токтотулган учурларда, кредиттик маалымат базасы 1 (бир) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кайтарымсыз өткөрүлүп берилет.  

 

 

1-тиркеме 

 

 

Кредиттик бюронун лицензия берүү тууралуу өтүнүч каты 

 

 

____________________________________________________________________  

Кредиттик бюронун аталышы 

 

Кыргыз Республикасынын “Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамына ылайык республиканын аймагында кредиттик маалымат алмашуу боюнча кызматтарды жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөт

 

____________________________________________________________________. 

Кредиттик бюронун юридикалык дареги 

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кредиттик бюронун лицензиясын алуу үчүн зарыл болгон документтер кошо тиркелет (тизмеси жана документтер _____барактан турат)

 

Сунушталган маалымат анык жана толук экендиги тастыкталат жана анык эмес/бурмаланган документти же маалыматтарды берүү лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналаарын түшүнөбүз

Уюштуруучулар сунушталган маалыматтын аныктыгына толук жооп беришет.  

 

Уюштуруучулар: Аты-жөнү, кол тамгасы, күнүүзүлгөндө), 

мөөрү 

дареги, телефону, факс 

1.    

2.    

3.    

(Эгерде уюштуруучу юридикалык жак болсо, анын толук аталышы көрсөтүлүп, жетекчисинин кол тамгасы коюлат жана мөөр менен тастыкталат) 

 

Башкарманын Төрагасы, кол тамгасы, күнү 

Мөөр (ишин жүзөгө ашырууда) 

 

 

 

 

2-тиркеме  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

КРЕДИТТИК БЮРОНУН ЛИЦЕНЗИЯСЫ 

№ ____ xx.xx.xxxx -ж. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

 

____________________________________________________________________ 

Кредиттик бюронун толук аталышы 

 

____________________________________________________________________ 

Кредиттик бюронун кыскартылган аталышы 

 

____________________________________________________________________ 

Кредиттик бюронун юридикалык дареги 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кредиттик маалымат алмашуу боюнча кызмат көрсөтүү укугун ыйгарат. 

Лицензия ага кол коюлгандан тартып күчүнө кирет. 

Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат. Ушул лицензиядан келип чыккан укуктар үчүнчү жакка берилүүгө тийиш эмес.  

 

 

 

Төраганын орун басары  

 

3-тиркеме 

 

Кредиттик бюронун катышучулары/акционерлери тууралуу маалымат 

 

№ 

Аты-жөнү 

/катышуучунун/акционердин аталышы 

Ээлик кылуу үлүшү 

Иштеген жери/иштөө чөйрөсү 

 

Паспорттогу маалыматтар/каттоо маалыматтары 

Жетекчи (юридикалык жак) 

Уюштуруучулар 

(юридикалык жак) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4-тиркеме 

 

Сүрөттүн орду 

 

АНКЕТА  

  

1. Аты-жөнү _________________________________________________________________  

  

2. Кредиттик бюродо сунушталган позицияны көрсөткүлө_________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(кредиттик бюронун кызматы, аталышы)  

3Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана эмне себептен өзгөрткөнүңүздү көрсөтүңүз ____________________________________________________________________________ 

 4. Туулган жылы _________ туулган жери ____________________________________  

 5. Паспорт сериясы ___________________ номери _______________________ ким тарабынан берилгендиги ________________________________ берилген күнү ______________ 

6. Жарандыгы___________________________________________________  

Кандайча алынгандыгын көрсөткүлө: туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча түшүндүрмө бергиле _______________________________________ _____________________________________________________________________________  

7. Үй дареги (документтери боюнча), тел. _______________________________________  

Айкын жашаган жери _______________________________________________  

8. Төмөнкүлөр боюнча билиминин бар экендиги тууралуу маалымат:  

- кредиттик бюронун ишин жөнгө салган мыйзам актылары____________________  

- кредиттик иш___________________________________________________  

- бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчетту жүргүзүү____________________  

9. Негизги иштеген жери жана ээлеген кызматы _____________________________ ___________________________________________________________________________ 

10. Кызматтык дареги, телефон, факс, __________________________________________  

11. Билими ____________________________________________________________  

___________________________________________________________________________  

(жогорку, толук эмес жогорку бакалавр, магистр, орто кесипкөй, орто)  

  

Окуу жайынын аталышы жана анын жайгашкан орду  

Факультети же бөлүмү  

Тапшырган жана аяктаган жылы   

Алган диплому боюнча адистиги  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Ар башка окуу борборлору тарабынан жүргүзүлгөн, курстарда окуусу 

  

Семинардын же курстун темасы  

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери  

Өткөрүлгөн күнү  

Сертификаттын болушу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

12.Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иши   

  

Ишке кирген күнү  

Иштеген бошогон күн  

Ээлеген кызматы  

Мекеменин аталышы жана жайгашкан орду, жумуш берүүчүнүн аты-жөнү  

Иштен бошоосунун себеби  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

13. Сунуш-көрсөтмөлөр төмөнкүлөрдөн берилген:  

1. Аты-жөнү. ________________________________________________________________  

2. Кызматы жана иштеген жери _______________________________________________  

3. Үй дареги, тел., факс, эл. почта ______________________________________  

  

1. Аты-жөнү. ________________________________________________________________  

2. Кызматы жана иштеген жери _______________________________________________  

3. Үй дареги, тел., факс, эл. почта ______________________________________  

14. Акыркы 10 (он) жыл ичинде Сиз буга чейин уюштуруучу, акционер, жетекчи  (жетекчиликке Сиз тандалган же дайындалган, кредиттик бюро) болуп келген жана/же учурда болуп турган кайсы болбосун өлкөдөгү компанияны көрсөткүлө

   

Компаниянын аталышы, жайгашкан жери   

Компаниянын ишинин негизги түрү  

Ээлигинде турган  акциялардын саны 

Ээлик кылуу суммасы, сом түрүндө   

Компаниянын уставдык капиталдагы үлүшү, %  

Компаниянын жетекчиси  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

15. Сизге же сиз олуттуу катышуучу, көзөмөлдөөчү адам жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же башка кызмат адамы катары байланыштуу болгон компанияга карата качандыр бир кезде, кайсы бир өлкөдө:  

- укук бузууларга жана/же кылмыштуулукка жол берилгендиги үчүн күнөө коюлгандыгын ____________   

- жаза чарасы колдонулгандыгын (ооба/жок) ________________________________ көрсөткүлө

Эгерде колдонулган болсо, укук коргоо органынын/соттун аталышын көрсөтүү менен укук коргоо органы/сот тарабынан коюлган күнөөнү, айыпты, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан колдонулган айыпты же жаза чарасын, соттун териштирүү натыйжаларын, чечимдерин толук сүрөттөгүлө: _____________________________________________________________________________ 16. Сиз же 15-пунктта көрсөтүлгөн компаниялардын кайсы бири сиз кызмат ордуна талапкер болуп жаткан кредит бюросу менен жалпы кызыкчылыкка ээби? Эгер ээ болсо, толук түшүндүрмө бергиле _____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________  

 17. Өтөлүп бүтө элек соттолгондугуңуз барбы? Бар болсо түшүндүрмө бергиле ____________________________________________________________________________  

Сизге карата кесипкөй иштин кайсы бир түрү менен алектенүүгө тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганбы. Кабыл алынган болсо, түшүндүрмө бергиле__________________ _____________________________________________________________________________  

 18. Сиз жетекчи, кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкарманын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер) же олуттуу катышуучу (ээлигинде акциялардын 10 же андан ашык пайызы болсо) катары байланыштуу болгон, мажбурлаган тартипте банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз_____________________________________________________________  

Сиз байланыштуу болгон жана мажбурлап банкрот кылуу, жоюу шарттары коюлган компаниянын жетекчиси, кызмат адамы же олуттуу катышуучусу катары Сиздин ролуңузга жана жоопкерчилигиңизге толук негиздеме бериңиз_______________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________  

  

19. Кимдир бирөө алдында ссудалык карызыңыз (башка милдеттенмеңиз) болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкү маалыматтарды көрсөтүңүз: 

  

Кредитордун аталышы  

Берилген күнү  

Насыянын суммасы,   

миң сомдо   

Пайыздык чен  

Насыянын багыты  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Күрөөнүн берилиши жана суммасы  

Төлөө мөөнөтү  

Насыя боюнча карыз калдыгы,   

миң сомдо   

Пайыздар боюнча карыз калдыгы,  

миң сомдо   

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, пайыздар)   

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

20. Кайсы бир финансы-кредиттик мекемеге жеке кредит боюнча, ошондой эле Сиз гарант, кепилдик берүүчү катары катышкан кредит боюнча карызды төлөй албай калган учурлар болду беле? Болсо, түшүндүрмө бергиле _____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________  

 21. Учурда Сиз кайсы бир соттук териштирүүлөргө катышасызбы. Катышсаңыз, түшүндүрмө бериңиз _______________________________________________________ _____________________________________________________________________________  

 22. Төмөнкү маалыматтарды сунуштагыла:  

  

1. "___" _______________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер тууралуу жеке отчет.  

 1 -табл.  

   

Активдер 

Суммасы ( сомдо/чет өлкө уюштуруучулары үчүн АКШ долл.)   

1.  

Нак акча 

  

2.  

Финасы-кредит мекемелердеги депозиттик каражаттар   

  

3.  

Компанияга инвестициялар (2-табл.)   

  

4.  

Баалуу кагаздар   

  

5.  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөдө турган же арест коюлган  

  

6.  

Дебитордук карыз, анын ичинде насыяга берилгени 

  

7.  

Жана башка активдер   

  

  

Бардыгы болуп активдер 

  

  

Милдеттенмелер 

  

1.  

Кредиттер боюнча карыз   

  

2.  

Кредитордук карыз 

  

3.  

Жана башка милдеттенмелер   

  

  

Бардыгы болуп милдеттенмелер   

  

  

Таза наркы (активдер-милдеттенмелер)  

  

  

Берилген жеке гарантиялар   

  

  

2-табл. 

   

Киреше булактары  

Өткөн жыл 

200__ жыл 

Өтүп жаткан жыл (күтүлүүчү сумма)   

200__ -жыл 

1.  

Негизги иштеген орду боюнча эмгек акы (сый акыларды кошо алганда)   

  

  

2.  

Дивиденддер 

  

  

3.  

Пайыздар 

  

  

4.  

Жана башка кирешелер   

  

  

  

Бардыгы болуп 

  

  

  

Чыгашалар 

  

  

1  

Чыгашалар (жеке, керектөөгө)   

  

  

2.  

Кредиттер боюнча төлөөлөр 

Негизги сумма 

 Пайыздар 

  

  

  

3.  

Жана башка чыгашалар (көрсөтүлсүн)   

  

  

  

Бардыгы болуп чыгашалар   

  

  

  

Таза киреше (чыгаша)   

  

  

  

23. Үй-бүлөлүк абалы _________________________________________________  

  

16 жаштан жогорку туугандарыңызды көрсөткүлө (апасы, балдары, жолдошу, ага-инилери, эже- сиңдилери:  

  

Аты-жөнү  

Тууганчылык мамилеси  

Туулган күнү жана жери  

Иштеген жери, кызматы  

Үй дареги, телефону  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

24. Кызмат ордуна Сиз талапкер болуп жаткан кредиттик бюро менен кандай кызыкчылыктардан улам байланышыңыз бар экендиги тууралуу толук маалымат бериңиз. Мындан тышкары кызмат ордуна макулдашууда кароого алуу үчүн маанилүү деп санаган кайсы болбосун маалыматты да көрсөтүү зарыл____________________________________________________ _____________________________________________________________________________. 

 

Мен, ________________________________________________________________________,  

(Аты-жөнү)  

Анкетада жогоруда келтирилген маалыматтар анык жана толук экендигин жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор менин билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматка ылайык берилгендигин тастыктаймын. Мен атайылап бурмалоолорго жана жашырып жабууларга жол берген учурда, алар сунушталып жаткан кызмат ордуна макулдашуудан баш тартылууга негиз катары кызмат кылышы жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келиши мүмкүн экендигин мойнума аламын. 

  

____________________ "____" ____________ _____ г.  

Кол тамга күнү 

  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Башкармасынын “Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбооруна 

МААЛЫМАТ-НЕГИЗДЕМЕ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сиздердин назарыңыздарга насыялык бюролорду түзүү жана жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны түптөө максатында иштеп чыгылган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбоорун (мындан ары - долбоор) сунуштайт. 2014-жылдын 25-ноябрындагы №160 номерлүү Кыргыз Республикасынын “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 27-беренесине ылайык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде ченемдик укуктук актыларды Мыйзамга ылайык келтирүү керек.  

Мыйзамга шайкеш болуп даярдалган ушул Жобонун долбооруна ылайык, насыляк бюролор Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтө алат. 

Мыйзамдын нормаларына ылайык насыялык маалымат алмашуу бул насыялык бюронун, субъекттин, насыялык маалымат берүүчүнүн жана пайдалануучунун насыялык тарыхты түзүү жана насыялык отчетту берүү максатында насыялык маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу, талдоо, сактоо, берүү, пайдалануу жана коргоо боюнча өз ара аракеттенүүсү болуп саналат. 

Жобонун долбоору менен дагы төмөндөгүлөр каралган: 

- насылык бюро тарабынан өзүнүн ишин баштоого лицензия берүүнүн тартиби, лицензия алуу үчүн Улуттук банкка тапшырылуучу документтердин тизмеги жана документтердин жасалышына карата талаптар; 

- насыялык бюронун кызмат адамдарынын тизмеги жана жетекчисине болгон талаптар; 

- лицензия берүүдөн баш тартуунун негиздери; 

- лицензияны чакыртып алуу, токтотуп коюу жана кайрадан тариздетүүнүн жана насыялык бюронун ишин токтотуунун тартиптери; 

- лицензия алгандан кийин болуучу өзгөрүтүүлөрдү жана толуктоолорду каттоого алуунун тартиби; 

- насыялык бюрону кайра уюштуруу жана жоюу ж.б. 

Азыркы учурда иштеп жаткан мыйзамдардын негизинде алдын ала өткөрүлгөн анализдин жыйынтыгында, долбоордун ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келет. 

Долбоорду бекитүү мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт, ошондой эле ушул бекитилүчү Жобону колдонууда жеке жана юридикалык жактар үчүн кошумча чыгымдар пайда болбойт. 

Ошондой эле долбоорду бекитүү укуктук, укук коргоочулук, социалдык, экнономикалык, гендердик, коррупциялык жана башка терс көрүнөштөргө алып келбейт.