Кайта келүү

ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” Жобону бекитуу туралуу» 2011-жылдын 27-апрелиндеги №40/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

 

1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

Улуттук банк Башкармасынын «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» 2011-жылдын 27-апрелиндеги №40/4 токтомуна сунушталган өзгөртүү бекитилсин

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» Жобонун: 

- 9-пунктун «б» пунктчасынын колдонуу мөөнөтү ушул токтом күчүнө киргенден кийин 2 (эки) айга токтотулсун. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен иштеп жаткан алмашуу бюролорун тааныштырсын.   

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов   

 

Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрү: Т.Джусупов 

Н.Жениш  

Л.Орозбаева  

Н.Сагындыков 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” Жобону бекитуу туралуу» 2011-жылдын 27-апрелиндеги №40/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтомдун долбооруна  

МААЛЫМАКАТ-НЕГИЗДЕМЕ  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сиздердин назарыңыздарга жүгүртүү каражаттардын келип чыгышын тастыктаган документтерди тапшыра албаган алмашуу бюролоруна лицензия алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” Жобону бекитуу туралуу» 2011-жылдын 27-апрелиндеги №40/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтомдун долбоорун (мындан ары Долбоор) сунуштайт.  

Ушул Долбоорго ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу максатында документтерди тапшыруу учурунда 2 айдын ичинде жүгүртүү каражаттардын келип чыгышын тастыктаган документтер өтүнмө ээлери тарабынан тапшырылбайт. 

Азыркы учурда иштеп жаткан мыйзамдардын негизинде алдын ала өткөрүлгөн анализдин жыйынтыгында, Долбоордун ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келет. 

Долбоорду бекитүү мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт, ошондой эле ушул бекитилүчү Жобону колдонууда жеке жана юридикалык жактар үчүн кошумча чыгымдар пайда болбойт. 

Ошондой эле долбоорду бекитүү укуктук, укук коргоочулук, социалдык, экнономикалык, гендердик, коррупциялык жана башка терс көрүнөштөргө алып келбейт.