Кайта келүү

Тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы № 2/2 "Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы № 2/2"Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча “КРУБ" аббревиатурасы тиешелүү жөндөмөдө “Улуттук банк” дегенге алмаштырылсын; 

-1.9-пунктунун 3-абзацы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“- Коммерциялык банктардын ишинде тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдүк алардын иш коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында, коммерциялык банктардын ишинде жана тажрыйбасында негизги тобокелдиктерди идентификациялоо үчүн каралган, демек көзөмөлдүк коммерциялык банк ошол тобокелдиктерди кандайча жөнгө салып жаткандыгына баа берүүгө багытталган көзөмөлдөө ыкмасынын бири болуп саналат;”; 

- 3.3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3.3. Улуттук банктын саясатына ылайык ар бир банкты комплекстүү текшерүү, рейтингдик системанын компоненттери (САМЕLS) боюнча банктын жалпы абалына баа берүү үчүн жүргүзүлөт. Мындан тышкары, көзөмөлдүктү жүргүзүү максатында Улуттук банк тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдүк боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү чечимин кабыл алышы мүмкүн. Жеринде барып комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто төмөнкү маселелер (бирок, алар менен гана чектелбестен) камтылат:”; 

- төмөнкү мазмундагы 4.9-пункт менен толукталсын:  

“4.9. Текшерүүнүн жүрүшүндө, текшерүүчүлөр банктын кызматкерлери менен биргеликте кардардын ишкердигине мониторинг жүргүзүү максатында банктын кардарларына, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлк жайгашкан жергебарышы мүмкүн.”; 

- 10.3-пунктунун биринчи жана экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“10.3. Зарыл учурда, төмөндө келтирилген шарттардын бири орун алган шартта Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү жолугушууга катышат: 

- банктын чогуу алгандагы рейтинги начарласа;”.