Кайта келүү

Тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери"; 

- 1-пунктундагы: 

"микрофинансылык компаниялар" деген сөздөр "микрофинансылык уюмдар" дегенге алмаштырылсын; 

"(мындан ары - микрофинансылык компаниялар/МФК)" деген сөздөр "(мындан ары МФУ)" дегенге алмаштырылсын; 

2, 3, 6, 7-пункттардагы "микрофинансылык компаниялар", "МФК" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "микрофинансылык уюмдар" дегенге алмаштырылсын; 

- 4-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5. МФУга каражаттарды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштыруу жана тартуу жагында (лицензияда белгиленген учурда) уруксат берилген бүтүмдөрдүн (келишимдердин) түрлөрү, Шариат кеңеши тарабынан жактырылып, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген типтүү келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат." 

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"8. МФУ ички аудитти Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, эсептердин аныктыгын текшерүү, өз ички контролдук системасынын шайкештигин жана натыйжалуулугун текшерүү жана баа берүү үчүн жүзөгө ашырат. Бул үчүн микрофинансылык компания (мындан ары МФК) өз ички аудит кызматын милдеттүү түрдө түзүүгө тийиш, ал эми микрокредиттик компанияга (мындан ары МКК) жана микрокредиттик агенттикке (мындан ары МКА) карата ички аудит кызматын милдеттүү түрдө түзүү талабы коюлбайт."; 

- төмөнкү мазмундагы 8-1, 8-2-пункттар менен толукталсын: 

"8-1. Микрофинансылык сектор үчүн система түзүүчү катары системалуу мааниге ээ МКК/МКА саналат. Системалуу мааниге ээ критерийлер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. Система түзүүчү МКК/МКАларга карата Улуттук банк тарабынан белгиленген атайы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө режими колдонулат.  

8-2. Региондордо финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу жана ишкердикке колдоо көрсөтүү максатында МФУ, Шариат стандарттарына ылайык келген принциптерди жана шарттарды сактоо менен (дүң каржылоо) кардарларга "мурабаха" бүтүмү боюнча каржылоо сунуштоо үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФУлар менен келишим түзүшү мүмкүн. 

Дүң каржылоону жүзөгө ашырган МФУ (апекстик институт) катары анын дүң каржылоо үлүшү каржылоо портфелинин сексен пайызынан ашыгын түзгөн МФУну түшүнөбүз."; 

- 9-пункттун: 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- ошол эле бир кардарга же байланыштуу жактар тобуна, ушул эрежелердин 10-пунктунун талаптарын эске алуу менен Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын тартпаган) белгиленген минималдуу уставдык капитал өлчөмүнүн үч пайызынан ашпаган өлчөмдө сунушталуучу максималдуу чогуу алгандагы каржылоо өлчөмү;"; 

төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

"- дүң каржылоону жүзөгө ашырган МФК (апекстик институт) үчүн ошол эле бир кардарга же топко сунушталуучу максималдуу чогуу алгандагы каржылоо өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 10% ашпоого тийиш."; 

10-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"10. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган жана/же дүң каржылоону жүзөгө ашырган МФКларды эске албаганда, МФК тарабынан ошол эле бир кардарга ушул эрежелердин 9-пунктунда белгиленген максималдуу чогуу алгандагы каржылоо өлчөмүнөн жогору каржылоону "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамдын 2-беренесине ылайык, төмөнкү каржылоо багыттары боюнча иштеп жаткан бизнес чөйрөсүн кеңейтүү/өнүктүрүү, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында сунуштоого жол берилет:";  

жетинчи абзац алынып салынсын; 

он үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- Каржылоо алууга кардардын анкета-билдирмеси сунушталат, мында Каржылоо алууга кардардын анкета-билдирмесинде тиешелүү эсептер жана болжолдоолор менен бирге сунушталып жаткан каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш;"; 

12-пункттун: 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- башка микрофинансылык уюмдардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестицияларды минуска чыгаруу менен."; 

төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

"Мында капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестиция катары микрофинансылык уюмдардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына салынган айкын каражаттардын калдыгын түшүнөбүз."; 

13-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"13. МФК инвестициялоону, алардын ишкердиги Шариат стандарттарына каршы келбеген микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга гана жүзөгө ашырууга укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялары "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамда белгиленген микрофинансылык уюмдардын максаттарына ылайык келүүгө тийиш."; 

экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"МФКлардын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар, карыздык милдеттенмелер, финансылык каражаттарды ислам каржылоо принциптери боюнча жайгаштыруу, лизинг боюнча финансылык салымдар, каржылоо жана кандай болбосун башка финансылык салымдар) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 30% ашпоого жана төмөнкү формула боюнча аныкталууга тийиш:" 

төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

"Бул ченемди эсептөөдө, алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга сунушталган каржылоо эске алынат."; 

13-пункт төмөнкү мазмундагы 13-1. 13-2-пункттар менен толукталсын: 

"13-1. Уюштуруучулар (акционерлер) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

МФКнын, анын ичинде дүң каржылоону жүзөгө ашырган МФКлардын уюштуруучулар (акционерлер) жеке адамдардан карызга алган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

СЗФЛ / СК * 100% 100%, мында: 

  

СЗФЛ баа берүү күнүнө карата МФКлардын уюштуруучулар (акционерлер) жеке адамдардан карызга алган каражаттарынын чогуу алгандагы өлчөмү

СК МФКнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчаларын карагыла). 

13-2. Уюштуруучулар (акционерлер) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү

МФКнын, анын ичинде дүң каржылоону жүзөгө ашырган МФКлардын уюштуруучулар (акционерлер) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттарынын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

СЗЮЛ / СК * 100% 100%, мында: 

  

СЗЮЛ - баа берүү күнүнө карата МФКлардын уюштуруучулар (акционерлер) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттарынын чогуу алгандагы өлчөмү

СК - МФКнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчаларын карагыла). 

 

15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

"15. Отчеттук айдан кийинки айдын он экисинен кечиктирбестен, МФК чейрек сайын Улуттук банкка төмөнкү маалыматтарды сунуштоого тийиш: 

- алардын ар биринин тизмегин жана инвестиция өлчөмүн көрсөтүү менен башка микрофинансылык уюмдардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестициялар жөнүндө

- алардын ар биринин тизмегин жана инвестиция өлчөмүн, 13-пунктта келтирилген көрсөткүч эсептерин көрсөтүү менен МФКнын башка микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициясынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар, карыздык милдеттенмелер, лизинг боюнча финансылык салымдар, каржылоо жана кандай болбосун башка финансылык салымдар) өлчөмү жөнүндө

- уюштуруучулар (акционерлер) жеке адамдардын тизмегин, ар бир уюштуруучудан алынган карыз өлчөмүн, 13-1-пунктта келтирилген көрсөткүч эсептерин көрсөтүү менен уюштуруучулар (акционерлер) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө

- уюштуруучулар (акционерлер) юридикалык жактардын тизмегин, ар бир уюштуруучудан алынган карыз өлчөмүн, 13-2-пунктта келтирилген көрсөткүч эсептерин көрсөтүү менен уюштуруучулар (акционерлер) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө.". 

- төмөнкү мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын: 

"15-1. МФК иш кагаздарын мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтерди, анын ичинде келишимдерди, контракттарды, контрагенттер менен макулдашууларды мамлекеттик жана/же расмий тилдерде тариздөө зарыл. Мында, бирдей юридикалык күчкө ээ контрагенттер менен макулдашууларды мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жана чет тилдерде тариздөөгө жол берилет. Мамлекеттик же расмий тилге которулуп, белгиленген тартипте тастыкталган шартта гана чет тилиндеги келишимди тариздөөгө жол берилет.";  

22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"22. Акча каражаттарын тартуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна ээ МФКлар төмөнкүлөрдү кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди сактоого тийиш: 

- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн; 

- өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүн (М1); 

- капиталдын шайкештик ченемин (М2); 

- бир кардарга карата келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн (М3); 

- ликвиддүүлүк ченемин (М4); 

- тартылган акча каражаттарын кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченемин (М5);  

- инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялары боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн; 

- МФК аларга керектөө максаттарына каржылоо сунуштаган МФКнын кызматчыларынын максималдуу чогуу алгандагы карызын; 

- микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы көлөмүн; 

- мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмүн; 

- уюштуруучу (акционерлер) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүн; 

- уюштуруучу (акционерлер) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүн."; 

27-пункттун: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"СЗ кардардын баа берүү күнүнө карата сунушталган каржылоо (мөөнөтүнөн көз карандысыз), финансылык лизинг боюнча чогуу алгандагы карызы". 

төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

"Бул ченем дүң каржылоону жүзөгө ашырган МФКларга таркатылбайт."; 

- 31-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

"31. Микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга чогуу алгандагы өлчөм боюнча төмөнкүдөй талаптар белгиленет:" 

1) пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1) МФК инвестициялоону, алардын ишкердиги Шариат стандарттарына каршы келбеген микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга гана жүзөгө ашырууга укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялары "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамда белгиленген микрофинансылык уюмдардын максаттарына ылайык келүүгө тийиш." 

2) пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3) пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3) МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар, карыздык милдеттенмелер, финансылык каражаттарды ислам каржылоо принциптери боюнча жайгаштыруу, лизинг боюнча финансылык салымдар, каржылоо жана кандай болбосун башка финансылык салымдар) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал ушул эрежелердин 13-пунктуна ылайык эсептелинет.  

Бул ченемди эсептөөдө, алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга каржылоо эске алынат."; 

- 5-глава төмөнкү мазмундагы 32-1 жана 32-2-пункттар менен толукталсын: 

"32-1. Уюштуруучу (акционерлер) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

МФК каражаттарды уюштуруучу (акционерлер) жеке адамдардан карызга алууга укуктуу.  

МФКнын уюштуруучу (акционер) жеке адамдардан карызга алган каражаттарынын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

СЗФЛ / СК * 100% 100%, мында: 

  

СЗФЛ - баа берүү күнүнө карата МФКнын уюштуруучу (акционер) жеке адамдардан карызга алган каражаттарынын чогуу алгандагы өлчөмү

СК - МФКнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы (12-пунктту карагыла). 

 

32-2. Уюштуруучу (акционерлер) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

МФК каражаттарды уюштуруучу (акционерлер) юридикалык жактардан карызга алууга укуктуу.  

МФКнын уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардан карызга алган каражаттарынын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

СЗЮЛ / СК * 100% 100%, мында: 

  

СЗЮЛ - баа берүү күнүнө карата МФКнын уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардан карызга алган каражаттарынын чогуу алгандагы өлчөмү

СК - МФКнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы (12-пунктту карагыла)."; 

 

35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"35. Ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын он экисинен кечиктирбестен МФКлар төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ушул эрежелерге карата тиркемеге ылайык "Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалыматтарды" Улуттук банкка сунуштоого тийиш: 

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар тизмегин жана өлчөмүн; 

- МФКнын башка микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар, карыздык милдеттенмелер, лизинг боюнча финансылык салымдар, каржылоо жана кандай болбосун ушул сыяктуу башка финансылык салымдар) тизмегин жана өлчөмүн; 

- уюштуруучу (акционер) жеке адамдардын тизмегин, ар бир катышуучудан алынган карыз өлчөмүн, 32-1-пункттун үчүнчү абзацында келтирилген эсептик көрсөткүчтү чагылдыруу менен уюштуруучу (акционер) жеке адамдардан алынган каражаттардын өлчөмүн; 

- уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардын тизмегин, ар бир катышуучудан алынган карыз өлчөмүн, 32-2-пункттун үчүнчү абзацында келтирилген эсептик көрсөткүчтү чагылдыруу менен уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардан алынган каражаттардын өлчөмүн."; 

"Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө МААЛЫМАТ" деп аталган тиркеменин: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Улуттук банк тарабынан лицензияланган МФКлар үчүн экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалыматтар". 

төмөнкү сап алынып салынсын: 

 

Ар бир МФУга (1) же банкка инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

  

И х 100% 

    СК 

 

5% ашпаган 

 

тогузунчу абзацтагы "МФУга жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү" деген сөздөр "МФУга(1), лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү" дегенге алмаштырылсын; 

таблица төмөнкү мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

 

Уюштуруучу (акционер)-жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

  

СЗФЛ х 100% 

    СК 

 

100% ашпаган 

Уюштуруучу (акционер)-юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗЮЛ х 100% 

    СК 

 

100% ашпаган 

 

ар бир микрофинансылык уюмга же банкка инвестициялар;" деген абзац алынып салынсын; 

"СИ - микрофинансылык уюмдарга жана банктарга чогуу алгандагы инвестициялар;" деген абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"СИ - микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга чогуу алгандагы инвестициялар;"; 

төмөнкүдөй 7-глава менен толукталсын:  

"7-глава. Микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин жөнгө салуу.  

39. МКК же МКА акционердик коом формасындагы МКК тарабынан чыгарылган акциялардан тышкары баалуу кагаздарды чыгарууга, ошондой эле финансылык лизинг операцияларын (иджара мунтахийя биттамлик) эске албаганда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 33-беренесинде каралбаган башка банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.  

40. Микрокредиттик компания тарабынан ошол эле бир адамга же байланыштуу жактар тобуна сунушталуучу каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МККлар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капитал өлчөмүнүн алты пайызынан ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш.  

41. Дүң каржылоону жүзөгө ашырган МККлар (апекстик институттар) үчүн ошол эле бир адамга же байланыштуу жактар тобуна сунушталуучу каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. 

41-1. Дүң каржылоону жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдарды эске албаганда, ушул эреженин 41-пунктунда белгиленген, микрокредиттик компания тарабынан ошол эле бир адамга же байланыштуу жактар тобуна сунушталуучу каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүнөн ашкан каржылоону Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2-беренесине ылайык, жүргүзүлүп жаткан бизнес чөйрөсүн кеңейтүү/өнүктүрүү, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында төмөнкү каржылоо багыттары боюнча сунуштоого жол берилет: 

- соода; 

- айыл чарбасы (анын ичинде өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукттарын өндүрүү/кайра иштетүү); 

- кызмат көрсөтүүлөр; 

- транспорт; 

- өнөр жай; 

- курулуш. 

МККга ушул пункттун биринчи абзацындагы каржылоону сунуштоодо төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш: 

1) МККда каржылоо боюнча так продукттарды аныктоо менен каржылоо максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан саясаттын болушу; 

2) белгиленген шарттар (уставдык капиталдын 10% ашпаган) сакталган учурда, мындай каржылоонун суммасы 1 000 000 (бир миллион) сомдон жогору болбоого тийиш; 

3) Кредиттик маалымат бюросунун (КИБ) өтүнүч ээсинин кредиттик таржымалы жөнүндө, анын ичинде мурда ал тарабынан алынып, мөөнөтүндө төлөнбөгөн каржылоо, ошондой эле ал кандайдыр бир башка каржылоо боюнча кепилдик берүүчү катары катталгандыгы тууралуу тиешелүү маалыматы болсо; 

4) өтүнүч ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтер болсо (ал киреше алган активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.), ошондой эле каржылоо боюнча саясатка жана/же МККнын башка ички документтерине ылайык, жоопкерчиликтүү кредиттик адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталган өтүнүч ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү ишке ашырылса; 

5) өтүнүч ээси Каржылоо алууга анкета-билдирме сунуштайт. Каржылоо алууга анкета-билдирмеде тиешелүү эсептер жана болжолдоолор менен бирге каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш; 

6) берилген каржылоонун максаттуу пайдаланылышына андан ары мониторинг жүргүзүү тартиби каралган МККнын ички ченемдик документтеринин болушу; 

7) карыз алуучунун карызынын ордун жабуу коэффициенти анын чогуу алгандагы кирешесинин кеминде 130 пайызын каржылоо боюнча бир айлык салымына барабар (негизги сумма жана пайыздар боюнча).  

42. 43. пунктунда көрсөтүлгөн Микрокредиттик компаниялардан тышкары каралган Микрокредиттик компаниялар үчүн:  

- юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 150% ашпаган өлчөмдө

- уюштуручуу (акционер) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 100% ашпаган өлчөмдө

- уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 100% ашпаган өлчөмдө

43. Дүң каржылоону жүзөгө ашырган МККлар (апекстик институттар) үчүн төмөнкүдөй ченемдер белгиленсин: 

- уюштуруучу (акционер) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 200% ашпаган өлчөмдө

- уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 200% ашпаган өлчөмдө

Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча пайыздык чен Улуттук банктын эсептик ченинен 5 пайыздык пункттан жогору болбоого тийиш.  

44. Дүң каржылоону жүзөгө ашырган жана кредиторлор алдында милдеттенмелерге ээ МККлар үчүн (апекстик институттар) (анын ичинде ФКМдер) капиталдын шайкештик (жеткиликтүүлүк) ченеми белгиленсин.  

№1 капиталдын шайкештик (жеткиликтүүлүк) ченеминин маанисин кеминде 15% деңгээлде колдоо зарыл.  

Капиталдын шайкештик (жеткиликтүүлүк) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

N1= СК / СА * 100%, мында: 

СК МККнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы;  

СА баа берүү күнүнө карата, валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө максатында, улуттук валюта тартылган каражаттар суммасынын өлчөмүндө финансы-кредит мекемелеринде күрөө катары жайгаштырылган, кардарлардан тартылган акча каражаттар суммасын (депозиттерди) минуска чыгаруу менен баланстык активдер суммасы.  

45. МККнын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлүүгө тийиш:  

төлөнгөн уставдык капиталдын негизинде (жөнөкөй жана артыкчылык берилген акциялар наркы, же үлүштүк капитал); 

номиналдан жогору салынган капитал (акционердик коомдор үчүн); 

жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал; 

келечекте керектөө үчүн камдар; 

өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгым; 

өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгым; 

башка микрофинансылык уюмдардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар катары МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнөбүз.  

46. МКА каржылоону (камсыздалган жана камсыздалбаган каржылоо) улуттук валютада өздүк каражаттарынын жана финансы-кредит мекемелеринин жана/же эл аралык финансылык уюмдардын карыздык каражаттарынын эсебинен кардар менен макулдашылган шарттарда, микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдардын уставдык максаттарына ылайык жүзөгө ашырат.  

46-1. Микрокредиттик агенттик тарабынан ошол эле бир адамга же байланыштуу жактар тобуна сунушталуучу каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 50 миң сомдон ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш, ал боюнча эффективдүү пайыздык чен каржылоо берүү учурунда Улуттук банктын эсептик ченинен 5 пайыздык пункттан жогору болбоого тийиш.  

47. МКК/МКА иш кагаздарын мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтерди, анын ичинде келишимдерди, контракттарды, контрагенттер менен макулдашууларды мамлекеттик жана/же расмий тилдерде тариздөө зарыл. Мында, бирдей юридикалык күчкө ээ контрагенттер менен макулдашууларды мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жана чет тилдерде тариздөөгө жол берилет. Мамлекеттик же расмий тилге которулуп, белгиленген тартипте тастыкталган шартта гана чет тилиндеги келишимди тариздөөгө жол берилет.". 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы №45/1 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

 

1) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жогоруда аталган токтом менен бекитилген жобого: 

"Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата 1-тиркеменин: 

- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун курамы" таблицасынын: 

- "14" сабындагы "МФКнын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелери" деген сөздөр "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери" деген сөздөргө алмаштырылсын;  

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата 2-тиркеменин:  

"Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүктүн "Б. МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР" бөлүкчөсүнүн "19. Уюштуруучулар/акционерлер тарабынан сунушталган каржылоо" статьясы төмөнкү редакцияда берилип, ал төмөнкү мазмундагы "19-1 19-3" саптары менен толукталсын:  

"19. Уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан МФКга сунушталган каржылоо  

19-1. анын ичинде чет өлкө валютасында  

19-2. Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан МФКга сунушталган каржылоо  

19-3. анын ичинде чет өлкө валютасында";  

1-бөлүк. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет "Е. Милдеттенмелерди чечмелөө" таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин 

"Е. Милдеттенмелерди чечмелөө 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Алынган каражаттардын суммасы 

Каражаттар кайсы мөөнөткө алынган 

Акы алынган каражаттардын суммасы 

Төлөөсүз алынган каражаттардын суммасы 

Кредитор 

Шарттар 

  

 

минималдуу мөөнөт 

максималдуу мөөнөт 

 

 

 

 

  

1. Алынган кредиттер 

 

 

 

 

 

 

 

а) КРнын банктарынан 

  

 

 

  

  

  

  

б) КРнын башка финансы-кредит мекемелерден (ФКМ)  

  

 

 

  

  

  

  

в) эл аралык финансы-кредит мекемелерден (ФКМ) жана донорлорон  

  

 

 

  

  

  

  

г) эл аралык финансы-кредит мекемелерден (ФКМ) 

  

 

 

  

  

  

  

д) мамлекеттик органдары мекемелеринен 

  

 

 

  

  

  

  

2. Шарттуу гранттар 

  

 

 

  

  

  

  

3. Башка милдеттенмелер  

  

 

 

  

  

  

  

4. МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттары  

 

 

 

 

 

 

 

МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга калынган каражаттары  

 

 

 

 

 

 

 

БАРДЫГЫ БОЛУП 

 

 

 

 

 

 

 

"; 

- "Чогуу алгандагы киреше тууралу отчет" деп аталган 2-бөлүктүн "Б. Операциялар боюнча келип чыккан чыгашалар" бөлүкчөсүнүн "11. Эл аралык финансылык институттардан (каржылоонун башка булактары) алынган каржылоо боюнча чыгашалар" сабы төмөнкү мазмундагы "11-1. 11-2." саптар менен толукталсын:  

"11-1. Уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан МФКга сунушталган каржылоо боюнча чыгашалар  

11-2. Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан МФКга сунушталган каржылоо боюнча чыгашалар";  

 - 6-бөлүктүн "Милдеттенмелер" бөлүкчөсүнүн "6.А. Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө карата ийкемдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөр (ГЭП_АНАЛИЗ)" деп аталган бөлүкчөсүнүн "9. Алынган каржылоо" статьясындагы "анын ичинде чет өлкө валютасында" деген сабынан кийинки "д) мамлекеттик бийлик органдарынан" деген саптар төмөнкү мазмундагы "9-1. - 9-2" саптар менен толукталсын:  

"9-1. Уюштуруучулар (акционерлер) жеке адамдар тарабынан сунушталган каржылоо боюнча милдеттенмелер  

анын ичинде чет өлкө валютасында  

9-2. Уюштуруучулар (акционерлер) юридикалык жактар тарабынан сунушталган каржылоо боюнча милдеттенмелер  

анын ичинде чет өлкө валютасында";  

- "Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат" 10-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

"10-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат  

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилениши 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген ченемден четтөөлөр 

Акча каражаттарын тартпаган МФК үчүн экономикалык ченемдер  

Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 

  

УК*100% 

  

кеминде 100% 

  

  

10 млн. сом 

Инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

  

СИ*100% 

  

30%дан ашпаган 

  

СК  

Дүңүнөн кредиттөөнү ишке ашырган МФК үчүн бир эле жакка берилүүчү микрокредиттин максималдуу өлчөмү 

 

МК*100%  

 

100%дан ашпаган 

 

СК 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗФЛ*100% 

 

100%дан ашпаган 

 

СК 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү  

 

СЗЮЛ*100% 

 

100%дан ашпаган 

 

СК 

Акча каражаттарын тарткан МФК үчүн экономикалык ченемдер  

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми 

М1 

СК*100%   

  

кеминде 100% 

  

УК 0 

Капиталдын шайкештик ченеми 

М2 

СК*100%   

  

кеминде 8% 

  

СА + П*Кор 0 

Бир кардарга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми 

М3 

СЗ *100%0 

  

5%дан ашпаган 

  

СК0 

Ликвиддүүлүк ченеми 

М4 

ЛА*100%0 

  

кеминде 30% 

  

ОБ0 

Эсептерине тартылган акча каражаттарын кайтарып берүүдөгү тобокелдикти чектөө ченеми 

М5 

К*100%0 

  

кеминде 100% 

  

В  

Аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

  

  

СЗ Аф. жактар*100%0 

  

60%дан ашпаган 

  

 

СК0 

  

  

МФКнын кызматчыларынын чогуу алгандагы карызы 

  

СЗС*100%0 

  

5%дан ашпаган 

  

СК0 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карыз алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗФЛ*100% 

 

100%дан ашпаган 

 

СК 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗФЛ*100% 

 

100%дан ашпаган 

 

СК 

 

Отчеттук мезгил үчүн орточо маани 

1 ай  

2 ай 

3 ай 

Бардыгы болуп 

ЛА Ликвиддүү активдер 

  

  

  

ОБ - Милдеттенмелер 

  

  

  

М4 ченеми = Ликвиддүү активдер/Милдеттенмелер 

0,0% 

0,0% 

0,0% 

  

 

". 

- "Кардарларга сунушталган каржылоо боюнча маалымат" деп аталган 11-бөлүктүн "Каржылоо шарттары тууралуу маалымат" бөлүкчөсүнүн "Ордун жабуу шарттары" деген сабы төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:  

"Бир эле жакка берилген каржылоонун максималдуу өлчөмү";  

2) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жогоруда аталган токтом менен бекитилген жобого: 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниянын жана микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун курамы" таблицасы төмөнкү мазмундагы "11" сап менен толукталсын: 

11  

7-бөлүк  

Микрокредиттик компаниялар тарабынан экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат 

Жыл сайын 

  

Чейрек сайын  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгилден кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата 2-тиркеменин:  

- "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүктүн "Милдеттенмелер" бөлүкчөсүндөгү "21. Субординацияланган карыздык милдеттенмелер" сабы төмөнкү мазмундагы "7-1 7-3" саптар менен толукталсын: 

"7-1 МККнын юридикалык жактардан карызга алынган каражаттары  

7-2 МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттары 

7-3 МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттары";  

- "Чечмелөө" деп аталган 6-бөлүктүн "А. Милдеттенмелер" бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда берилсин: 

- Тиркеме 2 төмөнкү мазмундагы "Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат" деп аталган 7-бөлүк менен толукталсын:  

"7-БӨЛҮК. Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат  

 

 

 

 

 

 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилениши 

Ченемди эсептөө  

Ченемдин айкын мааниси  

Ченемдик белгиленген мааниси 

Белгиленген ченемден четтөөлөр 

МКК ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР  

МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

 

СЗФЛ*100% 

 

100%дан ашпаган 

 

СК 

МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

 

СЗЮЛ*100% 

 

100%дан ашпаган  

 

СК 

Капиталдын шайкештик ченеми  

N1  

СА * 100% 

  

15%дан ашпаган  

  

СК 

Юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗЮ*150% 

 

150%дан ашпаган  

 

СК 

МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карыз алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗФЛ*200% 

 

200%дан ашпаган  

 

СК 

МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗЮЛ*200% 

  

200%дан ашпаган  

 

СК 

СЗЮ- юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы өлчөмү;  

СЗФЛ МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы өлчөмү;  

СЗЮЛ МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден)  юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы өлчөмү

СК МККнын өздүк капиталы.  

  

кызматы : __________________ аты-жөнү : кол тамгасы :  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимге карата талаптар жөнүндө" убактылуу жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимге карата талаптар жөнүндө" убактылуу жобонун: 

аталышындагы жана бүтүндөй текстиндеги "Убактылуу жобо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Жобо" дегенге алмаштырылсын; 

2-бөлүктүн 1-главасынын 1.1-пунктунун "1.1.3." жетинчи абзацынын номери "1.1.4." дегенге алмаштырылсын; 

1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 1.6 жана 1.7-пункттар менен толукталсын: 

"1.6. Келишимде жана ага карата тиркемелерде пайдаланылган шрифттин өлчөмү анын бүтүндөй тексти боюнча бирдей, кеминде 12 шрифт менен чагылдырылууга тийиш. 

1.7. Кардар кайтаруу күнүнө чейинки кеминде 30 күн мурда банкка ал тууралуу маалымдаган шартта, анын ичинде каржылоо алган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин мөөнөтүнөн мурда ордун жапкан учурда айыптык санкцияларды колдонуусуз, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди мөөнөтүнөн мурда жабууга укуктуу. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кат жүзүндөгү макулдугу болгон шартта, аталган топтун бир катышуучусуна мөөнөтүнөн мурда ордун жабууга жол берилет."; 

- 2-бөлүктүн 2-главасынын 2.2-пунктунун 2.2.2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.2.2. Мудараба келишиминде, келишим предметинин наркын кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү негизде мезгил-мезгили менен төлөө талабы каралышы мүмкүн. Эгерде кардар белгиленген мөөнөттө бөлүп төлөө шартында сатылган келишим предмети үчүн кезектеги төлөөнү ишке ашырбаса, кардар үстөк айып (айыптык төлөм, туум) төлөйт. Мында, келишимди колдонуу мезгил ичинде эсептелинген үстөк айып өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Мында, үстөк айып (айыптык төлөм, туум) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредит мекемелери менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максаттарына багытталууга тийиш."; 

2-бөлүктүн 2-главасынын 2.3-пунктунун бешинчи "2.3.3" абзацынын номери "2.3.4." дегенге алмаштырылсын; 

1-тиркеменин: 

7-пунктунун 7.2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"7.2. Эгерде мудариб ушул келишимдин 2.7 жана 3.5-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдү бузууга жол берген болсо, ал ______________________ кайрымдуулук фондунун эсебине мөөнөтүндө төлөнбөгөн ар бир күн үчүн карыз суммасынан ____% өлчөмүндө туум төлөйт."; 

- 9-пункттун 9.3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"9.3. Мудариб өз демилгеси боюнча ушул келишимди мөөнөтүнөн мурда токтоткон шартта, келишимди токтотуу учурунда анын 2.5 жана 2.2-пункттарын эске алуу менен Банк тарабынан инвестицияланган сумманы 2.1-пунктка ылайык кайтарат жана ______________________ кайрымдуулук фондунун эсебине багытталуучу __________________ сом өлчөмүндөгү айыптык төлөмдү төлөйт."; 

12-пункттун 12.1-пунктчасы алынып салынсын; 

- 2-тиркеменин: 

11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"11. Эгерде кардар төлөм графигинде (№1-тиркеме) белгиленген мөөнөттө бөлүп төлөө шартында сатылган товар үчүн кезектеги төлөмдү ишке ашырбаса, кардар каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө ______________________ кайрымдуулук фондунун эсебине багытталуучу үстөк айып төлөйт.". 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун: 

- 38-1 пункттагы "каржылоо" деген сөздөрдөн кийин "улуттук валютада" деген сөздөр менен толукталсын 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 38-2 пункт менен толукталсын: 

"Алмашуу курсунун өзгөрүүсү кардарга терс таасирин тийгизүүсүнөн улам валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып банктын кардарга жеке адамга ипотекага (турак жайды мурабаха, истиснаа жана башка келишимдер боюнча сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарга каржылоону чет өлкө валютасында берилишине тыюу салынат. Мындай каржылоо боюнча төлөмдөрдү каржылоо келишиминде көрсөтүлгөн валютадан айрымаланган башка валютада индексациялоого жол берилбейт."; 

- 45-пункттун жетинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

үтүндөй каржылоону колдонуу мезгил үчүн чегерилген айыптык төлөмдөрдүн (айыптык төлөмдөрдүн, туумдардын) өлчөмү берилген каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.".  

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобо:  

- 28-1 төмөнкү мазмундагы пунк менен толукталсын: 

"28-1. Алмашуу курсунун өзгөрүүсү кардарга терс таасирин тийгизүүсүнөн улам валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып банктын кардарга жеке адамга ипотекага (турак жайды мурабаха, истиснаа жана башка келишимдер боюнча сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарга кредит чет өлкө валютасында берилишине тыюу салынат. Мындай каржылоо боюнча төлөмдөрдү каржылоо келишиминде көрсөтүлгөн валютадан айрымаланган башка валютада индексациялоого жол берилбейт.". 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

Положение о минимальных требованиях по управлению кредитным риском в кредитных союзах, осуществляющих операции в соответствии с исламскими принципами банковского дела и финансирования, утвержденном вышеуказанным постановлением: 

- дополнить пунктом 27-1 следующего содержания: 

"27-1. "Алмашуу курсунун өзгөрүүсү кардарга терс таасирин тийгизүүсүнөн улам валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып банктын кардарга жеке адамга ипотекага (турак жайды мурабаха жана башка келишимдер боюнча сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарга каржылоону чет өлкө валютасында берилишине тыюу салынат. Мындай каржылоо боюнча төлөмдөрдү каржылоо келишиминде көрсөтүлгөн валютадан айрымаланган башка валютада индексациялоого жол берилбейт.".