Кайта келүү

ДОЛБООР 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен алмашуу бюролорун тааныштырсын.  

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, ай ым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага  

Башкарманын мүчөлөрү

Т. Абдыгулов 

Т. Джусупов 

Б. Жеенбаева  

Н. Жениш  

Л. Орозбаева  

Н. Сагындыков  

А. Садыркулова 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

токтом долбооруна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

Жобонун 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3. Улуттук банктан нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия юридикалык жакка (мындан ары лицензиат) берилиши мүмкүн. Мында юридикалык жактын аталышында "Алмашуу бюросу" деген сөздөр чагылдырылууга, ал эми Уставда нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү юридикалык жактын негизги ишкердик түрлөрүнүн бири экендиги белгиленүүгө тийиш." 

 

1. Жобо төмөнкү мазмундагы I-I бөлүк менен толукталсын: 

 

"I-I. Мамлекетти каттоодон/кайра каттоодон өтүүгө макулдук алуу документтерин кароо тартиби: 

 

1-1.1. Лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, коммерциялык уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.  

1-1.2. Лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, юридикалык жактарды каттоодон өткөртүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак статусуна ээ болот.  

1-1.3. Лицензиаттын уюштуруучусу (катышуучулары, акционерлери) катары жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери болушу мүмкүн.  

1-1.4. Лицензиат өз ишин Кыргыз Республикасынын жарандык жана банктык мыйзам талаптарына ылайык кабыл алынган уставдын негизинде жүзөгө ашырат.  

1-1.5. Лицензиаттын уставында ошондой эле, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү маселелерин жөнгө салган жоболор жана негизги иш чөйрөсү аныкталат. 

1-1.6. Мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өтүүгө макулдук алуу үчүн өтүнүч ээси жайгашкан орду боюнча Улуттук банкка, анын областтык башкармалыктарына жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкү документтерди сунуштайт: 

I. Мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн: 

а) өтүнүч кат; 

б) юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн чечими; 

в) уюштуруу документтери (2 нускада); 

г) Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарынын уюштуруучуга (уюштуруучуларга) карата мындай ишкердик түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими жок экендиги тууралуу маалымкат; 

д) юридикалык жактын жетекчисин дайындоо тууралуу чечим; 

е) уставга ылайык, юридикалык жактын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын алмашуу бюросун ачуу жөнүндө чечими; 

ж) алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим; 

II. Мамлекеттик кайра каттоодон өтүү үчүн: 

а) өтүнүч ээси; 

б) Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги, катышуучулар санынын өзгөргөндүгү тууралуу уюштуруучунун чечими (бир катышуучу болсо) же уюштуруучунун/уюштуруучулардын (катышуучулардын саны бирден көп болсо) жалпы жыйынынан толтурулган протокол (өтүнүч ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 

в) Уставдын жана уюштуруу келишиминин жаңы редакциясы (зарылчылыкка жараша). 

III. Лицензиат мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийинки (Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарында) беш календардык күн ичинде Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө билдирме; 

2) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн Уставдын көчүрмөсү

3) мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.  

1-1.7. Лицензиат тарабынан макулдашуу үчүн зарыл документтер юридикалык жакты түзүү же лицензиаттын Уставына/уюштуруу келишимине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 20 календардык күн ичинде Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө сунушталат.  

1-1.8. Документтер толук эмес көлөмдө сунушталса же уюштуруу документтери белгиленген талаптарга ылайык келбесе Улуттук банк, документтерди кароо үчүн бөлүнгөн мөөнөттө себептерин жазуу жүзүндө чагылдыруу менен жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарып берет.  

1-1.9. Улуттук банк мыйзамдарга ылайык өтүнүч ээсинен башка зарыл документтерди кошумча талап кылууга укуктуу.  

1-1.10. Ушул жобого ылайык Улуттук банкка сунушталып жаткан документтер бир барактан көп болсо, алар көктөлүп, номерленип, ага катышуучулар жыйыны же Уставга ылайык ыйгарым укук чегерилген жак тарабынан кол коюлууга тийиш.  

1-1.11. Улуттук банк лицензиаттын документтерин өтүнүч кат келип түшкөн күндөн кийинки 30 календардык күн ичинде кароого алат.  

1-1.12. Эгерде документтер ушул жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе же өтүнүч катты жана документтерди кароо мезгили ичинде кошумча документтер сунушталса, аларды кароо мөөнөтү белгиленген талаптарга жооп берген кошумча документтер сунушталган күндөн тартып кайрадан белгиленет.". 

 

2. 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

"9. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер сунушталат: 

а) лицензия алууга өтүнүч кат (2-тиркеме); 

б) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

в) уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

г) өтүнүч менен кайрылган күнгө карата өтүнүч ээсинин коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютадагы 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү же Улуттук банктын ошол күнгө карата расмий курсу боюнча чет өлкө валютасында эквиваленттүү суммадагы жүгүртүү каражаттарынын бар экендигин тастыктаган документ; 

д) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтар (болжолдуу тизме 8-1-тиркемеде келтирилген); 

е) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттерди көрүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук; 

ж) салык органдарынын бирдиктүү маалымкаты (3-тиркеме): 

- документтерди сунуштоо (лицензияны кайра каттоодон өткөрүү) учурунда бюджет алдында карызынын жоктугу жөнүндө

- контролдук-кассалык машинаны каттоодон өткөртүү жөнүндө

з) ижара келишиминин көчүрмөсү, анда алмашуу бюросунун жайын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтар же болбосо өтүнүч ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн, алмашуу бюросунун жайына менчик укугун тастыктаган укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү

Лицензияны кайра каттоодон өткөрүүдө 7-тиркемеге ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча иштеп жаткан алмашуу курсунун ишкердиги жөнүндө күнүмдүк отчетту сунуштоо келишими түзүлгөн банк жана башка юридикалык жак тарабынан берилген маалымкат кошо тиркелет". 

 

3. 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"16. Лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим, алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу кат бардык зарыл документтер келип түшкөн күндөн кийинки 30 календардык күн ичинде кабыл алынат.".  

 

4. 25-пункт күчүн жоготту деп табылсын. 

 

5. 26-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"26. Лицензиат, алмашуу бюронун ишине катышкан жаңы кызматкерлерди ишке тартууда, юридикалык жактын жетекчиси, ошондой эле алмашуу бюросунун жетекчиси алмашкан шартта, лицензиат аты-жөнүн, паспорттук маалыматтарын, үй дарегин көрсөтүү менен бул тууралуу Улуттук банкка үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү."; 

 

6. 28-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"-өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, алмашуу бюросу жайгашкан жерди идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтар камтылган ижара келишиминин же алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктоо каралган документтердин көчүрмөлөрү;"; 

 

7. 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

32. Улуттук банктын нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы бар лицензиат кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

- кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүгө 6-тиркемеге ылайык форма боюнча өтүнүч катын; 

- өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, алмашуу бюросу жайгашкан жерди идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтар камтылган ижара келишиминин же алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктоо каралган документтердин көчүрмөлөрү

- кошумча ачылган алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо тууралуу чечимди же буйрукту; 

- документтерди сунуштаган учурда бюджет алдында карызы жоктугу жана контролдук-кассалык машиналардын каттоодон өткөндүгү тууралуу салык органдарынын бирдиктүү маалымкатын (3-тиркеме); 

- иштеп жаткан алмашуу бюросунун иши тууралуу күн сайын берилүүчү отчетту сунуштоо келишими түзүлгөн банктын же башка юридикалык жактын маалымкатын (7-тиркеме); 

- өтүнүч катты берүү күнүнө карата өтүнүч кат ээсинин коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютадагы жүгүртүү акча каражаттары 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө же өтүнүч катты берүү күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү сумманын бар экендигин тастыктаган документти;  

- кошумча ачылган алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары тууралуу маалыматтарды (болжолдуу тизмеси 8-1-тиркемеде келтирилген)."; 

 

8. 33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"33. Улуттук банк, канааттандыраарлык документтерди алган учурдан кийинки 15 жумуш күн ичинде кошумча ачылган алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүгө документтерди кароого алып, катар номерин ыйгаруу менен кошумча ачылган алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катты берет. "; 

 

 

9. 44-46-пункттарынын бүтүндөй тексти боюнча "лизенция" деген сөз "макулдук/" деген сөз менен толукталсын;  

 

10. 44-пункттун 12-пунктчасында "кайталап" деген сөз алынып салынсын; 

 

 

11. 6-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобого карата  

6-тиркеме"  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

________________________________ 

(юридикалык жактын аталышы) 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 20__-жылдын "___" ___________ N ______ лицензиясына ээ ____________________ (юридикалык жактын толук аталышын көрсөтүү зарыл) 

алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүнү өтүнөт. 

 

  

1. Алмашуу бюросунун дареги: _________________________________________________ 

2. Алмашуу бюросунун жетекчиси:  

_______________________________________________________________________ 

3. Алмашуу бюросунун телефон номери:_____________________________________________ 

электрондук дареги: _____________________________________________________ 

4. Байланыш телефону: ___________________________________________________ 

5. Алмашуу бюросунун кызматкерлери тууралуу маалымат (нак чет өлкө валюталарын алмаштыруу боюнча операцияларына катышкан) 

ККатар № 

Аты-жөнү 

Паспортунун сериясынын №  

Документти берген мекеме 

Берилген күнү  

Жашаган жери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы  

Юридикалык жактын мөөрү/  

Лицензия алуу үчүн зарыл документтер кошо тиркелет.  

Улуттук банктын алмашуу бюролордун ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылары менен тааныштык. 

Өтүнүч катта көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана так экендигин тастыктайбыз.".  

 

12. 8-1-тиркемедеги 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"2) Жеке адамдар - маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери (тартуулоочунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын кошо алганда), акча-каражаттарды, мүлктү ж.б. мурастап алуу укуктары.".