Кайта келүү

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2009-жылдын 26-августундагы №35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

2. Токтом баалуу металлар менен ишти жүзөгө ашыруу коммерциялык банктарга 

таратылат. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын   

«__» жылдын «__»- ______№__/_ токтомуна   

 

Тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы №35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобонун: 

1) бүтүндөй тексти боюнча кездешкен «КРУБ» деген сөздөр «Улуттук банк» дегенге алмаштырылсын. 

2) I- бөлүгүндө.: 

1.2 пуктун 1.2.1 пукчасы төмөнкү редакцияда берилсин :  

«1.2.1. Баалуу металлдар - бул: 

- аффинаждалган стандарттык жана чендик куймалардагы алтын; 

- аффинаждалган стандарттык жана чендик куймалардагы күмүш; 

- аффинаждалган тандарттык жана чендик куймалардагы платина.»; 

1.2.2. пунктундагы «Баалуу металлдардын стандарттык куймалары» деген сөздөр  

«Аффинаждалган стандарттык куймалары» деген сөздөргө алмаштырылсын»; 

1.2.3. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.2.3. Аффинаждалган стандарттык куймалар - баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган, алтындарга массасы 1000 граммды түзгөн же ага жетпеген, куйманын лигатуралык салмагынын 99,95-99,99 % химиялык таза металлды камтыган баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган баалуу металл куймалары жана күмүштөргө/платинага лигатуралык салмагынын 99,90% Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан же баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясында сертификацияланган аффинаждоочу ишканаларда чыгарылат.»; 

1.3. пунктун «стандарттык» деген сөздүн алдында «аффинаждалган» деген сөз менен толукталсын; 

3) II-бөлүмүндө

2.1. пунктун төртүнчү абзацындагы «кредиттерди берүү» деген сөздөрдүн алдына «банктарга» деген сөздөр менен толуктансын;  

2.2. пунктун үчүнчү абзацындагы «.» деген белги - «,» белгисине алмаштырылсын жана «же» деген сөз менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- чендик куймалары Кыргыз Республикасынын Улуттук Стандартарына ылайык даярдап чыгарылсын (Кыргыз Мамлекеттик Стандарты (КМС) 1281:2015).». 

4) 2.3. пуктун үчүнчү жана төртүнчү абзацындагы арасында төмөнкү мазмундагы толукталсын:  

«-чендик куймалардын составын процентик баалуу металлдардын жана аралашуулардун составын экспресс анализ кылуу максатында жана Экспертиза өткөрүү үчүн 2-1 эскертүүдөгү көрсөтүлгөн атайын жабдуулары менен ээлөө;». 

5) 2.4 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4. Баалуу металлдар менен (нак түрүндө) операцияларды ишке ашырууга кошумча лицензия алуу өтүнүчү менен кайралган банк, бул багытта иш тажрыйбасына ээ же банк өтүнүч менен кайрылган күнгө чейинки беш жыл ичинде атайы курстарда тажрыйбалык такшалуудан/окутуудан өткөндүгү тиешелүү документтер менен тастыкталган квалификациялуу персоналга ээ болууга тийиш.»  

Жобо 2-1 төмөнкү мазмундагы эскертүү менен толуктансын:  

«Коммерциялык банктардын баалуу 

металлдар менен операциялары 

жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

чендик куймаларды экспресс анализ өткөрүү жабдууларына  

ТЕХНИКАЛЫК ТАЛАПТАРЫ 

Наименование 

Назначение 

Примечание 

Рентгено-флуоресценттик анализатор  

Чендик куймалардын жана тыйындардын составын экспресс анализ өткөрүү (процентик баалуу металлдардын жана аралашуулардун составын аныктоо) 

Алтын куймалардын составын 99,99 % химиялык таза металлды камтыган алтындын процентик аныктоо 

Атайын электрондук тараза  

Баалуу металдардын (чендик куймалардын жана тыйындардын) туура салмагын аныктоо  

II (жогорку) ГОСТ 24104 туура классы 0,02 гр.- 120 гр чейин өлчөм диапазону 

». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө » жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

1) 9.3 пунктунун 5 пункчасын төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) баалуу металлдарды сактоонун жана транспорттоонун тиешелүү шарттарын камсыздоо үчүн банк тарабынан колдонулуучу чаралар жөнүндө маалыматтарды берүү (баалуу металлдар менен (нак түрүндө) операцияларды ишке ашырууга ниеттенишкен банктар үчүн);»  

2) 9.3 пунктунун 5 пункчасын төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) камсыздандыруу шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү (банк, камсыздандыруу келишим түзүүгө ниет кылган компания жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматты кошо алганда) (баалуу металлдар менен (нак түрүндө) операцияларды ишке ашырууга ниеттенишкен банктар үчүн);»   

3) 9.4 пунктунун 5 пункчасын төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) квалификациялуу персоналдын болушун ырастоочу маалыматтар, көрсөтүлгөн кызматкерлер төмөнкү талаптарына ээ болуга тийиш: 

- бул чөйрөдө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болуга; же 

- беш жылдын ичинде бул багыт боюнча тажрыйбалык такшалуудан жана курстарынан өтүү  документтерине ээ болуу;».