Кайта келүү

ДОЛБООР 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк 

Башкармасынын 2013-жылдын ____ __ 

токтому бекитилген 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобо  

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда операцияларды жүргүзүү процессин Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары - АТС) аркылуу тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан.  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) АТСке ээлик кылуучу болуп саналат. АТСке кошулууда катышуучу тарабынан алынган программалык камсыздоо Улуттук банктын менчиги болуп эсептелет жана үчүнчү бир жактарга берүүгө болбойт.  

3. Бул жобо АТСтин иши боюнча негизги талаптарды төмөнкү жактарда камтыйт:  

§ аныктамалар жана атоолор

§ АТСке кирүүгө мүмкүндүк

§ иш регламенти

§ эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби

§ укуктар, милдеттер жана жоопкерчилик

§ техникалык үзгүлтүктөр

4. Бул жободо көрсөтүлгөн талаптар Улуттук банктын АТСте операцияларды жүргүзүү тартибин иретке келтирүүчү жоболоруна жана эрежелерине таркатылат.  

5. АТСте операцияларды жүргүзүүнүн толук тартиби Улуттук банктын тиешелүү жоболору жана эрежелери аркылуу жөнгө салынат.  

6. АТСке катышуучулар Улуттук банктын тиешелүү жоболору жана эрежелери аркылуу аныкталат

7. Жободо көрсөтүлгөн аныктамалар жана терминдер Улуттук банктын АТСте операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу тиешелүү жоболорунда жана эрежелеринде пайдаланылган бардык аныктамаларга жана терминдерге таратылат. Улуттук банктын тиешелүү жоболорунда жана эрежелеринде жободо көрсөтүлбөгөн кошумча аныктамалар жана терминдер пайдаланылышы мүмкүн.  

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы (АТС) Кыргыз Республикасынын финансы рынокторунда операцияларды жүргүзүүнү автоматташтыруу үчүн белгиленген Улуттук банктын программалык-аппараттык комплекси

9. Операцияларды авторизациялоо дилер тарабынан демилгеленген операциялардын мындан ары аткарылышын тастыктоо үчүн АТСтеги дилердин текшерүүчүсү аркылуу аткарылган жол-жобо.  

10. АТСтин администратору АТСтин маалымдамаларын жүргүзүүчү, Катышуучунун АТСтин маалымат ресурстарын пайдаланууга укуктарын аныктоочу жана андагы иш тартиби менен операцияларды жүргүзүү процессин жөнгө салуучу Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери.  

11. АТС коопсуздугунун администратору АТСти пайдалануучулардын ыйгарым укуктарын, өздүк идентификаторлорду, сертификаттарды жана АТСтеги электрондук сан арип кол тамганын ачкычтарын берүүнү тескөөчү Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери.  

12. Аннуляция буга ылайык кол менен талдоо мезгилинде операция боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө жооп берген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү АТС аркылуу улуттук валютадагы акча каражаттары менен эсептешүүлөр жүргүзүлбөгөн операцияларды токтотот жана айыптарды эсептен алып салуу боюнча тиешелүү аракеттерди көрөт.  

13. Мамлекеттик баалуу кагаздар (мындан ары - МБК) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Финансы министрлиги чыгарган баалуу кагаздар

14. Улуттук банктын айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн Гросстук системасы (ГСРРВ) - ири жана мөөнөттүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө, банктар аралык финансы рыногундагы келишимдер боюнча тез жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу үчүн багытталган банктар аралык төлөм системасы. Улуттук банк ГСРРВнын оператору болуп саналат.  

15. Депозитарий МБКларга эсеп жүргүзүүнү жана аларды сактоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.  

16. Дилер Катышуучу тарабынан ыйгарым укук берилген, АТСте операцияларды демилгелөөчү жана билдирмелерди берүүчү жак.  

17. Билдирме катышуучунун АТСте операцияны келишүү ниетин тастыктаган өңчөйлөштүрүлгөн форма.  

18. Идентификация АТСке кирүүдө пайдалануучулар тарабынан бул пайдалануучунун АТСте тигил же бул операцияларды аткарууга укуктарын аныктоо үчүн аткарылган жол-жобо.  

19. Дилердин текшерүүчүсү Катышуучу тарабынан дилер демилгелеген операциялар боюнча авторизациялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук алган жак.  

20. Төлөмсүз берүү (DvF) МБКлар менен жүргүзүлгөн операциялардын аткарылуу тартиби, мында МБКларды Катышуучулардын эсебинен которуу АТС тарабынан контролдукка алынган акчалай эсептешүүлөрдү болжобойт жана Катышуучулардын эсебинде операцияларды жүргүзүүгө МБКлардын жана акча каражаттарынын жетиштүү саны бар экендигин текшерип, тастыктагандан кийин гана жүргүзүлөт.  

21. Төлөмгө каршы берүү (DvP) МБКлар менен жүргүзүлгөн операциялардын аткарылуу тартиби, мында МБКларды которуу жана катышуучулардын эсебинен акча каражаттарын чегерүү алардын эсебинде операцияларды жүргүзүүгө МБКлардын жана акча каражаттарынын жетиштүү саны бар экендигин текшерип, тастыктагандан кийин гана жүргүзүлөт.  

22. Катышуучунун жумуш орду - Катышуучу үчүн жайгаштырылган, АТСтин Катышуучусу катары кошулууга жана иштөөгө зарыл болгон АТСтин кардардык программалык камсыздоосу менен жабдылган жана ыңгайлаштырылган персоналдык компьютер.  

23. Кол менен аткаруу буга ылайык кол менен талдоо мезгилинде операция боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө жооп берген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү техникалык үзгүлтүккө байланыштуу акча каражаттары боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлбөгөн операцияларды АТС аркылуу аткарат.  

24. Кол менен талдоо бул мезгил ичинде операция боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө жооп берген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү АТС аркылуу айыптарды аннуляциялоо, чегерүү жана алып салуу боюнча аракеттерди жүзөгө ашырат, акча каражаттары боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлбөгөн операциялар кол менен аткарылат.  

25. “Депо” эсеби МБКлардын эсеби жүргүзүлгөн Депозитарийдеги эсеп

26. Катышуучунун жумуш ордундагы техникалык үзгүлтүк АТС менен Катышуучунун жумуш ордунун өз ара аракетинин штаттык иш ыргагынын техникалык себептер боюнча үзгүлтүккө учуроосунан улам, белгилүү бир мезгил ичинде Катышуучунун АТСте операцияларды жүргүзүү мүмкүндүгү жоктугу.  

27. АТСтеги техникалык үзгүлтүк АТСтин штаттык иш ыргагынын техникалык себептер боюнча үзгүлтүккө учуроосунан улам, белгилүү бир мезгил ичинде катышуучулардын АТСте операцияларды жүргүзүү мүмкүндүгү жоктугу.  

28. Тоорук күнү Кыргыз Республикасында АТСте операциялар жүргүзүлгөн расмий иш күнү. Эреже катары дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү тоорук күндөрү болуп саналат.  

29. Тоорук сессиясы тоорук күнүнүн мезгили, бул мезгил ичинде АТСте Катышуучулардын арасында билдирмелерди берүү жана операцияларды жүргүзүүгө жол берилет. Тоорук сессиясы АТСтин Администратору тарабынан операциянын ар башка түрлөрү боюнча ыңгайлаштырылат

30. Катышуучу АТСке кирүүгө мүмкүндүк алган юридикалык жак.  

 

3. АТСке КИРҮҮГӨ МҮМКҮНДҮК  

31. АТСке кошулуу үчүн Катышуучу болууну каалаган жак төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:  

§ Улуттук банкка АТСке кошулуу ниети жөнүндө катты сунуштоого;  

§ дүйнөлүк SWIFT финансылык маалымат берүү системасына кошулууга ээ болууга (SWIFT кодго ээ болууга);  

§ жободо көрсөтүлгөн техникалык талаптарды канааттандырууга

§ Улуттук банктын тиешелүү жоболорунда жана эрежелеринде аныкталган башка талаптарга ылайык келүүгө.  

32. Аталган жобонун 31-пунктунда көрсөтүлгөн жол-жоболорду жана талаптарды аткаргандан кийин, АТСтин коопсуздук Администратору системага Катышуучунун (дилер, текшерүүчү) жаңы пайдалануучулары жөнүндө маалымат жыйнайт жана системада авторизациялоону жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануучунун идентификациялык кодун ыйгарат, ошондой эле Катышуучуга сертификаттарды жана электрондук сан арип кол тамгасын берет (ЭСК).  

33. Жобонун 32-пунктунда берилген маалыматты маалыматтын коопсуздугуна жана аны коргоого жооп берген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү Катышуучуга жабык түрдөгү конвертте өткөрүп берет.  

34. Жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн пайдалануучунун өздүк маалыматтарын алмаштыруу Катышуучунун кат аркылуу алдын-ала кайрылуусу боюнча АТСтин коопсуздук Администратору аркылуу жүзөгө ашырылат.  

35. Ар бир пайдалануучу “АТСтин пайдалануучусунун колдонмосу” менен таанышып чыгууга тийиш, ал АТСтин Администратору тарабынан Катышуучуга АТСке туташуу жол-жоболорунан өткөндөн кийин берилет.  

36. АТСтин Администратору бардык Катышуучуларды АТСтин билдирүүлөрдү жеткирүү системасынын жардамы менен АТСке ар бир жаңы кошулган катышуучу жөнүндө кабардар кылат.  

37. АТСте иштөө үчүн төмөнкү минималдык аппараттык жана программалык талаптарды аткаруу зарыл:  

АТСте иштөө үчүн минималдуу талаптар (бул персоналдык компьютерде башка тиркемелерди пайдаланууну эске албаганда): 

§ тез эс тутум - 512 МБтан кем эмес

§ 1 ГГцтен кем эмес тездиктеги процессор

§ дисктеги 1 ГБ бош мейкиндик

§ АТСтин серверлери менен туташтыруу ылдамдыгы 256 кбит/с. кем эмес

§ 1024х768 чекиттен кем эмес экранга уруксат берүүчү монитор

§ акыркы сервистик жаңылануулар менен орнотулган Microsoft Windows 7, 2003 Server, Vista, Windows 2008 R2 операциялык системалары

§ Internet Explorer v.7.0 интернет браузери же коопсуздуктун акыркы жаңылануулары менен орнотулган андан да жаңы түрү.  

 

АТСте иштөө үчүн сунушталган аппараттык конфигурация

§ Intel Pentium IV процессору же андан жогору

§ тез эс тутум 1 ГБ же андан жогору

§ 2 ГБ бош диск мейкиндиги (операциялык системанын ишенимдүү жана туруктуу иштеши үчүн орнотулган тез эс тутумдун мүмкүн болушунча эки эсе ашык көлөмү); 

§ АТС серверлери менен туташтыруу ылдамдыгы 512 кбит/с. кем эмес

§ 1280х1024 чекиттүү экранга уруксат берүүчү мониторинг. АТСтин Администраторлору үчүн 1280х1024төн ашык чекит менен 20дан ашык диагоналдуу мониторду колдонуу сунушталат.  

§ Акыркы сервистик жаңылануулар менен орнотулган: Microsoft Windows 7/Server 2003/Vista/Server 2008 операциялык системалары;  

§ Microsoft Internet Explorer 7.0 интернет браузери же коопсуздуктун акыркы жаңылануулары менен орнотулган кыйла жаңы түрү.  

 

4. ИШ ТАРТИБИ  

38. Катышуучу операцияларды берилген билдирмелердин негизинде гана жүргүзөт

39. АТСтин иш тартиби төмөнкүчө түзүлгөн:  

№ 

Убактысы (Бишкек убактысы менен

Баяндама 

8:45 09:00 

Операциялык күндүн ачылышы 

09:00 09:30 

МБКларды жана/же МБКлар боюнча купондук төлөмдөрдүн ордун жабуу 

Аяктоочу бөлүк боюнча эсептешүүлөр

§ репо аукциондордун жана банктар аралык репо - операциялардын 

§ улуттук валютадагы депозиттик аукциондордун 

§ валюталык своп аукциондордун жана банктар аралык валюталык своп-операциялардын  

§ МБКлар күрөөгө коюлган улуттук валютадагы банктар аралык кредиттер  

§ Улуттук валютадагы күрөөсүз банктар аралык кредиттер  

§ МБКлар күрөөгө коюлган чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

§ чет өлкө валютасындагы күрөөсүз банктар аралык кредиттер 

09:00-13:00 

МБКларды биринчи жолу жайгаштыруу аукциондоруна билдирмелерди кабыл алуу (аукцион өткөрүлгөн күндө/МБКларды жайгаштырганга чейин)  

09:00-15:30 

Чет өлкө валютасындагы депозиттик операциялар боюнча билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

Бир күндүк кредитке билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

09:00-16:30 

Овернайт кредитине билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

Кийинки тоорук күнүнө карата овернайт кредити боюнча ордун жабуу 

Бир күндүк кредит боюнча ордун жабуу 

09:30 10:00  

Алгачкы бөлүк боюнча «T+n» күнү менен эсептешүүлөр

§ репо аукциондор жана банктар аралык репо - операциялардын 

§ улуттук валютадагы депозиттик аукциондордун 

§ валюталык своп аукциондордун жана банктар аралык валюталык своп - операциялардын  

§ валюталык аукциондордун 

§ МБКлар күрөөгө коюлган улуттук валютадагы банктар аралык кредиттердин 

§ улуттук валютадагы күрөөсүз банктар аралык кредиттердин 

§ МБКлар күрөөгө коюлган чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттердин 

§ чет өлкө валютасындагы күрөөсүз банктар аралык кредиттердин 

МБКларды биринчи жолу жайгаштыруу жана жайгаштырууга чейинки (МБКлар чыгарылган күндө) аукциондордун натыйжасы боюнча эсептешүүлөр 

10:00 -12:00  

«T+0» күнү менен төмөнкүлөр боюнча тоорук сессиялары жана эсептешүүлөрү

§ аутрайт шартында МБКларды сатып алуу/сатуу 

§ репо шартында МБКларды сатып алуу/сатуу 

§ чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу 

§ валюталык своп операциялар 

§ МБКлар күрөөгө коюлган улуттук валютадагы банктар аралык кредиттер 

§ улуттук валютадагы күрөөсүз банктар аралык кредиттер  

§ МБКлар күрөөгө коюлган чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

§ чет өлкө валютасындагы күрөөсүз банктар аралык кредиттер 

 

10:00 -13:00  

Улуттук банктын аукциондоруна билдирмелерди кабыл алуу

§ репо - аукцион 

§ улуттук валютадагы депозиттик аукцион  

§ валюталык аукцион 

§ валюталык своп - аукцион  

11:45-12:00 

Эсептешүүлөр жүргүзүлбөгөн транзакцияларды автоматтык түрдө кайталап өткөрүү 

10 

13:00 - 15:00 

Улуттук банктын аукциондору боюнча натыйжаларды аныктоо

§ репо - аукцион 

§ улуттук валютадагы депозиттик аукцион  

§ валюталык аукцион 

§ валюталык своп-аукцион 

§ МБКларды жайгаштыруу боюнча/жайгаштырууга чейинки аукцион  

11 

13:00 -17:00  

Торговые сессии и расчеты с датой «T+0» күнү менен төмөнкүлөр боюнча тоорук сессиялары жана эсептешүүлөрү

§ аутрайт шартында МБКларды сатып алуу/сатуу 

§ репо шартында МБКларды сатып алуу/сатуу 

§ чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу 

§ валюталык своп операциялар 

§ МБКлар күрөөгө коюлган улуттук валютадагы банктар аралык кредиттер 

§ улуттук валютадагы күрөөсүз банктар аралык кредиттер  

§ МБКлар күрөөгө коюлган чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

§ чет өлкө валютасындагы күрөөсүз банктар аралык кредиттер 

12 

15:00-16:45* 

Алгачкы бөлүк боюнча «T+0» күнү менен эсептешүүлөр

§ репо - аукцион 

§ улуттук валютадагы депозиттик аукцион  

§ валюталык аукцион 

§ валюталык своп - аукцион  

13 

16:45-17:00* 

Эсептешүүлөр жүргүзүлбөгөн транзакцияларды автоматтык түрдө кайталап өткөрүү  

Орду жабылбаган овернайт кредити боюнча автоматтык түрдө эсептен алып салуу 

Орду жабылбаган бир күндүк кредитти овернайт кредитине кайрадан тариздөө  

14 

17:00 17:20* 

Кол менен талдоо (айыптарды аннуляциялоо, чегерүү жана алып салуу)  

15 

17:20 17:30* 

Операциялык күндү аяктоо 

* - 40-пунктка ылайык 1 (бир) саатка кыска 

 

40. Кыргыз Республикасында расмий түрдө майрам күнгө чейинки тоорук күнүндө тоорук сессиялары 1 (бир) саат мурда жабылат, ага жараша «T+0» күнүндөгү улуттук валютада эсептешүүлөр 1 (бир) саат эрте жүргүзүлөт.  

41. Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда терс абал өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн шарттарда жана башка стандарттуу эмес өзгөчө жагдайларда, АТСтин Администратору АТСтин иш тартибинин убактысын өзгөртүүгө укуктуу. Бул тууралуу АТС Администратору бардык Катышуучуларга АТСтеги билдирүүлөрдү жеткирүү системасынын жардамы менен билдирет.  

42. АТСтеги билдирүүлөрдү берүү системасы Катышуучулардын ортосунда билдирүү алмашуу үчүн, ошондой эле АТСтин автоматтык билдирүүлөрдү жөнөтүүсү үчүн багытталган.  

 

5. ЭСЕПТЕШҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

43. Катышуучунун операция боюнча милдеттенмелери АТСте операциялар ишке ашкандан кийин келип чыгат

44. АТС улуттук валютадагы эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү ГСРРВ аркылуу тиешелүү күндө жүргүзүүнү автоматтык түрдө демилгелейт

45. Улуттук банкта ачылган Катышуучулардын корресподенттик эсептери боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүү/алып салуу жана МБКларды Катышуучулардын “депо” эсептери боюнча которуу DvP (төлөмгө каршы берүү) принцибинин негизинде АТС аркылуу демилгеленет.  

46. Чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча келишим түзүлгөн учурда, чет өлкө валютасын Сатуучу-катышуучу чет өлкө валютасындагы эсептешүүнү өз алдынча тиешелүү күндө жүргүзөт.  

47. Улуттук банк менен жүргүзүлгөн операциялардын накталай эмес чет өлкө валютасындагы ар бир түрү боюнча эсептешүүлөрдү Катышуучу аталган валютанын ар бир түрү боюнча Катышуучунун АТСте бирдиктүү катталган корреспонденттик эсеби аркылуу жүргүзөт.  

48. Улуттук банк менен жүргүзүлгөн операцияларды кошпогондо, Катышуучулардын чет өлкө валютасындагы накталай эмес эсептешүүлөрү Катышуучулар тарабынан алдын-ала сүйлөшүлгөн чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсептери боюнча жүргүзүлөт.  

49. Эгерде эсептешүүлөрдүн жүргүзүлгөн күнү же операциянын аяктаган күнү Кыргыз Республикасында же Катышуучуларды тейлеген банк-корреспонденттердин өлкөсүндө иш күнү болуп саналбаса, анда операциялар кийинки күнү жүзөгө ашырылат. Мында операциянын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасын жана чегерилген пайыздарды кайрадан эсептөө жүргүзүлбөйт.  

 

6. УКУКТАР, МИЛДЕТТЕР ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК 

50. Бул жобо Катышуучулар АТСке кошулган мезгил ичинде күчүндө болот жана бардык Катышуучулар аткарууга милдеттүү болуп саналат.  

51. Катышуучу АТС аркылуу операцияларды жүргүзүүдө аталган жобонун нормаларына жана Улуттук банктын тиешелүү жоболоруна менен эрежелерине таянууга тийиш.  

52. Катышуучу жүргүзүлгөн операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартпоого милдеттенет

53. Катышуучу АТСте жүргүзүлгөн операциялардын шарттарын аткарбагандыгы үчүн бардык айыптарды төлөөгө милдеттенет.  

54. Катышуучу келишилген операциялар боюнча өз милдеттерин аткарбаган учурда, ал АТСте Улуттук банк менен жүргүзүлгөн операцияларды Катышуучунун улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы негизги сумманы жана бир жолку айыптын суммасын тиешелүү кайтарым акцептсиз (талашсыз) алып салуу менен аннуляциялоого макул болот.  

55. Катышуучу АТСке анын Улуттук банкта ачылган тиешелүү корреспонденттик эсептеринен улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүүнү жана алып салууну жүзөгө ашыруу жана тиешелүү МБКларды Катышуучунун «депо» эсеби боюнча которуу укугун берет.  

56. Катышуучулар келишилген операциялар боюнча аткарылбаган милдеттенмелер үчүн айыптык санкцияларды өз алдынча келишишет жана төлөшөт. Улуттук банк менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча айыпты чегерүү жана/же алып салуу АТС аркылуу ага кирбеген Катышуучулардын ортосундагы операциялар боюнча жүргүзүлөт.  

57. Улуттук банк укуктуу

§ Катышуучуну аталган жобону жана Улуттук банктын тиешелүү жоболорун жана эрежелерин сактабагандыгы үчүн АТСте иштөөдөн четтетүүгө

§ Катышуучунун ишин жол берилген тартип бузууларын толук четтеткенге чейин токтотуп коюуга

§ АТСтин ишине кандай гана болбосун өзгөртүүлөрдү киргизүүгө

§ АТС иш эрежелерин өзгөртүүгө

58. Катышуучу бул жободо жана Улуттук банктын тиешелүү жоболору менен эрежелеринде берилген жүргүзүлгөн операциялардын шарттарына макул болду.  

59. Катышуучу АТСке санкцияланбаган шартта кирүүнү болтурбоо максатында, дилерлер иштеген имаратка чектелген кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.  

60. Катышуучу тооруктун аталган Катышуучусунун дилеринин дилер/текшерүүчүлөрү тарабынан келишилген бүтүмдөрдүн тууралыгына жана конфиденциалдуулугуна толук жоопкерчиликти мойнуна алат.  

61. Улуттук банк эсептешүүлөрдү аткаруу үчүн анда ачылган Катышуучунун улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинде жетиштүү санда акча каражаттарынын жана/же Катышуучунун «депо» эсебинде тиешелүү санда МБКлардын жоктугуна жооптуу эмес.  

62. Улуттук банк Катышуучу аларга коюлган жобонун жана Улуттук банктын тиешелүү жоболорунун жана эрежелеринин талаптарын сактабагандыгынан улам тарткан кандайдыр бир зыян, жоготуу жана башка чыгымдарга жооп бербейт, ошондой эле төмөнкү учурларда:  

§ пайдалануучулардын АТСте иштөө талаптарына жооп берген, зарыл болгон программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен комьютердик техниканын жоктугу;  

§ компьютердик техникадагы программалык-техникалык чектөөлөрдүн жана ыңгайлаштыруунун болушу, бул Катышуучуга АТСте толук кандуу иштөөгө мүмкүндүк берген эмес;  

§ компьютердик техниканын вируска чалдыгуусунан улам иштөө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу

§ Катышуучунун аталган жободо жана Улуттук банктын тиешелүү жоболору жана эрежелеринде көрсөтүлгөн талаптарды жана жол-жоболорду билбегендиги, тоотпогондугу жана тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы

§ Жабдуунун техникалык үзгүлтүктөрү, бузулуулары жана иштен чыгышы; программалык камсыздоонун үзгүлтүктөрү жана каталары; байланыш, электр энергиясы менен камсыздоо, кондиционерлөө системаларынын үзгүлтүктөрү, бузулуулары жана иштен чыгышы жана башка жашоону камсыз кылуучу системалардын, ошондой эле башка күтүүсүз, Улуттук банк тарабынан контролдукка алынбаган шарттарда

63. Эгерде Катышуучу анын идентификациялык коду жана паролу башка бир жактарга белгилүү болуп калгандыгы же Электрондук сан ариптик кол тамгасынын ачкычы жоголгондугу жөнүндө негизи болсо, анда ал тез арада бул жөнүндө АТСтин Администраторуна жана коопсуздук кызматына билдирүүгө тийиш.  

64. Электрондук сан ариптик кол тамга же Оператордун техникалык каражаттары аркылуу кол коюлган электрондук документ кагаз жүзүндөгү өзү кол койгон документтердей эле юридикалык күчкө ээ жана бул документтерге каралган укуктарга ээ.  

65. Катышуучуга карата убактылуу жетекчилик/консервациялоо киргизилген же операциялар боюнча жыйынтыктоо күнү башталган убакка Катышуучу банкроттолгон деп табылган учурда, аталган операцияларды жыйынтыктоо убактылуу жетекчилик, консервациялоо жана банкроттоо жол-жоболорун киргизүүдөгү Улуттук банктын “Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобосунда бекитилген шарттарда жана тартипте жүзөгө ашырылат.   

66. Келип чыккан бардык талаш-тартыштар эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен, аталган жободо жана Улуттук банктын тиешелүү жоболору менен эрежелеринде айтылган нормаларга ылайык чечилет, ал эми чечилбей калган учурда, мындай талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык каралат.  

 

7. ТЕХНИКАЛЫК ҮЗГҮЛТҮКТӨР 

67. Эгерде Катышуучунун иш ордунда техникалык үзгүлтүк болуп, аны өз алдынча четтете албаса, анда Катышуучу бул жөнүндө АТСтин Администраторуна маалымдоого тийиш. АТС Администратору Катышуучунун жана Улуттук банктын тиешелүү техникалык кызматтары менен биргеликте техникалык үзгүлтүктөрдү четтетүү боюнча чараларды колдонот.  

68. АТСте техникалык үзгүлтүктөр жана башка системанын иштешине жолтоо болгон шарттар келип чыккан учурда, АТСтин иши анын Администратору аркылуу техникалык үзгүлтүктөр четтегенге чейин токтотулат.  

69. АТСте тоорук системасы аяктаганга чейин четтетүүгө мүмкүн болбогон техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, ошондой эле жеңүүгө мүмкүн болбогон табигый жана техногендик катастрофалар, жаратылыш кырсыктары, согуштук чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, көтөрүлүштөр, мыйзам актыларын кабыл алуу, Улуттук банк тарабынан ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жана башка Катышуучунун эркинен тышкары, системанын толук кандуу иштешине тоскоол болгон форс-мажордук жагдайларда АТСтин иши токтотулушу мүмкүн.  

Катышуучунун контрагенттери тарабынан милдеттердин бузулушу, Катышуучунун келишилген операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон акча каражаттарынын жоктугу форс-мажордук жагдайларга кирбейт

70. АТСте техникалык үзгүлтүк жана улуттук валютадагы акча каражаттары жана/же ага чейин келишилген МБКлар менен операциялар боюнча автоматтык түрдө эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн болбогон жагдай келип чыккан учурда, АТС Администратору Катышуучу менен биргеликте аталган эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн мүмкүн болгон башка ыкма менен чараларды колдонот.  

71. Четтетүүгө мүмкүн болбогон жагдайлар башталгандыгы тууралуу билдирбөө же өз убагынан кийин маалымдоо мындай жагдайларга шылтоо укугунан ажыратат.  

 

8. ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЖОБОЛОР 

72. Бул жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк тарабынан АТС аркылуу операцияларды жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында киргизилет.