Кайта келүү

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы 

 

1-статья

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-жыл, 6, 226-статья) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

Мыйзамдын 776-статьясы төмөнкү редакцияда берилсин

776-статья. Накталай жана нак эмес эсептешүүлөр  

«1. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн эсептешүүлөрдү эске албаганда, жарандар ортосундагы эсептешүүлөр, ошондой эле алардын катышуусу менен эсептешүүлөр суммасы чектелбеген накталай же нак эмес тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн

2. Юридикалык жактар ортосундагы эсептешүүлөр, ошондой эле жарандардын катышуусу менен алардын ишкердик иштерине байланышкан эсептешүүлөр, эгерде башкасы мыйзамда белгиленбесе, нак эмес формада гана жүргүзүлөт

3. Нак эмес эсептешүүлөр, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса жана эсептешүүлөрдүн колдонуудагы формасына шартталбаган болсо, анда эсептешүүлөргө катышкан жактардын эсептери ачылган банктар жана башка кредит мекемелери аркылуу гана жүргүзүлөт.  

4. Ушул статьянын 2-жана 3-пунктарын бузуу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр жараксыз деп таанылат.».  

2-статья

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин бир айдан кийин күчүнө кирет

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин

 

Кыргыз Республикасынын Президенти